Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу ” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

 

1-берене.

 

“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 

5-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

 

“Басма сөз жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнак (жарнама) бул басылма бастырылып чыгарылган тилде жана жарнак (жарнама) берүүчүлөрдүн ыктыяры боюнча башка тилдерде жайылтылат.”.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти