Бишкек шаары

1998-жылдын 2-апрели N 31

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Электр жана почта байланышы жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2001-жылдын 7-ноябрындагы N 88 Мыйзамынын,

2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын,

2003-жылдын 11-июнундагы N 103 Мыйзамынын

2005-жылдын 4-июлундагы N 89 Мыйзамынын,

2007-жылдын 15-августундагы N 152 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Электр жана почта байланышы жагындагы мамлекеттик баш-

каруу органдары

III бөлүм. Электр жана почта байланышы жагындагы жөнгө салуулар

IV бөлүм Электр жана почта байланыш жагын лицензиялоо жана сер-

тификациялоо

V бөлүм. Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердик

VI бөлүм. Электр байланышынын тарамдары, кызматтары жана сырткы

жабдуулары

VII бөлүм. Электр жана почта байланышынын операторлорунун, электр

байланышынын кызматтарынын жана почта байланышынын иш-

каналарынын аткаруу бийлигинин органдары жана башка

ишканалар жана уюмдар менен болгон өз ара мамилелери

VIII бөлүм. Корутунду жоболор

 

Электр жана почта байланышы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурасынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат жана жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электр жана почта байланышынын тейлөөсүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кызмат кылат.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында байланыш тарамдарын иштетүүнүн жана электр жана почта байланышынын тейлөө кызматынын укуктук негиздерин белгилейт, ушундай тейлөөлөрдү жөнгө салууга укугу бар мамлекеттик аткаруу органдарынын компетенциясын, тейлөө үчүн керектүү болгон уруксат алуулардын тартибин жана ошондой эле электр жана почта байланышынын тарамдарын иштетүүчү жана электр жана почта байланышынын тейлөөсүнөн пайдалануучу жеке жана юридикалык жактардын (Кыргызтелекомду кошуп эсептегенде) жана ушул тейлөөдөн пайдалангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

Ушул Мыйзамдын жоболорунун аракети Кыpгыз Республикасынын территориясында электр жана почта байланышы жагында өздөрүнүн ишмердигин жүргүзүшкөн бардык жеке жана юридикалык жактарга таркатылат.

 

I бөлүм

Жалпы жоболор

 

1-статья. Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердиктин

талаптары

 

Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердик төмөндөгүдөй талаптардын:

— электр жана почта байланыш тейлөөлөрүн атаандаштыктын, жекече ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде ишке ашыруунун;

— электр жана почта байланышы жагындагы саясатты иштеп чыгуу жана почта байланышынын ишканаларынын, электр байланышынын операторлорунун жана кызматтарынын ишмердигин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин кызматтарын электр жана почта байланышынын тарамдарын иштетүү жана тейлөө боюнча кызматтардан ажыратуунун;

— электр жана почта байланышынын жогорку сапаттуу традициялык жана инновациялык тейлөөсүнө бардык мүмкүнчүлүктөр менен колдоо көргөзүүнүн;

— чет өлкөлүк инвестицияларды электр жана почта байланыш тарамына тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн;

— электр жана почта байланышынын тейлөө кызматынан ишенимдүү берилишин жана электр байланышынын тарамдарынын эл аралык электр байланыш тарамдары менен сыйымдуу шайкеш иштешин камсыз кылуунун;

— өзгөчө кырдаалдардын учурунда жана мамлекеттик башкаpуу, коpгоо, коопсуздук, укук таpтибин сактоо жагындагы милдеттерди аткаруу үчүн электр байланыш тарамдарына чыгуунун ачыктыгынын;

— жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамдарынын жана тейлөөлөрүнүн жана почталык байланыш тейлөөсүнүн бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн бирдей ачыктыгынын;

— почта байланышынын ишканалары, электр байланышынын операторлору жана кызматтары тарабынан пайдалануучулардын маалыматтарынын купуялыгынын сакталышынын негизинде жүзөгө ашырылат.

 

2-статья. Аныктамалар

 

Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

Абоненттин учугу — жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамынын абонентти түздөн түз ушул тарамга кошуучу бөлүгү;

Электp байланышынын ички таpамы — жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамына эч кандай кошулбай иштетилүүчү жана бир ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын чегинде ушундай ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын ички керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн түзүлгөн же пайдаланылуучу электр байланышынын тарамы;

Электp байланышынын жабык таpамы — электр байланышын пайдалануучулардын чектелген гана чөйрөсүн тейлөө үчүн колдонулуучу электр байланышынын тарамы;

Кыргызтелеком — ушул ишкананын укук мураскору болуп эсептелген акционердик коом же ар кандай юридикалык жак;

Лицензия — гражданга же юридикалык жакка электp жана почта байланышы жагындагы ишмердиктин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө же белгиленген аракеттерди жасоого компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат;

Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору — уюлдук байланышка ар бир кайрылууда жана өтүнүч жасоодо түзүлүштө ишенимдүү таанып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн мобилдик түзүлүштү чыгаруучу тарабынан орнотулган мобилдик телефондогу же коммутатордогу 15 орундуу (4 блоктон турган) өзгөчөлүү номер;

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын чектелүү тарамы — өзүнө абоненттик учуктарды, чектелүү коммутаторлорду жана алар менен байланышкан өткөрүү линияларын же башка каражаттарды камтыган жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамы;

Сырткы жабдуу — абоненттик учуктар аркылуу же зымдык, оптиковолокондук жана электpомагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түздөн-түз же түздөн-түз эмес электр байланышынын тарамдарына кошулуучу, пайдалануучуга билдиpүүлөpдү беpүүгө, кайpа түзүүгө же кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү техникалык каpажаттаp жана түзүлүштөр;

мобилдик уюлдук байланыштын оператору — электр байланыштар тармагын эксплуатация кылган жана кошо алып жүрүүчү радиотелефон байланышынын кызматын көрсөткөн ар кандай юридикалык же жеке жак.

Почта байланышынын оператору — почта байланышынын тарамын иштетүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак;

Электр байланышынын оператору — электр байланышынын тарамын иштетүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак;

Почта байланышы — почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу, багыты боюнча жөнөтүү жана жеткирүү;

Почта жөнөтмөлөрү — алуучуларга жөнөтүүгө жана тапшырууга почта байланышынын ишканалары милдеттендирилген буюмдар, басылмалар , мезгилдүү басылмалар, кат-кабар жөнөтмөлөрү, билдирүүлөр жана дагы башка маалыматтар, ошондой эле акча каражаттары жана баалуу кагаздар жана ушул сыяктуулар.

Почта байланышынын ишканалары — почта байланышынын тейлөө кызматын көрсөтүүчү юридикалык жактар;

Өкмөттүн байланыш тарамы — мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматты жиберүүнү камсыз кылуучу жана тынчтык жана согуш мезгилинде мамлекеттик башкаруунун кызыкчылыктарында иштетүүчү байланыштын атайын тарамы;

Радиожыштык спектри — радиобайланышты, эфирде теле- жана радиоберүүлөрдү уюштурууда жана физикалык туташтыруусуз электр сигналы берилген дагы башка учурларда пайдаланылуучу мейкиндик аркылуу жасалма өткөргүчсүз таралуучу электромагниттик толкундардын (радиотолкундарынын) 3 КГц ( 3000 ГГц чегиндеги жыштыктарынын жыйындысы;

Ылайык сертификаты (мындан ары «Сертификат») — электр жана почта байланышынын сертификацияланууга тийиш болгон жабдууларынын жана продукцияларынын (кызмат көpсөтүүлөрүнүн) белгиленген талаптарга туура келгендигин күбөлөндүpүүчү, сертификация тутумунун эрежелери боюнча берилүүчү документ;

Почта байланышынын тарамы — почта байланышынын бирдиктүү тутумун түзгөн почта байланышынын ишканаларынын, почта байланышынын пункттарынын жана почта маршруттарынын жыйындысы;

Электp байланышынын таpамы — электр байланышынын билдиpүүлөpүн, буга үн, добуш, визуалдык билдиpүүлөp, маалыматтаpды жана сүрөттөрдү жибеpүү, ошондой эле ушундай билдиpүүлөpдүн ар кандай элементтери да кирет, жөнөтүүчү, коммутациялоочу же жибеpүүчү зым, радио-, оптикалык же дагы башкача электромагниттик тутум;

Жалпы пайдалануудагы электp байланышынын таpамы — Кыpгыз Республикасындагы же анын чегинен тышкаркы эки же биp канча сырткы пункттаpдын оpтосунда байланышты камсыз кылуучу электр байланышынын жалпы пайдаланылуучу тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн түзүлгөн же пайдаланылуучу жана бардык пайдалануучулар чыга ала турган электр байланышынын тарамы;

Кабелдик телекөрсөтүү тутуму — кабелдик телекөрсөтүүнүн тейлөө кызматына берүү үчүн түзүлгөн тарам;

Электр байланышынын кызматы — негизги ишмердиги электр байланышынын тейлөөсүн өзүмдүк тарамдары же башка тарапка тиешелүү болгон электр байланышынын тарамдары аркылуу берүү болгон жеке же юридикалык жак;

Тейлөө үчүн кошумча нарк — электр байланышынын тейлөөсүнөн пайдаланып жаткан учурда билдирүүлөрдүн формасын, мазмунун, кодун, протоколун же дагы башка ушул сыяктуу мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүчү; маалыматты реструктуралоочу, толуктоочу же берүүчү же маалымат менен пайдалануучунун өз ара аракеттешүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү тейлөөлөр;

Кабелдик телекөрсөтүүнүн тейлөө кызматы — абоненттердин белгилүү бир группасына же белгилүү бир территорияда жашап жаткан абоненттерге видео- же дагы башка программаларды кабелдик телекөрсөтүү тутуму аркылуу бир тараптуу берүү;

Почта байланышынын тейлөө кызматы — почта байланышынын ишканалаpынын почта жөнөтмөлөрүн акы алуу менен кабыл алуу, жөнөтүү жана жеткиpүү боюнча тейлөөсү жана келишимдик негиздеги дагы башка тейлөөлөрү;

Массалык маалымат каражаттарынын тейлөө кызматы — калк үчүн акысыз, акы алуу, жазылуу же башка негиздер менен зымсыз радио- же телеберүүлөрдүн, кабелдик, спутниктик же жердеги теле көрсөтүүлөрдүн тейлөө кызматы же дагы башка электрондук берүүлөрдүн каражаттарынын жардамы менен радио же телепрограммаларды түзүү жана берүү;

Жалпы пайдалануудагы телефон кызматынын тейлөөлөрү — калкка коммеpциялык негизде pеалдуу убакытта үн менен берилүүчү билдирүүлөрдү абоненттик точкаларга жана абоненттик точкалардан түз берүү жана коммутациялоо боюнча тейлөө, бул точкалардын жардамы менен пайдалануучу электр байланышынын жалпы пайдалануучу тарамына кошулат, ошондуктан ар бир пайдалануучу сырткы жабдууну башка абонент менен кошулуу үчүн пайдалана алат;

Электр байланышынын кызматы (электр байланыш тейлөөсү) — бир же бир нече жеке же юридикалык жактарга сунуш кылынуучу, электр байланышынын билдирүүлөрүн кабыл алуу жана берүү боюнча тейлөөлөр. Электр байланышынын тейлөөлөлөрү өзүнө массалык маалымат каражаттарынын ишин камтыбайт;

Электр байланышынын ички колдонуудагы тейлөө кызматы — электр байланышынын ички тарамдарынын пайдалануучуларына берилүүчү же алар үчүн ачык болгон электр байланышынын кызматы;

Пайдалануучулардын чектелген чөйрөсү үчүн электр байланышынын тейлөө кызматы — жалпы бизнеси же электр байланышынын тейлөө кызматына берүүдөн айырмаланган дагы башка кызыкчылыгы бар пайдалануучулардын тобуна көрсөтүлүүчү электр байланышынын тейлөө кызматы;

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматы — электр байланышынын жалпы пайдалануудагы тарамына туташтырылган ар кандай абонент менен пайдалануучуну бириктирүүнү камсыз кылган электр байланышынын жалпы элге сунуш кылынуучу кызматы;

Электp байланышы (электрбайланыш) — зымдын, pадио-, оптикалык же башка электpомагниттик түзүлүштөрдүн жардамы менен тамгаларды, жазма тексттерди, сүpөт-чиймелеpди жана үндөрдү, же ар кандай башка түpдөгү маалыматтарды ар кандайча беpүү же кабыл алуу.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 103 Мыйзамынын, 2007-жылдын 15-августундагы N 152 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Электр жана почта байланышы жагындагы Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары

 

Электр жана почта байланышы жагындагы мамилелер ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат. Бул Мыйзам менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда бул Мыйзамдын жоболору артыкчылыкка ээ болот.

 

II бөлүм

Электр жана почта байланышы жагындагы

мамлекеттик башкаруу органдары

 

4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр жана почта

байланышы жагындагы ыйгарым укуктары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү байланыш тарамын өнүктүрүүнүн программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын аткарылышынын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр жана почта байланышы жагындагы ыйгарым укуктары:

— байланыш тарамындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

— инвестицияларды тартуу үчүн керектүү шарттарды түзүү;

— байланыш тарамын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

— байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдүгүн камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамга ылайык электр жана почта байланышын башкаруу жагындагы өзүнүн ыйгарым укуктарын, өзүнүн кызмат укуктарынын чектеринде электр жана почта байланышынын бардык түрлөрүнүн абалына жана өнүгүшүнө жооп берүүчү Транспорт жана байланыш министрлигине, Улуттук байланыш агентствосуна жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына өткөрүп бериши мүмкүн.

 

5-статья. Транспорт жана байланыш министрлигинин кызматтары

 

Транспорт жана байланыш министрлиги төмөндөгүдөй кызматтарды аткарат:

— Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын жана Улуттук байланыш агентствосунун сунуштарын эске алуу менен электр жана почта байланышы жагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;

— электр жана почта байланышы жагындагы мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды жана байланыш боюнча эл аралык маселелерди талкуулоого Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланыштуу сунуштарды даярдоо;

— тиешелүү ыйгарым укуктар берилсе байланыш маселелери боюнча башка мамлекеттер жана өкмөттөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле тиешелүү келишимдерди түзүү;

— маркалар, открыткалар, конверттер сыяктуу почта төлөмдөрүнүн белгилерин басып чыгаруунун тартибин жөнгө салуу;

— мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын коопсуз, туруктуу жана ишенимдүү өкмөттүк байланыш менен камсыз кылуу;

— Кыpгыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен ага жүктөлгөн дагы башка кызматтарды аткаруу.

Транспорт жана байланыш министрлиги жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик

комиссиясынын кызматтары жана ыйгарым укуктары

 

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы министрликтердин жана ведомстволордун радиожыштык спектрин пайдалануу жагындагы ишмердиктерин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясына төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:

— Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштык спектрин пайдалануунун тартибин аныктоо жана сунуштарды,жалпы процедуралык эрежелерди иштеп чыгуу;

— радиожыштыктарды радиокызматтары боюнча бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жана радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын түзүү жана пландаштыруу.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы төмөндөгүлөргө укуктуу:

— Кыргыз Республикасынын территориясында радиожыштыктарды аларды пайдалануунун белгиленген тартиби бузулган учурда пайдаланууга тыюу салууга (чектөөгө);

— ушул Мыйзамдын 9-статьясынын төртүнчү жана бешинчи бөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын тилкелерди (жыштык номиналдарын) бөлүп берүү тууралу мурда кабыл алган чечимдеринин аракетин токтото турууга (токтотууга),:

— радиотаркатуулардын жана радио кабыл алуулардын ченемдерине же индустриалдык радиотоскоолдуктарынын жол берилген ченемдерине жооп бербеген радиоэлектрондук каражаттарды, электр жабдууларын жана башка техникалык каражаттарды иштеп чыгууну жана жасап чыгарууну токтото турууга жана тыюу салууга.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы өзүнүн ишмердигинде:

— улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжаларын жоюунун максаттары, ошондой эле дагы башка өкмөттүк максаттар үчүн радиожыштык спектрине болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн;

— радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын, электр байланышынын операторлорунун, массалык маалымат каражаттарынын жана башка пайдалануучулардын азыркы жана келечектеги керектөөлөрүн, ошондой эле жаңы түрдөгү тейлөө кызматтарын иштеп чыгууну жана колдоону эске алат.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын ишмердиги коомдук негизде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы учун керектүү документтерди даярдоо, уюштуруучулук, усулдук жана дагы башкача көмөк көрсөтүү, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу Улуттук байланыш агентствосуна жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республиканын Президенти тарабынан бекитилет.

 

III бөлүм

Электр жана почта байланышы жагындагы жөнгө салуулар

 

7-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу

 

Улуттук байланыш агентствосу электр жана почта байланышы жагында жөнгө салуу кызматтарын байланыш жагында ишмердикти жүргүзүүчү ар кандай электр жана почта байланышынын операторлоруна, электр байланышынын кызматтарына, почта байланышынын ишканаларына жана дагы башка юридикалык жана жеке жактарга карата көз карандысыз аткаруучу туруктуу иштөөчү мамлекеттик орган болуп саналат.

Улуттук байланыш агентствосу өзүнүн ишмердигинде ушул Мыйзамды, Кыpгыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыpгыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулган Электр байланышынын эл аралык бирлигинин жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин эрежелерин жана сунуштарын жетекчиликке алат.

Улуттук байланыш агентствосу жөнүндөгү Жобо Кыpгыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

 

8-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосунун

кызматтары жана ыйгарым укуктары

 

Улуттук байланыш агентствосу төмөндөгүдөй кызматтарды аткарат:

— электр жана почта байланышынын бардык операторлорунун, электр байланышынын кызматтарынын жана почта байланышынын ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт жана көзөмөлдөйт, анын ичинде тиешелүү эрежелерди жана нускамаларды бекитүү жолу менен;

— электр байланышынын тейлөө кызматынын сапаттуу берилишинин жана билдирүүлөрдүн купуялуулугунун, ошондой эле пайдалануучулар жөнүндө жекече маалыматтардын жашырындуулугунун сакталышынын негизинде жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматына бардык пайдаланылуучулар үчүн бирдей жол ачууну камсыз кылат;

— Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуусунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдардын учурунда жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтарына жана электр байланышынын операторлоруна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;

— жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматынын пайдаланылышынын шарттарына жана өлчөмүнө байкоо жүргүзөт;

— Кыpгыз Республикасынын аймагындагы техникалык каражаттардын өз ара байланышкан тутуму болуп саналган жана жыштык каналдарынын жана тилкелеринин пайдаланылышын жалпы ченөөнү, жиберилүүчү радиосигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радиопередатчиктерди жана жогорку жыштыктагы электромагниттик таркатылуулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана аныктоого жана радиожыштык спектрин таасирдүү пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү мамлекеттик радио көзөмөлдөө тутумун түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;

— Кыpгыз Республикасында телефондорду катар санынын улуттук планын түзөт, көзөмөлдөйт жана анын аткарылышына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзөт (буга шаар аралык жана эл аралык коддор да кирет), катар сандардын таасирдүү пайдаланышын, ошондой эле электр байланышынын операторлоруна жана электр байланышынын кызматтарына катар сандардын же катар сандардын диапазондорунун бөлүштүрүлүшүн камсыз кылат;

— байланыштын мамлекеттик инспекторлору аркылуу байланыштын берилүүчү тейлөө кызматынын сапатына жана байланыш каражаттарынын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;

— Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын сунуштарынын негизинде пайдалануучулардын жана тейлөөнүн ар кандай класстары үчүн радиожыштыктарды бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат.

Өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Улуттук байланыш агентствосуна төмөндөгүдөй ыйгарым укуктар берилет:

— «Лицензиялоо жөнүндө» Мыйзамга жана ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды берүү;

— сертификациялоону жүргүзүү, Кыргыз Республикасында колдонулуп жүргөн байланыштын жабдууларына жана тейлөө кызматына;

ошондой эле радиожыштыкты таркатуучу же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга дагы ылайыктуулук сертификаттарын берүү;

— ушул статьяга жана ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык pадиожыштыктаpды пайдаланууга уруксаттарды берүү;

— монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттик орган менен биргелешип байланыш тарамында атаандаштыкка каршы багытталган иш-аракеттерди болтурбоо үчүн керектүү деп эсептелинген чараларды көрүү (анын ичинде электр байланышынын кызматы эксклюзивдик негизде же анын үстөмдүк кылуу абалынын натыйжасында берүүчү тейлөө кызматынын мыйзамсыз кайчылаш субсидияланышы;

көзөмөлдөөнүн мыйзамсыз топтоштурулушу жана укуктун же менчиктин мыйзамсыз ээлик кылынышы;

байланыш операторунун же кызматынын өзүнүн үстөмдүк кылуу абалынан кыянаттык менен пайдаланышы; атаандаштыкты чектөөчү келишимдердин түзүлүшү;);

— ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык электр жана почта байланышынын тарамдарынын тейлөө кызматынын бааларын жана сапатын жөнгө салуу;

— электр жана почта байланышынын ишкана-монополисттеринин тейлөө кызматына тарифтерди бекитүү;

— электр байланышынын операторлорунун жана кызматтарынын жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тармдарын биргелешип пайдаланышынын шарттарын жөнгө салуу;

— стандартизация боюнча Мамлекеттик орган (Кыргызстандарт) менен биргелешип электр жана почта байланышы жагындагы, ошондой эле радиожыштыкты таркатуучу же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттар үчүн дагы улуттук стандарттарды, аларда эл аралык (регионалдык) стандарттарды колдонууга техникалык талаптарды жана ченемдерди белгилөө менен иштеп чыгуу жана каттоо;

— стандарттардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө, ушул Мыйзамды, байланыш жагындагы эрежелерди, ченемдик актыларды же лицензияларды сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү;

маалыматтарды топтоо жана алардын купуялуулугун сактоо;

керектүү учурларда текшерүүнүн жыйынтыктарын жана ага байланыштуу дагы башка материалдарды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүү;

— pадиожыштыктаpга ээ болууга уруксат алышкан юридикалык жана жеке жактардын ишмердиктеринин ошол уруксат кагазындагы жоболорго ылайык келишине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү, санкцияланбаган сигналдарды жана радиотоскоолдуктарды табуу жана жоюу, буга пайдалануучуларга коюлуучу ар кандай радиотоскоолдуктарга байкоо жүргүзүү жана бөгөт коюу талабы дагы кирет;

— ушул Мыйзамдын, ченемдик актылардын, эрежелердин жана лицензиялардын жоболорунун лицензиат тарабынан аткарылышын мажбурлоо жолу менен,колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чараларды көрүү менен камсыз кылуу;

-өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон эрежелерди, усулдук көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана башка актыларды кабыл алуу, басып чыгаруу жана алардын тиешелүү түрдө аткарылышын көзөмөлдөө;

— өзүнүн милдеттеринин аткарылышын жана максаттарынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу максатында, Улуттук байланыш агентствосуна өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде байланыш тарамынын ишканаларынын бардык документтерин, менчигинин түрүнө карабастан, эркин пайдалануу укугу берилген;

— электр байланышынын операторлору, кызматтары, почта байланышынын операторлору, ишканалары менен байланыштын тейлөө кызматтарынын пайдалангандардын ортосунда пайда болуучу талаш-тартыштарды жөнгө салуунун, үчүнчү тарапка каратуунун жана чечүүнүн так тартибин белгилөө;

— ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын дагы башка ар кандай мыйзамдарына ылайык Улуттук байланыш агентствосуна берилген дагы башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу.

Улуттук байланыш агентствосунун чечимдери менчигинин түрүнө карабастан, электр жана почта байланышы жагындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн, милдеттүү болуп саналат.

Улуттук байланыш агентствосун каржылоого кетүүчү чыгымдар лицензияларды, ылайыктуулук сертификаттарын, радиожыштыктардан пайдалануу уруксаттарын берүүгө, стандарттарды иштеп чыгууга кеткен чыгашалардын ордун толтуруу үчүн алынууучу төлөмдүн эсебинен, лицензиялоо, стандартизациялоо жана сертификациялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча көзөмөлдүк кызматтарды ишке ашыруу үчүн жыл сайын алынуучу төлөмдөрдүн эсебинен, буга мамлекеттик радио- көзөмөлдөө тутумун колдоого, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө алынуучу төлөмдү кошкондо,ошондой эле гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамынын эсебинен түзүлөт.

 

9-статья. Радиожыштык спектрин жана байланыш спутниктеринин

орбиталык жолдорун пайдалануу

 

Радиожыштык спектри мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет. Радиожыштык спектрин жана байланыш спутниктеринин орбиталык жолдорун пайдаланууну жөнгө салуу мамлекеттин жекече укугу болуп эсептелет. Электр байланышынын тарамдарын иштетүү, электр байланышынын тейлөө кызматын, массалык маалымат каражаттарынын кызматтарын же маалыматтарды жиберүүнү тейлөө максаттарында радиожыштык спектрин пайдаланууну юридикалык жана жеке жактар Улуттук байланыш агентствосунун уруксатынын негизинде жүргүзүшөт.

Радиожыштык спектринен пайдалануу уруксаты, ушул Мыйзамдын IV главасына ылайык электр байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы жана массалык маалымат каражаттары алышкан лицензиялар менен бир эле убакта берилет. Радиожыштык спектринен пайдалануу уруксаты электр байланышынын тарамдарын иштетүүгө, электр байланышынын тейлөө кызматын аткарууга, маалыматтарды жиберүүгө жана теле- радиопрограммаларды таркатууга берилүүчү лицензиялардын мөөнөтүндөй эле мөөнөткө берилет.

Радиожыштыктарды таркатуучу же жогорку жыштыктагы электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган ар кандай техникалык каражаттар Кыргыз Республикасында сөзсүз сертификацияланууга тийиш.

Пайдалануучуларга ээликке берилген жыштыктар Улуттук байланыш агентствосу тарабынан төмөндөгүдөй учурларда гана жокко чыгарылышы, өзгөртүлүшү, модификацияланышы же кайрадан бөлүштүрүлүшү мүмкүн:

— мындай аракеттерди улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун кызыкчылыктарын камсыз кылуу талап кылганда же өзгөчө кырдаалдардын учурларында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана, же эл аралык келишимдерге же радиожыштыктарды пайдалануу жагындагы эл аралык уюмдардын сунуштарына ылайык, же радиожыштык спектрин толук өлчөмдө пайдалануу максатында;

— эгерде мындай пайдалануучулар өз убагында ушуга тете келген башка радиожыштык спектринен пайдаланууга уруксат алышкан болсо.

Ушуну менен бирге, ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн жоболорун колдонуунун натыйжасында, башка жыштыктарга чукул өтүү менен байланышкан электр байланышынын операторлору тартышкан чыгымдар мамлекет тарабынан толтурулат.

 

IV бөлүм

Электр жана почта байланыш жагын

лицензиялоо жана сертификациялоо

 

10-статья. Электр жана почта байланышынын лицензияланышы

 

Байланыш жагын лицензиялоо төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт:

— байланыш жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, байланыштын тарамдарынын, тутумдарынын жана кызматтарынын өз ара жана жалпы пайдалануудагы байланыш тарамдары менен биргелешип аракеттенишин камсыз кылуу үчүн, аларды түзүү жана өнүктүрүү жагындагы ар түрдүү ишканалардын ишмердиктердин координациялоо;

— байланыш жагындагы ишмердикти демонополизациялоо, ишкердикти жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

— тарамды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

— байланыштын тейлөө кызматынын сапатынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу.

Юридикалык жана жеке жактардын байланыш жагындагы ишмердиктери «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык берилген лицензиянын (лицензиялык келишимди кошкондо) негизинде жүргүзүлөт.

Ушул Мыйзамдын 28-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган же техникалык себептер боюнча чектөөлөр болгон учурлардан башка учурларда, лицензиялар эксклюзивдик же чектелген негизде берилбеши керек.

Байланыш жаатындагы ишкердик иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:

технологиялык жана ички өндүрүштүк багыттагы байланышты уюштуруудан тышкаркы бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоону, өндүрүүнү, курууну, орнотууну кошуп алганда почта жана электр байланышы, маалыматтарды берүү, теле- жана радиопрограммаларды жайылтуу, радиожыштыгынын спектрин пайдалануу жаатындагы иш.

Бардык юридикалык жана жеке жактар лицензияны алууда бирдей укукка ээ. Лицензияларды алуу үчүн коюулуучу талаптар жана ошондой эле алардын мазмундары бирдей эле түрдөгү байланыштын тарамдарын иштетүүгө жана ошондой эле бирдей эле түрдөгү байланыш кызматынын тейлөөсүнө берилүүчү бардык лицензиялар үчүн бирдей болушу керек.

Төмөндөгү электр байланышынын ички тарамдарынын операторлору жана кызматтары:

— бир имараттын ичинде же жанаша турган имараттарда жайгашкан;

— абоненттик точкалары Улуттук байланыш агентствосу аныктаган аралыктан кыскараак аралыкка жайгашкан;

— коомдук участкаларды кесип өтпөгөндөр лицензия алуудан бошотулушат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын

иштетүүгө же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын

тейлөө кызматына берилүүчү лицензиялар

 

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамын иштетүүгө же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматына берилүүчү лицензия өзүнө лицензиялык келишимди камтыйт.Лицензиялык келишим — бул лицензиянын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, лицензиаттын ишмердигинин тартибин аныктоочу документ. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын иштетүүнүн же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматынын лицензиялык келишиминин жалпы талаптарында төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

— лицензиаттын аталышы жана анын укуктук статусу, ал эми консорциумдар же биргелешкен ишканалар үчүн — ар бир катышуучунун аталышы;

— сунуш кылына турган электр байланышынын тарамдарынын жана электр байланышынын тейлөө кызматынын жазуу жүзүндөгү баяны;

— лицензиянын аракетинин географиялык чөйрөсү;

— лицензия эксклюзивдүү болуп эсептелинеби же кандайдыр бир чектелген лицензияларга киреби;

— тарамдарды же тейлөө кызматынын көлөмүн өнүктүрүүгө же көбөйтүүгө карата болгон милдеттенмелер, эгерде булар каралса;

— мындай тарамдарды курууда жана иштетүүдө жана электр байланышынын тейлөө кызматынын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу муктаждыгын табигый кыйроолордун учурунда же дагы башка өзгөчө кырдаалдарды эске алуу боюнча лицензиаттын милдеттенмелери;

— тейлөө кызматын бардык пайдалануучуларга дискриминацияланбаган негизде көрсөтүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелери;

— пайдалануучулар акы төлөбөгөн же пайдалануучулар тарабынан сервистик келишимдин шарттары бузулган учурда тейлөө кызматын көрсөтүүнү убактылуу же биротоло токтотуу укугу;

— өзгөчө оперативдик кызматтарды чакыруу үчүн байланышты акысыз берүүгө милдеттенмелер;

— телефон-автоматтарды (таксофондорду) орноштурууга, бөлүштүрүүгө жана тейлөөгө карата милдеттенмелер;

— ар кандай башка тарам менен тарамдар аралык байланыштырууга карата лицензиаттын милдеттенмелери, эгерде мындайлар болсо;

— пайдалануучуларга берилүүчү лицензиаттын тейлөө кызматынын бааларына карата милдеттенмелер;

— жалпы пайдалануудагы электр байланышынын бардык тейлөө кызматтары үчүн тарифтердин өлчөм тизмегин басып жарыялоого милдеттенме;

— жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын иштетүүдөн жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматынан түшкөн кирешелерди электр байланышынын башка тарамдарын жана тейлөө кызматына кайчылаш субсидиялоо үчүн колдонуудан баш тартуу милдеттенмелери;

— абоненттер жөнүндөгү, эгерде мындайлар болсо, маалыматтарды өзүнө камтыган справочникти басып чыгарууга лицензиаттын милдеттенмеси;

— справочниктерди басып чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуялуулугу жок маалыматтарды берүүгө милдеттенме;

— ачылышы улуттук коргонуу, коопсуздук же укук тартибин сактоо үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон ар кандай пайдалануучунун билдирүүлөрүнүн, ар кандай жабык маалыматтын же ар кандай дагы башка маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттенмеси;

— ар кандай башка тарамдын ишмердигине же ар кандай башка тейлөө кызматына байланыштуу жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамын иштетүү же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматынын учурунда пайдалануучудан же пайдалануучу жөнүндө алынган маалыматты пайдаланбоого милдеттенме, буга электр байланышынын операторлоруна жана электр байланышынын кызматтарына жөндүү жана дискриминацияланбаган негизде белгилүү болуп калган маалымат кирбейт;

— техникалык жактан максатка ылайыктуу жана мүмкүн болгондо электр байланышынын башка операторлоруна, кабелдик телекөрсөтүү тутумунун операторлоруна жана массалык маалымат каражаттарынын дагы башка кызматтарына кабелдик проводдорду, электр байланышынын кабелдик каналдарын, өтүүгө уруксаттарды, таяныч жана дагы башка курулуштарды берүүгө лицензиаттын милдеттенмелери;

— улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибине коркунуч келген учурдагы жана ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын учурларындагы лицензиаттын милдеттенмелери, буга жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандыруу да кирет;

— лицензиялык жыйымды жана көзөмөлдүк милдеттерди жүргүзүү боюнча жыл сайын алынуучу төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелер;

— берилген лицензиянын аракет мөөнөтү;

— Улуттук байланыш агентствосунун талабы боюнча лицензиаттын тарамдарын керектүү техникалык сыноодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү зарыл чараларды көрүүгө милдеттенме;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмелер, буга ушул Мыйзам жана аны бекемдөө үчүн кабыл алынган ченемдик актылар да кирет;

— лицензияны толуктоо жана өзгөртүү боюнча жоболор;

— лицензиянын көзөмөлүнөн сырткары турган өзгөчө табигый же жасалма кырдаалдардын натыйжасында лицензиянын шарттарынын аткарылбай калгандыгы үчүн лицензиатты жоопкерчиликтен бошотуу боюнча жоболор;

— ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана лицензиянын жоболору олуттуу бузулган учурларда, Улуттук байланыш агентствосунун лицензияны жокко чыгаруу же кайрып алуу укугуна тиешелүү жоболор;

— лицензиядагы лицензиаттын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү жалпы же атайын шарттар.

 

12-статья. Электр жана почта байланышынын башка тарамдарын

иштетүүгө жана электр жана почта байланышынын

башка тейлөө кызматтарына лицензиялар

 

Электр жана почта байланышынын башка тарамдарын иштетүүгө, электр жана почта байланышынын башка тейлөө кызматтарына маалыматтарды жиберүүнүн бул үчүн зарыл болгон тарамдарын, линияларын, курулуштарын, тутумдарын жана түзүлүштөрүн долбоорлоого, жасап чыгарууга, курууга, орнотууга, теле -жана радиопрограммаларды таркатууга, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияларды берүүдө ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган жоболордогу шарттар өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

13-статья. Электр байланышынын жана электр байланышын жалпы

пайдалануу кызматынын улуттук оператору

 

Кыргызтелеком электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматы болуп саналат.

Кыргызтелекомдун лицензиясы ушул Мыйзамдын 11-статьясында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

— Кыргыз Республикасынын ар кандай жактарында ар кандай тараптарга техникалык же экономикалык мүмкүнчүлүктөр болсо, жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматы боюнча милдеттенме, бирок тейлөөдөн баш тартуу же тейлөө кызматындагы мүмкүнчүлүктүн жоктугу негиздүү болууга тийиш;

— бардык пайдалануучулардан электр байланышынын тарамдарынан жана электр байланышынын тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акыны жыйноо укугу, буга массалык маалымат каражаттары, министрликтер, административдик ведомстволор жана дагы башка мамлекеттик органдар да кирет;

— чет өлкөлүк электр байланышынын уюмдары жана чет өлкөлүк электр байланышынын кызматтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана мындай уюмдар жана кызматтар менен эсептешүүлөрдү колдонулуп жаткан эл аралык ченемдик актыларга жана башка талаптарга ылайык жүргүзүү укугу;

— жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын өнүктүрүүгө карата милдеттенмелер;

— электр байланышынын улуттук, шаар аралык жана эл аралык тейлөө кызматын башкаруу боюнча милдеттенмелер;

— чыгымдардын эсебин алуу тутумдарын киргизүүгө жана пайдаланууга тиешелүү болгон милдеттенмелер;

— электр байланышынын тейлөө кызматынын ар кандай түрлөрү үчүн лицензияда белгиленген мөөнөттүн ичинде алардын баасы менен өздүк наркынын ортосундагы байланыштын тыгыздыгын ачыгыраак көрсөткөн баалардын жаңы балансын түзүүгө тиешелүү болгон милдеттенмелер;

— башка тараптар менен ушул лицензия боюнча тейлөөгө жана дагы башка милдеттенмелерди аткарууга контракттарды түзүү укугу;

— электр байланышынын башка кызматтары менен кирешелерди бөлүштүрүүнү же дагы башка шарттарды караштырган келишимдерди түзүү укугу;

— Кыргызтелекомдун ишмердигинин жалпы таасирдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнө тиешелүү милдеттенмелер, буга тейлөөнүн стандартизация боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык келиши да кирет;

— Улуттук байланыш агентствосунан алдын ала уруксат албай туруп жалпы пайдалануудагы электр байланышынын ар кандай тарамынын ишин же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөөсүн же телефон-автоматтардын (таксофондордун) иштешин токтото турбоого же токтотпоого милдеттенме;

— сурап-билүү кызматын түзүүгө байланыштуу милдеттенмелер.

Кыргызтелекомдун лицензиясы, Кыргызтелеком тарабынан эксклюзивдик негизде берилүүчү тарамдардан жана тейлөө кызматынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу акынын баасын жөнгө салуунун тартибин, төмөндөгүлөрдү өзүнө камтуу менен белгилейт:

— ушул Мыйзамдын 17-статьясында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, белгилүү бир мөөнөткө тейлөөнүн ар башка категориялары үчүн бааларды алгачкы өзгөртүү жана белгилөө;

— бул мөөнөттөн кийин электр байланышынын тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн айлык акынын мамлекеттик жылдык индексациясына, формулага ылайык жана Кыргызтелекомдун лицензиясында жазылган факторлорду эске алуу менен эсептеленүүчү баанын жыл сайын өсүшүнүн жогорку чеги белгиленет;

— Кыргызтелекомдун лицензиясында тейлөөнүн мындай категорияларынын курамы белгиленет.

Жогоруда белгиленген тартипке ылайык Кыргызтелеком тейлөө кызматынын ар бир категориясы үчүн жыл бою колдонула турган тарифтерди белгилейт жана андан кийин эгерде тарифтерди аныктоодо лицензияда каралган тартип сакталган болсо, Улуттук байланыш агентствосу аларды бекитет.

Кыргызтелеком ушул Мыйзамдын 17-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык, эксклюзивдик эмес негизде берилүүчү электр байланышынын бардык тарамдарынан жана тейлөө кызматтарынан пайдалангандыгы үчүн алынуучу бааларды белгилейт.

Электр байланышынын улуттук оператору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматы катары Кыргызтелекомго электp байланышынын жабдууларынын зарыл болгон мобилизациялык резервин түзүүгө жана колдоого каражаттар улуттук коопсуздуктун, коргонуунун, укук тартибин сактоонун максаттары жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер үчүн республикалык бюджеттен бөлүнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Байланыштын жабдууларын жана тейлөө кызматтарын

сертификациялоо

 

Почта жана электр байланышынын тарамдарында пайдаланылып жаткан бардык техникалык каражаттардын, жабдуулардын жана байланыштын тейлөө кызматтарынын, стандартизация жана сертификация боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилүүчү сертификаты болушу керек.

 

V бөлүм

Электр жана почта байланышы жагындагы ишмердик

 

15-статья. Байланыш тарамдарына, каражаттарына жана курулуштарына

болгон менчиктин түрлөрү

 

Байланыштын тарамдары, ошондой эле айрым каражаттары жана курулуштары Кыргыз Республикасында кабыл алынган менчиктин ар кандай түрүндө болушу мүмкүн.

 

16-статья. Байланыш тарамдарын иштетүү жана байланыштын тейлөө

кызматы боюнча укуктар

 

Юридикалык жана жеке жактар байланыш тарамдарын иштетүү же байланыштын тейлөө кызматы үчүн ар кандай лицензияны жана ошондой эле ага байланыштуу болгон радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ар кандай уруксаттарды алууга укуктуу.

Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызтелекомду же мамлекет ээлик кылган же көзөмөлдөгөн жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын дагы башка ар кандай операторун же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматын менчиктештирүүгө катыша алышат.

Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, эгерде башкасы мыйзам актыларында каралбаса, Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары үчүн каралган шарттарда жана ошондой эле тартипте байланыш жагындагы ишмердикке лицензия алышат, ошондой эле менчиктештирүүнүн жүрүшүнө катышышат.

«Кыргызтелеком» акционердик коомун кошо алганда жергиликтүү рынокто белгилеп алынган байланыш линияларын пайдалануу менен электр байланыш кызматтарын көрсөтүүчү жана үстөмдүк абалды ээлеген электр байланышынын операторуна же электр байланыш кызматына уюк байланышынын кызматтарын көрсөтүүгө лицензия берүүгө жол берилбейт. Мындай максатта жогоруда аталган субъекттин уюк байланыш кызматтарын көрсөтүү тармагындагы иши өзүнчө юридикалык жак аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 7-ноябрындагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Электр жана почта байланышынын тейлөө кызматынын

баалары

 

Атаандаштыктын негизиндеги электр жана почта байланышынын тейлөө кызматтарынын бааларын электр жана почта байланышынын операторлору, электр байланышынын кызматтары, почта байланышынын ишканалары төмөндөгүдөй принциптердин негизинде белгилешет:

— баалар өздүк наркка жараша болууга жана кайчылаш субсидиялоо алынып ташталууга тийиш;

— баалар граждандардын байланыш каражаттарына болгон керектөөлөрүн максималдуу канааттандырууну эске алуу менен тиешелүү эл аралык базалык баалар менен салыштырууга мүмкүн болгондой болууга тийиш;

— баалар структураланган болушу керек, ал эми алардын деңгээли электр байланыш секторуна инвестицияларды тартууга максималдуу жардам бергидей белгилениши керек;

— бааларды белгилөөдө Кыpгыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын жоболору жана сунуштары эске алынышы керек.

Улуттук байланыш агентствосу төмөндөгүдөй учурларда, буга тарифтерди белгилөөнү, кайра кароону же бекитүүнү же ушул Мыйзамдын 13-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү бөлүгүндө каралган бааларды жөнгө салуунун тартибин пайдаланууну кошкондо, бааларды жөнгө салууга укуктуу:

— эгерде тейлөө кызматын электр же почта байланышынын тарамдарына ээлик кылуучу же көзөмөлдөөнү жүргүзүүчү электр жана почта байланышынын бир гана оператору, электр байланышынын бир гана кызматы же почта байланышынын бир гана ишканасы болгон болсо, же ушундай тейлөө кызматынын рыногунда электр же почта байланышынын оператору, электр байланышынын кызматы, почта байланышынын ишканасы үстөмдүк кылуу абалына ээ болгон болсо;

— эгерде жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалын ээлеп турган оператор, кызмат же ишкана атаандаштыктын негизинде берилүүчү тарамды же тейлөө кызматын, мындай оператор жападан-жалгыз же үстөмдүк кылуу абалындагы оператору катары тейлөө кызматынан түшкөн кирешелердин эсебинен, кайчылаш субсидиялаган болсо;

— эгерде Улуттук байланыш агентствосу түзүлгөн баалардын атаандаштыкка каршы багытталгандыгын жана дагы башка ушундай мүнөздөгү аракеттерди тапкан болсо.

 

18-статья. Почта байланышы

 

Кыpгыз Республикасынын почта байланышы почта жөнөтмөлөpүн кабыл алууну, ташууну жана жеткиpүүнү, жана ошондой эле келишимдик негизде башка тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу мекемелеpдин, ишканалаpдын жана транспорт каpажаттаpынын биpдиктүү таpмагы болуп саналат.

Почта байланышынын мамлекеттик ишканалаpы почта жөнөтмөлөpүн өз аpа алмашуу үчүн биpдиктүү почта аймагын түзүшөт, почта байланышы жагындагы Кыpгыз Республикасынын мамлекеттик аткаpуу бийлигинин оpгандаpынын каpамагында болушат жана кат-кабар жөнөтмөлөpүн, акча которууларды кабыл алуу, иштеп чыгуу, жиберүү жана жеткирүү, почтаны республиканын ичкери да, тышкары да жагына ташуу жана пенсия жана пособияларды төлөп берүү боюнча кызмат кылышат.

Мамлекеттик эмес ишканалаp ушул Мыйзамда белгилеген тартипте берилген лицензиялаpдын негизинде почтанын тейлөө кызматын аткара алышат.

Кыpгыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жөнөтүүлөpүнүн жана почта тpанзитинин эpкиндиги камсыз кылынат.

Почта байланышынын ишканалаpы электр байланышынын операторлору жана кызматтары менен болгон келишим боюнча байланыш бөлүмдөрү аркылуу электр байланышынын тейлөө кызматын аткара алышат.

 

19-статья. Почтаны ташуу үчүн транспорт каражаттарын пайдалануу

 

Почта байланышынын ишканалаpы келишимге ылайык почтаны темиp жол, аба жана автомобиль транспортторунун баpдык маpшpуттаpында жана линиялаpында ташууга укуктуу.

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, почтаны ташуу үчүн транспорттук каражаттары пайдаланылуучу ишканалар, мекемелер жана уюмдар байланыш ишканалары жөнөтүүчү бардык почтаны дайындалган багыты боюнча эң тез ташыганга жардам берүүгө жана анын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

Республиканын биp да транспорт ишканасы өзүнүн транспорт каpажаттаpы дайыма каттаган шааp аpалык жана эл аpалык маpшpуттаpы боюнча почтаны ташуу келишимин түзүүдөн баш таpта албайт.

 

20-статья. Почта маркалары

 

Почта маркаларын жана почта төлөмдөрүнүн башка белгилерин колдонууга чыгаруу Транспорт жана байланыш министрлигинин гана өзгөчө укугу болуп саналат.

 

21-статья. Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү маалыматтын

купуялыгын сактоо

 

Байланыш каражаттары аркылуу жиберилүүчү кат алышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык, ошондой эле башка билдирүүлөрдүн купуялыгы Конституция жана ушул Мыйзам тарабынан корголот. Менчиктин бардык түрүндөгү байланыштын ишканалары маалыматты коргоо боюнча уюштуруучулук-техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан башка учурларда менчиктин бардык түрүндөгү байланыш ишканаларында почта кат-кабарларын жана документалдуу билдирүүлөрдү ачууга жана көрүүгө, алар жөнүндө керектүү маалыматтарды алууга, байланыштын техникалык каналдарына көзөмөл жүргүзүүгө, анын ичинде телефондук сүйлөшүүлөрдү угууга тыюу салынат.

Почта байланышынын ишканалары белгиленген тартипте почта жөнөтмөлөрүнөн жиберүүгө тыюу салынган буюмдарды (курал, уулуу, жеңил күйүүчү заттар жана башкалар) алып салууга укуктуу. Жиберүүгө тыюу салынган буюмдарды жана алуучусу табылбаган почта жөнөтмөлөрүн алып салуунун тартиби почтанын ченемдик актылары менен жөнгө салынат.

 

21-1-статья. Изин суутпай издөө жүргүзүүдө жана тергөө

аракеттерин жүзөгө ашырууда байланыш операторлорунун

милдеттери жана байланыш кызматынан

пайдалануучулардын укуктарын чектөө

 

1. Байланыш операторлору изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга алар байланыш кызматын көрсөткөндүгү тууралуу жана байланыш кызматынан пайдалануучулар тууралуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда бул органдарга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка ар кандай маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Байланыш операторлору изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын макулдугу боюнча изин суутпай издөө иш чараларын жүргүзүү үчүн байланыш тармактарына жана каражаттарына, ошондой эле көрсөтүлгөн иш чараларды өткөрүүдө уюштуруучулук жана тактикалык ыкмаларды ачууга мүмкүнчүлүк бербөө боюнча байланыш тармагында борбордук аткаруу бийлик органы тарабынан белгиленгендерди жүзөгө ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.

3. Юридикалык жана жеке жактарга байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотуу изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдын жетекчилеринин биринин кат жүзүндөгү жүйөөлүү чечимдеринин негизинде байланыш операторлору тарабынан ишке ашырылат.

Мобилдик уюлдук байланыштын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестрине киргизген болсо, мобилдик түзүлүштүн иштөөсүн токтотууга милдеттүү.

Байланыш операторлору байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотуу тууралуу чечимди кабыл алган изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган органдын жетекчилеринин биринин кат жүзүндөгү жүйөөлүү чечиминин же соттун чечиминин негизинде байланыш кызматын көрсөтүүнү калыбына келтирүүгө милдеттүү.

4. Байланыш операторлорунун изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракетинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы N 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Бажылык көзөмөл

 

Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан алып өтөрдө байланыш ишканалары текшерүү үчүн бажы органдарына көргөзүшөт. Байланыштын почта ишканалары чек ара аркылуу өткөрүүгө тыюу салынган почта жөнөтмөлөрүнүн тизмесин керектөөчүлөргө билдирүүгө милдеттүү.

Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн текшерүү бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыктарды таркатуучу же электромагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттарды алып кирүү Улуттук байланыш агентствосунун уруксаты менен жүргүзүлөт.

 

VI бөлүм

Электр байланышынын тарамдары,

кызматтары жана сырткы жабдуулары

 

23-статья. Электр байланышынын жалпы пайдалануудагы тарамдары

 

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын координацияланышын жана өз ара биргелешип иштешин камсыз кылуу үчүн мындай тарамдардын операторлору бул тарамдарды, ушундай тарамдардын биринин пайдалануучусун ушул эле тарамдын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын башка ар кандай тарамынын пайдалануучусу менен ишенимдүү байланыштыра алгандай кылып түзүшөт жана иштетишет.

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын операторлору өзүнүн тарамдарына чыгууга электр байланышынын бардык кызматтарына жана ошондой эле дагы башка ар кандай жеке жана юридикалык жактарга жол берет.

Ар кандай жеке же юридикалык жак ушул Мыйзамдын 28-статьясынын жоболору сакталган шартта жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарын түзөт жана иштете алат, ошондой эле электр байланышы менен тейлей алат.

 

24-статья. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарында

байланыш кызматы менен тейлөө

 

Байланыштын оператору тейлөө кызматын керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тиешелүү лицензиянын шарттарына жана оператор менен керектөөчүнүн ортосундагы келишимге ылайык, ошондой эле керектөөчү тарабынан байланыш тарамдарынан пайдалануунун эрежелери сакталган жана тейлөө акысы төлөнгөн шартта аткарат.

Байланыштын операторлору аткарган тейлөө тейлөө кызматынын төлөнүшү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча кечиктирилген учурда керектөөчүлөр тейлөө кызматынын төлөнө элек баасынын бир пайызынын өлчөмүндө кечиктирилген ар бир сутка үчүн туума айып төлөшөт. Төлөөлөрдүн ушундай кечиктирилиши бир айдан ашкан учурда байланыштын операторлору керектөөчү жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алгандан бир ай өткөндөн кийин, аларды тейлөөнү улантуудан баш тартууга укуктуу. Байланыштын операторлорунун тейлөөдөн баш тартышы керектөөчү тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Тейлөөнүн токтотулушу керектөөчүлөрдү карыздарын төлөөдөн бошотпойт.

Телефон байланышынын жергиликтүү тарамдарынын тейлөө кызматы бардык керектөөчүлөргө жазуу жүзүндөгү арызынан кийин чектелбестен берилет. Мындай тейлөөдөн байланыш операторунун баш тартышы үчүн негиздүү себеп болуп тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болбогондугу саналат. Баш тартуу арыз ээси тарабынан соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

Электр байланышынын жергиликтүү тарамдары техникалык каражаттар менен жетиштүү деңгээлде камсыз болбогон жерлерде телефонду орнотуу боюнча арыздар төмөндөгүдөй кезекте канааттандарылат:

— мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокуратура органдары, соттор, ички иштер органдары, коопсуздук кызматтары жана аскер мекемелери;

— чет мамлекеттердин дипломаттык жана консулдук өкүлчүлүктөрү;

— медицина мекемелери, өрт өчүрүүчү бөлүктөр, табигый кубулуштар (жер титирөө, суу ташкыны, аябаган катуу шамал ж.у.с.) жөнүндө маалымат берүүчү уюмдар, мамлекеттик мектепке чейинки тарбиялоочу мекемелер жана окуу жайлары, мамлекеттик илимий жана маданий мекемелер;

— үйлөрүнө телефон койдурганга мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алышкан (кезексиз, биринчи кезекте жана артыкчылык менен коюуга укуктар) граждандардын үйдөгү телефондору;

— башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;

— башка граждандардын үй телефондору.

Эгерде телефон тарамдарын курууга юридикалык жана жеке жактардын финансы каражаттары колдонулса, буларга телефондор жогоруда көрсөтүлгөн кезекти сактабастан коюлат.

Байланыштын техникалык каражаттары бузулган учурда байланыш операторлору аларды калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүшөт.

Байланыш операторлору мыйзамдарга ылайык граждандардын айрым категорияларын тейлөөнү жеңилдетилген негизде, буга байланышкан чыгымдарды мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин жана тиешелүү фонддордун жана ишканалардын эсебинен жабуу менен аткарышат.

Мобилдик уюлдук байланыштын оператору байланыш кызматын көрсөтүү иш чарасында мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын пайдалануучу колдонгон, эл аралык идентификаторду чыгаруучу тарабынан белгиленген аныктаманы өз алдынча ишке ашырууга милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестри менен аны тактоо жүргүзөт.

Мобилдик уюлдук байланыштын оператору мобилдик түзүлүштүн байланыш кызматын керектөөчү тарабынан колдонулган эл аралык идентификатору уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн реестирине туура келген учурда ушул мыйзамдын 21-1-статьясынын 3-пунктунун экинчи абзацында каралган аракеттерди жүргүзүүгө милдеттүү.

Мобилдик уюлдук телефондордун эл аралык идентификаторлорун аныктоого зарыл болгон программалык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана аларды уурдалган мобилдик түзүлүштөрдүн Реестри менен салыштырууга байланышкан мобилдик уюлдук кызматтын операторлорунун чыгымдары мобилдик уюлдук байланыштын операторлорунун жеке каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы N 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Электр байланышынын жабык жана ички тарамдары

 

Ар кандай юридикалык же жеке жак электр байланышынын жабык тарамдарын түзүп жана иштете алат.

Электp байланышынын ички тарамдары Кыpгыз Республикасынын министpликтеpи, административдик ведомстволору тарабынан алардын ички жоболоруна ылайык коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун жана өзгөчө кырдаалдарда калкты коргоонун кызыкчылыктарында түзүлүшү жана иштетилиши мүмкүн. Мындай тарамдардын операторлорунун ишмердигине ушул Мыйзамдын 7, 8, 9-статьяларынын, жоболорунун таасири таркатылбайт.

Башка жеке жана юридикалык жактар дагы электр байланышынын ички тарамдарын түзүп жана иштете алышат.

Электр байланышынын ички же жабык тарамынын оператору ушул Мыйзамдын IV главасына ылайык тиешелүү лицензияны алгандан кийин гана мындай тарамды электр байланышынын тейлөө кызматын саны жагынан чектелген тараптарга же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдалана алат. Ушул учурдан тартып мындай оператор мындай тарамга же тейлөө кызматына карата, кырдаалга жараша, электр байлынышынын жабык тарамынын же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын оператору же жалпы пайдалануудагы электр байланышынынын кызматы болуп калат. Электр байланышынын ар кандай мындай жабык же ички тарамы менен жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамынын ортосундагы тарамдар аралык байланыштыруунун тартиби ушул Мыйзамдын 30-статьясынын жоболору менен жөнгө салынат.

 

26-статья. Электр байланышынын тарамдарын башкаруунун,

коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун

кызыкчылыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу

 

Өкмөттүк электр байланыш тарамы Кыргыз Республикасынын Президенти аныктоочу, бул үчүн атайын ыйгарым укуктары болгон органдар тарабынан түзүлүшү жана иштетилиши мүмкүн. Мындай тарам электр байланышынын ички тарамы болуп эсептелинет жана ага ушул Мыйзамдын 25-статьясынын жоболору таркатылат. Өкмөттүк электр байланыш тарамы бул тарам аркылуу берилүүчү маалыматтын купуялыгын камсыз кылууга тийиш.

Транспорт жана байланыш министрлиги, электр байланышынын ички тарамдарын иштетишкен Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарынын операторлору электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын башкаруунун максаттары үчүн, буга коргонуу, коопсуздук, укук тартибин сактоо да кирет, жана өзгөчө кырдаалдарда камсыз кылууга милдеттүү.

Өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо Транспорт жана байланыш министрлиги башка мамлекеттик органдар менен макулдашып почта байланышынын жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын керектүү тейлөөлөрүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт. Транспорт жана байланыш министрлиги өзгөчө кырдаал пайда болгон аймакта электр байланышынын тарамдарын иштетүү үчүн жана электр байланышынын тейлөө кызматын толугу менен же толук эмес пайдалануу үчүн убактылуу атайын органдарды түзүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын башкаруунун максаттары үчүн, буга улуттук коргонуунун, коопсуздуктун, укук тартибин сактоонун максаттары да кирет, жана өзгөчө кырдаалдардын учурунда (табигый кыйроолор, карантиндер ж.б.) пайдаланышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мына ушундай өзгөчө жагдайларда гана электр байланышынын тарамдарын жана тейлөө кызматын иштетүү же иштетүүнү токтото туруу боюнча артыкчылык укуктан пайдаланышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электр байланышынын ар кандай операторуна же кызматына, алардын ишмердиктеринин мына ушундайча токтотулуп турушунун натыйжасында тартышкан чыгашаларынын ордун толтуруп берет.

 

27-статья. Артыкчылыктуу билдирүүлөр

 

Электp байланышынын опеpатоpлоpу, электp байланышынын кызматтаpы жана пайдалануучулаp төмөндөгүлөр менен байланышкан бардык билдирүүлөргө:

— суудагы, жеpдеги, абадагы, космос мейкиндигиндеги адам өмүpүнүн коопсуздугуна коркунуч келгенде;

— коpгонуу, улуттук коопсуздук жана укук таpтибин сактоо жагындагы кечиктиpилгис чараларды көрүү учурунда;

— чоң кыйроолор, катастрофалаp, эпидемиялаp, эпизоотиялаp, табигый кыpсыктаp жана дагы башка өзгөчө кырдаалдар болгондо толук артыкчылыктарды берүүгө тийиш.

Кыpгыз Республикасынын мамлекеттик оpгандаpынын кызмат адамдаpынын айрым категориялары, чет мамлекеттеpдин дипломатиялык жана консулдук өкүлдөрү, эл аpалык уюмдаpдын өкүлдөрү, ошондой эле граждандардын айpым топтору үчүн электр байланышынан пайдаланууда кезек күтүү, пайдалануу таpтиби жана электр байланышынын тейлөө кызматына төлөнүүчү акынын өлчөмү жагында аpтыкчылыктаp жана жеңилдиктеp белгилениши мүмкүн. Мындай аpтыкчылыктаpга жана жеңилдиктеpге укуктары баp болгон адамдаpдын категоpияларынын тизмеси Кыpгыз Республикасынын мыйзамдаpы жана эл аpалык келишимдер менен аныкталат.

Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануу боюнча белгиленген жеңилдиктеpди, аpтыкчылыктаpды колдонуунун натыйжасында электp байланышынын опеpатоpлоpу жана кызматтаpы толук эмес алышкан кирешелеринин же дагы башка чыгашаларынын орду Кыpгыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте толтурулуп берилет.

 

28-статья. Электр байланышынын кызматтары

 

Ар кандай жеке же юридикалык жак жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын, буларга жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын, кошумча баа кошулуучу ар кандай маалыматтарды жана тейлөө кызматын, ушул статьяда каралгандардан башка учурларда, кайра сатып жиберүү да кирет, электр байланышынын саны жагынан чектелген тараптарды тейлөөнү жана электр байланышынын ички пайдалануудагы тейлөөлөрүн көрсөтүүгө укуктуу.

Электр байланышынын тейлөө кызматын кабелдик телекөрсөтүүнүн каражаттарын же дагы башка тутумдарды пайдалануу менен массалык маалымат каражаттарын тейлөө үчүн берүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак электр байланышынын кызматы деп эсептелинет жана өзүнүн ишмердигин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзөт.

Кыргызтелекомдун лицензиясында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, алардын төмөндөгүлөргө укугу бар:

— электр байланышынын жалпы пайдалануудагы чектелүү тарамдарынан айырмаланган, жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын эксклюзивдүү (жападан-жылгыз) оператору болууга;

— электр байланышынын жалпы пайдалануудагы чектелүү тарамдарынын кызматтарынын тейлөө кызматынан айырмаланган жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматынын электр байланышынын эксклюзивдүү (жападан-жалгыз) кызматы болууга.

Бул мезгилде Кыргызтелекомдон башка, электр байланышынын жалпы пайдалануудагы чектелүү тарамынын тейлөө кызматына ыйгарым укуктуу ар кандай жак телефондук (үндүк) электр байланышынын шаар аралык же эл аралык билдирүүлөрүн Кыргызтелекомдун жалпы пайдалануудагы электр байланышынын улуттук жана эл аралык тарамын пайдалануу менен гана жана ушул Мыйзамдын 30-статьясына ылайык Кыргызтелеком менен түзүлүүчү тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимдин негизинде берип жана кабыл ала алат.

 

29-статья. Сырткы жабдуулар

 

Ар кандай юридикалык жана жеке жак сырткы жабдууларды чектелүүсүз импорттоого, сунуш кылууга, туташтырууга, иштөөгө жарактуу абалында кармоого жана иштетүүгө укуктуу.

Ар кандай сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына, эгеpде ал ушул статьянын негизги талаптарына туура келген жана тиешелүү түрдө сертификацияланган учурда гана туташтырылышы мүмкүн.

Сырткы жабдуу төмөндөгү талаптаpга туура келүүгө:

— пайдалануучу үчүн коопсуз болууга жана стандартташтыруу боюнча ченемдик документтерге ылайык келүүгө;

— электpомагниттик сыйымдуулук боюнча талаптарга жооп берүүгө, эгерде алардын сырткы жабдуу үчүн өзүнчөлүгү болсо;

— радиожыштык спектpин таасирдүү пайдаланууга, ошондой эле спутниктик тутумдаp менен жерде жайгашкан тутумдардын оpтосунда жана жердеги тутумдардын ортосунда pадиотехникалык тоскоолдуктаpды түзбөөгө;

— жалпы пайдалануудагы тарамга зыян келтирбөөгө;

— жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамы менен сыйымдуу болууга;

— жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылганда жалпы пайдалануудагы электp байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланылуучу башка сырткы жабдуу бирдиктери менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Улуттук байланыш агентствосу сертификациялоону жүргүзөт жана азыркы статьяда каралган талаптарга туура келген сырткы түзүлүштөрдүн тизмесин басып чыгарат.

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамына туташтырылган ар кандай сертификацияланбаган сырткы жабдуу жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору тарабынан өчүрүлүшү мүмкүн.

 

30-статья. Тарамдар аралык байланыштыруу (жалгаштыруу)

 

Эсклюзивдик укуктарга ээ болгон же үстөмдүк кылуу абалын ээлеген жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамдарынын операторлору өздөрүнүн тарамдары менен тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү электр байланышынын лицензиясы бар башка тарамдардын операторлорунун өтүнүчтөрүн канааттандырууга милдеттүү. Тарамдар аралык байланыштыруу жөндүү жана дискриминацияланбаган сыяктуу шарттардын жана тартиптин негизинде жүргүзүлөт, буларга бааларга тиешелүү шарттар да кирет. Тарамдар аралык байланыштырууну жүзөгө ашырган жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору мындай шарттардын жана тартиптин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат.

Эгерде тарамдар аралык байланыштырууну аткарууга техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо, анда аны кошпой коюуга болбойт. Тармактар аралык байланыштыруудан ар кандай баш тартуу толугу менен негиздүү болууга тийиш.

Электр байланышынын таламдаш эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, анын жоболору ушул Мыйзамдын жоболоруна, ченемдик актыларга жана тарамдар аралык байланыштыруу үчүн Улуттук байланыш агентствосу белгиленген дагы башка шарттарга карама-каршы келбегендей болууга тийиш. Бул келишим бардык техникалык жана финансылык шарттарды аныктайт жана Улуттук байланыш агентствосуна берилет. Улуттук байланыш агентствосу кээ бир негиздүү учурларда тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыла алат. Улуттук байланыш агентствосу тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү бардык келишимдердин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат.

Улуттук байланыш агентствосу бааларды түзүүнүн талаптары кирген тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимдер туура келүүгө тийиш болгон жалпы шарттарды белгилей алат.

Улуттук байланыш агентствосунун талаштарды жөнгө салуу же калыстар сотунда кароо үчүн, эгерде:

— тарамдар аралык байланыштырууну бербей коюшса;

— тарамдар аралык байланыштырууга берилген алгачкы кайрылуудан кийинки үч айдын ичинде электр байланышынын эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге жетише алышпаса, процедураны белгилөөгө же талаштарды дагы башкача чечүүгө, эксклюзивдүү укугу бар,.

Улуттук байланыш агентствосу бул маселе боюнча чечимди 6 айдын ичинде чыгарат. Улуттук байланыш агентствосунун ар кандай чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

VII бөлүм

Электр жана почта байланышынын операторлорунун,

электр байланышынын кызматтарынын жана почта

байланышынын ишканаларынын аткаруу бийлигинин

органдары жана башка ишканалар жана уюмдар

менен болгон өз ара мамилелери

 

31-статья. Электр байланыш тарамдарынын техникалык каражаттарынын

жайгаштырылышы

 

Шаарларды жана башка калктуу пункттарды долбоорлоодо жана өнүктүрүүдө, буларга турак-жай райондору жана комплекстери, айрым коомдук имараттар жана курулуштар да кирет, архитектура жана шаар куруу органдары долбоорлоо жана курулуш уюмдары менен бирдикте колдонулуп жаткан ченемдерге ылайык электр байланыш операторлорунун техникалык каражаттарын жайгаштыруу боюнча талаптарын эске алууга милдеттүү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары электр байланыш операторлоруна жана почта байланышынын ишканаларына колдонулуудагы же курулуп жаткан турак-жай же коомдук имараттардан, же коомдук пайдалануудагы жерлерден аларга өздөрүнүн техникалык каражаттарын, байланыш бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн технологиялык ченемдерге ылайык келген орундарды бөлүштүрүп берет.

 

32-статья. Коомдук аянттарды жана электр байланыш операторлорунун

жана кызматтарынын менчиктерин пайдалануу

 

Электp байланыш опеpатоpлоpу жана кызматтаpы мамлекет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мамлекеттик ишканалар тарабынан коомдук муктаждыктар үчүн бөлүнгөн жер участкаларын, буларга коомдук жолдор, тротуарлар же дагы башка коомдук жерлер же курулуштар да кирет, электр байланышынын тарамдарын куруу, орнотуу, иштетүү, техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо жана электр байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланууга укуктуу (өтүү укугу).

Электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрү ээлик кылган же ага карата ижара, жалдоо же дагы башка жол менен башкача укуктарды алган менчикти пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарамдарды, курулуштарды же имараттарды курууга, же тейлөө кызматын көрсөтүүгө укуктуу.

Байланыш тарамына жана байланыштын тейлөө кызматы үчүн бөлүнгөн жер участкаларынын өлчөмдөрү жана жайланышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык аныкталат, буларга ар кандай өтүү укуктары, ажыратылган тилке жана коргоо тилкеси да кирет.

Электр байланыш операторлору жана кызматтары алдын ала билдирүү жиберип жана керек болсо, менчик ээлери же ушул жер участкаларына же курулуштарга укуктары болгон дагы башка жактар менен келишим түзүп, тирөөчтөрдү, линияларды жана башка курулуштарды жерде, имараттарда, мамыларда, көпүрөлөрдө, трубопроводдордо, жолдордо, коллекторлордо, темир жол туннелдеринде жана башка жерлерде курa, орното жана иштете алышат.

Электр байланышынын тарамын ар кандай куруу, орнотуу жана иштетүү экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен жана ушул жумуштар жүргүзүлүп жаткан жерлердин эстетикалык көрүнүшүнө зыян келтирбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле жеке менчикке же өтүү укугунун берилгендигине байланыштуу, келтирилиши мүмкүн болгон зыянды азайтуу боюнча чаралар көрүлөт. Жер участкаларындагы, имараттардагы же курулуштардагы электр байланышынын тарамын куруу, орнотуу же ремонттоо боюнча ар кандай жумуштар аяктагандан кийин электр байланыш оператору өз эсебинен жер участкаларын, имараттарды же курулуштарды алгачкы абалына келтирүүгө милдеттүү.

Электр байланыш оператору электр байланышынын тарамын куруунун, орнотуунун, ремонттоонун, ошондой эле иштетүүнүн натыйжасында имараттарга, жер участкаларына же курулуштарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга бул объектилердин бааларынын ар кандай азайышы да кирет.

Электр байланыш операторунун менчигинде болбогон жер участкаларында, имараттарда же дагы башка курулуштарда ушул оператор тарабынан электр байланышынын тарамын калыбына келтирүү же электр байланыш курулуштарын монтаждоо боюнча кечиктирилгис же башка шашылыш жумуштар аткарылууга тийиш болгон өзгөчө учурларда электр байланышынын оператору жер участкасынын, имараттын же дагы башка курулуштардын ээсине өз убагында билдирүү үчүн бардык күчүн жумшоого жана ушул жумуштарды жүргүзүүгө анын макулдугун өз убагында алууга милдеттүү. Ээсинин макулдугу алынбаса, ал бул иштерди жүргүзүү үчүн бөгөт болуп эсептелинбейт жана ушул жумуштарды аткаруудан келип чыккан ар кандай зыяндын ордун толтуруудан электр байланыш операторун бошотпойт. Зыяндын өлчөмү көз карандысыз комиссия тарабынан аныкталат.

Жаңы курулуш, калктуу пункттарды жана айрым имараттарды кеңейтүү, реконструкциялоо, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиорация тутумдарын кайра түзүү, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышкан электр байланышынын курулуштарын кайра куруу жана которуу курулуштун жалдоочусунун эсебинен электр байланышынын тарамдарынын жана каражаттарынын ээлеринин техникалык шарттары боюнча колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Ошону менен бирге электр байланышынын каражаттарынын кубаттуулугун көбөйтүү алардын ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.

 

33-статья. Жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамдарынын

операторлорунун курулуштарын пайдалануу

 

Жалпы пайдалануудагы электp байланышынын таpамдаpынын опеpатоpлоpу электp байланышынын башка опеpатоpлоpуна, кабелдик телекөрсөтүү тутумунун операторлоруна жана массалык маалымат каражаттарынын дагы башка кызматтарына техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон жерлерде, кабелдик проводдорго, коллекторлорго, өтүү укугуна, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарга чыгууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.

Мындай кабелдик проводдорду, коллекторлорду, өтүү укугун, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарды пайдаланышкан ар кандай операторлор:

— жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpмагынын опеpатоpунун тарамды иштетүүдө, тейлөө кызматын берүүдө жана дагы башка ишмердигин жүргүзүүдө өзүнүн курулуштары жана тейлөө кызматтары техникалык же физикалык бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды пайда кылбашы үчүн жооп берүүгө;

— ар кандай ушундай бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө;

— жогоруда көрсөтүлгөн бөгөттөрдүн же тоскоолдуктардын келип чыгышынын натыйжасында келтирилген бардык чыгымдарды, зыяндарды же дагы башка экономикалык чыгашаларды жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpамынын опеpатоpуна толук өлчөмдө ордун толтурууга милдеттүү.

 

34-статья. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына

жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө

кызматтарына келтирилген кырсыктардын кесепети

 

Жалпы пайдалануудагы электр байланыш операторлору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызматтары кыйроолордун же табигый апааттардын натыйжаларын азайтуу же жоюу жана мындай апааттардан же кыйроолордон кийин өздөрүнүн электp байланыш таpамдарынын ишмердигин кайрадан калыбына келтирүү жана тейлөө кызматын кайрадан улантуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү.

Электр байланышынын мындай операторлору жана кызматтары тиешелүү мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алышат жана алар керектүү колдоону көрсөтүүгө тийиш, буга жумушчу күчтөрүн, транспорт каражаттарын жана дагы башка ресурстарды берүү да кирет. Электр байланыш операторлору жана кызматтары мамлекеттик органдарга алар тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга мындай органдар чыгымдарды өзүнө алууну чечкен учурлар кирбейт.

Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматтарына келтирилген зыяндарды жоюу үчүн электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрүнүн курулуштарын реконструкциялоону жана калыбына келтиpүүнү жүргүзүшөт жана жаратылышты коргоо боюнча зарыл чараларды ишке ашырышат.

 

VIII бөлүм

Корутунду жоболор

 

35-статья. Байланыш чөйрөсүндөгү эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү

 

Байланыш ишканаларындагы эмгектенүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Байланыш ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, акча каражаттарын, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоп жүрүү боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жана байланыш объекттерин күзөткө алганда ок атуучу куралды, ошондой эле өздүк коргонуунун жана өзүн сактоонун атайын каражаттарын сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга укук берилет.

Ок атуучу куралды, ошондой эле өздүк коргонуунун жана өзүн сактоонун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Почта байланышынын ишканалары, электр байланышынын операторлору жана кызматтары өз кызматкерлерине өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу.

 

36-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

 

Байланыш ишканалары юридикалык жана жеке жактардын байланыштын тейлөө кызматтарынын бардык түрлөрүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана алардын сапатын жогорулатуу үчүн чараларды көрөт.

Керектөөчүлөрдүн тиешелүү сапаттагы электр жана почта байланышынын тейлөө кызматына болгон укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруунун жол жобосу «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

 

37-статья. Тилдерди жана алфавиттерди колдонуу

 

Кыpгыз Республикасынын бүткүл аймагында жалпы пайдалануудагы электp байланышынын таpамдаpы жана электp жана почта байланышынын тейлөө кызматтарынын кызматтык иш-кагаздары мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.

Кыpгыз Республикасынын аймагынын чектеринде жөнөтүлүүчү телегpаммалаpдагы жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даpектери мамлекеттик жана расмий тилдеринде толтурулууга тийиш.

Телегpамманын тексти кыpгыз, оpус же латын алфавитинин ариптери менен жазылууга тийиш.

Электp байланышынын тарамдары боюнча жибеpилүүчү эл аpалык билдиpүүлөp Кыpгыз Республикасы менен болгон эл аpалык келишимдеpдин жоболоpу менен аныкталуучу тилдеpде иштетилет.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-статья. Учеттук-отчеттук убакыт

 

Кыpгыз Республикасынын аймагынын кайсыл жерине жайгашканына каpабастан тейлөө кызматы менен байланышкан ишмердикти жүзөгө ашырууда почта ишканалары, электp байланыш опеpатоpлоpу жана кызматтары учеттук-отчеттук бирдиктүү убакытты — Бишкек убактысын колдонушат.

Эл аpалык электp байланышынын ишмердигин жүргүзүүдө учеттук-отчеттук убакыт Кыpгыз Республикасы менен болгон эл аpалык келишимдеp менен аныкталат.

 

39-статья. Тейленүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилик

 

Менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жана жеке жактар тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн алдында аткарылбаган же талапка ылайык келбегендей аткарылган тейлөө кызматы үчүн төмөндөгүдөй материалдык жоопкерчилик тартышат:

— ички почта жөнөтмөлөрүнүн, посылкалардын жана контейнерлердин жоготулгандыгы үчүн — жарыяланган баанын жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө (баалуулугу жарыяланбаса — тейлөө баасынын өлчөмүндө);

— баалуу почта жөнөтмөлөрүнүн жоготулгандыгы үчүн — жарыяланган баалуулуктун жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө;

— почталык жана телеграфтык которуулар боюнча акча төлөнбөгөндүгү үчүн — төлөнбөгөн которуунун суммасынын жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө;

— эл аралык почта жөнөтмөлөрү, телеграфтык билдирүүлөр жана акча которуулары үчүн — Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин келишимдерине жана актыларына ылайык;

— тапшырылбаган же кечигип тапшырылган телеграммалар үчүн — тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө; чыгашалардын ордун толтуруудан сырткары ушул бөлүмдүн экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана ушул абзацтарында каралгандай учурларда байланыш жагында тейлөө кызматын аткаруучу юридикалык жана жеке жактардан керектөөчүлөрдүн пайдасына тейлөө баасынын 25 процентинин өлчөмүндөгү кошумча айып алынат;

— байланыштын техникалык каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну арендалоо келишимдеринде аныкталган милдеттенмелердин талапка ылайык эмес аткарылгандыгы үчүн — келишимдердин шарттары боюнча;

— телефон байланышындагы жана радиоуктуруудагы бузулуулар көзөмөлдүк мөөнөттү кечиктирүү менен четтетилген учурда, абоненттик төлөм иштебей турган бардык убакыт үчүн алынбайт.

Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү Транспорт жана байланыш министрлиги Улуттук байланыш агентствосу менен биргелешип бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат.

Юридикалык жана жеке жактар чама жеткис күчтүн (жер титирөө, суу ташкыны, бороон-чапкын ж.у.с.) таасиринин натыйжасында же керектөөчүлөрдүн күнөөсү боюнча жана Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттенмелерин аткарбагандыктары же талапка ылайык келбегендей аткаpгандыктары үчүн керектөөчүлөрдүн алдында материалдык жоопкерчиликти тартышпайт.

Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануучу ушул статьяда аныкталган ордун толтуруунун өлчөмү менен макул болбогон учурда байланыштын операторлору милдеттерин талапка ылайык келбегендей аткаргандыктарынын натыйжасында ага келтирилген чыныгы чыгашалардын, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтуруу маселелери, ошондой эле тейлөө кызматын керектөөчүлөр менен байланыштын операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар соттук тартипте каралат.

 

40-статья. Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын

бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликти тартышат.

Күнөөлүү тараптардын жоопко тартылышы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилген чыгашалардын ордун толтуруудан бошотпойт.

Байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү максаттарында пайдаланууга тыюу салынат.

Айып салуу Улуттук байланыш агентствосу тарабынан жүргүзүлөт.

Айыпты төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр жана почта байланышы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулушун токтотуу тууралу буйрукту аткаруудан бошотпойт.

 

41-статья. Эл аралык келишимдер

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде электр жана почта байланышы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандагыдан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

Байланыш жагынан эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашуулары менен келишимдерине ылайык түзөт.

Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын катышуусу менен байланыш жагындагы иш-аракеттерге колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет мамлекеттин мыйзамдарынын ченемдери карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

Электр жана почта байланышы боюнча эл аралык уюмдардын ишмердигине Кыргыз Республикасынын катышкандыгы үчүн төлөнүүчү мүчөлүк акылар, милдеттүү түрдө мамлекет тарабынан каржыланууга тийиш.

 

42-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

Ушул Мыйзам ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

— Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөгү сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берүүгө даярдасын жана киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл

алынган