Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

1-берене. “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., №4, 165-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:

“1-1-берене. Негизги түшүнүктөр

Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

Кыргыз Республикасында архив иши (мындан ары – архив иши) – Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну уюштуруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын иши;

архив документи – маалымат жазылган материалдык сактагыч, анын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери болот жана жарандар, коом жана мамлекет үчүн булак жана маалымат маанилүү болгондуктан сакталууга тийиш;

негизги иш боюнча документтер – мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын түзүлгөндөн баштап жана жоюлганга чейинки негизги ишин чагылдырган архив документтери;

өздүк курам боюнча документтер – кызматчынын иш берүүчү менен эмгек мамилелерин чагылдыруучу архив документтери;

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документи – мамлекеттик эсепке алынган жана катталууга тийиш, документтин баалуулугу экспертизадан өткөн архив документи;

өзгөчө баалуу документ – коом жана мамлекет үчүн маанисин жоготпой турган тарыхый жана илимий баалуулукка, өзгөчө мааниге ээ жана ага карата өзгөчө режимде эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документи;

кайталангыс документ – документте камтылган маалыматтар жана (же) анын тышкы белгилери эч бир жерде болбогон, жоголгон учурда анын маанилүүлүгүнөн жана (же) автографиялуулугунан улам ордуна келбей турган өзгөчө баалуу документ;

электрондук документ – документтин милдеттүү реквизиттери менен, маалымат электрондук түрдө жазылган документ;

электрондук кол коюу – электрондук документке кол койгон авторду же адамды идентификациялоо үчүн электрондук документ жүгүртүүнүн башка субьекттери тарабынан колдонулуучу электрондук документтин милдеттүү реквизити;

фонд (коллекция) – бири-бири менен тарыхый же логикалык жактан байланышкан архив документтеринин жыйындысы;

илимий-маалымдама аппарат – документтерди жана документтик маалыматтарды издөө үчүн арналган маалымат  базаларынын (делолордун тизмеси, каталогдор, фонддор боюнча жол көрсөткүч, документтердин баяндамасы) архивдик маалымдамалардын комплекси;

архив – архив документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну ишке ашырган мекеме же уюмдун түзүмдүк бөлүмү;

электрондук архив – маалымат электрондук түрдө жазылган архив;

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоо – документтерди мөөнөтүн аныктабастан (мөөнөтсүз) сактоо;

документтерди убактылуу сактоо – документтерди ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттүн ичинде жок кылынганга чейин сактоо;

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин убактылуу сактоо – мекемелер тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин аларды мамлекеттик архивге сактоого өткөрүп бергенге чейин сактоо;

документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү – документтерди сактоо мөөнөтүн аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун курамына киргизүү үчүн тандап алуу максатында алардын баалуулугунун критерийлеринин негизинде документтерди изилдөө;

архив документтерин тартипке келтирүү – архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык архив документтерин сактоо бирдиктерине (делого) түзүү боюнча иштөө комплекси;

архив документтеринин менчик ээси – архив документтерине ээлик кылууну, пайдаланууну жана мыйзамда же келишимде белгиленгендердин чегинде аларды тескөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же юридикалык же жеке жак;

архив документтерин пайдалануучу – маалыматты пайдалануу максатында аны алуу үчүн архив документтерине кайрылуучу жеке же юридикалык жак;

электрондук документтин автору – электрондук документти түзгөн жеке же юридикалык жак.”.

2. 4-берененин биринчи бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин, кесиптик жана чыгармачыл союздардын, кооперативдик жана башка уюмдардын;”.

3. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:

“5-1-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтери

Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу документтердин, анын ичинде кайталангыс документтердин катарына кошуу тартиби, мындай документтерди эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Өзгөчө баалуу жана кайталангыс документтер архивдин документтерди сактоого оптималдуу шарттар түзүлгөн адистештирилген сактоочу жайларында сакталат. Бул документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түзүлөт.”.

4. 8-берене “менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү” деген сөздөрдөн кийин      “, саясый партиялардын” деген сөздөр менен толукталсын.

5. 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Ведомстволук архивдерден документтердин түп нускасын алууга тыюу салынат.”.

6. 16-берененин  биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик архивдер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, коргоо, ички иштер, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук архивдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын мекемелери ишке ашырат. Мекеме ошондой эле тармактык фонддордун – геологиянын жана минералдык ресурстардын, жерге жайгаштыруунун, геодезиянын жана картографиянын, стандартташтыруунун жана метрологиянын, патенттин, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, жарандык абалдын актыларын каттоонун өзгөчө документтерин туруктуу сактоону да ишке ашырат.”.

7. 17-берененин үчүнчү бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“аудиовизуалдык документтер үчүн – көчүрүү аяктагандан кийин, телерадио берүүлөр үчүн – эфирге чыккандан кийин, ал эми машина окуучу документтер үчүн – 3 жыл.”.

8. 18-берененин биринчи бөлүгү “милдетүү түрдө,” деген сөздөрдөн кийин “атайын архивдик кутуларда, папкаларда, тубустарда,” деген сөздөр менен толукталсын.

9. 19-берененин биринчи бөлүгү “аймактык мамлекеттик архивдерден” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле электрондук документтердин мамлекеттик архивинен” деген сөздөр менен толукталсын.

10. 20-берененин биринчи бөлүгү “укук жолдоочуларга” деген сөздөрдөн кийин “же жогору турган уюмдун архивине” деген сөздөр менен толукталсын.

11. 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Мекеме – мамлекеттик архивдерди комплекттөө булактары белгиленген тартипте архив документтеринин көлөмү жана аларды сактоо шарттары жөнүндө статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.”.

12. 22-берене “милдеттүү” деген сөздөн кийин “архив документтерин тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен иреттелген абалда сактоого,” деген сөздөр менен толукталсын.

13. 25-берененин үчүнчү бөлүгү “аларды иштеп чыгууга” деген сөздөрдөн кийин “, аларга илимий-маалымат аппаратын түзүүгө” деген сөздөр менен толукталсын.

14. 27-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Жарандардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги менчик ээлерине гана же болбосо алардын ишеним каты же соттун талабы боюнча берилүүгө тийиш.”.

2-берене. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж., №6, 169-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11-берене. Контролдук жана милдеттүү нускалар

Мезгилдүү басылмалардын акысыз контролдук нускалары ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине, уюштуруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, уюштуруучу жана редакция тарабынан бекитилүүчү (тиешелүү түрдө) тизмеге ылайык мекемелерге жана уюмдарга жиберилет. Телерадио берүүлөрдүн материалдары Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивине мамлекеттик сактоого берилет.”.

2. 12-берене күчүн жоготту деп табылсын.

3-берене. “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., №12, 574-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

түрдүү жөндөмөдөгү “Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архиви” деген сөздөргө алмаштырылсын;

түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Архив ишин башкаруунун республикалык органы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене. “Басма иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2011-ж., № 9, 1283-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

13-берененин 1-бөлүгүндө “(үч нускада жөнөтүлүүгө жаткан)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык” деген сөздөргө алмаштырылсын.

5-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти