1-берене.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
1. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу: берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда — күнүгө, ал эми күнү-түнү берүүсүндө — жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.».
2. 21-статьянын 1-пунктундагы «бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандары» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдашат жана» деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2009-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган