Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өтлөрүү боюнча борбордук комиссясынын токтому


Бишкек шаары
2000-жылдын 12-сентябры N 420

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өтлөрүү боюнча борбордук комиссясынын токтому

Жалпыга маалымдоо каражаттарында
үгүт жүргүзүү жөнүндө

Шайлоо жөнүндө Кодекстин 31-33-статьяларына, ошондой эле 51-статьясындагы 10-пунктка ылайык талапкерлер шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн өздөрүнө акысыз эфир убактысы жана басма аянты берилишине укуктуу.
Акысыз эфир убактысын жана басма аянтын берүү жөнүндө 31-33-статьялардын талаптарын аткарып, ошондой эле юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү шайлоо менен тике же кыйыр байланышкан иштерди, кызмат көрсөтүүнү акысыз же негизсиз түрдө төмөндөтүлгөн баада аткарышына жол берилбестиги тууралу Шайлоо жөнүндө Кодекстин 51-статьясынын 10-пунктун, Шайлоо жөнүндө Кодекстин 35-статьясынын 6-пунктун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат орунуна ар бир талапкер үчүн Мамлекеттик телерадио корпорациясы жана реслубликалык "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" газеталарынын редакциялары бере турган акысыз чыгуулардын төмөнкүдөй көлөмү белгиленсин: телекөрсөтүүдө - 40 мүнөт, анын 10 мүнөтү биргелешкен дебаттарды жана дискуссияларды өткөрүүгө бөлүнөт; радиодо - 15 мүнөт, "Кыргыз Туусу" же "Слово Кыргызстана" газеталарында - машинка текстиндеги 2 бет.
Талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана басма аянтын берүү убактысы Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрө турган чүчүкулактын натыйжасына ылайык Мамлекеттик телерадио корпорациясы жана газеталардын редакциялары менен макулдашуу боюнча бөлүштүрүлөт.
Талапкерлер ЖМК аркылуу өз үгүтүнүн формасын жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге акы төлөнүүчү эфир убактысын жана басма аянтын ЖМК өткөрүүчү чүчүкулакка ылайык, талапкерлерден арыз түшүшүнө ылайык, бул ЖМКнын техникалык жана программалык мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен берет.
2. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топ төмөнкүлөргө катуу контролдук кылсын.
- менчигинин түрүнө карабастан шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттары Шайлоо жөнүндө Кодекстин 51-статьясындагы 10-пунктту аткарышына, ага ылайык ЖМК талапкерлерге жана алардын командаларынын мүчөлөрүнө (ишенимдүү адамдарга жана ыйгарым укуктуу өкүлдөргө) шайлоо дайындалган күндүн алдында колдонулган тарифтер боюнча талапкерлер шайлоо фонддору аркылуу төлөй турган акы төлөнүүчү эфир убактысын жана басма аянтын берүүгө тийиш Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо алдындагы үгүт үчүн эфир убактысын жана басма аянтын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
- Шайлоо жөнүндө Кодекстин 36-статьясындагы 6-пункттун сакталышына, ага ылайык талапкерлердин ар-намысына, татыктуулугуна же ишкер кадыр-баркына зыян келтирүүчү макалаларга жол берген ЖМК талапкердин талабы боюнча Шайлоо жөнүндө Кодекстин 36-статьясындагы 6-пункттун бардык талаптарын эске алуу менен телерадиоберүүнүн же газетанын жакынкы чыгышында төгүндөөнү жарыялоого милдеттүү.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Төрага С.Иманбаев