Бишкек шаары

2011-жылдын 21-декабры N 247

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук

телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө

 

(КР

2013-жылдын 6-июнундагы N 90 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

 

1-глава. Жалпы жоболор

3-глава. Корпорациянын ишин уюштуруу

4-глава. Корпорациянын программалык жана редакциялык саясаты

5-глава. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам коомдук берүүлөрдү өнүктүрүү максатында ачыктык, адилеттүүлүк жана калыстык принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын укуктук мураскору) ишин жөнгө салат.

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Жөнгө салуу предмети

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары — Корпорация) ишинин укуктук негиздери, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнүн принциптерин ишке ашыруу ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети болуп саналат.

 

2-берене. Корпорациянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары

 

Корпорация өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, жалпыга маалымдоо каражаттар жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

 

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:

тедерадиоберүү — адамдардын чектелбеген чөйрөсүнүн жекече кабыл алуусуна багытталган, обо боюнча (жердеги же спутниктик берүүчүлөр) же кабель тармактары боюнча (зымдык, санариптик, компьютердик жана башка) ачык же код түрүндө жүзөгө ашырылуучу теле- жана радио программаларды жана кошумча маалыматтарды таркатуу;

телеберүү же радиоберүү — теле же радиоберүүлөр үчүн даярдалган жана багытталган маалыматтарды жана материалдарды камтыган, уюштуруучулук жана тематикалык жагынын өзүнчө бүткөрүлгөн теле же радиопрограммалардын бөлүгү;

ата мекендик өндүрүштөгү телерадиоберүү — Кыргыз Республикасында иштеп жаткан телерадиокомпаниялар даярдаган жана тапшырык кылган берүүлөр;

чет элдик телерадиоберүү өндүрүшү — чет өлкөлөрдө даярдалган, ошондой эле үн, визуалдык жана аудиовизуалдык материалдардын 50%дан ашыгын камтыган ата мекендик эмес өндүрүштөгү берүүлөр;

телепрограмма же радиопрограмма — радио жыштыктарынын спектрин, кабелдик же зым тармагын колдонуу менен берилүүчү теле- же радиоберүүлөрдө каралган тартипте биринин артынан бири кетүүнүн жыйындысы;

берүү сеткасы — белгилүү бир мезгилге майда-чүйдөсүнө чейин такталбаган берүүнүн негизги багыттарын аныктаган теле- же радиопрограммалардын, теле- же радиоберүүлөрдүн, кошумча маалыматтардын берүү убактыларынын тизмеси, аталышы, убактысы;

телерадиопродукция — бул техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен көрүү жана угуу аркылуу кабыл алуу үчүн даярдалган кадрлардын (үндүн коштоосу менен же коштоосу жок) өз ара байланышкан так серияларынан турган аудиовизуалдык чыгарма;

телерадиопродукцияларды өндүрүүчү — теле- же радиопрограммаларды, теле- же радиоберүүлөрдү өндүрүүгө адистешкен жеке же юридикалык жак;

телерадиоберүүнүн техникалык каражаттары — телерадиопрограммаларды даярдоону жана аларды байланыш техникалык каражаттары аркылуу берүүнү камсыз кылуучу жабдуу.

 

2-глава

Корпорациянын ишинин укуктук негиздери

 

4-берене. Корпорациянын юридикалык статусу

 

1. Корпорация — коомдук телерадиоберүү статусу бар мамлекеттик телерадиоберүү уюму.

2. Корпорация эсептешүү эсеп-кысабы, ага бекитилип берилген мүлкү, өзүнө таандык символдук белгиси. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өзүнүн аталышы бар юридикалык жак болуп саналат.

3. Корпорация жана анын курамына кирген уюмдар, ишканалар менен бөлүмчөлөр менчиктештирүүгө жатпайт. Чарбалык иштин субъекти катары корпорациянын өзгөчөлүгү ушул Мыйзам тарабынан белгиленет.

 

5-берене. Корпорациянын эркиндиги жана көз карандысыздыгы

 

1. Массалык маалыматтарды эркин табууга, алууга, өндүрүүгө жана жайылтууга болгон Корпорациянын укугу мамлекет тарабынан кепилденет.

2. Телерадиопродукцияларын чыгаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларды кошпогондо, эркин, көз карандысыз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүзөгө ашырылат.

3. Цензураны жүзөгө ашырууга жана цензуралык ишмилдеттерди жүзөгө ашыруу милдети кирген уюштуруучулук түзүмдөрдү түзүүгө жол берилбейт.

 

6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери

 

1. Корпорация жарандардын маалыматтарды эркин алуудагы конституциялык укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

2. Корпорациясынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык улуттук телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу;

коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк болуучу маалымат саясатын жүзөгө ашыруу:

өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;

Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүү мейкиндигин калыптандыруу жана анын дүйнөлүк маалымат процесстерине кирүүсүн активдештирүү;

демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын оң абройун калыптандырууга жана колдоого багытталган маркетингдик, маалыматтык жана жарнама саясатын жигердүү жүргүзүү;

Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө объективдүү маалыматтарды жайылтуу, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу;

мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясый жана башка окуялар жөнүндө керектөөчүлөргө ыкчам маалымдоо;

журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын камсыз кылуу, ар бир адамдын укугун сыйлоо;

балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялоочу жана билим берүүчү телерадиопрограммаларды өнүктүрүү;

маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка берүүлөрдү жогорку кесипкөй, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу жана жайылтуу;

айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу жагдай түзүүдөн качуу менен мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин бирдей деңгээлде чагылдыруу;

калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирлерин эркин билдирүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

кыргыз адабий тилин, кыргыз маданиятын жана тарыхын окуп үйрөнүүнү өнүктүрүү, чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу.

 

7-берене. Корпорациянын укугу жана милдеттери

 

1. Анын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн:

1) Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:

республиканын бардык аймагына анык, объективдүү маалыматтарды жайылтууну жүзөгө ашырууга;

коомчулук талап кылган бардык багыттарды эске алуу менен ар түрдүү программаларды камсыз кылууга;

мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш чараларды жүргүзүүгө;

телерадиоберүү жагында чет өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө;

аудиовизуалдык техникалар жана технологиялар жагында дүйнөлүк аналогдорду колдонуу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга;

телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарына консультациялык жардамдарды көрсөтүүгө;

Корпорация тарабынан чыгарылган телерадиопродукцияларынын архивин түзүүгө, телевизиондук фильмөндүрүшүн жүзөгө ашырууга;

телерадиоберүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик тилде жүзөгө ашырууга;

балдар, өспүрүмдөр, билим берүү жана оюн-зоок программаларына 30 пайыз эфирдик убакыт бөлүүнү камсыз кылууга;

берүү көлөмүнүн 70 пайыздан кем эмесин ата мекендик телерадиоберүүлөр менен камсыз кылууга, чет элдик өндүрүштөгү телерадиоберүүлөрдүн үлүшү 30 пайыздан ашпоого тийиш;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий билдирүүлөрүн жайылтууга жана алардын ишин чагылдырууга;

2) Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:

телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан жана башка юридикалык жана жеке жактардан керектүү маалыматтарды алууга;

маалыматтын объективдүүлүк жана айкындык принциптерине ылайык өз ишин өз алдынча жүргүзүүгө;

уюмдарды, ишканаларды, бирикмелерди, чыгармачыл багыттарды, топторду жана кабарчылар пункттарын (анын ичинде чет өлкөдө) аларга чыгармачылык өз алдынчалык берүү жана чыгарган продукция үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен түзүүгө (жоюуга);

өзүнүн аудио- жана видеопродукцияларын, архивдик телерадиопродукцияларын сатып өткөрүүгө, ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн телерадиопрограммалары жана фильмдери менен өз ара алмашууларды жүргүзүүгө;

ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке адамдардын видеопродукцияларын укук ээлеринин макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, окутуу жана башка түрлүү иштерди жүзөгө ашырууга;

белгиленген тартипте нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;

телекөрсөтүү жана радио көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;

Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди, чет өлкөлүктөрдү кошуп алганда, келишимдик негизде тартууга;

белгиленген тартипте ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, кайра түзүүгө же жоюуга, алар жөнүндө жоболорду (уставдарды) бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга;

белгиленген тартипте өз алдынча каржылоо шарттарында чарбалык түзүмдөрдү түзүүгө жана алар аркылуу колдонуудагы мыйзамдардын алкагында акы төлөнгөн консультацияларды, маалыматтык-тактама жана башка кызматтарды келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;

колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акы төлөнгөн кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;

ата мекендик жана эл аралык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары менен кызматташууга;

Корпорациянын максаттарына жетүүсүнө багытталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырууга.

2. Корпорация ар жыл сайын улуттук радионун жана телекөрсөтүүнүн оболук программаларынын ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле коомдун кызыкчылыгын канааттандырууга жетүү максаттарда сырт тараптагы теле- жана/же радиоберүү уюмдары чыгарган продукциялар (маданий-агартуу багытындагы коммерциялык эмес программалар) үчүн жалпы оболук убактын 30 пайызын тендерге коюуга укуктуу. Тендердин жеңүүчүсү тиешелүү программаларды чыгаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат, ал эми Корпорация оболук убакыттын 30%ын берет.

 

8-берене. Корпорациянын түзүмү

 

1. Корпорациянын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

Республикалык радиотелеборбор;

Коомдук республикалык телекөрсөтүү жана радиоберүү;

Д.Садырбаев атындагы «Кыргызтелефильм» студиясы.

2. Корпорацияга мыйзамда белгиленген тартипте башка телерадиоберүү уюмдары, компаниялар, студиялар кошулушу мүмкүн.

 

9-берене. Жарнак

 

1. Балдарга даректелген же балдардын образдары колдонулган жарнак жарыяларында алардын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү нерселерден оолак болуу керек.

2. Жарнак жарыяларын берүүдө төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:

Корпорация жарнактардын көлөмүн өзүнүн күндөлүк берүүсүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмүндө чектөөгө;

жарнактарды берүүнүн жалпы көлөмү берилген бир сааттык мезгилдин ичинде саатына 6 мүнөттөн ашпоого;

жарнак материалдары керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка кириптер кылбоого, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирбөөгө;

аң-сезимге таасирин тийгизген жарнак жарыяларына уруксат берилбейт;

жарнак жарыяларында жаңылыктар программаларын жана учурдагы окуяларды дайыма алып баруучулардын образын, элесин же үнүн пайдаланууга болбойт;

алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнак жарыялар менчиктин түрлөрүнө карабастан саат 7ден 22ге чейин радио жана телекөрсөтүүгө чыгууга тийиш эмес;

оюн-зоок (кумар оюн) бизнеси жөнүндө жарнак жарыяларына уруксат берилбейт;

порнографиялык мүнөздөгү, ошондой эле курал жөнүндөгү жарнак жарыяларына уруксат берилбейт;

мыйзамдарда белгиленген тартипте өндүрүүгө жана сатууга уруксат берилбеген дары-дармек, медициналык каражаттардын, медициналык багыттагы продукциялардын жана техникалардын жарнагына тыюу салынат;

аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын уруксатысыз дарылоо, алдын алуу, диагностика жана реабилитация усулдарынын жарнагына жол берилбейт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган учурларды кошпогондо, Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин жарнактарын же алардын атынан берилген жарнак материалдарын обого бербейт.

Социалдык жарнак чыгарууга жана обого берүүгө уруксат берилет.

Корпорациянын Байкоочу кеңеши жарнакты жайылтууга кошумча чектөө, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жарнак убактысына караганда көп чектөө белгилөөгө укуктуу.

 

10-берене. Демөөрчүлүк

 

1. Корпорациянын телерадиоберүүлөрүнө карата демөөрчүлүк иштер төмөнкү шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш:

демөөрчүлүк программалардын мазмунуна жана иш тартибине эч кандай таасир тийгизбеши керек:

башында жана (же) аягында, ошондой эле жарнактык тыныгууга чейин жана (же) кийин гана берилүүчү демөөрчүлүк жөнүндөгү маалымат (аталышы же аты, эмблемасы, соода-сатык же фирмалык маркасы) демөөрлөнгөн телерадиоберүүдө так жана түшүнүктүү болууга тийиш;

демөөрлөнгөн телерадиоберүүлөр демөөрчүнүн же үчүнчү жактын сатууларын, сатып алууларын же товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ижарага алуу, атап айтканда бул товарлар же кызматтар тууралуу эскертүү аркылуу кубаттоого алынбашы керек.

2. Телерадиоберүү жагындагы кайрымдуулук иштер жана меценаттык «Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Кайрымдуулук кылуучулар тарабынан өндүрүлгөн товарлар, иштер жана кызматтар жөнүндө маалыматтар чагылдыруучулар тарабынан жайылтылууга жол берилбейт.

3. Маалыматтык, саясый жана диний телерадиоберүүлөргө карата кайрымдуулук, меценаттык жана демөөрчүлүк иштерге тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган өндүрүп чыгаруучулардын иш аракетинин негизги түрү болуп эсептелген товарлардын өндүрүшүнө, иштерге жана кызматтарга, жарнактарга демөөрчүлүктү ишке ашырууга тыюу салынат.

Шайлоо процессинин учурунда демөөрчүлүк Кыргыз Республикасындагы мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

 

3-глава

Корпорациянын ишин уюштуруу

 

11-берене. Корпорациянын башкаруу органдары

 

Төмөнкүлөр Корпорациянын башкаруу органдары болуп саналат:

Байкоочу кеңеш;

башкы директор.

 

12-берене. Корпорациянын Байкоочу кеңеши

 

1. Корпорациянын Байкоочу кеңеши (мындан ары — Кеңеш) Корпорациянын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

2. Кеңеш 15 мүчөдөн турган, 5 жылга шайланган коллегиалдык орган болуп саналат. Партиянын лидерлери, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары же мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт.

Кеңештин курамы Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылга бекитилет жана төмөнкүдөй түзүлөт:

Президенттен — 5 мүчө;

Жогорку Кеңештен — 5 мүчө;

жарандык коомдон — 5 мүчө.

 

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги N 1850-V «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» токтому

 

3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

Кеңештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда өздөрүнүн саясий ишин жана саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтото турушат.

4. Кеңештин мүчөлөрү алар шайланган мөөнөт аяктаганда өз ыйгарым укуктарын токтотушат.

Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

жеке өтүнүчү боюнча;

каза болгондо же Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген ооруга чалдыкканда;

Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катары менен 2 жолу катышпаган учурда;

Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын бузганда жана соттун өкүмү күчүнө киргенде.

Жогоруда каралган учурларда Кеңештин мүчөлөрүн чакыртып алуу жана жаңы өкүлдөрүн дайындоо ошол талапкерди көрсөткөн тарап тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Кеңештин мүчөлөрү Корпорация менен иштиктүү мамиледе боло алышпайт.

Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин акысыз аткарышат.

Кеңештин мүчөлөрүнө алардын кызматтык милдеттерди аткарып жаткандыгына байланыштуу келтирилген чыгымдар, анын ичинде транспорттук жана суткалык чыгымдар кайтарылып берилет.

 

13-берене. Кеңештин мүчөлөрүн шайлоонун тартиби

 

1. Кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер билим берүү, илимий, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлөт.

Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билими жана массалык-маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарда, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болушу зарыл.

2. Төмөндөгүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:

мамлекеттик кызматта турган адамдар;

расмий кызмат ордун ээлеген же саясый партиянын штатында турган адамдар;

Корпорациянын же башка берүүлөрдүн кызматкерлери;

ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарында шайлануу жолу менен кызмат ордун ээлеген адамдар;

берүү же телекоммуникация чөйрөсүндө кызматта турган, ушул тармактан эмгек акы алган же аларга карата тикелей жана кыйыр финансылык кызыкчылыктары бар адамдар.

3. Президент Жогорку Кеңешке 10 талапкерди сунуш кылат. Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.

Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.

Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл союздар, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) өзүнүн сунушун жазуу жүзүндө Жогорку Кеңештин профилдик комитетине киргизет. Комитет сунушталган талапкерлердин арасынан жогоруда аталган критерийлер боюнча тандоо жолу менен 10 талапкерди тандап алат, алардын ичинен Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен 5 талапкерди бекитет.

Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

4. Добуш берүүнү даярдоону жалпыга маалымдоо каражаттары компетенциясына кирген Жогорку Кеңештин профилдик комитети жүзөгө ашырат.

Талапкерди көрсөтүү жана аларды бекитүү ачык өтөт. Комитет талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт.

(КР 2013-жылдын 6-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. Кеңештин ишин уюштуруу

 

1. Кеңеш жылына кеминде 4 жолу чакырылат, ошол эле учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен Кеңештин жылдык жыйналыштары өткөрүлүп, Кеңештин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылат.

2. Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын, Корпорациянын башкы директорунун же анын мүчөлөрүнүн курамынын кеминде үчтөн биринин өтүнүчү боюнча чакырылат.

3. Кеңештин жыйналышы, эгерде ага Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, укук ченемдүү. Кворум жок болгондо жыйналыш башка күнгө которулат.

Кеңештин чечимдери, ушул Мыйзамда каралгандарды кошпогон учурларда, Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кеңешти төрага жетектейт, ал Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.

Кеңештин төрагасынын компетенциясына төмөнкүдөй иш-милдеттер кирет:

Кеңештин чогулушунун убактысын, өткөрүлүүчү ордун жана күн тартибин аныктоо;

чогулушту анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу;

Кеңештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу;

өзү жок болгондо Кеңештин мүчөлөрүнүн бирин Кеңештин жыйналышына төрагалык кылууга дайындоо;

Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо.

Кеңештин төрагасы, эгерде Кеңештин бардык курамынын үчтөн экисинин добушу менен Кеңештин мүчөлөрү ага ишеним көрсөтүшпөсө чакыртылып алынат.

Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынан протоколдонот. Кеңештин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

жылдык, кезектеги жана кезексиз чогулуштарды чакыруу боюнча бардык уюштуруу ишин жүргүзүү, жыйналыштар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылаштыруу;

жыйналыштар, күн тартиби, өткөрүлүүчү убактысы жана орду жөнүндө жылдык жана кезектеги жыйналышты өткөрүүгө чейин кеминде 30 күн мурда жана кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде 10 күн мурда Кеңештин мүчөлөрүнө билдирүү түрүндө кабарлоо;

Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүү.

5. Корпорациянын башкы директору Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добушу менен катышууга укуктуу.

 

15-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары жана укуктары

 

Кеңеш белгиленген милдеттердин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

Корпорациянын уставын, Кеңештин регламентин, редакциялык саясатты бекитүүгө, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Корпорациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга;

Корпорациянын чыгашаларынын (бюджетинин) сметасын, пландык документтерин жана каржылык отчетторун кароого жана макулдашууга;

Корпорациянын каржылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин пайдаланылышы жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга;

Корпорациянын тийиштүү кызмат адамдарынан каржылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан документтерди белгиленген тартипте суратып алууга;

уставда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды, жумушчу топторун түзүүгө;

Корпорациянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө;

Корпорациянын иши боюнча документтерди көз карандысыз текшерүүнү, аудитти жүргүзүү, консультацияларды алуу үчүн эксперттерди тартууга жана жумушчу топторун түзүүгө;

Корпорациянын ишине тийиштүү зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратууга жана алууга;

Корпорациянын ишинин маселелери боюнча жарандар менен уюмдардын Кеңештин дарегине келип түшкөн жана жөнөтүлгөн арыздарын жана кайрылууларын кароого;

Корпорациянын башкы директорун Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен конкурстук негизде шайлоого;

Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;

Кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн санынын үчтөн экисинин добушу менен башкы директор тарабынан анын орун басарларын дайындоого жана бошотууга макулдук берүүгө.

2. Кеңеш Корпорациянын ишинин маалымдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылат, коомчулук менен байма-бай жолугушууларды, консультацияларды өткөрөт жана коомдук кызыкчылыктарды ашкере билдирүү максаттарда этникалык, гендердик, курактык, кесиптик, маданий жана диний принциптер боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эсепке алат.

(КР 2013-жылдын 6-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-берене. Кеңештин ишин камсыз кылуу

 

1. Кеңеш коомдук башталышта иштейт.

2. Кеңештин ишин уюштуруучулук, усулдук, каржылык жана башка жагынан камсыз кылууну белгиленген тартипте Корпорация жүзөгө ашырат.

 

17-берене. Корпорациянын жылдык аудити

 

Корпорация жыл сайын милдеттүү түрдө финансылык жана чарбалык иштеринин тышкы аудитинен өтөт. Кеңеш тендердин негизинде аудитордук фирманы тандайт.

Аудитордук фирманын отчету Кеңештин кароосуна берилет, ошондой эле отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбей жарыяланат.

 

18-берене. Корпорациянын иши боюнча отчет

 

Кеңеш жыл сайын, отчеттон кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Корпорациянын иши боюнча жылдык отчетту Президентке жана Жогорку Кеңешке тапшырат.

Кеңеш тышкы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары менен бирге Корпорациянын жылдык отчетун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана кеңири жайылтат.

Ар бир жылдык отчет төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

каржылоо жана жетекчилик жөнүндө маалыматтарды;

өткөн жыл ичиндеги Корпорациянын жүзөгө ашырган иштерин жазууну;

өткөн жылдагы Корпорациянын максаттары, аларга жетишүүнүн деңгээли жана кийинки жылга милдеттери;

Корпорацияга толук же жарым-жартылай, тикелей же кыйыр тийиштүү бардык компаниялар же ишканалар жөнүндө маалыматтар;

өткөн жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жалпы маалыматтар менен сырткы аудиттин жыйынтыктары;

келерки жылга бюджет;

Корпорациянын редакциялык саясаты;

программалардын сеткасы жана ага пландаштырылган өзгөртүүлөр;

өндүрүүчүлөрдүн же компаниялардын аттары (аталыштары) менен бирге көз карандысыз өндүрүүчүлөр тарабынан даярдалган Корпорация обого берүүчү программалардын тизмеси;

керектөөчүлөрдүн даттануулары жөнүндө коомдук берүүгө жана маалыматтарга карата сунуштар.

 

19-берене. Корпорациянын башкы директору

 

1. Башкы директор Корпорациянын аткаруучу органынын атынан чыгат.

2. Башкы директор Корпорацияны башкарат жана анын бардык операцияларынын жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

3. Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт.

3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат.

3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

4. Башкы директордун жана анын орун басарларынын иш милдеттери Корпорациянын уставында так жол-жоболоштурулууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 6-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-берене. Корпорациянын мүлкү жана анын ишин каржылоо

 

1. Корпорацияны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

2. Каржылоо ошондой эле төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

жарнамалардын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын;

продукцияларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштердин башка түрлөрүн ишке ашыруудан алынган өзүнүн каражаттарынын;

автордук укуктарды пайдаланууга байланышкан кирешелердин;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелердин.

3. Корпорациянын имараттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана Корпорацияга чарба күтүү укугунда бекитилип берилет.

 

4-глава

Корпорациянын программалык жана редакциялык саясаты

 

21-берене. Корпорациянын программалык саясаты

 

1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бардык калкынын кызыкчылыктары үчүн анын этностук, маданий жактан ар түрдүүлүгүн эсепке алуу менен, өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.

2. Корпорация коомдо орун алган пикирлердин жана көз караштардын бүтүндөй диапазонун чагылдырган, учур талап кылган жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.

3. Корпорация төмөнкүдөй берүүлөрдүн кызматтарын көрсөтөт, алар:

Өкмөттүн, саясый же экономикалык күчтөрдүн контролунда болбойт, ак ниет редакциялык саясатты чагылдырат жана Корпорациясынын көз караштарын же пикирин билдирбейт;

өлкөнүн ичиндеги жана анын сыртындагы жалпы кызыкчылыктарды билдирген учурдагы окуялар жөнүндө жаңылыктардын ар тараптуу, объективдүү жана тең салмактуу берүүлөрүн, анын ичинде прайм-таймда, обого чыгарууну көздөйт;

негизги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын иштерин жеткиликтүү деңгээлде чагылдырат;

өлкөнүн ар кайсы аймактары үчүн кызыгууну жараткан программаларды сунуш кылат;

өлкөнүн маданий ар түрдүүлүгүн таануу жана ошол эле учурда чагылдыруу менен улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

бардык этностук топторго жана азчылыктарга, анын ичинде этностук жана башка азчылыктар үчүн атайын берүү кызматтарын түзүү менен алардын тилинде сөз берет;

түрдүү аудиторияларга эсептелген кеңири керектөө программаларын жана атайын программаларды билгичтик менен айкалыштырат;

билим берүү программаларынын жана балдарга багытталган программалардын зарыл болгон санын обого чыгарат:

телерадиоөндүрүштүн өнүгүшүнө мүмкүндүк түзөт жана коомдун ичинде талаш-тартыштардын маалымдуулугуна жана өтүп жаткан окуяларга сын көз менен кароого көмөктөшөт.

берүүнүн көлөмүнүн 70 пайыздан кем эмесин ата-мекендик телерадиоберүүлөр менен камсыз кылат, чет элдик өндүрүштүн телерадиоберүүлөрүнүн үлүшү 30 пайыздан ашпоого тийиш, эфир убактысынын 30 пайызын балдар, өспүрүмдөр агартуу жана оюн-зоок программалары менен камсыз кылат.

телерадиоберүүлөрдүн бардык көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмесин мамлекеттик тилде болушун жүзөгө ашырат.

Программалык саясаттын кошумча эрежелери Кеңеш тарабынан белгилениши мүмкүн.

 

22-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты

 

Корпорациянын кызматкерлери өзүнүн чыгармачылык ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат.

Чыгармачылык кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмдерин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктык программаларда жекече ой-пикирлерди билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук кандуулук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.

Жаратылыш кырсыктарынан жана катастрофалардан жапа чеккендер, кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете элек өспүрүмдөр жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталат;

Жеке турмуш, шектүүлөрдү, күнөөлүүлөрдү жана соттолуучуларды жок жерден алып чыкпоо принциби сыйланышы керек, маалымат булактарынын жана жашыруун ысымдардын купуялуулугу корголот.

 

23-берене. Корпорациянын маалыматтык берүүлөрү

 

1. Корпорация Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бардык коомдук маанилүү окуялар тууралуу толук жана ыкчам маалымат берет. Маалыматтык билдирүүлөр жок жерден чыкпагандай, тең салмактуу жана көз карандысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш.

2. Корпорация ушул Мыйзамга жана ички актыларга ылайык коомдук маанилүү темаларды өз алдынча аныктайт.

3. Корпорация Президентке, Жогорку Кеңештин Төрагасына, Премьер-министрге, Жогорку Соттун төрагасына расмий билдирүүлөрдү жасоо үчүн акысыз эфирдик убакыт берет.

 

24-берене. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялуулугу

 

1. Корпорация парламенттик угууларды, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын жыйналыштарын жазып алуу, ошондой эле түз эфирде акысыз негизде берүүгө укуктуу.

2. Корпорация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган архивдерди, документтерди жана маалыматтарды алууга укуктуу.

3. Корпорация кеңири журтчулукка жеткиликтүү жана жалпы маалыматтык кызыкчылыктарды туудурган маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирип катышууга укуктуу.

Маалымат булактарынын купуялуулугу (журналисттер «таап чыккан» материалдарды кошкондо) мыйзам тарабынан кепилдикке алынат. Коомдук кызыкчылыкка олуттуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү менен байланышкан булактар соттун чечиминин негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

 

25-берене. Үчүнчү тараптын программалары

 

Кыргыз Республикасында телерадиоөндүрүштү өнүктүрүү жана алга жылдыруу жана обого чыгарылган программаларда пикирлердин жана көз караштардын кеңири диапазонун чагылдыруу максаттарында Корпорациянын эфиринин 30 пайызы көз карандысыз өндүрүүчүлөр чыгарган берүүлөрдөн турушу керек. Корпорация башка уюмдарга программаларды даярдоону Кеңеш белгилеген жол-жобо боюнча заказ берет. Заказ кылынган программаларды обого чыгаруу убактысы Корпорациянын күндүк эфирдик убактысынан 20 пайыздан кем эмес жана 30 пайыздан ашпашы керек.

 

26-берене. Жооп берүү укугу

 

1. Корпорация жайылткан программа тарабынан кызыкчылыктарына доо келтирилген ар бир адам жооп берүүгө укуктуу. Жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен гана чектелет, ал жазуу жүзүндө талашылат, сунушталат жана кызыкдар адам тарабынан кол коюлат. Жооп ошондой эле түз эфирде болушу мүмкүн. Корпорация жоопту акысыз жана тез аранын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

2. Корпорация төмөнкү учурларда жооп берүүдөн баш тартууга укуктуу:

эгерде жооп талаш фактыларды жокко чыгаруу менен чектелбесе;

эгерде жооп өзүн актабагандай узак болсо;

эгерде адам өзүнүн мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушун айкындай албаса;

эгерде төгүнгө чыгаруу тууралуу талап талаш маалымат жарыялангандан 2 айдан кийин түшсө.

 

27-берене. Материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана моралдык зыяндын орду толтурулуп берилет.

 

28-берене. Корпорациянын жоопкерчилиги

 

Корпорация, анын кызматкерлери, ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

5-глава

Корутунду жоболор

 

29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. «Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги N 28 Декретине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-августундагы N 144 «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберуү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык дайындалган Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жаңы мүчөлөрү шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.

3. Кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө чечим ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

«Кыргыз Республикасында Коомдук тедерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги N 28 Декрети;

«Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги N 28 Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-августундагы N 122 Декрети;

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/1, 570-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев

 

2011-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган