Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 25-июну N 404

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына

басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын

жеткирип берүү тартиби жөнүндө

нускаманы бекитүү

тууралуу

 

«Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу иретинде жана милдеттүү нуска системасын, мамлекеттик библиографияны, басма статистикасын жана өлкөнүн маалымат фондун өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына жеткирип берүү тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр Н.Танаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 25-июнундагы N 404

токтому менен бекитилди

 

Басылмалардын акысын милдеттүү нускасын

Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп

палатасына жеткирүүнүн

тартиби жөнүндө

Инструкция

 

1. Полиграфиялык ишканадардын менчигинин

түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө

карабастан басылмалардын милдеттүү

нускасын жөнөтүүсү

 

1.1. Басылмалардын милдеттүү нускасы республикадагы бардык полиграфиялык ишканалар (мындан ары полиграфиялык ишканалар деп бүткүл полиграфиялык ишканаларды, менчик басмаканаларды, техникалык жол менен көбөйтүүчү жайларды түшүнүү керек) тарабынан тираждын биринчи партиясы чыккан күнү жөнөтүлөт.

1.2. Китеп палатасы жайгашкан шаардагы полиграфиялык ишканаларда чыгарылган басылмалардын милдеттүү нускасы атанын курьери аркылуу Китеп палатасына түздөн-түз жеткирилет.

1.3. Республиканын башка шаарларында чыккан басылмалардын милдеттүү нускасы Китеп палатасына почта аркылуу жеткирилет, ал эми тийиштүү райондук, шаардык жана областтык китепканаларга басылма чыккан күнү курьери аркылуу жеткирилет.

1.4. Басылмалардын милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына убагында жана толук жеткирүү боюнча жоопкерчилик полиграфиялык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

1.5. Китеп палатасына жеткирүүчү басылмалардын милдеттүү нускасынын саны ар бир басылмалардын түрү боюнча «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 804 токтомунун N 2-тиркемесине ылайык болууга тийиш.

1.6. Документтердн Китеп палатасынан тышкары түздөн-түз кабыл алуучуларга жеткирилип берилчү басылмалардын милдеттүү нускасынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 804 токтомунун N 1-тиркемесине жана Кыргыз Республикасынын «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Мыйзамына ылайык болууга тийиш.

1.7. Эгерде басылманын нускасы болүнүп, анын ичинде ар кайсы басмаканада даярдалса же кошумча тираж чыгарылса, анла кошумча басылган тираждан бирден нускасы Китеп палатасына гана жөнөтүлөт.

 

2. Басылмалардын милдеттүү нускасын

жөнөтүүгө даярдоо жана коштоочу

документтерди толтуруу

 

2.1. Китеп палатасына жөнөтүлүүчү басылмалардын милдеттүү нускасынын баары полиграфиялык жактан кемтиги жоктугуна кылдат текшерилүүгө тийиш.

2.2. «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 19-статьясына ылайык, басылмалардын Китеп палатасына түбөлүк сактоого жиберилүүчү милдеттүү нускасы полиграфтык жактан мыкты даярдалып жөнөтүлүүгө тийиш.

2.3. Жөнөтүлүүчү ар бир басылмага китеп, брошюра, журнал болсо титулдук баракка, ал эми газета, плакат жана башка барак басылма болсо — биринчи бетинин жогорку оң бурчуна «Милдеттүү нуска» деген штамп коюлат.

2.4. Республиканын областтарынан, шаарларынан жана райондорунан Китеп палатасына жөнөтүлүүчү милдеттүү нускалар почтанын талабына ылайык посылка же бандероль менен келүүгө тийиш.

2.5. Китеп палатасына жөнөтүлүүчү ар бир басылмага тиркемедеги форма боюнча каттоо баракчасы салынат (N 1-тиркеме).

2.6. Ар бир посылкага тиркемедеги форма боюнча (N 2-тиркеме) санак тизме кошо жөнөтүлөт.

2.7. Посылка бышык кагазга оролот жана түбү менен үстүнкү бети фанера же картон менен капталат.

2.8. Газета, журнал, плакат жана башка барак басылмаларды түтүтүктөй ороп салууга жол берилбейт.

2.9. Посылка, бандероль менен кошо жөнөтүлүүчү каттоо баракчасынын, санак тизме кагазынын көчүрмөлөрүнүн баары полиграфиялык ишканаларда жана Китеп палатасында бир жыл бою сакталат, андан кийин эсептен чыгарылат.

 

 

N 1-тиркеме

 

Басылмалардын милдеттүү нускасын

жөнөтүү үчүн коштооч барак

 

Коштооч баракчасы

 

 

───────────────────────────────────────────────────────────────────────

Полиграфиялык ишкананын аты, дареги

───────────────────────────────────────────────────────────────────────

Басылманын автору жана аты

───────────────────────────────────────────────────────────────────────

Басмакананын аты, дареги

 

┌──────────────────┬───────────────┬──────────────────┬───────────────┐

│Басылманын нускасы│Жөнөтүлгөн саны│Посылкалардын саны│Жөнөтүлгөн саны│

├──────────────────┼───────────────┼──────────────────┼───────────────┤

│                  │               │                  │               │

├──────────────────┼───────────────┼──────────────────┼───────────────┤

│                  │               │                  │               │

├──────────────────┼───────────────┼──────────────────┼───────────────┤

│                  │               │                  │               │

└──────────────────┴───────────────┴──────────────────┴───────────────┘

 

Экспедиция башчысы:

 

 

N 2-тиркеме

 

Полиграфиялык ишкананын аты

 

Басылмалардын милдеттүү нускасы

салынып жөнөтүлгөн посылканын,

бандеролдун

Санак тизмеси

 

┌─┬──────────────────────┬─────────────────┬─────────────────┬────────┐

│N│Басылманын автору     │Басылманын аты   │Нусканын саны    │Эскертүү│

├─┼──────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────┤

│ │                      │                 │                 │        │

└─┴──────────────────────┴─────────────────┴─────────────────┴────────┘

 

Экспедиция башчысы:

 

Текшерген: (байланыш кызматкерлеринин колу)

 

Жөнөтүлгөн датасы: