Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 3-апрелиндеги N 157
Жарлыгы менен бекитилсин

Кыргыз Республикасынын Улуттук
байланыш агенттиги жөнүндө
ЖОБО

I. Жалпы жоболор
II. Агенттиктин милдеттери
III. Агенттиктин функциялары
IV. Агенттиктин укуктары
V. Агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги (мындан ары Агенттик) электр жана почта байланышы жагында, радио-жыштыкспектрин пайдаланууну кошо алганда, жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу, ошондой эле байланыш тармагында монополияга каршы жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Агенттик өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, Кыргыз Республикасында колдонулуучу Электр байланышынын эларалык союзунун жана Дүйнөлүк почта союзунун эрежелерин жана сунуштарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
Агенттик Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агееттигинин байланыш жагындагы укуктук улантуучусу болуп саналат.
4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аты жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казынасында ачылган эсептери бар.
5. Агенттиктин структурасын жана борбордук аппаратынын чектелген штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

II. Агенттиктин милдеттери

6. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
— атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу;
— радиожыштыктын спектрин пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
— байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;
— байланыш жагында инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
— монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга, байланыш тармактарында анын компетенциясына берилген маселелер боюнча жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына көзөмөл кылуу үчүн мамлекеттик контролду ишке ашыруу;
— байланыш тармактарында монополияга каршы саясат, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, баа (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиби боюнча нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
— байланыш тармактарында монополиялык иш-аракеттердин жана адилетсиз атаандаштыктын алдын алуу, чек коюу жана болтурбоо.

III. Агенттиктин функциялары

7. Агенттик ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
— электр жана почта байланышынын бардык операторлорунун, электр байланышынын кызматтарынын жана почта кызматтарынын ортосунда эркин атаандаштыкты контролдойт жана колдойт, ошону менен бирге байланыш жагындагы иш-аракеттерди жөнгө салуучу тиешелүү эрежелерди, нускамаларды бекитүү жолу менен жасайт;
— электр байланышынын сапаттуу кызмат көрсөтүүсүнүн негизинде жана маалыматтардын жашыруундугун сактоо, ошондой эле пайдалануучулар жөнүндөгү жеке маалыматтын сырын сактоо менен жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын тармактарына жана жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын кызматына бардык пайдалануучулардын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
— Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуусунун, коопсуздугунун, укук тартибин сактоо кызыкчылыгында жана шашылыш кырдаалдарда жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын операторлоруна жана кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
— жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын тармактарынын жана кызматтарынын пайдаланышкан шарттарына жана көлөмүнө көз салат;
— Кыргыз Республикасынын аймагында радиоконтролдун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасын билдирген жана каналдарды, жыштык тилкелерди пайдаланууну жалпы өлчөөгө, берилип жаткан радиобелгилердин техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүгө, санкциясыз радиобергичтерди жама жогорку жыштыктагы электромагниттик нурландыруулардын булактарын, радиожолтоолорду табууга жана таанууга, радиожыштыктын спектрин натыйжалуу пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү радиоконтролдун мамлекеттик системасын түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
— Кыргыз Республикасында телефондорду номерлештирүүнүн Улуттук планын (эларалык жана шаар аралык коддорду кошо алганда) түзөт жана анын аткарылышын үзгүлтүксүз контролдойт, номерлерди натыйжалуу пайдаланууну, ошондой эле электр байланышынын операторлоруна же алардын кызматтарына номерлерди же алардын диапазондорун бөлүп берүүнү камсыз кылат;
— көрсөтүлгөн байланыш кызматтарынын сапатына, байланыш каражаттарынын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
— радиожыштыктар боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комиссиясынын сунушунун (чечиминин) негизинде пайдалануучудардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай класстары үчүн радиожыштыктын спектрин пайдалануучу башкарууну ишке ашырат;
— радиожыштыктар боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комиссиясына уюштуруучулук, усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча зарыл болгон документтерди даярдайт, ошондой эле анын чечимдерин аткарат;
— байланыш тармагындагы мамлекеттик мононолияга каршы саясатты турмушка ашырат;
— байланыш тармагындагы рынок мамилелеринин ишине жана атаандаштык чөйрөнүн өнүгүшүнө тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
— байланыш тармагында өз компетенциясынын чегинде монополияга каршы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын, баа саясатынын маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитет;
— байланыш тармагында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүп жатышкан табигый жана уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрин (тизмесин) жөнгө салат жана жетектейт;
— байланыш жагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын жана тарифтерин калыпка салуунун усулу жөнүндө (тартиби) жобо иштеп чыгат;
— байланыш тармагында Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамынын чегинде табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялардын субъекттеринин иш-аракетин жөнгө салат;
— керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчы субсидиялоону контролдойт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— байланыш тармагында табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялардын субъекттеринин ишмердигинин чөйрөсүндө контролдук жүргүзөт;
— мопополияга каршы мыйзамдын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдын бузулушу жөнүндөгү, ошондой эле байланыш тармагында баалардын (тарифтердин) туура түзүлүшүнүн жана колдонулушунун бузулгандыгы жөнүндөгү иштерди карайт;
— байланыш тармагында табигый монополиялардын субъекттеринин жана алардын кызматтарын керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдеринин шарттарынын сакталышына контролдук жүргүүзөт;
— Кыргыз Республикасынын байланыш рыногундагы атаандаш чөйрөнүн абалын анализдейт;
— керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар (ассоциациялар) менен өз ара аракеттенет;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка функцияларды аткарат.

IV. Агенттиктин укуктары

8. Өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Агенттикке төмөндөгүдөй укуктар берилген:
— «Лицензиялоо жөнүндө» жана «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттиктин алдындагы лицензиялык комиссиясынын чечими боюнча лицензияларды даярдоону жана берүүнү жүзөгө ашыруу;
— Кыргыз Республикасынын аймагында радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыктын нурландыруусун берүүчү же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды ташып келүүгө уруксат берүү;
— техникалык каражаттарды жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн сертификациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында пайдаланылуучу радиожыштык нурландырууну берүүчү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарды сертификациялоо;
— радиожыштыктардын номиналдарын жана тилкелерин бөлүштүрүүгө/ыйгарууга, пайдалануучуларга радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна уруксат берүүгө «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясында көрсөтүлгөн учурларда номиналдарды жана жыштык тилкелерин берүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу;
— байланыш тармагында монополисттик иш-аракеттердин жана акниетсиз атаандаштыктын болушун эскертүү, чектөө жана тыюу боюнча чараларды көрүү (анын ичинде кызмат көрсөтүүгө, эксклюзивдик негизде же абалынын басымдуулугунан улам мыйзамсыз кайчылаш субсидиялоо; контролдоонун мыйзамсыз концентрацияланышы жана укуктарды же мүлктү мыйзамсыз алуу; өзүнүн абалынын басымдуулугун пайдаланып, байланыш операторун же кызматын ашкере пайдалануу; атаандаштыкты чектеген келишимдерди түзүү);
— «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамынын жоболоруна ылайык электр жана почта байланышынын тармактарынын бааларын жана кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жөндөө;
— байланыш рыногунда басымдуу абалды ээлеген монополист-ишканалардын жана операторлордун электр жана почта байланышынын кызматына тарифтерди бекитүү, ошондой эле монополияга каршы мыйзамга ылайык жөнгө салуунун башка усулдарын колдонуу;
— электр байланышынын операторлору менен кызматтарынын жалпы пайдаланылуучу электр байланышынын тармактарынан бирге пайдалануучу шарттарды жөнгө салуу;
— жалпы тармактарды пайдалануунун жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн шарттарына жана көлөмүнө, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануучу электр байланышынын тармагындагы эларалык трафигин кабылдоого тийиштүү бөлүгүндө көзөмөл жүргүзүү. Ушундан улам, кирген эларалык трафикти маршруттоону бирге алуу менен операторлордун жана электр байланыш кызматтарынын жалпы пайдалануучу электр байланышынын тармактарын бирге пайдалануу үчүн шарттарды жөнгө салуу боюнча эрежелерди бекитүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо;
— эларалык тажрыйбадан жана эларалык байланыш кызматынын рыногундагы түзүлгөн кырдалдан улам келип кирген эларалык графиктин көлөмүнүн бирдигине тарифтик ставканы белгилөө;
— Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагындагы эларалык трафикке мониторинг жана контроль жүргүзүү максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы ушул графикти мониторингдөөнү кошо алганда, ошондой эле жашырын, катталбаган графикти жана анын операторлорун аныктоо максатында, көзкарандысыз чет-өлкөлүк уюмдар менен тиешелүү келишимдерди түзүү;
— лицензиялык келишимдердин шарттарын аткарууга, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоого, байланыш жагындагы эрежелерди, ченемдик актыларды жана алынган маалыматтардын жашыруундугун топтоо жана камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, зарыл болгон учурда — текшерүүнүн жыйынтыктарын жана аны менен байланышкан башка материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүү;
— жыштык ыйгарууларга ээ болгон юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттеринин, ошол жыштык ыйгарымдардын шарттарына ылайыктуулугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; радиожолтоолордун кандайын болбосун бакылоо жана тосмолоо боюнча пайдалануучуларга талап коюуну кошо алганда санкцияланбаган белгилерди жана радиожолтоолорду табуу жана четтетүү;
— акы алып кызмат көрсөткөн байланыш тармагынын табигый, уруксат берилген субъекттеринин жана мамлекеттик монополиялардын мамлекеттик реестрин түзүү, бекитүү жана жүргүзүү, субъекттерди тиешелүү реестрге киргизүү (чыгаруу) жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алуу;
— байланыш тармагында мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруу максатында азыркы технологияларды пайдалануу менен альтернативдик транспорттук чөйрөнү (коңшу өлкөлөрдүн байланыш тармактарына жана эларалык байланыш линиясына чыгуу менен шаарлар аралык байланыштын магистралдык тармактарын) түзүү боюнча чараларды көрүү;
— байланыш тармагында мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө текшерүүлөрдү жүргүзүү, монополияга каршы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо маселелелери боюнча, ошондой эле чарбалык субъекттердин табигый, уруксат кылынган жана мамлекеттик монополиялардын субъекттеринин бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу жагынын тууралыгын текшерүү;
— Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык байланыш тармагында табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин бүтүмдөрүнө контроль жүргүзүү;
— кесепетинен контролдук жүргүзүүнүн мыйзамсыз концентрацияланышына жана атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болгон басымдуулук кылуучу абалдын алдын алуу максатында союздарды, ассоциацияларды чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө, биригип кетүүсүнө жана кошулуусуна, ошондой эле электр/почта байланышынын рыногунун 35 процентин камтыган башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин байланыш рыногунда иштеген башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин акцияларын, пайларын, уставдык капиталында катышуу үлүшүн сатып алууларына, ар кандай юридикалык же жеке жактардын басымдуулук абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин акцияларынын контролдук пакетин, пайларын, катышуу үлүштөрүн сатып алышына алдын-ала контролдук кылуу;
— коммерциялык уюмдардын уставдык капиталында акцияларды (үлүштөрдү) бириктирүү, ажыратуу (кайра куруу), жоюу, алуу боюнча, монополияга каршы мыйзамдарда каралган башка алыш-бериштерди ишке ашыруу, жана алар боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу;
— байланыш тармагындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринен алардын катышуучулар курамы жөнүндө маалыматтарды, инвестицияларынын долбоорлорун, бизнес-пландарды, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, иш-аракеттер жөнүндө күнүмдүк отчетторду сурап алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык тиешелүү отчетторду берүүнүн тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилөө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контракттардын формаларын, уставдарды жана табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүсүнүн эрежелерин макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана алардын кызмат адамдарына, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдарына монополияга каршы мыйзамдын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдын жоболорун, ошондой эле байланыш жагындагы мыйзамды бузгандык үчүн айып санкциясын колдонуу;
— өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын байланыш жагындагы мыйзамын, монополияга каршы мыйзам, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизүү;
— монополияга каршы мыйзамды бузуу менен байланышкан кылмыштар боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселесин чечүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жиберүү;
— бардык министерликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, менчиктин түрүнө карабастан ишканалар жана мекемелер аткаруу үчүн милдеттүү монополияга каршы мыйзамдын маселелери боюнча ченемдик актыларды өз компетенциясы чегинде иштеп чыгуу жана бекитүү;
— байланыш тармагында эрежелерди, буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, усулдук нускамаларды жана башка актыларды кабыл алуу, басып чыгаруу;
— операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланышынын ишканаларынан жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын ортосунда келип чыгуучу чыр-чатактарды жөнгө салуунун, калыс карап чыгуунун жана чечүүнүн так тартибин белгилөө;
— сотко арыздар жана доо менен кайрылуу, ошондой эле электр жана почта байланышы жагындагы мыйзамдарды, монополияга каршы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдарды, ошондой эле Агенттик өз иш-аракетин жүргүзгөн башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу менен байланышкан иштерди кароодо сот отурумдарына катышуу;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгилеген тартипте Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүн түзүү;
— байланыш жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу боюнча, байланыш жагындагы баа түзүү тартибин бузуу жөнүндө иштерди кароо, каралган административдик иштердин натыйжалары боюнча чечим чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурда жазалоонун тийиштүү чараларын көрүү;
— байланыш тармагында Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарында каралган сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш милдеттенмелерди даярдайт;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашыруу.
9. Өз иштерин аткарууну камсыз кылуу жана милдеттерди ишке ашыруу максатында Агенттик өз укугунун алкагында, менчигинин түрүнө карабай, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишканалардын бардык документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
10. Менчигинин түрүнө карабай, электр жана почта байланышы жагындагы жөнгө салынуучу бардык субъекттер үчүн токтом, буйрук, көрсөтмө, эреже формасында кабыл алынган Агенттиктин чечимдери милдеттүү болуп саналат.

V. Агенттиктин ишин уюштуруу

11. Агенттиктин директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
12. Агенттикте жогорку административдик мамлекеттик кызмат статс-катчы киргизилген.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш милдеттери жана укуктары мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндөгү Жобосу менен аныкталат. Директор статс-катчыга башка иштерди жана укуктарды жүктөшү мүмкүн. Агенттиктин статс-катчысынын кызматы Агенттиктин биринчи орунбасарынын кызматына тең болот.
Директордун бир орунбасары болот, ал директордун сунушу боюнча кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат. Директордун орунбасары түздөн түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Агенттиктин иш аракеттерин уюштурат.
13. Агенттиктин директору:
— Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
— Агенттиктин директорунун орунбасарынын милдеттерин бөлүштүрөт жана жоопкерчилик даражасын белгилейт.
— Агенттиктин кызматкерлеринин иш милдеттерин (укуктарын) бекитет;
— Агенттиктин борбордук аппаратынын штаттык раписаниесин бекитет;
— аймактык подразделениелердин жоболорун, структурасын, штаттык раписаниесин бекитет;
— статс-катчынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте борбордук аппараттын Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
— Агенттиктин курамына кирген инженердик техникалык персоналдарды ишке жалдайт;
— аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат;
— өз ишаракеттери туурасында Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт жана Агенттиктин иш-аракет маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жооп берет;
— мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан өз иш-аракетинин чөйрөсүнө тийиштүү маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу;
— өз компетенциясынын алкагында эларалык келишимдерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана тийиштүү чет өлкөлүк ведомстволор эларалык уюмдар жана юридикалык жактар менен келишимдерге кол койот;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин иш-аракетинин жетекчилиги боюнча башка дагы функцияларды жана милдеттерди аткарат;
— зарылчылыгы аткарган функциялардын өзгөчөлүгү менен шартталган инженердик-техникалык борбордун (анын ичинде КГПнын) инженердик-техникалык кызматчылардын санын жана маянасынын деңгээлин белгилейт жана бекитет. Мында инженердик-техникалык персоналдын маянасынын деңгээли тийиштүү кызматтагы мамлекеттик кызматчылардын маянасынын деңгээлинен төмөн болбошу керек.
14. Агенттиктин директору башкы мамлекеттик инспектор болуп саналат; статс-катчы жана Агенттиктин директорунун орун басары, ошондой эле байланыштын аймактык подразделениелеринин жетекчилери — Кыргыз Республикасында байланышкан көзөмөл боюнча ага инспекторлор болуп саналышат.
15. Электр жана почта байланышы жагындагы иш аракеттерди жөнгө салууга байланышкан маанилүү маселелерди кароо үчүн Агенттиктин алдында туруктуу иштөөчү, Агенттиктин директору башкарган. Лицензиялык комиссия (мындан ары — Комиссия), Консультациялык кеңеш (мындан ары — Кеңеш) түзүлөт. Комиссия жана Кеңеш жөнүндө жоболорду, алардын сандык жана сапаттык курамын Агенттиктин директору бекитет. Кеңештин жана Комиссиянын чечимдери Агенттиктин токтому түрүндө таризделет.

VI. Агенттиктин мүлкү жана аны каржылоо

16. Агенттиктин имараттары, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат.
17. Агенттикти каржылоонун булагы төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
— келишим милдеттенмелерине ылайык юридикалык жактардан, мекемелерден жана уюмдардан Агенттик көрсөткөн кызматтар үчүн алынуучу каражаттардан;
— лицензиялоо боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзгөндүгү үчүн жыл сайын түшүүчү лицензияланган иш аракеттен лицензиат алган сумманын 0,25 пайыз өлчөмүндөгү каражаттан (тармактык пошлиналар);
— радиожыштык спектрди пайдаланганы үчүн көзөмөл иштерин аткаруу боюнча жыл сайын түшүүчү каражаттан, буга радиоконтролдун мамлекеттик системасын колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө төлөнүүчү акы кирет;
— шайкештик сертификатын, радиожыштыктын спектиринин тилкелерин жана номиналдарын пайдаланууга укукка жыштык ыйгарымдарды берүүдө, Кыргыз Республикасынын аймагына радиожыштыктыы нурландыруусун берүүчү же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналуучу радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, ошондой эле байланыш каражаттарын бажылык жактан жөндөөгө мүмкүндүк берүүчү башка милдеттүү түрдө сертификациялоого жаткан документтерден, ташып келүүгө уруксат берүүдө жана милдеттенме-арыздарды түзүүдө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн алынган төлөмдөрдөн;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жыйымдардан жана каражаттардан;
— гранттардан, донордук жана башка уюмдардын жардамдарынан, мекемелердин ыктыярдуу взносторунан, жеке адамдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка келип түшкөн каражаттардан.
18. Агенттиктин иш-аракетинен келип түшкөн бардык финансы каражаттар ага толук өлчөмдө берилет жана мамлекеттик бюджеттин «Атайын каражаттар» статьясында чагылдырылат.
19. Агенттиктин финансы ресурстары толук өлчөмдө төмөндөгүлөргө жумшалат:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Агенттиктин кызмакерлерине маяна төлөөгө;
— өзүүнн функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, приборлорду өлчөөчү техниканы сатып алууну кошкондо минериалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө;
— ченемдик документтердин (стандарттар, эрежелер, регламенттер ж.б.), илимий, мезгилдүү жана техникалык адабияттын фондун түзүүгө;
— программалык продуктуларды сатып алууга;
— ченемдик документтерди, усулдарды, колдонмолорду ж.б. иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө иштерин каржылоого;
— радиожыштык ресурстарды пайдалануу жагында улуттук таламдарды коргоо, байланыш жагындагы эларалык жана улуттук жөнгө салууну шайкеш келтирүү максатында дүйнөлүк жана региондук конференцияларга, семинарларга катышууга;
— улуттук радиожыштык ыйгарууларды жана аларды нотификациялоонун көп жактуу жана эки жактуу негизинде мамлекеттер аралык координациялоого;
— Электр байланышынын Эларалык союзунун Дүйнөлүк почта союзунун, Регионалдык Шериктештиктин байланыш жагындагы иштерине жана байланыш тармагына тиешелүү башка иш-чараларга катышууга;
— Кыргыз Республикасынын аймагында байланыштын сапатына көзөмөл жүргүзүүгө;
— Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг жүрүзүүгө;
— майрамдардын, мааракелердин урматына кызматчыларга бир жолку сыйлык жана пенсияга узап жатканда материалдык жардам берүүгө;
— мурда ЭМИде, БМИде, УБАда, МБАда иштешкен пенсионерлерге материалдык жардам көрсөтүүгө;
— кызматкерлерге өзгөчө учурларда материалдык жардам көрсөтүүгө (жакын адамы өлгөндө үйлөнгөндө, башка жагдайларда),
— социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө (тамак-аш, жолкире стационарда дарылануу);
— майрамдардын урматына иш-чараларды өткөрүүгө;
— фондуларга мекемелерге жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими же алардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле форс-мажордук кырдаалдарга байланыштуу финансылык жардам көрсөтүүгө;
— адистерди окутууга, даярдоого жана кайра даярдоого;
— имараттарды ижаралоо боюнча чыгымдарды төлөөгө, транспорттук чыгымдарга ишсапардык, өкүлчүлүктөрдүн же башка чыгымдардын ордун толтурууга;
Өнүгүүгө, материалдык колдоого, стимулдаштырууга жана социалдык колдоолорго чыгымдалчу каражаттар директор бекиткен атайын сметанын негизинде, ошондой эле жамааттык келишимдин шарттары менен сарпталат.
20. Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын кызмат маянасы өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Жамааттык келишимдин шарттарына ылайык белгиленет.
Агенттиктин инженердик техникалык кызматкерлеринин кызмат маянасы тиешелүү кызмат боюнча Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын кызмат маянасы менен теңештирилет.