Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 31-январындагы

N 26 токтому менен

бекитилген

 

Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар

чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык

аталыштарды «Интернет» түйүнүндө

дарек катарында пайдалануу

Тартиби

 

1. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды «Интернет» түйүнүндө дарек катарында пайдалануунун бул Тартиби (мындан ары — Тартип) «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 36-статьяларына, «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык иштелип чыкты жана товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды «Интернет» түйүнүндө дарек катарында Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат (мындан ары — домендик ысым).

2. Негизги түшүнүктөр.

Бул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр төмөндөгү мааниде колдонулат:

— IР — дарек, сандык формада берилген, «Интернет» түйүнүндө маалыматтын жайгашуу ордун аныктоочу дарек;

— домендик ысым — IР-даректин символдук берилиши (мисалы, www. Infoart.kg).

— КG — эл аралык стандартка ылайык Кыргыз Республикасынын эки орундуу сан түрүндөгү коду;

— аймак. КG — «Интернет» түйүнүнүн кыргыз сегменти үчүн бөлүнгөн домендик ысымдардын жыйындысы;

— администратор — домендик ысымдарды каттоочу жана домендик ысымдын бар экендигинин мүмкүндүгүн техникалык камсыз кылуучу уюм.

3. Бул Тартиптин ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, товар чыгарылган жердин аталышына жана фирмалык аталыштарга (мындан ары — өнөржай менчиги объектилери) жайылтылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөржай менчиги объектилерин алардын ээлеринин уруксатысыз домендик ысымдар катары пайдалануу өнөржай менчиги объектисинин ээсинин өзгөчө укугун бузуу болуп эсептелет.

5. Өнөржай менчиги объектисинин ээсинин өзгөчө укугун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти Домендик ысымдардын базасында алардын ээлеринин уруксатысыз өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош же бирдей домендик ысымды каттаган юридикалык же жеке жак тартат.

6. Аймак. КGдеги домендик ысымдардын базасы аймак. КGде (мындан ары — администратор) домендик ысымдарды каттоо жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак тарабынан жүргүзүлөт.

7. Администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош домендик ысымды үчүнчү жактардын каттоосуна жана пайдалануусуна байланыштуу пайда болуучу укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8. Домендик ысым катары Кыргыз Республикасынын аймагында корголуудагы өнөржай менчиги объектилерин пайдаланууга байланышкан талаш-тартыштар сот тартибинде каралат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса.

9. Талаш-тартыштарды сотто кароодо доочу тарабынан төмөндөгү далилдердин бири көрсөтүлсө доо канааттандырылышы мүмкүн:

— домендин аталышы доочу ээси болуп эсептелген өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин бирдей же окшош болсо;

— домендин аталышы өнөржай менчиги объектисинин ээсинин өзгөчө укугун бузуп катталса жана пайдаланылса.