Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 10-мартындагы
N 54 Указы менен
бекитилген
«Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн
маалыматтык-коммуникациялык технологиянын»
УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
2. Улуттук стратегиянын негизги милдеттери, максаттары жана
артыкчылыктары
3. МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги принциптери жана
багыттары
4. Улуттук стратегиянын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүнү
мамлекеттик колдоо жана камсыз кылуу
5. Улуттук стратегияны турмушка ашыруунун жана анын
мониторингинин уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык
жол-жоболору
1. Киришүү
Азыркы кездеги маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (мындан ары — МКТ) коомдогу бардык мамилелерди олуттуу өзгөртүүдө. Жаңы, маалыматтык коом торолуп келе жатат. Жаңы технологиялар продукцияларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү ыкмаларын гана өзгөртпөстөн, ошондой эле жарандык укуктарды жүзөгө ашыруунун, инсандын өзүн-өзү көрсөтүшүнүн, билим алуунун, жаш муундарды тарбиялоонун жана эс алуунун жаңы ыкмаларын түзөт. Маалыматтык коомдо аралыктар кыскарып, глобалдашуу жүрүп, региондорду өнүктүрүү үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Соңку жылдары Кыргыз Республикасында маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүдө, мамлекеттик уюмдар менен жеке компанияларды маалыматташтырууда кыйла прогресске жетишилди, билим берүү деңгээли да жогорулады. Биринчи телекоммуникациялык долбоор, ТАЕ долбоорлору аяктады, мамлекеттик компьютердик тармак (мындан ары — ГКС) түзүлдү, маалыматташтыруунун ар кандай тармактык долбоорлору жүзөгө ашырылууда, мамлекеттик жана Өкмөттүк эмес уюмдардын, коммерциялык структуралардын Интернет-беттери түзүлүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев 1998-жылы Давос шаарында (Швейцария) болгон Дүйнөлүк экономикалык форумда: «Кыргызстан маалыматтык коомду тандап алат» деп айткан.
Кыргыз Республикасында МКТнын жетишилген деңгээли жана аны өнүктүрүү проблемалары айрым тармактарды маалыматташтырууну өнүктүрүүгө багытталган саясаттан — байланыш жана маалыматтык технологиялардан дүйнөлүк маалыматтык коомго кирүүнүн жалпы стратегиясын түзүүгө өтүү зарылчылыгын аныктайт. Колдо бар технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен саясаттын негизги багытын республиканын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүүгө, маалыматтык ресурстарды, маалыматтар менен билимдердин базасын жана маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө болот. Алардан мамлекеттик структуралар, ошондой эле бүтүндөй жарандык коом бирдей деңгээлде пайдалана алат. Албетте, бул маалыматтык укукту, технологиялык базаны өнүктүрүүнү жана уюштурууну камсыз кылууну талап кылат.
«Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын» Улуттук стратегиясы (мындан ары — Улуттук стратегия) МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарын, максаттарын жана милдеттерин, негизги принциптерин, жоболорун жана багыттарын аныктайт. Улуттук стратегия «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздеринин» (мындан ары — КОР) жалпы улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун чектеринде өлкөнү өнүктүрүү үчүн маанилүү багыттардын бири катары каралат. МКТ КОРдун максаттарына жетишүү үчүн, экономикалык өнүгүүнү тездетүү жана кедейликти кыскартуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. МКТ Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн катализатор жана кыймылдаткыч болуп калышы үчүн зор потенциалга ээ. МКТны өнүктүрүүнүн потенциалдуу пайдасы башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүүнү, жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушун, МКТ чөйрөсүндө программалык продуктунун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жана кызмат көрсөтүүнү, фермерлерди айыл чарба продукциясын сатып өткөрүү рыногу жана аба ырайы жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылууну, медициналык баштапкы консультациялык жардамды, дистанттык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, мамлекет, жергиликтүү жамааттар жана региондордогу жеке секторлордун ортосундагы кызматташтыкты жакшыртууну, мамлекет тарабынан жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын оңдоону камтыйт. 2010-жылга карата МКТ секторунун ИДПдагы үлүшүн 5%ке чейин жеткирүү зарыл.
Улуттук стратегияда аны жүзөгө ашыруунун уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык механизмдери ачып көрсөтүлгөн, анын негизине 2001-жылдын 27-28-февралында Бишкек шаарында болгон МКТ боюнча Биринчи улуттук самитте Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаевдин сүйлөгөн сөзүнөн келип чыккан жоболорду эске алуу менен аны аткаруунун даректүүлүгүнүн жана конкурстуулугунун, туруктуу мониторингдин жана ачыктыктын негизинде программалык-максаттуу мамиле кылуу принциби коюлган. Мында Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча туруктуу иштөөчү органды түзүү жөнүндөгү, ар бир министрликте жана ведомстводо МКТны өнүктүрүү боюнча жооптуу адамды аныктоо зарылчылыгы жөнүндөгү, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү Фондун түзүү жөнүндөгү, бул чөйрөдө туруктуу мониторингди уюштуруу жөнүндөгү сунуштары эске алынган.
Улуттук стратегия МКТны өнүктүрүүнү финансылоонун механизмдеринин негизин аныктайт, ал ар кандай тармактарда жана региондордо долбоорлорду жана маалыматташтыруу каражаттарын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн каражаттарды сарамжал пайдаланууга мүмкүндүк берип, аларды пайдалануунун ачыктыгын жана максаттуулугун арттырат.
МКТ боюнча Улуттук стратегия индустриалдык жактан өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы, ал эми өлкөнүн ичинде борбор менен региондордун ортосундагы улам артып бараткан «маалыматтык теңсиздик» проблемасын чечүүгө тийиш. «Маалыматтык теңсиздикти» жоюу жана Борбордук Азияда региондук кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн спутниктик телекоммуникациялык системаларды («Силк Сат», «Виртуалдык Жибек жолу») түзүү же пайдалануу боюнча эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу зор мааниге ээ болот.
2. Улуттук стратегиянын негизги милдеттери,
максаттары жана артыкчылыктары
2.1. Максаттары
Максаты — Кыргыз Республикасында маалыматтык коомду курууга, КОРду жана кедейликти кыскартуу боюнча Улуттук программаны жүзөгө ашырууга көмөктөшүү.
Бул үчүн МКТны пайдалануу аркылуу натыйжалуу, ачык жана отчет берип тура турган мамлекеттик башкаруу, бардык жарандардын маалыматка тең укуктуу жетишин камсыз кылуу менен Кыргызстандын бардык региондорун өнүктүрүү үчүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти жана шартты түзүү зарыл.
2.2. Негизги милдеттер
Бул чөйрөнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— дүйнөлүк маалыматтык шериктештикке интеграциялануу;
— маалыматтык теңсиздикти жоюу;
— адамзат потенциалын өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо;
— демократияны өнүктүрүү;
— атаандашууга жөндөмдүү экономиканы түзүү;
— маалыматтык коомдун укуктук негиздерин өнүктүрүү;
— КОРго ылайык адамзаттын туруктуу өнүгүшүн жана социалдык жактан корголушун, бардык жарандар үчүн билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун сапаттуу кызматтарына ээ болууну камсыз кылуучу адилеттүү коомду түзүүгө көмөктөшүү;
— Кыргыз Республикасынын глобалдуу маалыматтык экономикага кириши үчүн кадр потенциалын түзүү жана өнүктүрүү;
— маалыматтык-телекоммуникациялык кызматтар рыногун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик башкаруу механизмдерин өркүндөтүү;
— маалыматтык-телекоммуникациялык тармактын инвестицияга ылайыктуулугун жогорулатуу;
— жаңы маалыматтык-коммуникацияык технологияларды өнүктүрүү жана өздөштүрүү;
— саламаттыкты сактоодо мониторингди жана башкарууну маалыматташтыруу.
2.3. Негизги артыкчылыктар
Улуттук стратегиянын негизги артыкчылыктарына төмөнкүлөр кирет:
— мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу — МКТны пайдалануу аркылуу натыйжалуу, ачык башкаруу;
— МКТ жагында адам ресурстарын өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо;
— электрондук экономика (маалыматтык бизнес, электрондук коммерция, Борбордук Азиядагы регионалдык бизнес борбор).
3. МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын
негизги принциптери жана багыттары
3.1. МКТы чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Системалуулук — МКТны өнүктүрүүгө жана пайдаланууга системалуу мамиле кылуу принциби, маалыматташтыруунун жана КОРдун макулдашылган максаттарын камсыз кылуу.
Ачыктык — маалыматтык саясаттын бардык негизги иш-чаралары коом тарабынан ачык талкууланат жана мамлекет коомдук пикирди эске алат.
Жеткиликтүүлүк — ар бир жаран мамлекеттик бийлик органына, коомдук уюмдарга, жеке жана башка структураларга анын негизги укуктары менен эркиндиктерин козгогон маселелер боюнча кайрылууга, ошондой эле алардан талап кылынган маалыматты алууга укуктуу.
«Биринчи жетекчи» принциби, бул мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдар менен мекемелердин биринчи жетекчилеринин маалыматташтырууга түздөн-түз таламдаш катышуусун билдирет.
Маалыматташтыруу инфраструктурасын тынымсыз өнүктүрүү жана анын ийкемдүүлүгү.
Социалдык багыт — мамлекеттин маалыматтык саясатынын негизги иш-чаралары жарандардын социалдык таламдарын камсыз кылууга жана МКТ чөйрөсүндөгү тийиштүү программаларды артыкчылыктуу финансылоого багытталган.
Маалыматташтырууну укуктук жактан жетиштүү камсыз кылуу, маалымат чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдардын нормаларын кыйшаюусуз сактоо принциби;
Маалыматтык коопсуздук маалымат алуу жана аны пайдалануу жагында, анын ичинде мамлекеттик саясат жөнүндө анык маалыматтарды алуу жагында жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыз кылат жана өз ичине эң соңку маалыматтык технологияларды өздөштүрүүнү жана маалыматтык ресурстарды коргоону камтыйт.
3.2. МКТнын базасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз
алдынча башкарууну өркүндөтүү
Максаты — мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МКТны пайдалануунун негизинде натыйжалуу жана ачык башкаруу.
Негизги багыттары:
1. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин маалымат системасын өздөштүрүшү, «биринчи жетекчи» принцибин жүзөгө ашыруу.
2. «Электрондук өкмөт»: электрондук документ жүгүртүү системасы, мамлекеттик кызматтын порталы, мамлекеттик регистрлер жана жарандарды тейлөөнүн автоматташтырылган системасы, маалыматтардын тармактык, региондук жана жергиликтүү базалары, бул башкарууну демократиялаштыруу боюнча маанилүү милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет, мамлекеттик башкаруу органдары кабыл алган чечимдердин ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кылат, калктын маалымдар болушун жогорулатат жана коррупция көрүнүштөрүнүн мүмкүнчүлүгүн азайтат.
3. Азыркы кездеги маалыматтык технологияга адекваттуу кадр саясатын түзүү, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматчыларды электрондук документ жүгүртүүнү өздөштүрүшү үчүн этап менен окутуу.
4. Борбордук, ошондой эле региондук деңгээлде мамлекеттик башкаруунун маалыматтык инфраструктурасынын негизи катары ГКСты андан ары өнүктүрүү.
3.3. Адам ресурстарын өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо
Максаты — МКТ жагынан адам ресурстарын өнүктүрүү, МКТ секторунун потенциалын күчөтүү жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Негизги багыттар:
1. Билим берүүнү жана билим менеджментин маалыматташтыруу, жалпыга бирдей минималдык компьютердик сабаттуулукту камсыз кылуу, бардык деңгээлдердеги билим берүү мекемелеринде информатикага окутуунун билим стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү, окутуунун компьютерлештирилген технологияларын киргизүү, мектептерди 100% компьютерлештирүү, калктын социалдык жактан корголбогон катмарларынын «Интернет» тармагына акысыз жеткиликтүүлүгүнүн коомдук пункттарын түзүү.
2. Адам ресурстарын, МКТ секторунун кадр потенциалын өнүктүрүү, эмгек рыногун, маалыматтык продуктулар индустриясын жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү, туруктуу экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, Кыргызстанды глобалдык маалыматтык экономикага интеграциялоону эске алуу менен МКТ жагынан көп деңгээлдүү кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү.
3. Чоң кишилерди окутуу үчүн МКТны колдонуу, дистанттык билим берүүнүн МКТга негизделген системаларын, электрондук окуу китептерин жана компьютердик окутуучу системаларды, анын ичинде кошумча билим берүү, мугалимдерди кайра даярдоо, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин маалымат системаларын өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү үчүн системаларды түзүү.
4. Бара-бара бирдиктүү виртуалдык илим-билим мейкиндигин калыптандыруу менен илим жана билим берүү максаттары үчүн Улуттук маалымат борборун, улуттук жана корпоративдик компьютердик тармактарды түзүү, жаңы маалымат продуктуларын түзүү, илим-билим маалымат ресурстарын топтоо, илимий байланыштарды кеңейтүүгө, дүйнөлүк маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана дүйнөлүк илим-билим мейкиндигине интеграциялашууга көмөктөшүү.
3.4. Электрондук экономика
Максаты — бизнести натыйжалуу жүргүзүү жана продуктуларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын алда канча толук канааттандыруу үчүн МКТны жигердүү пайдалануунун жагымдуу шарттарын түзүү, республиканын калкынын жетиштүү жогорку билим деңгээлин эске алуу менен электрондук экономиканы калыптандыруу.
Негизги багыттар:
Маалымат бизнеси:
— маалымат бизнесин, программалык каражаттарды өндүрүүнү өнүктүрүү, МКТнын чет өлкөлүк рынокторуна чыгууда ата-мекендик компанияларды колдоо;
— МКТ чөйрөсүндө сунуш кылынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
— МКТны өнүктүрүүгө жеке сектордун инвестицияларын стимулдаштыруу, жеке ишканалардын экспорттук потенциалын өнүктүрүү.
Электрондук коммерция:
— «Интернет» тармагынын негизинде электрондук коммерцияны, бизнести жана маркетингди өнүктүрүү, «Интернет» тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен ата-мекендик товарлардын жана кызматтарды өткөрүүнүн эсебинен жеке ишканалардын экспорттук потенциалын чыңдоо;
— Кыргыз Республикасында маалымат-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн башкы жетектөөчү күчү катары жеке ишкерликтин калыптанышы.
Борбордук Азиядагы бизнестин МКТга негизделген региондук борбору:
Милдет — Кыргызстанда Борбордук Азиядагы бизнестин региондук борборлорунун бирин калыптандыруу максатында экономиканын реалдуу секторунда, банк ишинде, бизнести башкарууда жана башка жактарда маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү жагынан региондук лидер болуп калуу.
4. Улуттук стратегиянын артыкчылыктуу
багыттарын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо
жана камсыз кылуу
4.1. МКТ чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өнүктүрүү
Максаты — жарандык коомдо, экономикада, мамлекеттик башкарууда, мамлекеттин жарандар жана уюмдар менен өз ара мамилелеринде маалымат-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу үчүн укуктук негиздерди өркүндөтүү.
Норма чыгаруу процесси ачык-айкын болууга тийиш. Жарандарда ар кандай формада, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте «Интернет» тармагы аркылуу Кыргыз Республикасыны нормативдик укуктук актыларын алуга мүмкүнчүлүк болууга тийиш.
МКТ чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары:
1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык мыйзамдарын эл аралык укук нормаларына ылайык өркүндөтүү.
2. Төмөнкү максаттарда мыйзамдарды өркүндөтүү:
— лицензиялоо жана сертификациялоо жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу, МКТ чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүүгө негизсиз тоскоолдуктарды жоюу;
— маалыматтык жана телекоммуникациялык кызматтардын, продуктулардын жана технологиялардын рыногунда атаандаштыктын бирдей шартын камсыз кылуу жана монополизмди жоюу, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүү;
— электрондук коду бар карталарды (смарт-карталарды), цифралык акчаларды, кибернакта акчаларды жана цифралык колтамгаларды тааныган электрондук сооданы (цифралык бүтүмдөрдү) өнүктүрүү;
— МКТ чөйрөсүндө интеллектуалдык менчикти коргоо;
— компьютердик кылмыштарга каршы күрөшүү;
— ар бир жарандын коомдук мааниси бар маалыматтарга жеткиликтүүлүк укугун камсыз кылуу.
3. Электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө, электрондук кызмат көрсөтүүгө жана оффшордук программалоого дем берүүчү салык саясатын өркүндөтүү.
4.2 Маалыматташтыруу инфраструктурасын өнүктүрүү
Максаты — маалыматтык коомдун артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маалыматташтыруунун инфраструктурасын — телекоммуникацияларды жана байланыштын башка түрлөрүн өнүктүрүү.
Негизги милдеттер:
— маалыматтык жана телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөргө калктын, жеке, өкмөттүк эмес жана мамлекеттик уюмдардын жеткиликтүүлүгүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
— коомдун, экономиканын, мамлекеттик башкаруунун, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун маалыматтык инфраструктурасынын негизи катары ГКСти, илим-билим компьютердик тармактарын, телекоммуникациянын коммерциялык системаларын өнүктүрүү;
— салтка айланган технологияларды, ошондой эле жаңы муундагы технология тармактарын колдогон республиканын ички маалыматтык инфраструктурасынын жаңы моделин түзүү;
— жаңы технологиялардын базасында өлкөнүн аймагын радио жана телекөрсөтүү менен 100% камтууга жетишүү;
— айыл жеринде телефон номерлеринин жыштыгын 3 эсе көбөйтүү.
4.3. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу
Максаты — маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу — маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо, алар жарандардын, коомдун жана мамлекеттин балансташкан кызыкчылыктарынын жыйындысы менен аныкталат.
Негизги багыттар:
— маалыматтык ресурстарга жана маалыматтык системаларга санкциясыз ээ болуудан коргоо, маалыматтык жана телекоммуникациялык системалардын коопсуздугун камсыз кылуу;
— маалыматты алуу жана аны пайдалануу жагынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, калктын руханий жаңылануусун камсыз кылуу, коомдун адеп-ахлактык дөөлөттөрүн, салттарды, патриотизмди жана гуманизмди, өлкөнүн маданий жана илимий потенциалын сактоо жана чыңдоо;
— мамлекеттик саясат, ачык мамлекеттик маалымат ресурстарына жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ички мамлекеттик жана эл аралык турмуштун социалдык жактан маанилүү окуялары боюнча анын расмий позициялары жөнүндө ишенимдүү маалыматты Кыргызстандын коомчулугуна жана эл аралык коомчулукка жеткирүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын маалымат менен камсыз кылуу.
4.4. МКТ жарандык коомду өнүктүрүүдө
Максат — социалдык проблемаларды чечүүгө көмөктөшүү, өлкөдө демократиялаштыруу процесстерин күчөтүү, учурдагы маалымат технологияларын пайдалануу менен окуяларды өз учурунда жана объективдүү чагылдыруу, жарандык коомду өнүктүрүүдө ӨЭУнун ролун жогорулатуу.
Негизги багыттар:
— социалдык программаларды турмушка ашырууда жана маалыматтык коомду курууда ар кандай секторлордун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салууда МКТны натыйжалуу пайдалануу;
— калктын билимин жакшыртууда, калктын ар кандай топторунун таламдарын коргоодо МКТны колдонуу;
— өлкөнүн социалдык, экономикалык, саясий турмушундагы өзөктүү окуяларга коомчулуктун көңүлүн буруу; ӨЭУну калктын жакыр катмарларын колдоого багытталган ишке тартуу;
— ӨЭУ жана калк үчүн маалымат-ресурстук борборлордун тармагын өнүктүрүү.
5. Улуттук стратегияны турмушка ашыруунун жана
анын мониторингинин уюштуруучулук, экономикалык
жана финансылык жол-жоболору
5.1. МКТнын стратегиясын турмушка ашыруу методологиясы
Улуттук стратегиянын максаттарына жетишүү МКТнын, маалымат инфраструктурасынын жана маалымат индустриясынын өнүгүшүнө дем берүүчү натыйжалуу уюштуруучулук, экономикалык жана финансылык жол-жоболорду; стратегияны ишке ашыруу үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү, МКТны өнүктүрүү үчүн бөлүнүүчү финансы булактарын пайдаланууну оптималдаштырууну; улуттук стратегиянын утурумдук абалына дайыма мониторинг жана талдоо жүргүзүп турууну талап кылат.
Улуттук стратегияны даярдоо жана турмушка ашыруу методологиясы беш жылга эсептелген орто мөөнөттөгү стратегияны, Кыргыз Республикасында Маалымат-коммуникация технологияларын өнүктүрүүнүн өкмөттүк программасын даярдоону жана КОР программасына ылайык иштелип чыккан улуттук стратегияны ишке ашыруунун иш-чаралар программасын даярдоону жана турмушка ашырууну камтыйт.
Мониторинг Кыргызстандагы МКТнын азыркы өнүгүү деңгээлине баа берүүгө жана максатка жетишүү индикаторлорун көрсөтүү менен жакынкы жылдардагы анын өнүгүшүн пландаштырууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандагы МКТнын өнүгүшүнө жана анын мониторингине баа берүү муктаждыктарын эске алуу менен негизги алты индикатор айырмалап бөлүндү:
— тармактан пайдалана алуучулук (тармактан пайдалануу мүмкүнчүлүгү; МКТ тармактарынын, сервистин жана жабдуулардын наркы жана сапаты);
— маалымат кылымындагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу;
— маалымат технологияларына окутуу (окутуу процессинде МКТнын интеграциясы, МТК жаатында адистерди даярдоонун тренинг-программаларынын болушу);
— маалыматтык коом (коом өзүнүн муктаждыктары үчүн МКТны кандайча пайдаланат; жарандардын маалыматтардан пайалана алуучулугу);
— тармактык экономиканы өнүктүрүү (бизнесте МКТ кандайча пайдаланылат, бизнестеги өнөктөштүк, өкмөт жана жарандык коом);
— МКТ жаатында мамлекеттин саясаты (маалыматтык коомду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү).
Улуттук стратегияда анын максаттарына жетишүүнүн иш-чаралар программалары иштелип чыга турган чөйрөлөр аныкталган. Мындай чөйрөнүн ар бири боюнча Иш-чаралар программасынын алкагында турмушка ашырыла турган өзгөчө долбоорлор сунушталат, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ар жылдагы иш-чаралар программаларында майда-баратына чейин иштелип чыгууга тийиш, алардын максаты Кыргызстанда маалымат коомунун өнүгүшүнө жана колдонулушуна дем берүү, МКТнын өнүгүшүнө бөгөт болуп жаткан тоскоолдуктарды жана маселелерди жоюу максат тийиш.
5.2. Улуттук стратегияны турмушка ашыруу боюнча уюштуруучулук
чаралар
Уюштуруучулук чаралары төмөнкүдөй багыттарды колдоону белгилейт:
— Улуттук стратегияны жигердүү пропагандалоо;
— мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, МКТны өнүктүрүүнүн ар кандай программаларын жана долбоорлорун маалыматташтыруу боюнча иштерди координациялоо;
— көз карандысыз экспертизанын негизинде маалыматташтырууну өркүндөтүү программаларын жана долбоорлорун жана алардын аткаруучуларын конкурстук тандоонун жол-жоболорун киргизүү;
— салыктык-финансылык жактан дем берүү жана каражаттарды пайдаланууну контролдоо;
— Улуттук стратегиянын турмушка ашырылышынын абалына дайыма мониторинг жана талдоо жүргүзүп туруу.
Жалпы башкарууну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш (мындан ары — МКТ боюнча Кеңеш) ишке ашырат, ал стратегиянын турмушка ашырылышынын жүрүшү жөнүндөгү материалдарды карайт, программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышын, ошондой эле каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын текшерет. Утурумдук иштерди МКТны өнүктүрүү программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу аткаруучу орган аткарат.
Улуттук стратегияны турмушка ашыруу үчүн программалар жана долбоорлор МКТ боюнча Кеңеш тарабынан аткаруучу орган аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө республиканын бюджетине өзүнчө сап кылып киргизүү үчүн жиберилет.
5.3. Улуттук стратегияны турмушка ашыруу боюнча экономикалык
жана финансылык иш-чаралар
Улуттук стратегияны турмушка ашыруу, анын негизги максаттары Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү программасында чагылдырылууга тийиш, аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
МКТ чөйрөсүндөгү жалпы улуттук, социалдык, илимий-техникалык жана билим берүү долбоорлорун финансы жагынан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын түзгөн МКТны өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу максатка ылайыктуу. МКТны өнүктүрүү фондунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылган мамлекеттик бюджеттин, бюджеттен тышкаркы булактардын каражаттары, кредиттер, инвестициялар жана коммерциялык каражаттар топтолот. МКТны өнүктүрүү фондунан МКТнын программалары жана долбоорлору түздөн-түз каржыланат.
МКТ чөйрөсү үчүн төмөндөгүлөр зарыл:
— инвестицияларды таруунун, топтоштуруунун, ресурстарды координациялоонун жана бөлүштүрүүнүн иштиктүү жол-жоболорун түзүү;
— бул ресурстардын пайдаланылышына натыйжалуу мониторинг жана контроль орнотуу;
— каржылоонун Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү стратегиясына ылайык келишин камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруучу орган республика боюнча МКТны өнүктүрүүнүн абалына талдоо ишин жүргүзүп, отчеттук жыл ичинде МКТны өнүктүрүүгө жумшалган каражаттар боюнча жыйынтык отчетун түзөт. Аткаруунун жыйынтыктары бул орган тарабынан МКТ боюнча Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет. МКТ боюнча Кеңеш МКТ тармагын каржылоо боюнча сунуштарды карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү чараларды көрүүнү сунуш кылат.
5.4. Улуттук стратегияны турмушка ашыруунун утурумдук абалына
мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын түзүү
Өлкөдөгү МКТны өнүктүрүүнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө мамлекеттик маалымат саясатынын биринчи кезектеги милдеттеринин бири катары рангын берүү зарыл.
Өлкөдө МКТны өнүктүрүү абалына мониторинг жана баа берүү системасынын компоненттери түзүлүүдө. Президенттин 2001-жылдын 18-июлундагы N 199 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш жөнүндөгү» Указы менен МКТ боюнча Кеңеш түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-ноябрындагы N 697 жана 2001-жылдын 23-июлундагы N 367 токтомдору менен тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасында МКТны өнүктүрүү программасы жана Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин регламенти бекитилген, ага ылайык бардык мамлекеттик башкаруу органдарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда МКТ боюнча жооптуу кызматкердин кызмат орду киргизилген. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү борбору каттоодон өткөрүлгөн.
5.5. Эл аралык кызматташтык жана Улуттук стратегияны донордук
колдоо
Максат — эл аралык маалымат алмашууда Кыргыз Республикасынын таламдарын сактоо, улуттук маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды жана ресуртарды глобалдык инфраструктурага кошуу, инвестицияларды жана донордук жардамды тартуу, улуттук маалымат ресурстарынын жана маалымат-телекоммуникациялык инфраструктуралардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Донорлор Кыргызстанда МКТ тармагын өнүктүрүү боюнча демилгелерди кыйла өлчөмдө жана маанилүү колдоону камсыз кылууда. Донорлордун жардамы эки багытта чагылдырылат: МКТ тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү түздөн-түз колдоо жана донордук программаларда жана долбоорлордо маалымат технологияларын колдонуу аркылуу кыйыр түрдө колдоого алуу. Түздөн-түз колдоо көз карашы жагынан ПРООНдун, Дүйнөлүк банктын жана ЕРББнын телекоммуникация системаларынын иштешинин натыйжалууулугун арттыруу боюнча иш-аракеттерин белгилөөгө болот. ЮСАИД МКТны саламаттыкты сактоо тармагында жана башка тармактарда пайдаланууга донордук жардам көрсөтүүдө.
Кыргызстанда МКТны өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен донор өлкөлөрдүн МКТ тармагына андан аркы колдоо көрсөтүшү жана бул багытты донорлордун артыкчылыкка ээ болгон каржылоо программаларынын бирине кошуу өтө маанилүү, алар Улуттук стратегияны турмушка ашырууга жигердүү катышышат.