Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

1. Мамлекеттик тилдеги 4-статьясынын жыйырма үчүнчү абзацындагы “ЭЭМ үчүн программа ошондой эле ЭЭМ үчүн программаны иштеп чыгуунун жүрүшүндө алынган даярдык материалдарды да өзүнө камтышы мүмкүн;” деген сөздөр алып салынсын.

 

2. Мамлекеттик тилдеги 7-статьясында:

1) 1-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацындагы “Кодекстин” деген сөз “Мыйзамдын” деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 2-бөлүгүндө:

— биринчи абзацындагы “Кодекстин” деген сөз “Мыйзамдын” деген сөзгө алмаштырылсын;

— экинчи — бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:

“Туунду чыгармаларга башка чыгармаларды кайра иштеп чыгуудан жаратылган чыгармалар (котормолор, кайра иштеп чыгуу, аннотациялар, рефераттар, резюме, серептер, сахналаштыруулар, аранжировкалар жана илимдин, адабияттын жана искусствонун ушул сыяктуу башка чыгармалары) кирет.

Курамдуу чыгармаларга жыйнактар (энциклопедиялар, антологиялар) жана материалдардын тандалышы же жайгашуусу боюнча чыгармачыл эмгектин натыйжасы болгон башка курамдуу чыгармалар кирет.”.

 

3. 16-статьяда:

1) 2-бөлүгүндө:

— он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын:

— төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

“Автордун дизайнердик, архитектуралык, шаар куруучулук жана багбанчылык-сейил бактары долбоорлорун пайдаланууга өзгөчө укуктары ушундай долбоорлорду практикада жүзөгө ашырууну да камтыйт. Кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору эгерде келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыдан имаратты же курулманы куруу үчүн документтерди иштеп чыгууда жана алар курулуп жатканда өз долбоорунун ишке ашырылышына катышууга укук берүүнү талап кылууга укуктуу.”;

2) 3-бөлүгүнүн үчүнчү — бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

 

4. Мамлекеттик тилдеги 39-статьясында:

1) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “статьяларынан” деген сөз  “статьяларынын” деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 2-бөлүгүндөгү “45” цифралары “44” цифраларына алмаштырылсын.

 

5. 44-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“3. Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдар укуктардын төмөнкү категорияларын башкаруу үчүн түзүлүшү мүмкүн:

1) жалпыга жарыяланган музыкалык чыгармаларды (тексти бар же тексти жок) жана музыкалык-драмалык чыгармалардын үзүндүлөрүн эл алдында аткарууга, эфирге же кабель боюнча, анын ичинде кайра трансляциялоо аркылуу берүүгө өзгөчө укуктарды башкаруу;

2) аудиовизуалдык чыгармада пайдаланылган музыкалык чыгармалардын (тексти бар же тексти жок) авторлору болуп эсептелген композиторлордун ушундай аудиовизуалдык чыгарманы эл алдында аткаруу же эфирге, кабель боюнча берүү үчүн сый акы алууга укуктарын ишке ашыруу;

3) сүрөт искусствосунун чыгармаларына карата көзөмөлдөө укугун башкаруу;

4) авторлордун, аткаруучулардын, фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды чыгаруучулардын фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды жеке максатта кайра чыгаргандыгы үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;

5) аткаруучулардын эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча берүү үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;

6) фонограммаларды даярдоочулардын эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча берүү үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу.”.

 

6. 47-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:

“3. Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдар түзүлгөнгө чейин Кыргызпатент ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында белгиленген укуктардын категорияларын башкаруу боюнча бул уюмдардын функцияларын жана милдеттерин аткарат. Кыргызпатент тарабынан жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдардын функцияларынын жана милдеттеринин аткарылышы ушул бөлүмгө ылайык жүргүзүлөт.”.

 

7. Мамлекеттик тилдеги 51-статьясынын 3-бөлүгүндөгү “мыйзамдары ушул Мыйзамга” деген сөздөр “мыйзамдары ушул Мыйзам” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти