Кыргыз республикасынын эмгек кодекси (үзүндүлөр)


Бишкек шаары
2004-жылдын 4-августу N 106

Кыргыз республикасынын эмгек кодекси (үзүндүлөр)

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-августундагы N 107
Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

(Кыргыз Республикасынын
2004-жылдын 8-октябрындагы N 181 Мыйзамынын,
2005-жылдын 30-июнундагы N 85 Мыйзамынын,
2007-жылдын 7-августундагы N 136 Мыйзамынын,
2008-жылдын 17-мартындагы N 21 Мыйзамынын,
2008-жылдын 19-апрелиндеги N 61 Мыйзамынын,
2008-жылдын 25-июлундагы N 168 Мыйзамынын
редакцияларына ылайык)

95-статья. Ар күндүк иштин (кезметтин) узактыгы

Ар күндүк иштин (кезметтин) узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпашы керек:
14төн 16 жашка чейинки курактагы кызматкерлер үчүн - 5 сааттан, 16дан 18ге чейинкилерге - 7 сааттан;
жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуган, окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган 14төн 16га чейинки курактагыларга - 2,5 сааттан, 16дан 18ге чейинки курактагыларга - 3,5 сааттан;
майыптар үчүн - медициналык корутундуга ылайык.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса жумуш убактысын кыскартуу белгиленген оор иштерде, эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарында иштеген кызматкерлер үчүн ар күндүк иштин (кезметинин) жол берилүүчү жогорку узактыгы 36 сааттык иш жумасында - 8 сааттан ашпоого тийиш.
Кинематография уюмдарынын, теле- жана видеотартуу жамааттарынын, театр, театралдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлери, кесипкөй спортсмендер үчүн бул кызматкерлердин категориясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмегине ылайык ар күндүк иш (кезмет) узактыгы мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга, локалдуу ченемдик актыларга, жамааттык келишимдерге, болбосо эмгек келишимдерине ылайык белгилениши мүмкүн.

97-статья. Түнкү убактагы жумуш

Түнкү убактагы жумуш деп кечки 22 сааттан эртең мененки саат 6га чейинки мезгил эсептелет.
Түнкү убактагы жумуштун (кезметтин) узактыгы бир саатка кыскартылат.
Жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу белгиленген, ошондой эле атайын түнкү убакта иштөө үчүн алынган кызматкерлер үчүн, эгерде жамааттык келишимде башкача каралбаса түнкү убактагы жумушта (кезметте) иштеген кызматкерлер үчүн жумуштун узактыгы кыскартылбайт.
Түнкү убактагы жумуштун узактыгы эмгек шарты үчүн зарыл учурларда (үзгүлтүксүз иштөөчү өндүрүштөрдө, уюмдарда жана башкаларда), ошондой эле 1 дем алыш күнү менен алты күндүк иш жумасындагы кезметтик жумуш күнү күндүзгүгө теңештирилет. Көрсөтүлгөн иштердин тизмеси жамааттык келишим, локалдуу ченемдик акты менен аныкталышы мүмкүн.
Майыптар жана кош бойлуу аялдар түнкү убактагы ишке, эгерде мындай иш медициналык көрсөткүчтөр боюнча аларга тыюу салынбаса, ишке тартылат.
3 жашка чейинки балдары бар аялдар, майып балдары бар кызматкерлер түнкү убактагы ишке алардын макулдугу боюнча гана тартылат.
Түнкү убактагы жумушка 18 жашка толо электер киргизилбейт.
Кинематография уюмдарынын, теле- жана видеотартуу жамааттарынын, театр, театралдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлери, кесипкөй спортсмендер үчүн бул кызматкерлердин категориясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмегине ылайык түнкү убакта иштөө тартиби жамааттык келишим, локалдуу ченемдик актылар, болбосо эмгек келишимдерине ылайык белгилениши мүмкүн.

114-статья. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө аткарууга
тыюу салынган жумуштар. Кызматкерлерди дем алыш жана
жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартуу үчүн
өзгөчө учурлар

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөөгө эреже катары тыюу салынат.
Кызматкерлер дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка алардын жазуу жүзүндөгү макулдуктары менен төмөнкүдөй учурларда тартылат:
өндүрүштүк аварияны, кыйроону болтурбоо, өндүрүштүк авариялардын, кыйроолордун же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн;
бөөдө кырсыктарды, мүлктөрдүн жок болушун же бузулушун болтурбоо үчүн;
алдынала болжолдоого болбогон, тез аткаруу бүтүндөй уюмдун же анын айрым бөлүмдөрүнүн андан ары кадимкидей иштеши ага байланыштуу болгон иштерди аткаруу үчүн.
Жумуш эмес майрам күндөрүндө өндүрүштүк-техникалык шарттар боюнча токтотууга мүмкүн болбогон жумуштарды (үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдар), калкты тейлөө зарылдыгына байланыштуу жумуштарды, ошондой эле кечиктирилгис оңдоо жана жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууга жол берилет.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү кинематографиянын, теле жана видеотартуу жамааттарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыгармачыл кызматкерлерин, кесипкөй спортсмендерди бюджеттен каржылануучу уюмдарда ушул кызматкерлердин категорияларынын тизмектерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, ал эми башка уюмдарда - жамааттык келишимде белгиленген тартипте жумушка тартууга жол берилет.
Башка учурларда дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө жумушка тартууга кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ошол уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет.
Майыптарды, кош бойлуу аялдарды дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартууга, эгерде мындай жумуш медициналык көрсөткүчтөр боюнча тыюу салынбаса гана жол берилет.
Кызматкерлерди дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартуу иш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү тескемеси боюнча жүргүзүлөт.

297-статья. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерди кызматтык
иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштөөгө, түнкү убакта, дем алыш жана жумуш эмес күндөрүндө жумушка тартууга тыюу салуу

18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерди кызматтык иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштөөгө, түнкү убакта, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө жумушка тартууга тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография, театр уюмдарынын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышуучу башка адамдарды, кесипкөй спортсмендерди кошпогондо).

397-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрлардын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлеринин жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдардын, кесипкөй спортсмендердин эмгегин жөнгө салуу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография уюмдарынын, театрдын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерине жана чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга катышкан башка адамдарга, кесипкөй спортсмендерге карата мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөр менен эмгек мыйзамдары колдонулат.