Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1994-жылдын 14-апрели N 1476-XII

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды
сактоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
1994-жылдын 14-апрелиндеги N 1477-XII
токтому менен колдонууга киргизилген)

Бул Мыйзам, менчигинин түрүнө карабай, органдардын, ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, аскер түзүлүшүнүн жана Кыргыз Республикасынын граждандарынын республиканын аймагындагы жана чет өлкөдөгү мекемелеринин иштеринин бардык түрлөрүндө мамлекеттик сырды сактоо системасынын укуктук негизин аныктайт.

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Мамлекеттик сыр - Кыргыз Республикасында сакталуучу жана бир жерден бир жерге берилүүчү, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, копсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелген атайын тизме жана эреже менен чектөөчү, мамлекеттин көзөмөлүндө турган маалыматтар.
Маалыматты жашырындоо - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы.
Маалыматтын жашырындуулугун ачуу - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы.
Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик бийлик органдарынын башка нормативдүү актылары менен белгиленген мамлекеттик сырды сактоо жана сактоону камсыз кылуунун жалпы тартиби.
Жашырын сырды таратуу - кызматы же иши боюнча белгиленген тартипте ишенип берилген тиешелүү маалымат кызмат адамдары же граждандар тарабынан атайы же байкоосуздан укукка каршы иш жасап, жашыруун маалыматты ага уруксат берилбеген адамдарга билдиргенде, бергенде, көрсөткөндө, жибергенде, жарыялаганда же башка жолдор менен жеткиргенде же маалыматтын жашырындуулугун алып жүрүүчү маанисин жоготкондо.
Уруксат берүү - мамлекеттик сыры бар маалыматтар менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берүү.
Чектөөчү белги - жашырын маалыматка же аны коштоочу документке сөзсүз коюлуучу, анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу белги.

2-статья. Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндөгү мыйзамдар

Мамлекеттик сырды сактоонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдер түзөт.

3-статья. Мамлекеттик сырга маалыматты кошуунун негизги
принциптери

Маалыматты мамлекеттик сырга кошуу төмөнкү принциптерге негизделет:
Мыйзамдуулук - маалыматтарды колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте жашырындоону жүзөгө ашыруу.
Негиздүүлүк - мамлекеттик жана граждандардын кызыкчылыгы үчүн маалыматтардын жашырындуулугунда максатка ылайыктуулугун эксперттик баа берүү жолу менен аныктоо.
Өз убагындалуулук - маалыматтардын пайда болушунан баштап, алардын жайылтылышына чектөө киргизүүнү белгилөө.

4-статья. Маалыматтардын жашырындуулугун чектөө

Төмөндөгү маалыматтар жашырындоого жатпайт:
граждандардын ден-соолугуна коркунуч туудуруучу табигый кырсыктар жана өзгөчө окуялар жөнүндө;
кыйроолор жана алардын залакалары жөнүндө;
экология тармагындагы иштердин абалы, жаратылыш байлыктарын пайдалануу, саламаттыкты сактоо, тазалык, маданият, айыл чарбасы, билим берүү, соода жана укук тартибин камсыз кылуу жөнүндө;
мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуулукту бузган фактылары жөнүндө;
граждандардын мыйзамдуу кызыкчылыгына жана укугуна доо келтирген, ошондой эле алардын жеке коопсуздугуна коркунуч туудурган фактылар жөнүндө.

5-статья. Мамлекеттик сырдын категориялары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыры: мамлекеттик, аскердик, кызматтык болуп үч категорияга бөлүнөт.
Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыгына өтө оор залал келтирүүчү маалыматтар мамлекеттик маалыматтарга кирет.
Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашырын" деген белгилер коюлат.
Аскер сырын аскердик мүнөздөгү маалыматтар түзөт, аны жайылтуу Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн.
Аскердик сырды түзгөн маалыматтарга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашырын" деген чектөө белгилери коюлат.
Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүчү маалымат кызматтык маалыматка кирет. Мындай маалымат мамлекеттик же аскердик сырга кирген, айрым маалымат түрүндө болот жана аларды толук ачпайт. Кызматтык сырды түзгөн маалыматтарга "жашырын" деген чектөө белгиси коюлат.
Маалыматтарга жашырындуулуктун чектөө белгилерин коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Ушул статьяда каралбаган чектөө белгилерин коюуга жол берилбейт.

6-статья. Мамлекеттик эмес сырлар

Мамлекеттик эмес сырга: коммерциялык, кызматта пайдалануучу маалыматтар, басма сөзгө жарыяланбай турган, тергөөнүн сыры, врачтык, жеке сыр жана сырдын башка түрлөрү кирет.
Мамлекеттик эмес сырды сактоо алардын менчик ээси, ошондой эле кызматы жана иши боюнча ишеним берилген аламдар тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекеттик эмес сырды сактоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары же алардын менчик ээлеринин мыйзамдарга ылайык иштеген эрежелери аркылуу жөнгө салынат.

7-статья. Мамлекеттик сырды сактоо системасынын негизги
элементтери

Мамлекеттик сырды сактоо системасынын негизги элементтери:
иштердеги, документтердеги, жана салттуу эмес маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү, чыгарылган буюмдардагы маалыматтарды жашырындуулук даражасын аныктоочу жана белгилөөчү эрежелер;
мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби;
мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштеген адамдар үчүн чектөөлөр;
мамлекеттик сырга мамиле жасоонун тартиби;
мамлекеттик сырдын сакталышын камсыз кылууга жүргүзүү;
мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар;
мамлекеттик сырды сактоо боюнча талаптарды аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик.

8-статья. Маалыматты мамлекеттик сырдын катарына кошуу жана аны
жашырындуулукка алуунун тартиби

Маалыматты мамлекеттик жашырын сырдын катарына кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген колдонуудагы Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин жана тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери тарабынан бекитилген Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмесинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашырындуулук деңгээлин аныктоонун жана белгилөөнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасында укуктук жана жеке жактардын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын талаптарына жооп берген маалыматтарды менчик ээлеринин чыгашасын толуктоо менен жашырууга жана аны ачыка чыгарууга укуктуу.
Маалымат ээлери маалыматты жашыруу жана аны ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамга ылайык эмес аракеттерге Жогорку сотко даттанууга укуктуу.

9-статья. Маалыматты жашырындуулукта кармоонун мөөнөттөрү

Эгер белгиленген тартипте маалыматты жашырууну узартуу жөнүндө чечим кабыл алынбаса, анда ал сыр жашырууга алынган кездеги белгиленген мөөнөттө ачыкка чыгарылат.
Эгер муну Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык кызыкчылыгы талап кылса, же аларды оңдоо зарылдыгына алып келген факторлор пайда болсо, мамлекеттик сырдын маалыматтары мөөнөтүнөн мурун ачыкка чыгаруу же жашырындуулук мөөнөттөрү узартылуусу мүмкүн. Сырды ачыкка чыгаруу жана анын жашырындуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү чечим кызыкчылыгы бар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

10-статья. Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн
тартиби

Мамлекеттик сырды сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын граждандарына атайы уруксат берилет. Ошондой эле эмгек келишими түзүлгөнгө чейин, ошол граждандарга байланыштуу алардын өз каалоосу менен жазуу жүзүндө берилген макулдугу боюнча текшерүү чаралары жүргүзүлөт.
Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруудагы граждандардын милдети; ошол маалыматты таратпоо жөнүндө милдеттенме; мамлекеттик сыр менен иштөөгө байланышкан чектөөлөр.
Граждандарга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мамлекеттик сыр катары эсептелген маалымат гана берилиши зарыл.
Кыргыз Республикасынын граждандары администрациянын мамлекеттик сырды сактоого байланышкан эмгек келишиминин шарттарын бузуучу чечимдерине жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Мамлекеттик сырды билүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитетинин органдары менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмесиз:
Кыргыз Республикасынын Президентине;
Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына;
Жогорку Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына;
Премьер-министрге, өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аныктоосу менен аларга тең укук берилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына (Жогорку Кеңеш берген укук боюнча) жол берилет.

11-статья. Жашырын сырга уруксат берүүнү чектөөнүн же токтотуунун
шарттары

Кыргыз Республикасынын төмөндөгү граждандарына мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берилбейт:
- чет өлкөдө туруктуу жашап турган же тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандарга;
- мамлекетке каршы кылмыш жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасагандыгы үчүн иши сотто жана тергөөдө тургандар, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып ташталбагандар;
- мамлекеттик сырлар менен иштөөгө медициналык жактан шай келбегендер. Анда шаа келбестиктин тизмеси Юстиция министрлиги менен макулдашылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилет;
- мамлекеттик сыр менен таанышуу боюнча өзү жөнүндө кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган маалымат бергендер.
Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы жок адамдарга мамлекеттик жашырын сыр менен таанышуга жол берилбейт.
Граждандарга жашырын маалыматтарды алууга жол берүү мамлекеттик органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу эмгек келишими (контракт) бузулганда;
- жашырын маалыматты сактоого байланышкан эмгек келишими (контракт) одоно жана дайыма бузулганда.
Граждандарга жашырын маалыматты алууга жол берүүнү токтотуу граждандар менен эмгек келишимин (контрактты) бузуу үчүн негиз болуп саналат.
Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жашыруун сыр менен таанышууну Кыргыз Республикасынын гражданын өзүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырды таратпоо милдетинен бошотпойт.

12-статья. Мамлекеттик жана аскердик сыр менен кабардар
граждандардын укугун чектөө

Укугун чектөө төмөндөгүлөргө тиешелүү:
- сөз эркиндиги укугунун мамлекеттик жана аскердик сырлар жөнүндөгү маалыматка тиешелүү бөлүгүнө;
- мамлекеттик жана аскердик сырга байланыштуу ачылыштарды, ойлоп табууларды пайдаланууга болгон өзгөчө укуктуулукка;
- сот органдарында ачык текшерүү укугуна.
Граждандар мамлекеттик сыр менен иштөөгө уруксат берүүнүн шарттары администрация тарабынан бузулса даттанууга жана укукту негизсиз чектөөгө байланыштуу соттук коргоону талап кылууга укуктуу.

13-статья. Мамлекеттик жашырын сыр менен иштөөнүн тартиби

Мамлекеттик жашырын сыр менен иштөөнүн тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жашырын сырды сактоонун тартибин камсыз кылуу боюнча нускоого ылайык жүзөгө ашырылат.

14-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жашырын сырды
сактоо системасындагы бийлик-укуктары

Кыргыз Республикасынын Президенти:
- мамлекеттик сырды сактоо системасында бирдиктүү улуттук саясатты аныктайт;
- маалыматты жашырууга жана ачыкка чыгарууга укугу бар мамлекеттик органдардын тизмесин бекитет;
- Өкмөттүн сунушу боюнча маалыматтарды мамлекеттик жашырын сырга таандык деп эсептөө боюнча бийлик-укук берилген мамлекеттик бийлик органдардын кызмат адамдарынын тизмесин бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка норматив актыларынын аткарылышын жана мамлекеттик жашырын сырды сактоо маселелеринде мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга жетекчиликти камсыз кылат;
- бул иштин структурасын, уюштуруу тартибин, ишин, финансыланышын жана материалдык-техникалык камсыз кылынышын, ошондой эле мамлекеттик сырларды сактоо боюнча бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт;
- Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесин иштеп чыгат жана бекитет;
- Ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтардын тизмесин бекитет;
- жашырын маалыматтарды биргелешип пайдалануу жана сактоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзөт, аны башка мамлекеттерге берүүгө көзөмөл жүргүзөт;
- мамлекеттик жана аскердик жашырын сырды түзгөн маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөгө киргизилген адамдар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн жана тартибин белгилейт;
- жашырын маалыматты таратуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт;
- республикада мамлекеттик сырды сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана ишти уюштурууга тиешеси бар министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт.

15-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук
боюнча комитетинин мамлекеттик сырды сактоо
системасындагы бийлик-укуктары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитети өз компетенциясынын чектеринде:
- мамлекеттик сырдын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө иштеринин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындоонун техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн көзөмөлдү уюштурат;
- мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана бирикмелерде жашырындуулуктун тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөөгө уруксат берүүдө Кыргыз Республикасынын граждандарын текшерүү иш-чараларын жүргүзөт;
- мамлекеттик сырды сактоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана бирикмелерге методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштердин жыйынтыктары жөнүндө билдирет.

16-статья. Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар

Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитети;
- министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү;
- ачык жарыялоодо мамлекеттик, аскердик жана кызматтык жашырын сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруудан сактоо боюнча координациялык, консультативдик жана көзөмөлдүк ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлик.
Мамлекеттик сырды сактоо - аларга ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бирикмелеринин, ошондой эле кызмат адамдарынын жана граждандарынын милдети.

17-статья. Жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү

Башка мамлекетке жашырын маалыматты берүүгө негиз болуп аны менен түзүлгөн макулдашуу саналат, ал кабыл алган тараптын ага берилген жашырын маалыматты сактоо боюнча милдеттенмесин кароого тийиш.

18-статья. Башка мамлекеттердин жашырын сырын сактоо

Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте берилген башка мамлекеттердин же мамлекеттердин бирикмелеринин жашырын сыры ушул Мыйзам менен мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде сакталат.

19-статья. Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаргандык, ошондой эле
маалыматты укукка ылайыксыз жашыргандыгы үчүн
жоопкерчилик

Мамлекеттик сырдын сакталышын камсыз кылуу жоопкерчилиги мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, бирикмелердин жетекчилерине жүктөлөт.
Жашырын маалыматтарды ачыкка чыгаргандык, алардын жашырындыгынын даражасын укукка ылайыксыз жогорулаткандык же төмөндөткөндүк, жашырындыктын тарабын бузгандык, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар, келтирилген зыяндын оордугуна карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш, административдик, тартип жоопкерчилигине тартылышат.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев