Бишкек шаары

1999-жылдын 23-декабры N 145

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

 

Фирмалык аталыштар жөнүндө

 

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын,

2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын

редакцияларына ылайык)

 

I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Фирмалык аталыштар, аларды укуктук коргоо

III Глава. Фирмалык аталыштарды каттоо

IV Глава. Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк

V Глава. Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу

VI Глава. Фирмалык аталыштардын укуктук коргоосунун токтотулушу

VII Глава. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте катталган юридикалык жактардын фирмалык аталыштарын мамлекеттик каттоону регламенттештирет.

 

I Глава

Жалпы жоболор

 

1-статья. Жөнгө салуу предмети

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында Мамлекеттик каттоо, укук коргоо жана фирмалык аталыштарды пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

 

2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы

интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик агентствосу

 

Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары — Кыргызпатент ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында фирмалык аталыштарды коргоо жагын мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу орган болуп эсептелет. Кыргызпатент фирмалык аталыштарды каттоо боюнча билдирмелерди кароого кабыл алат, алар боюнча экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрөт, күбөлүктөрдү берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды аткаруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен фирмалык аталыштарга байланыштуу, анын эрежелерине ылайык башка кызматтарды аткарат.

Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүүдө Кыргызпатенттин алдындагы фирмалык аталыштарды укуктук жактан коргоонун сунушу боюнча фирмалык аталыштардан чыккан талаштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп эсептелген, Кыргызпатенттин директору дайындаган Кыргызпатенттин алдындагы Аппеляциялык кеңеш аракет кылат.

Аппеляциялык кеңештин каршы пикирин каронун тартибин Кыргызпатент аныктайт.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы N 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Фирмалык аталыштарды укуктук жактан жөнгө салуу

 

Мамлекеттик каттоо менен байланышкан, укук коргоо жана юридикалык жактардын фирмалык аталыштарын пайдалануунун ортосунда келип чыккан мамиле ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Фирмалык аталыштарды мамлекеттик каттоо ыктыярдуу болот.

 

II Глава

Фирмалык аталыштар, аларды укуктук коргоо

 

4-статья. Фирмалык аталыштар

 

Фирмалык аталыштар — бул юридикалык жакты башка юридикалык жактан айырмалап турган туруктуу толук же кыскартылган аталышы.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук түрүн жана айырмалоочу маанидеги энчилүү атын же жалпы атын камтууга тийиш. Ушул Мыйзамда көрсөтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктардын жана иши лицензиялануучу каржы-кредиттик мекемелердин фирмалык аталыштары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

Ушул статьянын экинчи бөлүгү тарабынан каралган маалыматтар менен катар юридикалык жактын фирмалык аталышы башка элементтерди да камтышы мүмкүн.

Фирмалык аталыш катарында энчилүү фамилия болбосо анын ысым менен айтылышы пайдаланылышы мүмкүн. Эгерде ошондой фамилия же аны менен алмашып кетиши мүмкүн болгон деңгээлге чейин окшош фамилия фамилиясы бирдей адам тарабынан фирмалык аталыш катары мурда пайдаланылып жүрсө, арыз берүүчү Кыргызпатенттин сунушу боюнча айырмалоочу белгилерге ээ болгон сөздүк элемент түрүндөгү толуктоону фамилияга кошууга тийиш.

Жеке жак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин ченемдеринин талаптарына ылайык, ишкердик кылуу укугун аты-жөнүн камтыган өзүнүн атына гана алат жана жүзөгө ашырат. Ишкердин ишин жекечелештирүүнү жеке жак өзүнүн атын товардык белги катары каттатуу жолу менен жүзөгө ашыра алат.

Фирмалык аталыштарда «Кыргыз», «Мамлекеттик» жана «Улуттук» деген сөздөрдү ар кандай айкалыштарда, ошондой эле толук же кыскартылган расмий аталыштарда Кыргыз Республикасын көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жол берилет.

Юридикалык жактын Кыргызпатент тарабынан катталган фирмалык аталышына экспертизанын натыйжалары боюнча күбөлүк берилип, ал аны коргоо жөндөмдүүлүгүн ырастайт.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Фирмалык аталыштарды каттоодон баш тартуу үчүн негиздер

 

Фирмалык аталыштар катарында:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон фирмалык аталыштар менен төп келүүчү юридикалык жактардын;

2) автордук укуктун ээсинин же анын укуктарын мурастоочулардын макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимий, адабий жана искусство чыгармаларынын аталыштары же алардын бир бөлүктөрү менен туура келүүчү аталыштар;

3) анын макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү фамилия менен төп келсе;

4) белгилүү коммерциялык эмес уюмдардын аталыштары менен дал келсе же алар менен алмашып кетүү мүмкүнчүлүгүнүн деңгээлине чейин окшош;

5) иштин бирдей же окшош түрлөрү үчүн Кыргызпатентте катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар, болбосо алмашып кетүү деңгээлине чейин аны менен окшош болгон;

6) иштин бирдей же окшош түрлөрүнө карата алганда Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу башка жалпыга белгилүү товардык белгилер сөз же аралаш товардык белгилери (тейлөө белгилери), товарлардын чыккан жерлеринин аталыштары менен төп келген же алмашып кетүү деңгээлине чейин окшош болгон;

7) мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын аталыштары менен төп келген же алмашып кетүү деңгээлине чейин окшош;

8) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу жана белгилүү болгон чет өлкөлүк юридикалык жактардын өнөр жайлык менчиктин корголуучу объектинин ээсине, анын турган жерине (дарегине), ишинин мүнөзүнө жана түрүнө фирмалык аталыштары, товардык белгилерине жана тейлөө белгилерине карата алганда керектөөчүнү адаштыруучу;

9) товарлардын же кызматтардын сапатын, касиетин, санын же баалуулугун, аларды өндүрүүнүн ыкмасын, ордун жана убактысын көрсөтүүчү;

10) сөздүк мүнөзү жок айрым тамгадан, сандан, тамгалардын жана(же) сандардын айкалышынан, тилдин өзүнчө үчтөн кем эмес бирдигинен аралашып туруучу жалпыга таанылган аталыштар (компания, ассоциация ж.б.), ошондой эле тилдеги демейдеги сөздөрдү (эл аралык, жалпы ж.б.) көрсөтүүчү;

11) жалпы колдонуудагы пайдаланууга кирип, демейдеги практикада түрлүк белгиге ээ болуп — өзүнүн айырмалануучу белгилерин жоготкон (тамеки, атыр ж.б.);

12) өнөр жайдын тармагын же иштин түрүн түздөн-түз көрсөткөн (самолет, автомобиль, соода жабдуусу, эндей кездеме ж.б.);

13) товарлардын жана кызматтардын келип чыгышын көрсөтүүчү аталыштар болуп эсептелген (аары балы, сироп ж.б.);

14) моралдын ченемдерине, гумандуулуктардын принциптерине жана коомдун таламдарына каршы келген;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда белгилөө аталыштары катталууга тийиш эмес.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн фирмалык аталыш менен алмашып кетүү даражасына чейин окшош белгилемени ишмердүүлүктүн окшош түрлөрүнө карата каттоого ушундай фирмалык аталыштын ээси ушул белгилемени каттоого уруксат берген шартта гана жол берилет.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-статья. Фирмалык аталыштарды укуктук коргоо

 

Кыргыз Республикасында фирмалык аталыштарды укуктук коргоо аны ушул Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде, болбосо, эгерде ал сотто даттанылбаганда, болбосо соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында мурда узак жана жүйүр колдонулуп жүргөндүктөн фирмалык аталыштын белгилүүлүгүнүн жана таанылгандыгынын негизинде Аппеляциялык кеңештин чечими боюнча пайда болот.

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактардын фирмалык аталыштары анын Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылышынын жана белгилүүлүгүнүн милдеттүү шартында каттоосуз корголот.

Кыргыз Республикасынын аймагында фирмалык аталыштардын белгилүүлүк ченин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Чет элдик юридикалык жак өзүнун фирмалык аталышын Кыргыз Республикасынын аймагында каттатыра алат.

Чет элдик юридикалык жак менен Кыргыз Республикасынын юридикалык жагынын ортосунда фирмалык аталыш боюнча талаш пайда болгон учурда, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик юридикалык жактын фирмалык аталышынын пайдалануу чени жана белгилүүлүтү эсепке алынат.

Талаштар, ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, Аппелияциялык кеңеште каралат, тараптар анын чечимине макул болбогон учурда сот тартибинде даттанууга укуктуу.

 

III Глава

Фирмалык аталыштарды каттоо

 

7-статья. Фирмалык аталыштарды каттоого билдирме

 

Фирмалык аталыштар анын артыкчылык укугун алууга кызыкдар жактын Кыргызпатентке берген билдирмеси боюнча катталат.

Билдирме Кыргызпатентке катталган патенттик ишнимдүү, же ыйгарым укугу ишеним кат менен күбөлөндүрүлгөн башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.

Табыштама жана табыштамага тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Билдирме төмөнкүлөрдү:

— фирмалык аталыштарды каттоо арызын, ошондой эле анын турган жерин;

— сунуш кылынган фирмалык аталыш жана анын баянын;

— катталуу үчүн сурангандын иш түрлөрүнүн тизмесин камтууга тийиш.

Билдирмеге:

— фирмалык аталыштарды берүүдө жана экспертизадан өткөрүүдө алымдардын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;

— юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш;

— талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү.

Талапка ылайык, Кыргызпатент бекиткен тартипте, каттоого көрсөтүлгөн аталыш билдирме жана эскпертиза үчүн белгиленген өлчөмдө патенттик алымын (мындан ары — алым) төлөө менен фирмалык аталышты каттоо билдирмеси берилет.

Фирмалык аталышты каттоо билдирмеси арыз ээсинин өзүнүн каты менен каттоо каралып жаткан анын бардык этаптарында кайрадан чакырылып алынышы мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Фирмалык аталыштардын артыкчылыгы

 

Фирмалык аталыштардын артыкчылык датасы фирмалык аталыштарды каттоо үчүн Кыргызпатентке берилген билдирменин датасы боюнча аныкталат.

Фирмалык аталышы Кыргыз Республикасынын аймагында мурда жана жүйүр пайдалануу себептүү белгилүү болгон учурларда, эгерде ал пайдалануунун баштапкы датасы боюнча, сотто даттанылбаганда, артыкчылык Аппеляциялык кеңештин чечими боюнча аныкталышы мүмкүн.

 

9-статья. Фирмалык аталыштын экспертизасы

 

Кыргызпатент билдирилген фирмалык аталыштын ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келгендигин аныктоо үчүн, анын алымды төлөгөн шартында, билдирме келип түшкөн датадан тартып он беш жумуш күн ичинде фирмалык атылышка экспертиза жүргүзөт.

Билдирме боюнча ушул Мыйзам аныктаган талаптар бузулуп берилсе, суроо келип чыккан датадан тартып 10 күндүк мөөнөт ичинде 10 жумуш күнүнүн ичинде болгон кемчиликтерди четтетүү үчүн арыздануучуга суроо жөнөтүлөт.

Өтүнүч кат белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин келип түшсө жана алымдар төлөнгөн болсо, бул мөөнөт арыз ээсинин өзүнүн каты боюнча узартылышы мүмкүн.

Бул учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, мөөнөттүн эсеби оңдолуп келген документтер түшкөн датадан башталат.

Кокус, эгер арыз ээси белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо же эксперттин суроосун жоопсуз калтырса, анда билдирме кайрадан чакырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө табыштамачыга кабар берилет.

Фирмалык аталышты экспертизадан өткөрүүдө Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактын мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык бирдик боюнча мамлекеттик жаллы регистринин, Кыргыз Ресупбликасынын фирмалык аталыштар боюнча мамлекеттик жалпы реестринин, Кыргыз Республикасынын товардык белги боюнча мамлекеттик реестринин жана башка булактардын көрсөткүчтөрүн пайдаланат.

Кыргызпатенттин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби ушул статьянын алтынчы бөлүгүндөгү жоболорду камсыз кылуу максатында маалыматтарды өз учурунда алмашуу маселеси боюнча жогоруда көрсөтүлгөн ведомстволор биргелешип иштеп чыккан жана бекиткен ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Билдирме материалдарга өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү

 

Арыз ээси Билдирме боюнча чечим кабыл алганга чейин фирмалык аталыштарды каттоодогу билдирме материалдарга толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө акылуу.

Эгер фирмалык аталыштарды каттоодогу билдирмедеги материалдарга киргизилген толуктоолор, оңдоолор жана тактоолор анын маңызын өзгөртсө, анда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй артыкчылык жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй эсептөө мөөнөтү андай өтүнүч кат келип түшкөн дата боюнча аныкталат.

Билдирмедеги материалдарга толуктоолор, оңдоолор жана тактоолор киргизүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө алым төлөнүүгө тийиш, ал эми башка учурларда, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, фирмалык аталыштарды жаңыдан экспертиза өткөрүүдө кошумча алым төлөнөт.

 

11-статья. Фирмалык аталыштарды каттоо боюнча чечим. Фирмалык

аталышты каттоо

 

Фирмалык аталыштар ушул Мыйзамдын талаптарына дал келишкен учурда Кыргызпатент каттоо жөнүндө чечим кабыл алат жана аны арыздануучуга жөнөтөт.

Эгерде ал боюнча оң чечим чыгып калган фирмалык аталыш менен теңдеш же алмашып кетүү мүмкүнчүлүгүнө чейин окшош товардык белгиге карата табыштама конвенциялык же көрсөтмө артыкчылыгы менен түшүп, ал боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыгарылып калса, анда фирмалык аталышка чыгып калган чечим жокко чыгарылат.

Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө маалымат, фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечимдин негизинде 10 күндүн аралыгында, тийиштүү алым төлөнгөн шартында, Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине (мындан ары — реестр) киргизилет.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-статья. Реестрге киргизилген маалыматтардын тизмеси

 

Реестрге төмөндөгүдөй маалыматтар милдеттүү тартипте киргизилет:

Юридикалык жактын фирмалык аталышы, анын юридикалык дареги, артыкчылык алган датасы, берилген билдирменин номуру жана датасы, анын каттоодон өткөн номуру жана датасы.

Реестрге киргизилүүчү маалыматтардын толук тизмесин Кыргызпатент аныктайт.

 

13-статья. Фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу

 

Фирмалык аталыш ушул Мыйзамдын 5-статьясынын жана 26-статьясынын 5-15-пункттарынын талаптарына жооп бербеген учурда Кыргызпатент аны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана аны арыздануучуга жөнөтөт.

Экспертизанын чечими менен макул эмес арыздануучу фирмалык аталышты каттоодон баш тарткандык жөнүндө чечимди алган датадан баштап бир ай мөөнөт ичинде, алымды төлөгөн шартында, Аппеляциялык кеңешке каршы пикирин берүүгө акылуу.

Арыздануучу өзү же өкүлү аркылуу өзүнүн каршы пикирин кароого катышууга укуктуу.

Табышталган фирмалык аталыштын ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-4, 16-пункттарынын талаптарына дал келбегендигин кароо Аппеляциялык кеңештин компетенциясына тийешелүү жана кеңештин чечими менен макул болбогон учурларда сотко даттанылуусу мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-статья. Реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү

 

Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү арыздануучунун өтүнүч каты боюнча ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

Ушундай өтүнүч кат менен бирге эле алымды төлөгөн документ көрсөтүлөт.

Өтүнүч катты канааттандырган же баш тарткан жөнүндө билдирүү 7 күндүк мөөнөттө арыздануучуга жөнөтүлөт.

Табыштамачынын күнөөсү жок кетирилген көрүнөө жана техникалык каталардын оңдоосун Кыргызпатент реестрге жана фирмалык аталыштын күбөлүгүнө алым төлөтпөстөн киргизет.

Реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө өтүнүч катты канааттардыруудан баш тарткан учурда арыздануучу, алым төлөнгөн шартында, билдирүү алган датадан тартып бир айлык мөөнөттө Аппеляциялык кеңешке өзүнүн каршы пикирин берүүгө укуктуу.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө маалыматты жарыялоо

 

Фирмалык аталышты каттоого жана реестрге киргизүүгө байланыштуу маалымат, ушул Мыйзамдын 12 жана 14-статьясына ылайык. Кыргызпатент фирмалык аталыш реестрге катталган датадан же фирмалык аталышты каттоодо реестрге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датадан баштап бир айдын ичинде расмий бюллетенге жарыялайт.

 

16-статья. Кечиктирилген мөөнөттү калыбына келтирүү

 

Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралгандай, табыштамачы өткөрүп жиберген мөөнөттөр табыштамачынын бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин бир айдан кеч эмес, ал эми ушул Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи бөлүгүндө жана 14-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган мөөнөттөр алар бүткөндөн кийин үч айдан кеч эмес берген өтүнмө боюнча, эгерде жүйөлүү себептер тастыкталса жана алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV Глава

Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк

 

17-статья. Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк

 

Фирмалык аталыштарды каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары — күбөлүк) артыкчылыкты жана катталган фирмалык аталыштын ээсине өзгөчө укук жана фирмалык аталыштын мамлекеттик каттоо фактысын бекемдөөнү күбөлөндүргөн коргоочу документ болуп эсептелет.

Күбөлүктү берүүнү реестрге маалымат киргизилгенден кийин 7 күндүн аралыгында Кыргызпатент жүргүзөт.

Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон учурда Кыргызпатенттеги каттоо материалдарынын негизинде юридиклык жактын арызы боюнча анын көчүрмөсү берилет жана берилгендиги үчүн алым алынат.

 

18-статья. Күбөлүктүн аракетинин токтотулушу

 

Күбөлүктүн аракети:

— фирмалык аталыштын артыкча укугунан күбөлүк ээсинин баш тарткан арызы;

— юридикалык жак жоюлган же анын фирмалык аталышы өзгөргөн учурлары;

— Аппеляциялык кеңештин чечими, эгер ал сотко даттанылбаган учурлары;

— соттун чечими боюнча токтотулат.

 

V Глава

Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу

 

19-статья. Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу

 

Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу — бул юридикалык жактын ээллктен ажыратылбаган мүлктүк укугу.

Фирмалык аталышка карата өзгөчө укук фирмалык аталыштын катталгандыгы жөнүндө маалыматтар Кыргызпатент чыгаруучу расмий бюллетенде жарыяланган күндөн тартып келип чыгат.

Фирмалык аталышты укуктук коргоо пайда болгон учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында мурда жана жүйүр пайдалануу себеби, белгидүүлүгүнүн негизинде, эгерде ал сот чечими боюнча, сотко даттанылбаган-учурда Аппеляциялык кеңештин чечими чыккан датадан артыкчылык уку-

гу пайда болот.

Фирмалык аталыштар соода-сатык, белек, ижара келишимдеринин предмети болушу мүмкүн эмес. Ишкананы сатууда фирмалык аталышы бөлөк бааланышы жана сөзсүз түрдө ишканага кошуп сатышы же болбосо белгилүү убакыттан кийин анын токтотулушу жөнүндө эскертилиши мүмкүн.

Юридикалык жактын фирмалык аталышка артыкчылык укугу башка юридикалык жакка керектөөчүнүн чаташууга алып келүүсүн жокко чыгарган чараларды сактоо шартында гана укук жолдоочулук катарында берилиши мүмкүн.

Фирмалык аталышка укуктуу ээси өзүнүн аталышын пайдаланууга башка жакка руксат кылышы мүмкүн, бирок муну менен лицензиялык келишимде керектөөчүнү чаташууга алып келбей турган чаралар шартталышы мүмкүн.

Лицензиялык келишим Кыргызпатентте катталышы мүмкүн жана ал катталган күндөн тартып күчүнө кирет. Келишимди каттаткандыгы үчүн тиешелүү алым төлөтүлөт.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Фирмалык аталыштарда артыкчылык укугун бузуу

 

Корголуучу фирмалык аталышка юридикалык жактын гана өзгөчө укугун бузуу башка юридикалык жактын ишинде укук ээсинин макулдугусуз ага бирдей же окшош фирмалык аталыштарды пайдалануу болуп эсептелет.

Ошондой эле юридикалык жактын корголуучу фирмалык аталышка карата өзгөчө укугун бузуу болуп аны менен теңдеш же окшош аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары санкциясыз пайдалануу саналат. Фирмалык аталышты же аны менен алмаштырып алуу даражасына чейин окшош белгилемени Интернет түйүнүндө дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Фирмалык аталышка артыкчылык укугу бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, административдик же кылмыш жоопкерчилиги башталат.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Фирмалык аталыштарды пайдалануу

 

Төмөндөгүлөр:

— ошо аталышы менен келишим түзүү, чарбалык азык-түлүктөрдү жүгүртүүгө киргүзүү, каржылык аракеттерди жасоо, сотто доо коюу;

— юридикалык жактын ишине байланыштуу расмий бланктарда, мөөрдө, штамптарда жана башка документтерде фирмалык аталыштын көчүрмөсүн жасоо;

— юридикалык жактын жайгашкан жайын көрсөтүүчү көрнөктөрдө фирмалык аталышты чагылдыруу;

— азык-түлүктөргө товардык белги элементи катарында керектөөчүнүн аны табуусун жана идентификациялоосун жеңилдетүүдө фирмалык аталышты колдонуу;

— кожоюн өндүрүп чыгарган экспонаттарды көрсөтүүдө жарнамада, ярмаркаларда жана көрсөтмөлөрдө фирмалык аталышты колдонуу фирмалык аталыштарды пайдалануу деп эсептелет;

— фирмалык аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу.

Фирмалык аталыш товардык белгинин, тейлөө белгисинин белгиленишинин курамдык бөлүгү катарында пайдаланылышы мүмкүн, толугу менен көрсөтүлгөн белгилерге дал келиши, ошондой эле бир эле менчик ээсине таандык болгон бир же бир нече катталган белгилердин бир бөлүгү болушу мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI Глава

Фирмалык аталыштардын укуктук

коргоосунун токтотулушу

 

22-статья. Фирмалык аталыштарды каттоодогу талаш

 

Бардык кызыкдар юридикалык жак фирмалык аталыштарды каттоонун бүтүндөй мөөнөтүнүн ичинде аны каттоого каршы пикирин Аппеляциялык кеңешке бериши мүмкүн. Арыздануучу Аппеляциялык кеңештин чечимин чечим кабыл алынган күндөн баштап алты айдын аралыгында сотко даттануусу мүмкүн.

Каршы пикир берилгенде алым төлөнүүгө тийиш.

Фирмалык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам бузууларына байланыштуу талаш сот тартибинде каралат.

 

23-статья. Аппеляциялык кеңеште каралуучу каршы пикир

 

Аппеляциялык кеңеш:

— фирмалык аталыштарды каттоодогу арыз боюнча экспертизанын чечимине;

— фирмалык аталышты каттоого каршы;

— реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты канааттандыруудан баш тарткан каршы пикирлерди карайт.

Аппеляциялык кеңеште каршы пикирди кароонун тартиби жана мөөнөтү Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

Алпеляциялык кеңештин чечимине макул эмес кайсы гана тарап болбосун чечим кабыл алынган күндөн баштап алты айдын аралыгында сот тартибинде даттануусу мүмкүн.

 

24-статья. Каттоону жараксыз деп табуу

 

Эгер каттоо ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүлсө, кокус эле Аппеляциялык кеңештин чечими боюнча эгер сотко, же соттун чечими боюнча даттанылбаса, каттоонун бүтүндөй мөөнөтүнүн ичинде фирмалык аталыштарды каттоо толук же жарым-жартылай жараксыз деп табылышы мүмкүн.

 

VII Глава

Корутунду жоболор

 

25-статья. Алым

 

Фирмалык аталыштарды каттоого байланыштуу юридикалык орчундуу аракеттер көрсөтүлсө алымдар алынат. Алымдар Кыргызпатентке төлөнөт.

Көрсөтүлгөн аракеттер боюнча алым алуунун тизмеси, аны төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргызпатенттин эсебине келип түшкөн каражаттардын баардыгы, валютаны кошо эсептегенде, Кыргызпатент тарабынан аппаратты кармап турууга, ведомствонун алдындагы башка структураларга, техникалык жабдууларга, автоматтык тутумдарды түзүүгө жана колдонууга, маалымат фондусун комплектөөгө, кадрларды даярдоого жана демдендирүүгө жумшалат.

 

26-статья. Өтмө жоболор

 

Юридикалык жактардын ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ушундай катталган фирмалык аталыштары ишмердүүлүктүн теңдеш же окшош түрлөрүнө карата укуктук коргоого ээ болушат. Мындай фирмалык аталыштарга карата өзгөчө укук (ээлик кылуу, фирмалык аталышты пайдалануу жана тескөө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салуу) айырмалоочу белгилемелерди кошуу шартында пайда болушу мүмкүн.

Коммерциялык эмес уюмдар артыкчылык укугун ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өзүнүн аталышын алууга укуктуу. Ушуну менен бирге билдирмени Кыргызпатентке юстициялык органдардын каттоосунан өткөндөн кийин бериши мүмкүн. Кокустан коммерциялык эмес уюмдун аталышы корголууга жөндөмсүз деп табылса, Кыргызпатент каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, ушуну менен бирге ал аталышка артыкчылык укугу келип чыкпайт.

(КР 2006-жылдын 27-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

27-статья. Ушул Мыйзамдын аракетинин ишке кириши жөнүндө

 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө киргизилсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн Мамлекеттик органдар Кыргызпатент менен бирдикте өз ара аракеттенүү тартибин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле фирмалык аталышы бар катталган чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндөгү маалыматтарды Кыргызпатентке берсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

 

1999-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган