Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-декабрындагы
N 758 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө Жобо

(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 22-февралындагы N 65 токтомунун
редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор
II. Агенттиктин милдеттери
III. Агенттиктин функциялары
IV. Агенттиктин укуктары
V. Агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо
VII. Корутунду жоболор

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары — Агенттик) электр жана почта байланыш жаатын, радиожыштык спектрин пайдаланууну кошо алганда, жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу туруктуу иштеген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Буйруктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченем-укуктук актыларын, белгилеген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы мүчө болгон Эл аралык макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелип, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аты жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казынасында ачылган эсептери бар.

II. Агенттиктин милдеттери

4. Агенттиктин негизги милдеттери болуп:
— атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланыштарынын кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу;
— радиожыштык спектринин пайдаланышын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
— байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;
— жарандардын жана башка пайдалануучулардын байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо эсептелет.

III. Агенттиктин функциялары

5. Агенттик ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
— байланыш жаатында мыйзамдуулукту сактоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
— байланыш жаатын жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт;
— жабдууларды жана техникалык каражаттарды чыгаруу, колдонуу шайкештигин тастыктоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун камсыз кылат;
— радионурландыруучу жана электромагнит толкундарынын булагы болуп эсептелген радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун камсыз кылат;
— радионурландыруучу жана электромагнит толкундарынын булагы болуп эсептелген радиоэлектрондук каражаттарды, жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө уруксат берет;
— Кыргыз Республикасында байланыш тармагын номерлештирүүнүн Улуттук планына ылайык номерлештирүү ресурсун пайдалануу жана жайгаштыруу тартибин аныктайт;
— жалпы пайдаланылуучу электр байланыш тармагын жөнгө салууну ишке ашырат жана тармак аралык кошулуулардын талаптарын сактоону изилдейт;
— электр байланыш кызматынын бардык пайдалануучуларына сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн, маалыматтын сырын жана керектөөчү жөнүндөгү маалыматтын сырын сактоонун негизинде, жалпы электр байланыш тармагына жана кызматтарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн бирдей деңгээлде жетишин камсыз кылат;
— номерлештирүүнү бөлүп берүүнү ишке ашырат (номерлердин диапазондору, эларалык жана шаар аралык коддор), электр байланыш операторлоруна жана электр байланыш кызматтарына бөлүнгөн номерлерди натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөйт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааларды жөнгө салат жана көзөмөлдөйт;
— керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчы субсидиялоону болтурбоо маселелерин изилдейт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— бир жана андан көп электр байланыш рынокторунда, электр байланыш кызмат көрсөтүүчүнүн олуттуу таасирин аныктоо үчүн жараяндарды, критерийлерди жана ыкмаларды белгилейт (басымдуу кызмат көрсөтүүчү);
— Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын сунуштарынын (чечимдеринин) негизинде пайдалануучулардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ар кандай класстары үчүн радиожыштык спектрин пайдаланышын башкарууну ишке ашырат;
— Агенттиктин компетенциясына кирген радиожыштыктар боюнча, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Комиссиясынын чечимдеринин аткарылышын ишке ашырат жана көзөмөлдөйт;
— Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык каражаттардын өз ара байланышкан системасын туюндурган, каналдарды жана жыштык тилкелерин колдонуунун жалпы өлчөөлөрүн жүргүзүүгө, радиобелгилердин техникалык жана пайдалануу мүнөздөмөлөрүн текшерүүгө, санкцияланбаган радиобергичтерди жана жогорку жыштыктагы электромагнит нурландыруучу булактарды, радиожолтоолорду аныктоого жана табууга мүмкүнчүлүк бере турган, радиокөзөмөлдөөнүн мамлекеттик системасын түзөт, өнүктүрөт жана ишке ашырат;
— Кыргыз Республикасынын радиожыштык бөлүштүрүү Улуттук таблицасына ылайык радиожыштык номиналдарын жана тилкелерин керектөөчүлөргө бөлөт/ыйгарат;
— жыштык ыйгарымдарын бөлөт, токтото турат, кайтарып алат же бөлүп берүүдөн баш тартат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда колдонуучуларга мурун берилген жыштыкты кайтарып алат, өзгөртөт, токтото турат, модификациялайт жана кайра бөлүштүрөт;
— радиожолтоолордун жана санкцияланбаган белгилердин кандайын болбосун бакылайт жана тосмолойт, пайдалануучуларга радиожолтоолордун деңгээлин азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талап коет;
— мыйзам талаптарына ылайык жыштык ыйгаруусуз бардык радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн иштетишин табат жана колдонуусун токтотот;
— жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн жана радиоэлектрондук каражаттардын жыштык ыйгаруусунун Эл аралык укуктук коргоосун жүргүзөт;
— Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, укук тартибин сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын операторлоруна жана кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электр жана почта байланыш тармактарындагы лицензиялык иш-аракеттерди жүргүзөт;
— Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын базасын түзөт жана алып барат;
— байланыш тармагында лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
— жыштык ыйгарымдарына ээ болгон юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттерине мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
— байланыш тармагындагы мыйзамдарда каралган сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш буюрууларды даярдайт, лицензиялайт;
— жабдууларга жана техникалык каражаттарга берилген сертификаттардын реестрин түзөт жана алып барат;
— Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радионурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болгон башка техникалык каражаттарды өткөрүүгө уруксаттардын реестрин түзөт жана алып барат;
— берилген лицензиялардын базасын түзөт жана алып барат;
— байланыш тармагындагы ченем-укуктук актылардын долбоорлорун кароого киргизет;
— операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын ортосунда келип чыгуучу чыр-чатактарды жөнгө салуунун, калыс карап чыгуунун жана чечүүнүн так тартибин белгилейт;
— Кыргыз Республикасынын радиожыштык боюнча Мамлекеттик комиссиясына уюштуруучулук, усулдук жана башка жардам көрсөтөт;
— электр жана почта байланыш тармагындагы техникалык стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радионурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болгон техникалык каражаттарга документтерди жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуусуна жана экспертизасына катышат;
— региондор аралык башкармалардын иш-аракетин көзөмөлдөйт;
— Агенттикке тиешелүү мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдалануусун көзөмөлдөйт;
— ички көзөмөлдөө системасынын таасирдүүлүгүн жана финансы-чарбалык иш-аракеттердин натыйжалуулугуна баа берет, агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштарды киргизет;
— ички көзөмөлдөө системасынын натыйжалуулугуна баа берет, агенттиктин максаттарына ылайыктуулугун баалайт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттерди ишке ашырат.

IV. Агенттиктин укуктары

6. Агенттик төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
— электр жана почта байланыш кызматтарынын жөнгө салынуучу баалары (тарифтери) боюнча сунуш киргизет;
— байланыш тармагында табигый, уруксат этилген жана мамлекеттик монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрин (тизмесин) түзүү боюнча сунуш киргизет;
— техникалык каражаттарды милдеттүү шайкештетүү формаларында дал келиштирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан сырттан алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын дал келиштирүү натыйжаларын таануу жол-жобосун белгиленген тартипте өткөрүү;
— Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радиожыштык спектринин радиомониторингин белгиленген тартипте өткөрүү;
— радио каражат орнотулган жайларда радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык мүнөздөгүчтөрүн көзөмөлдөө;
— электр жана почта байланыш операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) курамы жөнүндө маалыматтарды, уставдарды, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө күнүмдүк отчетторду сурап алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү отчеттордун тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилөө;
— байланыш жаатында укук-ченемдик актыларды, келишимдерди макулдашууга катышуу;
— байланыш жаатындагы мыйзамдарга ылайык айып салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
— байланыш жаатына тиешелүү чечим кабыл алуу, аларды мөөнөтүндө так аткарылышын камсыз кылууну көзөмөлдөө;
— сотторго доо жана арыздар менен кайрылуу, аларды сотто кароого катышуу;
— Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик Кодексинде каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иш кароо;
— Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынан, Агенттикке жүктөлгөн функцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн, белгиленген тартипте керектүү материалдарды сурап алуу;
— тийиштүү адистердин катышуусу менен иш комиссияларды жана топторду белгиленген тартипте түзүү;
— Агенттиктин функцияларын ишке ашыруу үчүн илимий-изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүгө катышуу жана Эл аралык келишимдерди түзүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды аткаруу.
7. Өз иштерин аткарууну камсыз кылуу жана милдеттерди ишке ашыруу максатында Агенттик байланыш жаатына тиешеси бар ишканалардын бардык документтерине эркин мүмкүнчүлүк алууга укуктуу.
8. Агенттиктин чечимдери буйрук, көрсөтмө жана токтом формасында таризделет.

V. Агенттиктин ишин уюштуруу

9. Агенттик борбордук аппараттан, инженердик-техникалык борбордон, региондор аралык башкармалыктардын аппаратынан жана алардын техникалык кызматтарынан турат жана бирдиктүү структураны түзөт.
10. Агенттикти директор башкарат, аны кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана кызматтан бошотот.
11. Агенттиктин штатында статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызматтары каралган.
Статс-катчыны дайындоо, бошотуу тартиптери, милдеттери жана укуктары мыйзам белгилеген тартипте аныкталат.
Директордун бир орунбасары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, директордун сунушу боюнча, дайындайт жана бошотот. Директордун орунбасары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана укуктардын чегинде Агенттиктин иш-аракеттерин уюштурат.
12. Агенттиктин директору:
— Агенттикке жүктөлгөн маселелердин жана милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчиликтүү;
— статс-катчы менен орунбасардын милдеттерин бөлүштүрөт;
— Агенттиктин кызматкерлеринин иш милдеттерин жана структуралык бөлүмдөрдүн жоболорун бекитет;
— Агенттиктин аппаратынын структурасын, чыгымдар сметасын жана штаттык тизмесин бекитет;
— буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, токтомдорду чыгарат;
— Агенттиктин аппаратына кирген инженердик-техникалык персоналды ишке жалдайт;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жүргүзгөн иш-чарасы тууралуу отчет берет;
— инженер-техникалык борбордун маянасынын деңгээлин бекитет;
— ведомстволук сыйлыктарды белгиленген тартипте бекитет жана Агенттиктин кызматкерлерин сыйлайт;
— Агенттиктин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга өтүнүч билдирет;
— жамааттык келишимге Агенттиктин кызматкерлеринин органынын өкүлү менен кол коюшат;
— Мыйзамга ылайык Агенттиктин дагы башка функцияларын жана милдеттерин аткарат.
13. Агенттиктин директору башкы мамлекеттик инспектор болуп саналат; статс-катчы, директордун орун басары, ошондой эле региондор аралык бөлүмдөрдүн жетекчилери — Кыргыз Республикасынын байланышын көзөмөлдөө боюнча ага инспекторлор болуп эсептелет.
14. Электр жана почта байланыш тармагынын иш-аракеттерин жөнгө салуу боюнча маанилүү маселелерди кароо үчүн, Агенттиктин директору жана директордун орун басары башкарган Агенттиктин алдында туруктуу иштөөчү лицензиялык комиссия (мындан ары — Комиссия), Консультативдик кеңеш (мындан ары — Кеңеш) түзүлөт. Комиссия жана Кеңеш жөнүндө жоболорду, алардын сан жана сапат курамын Агенттиктин директору бекитет. Кеңештин жана Комиссиянын чечимдери Агенттиктин токтому түрүндө таризделет.

VI. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо

15. Агенттиктин имараттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналып, мамлекеттен ажыратууга жана менчиктештирүүгө жатпайт.
16. Агенттикти каржылоонун булагы төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
— лицензиялоо боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөндүгү үчүн лицензияланган иш-аракеттен лицензиатка түшкөн акчанын 1 процент өлчөмүндө (тармактык пошлиналар) жыл сайын төлөнүүчү акы;
— радиожыштык спектрин пайдаланганы үчүн, көзөмөл иштерин аткаруу боюнча жыл сайын түшүүчү каражаттан, ага радиокөзөмөлдүн мамлекеттик системасын колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө төлөнүүчү төлөм;
— тиркелген ыкмага ылайык бир жыштык тилкесин бөлүп берүү үчүн алынган төлөм;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, радиожыштык спектринин тилкелерин жана номиналдарын пайдалануу үчүн уруксат берүүгө кеткен чыгымдарды, Кыргыз Республикасынын аймагына радионурландыруучу же жогорку жыштыктагы электромагнит толкундарынын булагы болуп эсептелген радиоэлектрондук каражаттарды жана түзүлүштөрдү, ошондой эле байланыш каражаттарын бажылык жактан жөндөөгө мүмкүндүк берүүчү башка документтерди түзүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн алынган төлөмдөр;
— Агенттик көрсөткөн кызматтар үчүн, жеке жана юридикалык жактардан, мекемелерден жана уюмдардан алынуучу каражаттардан;
— гранттардан, донордук жана башка уюмдардын жардамдарынан, мекемелердин ыктыярдуу төлөөлөрүнөн, жеке адамдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы N 65 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Агенттиктин иш-аракеттеринен келип түшкөн бардык финансы каражаттар ага толук өлчөмдө ушул Жобонун 16-пунктунун экинчи абзацында каралган жыл сайын төлөнүүчү акыдан алынган каражаттын 60 процентинен башкасы которулуп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы N 65 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Агенттиктин финансы ресурстары:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте өзгөчө жумуш шарттарын эске алуу менен Агенттиктин кызматкерлерине маяна төлөөгө;
— Агенттиктин инженер-техникалык кызматкерлеринин кызмат маянасынын өлчөмү тиешелүү кызмат боюнча мамлекеттик кызматчылардын кызмат маянасына жараша бекитилет, ал эми кошумча төлөөлөрдүн жана кошумча акылардын өлчөмдөрү, Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын жана Жамааттык келишимдин шарттарына ылайык белгиленет;
— функционалдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, шаймандарды, өлчөөчү техниканы сатып алууга, ведомстволук, административдик жана турак-жайларды, имараттарды курууну кошкондо материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого;
— радиомониторингдин мамлекеттик системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
— имараттарды ижаралоо чыгымдарын төлөөгө, транспорттук чыгымдарды, ишсапардык, өкүлчүлүк же башка чыгымдардын ордун толтурууга;
— ченемдик документтердин фондун түзүүгө (илимий жана техникалык адабияттар, стандарттар, эрежелер, регламенттер, ошондой эле мезгилдүү жана техникалык адабияттан көчүрмөлөр);
— Агенттиктин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн программалык камсыздоо продуктуларын сатып алууга;
— илимий-изилдөө иштерин, программаларды, техникалык регламенттерди, укук-ченемдик документтерди, усулдарды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгуу үчүн акы төлөөгө;
— Агенттиктин кызматкерлерин окутууга, такшалтууга жана дасыгын жогорулатууга;
— радиожыштык ресурстарын пайдалануу жаатында Улуттук кызыкчылыкты коргоо, байланыш жаатында Эл аралык жана улуттук жөнгө салууну шайкештетүү, стандартташтыруу, ылайыкташтыруу максатында дүйнөлүк жана регионалдык конференцияларга, семинарларга катышууга;
— Улуттук радиожыштык ыйгарууларды жана аларды жайгаштыруунун (нотификация) көп жактуу жана эки жактуу негизде мамлекеттер аралык координациялоого;
— Электр байланышынын Эларалык союзунун, Дүйнөлүк почта союзунун, Регионалдык Шериктештиктин байланыш жаатындагы иштерине жана байланыш тармагына тиешелүү башка иш-чараларга катышууга;
— Кыргыз Республикасынын аймагындагы байланыш сапатына радиомониторинг жүргүзүүгө, көзөмөлдөөгө жана контролдоого;
— региондор аралык башкармалардын колдоо чыгымдарын финансылоого;
— жамааттык келишимде каралган төлөөлөргө;
— Агенттиктин профсоюздук уюмуна анын өтүнүчү боюнча материалдык колдоо көрсөтүүгө;
— өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча каражат бөлүп берүүгө.
Каражаттар директор бекиткен чыгымдардын сметасынын негизинде жана Жамааттык келишимдин шарттарына ылайык сарпталат.

VII. Корутунду жоболор.

19. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
20. Агенттиктин документтери «Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.