Бишкек шаары

2006-жылдын 8-ноябры N 178

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 6-февралындагы N 39,

2009-жылдын 17-мартындагы N 83,

2011-жылдын 26-июлундагы N 148

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I БӨЛҮМ. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө

ашыруучу субъекттер жана алардын компетенциялары

II БӨЛҮМ. ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ

3-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү

маалыматтык-пропагандалык жактан камсыз кылуу

4-глава. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объектилерди

коргоо

III БӨЛҮМ. ТЕРРОРИЗМ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

5-глава. Террористик иштин алдын алуу, аны айкындоо жана бөгөт

коюу

6-глава. Террористик ишти каржылоо менен күрөшүү

7-глава. Террорго каршы операцияны жүргүзүү

IV БӨЛҮМ. ТЕРРОРИЗМДИН КЕСЕПЕТТЕРИН МИНИМАЛДАШТЫРУУ

8-глава. Террористик актынын кесепетинен келтирилген зыяндын

ордун толтуруу жана террористик актынын кесепетинен

жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан реабилитациялоо

9-глава. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдарды укуктук

жана социалдык жактан коргоо

10-глава. Террористик ишке катышкандыгы үчүн жоопкерчилик

V БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

11-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик органдарынын бөлүмдөрүн

материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

12-глава. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз

Республикасынын эл аралык кызматташуусу

13-глава. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруунун

мыйзамдуулугуна контроль жана көзөмөл кылуу

14-глава. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, терроризмди профилактикалоонун жана ага каршы күрөшүүнүн уюштуруучулук-укуктук негиздерин, терроризмдин кесепеттерин минималдаштырууну, терроризмге каршы күрөштү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ишин координациялоо тартибин, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруусуна байланыштуу менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен милдеттерин, ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык тартибин аныктайт.

 

I БӨЛҮМ

НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

терроризм — коомдук коопсуздукту бузуу, мамлекеттик бийлик органдарынын же эл аралык уюмдар тарабынан террористерге пайдалуу чечимдерди кабыл алуусуна таасир көрсөтүү максаттарында жана калкты коркутуп-үркүтүү, ошондой эле башка саясий, идеологиялык, диний максаттарга жетишүү үчүн төмөндөгүдөй түрдөгү террористтик актыларды жасоо жолу менен ишке ашкан жазыктык жактан жазалануучу укукка жат жосун:

— жеке жана юридикалык жактарга карата зордук-зомбулук жасоо же аны колдонуу коркунучу;

— адамдарга өлүм коркунучун жараткан, мүлктү жана башка материалдык объекттерди жок кылуу (зыян келтирүү), же жок кылуу (зыян келтирүү) коркунучу;

— олуттуу мүлктүк зыян келтирүү, болбосо коомдук коркунучтуу башка кесепеттердин келип чыгуусу;

— мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө, анын мамлекеттик же саясий ишин токтотуу, болбосо мындай иш үчүн өч алуу максатында жасалган кол салуу;

— эгерде мындай жосун согуш чыгаруу кычаштыгы же эл аралык мамилелерди татаалдаштыруу максатында жасалса, эл аралык коргоодон пайдаланган чет мамлекеттин өкүлүнө же эл аралык уюмдун кызматкерине ага тете эле эл аралык коргоодон пайдаланган жактардын кызматтык жайына, болбосо транспорт каражаттарына кол салуу;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык укуктук актыларга ылайык террористтик түшүнүккө жаткан башка жосундарды жасоо;

террористтик акт — биргелешип же жекече жасалган төмөнкүдөй террористтик мүнөздөгү кылмышты, болбосо кылмыштарды түздөн-түз жасоо:

— жардыруу, өрт коюу, жардыруучу түзүлүштөрдү, радиоактивдүү, биологиялык, химиялык жана башка ууландыруучу заттарды колдонуу же колдонуу коркунучу;

— жер, суу жана аба транспорттук каражаттарын басып алуу, айдап качуу, зыян келтирүү, жок кылуу;

— мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу, адамдарды туткундап алуу жана (же) барымтада кармоо;

— техногендик мүнөздөгү авариялар жана кыйратуулар үчүн шарт түзүү жолу менен белгисиз чөйрөдөгү адамдардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө зыян келтирүү коркунучун түзүү, болбосо мындай коркунуч түзүүнүн чыныгы опурталдуулугу;

— кандай гана формада жана кандай гана каражаттар болбосун террористтик мүнөздөгү коркунучтарды таратуу;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана эл аралык укуктун ченемдери менен жалпы таанылган террористтик мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо;

террорист — кандай гана формада болбосун террористтик ишти жүзөгө ашырууга катышкан адам;

террористтик топ — террористтик ишти жүзөгө ашыруу максаты менен биригишкен адамдардын тобу;

террористтик уюм — террористтик ишти жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн же өзүнүн ишинде терроризмди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тааныган уюм. Эгерде уюмдун бир эле структуралык бөлүгү ошол уюмдун жетекчи органдарынын биринин башкаруусу менен террористтик ишти жүзөгө ашырса, ал уюм террористтик уюм деп таанылат;

барымтага алынган адам — туткунга алынган жана (же) кармалып турган адамдарды бошотуу шарты катары мамлекетти, уюмду, же айрым адамдарды кандайдыр бир иш аракеттерди жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо максатында террористтер тарабынан туткунга алынган жана (же) кармалып турган жеке адам;

терроризмге каршы аракеттенүү — мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын:

— терроризмдин, анын ичинде террористтик актыларды жасоого көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды айкындоо жана кийин четтетүү (терроризмди профилактикалоо) боюнча;

— террористтик актыны айкындоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана тергөө (терроризмге каршы аракеттенүү) боюнча;

— терроризмдин кесепеттерин минималдаштыруу боюнча иши;

террористтик иш — террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого багытталган жана төмөндө көрсөтүлгөн жосундардын кайсынысын болсун камтыган иш:

1) терроризм идеологияларын пропагандалоо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган, болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууну актаган же негиздеген материалдарды же маалыматты таратуу;

2) террористтик актыларды пландаштыруу, уюштуруу, даярдоо жана жасоо, ошондой эле аларга маалыматтык жана башка жагынан көмөктөшүү;

3) террористтик актыларды жүргүзүүгө, адамдарга жана уюмдарга зордук-зомбулук жасоого, террористтик максаттарда материалдык объектерди жок кылууга шыкак берүү;

4) террористтик актыларды жасоо максатында аскерлештирилген мыйзамсыз түзүлүштөрдү же кылмыш уюмдарын (топторду) уюштуруу, ага тете эле аларга катышуу;

5) террористтик ишти колдоо.

Террористтик ишти жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат;

террористтик ишти колдоо — төмөнкүдөй жосундардын кайсынысы болбосун, бардыгы террористтик ишке колдоо көрсөтүү болуп саналат:

1) террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тартуу;

2) террористтик иш үчүн жалдоо;

3) террористтик ишке катышуу үчүн үйрөтүүдөн же даярдыктан өтүү;

4) адамды террористтик иш үчүн үйрөтүү жана даярдоо;

5) террористтик ишти каржылоо же башка көмөк көрсөтүү;

6) төмөндөгүлөрдүн каражаттары же башка каржы активдери менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосу:

— террористтик мүнөздөгү кылмыштар жасаган же террористик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого аракет кылган, болбосо жасоого көмөк көрсөткөн жеке жактардын;

— мүлкү түздөн-түз же кыйыр түрдө террористтердин же террористтик ишти колдогон адамдардын контролунда турган юридикалык жактардын же террористтик ишти колдогон жактын;

— террористтик ишти колдогон жактын карамагында же контролдугунда тике же кыйыр түрдө турган каражаттарды пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган каражаттарды кошкондо террористтик ишти колдогон жактардын же алар менен байланышы бар юридикалык жана жеке жактардын;

7) террористтерди курал-жарак менен жабдуу каналдарын түзүүгө жана террористтердин мамлекеттик чегара аркылуу өтүүсүнө көмөктөшүү;

8) террористтик мүнөздөгү кылмыштарды каржылаган, пландаштырган, колдогон же жасаган адамдарга башпаанек берүү;

9) башка мамлекеттерге, болбосо чет өлкөлүктөргө каршы террористтик мүнөздөгү актыларды же кылмыштарды жасоо максатында мамлекеттин аймагын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү.

Террористтик ишке колдоо көрсөткөндүгү үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат;

терроризмди каржылоо — террористтик ишти колдоо үчүн багытталган жана террористтик актынын уюштуруучуларына жана аткаруучуларына бардык методдор жана ыкмалар (түздөн-түз же кыйыр түрдө, ачык, жабык ортомчулар аркылуу) түрүндөгү каражат берүүгө, болбосо алар террористтик актыны жүзөгө ашыруу үчүн толук же жарым-жартылай пайдаланыла тургандыгын аңдап билүү менен террористтик актыны жүзөгө ашыруу үчүн каражат берүүгө, болбосо аларды пайдалануу максатында чогултууга багытталган жазыктык жактан жазалануучу жосун;

каражат — алынган ыкмасына карабастан ар кандай түрдөгү материалдык жана материалдык эмес, кыймылдуу жана кыймылсыз активдер, ошондой эле юридикалык документтер же ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же цифралык формадагы мындай активдерге карата укуктуу же аларга катышууну күбөлөндүргөн актылар, анын ичинде банк кредиттери, жол чектери, банк чектери, почта аркылуу которуулар, баалуу кагаздар, мүлктүк мүнөздөгү пайдалар, бирок бул алар менен эле чектелбейт;

террористтик мүнөздөгү кылмыштар — Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 294, 296, 376-статьяларында каралган кылмыштар. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарга, эгерде алар террористтик максаттарда жасалса, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка кылмыштар да киргизилиши мүмкүн;

эл аралык терроризм — террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан башка мамлекеттердин конституциялык түзүлүшүн, болбосо эл аралык укук тартибин же жалпы эл аралык мамилелерди начарлатуу максатында жүзөгө ашырылуучу эл аралык террористтик иш;

эл аралык террористтик иш — төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу террористтик иштер:

— террорист же террористтик уюм (топ) тарабынан бирден ашуун мамлекеттин аймагында жүзөгө ашырылуучу же бирден ашуун мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү;

— бир мамлекеттин жарандары тарабынан башка мамлекеттин жарандарына карата же башка мамлекеттин аймагында жүзөгө ашырылуучу;

— террорист, терроризмдин курмандыгы болгон адам бир эле мамлекеттин же ар кайсы мамлекеттердин жарандары болгон, бирок кылмыш бул мамлекеттердин аймагынан сыртта жасалган учурда;

— бир мамлекетте жүзөгө ашырылуучу, бирок аларды даярдоонун, пландаштыруунун, жетектөөнүн же контролдоонун олуттуу бөлүгү башка мамлекетте орун алган;

— бир мамлекетте, бирок кылмыштуу ишин бир мамлекеттен ашуун мамлекетте жүзөгө ашырган террористтик уюмдун (топтордун) катышуусу менен жасалган;

— бир мамлекетте, бирок алардын олуттуу кесепеттери башка мамлекетте орун алган жүзөгө ашырылуучу;

террорго каршы операция — мамлекеттик органдар тарабынан күжүрмөн техникасын, куралды жана атайын каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн жана террористтик актыга бөгөт коюуга, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга, террористтерди, жарылуучу түзүлүштөрдү жок кылууга, ошондой эле террористтик актылардын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган атайын, ыкчам-күжүрмөндүк, аскердик жана башка иш чаралардын комплекси.

Террорго каршы операцияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка адамдардын, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекет, өкмөт башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилдеги коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш чаралар кирет;

террорго каршы операцияны жүргүзүү зонасы — жер үстүнүн, суу объекттеринин же аба мейкиндигинин айрым участоктору, транспорт каражаты, имарат, курулуш, курулма, бөлмө жай жана аталган операция алардын чегинде жүргүзүлө турган танапташ аймактар же акваториялар;

адамдар көп топтолгон жерлер — аймагында бир эле убакта 5000 (беш мин) же андан көп адам топтолушу мүмкүн болгон, соода, спорт, оюн-зоок, транспорттук курулуштар, билим берүү мекемелеринин жана башка объекттердин жер орундары.

(КР 2009-жылдын 17-мартындагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери

жана максаттары

 

1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

— адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо;

— мыйзамдуулук;

— террористтик актынын натыйжасында коркунучка туш болгон адамдардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун артыкчылыгы;

— терроризмдин алдын алуу чараларынын артыкчылыгы;

— террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн жазанын айныгыстыгы;

— алдын алуучу, укуктук, саясий, социалдык-экономикалык, маалыматтык-пропагандалык, атайын жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн башка чараларын комплекстүү пайдалануу;

— терроризмге каршы күрөштүн ачык жана ачык эмес ыкмаларын айкалыштыруу;

— террористтер үчүн саясий жактан чегинүүгө жол берилбестик;

— террорго каршы операцияларды жүргүзүүдө тартылган күчтөргө жана каражаттарга жетекчилик кылуудагы жеке башкаруу;

— террорго каршы операциялар жүргүзүүнүн техникалык ыкмаларын жана тактикасын учкай айтуу, ошондой эле ушундай операциялардын катышуучуларынын курамынын купуялуулугу;

— терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин, коомдук жана диний бирикмелер жана уюмдар, жарандар менен кызматташтыгы;

— терроризмге каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтыкты ар кандай чөйрөлөрдө жана формаларда уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

2. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнүн максаттары:

— инсанды, коомду жана мамлекетти терроризмден коргоо;

— терроризмдин келип чыгышына жана террористтик ишти жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана жоюу;

— террористтик иштин алдын алуу, аны табуу, ага бөгөт коюу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу болуп саналат.

 

3-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи

 

Терроризмге каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстери, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар. ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава

Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө

ашыруучу субъекттер жана алардын компетенциялары

 

4-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу

субъекттер

 

1. Террористтердин кол салуусунан Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуучу негизги субъект мамлекет болуп саналат, ал бул жаатында өзүнүн милдеттерин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттик органдары аркылуу жүзөгө ашырат.

2. Терроризмге каршы аракеттенүүнү ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдар аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырышат.

3. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу башка субъекттердин ишин координациялоону жүргүзүүчү. ошондой эле террористтик иштин алдын алуу, айкындоо, бөгөт коюу, анын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча алардын өз ара иш аракетин камсыз кылуучу ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органы болуп саналат.

4. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы терроризмге каршы аракеттенүүнү жана ыйгарым укук берилген мамлекеттик улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар ички иштер, коргонуу органдары, жазык-аткаруу тутуму, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.

5. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка мамлекеттик органдар дагы өз компетенциясынын чегинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана ага бөгөт коюуга катышуучу субъекттер болуп саналышат.

6. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерге тиешелүү колдоо көрсөтүшөт.

7. Ушул статьяда саналып өткөн мамлекеттик органдар жоюлган, кайра уюштурулган же кайра аталган учурда терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы алардын милдеттери алардын укук мурастоочуларына өтөт.

8. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар өздөрүнүн алдындагы милдеттерди өз алдынча жана өз ара аракеттенүү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери, уюмдары жана жарандары менен эриш-аркак чечишет.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын

компетенциясы жана негизги милдеттери

 

1. Улуттук коопсуздук органы:

— террористтик актылардын алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле террористтик актыларды даярдоого жана ишке ашырууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча алардын иш-аракеттеринин макулдаштыгына жетишүү максатында терроризмге каршы аракетти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт. Улуттук коопсуздук органынын Төрагасы мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде саясий максатты көздөгөн кылмыштарды алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу жолу менен, ошондой эле эл аралык террористтик иштин алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу аркылуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык мындай кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзөт;

— террористтердин, террористтик уюмдардын (топтордун) иши жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырышат, алардын улуттук коопсуздукка туудурган коркунуч даражасына баа берет, тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго зарыл болгон маалыматтарды берет;

— өзүнүн ишинин түрү боюнча мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ала алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкаркы мамлекеттик бийлик органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

— тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү объекттерин жана мамлекеттик мекемелерин, ошондой эле бул объекттер менен мекемелердин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылышат;

— чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдары менен эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташышат;

— террористтерди же террористтик уюмдарды (топторду) айкындоо, зыянсыздоо жана жок кылуу боюнча террорго каршы бөлүктөрдүн ишин уюштурууну камсыз кылат;

— Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Улуттук коопсуздук органы төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечет:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин жана терроризмдин пайда болушуна жана террористтик ишти жүзөгө ашырууда көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;

— Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик иштин абалы жана тенденциялары жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат;

— террорго каршы операцияларды пландаштыруу, уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

— терроризмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

— терроризмге каршы аракеттенүү жаатында эл аралык келишимдерин даярдоого катышышат;

— терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык келишимдердин чегинде кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.

3. Жогоруда аталган компетенцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн улуттук коопсуздук органынын алдында Террорго каршы борбор түзүлөт.

Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун иши, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.

(КР 2009-жылдын 6-февралындагы N 39, 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

6-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу

мамлекеттик органдардын компетенциясы

 

1. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенуү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

— акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтумдөр) жөнүндөгү маалыматтарды, документтерди, кабарларды жана башка материалдарды чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону, ошондой эле терроризмди финансылоого каршы күрөшүүгө багытталган тийиштүу иш-чараларды жүзөгө ашырат;

— Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына терроризмди финансылоого байланышкан тийиштүү маалыматтарды жиберет.

2. Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга тартылган башка мамлекеттик органдардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Президенти же Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу

мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү

 

1. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптери жана формалары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары, улуттук мыйзамдарга ылайык жана эл аралык эки тарашуу (көп тараптуу) макулдашуулардын, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү макулдашуулардын негизинде, чет мамлекеттердин террорго каршы органдары жана кызматтары менен, ошондой эле эл аралык уюмдары менен эриш-аркак иш жүргүзүшөт.

 

8-статья. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү

жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн

кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана

квалификацияларын жогорулатуу

 

1. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификацияларын жогорулатуу улуттук коопсуздук органынын билим берүүчү мекемелеринде жана эл аралык келишимдер менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин профилдик окуу жайларында жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, республикалык бюджетте ошол мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттын чегинде, республикалык бюджеттен каржы каражаттары бөлүнүп берилет. Окутуп үйрөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

9-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүгө тартылган бөлөк

мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын жана

мекемелердин компетенциясы

 

Мамлекеттик органдар, ишканалар, уюмдар жана мекемелер терроризмге каршы аракеттенүүдө өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде террористтик актылардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюунун профилактикалык, режимдик, уюштуруучулук, тарбиялык жана башка чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого каршы аракеттердин алдын алуу чараларынын зарыл болгон ведомстволук даярдык тутумдарын түзүү жана кармоо, финансылык каражаттарды, маалыматтарды, транспорт жана байланыш каражаттарын берүү, медициналык жабдууларды, медикаменттерди жана медициналык тейлөөлөрдү, материалдык-техникалык камсыз кылууну көрсөтүү аркылуу катышышат.

 

10-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдарга

көмөк көрсөтүүнүн милдеттүүлүгү

 

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, өздөрүнүн жарандык милдетин аткаруу менен терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүшөт жана даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндө өздөрүнө белгилүү болгон кабарларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга токтоосуз кабарлоого милдеттүү болушат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана уюмдар терроризм белгиси бар бардык окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына же терроризмге каршы аракеттенүүнү жүргүзгөн башка мамлекеттик органдарга дароо маалымдоого милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык көмөктөшүүгө жана зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II БӨЛҮМ

ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ

 

3-глава

Терроризмге каршы аракеттенүүнү маалыматтык-пропагандалык

жактан камсыз кылуу

 

11-статья. Терроризм идеологияларын таратууга каршы аракеттенүү

 

1. Терроризм идеологияларын таратууга укуктук жактан баа берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Терроризм идеологияларын таратууга:

— улуттар аралык, конфессиялар аралык жана социалдык араздаштыкты козгоо;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого чакыруулар;

— согушка, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди өлтүрүүгө, массалык тартипсиздикке жана кыйратууларга чакыруулар кирет.

2. Терроризм идеологияларын ачык жана жабык таратуу субъекттери, формалары жана тактикасы, анын ичинде маалымат чогултуу жана топтоо жүргүзүлүп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын террорго каршы борбору тарабынан иликтенет.

3. Компьютердик технологияны пайдалануу менен терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

4. Терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу боюнча иш чаралар тутумун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

12-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү боюнча

жалпыга маалымдоо каражаттарынын милдеттери

 

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери террористтик актыларга жана террорго каршы ишке байланышкан окуяларды чагылдырууда адамдардын жашоого жана коопсуздукка карата укугу, маалымат алуу жана аны таратуу эркиндигине карата баштапкы укук экендигин эске алууга милдеттүү.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери даярдалып жаткан террористик актылар жөнүндө маалымат алган учурда ал бул жөнүндө, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга дароо кабарлоого милдеттүү.

3. Жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкеринин колунда, террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко буюм далилдери катары кызмат өтөшү мүмкүн болгон, болбосо террористтик иштин алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон маалыматтар же документ материалдар болсо, ал аларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга берүүгө милдеттүү.

 

13-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен

терроризмди алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу

 

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетектеген органдарда даярдалган материалдар террористтик ишти актоого кызмат кылбашы, ага чакырбашы, анын чыгышына шылтоо болбошу, ошондой эле диний аралык, улуттар аралык, этностор аралык, расалык кастыкты пропагандалоону камтыбоосу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары жалпыга маалымдоо каражаттарынын террористтик көрүнүштөрдү профилактикалоого, ошондой эле коомдо террорго каршы аң сезимди калыптандырууга катышуусун бардык чаралар менен колдоого алууга жана түрткү берүүгө милдеттүү.

3. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул Мыйзамдын 2-статьясынын жоболору сакталган шартта терроризм актыларынын даярдалыш, жүзөгө ашырылыш жана аларга бөгөт коюлуш фактылары жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө милдеттүү.

 

14-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги

 

Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү жагындагы милдеттерин бузган жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана жетекчилери кылмыш-жазасына тартылууга жана жалпыга маалымдоо каражат органынын ишин токтотуу жөнүндө сот чечимин кабыл алууга чейинки колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 

4-глава

Террористтик кол салуулар мүмкүн

болгон объекттерди коргоо

 

15-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди

коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму

 

1. Объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан коргоо (объекттерди террордон коргоо) максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жүзөгө ашырылат, анын максаты террористик актыларга карата мындай объекттердин бекемдигин камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын террористтик актылардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

2. Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму ченемдик укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, күзөттүк жана башка иш-чараларды камтыйт.

Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жашыруун сакталууга тийиш.

3. Террористтик коркунучтардын мүнөзүнө жараша Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өзгөчө укуктук режимдер, анын ичинде террористтик коркунуч режими киргизилиши мүмкүн. Аталган режимдердин маани-мазмуну, аларды киргизүүнүн негиздери, ошол режимдерге байланышкан жеке адамдар жана уюмдар үчүн чектөөлөрдүн мүнөзү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

 

16-статья. Террордон коргоого алынуучу, террористтик кол салуулар

мүмкүн болгон объекттер

 

Террордон коргоого алынуучу, террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерге төмөндөгүлөр кирет:

— жеке адамдар;

— мамлекеттик жана өкмөттүк объекттер;

— ишканалар жана уюмдар, анын ичинде калк жана айлана чөйрө үчүн техногендик мүнөздөгү апааттардын булагы катары жогорку коркунуч туудурган ишканалар жана уюмдар;

— инфраструктура объекттери, анын ичинде коомдук транспорт тутуму жана башка коммуникациялык тутумдар;

— чегара зонасындагы (тилкесиндеги) жана чегарага танапташ чөлкөмдөрдөгү объекттер жана участоктор.

 

17-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди

коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик

органдын иш милдеттери

 

Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борбору жана анын аймактык бөлүктөрү террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо чөйрөсүндө төмөнкүдөй иш милдеттерин аткарышат:

— террористтик коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөзү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырышат;

— объекттердин террордон корголушунун абалын талдашат жана объекттерди террордон коргоо жаатындагы талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү каржы-экономикалык механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгышат;

— объекттерди террордон коргоону өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат жана аталган тармактагы аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялашат;

— уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын жана уюмдардын террордон корголушунун абалына контролдукту жүзөгө ашырышат жана алардын жетекчилеринен объекттерди террордон коргоо жагындагы белгиленген ченемдерди жана эрежелердин аткарылышын талап кылышат.

 

18-статья. Объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан

коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иш

милдеттери

 

1. Мамлекеттик органдар объекттерди террордон коргоо боюнча иш милдеттерин терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген компетенциясына ылайык ишке ашырышат.

2. Терроризмге каршы күрөш чөйрөсүндө компетенция берилген мамлекеттик органдары террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди террордон коргоонун деңгээлин жогорулатууга, террористтик коркунучтардын мүнөзү жана өзгөчөлүгү жөнүндө алардын жетекчилерине маалымдоо, практикалык машыгууларды жүргүзүү жана башка чараларды ишке ашыруу аркылуу көмөк берүүгө милдеттүү.

 

19-статья. Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз

кылуучу объекттердин жетекчилеринин жана менчик

ээлеринин объекттерди террордон коргоо чөйрөсүндөгү

милдеттери

 

1. Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери террордон коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды аткаруу үчүн иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга милдеттүү.

2. Тийиштүү иш-чараларды ишке ашыруу максатында аталган объекттердин жетекчилери жана менчик ээлери зарыл болгон каржылоону караштырууга милдеттүү.

3. Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин жетекчилеринин жана менчик ээлеринин аталган милдеттерди бузуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

4. Коркунучтуулугу жогору жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III БӨЛҮМ

ТЕРРОРИЗМ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

 

5-глава

Террористтик иштин алдын алуу,

айкындоо жана бөгөт коюу

 

20-статья. Террористтик иштин алдын алуу

 

1. Террористтик иштин алдын алуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар тарабынан саясий, социалдык-экономикалык, укуктук жана башка профилактикалык иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— террористтик ишке катышы бар юридикалык жактарды, алардын бөлүмдөрүн (филиалдарын) жана өкүлчүлүктөрүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) түзүүгө, каттоого (аккредитациялоого);

— терроризмди пропагандалоого байланышкан ишке;

— террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн адамдарды үйрөтүүгө жана даярдоого;

— террористтик ишке катышкан же ага катышы бардыгы жагынан шек туудурган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгып кетүүсүнө же транзит аркылуу өтүүсүнө;

— даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндөгү маалыматтарды жана фактыларды жашырып-жабууга;

— террористтик иштин башка түрлөрүнө жана формаларына.

3. Террористтик ишке катышы бар юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана жарыяланат.

4. Террористтик иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, жалпылоо, талдоо жана болжолдоо, ошондой эле ага каршы аракеттенүү боюнча илимий жактан негизделген айрым иш чараларды иштеп чыгуу үчүн улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун базасында терроризмге каршы аракеттенүү проблемалары боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкы түзүлөт.

5. Террористтик актыларга шайкеш реакция кылуу жана каршы аракеттенүү, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана оперативдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында, ошондой эле террористтик мүнөздөгү маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борборунун түзүмүндө тийиштүү имарат жайы, техникалык каражат менен жабдылган жана туруктуу кызматкерлеринен турган республикалык «кырдаал борбору» түзүлөт.

Кырдаал борбору жашыруун объект болуп саналат, ошондуктан ага кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына террорго каршы иш боюнча бардык болгон материалдарды өткөрүп беришет.

 

21-статья. Террористтик ишти айкындоо

 

1. Террористтик ишти айкындоо үчүн Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары өздөрүнүн карамагында болгон бардык күчтөрдү, каражаттарды, формаларды жана методдорду пайдаланышат.

2. Укук коргоо органдарына маалымат берилип, аны ишке ашырууда террористтик ишке катышкан адамдарды камакка алууга же соттоого, ошондой эле террористтик актыны болтурбоого же ага бөгөт коюуга алып келсе, көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү чара көрүү менен, берилген маалымат үчүн акчалай сыйакы төлөө уюштурулат.

Акчалай сыйакынын өлчөмү, төлөөнүн негизи жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

22-статья. Террористтик ишке бөгөт коюу

 

1. Террористтик ишке же айрым бир террористтик актыга бөгөт коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген атайын чаралар, террористтерди жок кылууга чейинки чаралар колдонулат.

2. Атайын чараларды колдонуу укугу өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга гана берилет.

 

6-глава

Террористтик ишти каржылоо менен күрөшүү

 

23-статья. Терроризмди каржылоо менен күрөшүүгө багытталган иш

чаралар

 

Терроризмди каржылоо менен күрөшүүгө багытталган иш чаралар терроризмге каршы аракеттенүү боюнча иш чаралардын жалпы мамлекеттик тутумунун чегинде жүзөгө ашырылат.

Андай иш чараларга:

— ички контролдун милдеттүү жол-жоболору;

— милдеттүү контроль;

— терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө кардарларга жана башка адамдарга маалымат берүүгө тыюу салуу;

— «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык көрүлүүчү башка чаралар кирет.

 

24-статья. Террористтик ишти каржылоо жөнүндө маалыматты текшерүү

 

Терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу же өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул ишке тартылган жана оперативдик-издеп табуу ишин жүзөгө ашыруу укугу берилген субъекттер жарандык таандуулугуна же менчигинин түрүнө карабастан конкреттүү жеке же юридикалык жактар террористтик ишти каржылоого катышы бар деген маалыматты алган учурда, түшкөн маалыматты текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ачык жана жабык зарыл маалыматтарды текшерүү боюнча иш-чаралардын бүткүл комплексин пайдалануу менен кечиктирбестен чара көрүүгө милдеттүү.

 

25-статья. Террористтик ишке катышы бар жеке же юридикалык

жактардын каражаттарын жана башка финансылык активдерин

же экономикалык ресурстарын бир калыпта кармап туруу же

камакка алуу

 

1. Жарандык таандуулугуна же менчигинин формасына карабастан жеке же юридикалык жактардын террористтик ишти каржылоого катышы бар экендигин ырастаган далилдер болгон учурда, сот органы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий өтүнүчү боюнча мындай жактар менен уюмдардын каражаттарын, финансылык активдерин же экономикалык ресурстарын пайдаланууга жана тескөөгө тыюу салуу (кыймылсыз бир калыпта кармалууга) жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Эгерде бул каражаттар террористтик же аны колдой турган ишке пайдалануу максатында, болбосо террористтик мүнөздөгү кылмышты жасоонун натыйжасында алынган деген далилдер болсо жеке же юридикалык жактардын каражаттары кыймылсыз бир калыпта кармалууга же камакка алынууга тийиш.

Алардын террористтик ишке катыштыгы бар же аны колдойт деп болжоого негиз бар жеке же юридикалык жактардын менчигинде же контролунда тикелей же кыйыр турган каражаттар, ошондой эле мындай жактардын атынан же көрсөтмөсү боюнча иштеген жеке же юридикалык жактардын каражаттары да, анын ичинде мындай жактардын ээлигинде же контролунун астында тикелей же кыйыр турган жана алар менен байланышы бар жеке же юридикалык жактардын менчигин пайдалануудан алынган же анын эсебинен сатып алынган каражаттар да кыймылсыз бир калыпта кармалууга же камакка алынууга тийиш.

3. Терроризмди каржылоону өз убагында айкындоо жана ага бөгөт коюу максатында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каражаттарын кыймылсыз бир калыпта кармап туруу боюнча чаралар көрүлгөн жеке жана юридикалык жактардын тизмесин жарыялайт.

Юридикалык же жеке жактарды тиешелүү тизмеге киргизүү үчүн төмөндөгүлөр негиз болот;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоодо адамды күнөөлүү деп табуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү;

— террористтик уюм деп табуу жана аны жоюу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;

— Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган терроризмге каршы күрөшкө катышкан эл аралык уюмдар же алар тарабынан ыйгарым укук берилген органдар тарабынан түзүлгөн террористтик уюмдарга же террористтерге байланышы бар жеке жана юридикалык жактардын тизмелери;

— чет өлкөлүк соттордун, чет мамлекеттердин дагы башка компетенттүү органдардын террористтик ишке катышуу боюнча байланышы бар уюмдарга жана жеке жактарга карата эл аралык келишимдин негизинде таанылган өкүмдөрү (чечимдери).

Тикелей же кыйыр түрдө террористтик ишке байланышы бар же аны колдогон башка юридикалык жана жеке жактарды тизмеге киргизүү жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ага баш ийген прокурорлор тарабынан жиберилет.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарды тизмеге киргизүү үчүн эл аралык келишимдин же өз ара тиешелүү расмий суроо-талаптын шарттарынын негизинде, болбосо чет өлкөнүн өкмөтүнүн, ошондой эле чет мамлекеттин же эл аралык уюмдун ыйгарым укуктуу компетенттүү органдары тарабынан берилген, террорго же анын ишин колдогондугуна катышы бар экендигин ырастаган жашыруун маалыматы негиз болушу мүмкүн.

4. Мындай учурда сот чечимдин негизин түзгөн маалыматты ачыкка чыгаруу улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына зыян келтириши, болбосо кайсы бир адамдын коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн деген жыйынтыкка келүү менен тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого укуктуу.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-статья. Террористтик ишти каржылагандык үчүн жоопкерчилик

 

1. Террористтик ишти каржылоого күнөөлүү жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигин тартышат.

2. Юридикалык жактар, ошондой эле катталган жана катталбаган, юридикалык жак болуп эсептелбеген, жок эле дегенде бир бөлүгү террористтик ишти каржылаган уюмдар соттун чечими боюнча жоюлууга тийиш, ал эми аларга таандык мүлк терроризмге каршы туруу жана террористтик актылардын кесепеттерин жоюу максатында Кыргыз Республикасынын кирешесине кириштелет. Мында жоюлган юридикалык жактардын же террористтик ишти каржылоого катышкан уюмдардын жетекчилери жана кызматчылары ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык жазык жоопкерчилигине тартылышат.

 

27-статья. Жеке же юридикалык жактардын террористтик ишине же

анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо

террористтик иштин натыйжасында алынган мүлкүн

конфискациялоо

 

1. Террористтик ишке же анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо террористтик иштин натыйжасында алынган мүлк соттун чечими боюнча мажбурлоо жолу менен биротоло алып (конфискацияланууга) коюлууга жатат.

2. Конфискациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик же административдик-процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Конфискациялоого:

— террористтик ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган, ошондой эле ошол мүлктү пайдалануудан алынган киреше жана башка пайдалар;

— аны пайдалануу менен террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалган же террористтик мүнөздөгү кылмышты жасагандык үчүн акы төлөө иретинде алынган;

— террористтик мүнөздөгү кылмышты жасоого тикелей же кыйыр түрдө көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланылган;

— террористтердин же террористтик уюмдардын (топтордун) тикелей же кыйыр башкаруусунда же контролдугунда турган;

— террористтер, террористтик топ же террористтик уюм тарабынан чогулуш өткөрүү, пропаганда жүргүзүү, террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалуучу каражаттарды сактоо боюнча имарат-жайда же башка жерде сакталып турган же алар тарабынан башка мыйзамсыз максаттар үчүн пайдаланылуучу мүлктөр кирет.

3. Ушул статьянын негизинде конфискацияланган мүлктү сатып өткөрүүнүн жана ушундай мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануунун, анын ичинде жабыр тарткандар учураган чыгымдын ордун толтуруунун тартиби, ошондой эле ушул максат үчүн ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

7-глава

Террорго каршы операцияны жүргүзүү

 

28-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө чечимди

кабыл алуу

 

1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же жол менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыга бөгөт коюу үчүн жүргүзүлөт.

2. Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борбору оперативдүү штабды түзбөй туруп эле террорго каршы операцияны жүргүзүүнү терроризмге каршы операциянын жетекчисин дайындоо менен терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерге тапшыра алат.

3. Терроризмге каршы операцияны баштоо терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар даярдалып жаткан же ишке ашырылган террористтик акты жөнүндө ишенимдүү маалымат алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.

 

29-статья. Терроризмге каршы операцияны башкаруу жана ага

жетекчилик кылуу

 

1. Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борбору террорго каршы операцияны уюштурууга жооптуу орган болуп саналат.

2. Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун террорго каршы операцияны уюштуруу боюнча чечими терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат.

3. Коомдук коркунучтун масштабын жана даражасын, күтүлүүчү терс кесепеттерин жана террористтик актынын мүнөзүн эсепке алуу менен улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борбору террорго каршы операцияны тикелей башкаруу үчүн улуттук коопсуздук органынын төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат адамы (оперативдүү штабдын жетекчиси) башкара турган республикалык оперативдүү штаб түзүлөт, ал ошол операциянын жүргүзүлүшүнө жеке жооптуу болот.

4. Кыргыз Республикасынын региондорунда (областтарында, райондорунда) региондук оперативдүү штабдар түзүлүп, алардын саны жана курамы жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын региондорунун (областтарынын, райондорунун) аймактарында күтүлгөн террористтик актылардын мүнөзүнө жараша болот.

5. Кыргыз Республикасынын региондорунда (областтарында, райондорунда) террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабды улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун аймактык органынын (бөлүмүнүн) жетекчиси башкарат. Террористтик актынын мүнөзү өзгөрүлгөн учурда террорго каршы операциянын жетекчиси улуттук коопсуздук органынын төрагасынын чечимине ылайык алмаштырылышы мүмкүн.

6. Коомдук коркунучтун масштабын жана даражасын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин же Премьер-министринин тескемеси боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси дайындалышы мүмкүн.

7. Ээлеген кызмат ордуна карабастан башка кызмат адамынын террорго каршы операциянын оперативдүү жетекчилигине укук ченемсиз кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 

30-статья. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү

штаб

 

1. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын ишинин тартиби террорго каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын белгиленген тартипте бекитилүүчү жана ведомстволор аралык ченемдик актылары менен макулдашылуучу оперативдүү штаб жөнүндө жобо менен аныкталат.

Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штаб жөнүндө жободо оперативдүү штабдын ишин уюштуруунун жана камсыз кылуунун тартиби, курамы, милдеттери, ыйгарым укуктары, ошондой эле анын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн иш милдеттери чагылдырылат.

2. Террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчисинин ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:

— оперативдүү штабдын түзүмүн жана иш тартибин, ошондой эле оперативдүү штабдын курамына киргизилген кызмат адамдарынын ишин жана милдеттерин аныктоо;

— террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилүүчү зонанын (райондун) жана объекттердин чегин (анын чектерин) аныктоо жана иш-чаралардын комплексин жана убактылуу чектөөлөрүн белгилөө;

— террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдүн курамы менен каражаттарды, ошондой эле башка адамдарды аныктоо жана пайдалануу тууралу чечим кабыл алуу, алардын ишин координациялоо жана эриш-аркак иштешүүсүн уюштуруу;

— террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүүчү адамдардын баруусун жүзөгө ашыруу, алардын тактикасын жана жүрүм-турум эрежесин бекитүү;

— террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн техникалык ыкмалары менен тактикасын жана ага катышкандардын курамын ачыкка чыгарууга жол берилбөөчү формада жана көлөмдө террористик актынын масштабдары, жүрүшү жана жыйынтыктары тууралу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүнүн тартибин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча оперативдүү штабдын жооптуу адамын аныктоо;

— террорго каршы операция жүргүзүү боюнча атайын топту жана сунуштарды, террорго каршы операцияны жүргүзүү жөнүндө күжүрмөн тескемени (күжүрмөн буйрукту) даярдоо чечимин кабыл алуу жана оперативдүү штабга буйрук берүү;

— террорго каршы операциянын бүткөндүгүн жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине же Премьер-министрине аны өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү.

Оперативдүү штабдын жетекчиси террорго каршы операцияны өткөрүү башталгандан тартып анын жетекчиси жана ошол эле учурда операцияны өткөрүүгө тартылган бардык аскер кызматчыларынын, кызматкерлердин жана адистердин башчысы болуп калат.

 

31-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда

пайдаланылуучу күчтөр жана каражаттар

 

1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн, ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан мамлекеттик органдардын зарыл күчтөрүн жана каражаттарын тартууга оперативдүү штабдын укугу бар.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл учурларда террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн каржылык жана материалдык-техникалык каражаттарды бөлүп берет.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте кучүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык зарыл учурларда террористик актыга бөгөт коюу үчүн чет мамлекеттердин атайын дайындалган бөлүктөрү, ошондой эле абадан жана космостон байкоо жүргүзүүчү атайын техникалык каражаттары тартылышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде же суу объектилериндеги террористик актынын коркунучун четтетүү максатында, ошондой эле ушундай террористик актыга бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда куралды жана аскердик техниканы колдонот.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонадагы укуктук

режим

 

1. Террористик актыга бөгөт коюу жана анын бетин ачуу, анын кесепеттерин минималдаштыруу жана инсандын, коомдун, мамлекеттин маанилүү кызыкчылыктарын коргоо максатында террорго каршы операцияны башкарууда оперативдүү штабдын жетекчисинин чечими боюнча, аны өткөрүү зонасынын чегинде ошол операция өткөрүлө турган мезгил ичинде террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилиши мүмкүн.

2. Террорго каршы операциянын укуктук режимин киргизүү жөнүндө чечим (алкагында ушундай режим киргизилип жаткан аймакты (объекттердин тизмегин) аныктоо жана колдонулуучу чаралар жана убактылуу чектөөлөрдүн тизмегин) жана террорго каршы операциянын укуктук режимин алып салуу жөнүндө чечим жалпыга маалымдоо каражаттарында дароо жарыяланууга тийиш.

3. Террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилип жаткан аймактарда (объекттерде) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте террорго каршы операция өткөрүү мезгилинде төмөндөгүдөй чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү колдонууга жол берилет:

1) жарандар менен кызмат адамдарынын ким экендигин ырастоочу документтерин текшерүү, эгерде мындай документтери жок болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ким экендигин аныктоо үчүн көрсөтүлгөн адамдарды кармоо;

2) көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө коюу же тыюу салуу, жердин жана объектилердин айрым участкаларында транспорт каражаттарын, анын ичинде дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жана жарандардын транспорт каражаттарын киргизбөө боюнча убактылуу чектөө коюу же тыюу салуу, болбосо ошол жердин жана объекттердин айрым участкаларынан жарандарды чыгаруу, ошондой эле транспорт каражаттарын сүйрөтүп чыгаруу;

3) коомдук тартипти, мамлекеттин кайтаруусундагы объекттерди жана калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу объекттерди жана транспортун иштөөсүн, ошондой эле өзгөчө материалдык, тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулугу бар объекттерди коргоону күчөтүү;

4) телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө жана телебайланыш тутумдарынын каналдары боюнча берилүүчү маалыматтын башка түрлөрүнө контролду киргизүү, ошондой эле террористик актыны жасоо жагдайлары жөнүндө, аны даярдаган жана жасаган адамдар жөнүндө маалыматты билүү жана башка террористик актыларды айкындоо максатында электр байланыш каналдарынан жана почта жөнөтүмдөрүнөн издөө ишин жүзөгө ашыруу;

5) кызмат муктаждыгы үчүн байланыш каражаттарын, анын ичинде атайын каражаттарды, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук, дагы башка мекемелеринин транспорт каражаттарынан тышкаркы), ал эми шашылыш учурларда эгерде кечиктирилиши адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч келтириши мүмкүн болсо, токтоосуз медициналык жардам берүүгө^ муктаж болгон адамдарды дарылоо мекемелерине жеткириш үчүн, ошондой эле террордук актыны жасоодо шектүү адамдардын изине түшүү учун жеке адамдарга таандык транспорт каражаттарын пайдалануу. Транспорт каражаттарын ушундайча пайдаланууга тиешелүү чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

6) жарылгыч, радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык коркунучтуу заттар пайдаланылган опурталдуу өндүрүштөр менен уюмдардын ишин токтото туруу;

7) юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтото туруу же байланыш тармактарын жана байланыш каражаттарын пайдаланууга чектөө коюу;

8) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген аймактын чегинде жашаган жеке адамдарга милдеттүү түрдө туруктуу же убактылуу турак жайларды берип, коопсуз жерлерге убактылуу көчүрүү;

9) карантин киргизүү, санитардык — эпидемияга каршы, ветеринардык жана башка карантиндик иш-чараларын жүргүзүү;

10) эгерде кечиктирилиши адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна реалдуу коркунуч келтире турган болсо террорго каршы операцияны жүргүзүп жаткан адамдардын жеке адамдарга таандык үйүнө, турак жайына, жана башка имарат жайларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жер участкаларына, аймагына жана имарат-жайларына кирүү, ошондой эле террорго каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырыш үчүн транспорт каражаттарын тоскоолдуксуз алуу;

11) террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилген аймакка кирген жана көрсөтүлгөн аймактан чыгып бараткан учурда ээлеген кызмат ордуна карабастан жеке жана кызмат адамдарын жана алардын жанындагы буюм-заттарды текшерүү, ошондой эле алардын транспорт каражаттарын жана аларга жүктөлгөн буюм — заттарын текшерүү, ошонун ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүү;

12) курал, ок-дары, жарылгыч заттарды, атайын каражаттарды жана уулуу заттарды сатууга чек коюу же тыюу салуу, баңги заттар аралашмасы бар, психотроптук же катуу таасир этүүчү заттары бар дарылык каражаттарды жана препараттарды, этил спиртин, алкоголдук жана аралашмалуу спирт продукцияны жүгүртүүгө өзгөчө режим коюу;

13) укук бузган же бузуп жаткан же террорго каршы операцияны жүргүзүп жаткан адамдардын мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүүгө багытталган башка иш -аракетти жасаган, ошондой эле террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан зонага санкциясыз кирүү же кирүүгө аракет кылуу менен байланышкан иш-аракети үчүн адамдарды кармап, ички иштер органдарына жеткирүү.

4. Террорго каршы укуктук режим киргизилген аймактын (объекттердин) айрым участкаларында ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган иш-чаралардын бүтүндөй комплекси да, убактылуу чектөөлөр да, белгилениши (киргизилиши) мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган шарттарды сактоо менен террорго каршы операцияны жүргүзүүчү адамдардын, ошол операция башталгандан аяктаганга чейинки иш-аракети зарыл коргонуу же ашкере зарылчылык абалында жасалган иш-аракет болуп саналат.

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн террорго каршы операция жүргүзүү зонасында болушуна оперативдүү штабдын жетекчисинин уруксаты менен гана жол берилет.

 

33-статья. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

 

1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык байлыкты сактоо, ошондой эле террористик актыга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн иликтөө максатында террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө уруксат берилет.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө оперативдүү штабдын жетекчиси тарабынан ушул ишке атайын ыйгарым укук ыйгарылган адамга гана уруксат берилет.

2. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда алардын террористик актыны токтотушуна шарт катары кандай гана адам болбосун аны террористтерге берүү, колдонулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон курал-жаракты, жана башка каражаттарды жана буюм-заттарды берүү жөнүндөгү маселелер, ошондой эле террористтердин саясий талаптарын аткаруу жөнүндөгү маселелер каралбашы керек.

3. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аларды жасаган жорук-жосуну үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт боло албайт.

4. Барымтага алынгандарды бошотуу жана террористтердин ыктыярдуу түрдө бийликтерге колго түшүп бериши аларды жасалган жорук -жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт катары кызмат кылышы мүмкүн эмес, бирок жасалган кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралат.

5. Эгерде террорист (террористтер) менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө анын (алардын) террористик актыны токтотууга макул болбогондугунан улам сүйлөшүүлөр максатына жетпесе жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч дале болсо сакталып турса оперативдүү штабдын жетекчиси террористи (террористтерди) жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга акысы бар.

 

34-статья. Террористик акт тууралу коомчулукка маалымдоо

 

1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда террористик акт жөнүндө коомчулукка маалымат берүү террорго каршы операцияны жетектөө боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси же ошол штабдын коомчулук менен байланышып туруучу жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формаларда жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.

2. Төмөндөгүдөй маалыматты жайылтууга жол берилбейт:

— террорго каршы операцияны жүргүзүүдө атайын техникалык ыкмаларды жана тактиканы ачыкка чыгаруучу;

— террорго каршы операция жүргүзүүнү кыйындаткан жана террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонада калган же ошол зонанын чегинен тышкары жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;

— терроризмдин пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу;

— террорго каршы операция жүргүзүлүп жатканда аны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын атайын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, анын мүчөлөрү жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө.

 

35-статья. Террорго каршы операциянын аякташы

 

1. Террористик актыга бөгөт коюлганда (токтотулганда) жана террорго каршы операция жүргүзүлгөн зонадагы адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна мүлкүнө жана башка мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына коркунуч жоюлганда террорго каршы операция аяктады деп эсептелет.

2. Террорго каршы операцияны аяктады деп жарыялоо жөнүндө чечимди террорго каршы операцияны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси чыгарат.

 

36-статья. Террористик актыга бөгөт коюу учурунда өлгөн

террористтерди көмүү

 

Террористик актыга бөгөт коюу учурунда өлгөн террористтерди көмүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Мында алардын сөөгү көмүү үчүн берилбейт жана кайсы жерге көмүлгөнү тууралу маалымат билдирилбейт.

 

IV БӨЛҮМ

ТЕРРОРИЗМДИН КЕСЕПЕТТЕРИН МИНИМУМГА ТҮШҮРҮҮ

 

8-глава

Террористик актынын кесепетинен келтирилген

зыяндын ордун толтуруу жана террористик актынын

кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык

жактан реабилитациялоо

 

37-статья. Террористик актынын же террорго каршы операцияны

жүргүзүүнүн кесепетинен келтирилген зыяндын ордун

толтуруу

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган террористик актынын же террорго каршы операциянын кесепетинен жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын орду террористик акт жана (же) террорго каршы операция кайсы аймакта өткөрүлсө ошол аймактын, областтын, райондун жергиликтүү бюджетинен жана республикалык бюджеттен, кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ошол зыян тарттырган адамдардан ордун толтурууга кеткен сумманы алуу жолу менен жүргүзүлөт.

2. Конфискациянын натыйжасында алынган каражаттар ушул Мыйзамдын негизинде жана анда каралган тартипте террористик мүнөздөгү кылмыштардын курмандыктарына же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө компенсация төлөп бериш үчүн пайдаланылса болот.

Адамга анын террористик актыга катышуусуна бөгөт коюуда келтирилген зыяндын орду толтурулбоого тийиш.

3. Уюштуруучулары (менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелер жана уюмдар) тарабынан коммерциялык максаттардагы иш-чаралар катары пайдаланылган көпчүлүк топтолгон жерлерде жасалган террористик актынын кесепетинен жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздоо максатындагы ордун толтуруу каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

4. Террористик актынын же террорго каршы операцияны өткөрүүнүн кесепетинен зыян келтирилген жеке жана юридикалык жактардын компенсациясын төлөп берүүнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

38-статья. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды

социалдык жактан калыбына келтирүү

 

1. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле ушул Мыйзамдын 39-статьясында саналган адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүү, көрсөтүлгөн адамдарга нормалдуу турмуш-тиричилигин кайтарып берүү максатында террористтик акт жасалган аймактагы областтын, райондун жергиликтүү бюджетинен жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана мындай жардам бекер укуктук жардам берүүнү, психологиялык, медициналык, кесиптик жагынан калыбына келтирүүнү, ишке орноштурууну жана зарыл учурларда ыңгайлуу турак жай жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка жардам берүүнү өзүнө камтыйт.

2. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүүнү ишке ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

 

9-глава

Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдарды

укуктук жана социалдык жактан коргоо

 

39-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан, укуктук жана

социалдык жактан корголууга тийиш адамдар

 

Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар мамлекеттин коргоосунда турат.

Укуктук жана социалдык жактан төмөндөгүлөр корголууга тийиш:

— Кыргыз Республикасынын терроризм менен тикелей күрөшкө катышып жаткан (катышкан) мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, кызматкерлер жана адистер (тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет);

— туруктуу же убактылуу негизде мамлекеттик терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдарга жардам иретинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого, бөгөт коюуга жана кесепеттерин минималдаштырууга көмөк көрсөткөн адамдар;

— террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана бөгөт коюуга жардамы тийчү маалымат, террористтик иш жөнүндө жана башка ар кандай жагдайлар жөнүндө маалымат билдирген адамдар;

— эгерде саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуунун зарылдыгы алардын терроризм менен күрөшкө катышуусунан улам болсо, ушул статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.

 

40-статья. Иштеген жылдарды жеңилдик берүү менен эсептөө

 

1. Терроризм менен күрөштү тикелей жүзөгө ашырууда (ашырган) мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан (өтөгөн) аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарына (эмгек стажына) төмөндөгүлөр кошулуп эсептелинет:

— бир күн кызмат өтөгөндүгү үчүн бир жарым күн;

— бийик тоолуу райондордо жана ага теңештирилген жерлерде бир күн кызмат өтөгөндүгү — эки күн үчүн;

— террорго каршы операция жүргүзүүгө катышкан учурда бир күн кызмат өтөгөндүгү — үч күн катары эсептелинет, ал эми кызмат акысына элүү пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.

2. Террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылган адистерге жана башка адамдарга пенсия дайындоо үчүн бир күн катышкандыгы иш стажына үч күн катары эсептелинет.

 

41-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдарды коргоо

 

Терроризм менен күрөшүүнү жүзөгө ашырууга тикелей катышкан мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлерге жана терроризм менен күрөшкө көмөк көрсөткөн адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда алардын өтүнүчү боюнча кебете-кепширин, фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле ушул органдарды күтүүгө бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен иштеген жерин жана турган жерин өзгөртүү жүзөгө ашырылат.

 

42-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар тарткан

зыяндын ордун толтуруу

 

1. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкандыгына байланыштуу ушул Мыйзамдын 39-статьясында саналып өткөн адамдардын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян ушул Мыйзамдын 37-статьясында белгиленген тартипте калыбына келтирилет.

2. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда ага катышкан адам курман болсо, болбосо террорго каршы операцияны өткөрүү учурунда алган жаракаттан (жарадарлыктан, травмадан, контузиядан) курман болгондо (өлгөндө), ошол курман болгон (өлгөн) адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын кароосундагы адамдарга республикалык бюджеттен камсыздандырылган күнгө карата ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча айлык акысынын 200 эселенген өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет, багуучусун жоготкондугуна байланыштуу пенсия дайындалат, ошондой эле эгерде өлгөн адамда туракжай алуу, туракжай-коммуналдык төлөмдөрү боюнча мурдатан ушундай жеңилдиктери бар болсо алар сакталууга тийиш.

3. Эгерде терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адам жаракат (жарадар, травма, контузия) алганына байланыштуу майып болуп андан ары кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калса, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалып, республикалык бюджеттен төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:

— I топтогу майыпка — ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 150 эселенген өлчөмүндөгү маяна;

— II топтогу майыпка — ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 100 эселенген өлчөмүндөгү маяна;

— III топтогу майыпка — ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 50 эселенген өлчөмүндөгү маяна.

4. Эгерде терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адамдын алган жаракаты (жарадар, травма, контузия) майыптуулукка кириптер кылбаса, ал адамга республикалык бюджеттен төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:

— оор жаракат (жарадар, травма, контузия) алса — ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 20 эселенген маяна өлчөмүндө;

— жеңил жаракат (жарадар, травма, контузия) алса — ээлеген кызмат орду жана аскердик наамы боюнча 10 эселенген маяна өлчөмүндө.

5. 39-статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген адамдардын башка категорияларына ушул статьянын 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген өлчөмүнө барабар болгон бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

6. Терроризм менен күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу же террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда катышкан адам мүлкүнөн ажырап калса же зыянга учураса, ал адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте анын баасынын ордун толтуруп алууга укуктуу.

Терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараны жүзөгө ашырууга катышкан адамдын мүлкүнөн ажырап калуусу же зыянга учурашы, ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыян жогору турган тийиштүү орган тарабынан аныкталат.

7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү үчүн бир нече негиздер бир эле учурда келип чыкса алуучунун тандап алуусу боюнча жөлөкпулду бир гана негиз боюнча төлөп берүү жүзөгө ашырылат.

8. Террористик актынын же террорго каршы операцияны өткөрүүнүн кесепетинен жапа чеккен адамдарга бир жолку жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

43-статья. Террористке зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликтен

бошотуу

 

Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда ушул Мыйзамда белгиленген негизде жана чектерде террористин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле дагы башка укук менен корголуучу кызыкчылыктарына аргасыз зыян келтирүүгө жол берилет. Мындай учурда терроризмге каршы күрөш боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышкан аскер кызматындагылар, адистер жана башка адамдар террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда келтирген зыяны же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террористти жок кылуу жөнүндө чечимди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

 

10-глава

Террористик ишке катышкандыгы үчүн

жоопкерчилик

 

44-статья. Террористтик ишке катышкандыгы үчүн адамдардын

жоопкерчилиги

 

1. Террористтик ишке күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигине тартылышат.

2. Ырастоочу жана уруксат берүү мүнөзүндөгү документтерди ыйгаруу жолу менен легалдаштырууга көмөк көрсөткөн, ошондой эле террористтик уюмдардын (топтордун) мүчөлөрүнө тикелей же кыйыр түрдөгү ар кандай жардам көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

3. Террористик актыны даярдоого катышкан адам, эгерде мамлекеттик органдарды өз убагында эскертүү же дагы башка жолдор менен террористик актыны четтетүүгө жардам берсе жана анын иш-аракетинде эгерде башка кылмыштын курамы болбосо жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

 

45-статья. Террористтик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн уюмдардын

жоопкерчилиги

 

1. Уюм соттун чечиминин негизинде террористтик деп таанылат жана жоюлууга тийиш.

Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмүнүн, филиалын, өкүлчүлүгүн) террористтик деп таанууга чет мамлекет тарабынан эл аралык келишимдин негизинде же эриш -аркак шарттарында уюмдун террористтик ишке катышы бар экендигин ырастаган материалдар болсо негиз болот.

2. Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюм (анын бөлүмү, филиалы, өкүлчүлүгү) террористтик деп таанылган учурда мындай уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, ал эми анын бөлүмү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, көрсөтүлгөн уюмдарга таандык, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мүлкү конфискацияланып жана соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айландырылат.

Террористтик уюмдун тикелей же кыйыр башкаруусунда турган мүлк менен бирге, ошондой эле анын кызыкчылыгы үчүн башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк дагы конфискацияланууга тийиш.

3. Террористтик иши үчүн уюмду жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко жөнөтүлөт.

 

46-статья. Террористтик иштер жөнүндөгү жазык жана жарандык иштери

боюнча сот жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

Террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер, ошондой эле террористтик актынын же террорго каршы операциянын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү иштер соттун чечими боюнча, сот жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жабык сот жыйналышында каралат.

 

V БӨЛҮМ

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

 

11-глава

Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

 

47-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын

бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан

камсыз кылуу

 

Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бөлүмдөрүн (анын тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

12-глава

Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы

Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусу

 

48-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык

кызматташтыктын укуктук негизи

 

Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын укуктук негизин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түзөт.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

49-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык

кызматташуунун негизги принциптери

 

Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:

— терроризмдин өтө коркунучтуу формаларын жеңип чыгуу үчүн дүйнө мамлекеттеринин аракетин бириктирүү зарылдыгын аңдап билүү;

— эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин, инсандын укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоо;

— башка мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына сый мамиле жасоо, алардын ички иштерине кийлигишпөө принцибин сактоо.

 

50-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык

кызматташуунун максаттары жана милдеттери

 

1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташуунун максаттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

— инсанды, коомду жана мамлекетти, жалпы эле дүйнөлүк коомдоштукту террористтик коркунучтардан коргоо;

— террористтик коркунучтардын таркалыш себептерин, ошондой эле террористтик ишти жүзөгө ашырууга түрткү берген шарттарды айкындоо жана четтетүү;

— бир же бир нече мамлекетке карата жасалып жаткан террористтик иштин алдын алуу, айкындоо, бөгөт коюу жана жасалган террористтик актылардын кесепеттерин минималдаштыруу.

2. Саналган максаттарга жетүү эл аралык ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу өз ара байланышкан милдеттердин комплексин чечүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

 

51-статья. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык

кызматташуунун формалары

 

1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөндөгүлөр саналат:

— маалымат алышуу;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого пайдаланылуучу же ошол иштерге арналган ар кандай каражаттарды айкындоо, бир калыпта кармап туруу же камакка алуу жагынан кызматташуу, ошондой эле ушундай кылмыштарды жасоодон улам алынган мүлктү конфискациялоо;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же негиздүү шек саналган адамдарды өткөрүп берүү;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды жазасын өтөшү үчүн өткөрүп берүү, биргелешип тергөөнү жүргүзүүнү ишке ашыруу, жазык сот жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү;

— өз ара укуктук, оперативдүү, методикалык, техникалык, дагы башка жардамды көрсөтүү;

— биргелешкен оперативдүү, тергөө жана башка иш-чараларды өткөрүү;

— кылмыш куугунтуктоосун ишке ашыруу үчүн кылмыш ишинин материалдарын өткөрүп берүү;

— оперативдүү жана башка иш-чараларды өткөрүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;

— кадрларды даярдоо;

— аскер иши жагынан кызматташуу;

— терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

— террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу жана четтетүү боюнча биргелешип иш жүргүзүү;

— терроризмге каршы турууну маалыматтык-пропагандалык жагынан камсыз кылууда макулдашылган саясатты жана өз ара аракетти иштеп чыгуу.

2. Терроризмге каршы ишти жүзөгө ашырган субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана шарттарда террористтик актылардын жасалышын болтурбоо максатында, башка мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын компетенттүү органдары менен өз ара иштешүү үчүн зарыл чараларды көрөт, анын ичинде:

— башка мамлекеттерди алдын ала эскертүү, анын ичинде маалымат алмашуу жардамы менен;

— оперативдүү маалымат, айрыкча террористтердин, террористтик топтордун же террористтик уюмдардын иш-аракеттери же бир жерден экинчи жерге ооп бараткандыгы; жасалма даярдалган же бурмаланган жол жүрүү документтери, курал-жарак, жарылма заттар же кош багытта колдонулуучу материалдарды сатуу жөнүндө, террористтер, террористтик топтор жана террористтик уюмдар тарабынан коммуникациялык технологиялардын колдонулушу, террористтик топтор жана террористтик уюмдар жапырт кыргын салчу куралдарга ээ болушу коркунуч келтирери жөнүндө маалымат алмашуу;

— террористтик актылардын жасалышын болтурбоо максатында административдик жана сот маселелеринде кызматташуу жана маалымат алмашуу.

 

52-статья. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же

жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү

маселелеринде эл аралык кызматташуу

 

1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүне кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык милдеттенмелерди аткарууну көздөп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө башка мамлекеттердин суроо-талаптарын карайт жана чечет.

2. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өзүнүн аймагында, анын ичинде террористтик мүнөздөгү кылмыштар Кыргыз Республикасынан тышкаркы жактарда пландалса, болбосо өткөрүлсө, бирок Кыргыз Республикасына зыян келтирип жатса, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жана башка учурларда террористтик ишке катышы бар адамдарды куугунтукка алат.

3. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган, Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган четөлкө жаранын же жарандыгы жок адамды башка мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартылган учурда, мындай адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган негиздерде жана тартипте жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат.

4. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган адамга качкын деген статусту берүү, аны башка мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагыш үчүн негиз болуп эсептелбейт.

5. Качкын статусун бергенге чейин, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары башпаанек издеп жүргөн адамдар террористтик мүнөздөгү кылмышты пландабаганына, ага көмөк көрсөтпөгөнүнө жана анын жасалышына катышпаганына ынаныш максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун тиешелүү жоболоруна ылайык керектүү чараларды көрүүнү камсыз кылат.

6. Террористтик ишти жасоого катышып жүрөт (катышкан) же анын жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүүдө (көмөк көрсөткөн) деген шектенүүгө негиз бар болсо, мындай адамга башпаанек жана качкын статусу берилбейт.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы N 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-глава

Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө

ашыруунун мыйзамдуулугуна контроль жана кӨзӨмӨл кылуу

 

53-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча

контроль

 

Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча контроль кылууну Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү жүзөгө ашырат.

 

54-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча

көзөмөл

 

1. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу учурунда мыйзамдардын аткарылышы боюнча көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы өзүнүн компетенциясынын чегинде террористтик иштин алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык тергөө жүргүзөт, террористтик ишке байланышкан кылмыш иштерин териштирүү боюнча көзөмөлдү ишке ашырат, ушундай иштер боюнча соттордо мамлекет койгон күнөөгө колдоо көрсөтөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрөт.

 

14-глава

Корутунду жоболор

 

55-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

56-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын

күчүн жоготкондугун таануу

 

«Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 2, 107-ст.) жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 3, 184-ст.) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.

 

57-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул

Мыйзамга ылайык келтирүү

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш даярдасын жана киргизсин;

— өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

— ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

 

2006-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган