КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2013-жылдын 19-октябры N 195

Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары

Иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары — иш) лицензиялоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөмкүлөргө жайылтылбайт:

1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге;

2) мамлекеттик каттоо тутумуна;

3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;

4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ылайыктуулукту баалоо жаатына.

4. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

Банктардын, каржы-кредиттик мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле төлөм, микрокаржылык иш жана кредиттик союздардын иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3-берене. Лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

арыз ээси — ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган жеке же юридикалык жак;

лицензиялоо — лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;

лицензия — ушул Мыйзамга ылайык аларга карата мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ;

лицензия берүүчү — ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган;

лицензия алуучу — лицензия жана (же) уруксат алган жеке же юридикалык жак;

лицензиялык контроль — иштин лицензиялануучу түрүнүн чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча иши;

чектелген мамлекеттик ресурстар — мамлекетке таандык болгон ресурстар, анын ичинде айкын мүнөздөмөлөргө ээ, сан жагынан өлчөнүшү жана акчалай бааланышы мүмкүн болгон, чектелген же ордуна келбей турган жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, радиожыштык спектри;

уруксат — иш процессинде айрым аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу, мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген кандай болбосун башка юридикалык жак) тарабынан берилүүчү документ;

лицензиялардын жана уруксаттардын реестри — кагаз жүзүндө жана электрондук форматта лицензиялоо жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;

тобокелдик — адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке зыян келтирүүчү, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагымсыз окуянын келип чыгуу ыктымалдыгы;

өзүн өзү жөнгө салуучу уюм — тармагынын же өндүрүлүүчү товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунун бирдей сыпаттары боюнча ишкердик иштин субъекттерин бириктирүүчү, же бир түрдүү кесиптик иштердин субъекттерин бириктирүүчү, ишкердик ишти өзүн өзү жөнгө салуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм;

электрондук лицензия жана (же) уруксат — кагаз жүзүндөгү лицензияга жана (же) уруксатка мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жол-жоболоштурулуучу жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия жана (же) уруксат.

5-берене. Лицензиялоонун принциптери

1. Лицензиялоону киргизүүнүн принциптери:

1) лицензиялоону киргизүүнүн далилдүүлүгү;

2) лицензия же уруксат берилүүчү бирдиктүү ажырагыс процесске кирген аракеттин айрым түрлөрүнө же операцияларга лицензияларды же уруксаттарды берүүгө тыюу салуу.

2. Лицензиялоонун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындуулугу;

2) менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензия жана (же) уруксат берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) ушул Мыйзамда аныкталган иштин түрлөрүн гана лицензиялоо;

4) лицензия берүүчүлөргө ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;

5) эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе, лицензия берүүчүнүн ак ниеттүүлүгүн таануу;

6) рынокто монополизмдин күчөшүн же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөөнү болтурбоо;

7) эл аралык келишимдерге ылайык келген шарттарда башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;

8) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды албаганда, кабыл алынган техникалык регламенттин жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштин түрүн лицензиялоо техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып жокко чыгарылат;

9) лицензиялануучу иштин белгилүү бир түрүнүн жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандыруусун киргизүүдө лицензияны жокко чыгаруу;

10) ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоонун натыйжалуулугун мезгилдүү (ар бир беш жылда) баалоо;

11) лицензиялык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу. Лицензия берүүчүлөргө лицензиялык контролдоону (мониторингди) лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырууга тыюу салуу;

12) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеңил таксилерден тышкары) жана эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштерди албаганда, лицензия алуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактар үчүн өз алдынча лицензия алууга талаптардын жол берилбестиги.

6-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун критерийлери

1. Лицензиялоо төмөнкү учурларда киргизилет:

1) эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде ишти мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмалары, бул ишти жүзөгө ашырууда адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүү тобокелдигинин жол берилген чектүү деңгээлин төмөндөтпөй тургандыгы далилденсе;

2) чектелген мамлекеттик ресурстарды сарамжал башкаруу үчүн.

2. Лицензиялык жөнгө салууну киргизүү зарылчылыгынын негизделиши ушул беренеде аныкталган критерийлер менен түздөн-түз байланышта болууга тийиш.

7-берене. Лицензиялоону киргизүүнүн тартиби

1. Иштин айрым түрлөрүнө лицензиялоону киргизүү, же алып салуу ушул Мыйзамда каралган лицензиялоо киргизилген иштин түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн.

2. Иштин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону киргизүү ушул Мыйзамдын 5 жана 6-беренелеринде каралган принциптердин жана критерийлердин негизинде гана мүмкүн.

3. Эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүн албаганда, иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага ылайык милдеттүү талданууга жатат.

8-берене. Жалпы лицензиялык талаптар

1. Лицензиялык талаптардын баяндалышы алардын мазмунунун бир түрдүү түшүнүүсүн камсыз кылышы керек. Талаптарды түшүнүүдөгү бардык күмөндөр лицензия алуучунун пайдасына чечмеленет.

2. Лицензиялык талаптарга иштин тийиштүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жөнүндө жалпы талаптар бүтүндөй киргизилбейт.

3. Иштин лицензиялануучу түрлөрү боюнча лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери

Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат:

1) колдонуу убактысы боюнча:

а) мөөнөтсүз — колдонуу мөөнөтү чектөөсүз берилүүчү;

б) убактылуу — белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына карата гана берилет.

2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:

а) колдонулушу Кыргыз Республикасынын бардык аймагына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде республиканын чегинен тышкары жайылтылат;

б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 11, 12, 35 жана 36-пункттарында каралган лицензияларга карата киргизилген.

3) ээликтен ажыратуу боюнча:

а) ээликтен ажыратылбагандар:

б) ээликтен ажыратылгандар (чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана карата киргизилет).

4) формасы боюнча:

а) кагаз жүзүндө жол-жоболоштурулган лицензия;

б) электрондук лицензия — электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулган лицензия.

5) иштин көлөмү боюнча (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодо жана импорттоодо):

а) башкы лицензиялар;

б) бир жолку лицензиялар.

10-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу

1. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды башка жакка берүүгө тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты бар иш Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу башка мамлекеттердин аймактарына жайылтылат, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылат.

Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонууну таанышы мүмкүн. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал лицензия алуучунун арызы боюнча узартылышы мүмкүн.

11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну

1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) лицензиялоочу органдын аталышы;

2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болгон учурда) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;

3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн — жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;

4) иштин лицензиялануучу түрү;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);

6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);

7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;

8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

2. Лицензия жана (же) уруксат лицензия берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формада, кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жол-жоболоштурулат.

3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун лицензиялык ишин түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте лицензия берүүчү тарабынан сакталууга тийиш.

12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери

1. Лицензиялар жана уруксаттар лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине (мындан ары — реестр) киргизилет. Реестрлерди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Реестрлер берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз расмий булак болуп саналат.

3. Лицензия берүүчүлөр иштин түрлөрү боюнча реестрлерди жүргүзүшөт, алар лицензиялоону кагаз жүзүндө же электрондук форматта жүзөгө ашырышат.

4. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болгон учурда) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык дареги;

2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн — жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;

3) иштин лицензиялануучу түрү;

4) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү;

6) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;

8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп коюунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;

9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизи жана датасы.

5. Реестр лицензия берүүчүлөрдүн расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүккө тыюу салынган маалыматтарды албаганда, анда камтылган маалыматтарга кызыкдар болгон жактардын таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.

13-берене. Лицензиялоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы

Лицензия берүүчүлөрдүн расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүк үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:

1) лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тексттери;

2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;

3) лицензия алуу арызына тиркеле турган документтердин тизмеси жөнүндө, арыздарды кароо мөөнөттөрү, арыздарды кароону аткаруучулар (фамилиясы, аты, атасынын аты, иш телефону, электрондук дареги), лицензиялоочу органдын иш убактысы жана анын аймактык бөлүмдөрү тууралуу жетишээрлик маалыматтар;

4) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.

14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү лицензиялоонун субъекттери

1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:

1) лицензия берүүчү:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоону ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган;

б) өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдар (лицензиялоо боюнча ыйгарым укук берилген учурда);

2) лицензия алуучулар (менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр).

2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүлөрдүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.

Өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдар лицензияларды жана (же) уруксаттарды башкаруунун борбордук органында гана берүүгө укуктуу.

2-глава
Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү

15-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү

Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү албаганда);

2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү албаганда);

3) өсүмдүктүн чийки затынан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну албаганда, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;

4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;

5) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;

6) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу);

7) жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш (жеке медициналык мекемелерде же болбосо жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин албаганда);

8) дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу;

9) ветеринария жаатындагы адистештирилген ишканаларда вакциналарды жана сывороткаларды даярдоо жана сатуу;

10) патогендиктин II тобундагы микроорганизмдер менен иштөө;

11) электр байланышы жаатындагы иш;

12) почта байланышы жаатындагы иш;

13) маалыматтарды берүү жаатындагы иш;

14) программаларды, берүүлөрдү түзүүнү жана аларды жайылтууну өзүнө камтыган телерадиоберүү;

15) шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын (I, II, III категориядагы объекттердин) долбоордук-изилдөө иштери;

16) жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тышкары курулуш-куроо иштери;

17) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (жеңил таксилерди албаганда);

18) автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар;

19) аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу;

20) аба кемелерин техникалык тейлөөнү жана (же) оңдоону албаганда, учуп келүүдө же учуп кетүүдө аэропорттордо (аэродромдордо) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;

21) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу;

22) ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык банктык операцияларды жүргүзүү;

23) кредиттик союздардын иши;

24) микрокаржылык компаниялардын иши;

25) күрөөканалардын иши;

26) чет өлкөлүк накталай валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

27) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

28) бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

29) тотализаторлор бюросунун жана букмекерлик кеңселердин иши;

30) лотерея иши (кызыктыруучу лотереяны албаганда);

31) уулуу заттардын (анын ичинде чек аралык) өндүрүш калдыктарын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу;

32) аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияларга кирген аскердик-техника жаатындагы маалыматтар) жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөр (курал-жарактарды, аскердик техниканы оңдоо, модернизациялоо, утилизациялоо, ошондой эле аларды ташуу, берүү жана сактоо боюнча иштер);

33) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу, жок кылуу;

34) жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатуу;

35) куралдарды жана ок-дарыларды жасап чыгаруу, оңдоо, сатуу;

36) баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү жана бөлүштүрүү;

37) адвокаттык иш;

38) жеке нотариалдык иш;

39) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо менен камсыздандыруу;

40) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өзүн ыктыярдуу камсыздандыруу;

41) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;

42) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;

43) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;

44) кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр;

45) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иши;

46) баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруу;

47) баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш;

48) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү;

49) баалуу кагаздардын рыногундагы депозитардык иш;

50) баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иш;

51) инвестициялык фонддун иши;

52) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу;

53) аудитордук иш;

54) банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун иши;

55) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо; жыгач конструкцияларды жана күйө турган театралдык экспозициялык жабдууларды оттон коргоо;

56) билим берүү иши (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен башка);

57) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өзгөчө товарлардын импорту, экспорту;

58) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын импорту, экспорту, реэкспорту.

16-берене. Лицензцияланууга тийиш болгон чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча иштин түрлөрү

Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш.

1) электр байланышы жана (же) маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу;

2) токой фондуна караштуу жерлерде дарактын сөңгөктөрүн алып салуу (жыгач кыюу билети, жыгачты аз-аздан кое берүү ордери);

3) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда алып салуу (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып салууга уруксат алуу жана токой билети);

4) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилизациялоо, сактоо, көмүү, жок кылуу;

5) жер казынасын пайдалануу укугуна байланыштуу иш (геологиялык-издөө иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугу, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугу, пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштеп чыгуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугу, жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну, геологиялык картага түшүрүүнү жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөрдү, пайдалуу кендерди иштеп чыгууга байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууну жана эксплуатациялоону, коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, полеонтологиялык коллекцияларды жыйноону, декоративдик максаттар үчүн таш материалын жыйноону жана кооздук таштары жана курулуш материалдары катарында пайдаланууну, ошондой эле жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштеп чыгуу менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугун кошуп алганда);

6) жарылып кете турган кооптуу аралашманы (күйүүчү кычкылдандыруучу газдар жана баллондорду кысылган жана суюк абалга айландырылган газдар менен толтуруу станциялары) пайда кылууга жарамдуу заттарды алуу, пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, жок кылуу;

7) химиялык коркунучтуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу.

17-берене. Иш процессинде аракеттердин түрлөрүнө карата уруксаттардын тизмеги

Уруксаттарды алууну талап кылган колдонуунун түрлөрү:

1) экинчи ирет пайдалануу максатында калдык катары, мурда колдонулган автомобиль шиналарын ташып келүү;

2) жардыруу иштерин жүргүзүү укугу;

3) тоо жумуштарын жүргүзүү;

4) аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн руданын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен ташып чыгаруу;

5) жылмаланган алтынды жана алтын камтыган аралашманы caтып алуу;

6) өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү;

7) маданий баалуулуктарды ташып чыгаруу укугу;

8) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жалпы квотанын негизинде берилүүчү жумушка уруксат;

9) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу;

10) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал-жарактын жана аскердик техниканын транзити;

11) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүү, ташып чыгаруу, транзиттөө;

12) жарандык жана кызматтык куралдарды жана аларга ок-дарыларды сатып алуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, коллекциялоо, көргөзмөгө коюу, ташып келүү, ташып чыгаруу;

13) таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алуу, сактоо жана сатуу;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алуу, сатуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, ташып келүү, ташып чыгаруу;

15) балыктарды илимий максаттар үчүн контролдук кармоону жүргүзүү;

16) CITES конвенциясынын колдонулушуна туш келбеген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары ташып чыгаруу;

17) CITES конвенциясынын колдонулушуна туш келбеген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн объектилерин, алардын бөлүктөрүн же дериваттарды Кыргыз Республикасына ташып келүү же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу;

18) айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруу;

19) булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө агызып чыгаруу;

20) булгоонун стационардык булактары менен булгоочу заттарды атмосферага чыгаруу;

21) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагына кирүү жана андан чыгуу;

22) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагынан транзиттик өтүү;

23) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашыруу;

24) эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөлөргө (үчүнчү өлкөлөрдөн) жүктөрдү ташуу;

25) эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуулар (үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү);

26) кооптуу жүктөрдү ташуу;

27) жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сактоо укугу;

28) жарылуучу заттарды (анын ичинде пиротехникалык) жана буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;

29) жарылуучу материалдарды сатып алуу укугу;

30) радиоэлектрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктагы каражаттарды (ЖЖК), радиожыштыкта нур берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берүү;

31) радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруу;

32) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу;

33) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суратуу жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзити;

34) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын контролдолуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити;

35) Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу, иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, сактоо, ташуу;

36) Шифрлөө каражаттарын (шифрлөө техникасын, шифрлөө техникасы үчүн бөлүктү жана шифрлөө үчүн программалардын пакетин кошуп алганда), шифрлөө каражаттарына ченемдик-техникалык документтерди (конструктордукту жана эксплуатациялыкты кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу.

3-глава
Лицензиялоо жүргүзүүнүн тартиби

18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн зарыл документтер

1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт:

1) белгиленген формадагы арызды;

2) жеке жак үчүн — инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн — мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн.

2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензия берүүчүнүн сайтында белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле убакта ушул беренеде каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Бул учурда, арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмегин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.

3. Арыз ээси лицензия берүүчүгө электрондук лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө бул тууралуу арызда көрсөтүү менен кайрыла алат.

4. Лицензия берүүчү тарабынан ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди аларга каршы келбеген бөлүгүндө көрсөтүүнү арыз ээсинен талап кылууга тыюу салынат.

19-берене. Лицензиялык жыйымдар

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку лицензиялык жыйым алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык лицензиялык жыйым алынат.

2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка жыйымдарды алууга тыюу салынат.

3. Лицензиялык жыйымдардын бардык түрлөрү түздөн-түз республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөттөрү

1. Лицензия берүүчү Кыргыз Республикасына чектеш өлкөлөр менен эл аралык макулдашууну талап кылуучу радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берүүчү учурларды албаганда, бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.

Лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).

4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жөнүндө тийиштүү чечимдин негизинде реестрге киргизилүүгө тийиш. Лицензия жана (же) уруксат ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий берилген болуп эсептелет. Лицензия берүүчү лицензия берген күнү лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.

5. Эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) уруксат берилди деп эсептелинет. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.

6. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууну же лицензиянын жана (же) уруксаттын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.

21-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу болсо;

2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;

3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;

4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөшү.

2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу берүү укугуна ээ.

3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.

Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.

4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

5. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия жана (же) уруксат алуучуга кабарлоого милдеттүү.

22-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга жана негизсиз баш тартуунун айынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга даттануу

1. Арыз ээси лицензия берүүчүнүн лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

2. Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуудан жана лицензия алуучунун укуктарын бузуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

23-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу

1. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;

2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү;

3) жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү;

4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы.

2. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгондо лицензия алуучу арыз менен кайрылууга милдеттүү.

3. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө, кайра жол-жоболоштуруунун негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензия берүүчүгө лицензия алуучу тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

4. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу лицензия берүүчү тарабынан тийиштүү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштурууда лицензия берүүчү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра жол-жоболоштурулган лицензиянын мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.

24-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү

1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензия берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.

2. Кабарлоо өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (текшерүү үчүн алардын түп нускаларын берүү менен) бирге он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилет.

3. Лицензия берүүчү кабарлоо келип түшкөн датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

25-берене. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу

1. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет.

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартылганда лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

26-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү

1. Лицензияны жана (же) уруксатты жоготкондо, бузуп алганда лицензия алуучу лицензия берүүчүгө жөнөтүлүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) уруксатты бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.

2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жоголгон, бузулган бланкалары лицензия алуучу тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

3. Лицензия берүүчү арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда «Дубликат» деген жазуусу бар лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берет.

4. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуусу тууралуу лицензия берүүчүнүн чечимине лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

27-берене. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу

1. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде, эл аралык макулдашуулардын негизинде лицензияларды автоматтуу түрдө таануу тартибинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзүүсүз жана улуттук лицензия берүүсүз (банк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды албаганда) лицензия берүүчү тарабынан бул тууралуу маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жарактуу деп таанылат.

3. Чет мамлекетте берилген лицензиялар бул лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү лицензиялардын тизмегине кирген шартта бир тараптуу тартипте таанылат.

Чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген, лицензиялык талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга окшош же жогору болгон лицензиялар гана Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегине киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегинде лицензиялардын жана бул лицензияларды берген мамлекеттердин аталыштары камтылууга тийиш.

Чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны бир тараптуу таануу ушул беренеде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Лицензияны таануу жол-жобосу берилген лицензиялардын жана документтердин аныктыгын текшерүү жана лицензияны таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү жол-жобосуна негизделет.

5. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонууну Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жөнүндө маалыматтардын реестрине киргизүү үчүн лицензия алуучу төмөнкү документтерди берүү менен лицензияны таануу жөнүндө арыз менен тийиштүү лицензия берүүчүгө кайрылат:

1) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилген лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөсүн;

2) субъекттин ишинин мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди (келип чыккан өлкөдөгү мамлекеттик каттоо).

Көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легалдаштыруу талаптарына ылайык күбөлөндүрүлүүгө тийиш же апостиль коюлушу керек.

6. Лицензия берүүчү берилген документтерди текшерүүнү үч жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматты реестрге киpгизет.

7. Эгерде чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелген учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензияны колдонуу чет мамлекет тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнө жараша чектелүүгө жатат.

8. Анын лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензия алуучу тарабынан жөнгө салынууга жаткан иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптар бузулган учурда, лицензия берүүчү ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлгөн лицензияны Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун өз чечими менен токтото турушу же болбосо алар боюнча лицензия алуучу лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер белгиленбеген учурда лицензия берүүчүнүн кайрылуусунун негизинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн.

9. Лицензия алуучу таанылган лицензияны колдонулушун токтотуп коюу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.

4-глава
Лицензиялык контроль

28-берене. Лицензиялык контроль

1. Лицензиялык контроль ушул Мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда белгиленген лицензиялык талаптардын лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Лицензиялык контроль лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды сактоосун лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.

3. Лицензиялык текшерүүлөр лицензия берүүчү тарабынан бекитилген планга ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган талаптарды бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлушун текшерүү лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп саналат.

5. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) айып;

3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп коюу;

4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу тууралуу маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүү.

6. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

7. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Айып салуудан түшкөн каражаттар түздөн-түз республикалык бюджетке жиберилет.

29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп коюу

1. Лицензиялык талаптарды үчүнчү жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү мурда эскертүү алган же айып салынган субъекттин лицензиясын жана (же) уруксатын колдонууну үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп коюуга укуктуу.

2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты токтотуп коюуга алып келген лицензиялык талаптарды бузуулар алар тарабынан жоюлгандыгы жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.

4. Эгерде белгиленген мөөнөттө лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты токтотуп коюуга алып келген лицензиялык талап бузууларды жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп коюу жөнүндө чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.

30-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар жоюлган шартта лицензия жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин лицензия берүүчү тарабынан кайра жаңыланат.

2. Табылган лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензия алуучу бул жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.

3. Лицензия берүүчү табылган бузуулардын жоюлушуна лицензиялык текшерүүнү лицензия алуучунун бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө же болбосо беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзөт жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча лицензия алуучуга лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо, же болбосо тийиштүү негиздеме менен аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.

4. Лицензияны же (жана) уруксатты колдонуу бул тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып кайра жаңыланган болуп эсептелет.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

5-глава
Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу

31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) жеке жак тарабынан жеке ишкер катарында иш токтотулганда;

2) юридикалык жак жоюлганда;

3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

4) берилген лицензияны жана (же) уруксатты жүзөгө ашырууга аракеттери, операциялар толук көлөмдө жасалганда;

5) лицензия алуучу тарабынан иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда, лицензия алуучунун (лицензия алуучунун укугун мурастоочунун) арызы берилгенде;

6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым бир түрү алынып салынганда;

7) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) жеке жак каза болгондо.

2. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулганда лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулду деп таанылат.

Лицензия алуучунун колундагы кагаз жүзүндөгү лицензиясы жана (же) уруксаты лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтары реестрге киргизилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

32-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу

Лицензия берүүчү лицензияны колдонууну токтотуп койгон себептер жоюлбаган учурда лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жана (же) уруксат жокко чыгарылат.

6-глава
Корутунду жана өтмө жоболор

33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5-берененин 2-бөлүгүнүн 11-пункту 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

14-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «б» пунктчасы өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндө ченемдик укуктук акты кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы N 12 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 3, 126-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-февралындагы N 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 3, 74-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-апрелиндеги N 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 8, 249-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы N 87 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 12, 496-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 12-сентябрындагы N 121 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 3, 83-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясын чечмелөө тууралу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 3-декабрындагы N 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 3, 100-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын 7-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 171-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 11, 687-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-июнундагы N 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., N 6, 183-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 4, 189-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы N 41 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 4, 192-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 10-мартындагы N 59 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 5, 225-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 9, 355-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы N 165 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 11, 506-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы N 239 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 3, 134-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы N 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 1, 8-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы N 21 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 1, 23-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги N 45 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 4, 348-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги N 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 4, 344-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 4, 355-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы N 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 569-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы N 118 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 582-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы N 126 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 590-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы N 232 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 924-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 241 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 9, 1014-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 768-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы N 270 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 9, 857-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., N 9, 1261-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы N 242 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 11, 1682-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2861-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2862-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-октябрындагы N 171 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2863-ст.);

— «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы N 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 10, 2981-ст.);

— «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы N 156 Мыйзамынын 2-беренеси («Эркин Too» газетасы, 2013-жылдын 2-августу, N 65).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

3) ушул Мыйзамдан келип чыккан каржылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

4. Ушул Мыйзамды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү менен ушул Мыйзамда каралбаган иштин түрлөрүн, аракеттерди, операцияларды лицензиялык жөнгө салуу жокко чыгарылат.

5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар өзүнүн юридикалык күчүн сактайт.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Атамбаев
     
2013-жылдын 3-октябрында   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган