Бишкек шаары

2008-жылдын 2-июну N 106

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2011-жылдын 18-майындагы N 26,

2011-жылдын 21-декабрындагы N 247

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Кыргыз Республикасындагы телерадио берүү тутуму жана

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын түзүүнүн

тартиби

3-глава. Телерадио берүүнү уюштуруу

4-глава. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын жана алардын

кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

5-глава. Телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугуучулардын укугу

6-глава. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагындагы эларалык

кызматташтык

7-глава. Корутунду жоболор

 

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат, сөз эркиндигин жана жарандардын толук, так жана ыкчам маалымат алуу укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын иштөөсүнүн укуктук, экономикалык, уюштуруучулук шарттарын аныктайт.

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

 

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчиктин түрүнө, түзүлүү максатына, уставдык иш-аракетине, керектөөчүлөрдүн массалык кабылдоосу үчүн эсептелген программаларды жана берүүлөрдү таратуунун ыкмасына карабастан, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жагындагы субъектилердин ич ара мамилелерине таркалат.

2. Өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан жана башка мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык иштеген уюмдарга карата ушул Мыйзам, эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын программаларын жана берүүлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында таратуунун тартибин жөнгө салуу бөлүгүндө гана колдонулат.

 

2-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдар

 

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана массалык маалымат каражаттар чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды жана өздөрүнүн уставдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

 

3-берене. Терминдердин аныктамасы

 

Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:

аккредитациялоо — телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын өкүлдөрүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын алдында алардын иш-аракетин чагылдыруу үчүн каттоонун жол-жобосу;

телерадио аркылуу берүү — теле же радио программаларды, берүүлөрдү түзүү (комплектөө жана/же пакеттөө) жана аларды телерадио коммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу аркылуу турмуш-тиричиликтик теле жана радио кабылдагычтардын жардамы менен коомдук кабылдоо үчүн ачык же коддоштурулган ыкма менен таратуу;

телерадио берүүчү — программаны, берүүлөрдү түзүүчү (комплектөөчү жана/же пакеттөөчү) жана аларды керектөөчүлөрдүн кабылдоосу үчүн трансляциялоо жана кайра трансляциялоо жолу менен телерадио коммуникацияларынын техникалык каражаттарынын жардамы аркылуу ачык же коддоштурулган түрдө таратуучу субъект;

мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу уюмдары — мекеме статусуна ээ болгон жана жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган, мамлекеттик уюм болуп саналган телерадио уюмдары;

телекөрсөтүү каналы — телекөрсөтүүнүн керектөөлөрүнө арналган жана Кыргыз Республикасынын жыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасында көрсөтүлгөн жыштыктардын белгилүү бир тилкеси;

берүү каналы — берүүнүн техникалык каражаттарынын жыйындысы, ал бир телерадио программаны реалдуу убакытта трансляциялоону камсыз кылуучу техникалык каражаттардын параметрлери менен аныкталуучу аймакка теле жана/же радио программаларды таратуу үчүн арналат;

логотип (фирмалык логотип, соодалык белги) — бир телерадио уюмунун программаларын жана берүүлөрүн башка телерадио уюмунукунан айырмалоо үчүн колдонулуучу белгилемелердин (сөздөр, тамгалар, цифралар, сүрөт элементтери, түстөрдүн комбинациялары) кандайдыр бир комбинациясы;

коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары — жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун катышуусу менен түзүлүүчү телерадио уюмдары;

берүүнүн программалык концепциясы — берүү лицензиясынын милдеттүү тиркемеси, анда ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, программанын жана берүүнүн негизги мазмундук мүнөздөмөсү аныкталат;

түз трансляциялоо — теле же радио берүүлөрдү алдын ала жазып алуусуз жана монтаждоосуз тикелей трансляциялоо;

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын берүүлөрүнүн ырааттамасы — убакыттын белгилүү бир айкындалган учурунда обого чыгуу ырааттуулугу же телерадио хронометражы жөнүндөгү телерадио уюмдарынын ачык маалыматы, буга автордук укук таркалбайт;

кайра трансляциялоо — пайдаланылуучу техникалык каражаттарга көз карандысыз түрдө, берүүчү трансляциялаган толук же өзгөрүлбөгөн телерадио программаларды же мындай программалардын орчундуу бөлүктөрүн кабыл алуу жана ошол эле мезгилде берүү;

берүү сеткасы — теле же болбосо радио программалардын, теле же болбосо радио берүүлөрдүн тизмеги, ырааттуулугу, аталышы жана аларды обого чыгаруунун убактысы, ал белгилүү бир мезгилге карата берүүнүн программалык концепциясынын негизги багыттарын чагылдырат;

чыгаруучу студия — фильмдерди, жарнамаларды, өзүнчө теле жана/же радио берүүлөрдү же болбосо программаларды түзүүнү (даярдоону) жүзөгө ашырган субъект;

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын өз продуктусу — телерадио уюму толук же жарым-жартылай түзгөн жана/же болбосо каржылаган программалар жана берүүлөр, алардын бөлүктөрү;

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмунун уюштуруучусу (катышуучусу) — уюштуруу, түзүү же болбосо мыйзамдарда каралган башка ыкма менен телерадио уюмуна же анын уставдык капиталынын үлүшүнө карата менчик укугун алган жеке же юридикалык жак;

телерадио берүү — өз аталышы, трансляциялоо көлөмү, автордук белгиси бар, программанын башка бөлүктөрүнө көз карандысыз түрдө пайдаланышы мүмкүн болгон жана бир бүтүн маалыматтык продукция катары каралган, программанын мазмундук жагынан толук бүткөн бөлүгү;

ата мекенде жасалган телерадио берүүлөр — Кыргыз Республикасында иштеген телерадио компаниялар даярдаган жана буйрутма берген берүүлөр;

чет өлкөдө жасалган телерадио берүүлөр — чет өлкөлөрдө даярдалган берүүлөр, ошондой эле 50%дан ашыгын ата мекенде чыгарылбаган үндүк, көрмө жана үндүк-көрмө материалдар түзгөн берүүлөр;

телерадио программа — туруктуу аталышы бар жана телерадио уюму тарабынан берүүнүн белгилүү бир сеткасы боюнча трансляциялануучу телерадио берүүлөрдүн жыйындысы;

телекөрсөтүүчү жана радиоуктуруучу уюм — мыйзамда белгиленген тартипте катталган, жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында түзүлгөн жана тийиштүү лицензиянын негизинде телерадио программаларды жана/же берүүлөрдү түзгөн же комплекттеген жана/же пакеттеген жана аларды телерадио коммуникацияларынын техникалык каражаттарынын жардамы аркылуу тараткан юридикалык жак (мекеме);

телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери — телерадио уюмунда иштеген, маалыматты таратуу үчүн аны кесипкөй түрдө чогулткан, алган, түзгөн жана даярдаган штаттагы же штаттан тышкаркы кызматкер (телерадио журналист, продюсер, режиссер, сценарист, дизайнер, сүрөтчү, программанын же берүүнүн жетекчиси ж.б.);

телерадио кызматкер — телерадио уюмунда иштеген, өзүнүн кесиптик ишинин мүнөзү боюнча жана кызматтык милдеттерине ылайык телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүгө жана таратууга катышкан штаттагы же штаттан тышкаркы кызматкер;

берүүнүн техникалык каражаттары — программаларды жана берүүлөрдү керектөөчүлөргө жеткирүүдө пайдаланылуучу радиоэлектрондук каражаттардын жана техникалык жабдыктардын жыйындысы;

трансляциялоо — радиоуктуруу же телекөрсөтүү программаларын калктын кабылдоосу үчүн радио же кабелдик тутум аркылуу аралыкка берүү;

обо убактысы — телерадио уюму программаларды жана берүүлөрдү трансляциялооону (кайра трансляциялоону) жүзөгө ашырган убакыт.

 

4-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик

саясаттын негизги принциптери

 

1. Мамлекет телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын ишаракетинин саясатын, укуктук негиздерин аныктайт.

2. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

— Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу камсыз кылуу үчүн шарт түзүү;

— телерадио уюмдарынын ишинин эркиндигине кепилдиктер;

— ата мекенде чыгарылган программаларды берүүгө жана таратууга колдоо көрсөтүү;

— телерадио уюмдарын өнөржай-каржылык, саясый жана башка топтор же болбосо жеке адамдар тарабынан монополиялаштырууга жол берилбестик, ошондой эле телерадио уюмдарын финансылык-саясый топтордун, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жана саясий кысым көрсөтүүсүнөн коргоо;

— телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну колдонуу аркылуу маалымат алууга, коомдук маанилүү программаларды эркин жана ачык талкуулоого укуктарды ишке ашырууга кепилдиктер;

— телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын иш-аракет эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбестик;

— тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар менен келишим түзбөстөн туруп Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радио уктуруу уюмдарынын тикелей уктуруу-көрсөтүүсүн жүзөгө ашырууга жол берилбестик.

3. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

5-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын иш-аракет

эркиндигинин кепилдиктери

 

1. Телерадио уюмдарынын маалыматтык ишинде цензурага жол берилбейт.

2. Телерадио уюмдары өздөрүнүн программаларынын жана берүүлөрүнүн мазмунун аныктоодо өз алдынчалыкка жана көз каранды эместикке ээ.

3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын телерадио уюмдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 

6-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын иш-аракет

эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбестик

 

1. Телерадио уюмдары өздөрүнүн маалыматтар топтомдорунда бийлик органдарына тиешеси бар бардык саясый күчтөрдүн ар кандай ыкмалар менен расмий жарыя кылынган позициялары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

2. Телерадио уюмдарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга жол берилбейт:

— «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясында белгиленген маалыматтарды таратуу;

— телерадио уюмдарынын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) жекече максаттары;

— зордук-зомбулукту негизсиз көрсөтүү;

— өсүп келаткан муундун дене-бойлук, психикалык же болбосо моралдык өнүгүүсүнө залал келтириши мүмкүн болгон программаларды же алардын видеосюжеттерин трансляциялоо;

— мыйзамда белгиленген укуктук жоопкерчилик келип чыгуучу башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.

3. Программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну үчүн телерадио уюмунун жетекчиси же программанын жана/же берүүнүн автору (авторлору) жоопкерчилик тартат. Ар бир программа же берүү автор же авторлор жөнүндө, программаны чыгаруучунун аталышы жана дареги жөнүндө маалыматты камтуусу керек.

4. Телерадио уюму тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбоо же сактабай коюу алардын лицензияларынын токтотулуп турушуна же кайра алынышына (жокко чыгарылышына) алып келет.

 

7-берене. Телерадио берүү чөйрөсүндөгү атаандаштык

 

1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары өздөрүнүн иш-аракетин жүзөгө ашырууда монополияга каршы мыйзамдарды сактоосу жана жазгырма атаандаштыкка жол бербөөсү керек.

2. Телерадио берүү чөйрөсүндөгү экономикалык атаандаштыктын өнүгүүсү үчүн шарттар Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленет.

 

8-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын маалыматтык

иш-аракетинде тилдерди пайдалануу

 

1. Телерадио уюмдары берүүнү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүшөт.

Ар бир телерадио уюмунун берүүлөрүнүн жалпы көлөмүндө жана убактысында программалардын жана берүүлөрдүн жарымынан ашууну мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш, 50 пайызынан кем эмеси өзүнүн продукциясы жана 60 пайыздан кем эмеси — улуттук аудиовизуалдык продукт же Кыргызстандын авторлорунун же болбосо аткаруучуларынын музыкалык чыгармалары болууга тийиш.

Айрым региондордо берүүлөр ошол аймакта жыш жашаган улуттук азчылыктын тилинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Эгерде фильмдин жана/же башка программанын (берүүнүн) түп нускасынын (же котормосунун) тили мамлекеттик же расмий тил болбосо, мындай фильмдер жана/же программалар (берүүлөр) аларды мамлекеттик же расмий тилге которуу шарты менен трансляцияланат.

 

8-1-берене. Угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген

адамдарды маалыматтар менен камсыз кылуу

 

1. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын телевизиондук жаңылык көрсөтүүлөрү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жана/же улуттук коопсуздук коркунучунун чыгышы тууралуу ыкчам маалыматтык билдирүүлөр сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен коштолууга тийиш.

3. Берүүлөрү Кыргыз Республикасынын үч жана андан көп областтарын камтыган мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук телевизиондук каналдардын жетекчилеринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сурдологиялык котормо (жаңсоо тили) же субтитрлер менен милдеттүү коштолууга тийиш болгон телевизиондук көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитет.

(КР 2011-жылдын 18-майындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава

Кыргыз Республикасындагы телерадио берүү тутуму

жана телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын

түзүүнүн тартиби

 

9-берене. Кыргыз Республикасындагы телерадио берүү тутуму

 

1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары алардын программаларын жана берүүлөрүн таратуунун ыкмасына карабастан мамлекеттик, муниципалдык, коомдук, жекече жана менчиктин башка формасында болушу мүмкүн, алардын бардыгы биригип Кыргыз Республикасындагы телерадио берүү тутумун түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы Кыргыз Республикасындагы телерадио берүү тутумунда өзгөчө орунду ээлейт.

2. Телерадио берүү уюму юридикалык жак катары түзүлөт, анын укуктук жактан жарамдуулугу мамлекеттик каттоого алынган жана телерадио программаларды берүү жана/же таратуу укугуна лицензия алган күндөн тартып келип чыгат.

3. Телерадио берүү уюмунун аталышында анын иш-аракет түрү камтылуусу керек.

 

10-берене. Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары

 

1. Мамлекеттик телерадио уюмдары Өкмөт тарабынан мыйзамдарды жана Президенттин жарлыктарын аткаруунун алкагында түзүлөт.

Телерадио уюмдарынын жетекчи жана байкоочу органдарын түзүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында аныкталууга тийиш.

2. Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлөт.

3. Мамлекеттик телерадио уюмдарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) телекөрүүчүлөрдү жана радиоугуучуларды Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү коомдук-саясый жана башка окуялар жөнүндө, калктын жашоо-турмушуна же болбосо саламаттыгына коркунуч туудурган өзгөчө окуялар жана кырдаалдар жөнүндө ыкчам кабардар кылуу, расмий кабарларды жарыялоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин түшүндүрүү;

2) экономикалык, публицистикалык, маданий-агартуу, медициналык, көркөм, окуу, оюн-зоок, спорттук жана бөлөк программаларды, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн программаларды түзүү же таратуу;

3) өлкөнүн элинин биримдигин, жарандык бейкуттукту сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;

4) журналистиканын жогорку стандарттарын, толеранттуулукту, ар бир адамдын укуктарын сыйлоо стандарттарын камсыз кылуу;

5) калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берүү;

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыңдоого, анын дүйнөдөгү кадыр-баркынын жогорулашына көмөк көрсөтүү.

4. Мамлекеттик телерадио уюмдарын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана өздөрүнүн кирешелеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

11-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү

корпорациясы

(КР 2011-жылдын 21-декабрындагы N 247 Мыйзамына ылайык

күчүн жоготту)

 

12-берене. Муниципалдык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары

 

1. Муниципалдык телерадио уюмдары тийиштүү аймактардын жарандарынын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жергиликтүү кеңештердин чечимдеринин негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан түзүлөт.

Муниципалдык телерадио уюмдарынын жетекчи жана байкоочу органдарын түзүүнүн тартиби, максаттары жана милдеттери ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында аныкталууга тийиш.

2. Муниципалдык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлөт.

 

13-берене. Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары

 

1. Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун катышуусу менен түзүлөт.

2. Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын түзүүдө аларды уюштуруучулар мындай телерадиоуктуруу уюмдарынын иш-аракетин калк тарабынан кошо каржылоонун маселелерин чече алышат.

Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын өз программаларын жана берүүлөрүн сунуштоосу жана аларды калктын кабыл алуусу ыктыярдуу болуп саналат.

3. Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмунун байкоочу кеңеши уюштуруучулардын, чыгармачыл жамааттын жана жарандык коомдун катышуусу менен паритеттик негизде түзүлөт.

4. Коомдук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын иш-аракет маселелери, алардын башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында жөнгө салынууга тийиш.

 

14-берене. Жекече жана башка телекөрсөтүү жана радиоуктуруу

уюмдары

 

Жекече жана башка телерадио уюмдарын жарандардын маалыматтык керектөөсүн канааттандыруу максатында жеке жана/же юридикалык жактар түзүүгө укуктуу.

 

15-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын каржылоо

 

1. Телерадио уюмдарын каржылоонун булактары болуп бюджеттик каржылоолор, абоненттик төлөмдөр, жарнаманы жасоодон жана трансляциялоодон, буйрутма боюнча телерадиопрограммаларды түзүүдөн, мыйзамдарда жана уставда каралган башка иш-аракеттерден түшкөн каражаттар, кредиттер, инвестициялар, демөөрчүлөрдүн, кайрымдуулук уюмдарынын берген салымдары саналат.

2. Телерадио уюмдарын каржылоонун булагы катары чет өлкөлүк инвестицияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилет.

 

16-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын башкаруу

 

1. Программаларды жана берүүлөрдү түзүү жагында телерадио уюмдарын башкаруу коллегиялык түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Телерадио уюмдарынын уюштуруучулары (катышуучулары) телерадио уюмунун чыгармачылык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкача көрсөтүлбөсө, телерадио уюмдарында курамынын жарымы телерадио уюмунун уюштуруучулары (катышуучулары) дайындаган, ал эми жарымы телерадио уюмунун чыгармачыл жамааты тарабынан шайланган байкоочулар кеңешин түзүү каралат.

4. Телерадиоуюмунун байкоочу кеңешине төмөнкүлөр жүктөлөт:

— телерадио журналисттердин уставды сакташына көзөмөлдүк кылуу;

— телерадио журналисттердин укуктарынын, цензурага жана телерадио уюмунун чыгармачылык ишине кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу;

— телерадио уюмунун жетектөөдөн анын жетекчисин четтетүү жөнүндө маселени кароо;

— ушул Мыйзамда жана телерадио уюмунун уставында каралган башка милдеттер менен ыйгарым укуктар.

 

17-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын уставы

 

Телерадио уюмунун уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптардан тышкары төмөнкүлөр боюнча жоболорду камтышы керек:

— берүүнүн убакытын жана мезгилдүүлүгүн аныктоо тартиби;

— телерадио уюму тараткан маалыматтын тактыгы, объективдүүлүгү, калыстыгы жана тең салмактуулугу;

— купуя маалыматты таратуу;

— үчүнчү жактардан алынган маалыматтын аныктыгы;

— маалыматты таратууда автордук жана чектеш укуктардын сакталышы;

— өлкөдөгү жана анын чегинен тышкары жерлердеги саясый, экономикалык, социалдык жана башка окуялар жөнүндө маалымат таратуу;

— демөөрчүлүк жана жарнакты таратуу;

— телерадио уюмунун башкаруу органдарын түзүүнүн жана кызмат адамдарын дайындоонун тартиби алардын иш-аракети жана ыйгарым укуктары.

 

3-глава

Телерадио берүүнү уюштуруу

 

18-берене. Берүүнү лицензиялоо

 

1. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, телерадио берүү уюмдарынын иш-аракети лицензиялануучу иш-аракеттин түрү болуп саналат.

Мында төмөнкүлөрдү пайдаланууга уруксат алгандан кийин гана лицензия берүүнүн түрү көрсөтүлүү менен телерадио берүү уюмуна берилет:

— радиожыштык спектрин, эгерде таратуу мындай спектрди пайдаланууга байланыштуу болсо;

— кабелдик түзүлүштөрдү, эгерде таратуу зым каражаттарды пайдаланууга байланыштуу болсо.

2. Программаларды таратуунун аймагына жараша берүүнүн аймактык категориясы жана берүү каналынынын же көп каналдуу телетармактын төмөнкүдөй аймактык категориясы аныкталат:

жалпы улуттук берүү — Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына берүү;

жергиликтүү берүү, анын ичинде аймактык берүү — белгилүү бир администрациялык аймакка (область, район, бир нече калктуу конуш), эгерде кабелдик болсо, калктуу конуштун чектеринде берүү.

3. Берүүгө көрсөтүүгө лицензияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте конкурстук негизде (ачык конкурстардын натыйжалары боюнча) же конкурссуз (арыз берүү принциби боюнча) жүзөгө ашырылат.

 

19-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмунун берүүсүнүн

программалык концепциясы

 

1. Телерадио уюмдарында берүүнүн программалык концепциясы милдеттүү түрдө болуусу керек.

2. Телерадио уюмунун берүүсүнүн программалык концепциясында төмөнкүлөр аныкталат:

— өзү даярдаган программалардын үлүшү;

— улуттук аудиовизуалдык продуктунун минималдуу үлүшү; чет өлкөдө чыгарылган аудиовизуалдык продукциялардын максималдуу үлүшү; кайра трансляциалоо болжолдонуп жаткан программалардын жана берүүлөрдүн максималдуу көлөмдөрү жана болжолдуу тизмеги; программалардын жана берүүлөрдүн жанрдык бөлүштүрүлүшү (жанрлар боюнча);

— коомдун дене-бойдук, акыл-эстик жана моралдык оң жактуу өнүгүүсүнө эсептелген программаларды жана берүүлөрдү таратуунун саясаты.

3. Телерадио уюмунун берүүсүнүн программалык концепциясынын негизин маалыматтык-аналитикалык, публицистикалык, маданий-көркөм, илимий-агартуучу жана оюн-зооктук берүүлөр түзүүгө тийиш.

 

20-берене. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү кайра

трансляциялоо

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында телерадио программаларды жана берүүлөрдү кайра трансляциялоого чек коюлбайт.

2. Кайра трансляциялоону жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн жана буга даярдоочудан уруксат алган телерадио берүү уюму кайра трансляциялоого арналган программалардын мазмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктоого милдеттүү.

3. Теле жана/же радиопрограммаларды кайра трансляциялоо укугу берүү лицензиясы менен аныкталат.

4. Кайра трансляциялоонун максималдуу көлөмү жана кайра трансляциялоо үчүн каралган программалардын жана берүүлөрдүн болжолдуу тизмеги (жанрлар боюнча) берүүнүн программалык концепциясында аныкталат.

 

21-берене. Берүүнүн башталышы

 

1. Телерадио берүү уюму өз берүүлөрүн тийиштүү лицензия алган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен баштоого укуктуу. Берүүлөрдүн башталышы жөнүндө ал берүүгө лицензия берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга он күндүк мөөнөттө маалымдоого милдеттүү.

2. Лицензияда көрсөтүлбөгөн аймакка уктуруу-көрсөтүүгө, ошондой эле берүү каналын ижарага жана кайра ижарага берүүгө жол берилбейт.

 

22-берене. Спутниктик берүү

 

Спутниктик берүү төмөнкү максаттар үчүн пайдаланылат:

 

— телерадио уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым аймактарына таратуу;

— телерадио уюмдарынын ортосунда программаларды жана берүүлөрдү алмашуу.

Спутниктик берүүнү пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

 

23-берене. Чыгарылыш маалыматтары

 

1. Телерадио уюму өзүнүн чыгарылыш маалыматтарын (аталышын, үн чакырыктарын, логотибин же эмблемасын) берүү учурунда кабарлоого милдеттүү.

2. Телеберүүлөрдү трансляциялоодо телерадио уюму логотипти же башка чыгарылыш маалыматтарын пайдаланат.

 

24-берене. Берүүнү токтотуу

 

1. Берүүнү токтотуу үчүн негиз болуп, эгерде анын колдонулуу мөөнөтү узартылбаса, лицензиянын мөөнөтүнүн бүтүшү же ушул Мыйзамдын талаптарына жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык лицензияны токтотуу же кайра алуу (жокко чыгаруу) эсептелет.

2. Лицензиянын колдонулуу мөөнөтү аяктаган же ал жокко чыгарылган күндөн тартып бир сутканын ичинде лицензиат берүүсүн токтотууга милдеттүү.

3. Лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө расмий билдирүүнү алгандан кийин берүүнү улантуу мыйзамга ылайык телерадио уюмунун жетекчисинин, берүүнүн техникалык каражаттарын эксплуатациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү тийиштүү телекоммуникация операторунун жетекчисинин жоопкерчилигине алып келет.

 

25-берене. Кабарчылык пункттар

 

1. Телерадио уюму Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жактарда кабарчылык пункттарды ачуу укугуна ээ.

2. Кабарчылык пункт телерадио уюмун маалыматтык жактан камсыз кылуу максатында түзүлгөн анын түзүмдүк бөлүгү (филиалы) болуп саналат.

3. Кабарчылык пункттар телерадио уюмунун берүү каналында өз алдынча берүүлөрдү жана маалыматтык жана жарнактык кошумчаларды жүзөгө ашырууга укуксуз.

 

26-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын чыгармачыл

кызматкерлерин аккредитациялоо

 

1. Телерадио уюму аккредитациялоо тартиби колдонулган мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда өзүнүн чыгармачыл кызматкерлерин аккредитациялоо укугуна ээ.

2. Аккредитациялоо эрежеси бардык телерадио уюмдары үчүн негиздүү, бирдей жана тең болуусу керек. Аккредитациялоо эрежеси аккредитациялоо тартиби колдонулган тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мекеме, уюм же ишкана тарабынан жарыя кылынууга тийиш.

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мекеме, уюм, ишкана, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, телерадио уюмунун өкүлдөрүн эркин киргизүүдөн жана аккредиттациялоодон баш тарта албайт.

 

27-берене. Башка телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын

программаларын же берүүлөрүн пайдалануу укугуна уруксат

берүү

 

1. Башка телерадио уюмдарынын программаларын же берүүлөрүн пайдалануу «Автордук укук жана аралаш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Чет элдик телерадио компаниялардын программаларын таркатууда, аудиовизуалдык продукциянын менчик ээлери менен макулдашууларда аныкталган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, программага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынат.

 

28-берене. Аудиовизуалдык чыгармаларды эсепке алуу жана алардын

көчүрмөлөрүн (жазылмаларын) сактоонун тартиби

 

1. Ар бир телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган берүүлөрдүн эсеп журналын жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Берүүлөрдүн эсеп журналында төмөнкүлөр жазылат:

— берүүнүн чыгарылган күнү, башталган жана аяктаган убактысы;

— берүүнүн аталышы жана темасы;

— берүүнүн авторлорунун жана алып баруучулардын фамилиялары;

— берүүнүн тили.

3. Берүүлөрдү эсепке алуу журналы андагы акыркы жазуу киргизилген күндөн тартып бир жыл бою телерадио уюмунда сакталат.

4. Телерадио уюму трансляциялаган же кайра трансляциялаган же трансляцияланышын камсыз кылган бардык берүүлөр жазылып алынууга тийиш жана, эгерде төмөндө көрсөтүлүүчү мөөнөттө алардын мазмунуна карата даттануулар түшпөсө, таратылган күндөн тартып 30 күн бою сакталат.

5. Берүүлөрдүн мазмунуна карата даттануулар түшкөн учурда анын жазылмалары даттануу каралып, белгиленген тартипте ал боюнча чара көрүлгүчө сакталат.

6. Тарыхый, көркөм, маданий же башка баалуулукту түзгөн телерадио берүүлөрдү узак мөөнөткө сактоонун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

 

29-берене. Расмий билдирүүлөрдү жана башка милдеттүү маалыматтарды

таркатуу

 

1. Мамлекеттик жана коомдук телерадио уюмдары Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий билдирүүлөрүн акысыз таратууга милдеттүү.

2. Телерадио уюмдары менчик формасынын түрүнө карабастан, өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билдирүүлөрдү акысыз таратууга милдеттүү. Бул максаттарда телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну акысыз пайдаланууга өзгөчө кырдаалдардын шарттарында чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу бийлик органдары жана кызмат адамдары укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин сессияларын трансляциялоо Жогорку Кеңештин сессиясынын чечими боюнча, мамлекеттик буйрутмага ылайык жүргүзүлөт.

4. Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Премьер-министрдин талабы боюнча мамлекеттик телерадио уюмдары мамлекеттин турмушунун маанилүү маселелери боюнча шашылыш расмий чыгып сүйлөө үчүн аларга убакыт бөлүп берет.

5. Мамлекеттик телерадио уюмдары өздөрүнүн программаларында Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын депутаттык ишмердик маселелери боюнча чыгып сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн убакытты жана формаларын караштырууга милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын башка маселелер боюнча берүүлөргө катышуусу жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

 

30-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын шайлоо

процесси мезгилиндеги иш-аракети

 

Телерадио уюмдарынын шайлоо процесси мезгилиндеги иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

31-берене. Өзгөчө жагдайлардагы берүү

 

1. Кыргыз Республикасында же анын айрым жерлеринде өзгөчө жана\же согуш абалы мезгилинде телерадио берүү уюмдарынын ишинин өзгөчө режими мыйзамга ылайык белгилениши мүмкүн.

2. Өзгөчө жана/же согуш абалында берүүнү жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

 

32-берене. Жарнак

 

Телерадио берүү уюмдары өздөрүнүн программаларында жана берүүлөрүндө «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жарнактарды жайгаштырууга укуктуу.

 

33-берене. Телерадио берүүлөрдү түзүүгө демөөрчүлөрдүн катышуусу

 

1. Телерадио уюмдары же телерадио берүүлөрдү жасоочулар болуп эсептелбеген юридикалык жана жеке жактар телерадио программаларды жана берүүлөрдү чыгарууга түздөн-түз же ортомчулук каржылоого катыша алат.

2. Демөөрчү тарабынан каржыланган телерадио берүүлөрдө демөөрчү тууралу маалыматтар (аталышы же аты, соодалык же фирмалык маркасы, эмблемасы) берүүнүн башталышында же аягында титр же диктордук текст аркылуу так жана туура берилүүгө тийиш.

3. Демөөрчүнүн реквизиттери (дареги, телефону, эсептик дареги ж.б.), ошондой эле товардын же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлүк сапаттары көрсөтүлбөйт.

4. Программаларды же берүүлөрдү трансляциялап жаткан учурда ар кандай түрдө же ар кандай ыкмалар менен демөөрчүлөр тууралу маалыматты билдирүүгө тыюу салынат.

5. Демөөрчү тарабынан каржыланган телерадио программалар жана берүүлөр же алардын курамдык бөлүктөрү товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышына карата түз же кыйыр шилтемелерди камтыбоосу керек.

6. Демөөрчүлөр телерадио программалардын жана берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн убактысына жана мазмунуна таасир көрсөтүүгө, ошондой эле телерадио уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин кесипкөйлүк иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

7. Демөөрчүлүк телерадио программалардын жана берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн мазмуну үчүн телерадио уюмун жоопкерчиликтен бошотпойт.

8. Иш-аракетинин негизин товарларды чыгаруу жана кызматтарды көрсөтүү же сатып өткөрүү түзгөн жана аларды жарнактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телекөрсөтүүдө жана/же радиоуктурууда тыюу салынган юридикалык жана жеке жактар демөөрчү боло алышпайт.

 

34-берене. Берүүлөрдүн анонстору

 

1. Берүүлөрдүн анонстору телекөрүүчүлөр жана радиоугуучулар үчүн маалымат болуп эсептелет жана ушул Мыйзамдын 39-40-беренелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.

2. Берүүлөрдүн анонстору «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык көрсөтүлөт.

 

4-глава

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын жана

алардын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

 

35-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын укуктары

 

Телерадио уюмдары, алардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өздөрүнүн уставдык иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды менчик формасына карабастан мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алууга укуктуу.

 

36-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын жамааттарынын

укуктары

 

1. Телерадио уюмдарынын жамааты чыгармачыл кызматкерлерден жана башка телерадио кызматкерлеринен турат.

2. Телерадио уюмунун жамааты өзүнүн кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, телерадио уюмунун чыгармачыл ишинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу тууралу талаптарды коюуга укуктуу.

3. Телерадио уюмунун жамаатынын чогулушу телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын шайлайт.

Жамааттын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) телерадио уюмунун жамаатынын чогулушуна катышууга, анда каралуучу маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

2) телерадио уюмунун байкоочулар кеңешинин курамына талапкерлерди сунуш кылууга, анын курамына шайланууга;

3) кызматкерлердин укуктарын, телерадио уюмунун чыгармачыл иш-аракетинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу талаптарын бузуу маселелери боюнча, телерадио уюмунун уставын бузуулар тууралу байкоочулар кеңешине кайрылууга.

 

37-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын милдеттери

 

1. Телерадио уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;

2) объективдүү маалыматтарды таратууга;

3) башка телерадио уюмдарынын программаларын берүүдө жана кабыл алууда, телекоммуникация каражаттарынын иштөөсүндө тоскоолдуктарды түзбөөгө;

4) телерадио берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарын жана техникалык параметрлерин сактоого;

5) мыйзамдарда белгиленген жарнак иш-аракетинин жана демөөрчүлүктүн эрежелерин аткарууга;

6) бардык элдердин улуттук кадыр-баркына, улуттук өзгөчөлүгүнө жана маданиятына карата урматтоо менен мамиле кылууга;

7) өз ысмын жарыялабоо шартында маалыматты же башка материалды берген адам жөнүндө маалыматты документтик ырастоонун негизинде купуя сыр катары сактоого;

8) соттолуучу адамдын күнөөсүздүк презумпциясын бузган материалдарды таратпоого;

9) эгерде коомдук зарылдык болуп саналбаса, жарандын жеке турмушу жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз жарыялабоого. Эгерде сот жарандын жеке турмушу жөнүндө маалыматты таратуу коомдук зарылдыкты туудурбай тургандыгын тааныса, моралдык залал жана материалдык зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамындарында белгиленген тартипте төлөнүп берилет.

10) таратылган маалымат анык эмес деп таанылганда төгүндөө берүүгө д.у.с.

 

38-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын чыгармачыл

кызматкерлеринин милдеттери

 

1. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) телерадио уюмунун программалык концепциясын сактоого, анын уставын жетекчиликке алууга;

2) өзү алган маалыматтын аныктыгын текшерүүгө;

3) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтарды таратууга жол бербөөгө;

4) жарандардын ар-намысын жана беделин түшүргөн, мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган маалыматтарды телерадио программаларда таратуу учурларына жол бербөөгө;

5) ушул Мыйзамдан жана телерадио уюмунун уставынан жана телерадио уюмунун алар менен түзгөн эмгек келишиминен келип чыккан башка талаптарды аткарууга.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер телерадио уюмунун штаттан тышкаркы чыгармачыл кызматкерлерине да таркалат.

3. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери шайлануучу кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндө, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну пайдаланууда ал башка талапкерлер менен бирдей укукка ээ.

4. Телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери шайлануучу кызмат ордуна талапкердин ишенимдүү адамы болсо, анын кызыкчылыктарында өзүнүн кызмат абалын пайдаланууга укуксуз.

 

5-глава

Телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугуучулардын укугу

 

39-берене. Телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугуучулардын укуктарын

коргоо

 

1. Телекөрүүчүлөр жана радиоугуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алууга мүмкүн болгон телерадио уюмдардын программаларын кабылдоого;

2) берүүлөрдүн ырастамасы жөнүндө маалымат алууга;

3) тийиштүү программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну жана техникалык сапаты боюнча сын-пикирлери жана сунуштары менен телерадио уюмдарына, алардын түзүүчүлөрүнө кайрылууга жана өз кайрылуусуна жазуу жүзүндө же берүү убагында тикелей жооп алууга;

4) телерадио уюмдарында алар жөнүндө таратылган маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте төгүндөөгө.

 

40-берене. Коомдук моралды коргоо жана жашы жете электердин жана

өспүрүмдөрдүн укуктарын камсыз кылуу

 

1. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүдө, даярдоодо жана таратууда телерадио уюмдары коомдук моралды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосу керек.

2. Жашы жетелектердин жана өспүрүмдөрдүн дене-бойлук, интеллектуалдык жана руханий өнүгүшүнө залал келтирүүчү программаларды жана берүүлөрдү таратууга, ошондой эле анонстоого сутканын саат 23.00дөн 6.00гө чейинки мезгилинен тышкаркы обо убактысында таратууга телерадио уюмдарына тыюу салынат.

Мындай программалар жана берүүлөр атайын эскертүүлөр менен жабдылуусу жана телерадио уюмдарынын программаларынын ырастамасында тийиштүү түрдө белгиленүүсү, аларды трансляциялоонун алдында атайын кабарлануусу керек.

3. Телерадио берүү уюмдары өздөрүнүн программаларында жана берүүлөрүндө жашы жете электин керт башына тиешеси бар кандайдыр бир маалыматты алардын ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү укук сактоо органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарыя кылууга укуксуз.

 

41-берене. Маалыматты бурмалоого жол берилбестик

 

1. Телерадио уюму үчүн маалымат берген жана маек курган адам тийиштүү берүүнү трансляциялоодон мурда аны көрүүгө жана/же угууга укуктуу.

2. Маалыматтын анык эместигине жана толук эместигине байланышкан талаштар сот тартибинде каралат.

 

42-берене. Төгүндөөгө укук

 

1. Жаран же юридикалык жак телерадио уюмунан анын программасында же берүүсүндө таратылган чындыкка жатпаган жана/же адамдын ар-намысын жана беделин түшүргөн маалыматтарга төгүндөө берүүнү талап кылуу укугуна ээ.

2. Эгерде жарандын өзү төгүндөөнү талап кылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жарандын өкүлдөрү төгүндөөнү талап кылуу укугуна ээ.

3. Төгүндөөнү талап кылуу арызы телерадио уюмуна мындай маалыматтар таратылган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

4. Телерадио уюму, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса, арыз келип түшкөн күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө арызды кароого милдеттүү.

5. Телерадио уюму арыз берүүчүнүн талабы боюнча ага программанын же берүүнүн тиешелүү бөлүгүн акысыз угууга (көрүүгө) мүмкүнчүлүк берүүгө же ошол бөлүктүн жазылмасынын көчүрмөсүн тиешелүү акы төлөө менен берүүгө милдеттүү.

6. Эгерде телерадио уюмунда ал тарабынан таратылган маалыматтын чындыкка жатары жөнүндө толук далилдер болбосо, ал аны тезинен төгүндөөгө милдеттүү.

7. Төгүндөө чындыкка жатпаган маалымат таратылган телерадио уюму жана анын программасы же берүүсү аркылуу таратылууга же укугу бузулган адам менен макулдашып башка учурда жарыя кылынууга тийиш.

8. Төгүндөөдө кандай маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгы, алар телерадио уюмунун кайсы программасында же берүүсүндө таратылгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.

9. Эгерде жаран же юридикалык жак төгүндөөнүн текстин сунуш кылса, ал ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген шартта таратылууга жатат. Арыз берүүчү берген төгүндөөнүн текстин анын макулдугусуз кыскартууга же ага башка өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

10. Төгүндөөнүн текстин таратууга милдеттүү болгон телерадио уюму жарандын же юридикалык жак жиберген өкүлдүн талабы боюнча ага өз текстин окуп берүүгө жана аны жазып алып уктурууга же көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

11. Төгүндөөнүн текстинин мазмуну жана таратуунун болжонгон мөөнөтү тууралу телерадио уюму арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

12. Телерадио уюму төгүндөөдөн баш тарткан учурда ал бул тууралу тезинен арыз берүүчүгө билдирүүгө милдеттүү.

13. Төгүндөө жөнүндө соттун чечими чыккан учурда төгүндөөнүн тексти ушул Мыйзамда аныкталган тартипте телерадио уюму тарабынан таркатылат.

 

43-берене. Жооп берүүгө укук

 

1. Телерадио уюмунун программасында же берүүсүндө өзүнө карата чындыкка жатпаган же өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укугун бузган маалыматтар таратылган жаран же юридикалык жак, төгүндөө талабы менен арыз берилгендигине же берилбегендигине көз карандысыз түрдө, ошол телерадио уюмунун программаларында жана берүүлөрүндө жооп берүүгө (чечмелөөгө же иштин жагдайын өзүнчө түшүндүрүүгө) укугу бар.

2. Жооп берүүгө (чечмелөөгө же иштин жагдайын өзүнчө түшүндүрүүгө) арыз берүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын 42-беренесинде аныкталат.

 

44-берене. Материалдык жана моралдык зыяндардын ордун толтуруу

 

Моралдык жана материалдык зыяндардын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык толтурулат.

 

45-берене. Чындыкка жатпаган маалыматты тараткандыгы үчүн

жоопкерчиликтен бошотуу

 

1. Чындыкка жатпаган маалыматты тараткандыгы үчүн телерадио уюму жана анын кызматкерлери төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартышпайт:

1) эгерде бул маалымат расмий билдирүүлөрдө камтылса же мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жазуу жүзүндө алынса;

2) эгерде бул маалымат мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тарабынан жарыяланган (жазуу жүзүндө же оозеки) билдирүүлөрдөн жана чыгып сүйлөөлөрдөн сөзмө-сөз келтирүү болуп саналса;

3) эгерде бул маалымат алдын ала жазып алуусуз таратылса жана телерадио уюмунун кызматкери болуп эсептелбеген адамдардын сүйлөгөн сөздөрүндө камтылса;

4) эгерде ал башка массалык маалымат каражатынын же маалымат агенттигинин материалдарынын ага шилтеме берүү менен кайра берилиши болуп эсептелсе;

5) эгерде жоопкерчиликтен бошотуу башка мыйзамда каралса.

 

6-глава

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагындагы

эларалык кызматташтык

 

46-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу тармагындагы эл аралык

кызматташтык

 

1. Телерадио уюмдарынын чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен кызматташуусу келишимдердин, макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде бул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

 

47-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын өкүлдөрүнүн

иш-аракети

 

1. Чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын чет элдик кабарчыларын аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын тийиштүү телерадио берүү уюмдарынын же чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

2. Аккредитацияланган чет элдик кабарчылар телерадио уюмунун кызматкеринин ушул Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

3. Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында аккредиттацияланбаган чет элдик телерадио уюмдарынын өкүлдөрү өз иш-аракетин чет өлкөлүк юридикалык жак катары жүзөгө ашырат.

 

7-глава

Корутунду жоболор

 

48-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасында 2008-жылдын 6-июнунда N 40-41 жарыяланды

 

2. Ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген бардык лицензиялар алардын көрсөтүлгөн колдонулуу мөөнөтү аяктагыча күчүндө болот. Берүүгө карата лицензиянын колдонулуу мөөнөтүн узартууда лицензия ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын лицензиялык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.

4. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык телерадио уюмдары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде өздөрүнүн уставдарын бекитүүгө жана кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

6. «Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2007-жыл, 6-апрель, N 25) күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

 

2008-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган