Бишкек шаары

2013-жылдын 7-майы N 255

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган

документтер менен иштөө тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 9-майында N 38 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын 7-майындагы

N 255 токтому менен

бекитилген

 

Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган

документтер менен иштөө тартиби жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

2. Маалыматтарды «КПҮ» категориясына киргизүү критерийлери жана

тартиби

3. «КПҮ» деген грифи бар документтер менен иштөө тартиби

4. «КПҮ» маалыматтарын билүү укугу берилген кызматкерлердин

милдеттери

5. Аткарылган (кириш, чыгыш жана ички) документтерди көктөмөлөргө

топтоо, аларды архивдөө

6. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерде камтылган

маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы, ушундай маалыматтарды

камтыган документтерди жоготкондугу жана алар менен иштөө

тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда (мындан ары — уюм) кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтерди жана башка маалыматты материалдык алып жүрүүчүлөр (мындан ары — документтер) менен иштөө тартибин аныктайт.

2. Бул Жобо мамлекеттик жашыруун сырларды түзгөн маалыматтар камтылган документтер менен иштөө тартибине колдонулбайт.

3. «Кызматтык пайдалануу үчүн» маалыматтары болуп ачыкка чыгарылбай турган жашыруун эмес маалыматтар эсептелет.

4. Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарга төмөнкү маалыматтар кирбейт:

— жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирген табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө;

— кыйроолор жана алардын кесепеттери жөнүндө;

— экологиядагы, жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы, саламаттык сактоодогу, санитариядагы, маданияттагы, айыл чарбасындагы, билим берүүдөгү, соодадагы жана укуктук тартипти камсыздоодогу иштин абалы жөнүндө;

— мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуулардын фактылары жөнүндө;

— жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кол салган, ошондой эле алардын жеке коопсуздугуна коркунуч түзгөн фактылар жөнүндө.

5. Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтердин долбоорлоруна «Кызматтык пайдалануу үчүн» (мындан ары — «КПҮ») деген гриф коюлат.

6. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга ар бир өзүнчө учурда жана уюмдун жетекчисинин, ал эми ал жок болгон учурда, аны алмаштырган адамдын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана берүүгө жол берилет. Мындай документтер жана басылмалар аларды берүүнүн же эгерде берүү убагында алардагы маалыматтар өзүнүн баштапкы маанисин жоготсо, «КПҮ» деген чектөө грифин алып таштоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну чыгарган квалификациялуу (же компетенттүү) адистерден турган уюмдардын жетекчилери тарабынан түзүлгөн атайын эксперттик комиссияда алдын-ала каралат.

7. Уюм жоюлган учурда «КПҮ» деген грифи коюлган документтерди андан ары колдонуу жөнүндө чечимди жоюу комиссиясы кабыл алат.

 

2. Маалыматтарды «КПҮ» категориясына киргизүү

критерийлери жана тартиби

 

8. Маалыматтар «КПҮ» категориясына төмөнкү критерийлердин негизинде киргизилет:

1) маалыматтар ЖМКда жарыяланса уюмдун ишине зыян келтирет;

2) маалыматтар жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыктарын бузбайт;

3) маалыматтар уюмдун нормалдуу ишине түздөн түз таасирин тийгизет жана аларды калыбына келтирүү процесси мүмкүн эмес же зор чыгымдар менен байланыштуу болот. Маалыматтарды мыйзамсыз жеткиликтүү кылуу, өзгөртүү же жок кылуу материалдык же моралдык жоготууларга алып келет;

4) маалыматтар үчүнчү жактарга белгисиз болгондуктан анык же потенциалдуу баалуулукка ээ, аларды эркин алууга мыйзамдуу негиз жок болсо жана маалыматтардын ээси алардын купуялуулугунун сакталышы үчүн чараларды көрөт.

Маалыматтарды «КПҮ» категориясына киргизүү уюмда иштелип чыккан Кызматтык пайдалануу үчүн маалымат тизмегинин (мындан ары — маалыматтар тизмеги) негизинде аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт.

9. «КПҮ» маалыматтарына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар киргизилбеши керек.

10. Маалыматтардын тизмеги (аларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр) уюмдун жетекчилеринин укуктук актылары менен бекитилет (буйруктар, буюрмалар ж.б.).

11. Эгерде маалыматтар Тизмекте каралбаса, бирок аткаруучунун пикири боюнча колдонулушу уюмдун кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болсо, ал ушул маалыматтар компетенциясына кирген уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси менен бирдикте жетекчиликке бул маалыматтарды коргоонун зарылчылыгы жана Тизмекке тиешелүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө далилдүү сунуштарды киргизет.

12. «КПҮ» маалыматтарын төмөнкү учурларда коргоо зарылдыгы болбой калат:

— белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин;

— аларды коргоонун зарылчылыгын пайда кылган жагдайлардын өзгөрүшүнө байланыштуу (документтин жеткиликтүүлүгүн чектөөнүн деңгээлин көрсөткөн адам аныктайт);

— жеткиликтүүлүгүнө «КПҮ» чектөө грифин коюшкан кызыктар тараптардын макулдашуусу боюнча;

— маалыматтар ачыкка чыгып же тарап кеткенде, эгерде алардын таралышын четтетүү мүмкүн эмес болсо, ошондой эле качан кызыкдар болгон адамдар алардын андан ары корголушун талап кылбаган учурда;

«КПҮ» маалыматтарын камтыган документтердин аткаруучуларына документ алууга чектөө грифи коюлган мөөнөт аяктагандан кийин документтен «КПҮ» деген чектөө грифин алып салуу укугу берилет. Мында, «КПҮ» чектөө грифи өчүрүлөт жана аткаруучунун жана аларды каттоо үчүн жооптуу кызматкердин койгон колу менен күбөлөндүрүлөт.

Колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин документтен «КПҮ» чектөө грифин алып салуу жөнүндө чечимди бул документке кол койгон (бекиткен) кызмат адамы же аны алмаштырган адам менен макулдашуу боюнча аткаруучу кабыл алат жана бул жөнүндө документке белги коюлат жана датасын көрсөтүп койгон колу менен күбөлөндүрүлөт.

«КПҮ» маалыматтарын камтыган документтерден «КПҮ» чектөө грифин алып салуу жөнүндө чечим маалыматтарды «КПҮ» категориясына киргизүү жөнүндө демилге кылган адам менен макулдашуу боюнча гана кабыл алынышы мүмкүн. Документтин «КПҮ» чектөө грифинин жокко чыгарылгандыгы каттоо маалыматтарында чагылдырылат. Документтин «КПҮ» чектөө грифи алынгандыгы жөнүндө ал документ жиберилген мекемелерге (уюмдарга) маалымдалат.

 

3. «КПҮ» деген грифи бар документтер менен иштөө тартиби

 

13. «КПҮ» деген гриф жана нускалардын номерлери документтин биринчи бетинин оң жактагы үстүнкү бурчуна, басылманын мукабасына, титулдук барагына, ошондой эле ушундай документтерди коштоочу каттын биринчи бетине коюлат.

14. «КПҮ» деген грифи бар документтерди кабыл алуу, каттоо жана эсебин алуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын документтик камсыздоо кызматы (мындан ары — МДК) тарабынан аткарылат.

15. Уюмга келип жаткан бардык «КПҮ» кат-кабарлары фельдъегердик кызмат, атайын байланыш кызматы, мекемелердин, уюмдардын чабармандары тарабынан жеткирилет. Кат-кабарлар бул документтер иштөө тапшырылган кызматкерлер тарабынан кабыл алынат жана ачылат. Мында документтердин жана басылмалардын барагынын саны жана нускасы, ошондой эле коштомо катта көрсөтүлгөн тиркемелердин болушу текшерилет.

Документтер толук эмес комплектте болгон учурда тиешелүү акт түзүлөт, анын биринчи нускасы жөнөтүүчүгө жиберилет, экинчиси көктөмөгө тиркелет.

Актка «КПҮ» документтерин каттоого алууга жооптуу кызматкер тарабынан кол коюлат жана МДК кызматынын жетекчиси же мындай адам жок болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчиси тарабынан бекитилет.

Эгерде «КПҮ» чектөө грифи бар конвертке «КПҮ» чектөө грифи жок «КПҮ» маалыматтарды камтыбаган документтер салынса, алар каттоо үчүн МДК кызматына берилет.

Эгерде «КПҮ» чектөө грифи бар кириш кат-кабар, МДК кызматын айланып өтүп уюмдун түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз келип түшсө, анда бул кат-кабар тез арада каттоо жана андан ары иштөө үчүн МДК кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.

16. «КПҮ» чектөө грифи коюлган бардык кат-кабар кириш документтердин журналында жашыруун эмес документтерден өзүнчө катталууга тийиш.

17. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди каттоо журналдарынын (кириш, чыгыш жана ички документтер үчүн) барактары номерлениши, көктөлүшү, мастикалык мөөр менен бекитилиши жана журналдын акыркы барагында жазуу менен күбөлөндүрүлүшү керек.

18. Каттоодон кийин бардык кириш документтери таанышуу жана алар тууралуу чечим кабыл алуу үчүн уюмдун жетекчисине билдирилет. Таанышкандан кийин документтер кайра МДК кызматына кайтарылат. Эгерде документ андан ары таанышууну талап кылса, анда «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди каттоо тапшырылган кызматкер аны жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн адамдарга гана тааныштырат.

19. Эгерде документ аткарылууга тийиш болсо, анда «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди каттоо тапшырылган МДК кызматынын кызматкери аны аткаруу үчүн бөлүмдүн жетекчисине же резолюцияда көрсөтүлгөн адамга кол койдуруп алуу менен берет.

20. «КПҮ» чектөө грифи коюлган кириш документтерден көчүрмө алуу уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жана аларды каттоону жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан аткарылат.

21. Ыйгарым укуктуу кызматкер «КПҮ» грифи бар документтин ар бир нускасынын акыркы барагынын артына басылган нускасынын санын, аткаруучунун аты-жөнүн, өзүнүн аты-жөнүн жана документтин басылган датасын коюуга тийиш.

«КПҮ» чектөө грифи коюлган маалыматтарды иштетүү үчүн уюштуруу техникасынын каражаттарын колдонууда коргоо тутуму түзүлөт, ал «КПҮ» маалыматын мыйзамсыз билүүдөн коргоо, сыртка чыгып кетүүсүн, алдын-алуу жана бузулуу учурларын жокко чыгаруу боюнча иш-чараларды камтыйт. «КПҮ» маалыматтары бар чыгарып алма алып жүргүчтөрдү эсепке алуу чыгарып алма алып жүргүчтөрдү эсепке алуу журналында (карточкасында) жүргүзүлөт.

Басылган жана кол коюлган документтер, адепки жазылган тексттери жана варианттары менен каттоо үчүн аларды эсепке алган кызматкерге берилет. Адепки жазылган тексттер жана алардын варианттары ошол кызматкер тарабынан жок кылынат жана алардын жок кылынганы эсепке алуу формасында белгиленет.

22. Жөнөтүү үчүн документтерди алганда документтерди каттоо тапшырылган кызматкер документтердин бардык нускаларынын жана басылган барактарынын бардыгын текшерет.

Кызматкер документтерди чыгыш журналында жана чыгыш документтерди эсепке алуу журналында каттайт жана документтерди адресатка фельдъегердик же атайын байланыш кызматы аркылуу тизме боюнча жөнөтөт. Шашылыш учурда документ аткаруучу же МДК кызматынын кызматкери тарабынан жеткирүү китеби боюнча жеткирилиши мүмкүн.

23. Жөнөтүлүп жаткан «КПҮ» грифи бар документтер конвертке салынып, мастикалык мөөр басылышы керек. Конверттин үстүнкү бөлүгүнүн оң жагында «КПҮ» чектөө грифи, кабыл алуучунун жана жөнөтүүчүнүн дареги, салынган документтердин номерлери көрсөтүлөт.

24. «КПҮ» грифи коюлган документтерди бир нече дарекке жөнөтүү зарылдыгы келип чыккан учурда, жиберүүнүн көрсөткүчү түзүлөт, анда жиберилүүчү документтердин нускаларынын номерлери ар бир дарек боюнча коюлат. Жиберүүнүн көрсөткүчүнө документтерди даярдаган аткаруучу жана түзүмдүк бөлүмдүк жетекчиси тарабынан кол коюлат.

 

4. «КПҮ» маалыматтарын билүү укугу берилген

кызматкерлердин милдеттери

 

25. Уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

— ушул Жобонун талаптарын билүүгө жана аткарууга;

— «КПҮ» маалыматтарынын тизмегин ишти уюштуруу жана аны иште колдонуу үчүн билүүгө;

— өздөрүнө белгилүү болгон «КПҮ» маалыматтарын ачыкка чыгарбоого;

— «КПҮ» маалыматтарын пайдалануу тартибинин бузулгандыгынын фактылары жөнүндө, маалыматты уруксатсыз билүү аракеттери жөнүндө бөлүмдүн жетекчисин жана режимдик-жашыруун органды (атайын кызматкерди) кабардар кылууга;

— документтерди пайдалануу эрежелерин, алардын эсебин алуу, сактоо жана жок кылуу тартибин так аткарууга, иш процессинде анда камтылган маалыматтардын бөтөн адамдардан сакталышын камсыздоого;

— түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн билүү укугу берилген документтер менен гана таанышууга;

— бөлүмдүн жетекчисине, кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссияга документтер менен иштөөнүн, эсебин алуунун жана сактоонун белгиленген тартиби бузулгандыгы жөнүндө, ошондой эле «КПҮ» маалыматтарын ачыкка чыгаруу фактылары жөнүндө жазуу жүзүндөгү түшүнүк кат берүүгө.

26. Уюмдун кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— корголбогон байланыш каналдары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө «КПҮ» маалыматтарын колдонууга;

— ачык (корголбогон) байланыш каналдары (факсимилдик байланыш, Интернет тармагы ж.б.) боюнча «КПҮ» маалыматтарын берүүгө;

— ачык кат алышууда, макалаларда жана сүйлөгөн сөздөрдө «КПҮ» маалыматтарын колдонууга;

— «КПҮ» маалыматтарын жеке кызыкчылыктарда колдонууга;

— жетекчинин уруксатысыз уюмдун имаратынан «КПҮ» маалыматтарын камтыган документтерди жана башка маалыматты алып жүрүүчүлөрдү алып чыгууга;

— белгиленген тартипте актыны тариздебестен «КПҮ» документтерин жок кылууга.

 

5. Аткарылган (кириш, чыгыш жана ички) документтерди

көктөмөлөргө топтоо, аларды архивдөө

 

27. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтер (кириш, чыгыш жана ички) аткарылгандан кийин жашыруун эмес документтерден өзүнчө көктөмөлөргө топтолот.

28. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтер «КПҮ» грифи бар документтердин көктөмөлөрүнүн номенклатурасына ылайык топтолот. Бул учурда «Көктемөнүн индекси» деген номенклатурасынын графасында «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтери бар көктөмөлөрүнүн номерине «КПҮ» белгиси кошулат.

29. Көктөмөлөрдүн номенклатурасы менен каралган көктөмөлөр, төмөнкү белгилери боюнча ачылат:

— предметтик-маселе же документтер көктөмөлөргө алардын мазмуну боюнча топтолгондо тематикасы боюнча, башкача айтканда бир маселеге же бир темага тиешелүү болгондо;

— документтердин (буйруктар, отчеттор, протоколдор, актылар ж.б.) түрү боюнча;

— кат-кабарлар боюнча, мында көктөмөгө документтер бир же бир нече мекемелер менен кат алышуу боюнча жана башка белгилери боюнча бириктирилет.

30. Көктөмөлөр документтердин аткарылгандыгы боюнча ачылат. Ар бир көктөмөдө 250дөн ашпаган барак камтылат. Эгерде документтер көп болсо, анда алар томдорго бөлүнөт.

Көктөмөгө киргизилген документтердин сакталышын жана жайгашкан тартибинин бекитилишин камсыз кылуу максатында көктөмөгө (томго) көктөлгөн бардык документтердин ар бир барагы номерленет, номерлер документтин текстинен тышкары, барактын жогорку оң бурчуна коюлат. Документтин кайдан келип түшкөнү же кимге даректелгени, номери, барактардын номерлери көктөмөдөгү документтердин ички тизимине киргизилет.

31. Көктөмөнүн (томдун) бүтүшү боюнча ички тизимдин аягында ага киргизилген документтердин саны (санарип жана жазуу түрүндө), ошондой эле «КПҮ» документтеринин жүргүзүлүшү үчүн жооптуу кызматкердин кызмат орду жана аты-жөнү, көктөмөгө киргизилген барактардын жалпы саны көрсөтүлөт.

32. Көктөмөнүн (томдун) мукабасында «КПҮ» чектөө грифи, мекеменин жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы, номенклатура боюнча көктөмөнүн (томдун) номери, аталышы (көктөмөнүн аталышы) жана көктөмө ачылган жана бүткөн күнү жана жылы, көктөмөнүн (томдун) барактарынын саны, ошондой эле аны сактоо мөөнөтү көрсөтүлөт.

33. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтери бар көктөмөлөрдү сактоо мөөнөтү уюмдун жетекчилигинин чечими менен бекитилген, Уюмдун жана анын мекемелери ишинде түзүлгөн документтердин тизмегинин негизинде сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен белгиленет.

34. «КПҮ» көктөмөлөрү жана документтери аткаруучуларга иштөө үчүн берилип жаткан көктөмөлөрдүн жана документтердин каттоо карточкасы боюнча берилет.

35. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтердин, көктөмөлөрдүн катталышы жана сакталышы үчүн жооптуу кызматкер алмашкан учурда, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилген ушул документтердин кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.

36. «КПҮ» көктөмөлөрү бөлүмдө бир жыл сакталат жана күндөлүк маалымдама ишинде колдонулат, андан кийин уюмдун архивине өткөрүлүп берилет.

37. Өзүнүн практикалык маанисин жоготкон жана тарыхый баалуулугу жок «КПҮ» чектөө грифи коюлган көктөмөлөрдү жана документтерди жок кылуу комиссия тарабынан акты боюнча жүргүзүлөт, ал актыга комиссия мүчөлөрү кол коет жана белгиленген тартипте бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет. Комиссиянын курамына бул материалдарга түздөн-түз тиешеси бар түзүмдүк бөлүмдөрдүн үчтөн кем эмес кызматкери кошулушу мүмкүн. Материалдар өрттөө жолу менен жок кылынат. Андан соң эсепке алуу формаларында тиешелүү актыга шилтеме жасалып жок кылуу белгиси коюлат.

38. «КПҮ» грифи коюлган документтерди архивдөөнү архивариус жүргүзөт.

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын архиви өзүнүн ишинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, тиешелүү органдын жетекчилигинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин, республиканын мамлекеттик башка архив кызматтарынын методикалык документтерин жетекчиликке алат.

 

6. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерде камтылган

маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы, ушундай маалыматтарды

камтыган документтерди жоготкондугу жана алар менен иштөө

тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

39. «КПҮ» деген документтердин, көктөмөлөрдүн жана басылмалардын болуусун текшерүү уюмдун жетекчисинин буйругу менен дайындалган комиссия тарабынан жылына кеминде бир жолу аткарылат. Комиссиялардын курамына милдеттүү түрдө бул документтерди каттоо жана сактоо тапшырылган адамдар кошулат. Текшерүүнүн жыйынтыктары акт менен таризделет.

40. «КПҮ» документтери, көктөмөлөрү жана басылмалары жоголгон фактылар жөнүндө уюмдун жетекчисине же МДК кызматынын жетекчисине маалымдалат.

41. «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди, көктөмөлөрдү жана басылмаларды жоготуу фактыларын тергөө үчүн уюмдун жетекчисинин буйругу менен кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия дайындалат. Териштирүү жыйынтыктары жөнүндө комиссиянын корутундусу уюмдун жетекчисине билдирилет.

42. «КПҮ» документтерин, көктөмөлөрүн жана басылмаларын жоготкондугу үчүн, ошондой эле ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

43. «КПҮ» документтеринин, көктөмөлөрүнүн жана басылмаларынын жоголгондугу тууралуу акт түзүлөт. Эсепке алуу маалыматтарына тийиштүү белгилер коюлат. Көктөмөлөрдүн, документтердин жана басылмалардын жоголгондугу тууралуу актылар дайыма сактоо үчүн уюмдун архивине тапшырылат.

44. «КПҮ» маалыматтарын ачыкка чыгаргандыгы жана мындай маалыматтарды камтыган документтерди жоготкондугу үчүн уюмдун «КПҮ» маалыматтарын жана документтерин алууга укугу бар ар бир кызматкери жеке тартиптик жоопкерчилик тартат.

45. «КПҮ» маалыматтарын ачыкка чыгаруу жана «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди жоготуу фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

46. Кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия төмөнкүлөрдү белгилейт:

— «КПҮ» маалыматтарынын ачыкка чыгуусунун же «КПҮ» документтердин жоголушунун жагдайларын;

— «КПҮ» маалыматтарын ачыкка чыгарган же «КПҮ» документтерин жоготкон күнөөлүүлөрдү;

— «КПҮ» маалыматтарынын ачыкка чыгуусуна же «КПҮ» документтеринин жоголушуна өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды.

47. Кызматтык териштирүү ачыкка чыгуу же жоготуу фактысы табылган күндөн баштап бир айдан ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.

48. «КПҮ» маалыматтарын жана «КПҮ» чектөө грифи коюлган документтерди колдонуу тартибинин талаптарынын бузулуусу аныкталганда, мындай бузууларга жол берген адамга карата тартиптик жаза чаралары көрүлөт.

49. Уюмдун жетекчилиги жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарга карата тартип жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечимди, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкалар белгиленбесе, корутунду бекитилген күндөн баштап бир айдан кем эмес мезгилде кабыл алат.