Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө Жобо


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 8-декабрындагы
N 746 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлиги жөнүндө Жобо

(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 3-сентябрындагы N 188 токтомунун
редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттер
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
VI. Корутунду жоболор

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (мындан ары - Министрлик) автомобиль, темир жол, электр, аба жана суу транспорту, автомобиль жана темир жолдору, байланыш жана маалыматташтыруу, радио жана телеберүү жагында (мындан ары - жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө) мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
Министрлик ведомстволук бөлүмдөрдүн жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын ишин координациялайт жана көзөмөлдөйт.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана башка нормативдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
Министрлик Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын почталык администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы жана Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлиги катары чыгат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штампы жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыначылык системасында эсептери болот.
Министрликтин борбордук аппаратын камсыздоого чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

II. Негизги милдеттери

5. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү рыногун түзүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана керектөөчүлөрдүн таламын коргоо;
- транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү менен коопсуз жана үзгүлтүксүз ташууларды камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу жана куруу үчүн шарттарды түзүү;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу жагын өнүктүрүүгө багытталган келечектүү технологияларды, стандарттарды киргизүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү;
- магистралдык автомобиль, темир жолдорунун жана аба трассаларынын, транспорттук коридорлорунун тармактарын түзүү менен эл аралык автомобиль жолдоруна, темир жолдоруна жана аба трассаларына жана транспорт коридорлорунун системасына интеграциялоо;
- байланыштын инфраструктурасын эл аралык байланыш тармактары менен интеграциялоону камсыз кылуу.

III. Министрликтин функциялары

6. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат функциялары:
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, киргизет жана ишке ашырат;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүнүн өнүктүрүү долбоорлорун, концепцияларын, стратегияларын, илимий-техникалык жана башка программаларды иштеп чыгат жана аткарууну камсыз кылат;
- ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгат жана жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык аларга кол коет жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамиледе Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таламдарын билдирет жана коргойт;
- жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга карата жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтырууну даярдоонун мобилизациялык планын тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирдикте иштеп чыгат;
- жол-транспорт комплексинин, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүнүн мамлекеттин менчигинде турган объекттерин белгиленген тартипте акциялаштырууга жана менчиктештирүүгө катышат;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ведомстволор аралык, каржылык жана башка пландарын иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы объекттерди, курулуштарды жана электр байланыш тармактарын электр байланышынын операторлору жана кызматтары менен биргелешип пайдаланышы үчүн шарттарды түзөт;
- жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармактарын пайдалануунун жана кызмат көрсөтүшүнүн шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармактарында эл аралык трафикти кабыл алуу үчүн шарттарды түзөт;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө чарба субъекттеринин тарифтик саясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жыштыкты камсыздоо пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат жана радиоэлектрондук каражаттарды өздөштүрүүдө эл аралык укуктук коргоону ишке ашырат;
- жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдорду долбоорлоого, курууга, оңдоого жана күтүүгө жылдык каржылоону орнотулган тартипте түзөт;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу жагындагы объекттерди иштетүү, куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана күтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- почталык төлөмдөрдүн, почта конверттеринин жана открыткалардын үлгүлөрүн, номиналын жана белгилердин нускасын аныктайт жана бекитет, аларды басып чыгарууну жана таркатууну уюштурат;
б) жөнгө салуу функциялары:
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө инвестициялык процесстерди мамлекеттик жөнгө салууга жана инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө катышат, ушул маселелер боюнча эл аралык каржы жана башка уюмдар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды, уруксат кагаздарын, сертификаттарды жана күбөлүктөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын таламдаш мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жана аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аба трассаларынын жана аба линияларынын тизмесин иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жыйымдарды алууну камсыздайт;
- жарандык аба кемелерин каттайт;
- жарандык аэродромдорду жана Кыргыз Республикасында жайгашкан биргелешип пайдалануудагы аэродромдорду каттайт;
- автомобилдик транспорт чөйрөсүндө:
- орнотулган ыйгарым укуктардын негизинде, жердеги транспорттук каражаттардын техникалык абалына баа берет;
- суу транспорту чөйрөсүндө:
чакан кемелерди башкаруу укугуна, консультациялык-эксперттик ишке кеме айдоочулардын билимин текшерет, кемелердин жана алардын моторлорун сынайт жана сапатын текшерет, сүзүүчү каражаттарга жана жээктеги курулуштарга долбоордук-сметалык документацияны макулдашат, ошондой эле сүзүүчү каражаттарды жана базаларды (курулуштарды) каттайт (кайра каттайт), эксплуатациялоого жарамдуулугуна баа берет;
в) координация, көзөмөлдөө жана көзөмөл функциялары:
- Кыргыз Республикасында Байланыш тармактарын номерлөөнүн улуттук планын түзөт;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын сакталышына көзөмөлдүк кылат;
- Министрликтин ишмердигинин орнотулган чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлордун ишке ашуусун координациялайт, көзөмөлдөйт;
- илимий-изилдөөчү, долбоорлоо-технологиялык жана конструктордук иштерди уюштурат жана координациялайт, алардын натыйжаларын ишке киргизүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүнүн калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттеринин ишине көзөмөл жүргүзөт;
- маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны жана маалыматтык ресурстарды түзүүнү жана өнүктүрүүнү, программалык каражаттарды киргизүүнү ведомстволор аралык координациялоону жүргүзөт;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун көзөмөлдөнүүчү зонасында имараттарды, коммуникация курулуштарын жайгаштыруу жана куруу, карьерлерди иштетүү менен байланышкан маселелерди координациялайт жана макулдашат;
- техникалык каражаттарды жана маалыматташтыруу системаларын түзүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү, алардын сапатын жогорулатуу, алардын жеткиликтүүлүгүн жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле байланыштын технологиялык тармактарын түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурат жана координациялайт;
г) көмөк көрсөтүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалыматтар жыйнагын жана Кыргыз Республикасынын Автомобиль жолдорунун атласын басып чыгарат;
- экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык жагында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- министрликтин борбордук аппаратынын жана жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүнүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө каржылык божомолдоону жана пландоону жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик бийлик органдарынын ведомстволук жана атайын байланыш жана маалымат-коммуникациялык тармагын уюштурат;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндө милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандырууну киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
7. Министрлик Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары менен тыюу салынбаган башка функцияларды аткарат.

IV. Министрликтин укуктары

8. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын өнүктүрүүгө, долбоорлоого, курууга, оңдоого жана күтүүгө каралган республикалык бюджеттеги жана башка булактардагы каражаттарды алууда алуучунун жана башкы тескөөчүнүн функциясын аткарат;
- (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы N 188 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Министрликтин муктаждыктары үчүн товарларды берүүгө, иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө буюртмаларды жайгаштырууга, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын долбоорлоого, курууга, капиталдык оңдоого жана орточо оңдоого, ошондой эле ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик муктаждыктар үчүн илим-изилдөө иштерин жүргүзүүгө белгиленген тартипте конкурстарды уюштурат жана келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жыйымдардын өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
- ишмердиктин белгилүү бир чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди тартат, объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссияларды чакырат, кабыл алуу актыларын бекитет;
- жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;
- жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын таламын көздөйт жана Министрликтин жана анын тармактарынын иш чөйрөсүндө эл аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди же макулдашууларды түзөт;
- ведомстволук объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссияларды белгиленген тартипте түзөт, аларды кабыл алуу жөнүндө актыларды бекитет;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык же жеке жактардан жол-транспорт комплекси, байланыш жана маалыматташтыруу маселелери боюнча маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суратат жана алат;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органга ыйгарым укуктуу Мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине орнотулган тартипте талапкерлерди киргизет;
- өз функцияларын аткаруу үчүн Министрлик кеңештерди, комиссияларды, комитеттерди жана жумушчу топторду белгиленген тартипте түзөт жана алардын ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы N 188 токтомунун редакциясына ылайык)

V. Министрликтин ишин уюштуруу

9. Министрликке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган министр (мындан ары - Министр) башчылык кылат.
10. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны дайындоонун, бошотуунун тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталат.
11. Министрдин орун басарлары болот.
Министрдин орун басарлары Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, түздөн-түз Министрге баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
12. Ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ N 425 Жарлыгына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги Кыргыз Республикасынын Аба Кодексинде жана ушул жободо каралган атайын-аткаруучу, көзөмөлдөөчү, жөнгө салуучу жана башка функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик орган болуп эсептелет.
Агенттиктин директору министрдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат, министрге түздөн-түз баш ийет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
13. Министр:
- жеке башчылык негизинде Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратын жана Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкаруу аппараттарын күтүүгө сметаны орнотулган мыйзам тартибинде макулдашат;
- орнотулган мыйзам тартибинде же өзүнүн компетенциясынын чегинде башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен болгон мамиледе Кыргыз Республикасынын таламын көздөйт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерди, макулдашууларды жана протоколдорду түзөт;
- статс-катчы менен министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттенмелерди бөлүштүрөт жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат, Министрликтин компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруу-штаттык, кадр, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Министрликтин системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- номенклатурага ылайык бош кызмат орундарын ээлөөгө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт, которот жана бошотот, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык аларга карата сыйлоо жана тартип жазаларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналдарына күбөлүктөрдү берүү үчүн авиациялык персоналдын билимин жана жөндөмүн текшерүү боюнча Квалификациялык комиссиянын курамын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналын медициналык күбөлөндүрүү боюнча Врачтык комиссиянын курамын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын, аба кемелеринин, уюмдарынын эксплуатанттарын сертификациялоо боюнча комиссияны бекитет;
- Министрликке караштуу уюмдар менен мекемелердин жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген буйруктарын, тескемелерин токтото турат, жокко чыгарат;
- өз компетенциясынын чегинде Министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болгон ведомстволук актыларды кабыл алат;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин докладдарын жана билдирүүлөрүн угат жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кеңешмелерди өткөрөт;
- Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
14. Министрликте 11 адамдын курамында коллегия түзүлөт. Кызмат орду боюнча Министр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары коллегия мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын калган мүчөлөрү Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
Министрликтин коллегиясы Министрликтин ишмердигинин кыйла маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана Министрдин буйругу менен жүзөгө ашырылат. Коллегиянын иш тартиби Министр бекиткен Жобо менен аныкталат.

VI. Корутунду жоболор

15. Министрликти өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.