Долбоор

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

 

1-берене.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы 2011-жыл 19-июль №58) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 30-беренеде:

2-бөлүктөгү экинчи сүйлөм алып салынсын;

3-бөлүктөгү “жана формасы” деген сөздөр алып салынсын;

11-бөлүктөгү “жарымынын” деген сөз “үчөөнүн” деген сөз менен алмаштырылсын;

 

2. 36-берененин 2-бөлүгүндө “шайлоо бюллетендерин” деген сөздөрдөн кийин “шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүнүн” деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти