Бишкек шаары

1998-жылдын 24-декабры N 155

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Жарнак жөнүндө

 

(КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 134,

2002-жылдын 25-июлундагы N 130,

2006-жылдын 27-январындагы N 17,

2006-жылдын 6-февралындагы N 35,

2006-жылдын 31-июлундагы N 140,

2006-жылдын 8-августундагы N 159,

2008-жылдын 17-декабрындагы N 264,

2009-жылдын 29-январындагы N 34,

2009-жылдын 25-апрелиндеги N 130,

2009-жылдын 17-июлундагы N 228,

2009-жылдын 15-октябрындагы N 273,

2009-жылдын 18-декабрындагы N 310,

2012-жылдын 25-июлундагы N 123,

2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Жарнакка карата жалпы жана атайынталаптар

III бөлүм. Жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана

жарнак таратуучулардын укуктары жана милдеттери

IV бөлүм. Жарнак жаатындагы мамлекеттик контроль жана өз алдынча

жөнгө салуу

V бөлүм. Каршы жарнак жана талаптагыдай эмес жарнак үчүн

жоопкерчилик

VI бөлүм. Корутунду жоболор

 

I бөлүм

Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү

 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары — товарлар) рынокторунда, ага кошо жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан баалуу кагаздар рынокторунда, банктык, камсыздоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторунда жарнак чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

Ушул Мыйзамдын максаттары жарнак жаатындагы жазгырма атаандаштыктан коргоо, жарнакты керектөөчүлөрдү адаштырууга же жеке же юридикалык жактардын саламаттыгына, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, болбосо көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик аброюна зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине шек келтирген талаптагыдай эмес жарнакты болтурбоо жана токтотуу болуп саналат.

2. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын жарнак жаатында Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жасаган иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштыкты чектөөгө, жеке жана юридикалык жактарды адаштырууга, болбосо Кыргыз Республикасынын товарлар рынокторунда башка кесепеттерге алып келген учурларда да колдонулат.

3. Ушул Мыйзам чет өлкөлүк юридикалык жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга — Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак чыгаруучу жана таратуучу, белгиленген тартипте катталган жекече ишкерлерге таратылат.

4. Ушул Мыйзам саясий жарнакка таратылбайт.

5. Ушул Мыйзам жеке жактардын кулактандырууларына, анын ичинде массалык маалымат каражаттарындагы ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган кулактандырууларына таратылбайт.

 

2-статья. Негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

жарнак — адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен, кандай таризде болсун таратылуучу маалымат (жарнактык маалымат).

Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тартиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондорунун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабарлардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймактагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды, идеяларды жана саамалыктарды жарнактоону камтыбаган бөлөк маалыматтык кабарлар жарнак болуп эсептелбейт;

талаптагыдай эмес жарнак — мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жана башка жарнак;

каршы жарнак — талаптагыдай эмес жарнакты, андан улам келип чыккан кесепеттерди жоюу максатында таратылган төгүндөө;

жарнак берүүчү — жарнакты чыгаруу, жайгаштыруу, кийин таратуу үчүн жарнактык маалыматтын булагы болуп саналган жеке жана юридикалык жактар;

жарнак чыгаруучу — жарнактык маалыматты таратуу үчүн толук же жарым-жартылай даяр түргө келтирүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

жарнак таратуучу — мүлктү, анын ичинде радио берүүнүн, теле берүүнүн техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын берүү жана (же) пайдалануу жолу менен же башка ыкмалар менен жарнактык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

жарнакты керектөөчүлөр — жарнак маалымдалган же маалымдалышы мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактар, анын натыйжасында аларга жарнак тийиштүү таасир этет же таасир этиши мүмкүн;

жарнак акциялары — керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу максатында жарнактоонун ар түрдүү тариздерин, каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен жарнактала турган продукцияларды бекер таратып берүү же сатуу менен коштолгон акциялар;

түз жарнак — жеке адамга же юридикалык жакка, товарларга, товардык белгилерге, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга же демилгелерге кызыгууну жаратуу же колдоо жана аларды сатып өткөрүүгө өбөлгө түзүү максатында айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана адамдарды ачык жарнактоо;

Кыйыр (купуя) жарнак — жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу жана/же коомдук пикир жаратуу же тийиштүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга жана демилгелерге, сатып алуучулук жүрүм-турумга жана/же жапырт же жеке аң-сезимге кыйыр таасир этүүчү, бардык формаларда жана ар кандай каражаттар менен атайылап жасалуучу, түз жарнактан башка бардык аракеттер, алар калыс жана объективдүү пикирди түзүү менен төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

— спорттук, маданий жана музыкалык иш-чараларда демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүнү;

— товарларды, тамеки тартууну, тамеки буюмдарын, алардын маркаларын жана өндүрүүчүлөрдү кеңири таанытуу үчүн белгилүү артисттерди тартуу менен көркөм тасмаларды жаратууну;

— жарнактык жарыяларда айрым товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышкан көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмерлерди, адамдарды эске салууну;

— теле-оюн зооктордо жана тасмаларда кыйыр таасир этүүчү жарнак маалыматтарды жайгаштырууну;

— массалык-маданий иш-чараларды. ачык акцияларды жана конкурстарды уюштурууну;

— купондорду, талондорду басып чыгаруу аркылуу бааны арзандатууну колдонуу менен айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана демилгелерди сатып өткөрүү деңгээлин стимулдаштырууну жана жогорулатууну;

— азык-түлүк жана тамеки буюмдар түрүндө азык-түлүк эмес товарларды жасоону жана сатууну;

— радио-, телеберүүлөрдө, макалаларда, кулактандырууларда жана жарнамалык маалыматтарда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын (аттарын), алардын логотиптерин, товардык белгилерин пайдаланууну же демонстрациялоону;

мамлекеттик жарнак — алардын кызыкчылыктарын жылдырууга, алардын

милдеттерин, функцияларын, долбоорлорун, программаларын жана алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды таанытууга жана башка максаттарга багытталган, жарандарды төмөнкүлөргө ниеттендирүүдөн көрүнгөн республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттардын жарнагы:

— мамлекет алдында милдеттенмелерди аткарууга;

— ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого;

— республикалык, жергиликтүү, ведомстволук бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого;

— согуш шарттарында мамлекетти коргоого;

— өзгөчө кырдаалдар шарттарында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүүгө;

— коопсуздук маселелерине тиешелүү белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого;

— мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка кызматташууга;

жарнак аянты — жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, басма аянты жана башка каражаттар;

социалдык жарнак — коомдук кызыкчылыктарды алга жылдыруучу жана социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталган, төмөнкүлөрдө көрүнгөн жарнак:

— жүрүм-турум маданиятын калыптандырууда;

— калктын айрым социалдык жактан алсыз топторуна карата коомдо сабырдуу мамиле жасоону калыптандырууда;

— адамдын жана жарандын укуктарын сактоодо жана басмырлоонун бардык формаларын түп тамырынан бери жоготууда;

— кылмыштуулуктун жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө;

— оорулардын алдын алууда жана дарылоодо;

— баңгиликтин таралышын алдын алууда;

— калкты жеке жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоосуна ниеттендирүүдө;

— табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, социалдык, чыр чатактуу мүнөздөгү коркунучтар жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатууда;

— курчап турган чөйрөнү коргоодо;

— табигый, тарыхый, маданий, искусство жана илимий эстеликтерди сактоодо;

— өлкөдө маданий жана улуттук көп түрдүүлүктү сактоодо;

— энени жана баланы колдоодо, өлкөдө демографиялык кырдаалды жакшыртууда;

— меценаттык жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүдө жана колдоодо.

(КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 134, 2006-жылдын 8-августундагы N 159, 2009-жылдын 17-июлундагы N 228, 2009-жылдын 18-декабрындагы N 310, 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка мыйзамдардан турат.

Жарнак чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде пайда болуучу мамилелер, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен да жөнгө салынышы мүмкүн.

 

4-статья. Жарнакка карата автордук укук жана эриш-аркак укуктар

 

Жарнак толук же жарым-жартылай автордук укуктун жана эркиш-аркак укуктардын объектиси болушу мүмкүн. Автордук укуктар жана эриш-аркак укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоого алынууга тийиш.

 

II бөлүм

Жарнакка карата жалпы жана атайын талаптар

 

5-статья. Жарнакка карата жалпы талаптар

 

1. Жарнак тариздерине, таратуу каражаттарына жана ыкмаларына карабай, аны жарнак катары берүү учурунда түздөн-түз атайын билимсиз, даярдыксыз жана техникалык каражатсыз эле айкын билинип турууга тийиш.

2. Товарга же болбосо анын даярдоочусуна, аткаруучусуна, сатуучусуна болгон кызыгуусун калыптандыруу жана колдоо үчүн керектөөчүлөрдүн көңүлүн бурууга максаттуу багытталган, ошондой эле аталган адамдардын тышкы белгилерин (реквизиттерин) камтыган маалыматтык, автордук же редакциялык материал жарнак болуп эсептелет жана «жарнак» деген рубрика алдында жайгаштырылууга, же болбосо тиешелүү билдирүүлөрдү (атап айтканда, «жарнак иретинде» деген белгини) камтууга тийиш.

Тиешелүү билдирүү пайдаланыла турган жарнак аянтынын кеминде 5 пайызын ээлөөгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.

Белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), басмаканада терилген муундардын литерлери (логотиптери) түпнуска тилинде берилиши мүмкүн.

4. Эгерде жүзөгө ашырган иши атайын уруксат берүүнү (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берүү (лицензия) алынбаса, жарнак берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынган товарларды жарнактоого жол берилбейт.

Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнактоо «милдеттүү түрдө сертификацияланууга жатат» деген белги менен коштолууга тийиш.

6. Жарнакта бирден бир укуктардын (интеллектуалдык менчиктин) объекттерин пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жол берилет.

7. Жарнак жарандарды зомбулукка, агрессияга түртүүгө жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана дүрбөлөң салууга чакыруучу коркунучтуу аракеттерге шыкак берүүгө тийиш эмес.

8. Жарнак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуучу аракеттерге түрткү берүүгө тийиш эмес.

9. Интернет, шайма-шай телефондору жана факстар менен жарнактарды (спамдарды) санкция албастан жөнөтүүгө тыюу салынат.

10. Аза күтүү күндөрүндө жарнакка тыюу салынат.

(КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130 Мыйзамынын, 2006-жылдын 8-августундагы N 159 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

6-статья. Жазгырмалуу жарнак

 

Эгерде жарнак:

жарнакталган товарларды пайдаланбаган жеке жана (же) юридикалык жактарды жаманаттыга калтырса;

жарнакталган товарды башка жеке жана юридикалык жактардын товары (товарлары) менен жөнсүз салыштырууларды камтыса, ошондой эле чарба жүргүзүүчү башка субъекттин ишкердик аброюна доо келтире турган жалган, так эмес маалыматты же жалган түрүндө берилген так маалыматты, сөздөрдү, образдарды камтыса;

башка товарларды жарнактоодо пайдаланылуучу жалпы долбоорду, жарнактык формулаларды, сүрөттөрдү, музыкалык же үндүү таасирлерди окшоштуруу (көчүрмөлөө же тууроо) аркасында, болбосо жеке жактардын ишеничин же алардын тажрыйбасынын жетишсиздигин кыянат пайдалануунун аркасында, жарнакталган товарга карата керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, ошондой эле жарнакта олуттуу маалымат жок болсо жазгырмалуу деп эсептелет.

Жазгырмалуу жарнакка жол берилбейт.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 159 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

7-статья. Анык эмес жарнак

 

Төмөндөгүлөр:

товардын сын-сыпаттары, анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук сертификатынын, сертификаттык белгилеринин жана мамлекеттик стандарттарга ылайыктуулук белгилеринин болушу жөнүндө, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жөнүндө;

рынокто товардын болушу, аны белгилүү бир көлөмдө, мезгилде, убакытта жана жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө;

жарнак таратылган учурдагы товардын наркы (баасы) жөнүндө;

төлөөнүн кошумча шарттары жөнүндө;

товарды жеткирүү, алмашуу, кайтаруу, оңдоо жана тейлөө жөнүндө;

кепилдик милдеттер, иштөө, жарактуулук мөөнөттөрү жөнүндө;

юридикалык жактын интеллектуалдык иштин продукциясына жана ага теңдештирилген жекелештирүү каражаттарына карата бирден бир укуктары, продукцияны, аткарылган ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү жөнүндө;

мамлекеттик символдорду (желекти, гербди, гимнди), ошондой эле эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга карата укуктар жөнүндө;

расмий таануу, медалдар, байгелер, дипломдор жана башка сыйлыктарды алуу жөнүндө;

эгерде товар сериялардын бөлүгү болсо, товардын толук сериясын сатып алуу ыкмалары тууралу маалымат берүү жөнүндө;

изилдөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжалары, илимий терминдер, техникалык, илимий жана башка басылмалардан цитаталар жөнүндө;

алардын негизделишин апырткан түрдө берүүгө тийиш болбогон статистикалык маалыматтар жөнүндө;

кайсы бир сунушка болбосо жеке жана юридикалык жактардын жактыруусуна, анын ичинде эскиргендерге шилтемелер жасоо жөнүндө;

эгерде документ түрүндө ырастоого мүмкүнчүлүк болбосо, эң чоң даражадагы терминдерди пайдалануу, анын ичинде «эң», «гана», «мыкты», «абсолюттук», «бирден бир» деген сөздөрдү жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү пайдалануу жөнүндө;

башка товар (товарлар) менен, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана абалы менен салыштыруулар жөнүндө;

керектөөчүгө жарнакталган товарлардын кайсы-бир кепилдиктери жөнүндө шилтеме берүү жөнүндө;

товарга болгон суроо-талаптын факт жүзүндөгү чен-өлчөмү жөнүндө;

жарнак берүүчүнүн өзү жөнүндө чындыкка туура келбеген маалыматтарды камтыган жарнак анык эмес жарнак болуп саналат.

Анык эмес жарнакка жол берилбейт.

 

8-статья. Этикага жат жарнак

 

1. Жарандардын расасына, улутуна, кесибине, социалдык категориясына, жаш курагына, жынысына, тилине, диний, философиялык, саясий жана башка ынанымдарына карата мазактоочу сөздөрдү, салыштырууларды, образдарды колдонуу жолу менен нравалуулуктун, гумандуулуктун, этиканын жана адеп-ахлактуулуктун жалпы кабылданган ченемдерин бузуучу тексттик, көрсөтмө, үндүү маалыматты камтыган, ошондой эле:

— улуттук же дүйнөлүк маданий кенчти түзгөн искусство объекттерин;

— Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин мамлекеттик символдорун (желегин, гербин, гимнин),улуттук валютасын;

— кайсы бир жеке же юридикалык жакты, кайсы-бир ишти, кесипти, товарды жамандаган жарнак этикага жат жарнак болуп саналат.

Этикага жат жарнакка жол берилбейт.

2. Өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын же ишкердик аброюн жаманаттылоочу кабарларды камтыган жарнактын чыгарылышы же таратылышы жөнүндө кабардар болгон жеке же юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко же арбитраждык сотко кайрылууга, ошондой эле жарнак берүүчүдөн мындай жарнакты, ал кандай таратылса, ошондой ыкма менен төгүндөөнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 159 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Көз көрүнөө жалган жарнак

 

Жарнак берүүчү (жарнак чыгаруучу, жарнак таратуучу) жарнак керектөөчүнү атайын адаштыруу үчүн пайдаланган жарнак көз көрүнөө жалган жарнак болуп саналат.

Көз көрүнөө жалган жарнакка жол берилбейт.

 

10-статья. Тымызын жарнак

 

Массалык маалымат каражаттарында тымызын жарнактын башка ыкмаларын пайдаланууга жана таратууга, анын ичинде керектөөчүгө аңдоосуз таасир берүүчү, атайын көрсөтмө кыстырмаларды (кош жазылмаларды) пайдаланууга жол берилбейт.

 

11-статья. Радио жана телепрограммалардагы жарнактын өзгөчөлүктөрү

 

1. Радио жана телепрограммаларда жарнак менен:

балдар үчүн жана диний берүүлөрдү;

билим берүүчү берүүлөрдү 15 мүнөттүн ичинде 45 секунддан ашык убакытка бир жолудан ашык;

радио коюуларын жана көркөм фильмдерди укук ээлеринин макулдугусуз;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси белгиленген, түз тартылып берилүүчү берүүлөрдү;

тартылып берилүүчү узактыгы 15 мүнөттөн азды түзгөн берүүлөрдү;

тартылып берилүүчү узактыгы 15тен 60 мүнөткө чейинки убакытты түзгөн берүүлөрдү эки жолудан ашык үзүп-жарууга жол берилбейт.

Жарнакты угузган учурда жарнактын үнү берилип жаткан программанын үнүнөн бийик болбоого тийиш.

2. Жарнакты үстүнө түшүрүү, анын ичинде «жылуучу саптар» ыкмасы түрүндө пайдаланууда анын өлчөмү кадрдын аянтынын жети пайызынан ашпоого тийиш.

3. Бир эле товардын жарнагын таратуу, ага тете жарнак берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнак таратуу берүүнүн бир жыштыгындагы радио жана телепрограмманын обо убакытынын бир саатынын ичинде жалпы узактыгы эки мүнөттөн ашпаган эки жолудан ашык жүзөгө ашырылууга тийиш эмес.

4. Жарнактык мүнөздөгү кабарларды жана материалдарды берүүгө адистешкен катары катталбаган радио жана телепрограммаларда жарнак сутка бою берүүнүн көлөмүнүн 25 пайызынан ашпоого тийиш.

5. Теле-радиоберүүлөрдөгү жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнактар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы N 159 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Мезгилдүү басылмалардагы жарнактын өзгөчөлүктөрү

 

Жарнактык мүнөздөгү кабарларды жана материалдарды берүүгө адистешпеген мезгилдүү басылмаларда жарнак мезгилдүү басылманын бир номеринин көлөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.

 

13-статья. Кино жана көрсөтмө тейлөөдөгү, маалыматтык тейлөөдөгү

жарнактын өзгөчөлүктөрү

 

1. Кино жана көрсөтмө тейлөөдө сериялар (бөлүктөр) ортосундагы танапистерден тышкарыда фильмди көрсөтүүнү жарнак менен үзүп-жарууга жол берилбейт.

2. Маалыматтык телефондук тейлөөдө жарнак абонент сураган маалыматты кабарлоодон кийин гана берилиши мүмкүн.

3. Акы төлөнүүчү маалыматтык телефондук, компьютердик жана башка тейлөөдө жарнак абоненттин макулдугу менен гана берилиши мүмкүн. Мындай жарнактын наркы абонент сураган маалыматтардын наркына киргизилүүгө тийиш эмес.

 

14-статья. Сырткы жарнактын өзгөчөлүктөрү

 

1. Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда жарнакты жайгаштыруу, ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында каралган тартипте туруктуу аймактык жайгаштырылуучу плакаттар, такта, жарык табло жана башка техникалык каражаттар — сырткы жарнак түрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Сырткы жарнак жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшош болууга, аларды көрүүнү начарлатууга, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун төмөндөтүүгө тийиш эмес.

2. Шаарларда, айыл округдарында жана башка аймактарда сырткы жарнакты жайгаштырууга, өз алдынча башкаруу органынын:

автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жана жол боюндагы зонада автомобиль жолдору башкармасынын тийиштүү органы, ошондой эле мамлекеттик автомобиль инспекциясынын аймактык бөлүгү менен;

темир жолдорго бөлүнгөн тилкеде-темир жол башкармасынын тийиштүү органы менен макулдашылган уруксаты болгондо жол берилет.

Ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарды эске алуу менен сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү үчүн, ушул пунктта көргөзүлгөн тийиштүү органдар менен макулдаштык боюнча өз алдынча башкаруунун тийиштүү органы белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө акы алынат. Мында акы өлчөмү сырткы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүү, ал жайгаштырылуучу жерлерди аныктоо жана сырткы жарнактын жана техникалык каражаттардын абалына көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын көлөмүнөн ашпоого тийиш.

3. Маданий эстеликтердин, ырым-жырым өткөрүүчү объекттердин, жаратылыш комплекстеринин, окуу жайларынын, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин, дарылоочу мекемелердин аймагында орнотуу жолу менен сырткы жарнакты жайгаштырууга тыюу салынат.

4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имараттардын, курулуш-жайлардын жана башка объекттердин аймагында жарнакты жайгаштыруу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарнак үчүн акы өлчөмүн жана төлөө тартибин аныктоо менчик ээси менен болбосо, мүлккө карата буюмдук укуктарга ээ болгон адам менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы N 273 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Транспорт каражаттарындагы жана почталык жөнөтүүлөрдөгү

жарнактын өзгөчөлүктөрү

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, жарнакты транспорт каражаттарында таратуу транспорт каражаттарынын менчик ээси менен же транспорт каражаттарына мүлктүк укуктарга ээ болгон адамдар менен келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыймыл коопсуздугун камсыздоо максатында жарнакты транспорт каражаттарында таратууга чек салуу жана тыюу салуу учурлары, ага ыйгарым укук берилген, компетенциясына кыймыл коопсуздугуна контролдук кылуу кирген органдар тарабынан аныкталат.

2. Жарнакты почталык жөнөтүүлөргө таратуу почта байланышынын маселелери компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин республикалык органынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат. Уруксат берүүлөрдүн тартиби жана ал үчүн алынуучу акы өлчөмү көрсөтүлгөн орган тарабынан аныкталат. Мында андай акы жарнакты таратууга уруксат берүү боюнча иштерди жүргүзүүгө кеткен чыгымдардын көлөмүнөн ашпоого тийиш. Акы толук көлөмүндө республикалык бюджетке чегерилет.

 

16-статья. Товарлардын айрым түрлөрүнүн жарнагынын өзгөчөлүктөрү

 

1. Алкаголдук ичимдиктердин кандай ыкмада болсун таратылган жарнагы:

— тышкы жарнакка таратылууга;

— (Абзац КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 310 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

— кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин көрсөтүлүп жатканда же андан кийин жайылтууга;

пиво, алкоголдук ичимдиктерди ичүү процессин көрсөтүүнү камтууга жана пиво, алкоголдук ичимдик ичүү коомдук, спорттук же жекече ийгиликке жетүү үчүн, болбосо дене бойду же психикалык абалды жакшыртуу үчүн маанилүү келет дегендей таасир түзүүгө;

алкоголдук ичимдик ичпөөнү жаманатты кылууга, алкоголдун дабагерлик оң касиеттери тууралу маалыматты камтууга жана алардын продуктудагы көп экендигин жакшы сапат катары көрсөтүүгө;

жашы жетпегендерге тикелей кайрылууга, ошондой эле 35 жашка чейинки курактагы адамдардын образын, ошондой эле 21 жашка чейинки курактагы адамдарга кеңири белгилүү адамдардын айткан сөздөрүн жана катышуусун пайдаланууга;

жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, кино жана көрсөтмө тейлөөлөрдө, мезгилдүү басылмаларда таратылууга;

газеталардын биринчи жана акыркы беттеринде, ошондой эле журналдардын биринчи жана акыркы беттеринде жана мукабаларында таратылууга;

коомдук транспортто, мамлекеттик, балдар, окуу, медициналык, спорт, маданият уюмдарында, шаарлардагы гүлзарларда жана аянтчаларда, ошондой эле аларга 200 метрден жакын эмес аралыкта жайгашкан объекттерде таратылууга тийиш эмес;

(11-абзац КР 2009-жылдын 18-декабрындагы N 310 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

жашы жетпегендердин арасында жарнак максатында коомдук жайларда, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде алкоголдук ичимдиктердин үлгүлөрүн акысыз таратууга жана/же болор-болбос баада сатууга;

эгерде анда алкоголдук ичимдиктердин аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, көбүнесе жашы жетпегендерге арналган иш-чараларга, демөөрчүлүк кылууга;

алкоголдук ичимдиктерди керектөө процессине тиешеси жок, сыртына алкоголдук ичимдиктердин аталышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар ж.б.) таратууга, анын ичинде адамдардын кеңири чөйрөсүнө сатууга. Буларга сыртына алкоголдук ичимдиктердин аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана барлардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сыяктуу жайлардагы логотиптер түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар (зажигалкалар), ширенке кутучалары, подностор жана башка тиричилик буюмдары, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кирбейт. Мындай тиричилик буюмдарына алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө эскертүү берүү талап кылынбайт.

Радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө саат 7ден 22ге чейин алкоголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынат.

2. Ар кандай ыкма менен жайылтылуучу алкогол ичимдиктеринин, пивонун жарнагы:

— курамы жана даярдоо ыкмасы, даамы жөнүндөгү маалыматтар камтылган жарнакталуучу товардын мүнөздөмөсү тууралу маалыматты келтирүүгө жана мында жарнакталуучу товардын зыянынын аздыгы (зыяны жоктугу) деген белгилерди пайдалануу жолу менен маалымдоого;

— адамдарды, жаныбарларды, алардын ар кандай, анын ичинде куурчак, мультипликациялык, компьютердик келбеттерин пайдаланууга;

— сыртында пивонун жана/же алкогол ичимдиктеринин жана/же тамеки заттарынын аттары жазылган тенттерди, чатырларды, (анын ичинде сезондук) калканчтарды пайдаланууга;

— медицина жагында пайдаланылуучу терминдерди колдонууга;

— товардык белгилерди, соода маркаларын, «бренддерди», «бренддерин», алкогол ичимдиктеринин мурда белгилүү болгон аттарын пайдаланууга жол берилбейт.

3. Алкогол ичимдиктеринин жарнагын жайылтуу төмөндөгүдөй эскертүүчү тексттер менен коштолууга тийиш:

— алкогол ичимдиктерин ичүүнүн зыяндуулугу жөнүндө;

— жаш балдарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынгандыгы жөнүндө; мында эки текст тең бирдей өлчөмдөгү тамга (тамгалар) менен жазылууга жана жалпысынан жарнак аянтынын кеминде 10 пайызын ээлөөгө тийиш. Эскертүү текстинин түсү эскертүүнүн фонунун түсүнө салыштырганда айырмаланып турууга тийиш.

4. Чыгарууга жана (же) сатууга уруксаты жок дары-дармектердин, медицинада колдонулуучу буюмдардын, медициналык техниканын жарнагына, ошондой эле мындай кызмат көрсөтүүлөргө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү уруксатсыз дарылоо, профилактика, диагноз коюу, реабилитация усулдарынын жарнагына, ал тургай ойлоп табууга патент алынган учурларда да жол берилбейт.

Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын жарнагына, ошондой эле пайдалануу үчүн атайын даярдыкты талап кылган медицинада колдонулуучу буюмдардын жана медициналык техниканын жарнагына ушул пункттун биринчи абзацында каралган талаптарды эске алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлер үчүн арналган басылмаларда гана жол берилет.

5. Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылуучу аскердик продукциянын тизмесине киргизилген күжүрмөн жана кызматтык куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорт куралдарынын жарнагынан тышкаркы бардык түрдөгү куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнагына жол берилбейт.

Эгерде көрсөтүлгөн жарнак тикелей же кыйыр түрдө куралды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы чыгаруунун технологиясын, күжүрмөн жана атайын колдонуу ыкмаларын ачып берсе, Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча жүзөгө ашырылган аскердик продукциянын тизмесине киргизилген уруксат берилген куралдын, курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнагына жол берилбейт.

Уруксат берилген жарандык куралдын, анын ичинде аңчылык жана спорттук куралдын жарнагын жарнак таратууга адистешкен мезгилдүү басылмаларда, ошондой эле уруксат берилген жарандык куралды колдонуучуларга арналган башка мезгилдүү басылмаларда жана аңчылык жана спорттук курал колдонулган жерлерде гана таратууга жол берилет.

Уруксат берилген жарандык куралдын жарнагын электрондук массалык маалымат каражаттарында таратууга жол берилбейт.

Күжүрмөн жана кызматтык куралдын, ошондой эле Кыргыз Республикасында экспорттоо жана импорттоо лицензия боюнча ишке ашырылган аскердик продукциянын тизмесине киргизилген курал-жарактардын жана аскердик техниканын жарнагына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген гана тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүүчү адистештирилген көргөзмөлөрдө же жармаңке-соодаларда жол берилет.

6. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, букмекердик конторалар жана тотализаторлор сыяктуулардын өз ара мелдешине негизделген жарнакты (оюн-зоок бизнесинин жарнагы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол берилет:

оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көңүл ачуу уюмдарынын жайларында;

жарнак таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке катышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө.

Оюн-зоок бизнесинин башка жарнагына жол берилбейт.

Букмекердик конторалардын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый алат.

Оюн-зоок бизнесинин жарнагы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек:

жарнакты керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же жекече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы;

оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы;

утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз караш туудурбашы;

эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы;

жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы.

7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары балдарды жасалма тамактандыруу үчүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган азыктардын жана каражаттардын үлгүлөрүн акысыз таратууга;

— балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;

— эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөт-сыпаттамалары жана товардык белгилери колдонулса, балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кенже курактагы балдардын тамак-аш азыктарына карата кызыкчылыгы бар кош бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкерлери жана башка жактар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;

— балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт жагына балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын аталыштары же сүрөт-сыпаттамалары түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, баштыктар д.у.с.) адамдардын кеңири чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;

— балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же кыйыр багытталган башка иш-аракеттердин түрлөрүнө.

8. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тамекиге жана тамеки заттарга ар кандай (түз жана кыйыр) жарнамалоого тыюу салынат.

Тамеки продукцияларынын жарнагы тамеки буюмдары сатылуучу жерлерде гана уруксат берилет. Жарнактык материал 2000 кв. см. чоң эмес өлчөмдө болуу керек. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материал бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянттын 40 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш.

(КР 2006-жылдын 6-февралындагы N 35, 2006-жылдын 8-августундагы N 159, 2008-жылдын 17-декабрындагы N 264, 2009-жылдын 29-январындагы N 34, 2009-жылдын 18-декабрындагы N 310, 2012-жылдын 25-июлундагы N 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

16-1-статья. Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасын төмөндөтүү

жөнүндө жарнак

 

Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү жөнүндө жарнак сатылуучу жер жөнүндөгү маалыматты, сатуунун башталышынын жана аякташынын даталарын, ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынан канчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышы керек.

(КР 2006-жылдын 31-июлундагы N 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Каржылык, камсыздоочулук, инвестициялык кызмат

көрсөтүүлөрдүн жана баалуу кагаздардын жарнагы

 

Каржылык (анын ичинде банктык), камсыздоочулук, инвестициялык жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле баалуу кагаздардын жарнагын чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

жарнакта жарнакталган кызмат көрсөтүүлөргө же баалуу кагаздарга тикелей тиешеси болбогон сандык маалыматты келтирүүгө;

жөнөкөй энчилүү акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмдөрүнө кепилдик берүүгө;

эмиссияларынын проспекттери катталганга чейин баалуу кагаздарды жарнактоого;

ар кандай түрдөгү кепилдиктерди, убадаларды берүүгө же иштин келечектеги натыйжалуулугу (кирешелүүлүгү) тууралу божомолдор келтирүүгө, анын ичинде баалуу кагаздардын курстук наркынын өсүшүн жарыялоо жолу менен келтирүүгө;

эгерде жарнакта келишимдин шарттары тууралу кабарланса, келишимдин шарттарынын бири эле жөнүндө айтпай коюуга жол берилбейт.

 

18-статья. Социалдык жарнак

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамына ылайык

күчүн жоготту)

 

19-статья. Сүрөөнчүлүк

 

Сүрөөнчүлүк катары жеке же юридикалык жак (сүрөөнчү) тарабынан, башка жеке же юридикалык жактын (сүрөөнгө алынуучунун) ишине сүрөөнгө алынуучу сүрөөнчү, анын товарлары жөнүндө жарнак таратуу шарттарында салым кошууну (мүлктү, интеллектуалдык иштин натыйжаларын берүү, кызмат көрсөтүү, иш жүргүзүү түрүндө) жүзөгө ашыруусу түшүнүлөт.

Сүрөөнчүлүк салым жарнак үчүн акы катары, ал эми сүрөөнчү жана сүрөөнгө алынуучу-тийиштүү түрдө жарнак берүүчү жана жарнак таратуучу катары таанылат.

Сүрөөнчү сүрөөнгө алынуучунун ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 

20-статья. Жарнакты чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда жашы

жетпегендерди коргоо

 

1. Жашы жетпегендерди алардын ишенчээктигинен жана тажрыйбасыздыгынан кыянат пайдалануулардан коргоо максатында жарнакты чыгарууда, жайгаштырууда жана таратууда:

ата-энелердин жана тарбиячылардын кадыр-баркын кетирүүгө, жашы жетпегендердин аларга ишенимин жоготууга;

ата-энелерин же башка адамдарды жарнакталган товарды сатып алууга көндүрүүсү үчүн жашы жетпегендерди түздөн-түз ынандырууга;

жашы жетпегендердин көңүлүн, тигил же бул товарларга ээ болуу башка жашы жетпегендерге караганда кандайдыр бир артыкчылык берет, ошондой эле мындай товарлардын жоктугу тескерисинче натыйжа берет дегенге бөлүүгө;

жарнакта жашы жетпегендерди коркунучтуу жерлерде жана кырдаалдарда көрсөтүүчү тексттик, көрсөтмө же үндүү маалыматты жайгаштырууга;

жашы жетпегендерде товарды пайдаланууга көндүмдүктөрдүн зарыл болгон деңгээлин төмөндөтүүгө жол берилбейт. Товарларды пайдалануунун натыйжалары көрсөтүлгөн же баяндалган учурда, жарнак белгилүү бир жаш курактык топтогулар үчүн товарлардын реалдуулугу жана жеткиликтүү экендиги жөнүндө маалымат берүүгө тийиш;

жашы жетпегендерде жашы жетпегендер үчүн товардын наркы (баасы) жөнүндө чындыктуу эмес (бурмаланган) түшүнүк түзүүгө, атап айтканда «гана», «болгону» жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү колдонуу жолу менен, ошондой эле жарнакталган товар үй-бүлөлүк бюджеттин кандайына болсун жеткиликтүү экендигин түздөн-түз же кыйыр түрдө көрсөтүү жолу менен түзүүгө жол берилбейт.

2. Жашы жетпегендер үчүн товарларга тикелей тийиштүү болбогон жарнакта жашы жетпегендердин тексттик, көрсөтмөлүү же үндүү образын пайдаланууга жол берилбейт.

 

II-1-глава

Социалдык жана мамлекеттик жарнак

 

(Глава КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

 

20-1-статья. Социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруу

 

1. Жарнак чыгаруучулар социалдык жарнакты чыгарууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат.

Социалдык жарнакты чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы ошол эле жарнак чыгаруучулардын коммерциялык жарнактарды чыгаруу боюнча көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. Мамлекеттик жарнактарды чыгаруу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-2-статья. Социалдык жана мамлекеттик жарнактарды жайгаштыруу

 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык жарнак таратуучулар, ошондой эле коомдук, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнактарды акысыз негизде таратууну жүзөгө ашырат.

Башка жарнак таратуучулар социалдык жарнактарды таратууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат. Социалдык жарнакты таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы коммерциялык жарнактарды чыгаруу боюнча ошол эле жарнак таратуучулар көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

2. 1-бөлүктө көрсөтүлгөн социалдык жарнактарды жайгаштыруу шарттары ушул Мыйзамдын 20-3-статьясында белгиленген лимиттердин чектеринде гана милдеттүү.

3. Мамлекеттик жарнакты таратуу мамлекеттик социалдык тапшырыктын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

4. Жарнак таратуучулар төмөнкүдөй социалдык жана мамлекеттик жарнакты таратууну жүзөгө ашырууга милдеттүү:

— телерадиокомпаниялардын оболорунда 8.00дөн 23.00гө чейинки же болбосо социалдык жарнактын адистештирилген блогунда 18.00дөн 23.00гө чейинки мезгилде;

— басма аянтчаларынын так сандуу беттеринде;

— калктуу конуштардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жарнак аянтчаларында же болбосо адамдар көп чогулган жерлеринде.

5. Жарнак берүүчү болжолдонгон жайгаштыруу датасына чейин 30 күн калганда социалдык жарнакты жайгаштыруу ниетин билдирүү жөнүндө жарнак таратуучуларга жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.

Жарнак берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү табыштамасына социалдык жарнактын үлгүсү тиркелүүгө тийиш. Жарнак таратуучу жарнак берүүчүнүн табыштамасына 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш.

6. Социалдык жарнакты жайгаштыруунун кезеги лимиттин чектеринде жарнак берүүчүдөн жазуу жүзүндө алынган табыштаманын негизинде жарнак таратуучу тарабынан аныкталат.

Лимиттен ашып кеткенде калгандарынан эрте келген жазуу жүзүндө табыштама берген жарнак берүүчүлөр артыкчылыкка ээ болушат.

7. Эгерде жарнак берүүчү ушул статьянын 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылса, жарнак берүүчүлөр тарабынан сунушталган социалдык жана мамлекеттик жарнак жайгаштыруу убактысына жана каражаттарына тийиштүү шарттар жарнак таратуучулар үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-3-статья. Социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимит

 

1. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын — өткөн айда пайдаланылган жарнак аянтчаларынын жалпы көлөмүнүн бир айда 5 пайызын бөлүп берүүгө милдеттүү.

2. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын бир айдын ичинде бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

3. Жарнак таратуучулар социалдык жарнакты жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө табыштама менен кайрылган бардык жарнак берүүчү үчүн лимиттин чектеринде жарнак аянтын ушул Мыйзамдын 20-2-статьясынын 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө бирдей өлчөмдө бөлүштүрүүгө тийиш.

4. Бир эле темада социалдык жарнак берген бир же бир нече жарнак берүүчүгө социалдык жарнакты жайгаштыруу үчүн лимиттин чектеринде бардык жарнак аянтын берүүгө жол берилбейт.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-4-статья. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана

жайгаштыруудан баш тартуу

 

1. Жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар жарнак берүүчүгө социалдык же мамлекеттик жарнактарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан төмөнкү учурларда баш тартууга укугу бар, эгер аларда:

— коммерциялык уюмдардын аталышы жана анын логотиптери, жеке ишкерлердин фамилиялары жана аты-жөнү, товардык белгилеринин аталыштары жана үлгүлөрү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дайындуу маркалары (моделдери, артикулдары) камтылса;

— саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана алардын символдору, адамдын же адамдардын топторунун эскерүүлөрү камтылса;

— автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдар бузулса;

— адамдын укугу жана эркиндиги бузулса;

— жарнак таратуучулардын техникалык талаптарына ылайык келбесе;

— узактыгы 1 мүнөттөн жогору болсо же болбосо жарнак аянтынын болгон өлчөмүнөн ашып кетсе.

2. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу табыштама келип түшкөн күндөн кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.

Баш тартуу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартуу негизделген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине дайындуу шилтемелери көрсөтүлгөн жүйөөсү;

2) социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгаруудан жана жайгаштыруудан баш тартууга даттануунун ыкмасы жана тартиби.

3. Социалдык же мамлекеттик жарнакты чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга жолтоо болгон жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын кандайдыр бир аракеттерине ушул Мыйзамдын 20-1 — 20-3-статьяларында белгиленген чектерде жол берилбейт. Ушундай аракеттер жасалган учурда алар белгиленген тартипте сотко даттанылууга жатат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-5-статья. Социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруучулар жана

таратуучулар үчүн жеңилдиктер

 

Социалдык жана мамлекеттик жарнактарды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын акысыз жана жеңилдетилген негизде жүзөгө ашырылуучу иштери, социалдык жана мамлекеттик жарнактарды чыгаруу жана таратуу үчүн башка жеке жана юридикалык жактарга өзүнүн мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын өткөрүп берүү кайрымдуулук иштери катары таанылат, аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктер жайылтылат.

(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III бөлүм

Жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана

жарнак таратуучулардын укуктары жана милдеттери

 

21-статья. Жарнакты камтыган материалдарды сактоонун мөөнөттөрү

 

Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу жана жарнак таратуучу жарнакты камтыган материалдарды же алардын көчүрмөлөрүн, аларга кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн бардыгын кошо, жарнак таратылган акыркы күндөн тартып жыл бою сактоого милдеттүү болушат.

 

22-статья. Жарнак чыгаруу жана таратуу үчүн жарнактык маалымат

берүү

 

1. Жарнак чыгаруучу жана жарнак таратуучу талап кылууга, ал эми мындай учурда жарнак берүүчү жарнактык маалыматтын аныктыгын документ түрүндө ырастап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде жарнак берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болсо, тийиштүү товардын жарнагында, ошондой эле жарнак берүүчүнүн өзүн жарнактоодо жарнак берүүчү көрсөтүүгө, ал эми жарнак чыгаруучу жана жарнак таратуучу тийиштүү лицензияны, болбосо анын ырасталган көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

 

23-статья. Жарнак чыгаруучунун жарнак берүүчүгө Кыргыз

Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузууга

алып келиши мүмкүн болгон жагдайлар тууралу кабарлоого

милдеттүүлүгү

 

Жарнак чыгаруучу жарнак берүүчүгө, жарнакты чыгарууда анын талаптарын аткаруу Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузууга алып келиши мүмкүн экендиги жөнүндө өз убагында маалымдоого милдеттүү.

Эгерде жарнак берүүчү жарнак чыгаруучунун өз убагында жана негиздүү эскертүүсүнө карабай, жарнакка карата өзүнүн талабын (талаптарын) өзгөртпөсө, болбосо жарнак чыгаруучунун талабы боюнча жарнакты чыгаруу үчүн берилген маалыматтын аныктыгын документ түрүндө ырастоо келтирбесе, болбосо жарнакты талаптагыдай эмес кылуусу мүмкүн болгон башка милдеттерди жойбосо, жарнак чыгаруучу белгиленген тартипте келишимди бузууга жана эгерде келишимде башкача каралбаса, тарткан чыгымдарынын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

24-статья. Аткаруу бийлигинин органдарына маалымат берүү

 

Жарнак берүүчүлөр, жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына контроль жүргүзүү компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын жана алардын аймактык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын талабы боюнча такталган документтерди, оозеки же кат жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, көрүү жана угуу жазууларын, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү болушат.

(КР 2009-жылдын 15-октябрындагы N 273 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Жарнакта келишим түзүү жөнүндөгү ачык сунуш

 

1. Жарнакты оферта, болбосо ачык оферта жасоого (жарнакта келишим түзүү жөнүндө ачык сунуш) чакырык катары таануунун натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

2. Эгерде жарнакта олуттуу шарттардын бирөө эле кабарланса, жарнак берүүчү оферта жасоого чакырык катары чыккан жарнактын, ошондой эле ачык оферта катары чыккан жарнактын да иш-аракет мөөнөтүн көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Эгерде жарнак берүүчү ачык оферта даректелген жактын акцептин белгиленген тартипте алгандан кийин келишим түзүүдөн качса, ал жак келишим түзүү жөнүндөгү жана жарнак берүүчүнүн келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуусунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптары менен сотко, арбитраждык сотко кайрылууга укуктуу.

 

IV бөлүм

Жарнак жаатындагы мамлекеттик контроль

жана өз алдынча жөнгө салуу

 

26-статья. Жарнак жагындагы мамлекеттик контроль боюнча монополияга

каршы республикалык органдын ыйгарым укуктары

 

1. Монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат, ал:

фактыларына карата жеке жана юридикалык жактар тарабынан жол берилген талаптагыдай эмес жарнакка эскертүү жасайт жана аларга бөгөт коет;

жарнак берүүчүлөргө, жарнак чыгаруучуларга жана жарнак таратуучуларга Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөр, каршы жарнакты жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимдерди жөнөтөт;

иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашырууга берилген лицензияны токтото туруу тууралу же мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жөнүндө маселени чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузуулар жөнүндөгү материалдарды лицензия берген органдарга жөнөтөт;

жарнак жагындагы кылмыш белгилери боюнча жазык ишин козгоо

жөнүндөгү маселени чечүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына жана башка укук коргоо органдарына жөнөтөт.

2. Монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузушуна байланыштуу жарнакты пайдалануучулардын аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жана талаптагыдай эмес жарнакка байланышкан бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу.

3. Сотторго, арбитраждык сотторго доо коюуда монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чектеринде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жазгырма атаандаштыкка бөгөт коюу боюнча милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарнак берүүчүлөр, жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар менен алардын жарнак ишинин эрежелери жана каада-салттарын сакташы жөнүндө макулдашуулар түзүүгө укуктуу болушат.

 

27-статья. Маалымат алуу укугу

 

1. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына контролдук боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын зарыл болгон бардык документтерин жана башка материалдарын тоскоолдуксуз алууга укуктуу болушат.

2. Коммерциялык сырды түзгөн жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар алган маалыматтар таркатылбоого тийиш.

Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар таркатылган учурда келтирилген зыяндардын орду мыйзам тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык органы тарабынан толтурулууга тийиш.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кире алышат.

 

28-статья. Жарнак жагында өз алдынча жөнгө салуу органдарынын

укуктары

 

1. Жарнак жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары — юридикалык жактардын коомдук уюмдары (бирикмелери), ассоциациялары жана бирликтери:

жарнакка карата талаптарды, анын ичинде мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга тартылышы;

жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуулугун аныктоо жагында жарнакты көз карандысыз экспертизадан өткөрүшү жана жарнак берүүчүлөргө жана жарнак таратуучуларга тиешелүү сунуштарды жөнөтүшү;

жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурларда материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүшү жана аткаруу бийликтерине кайрылуулары мүмкүн.

2. Жарнак жагындагы өз алдынча жөнгө салуу органдары жарнакты керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарында, анын ичинде жарнакты керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнүн кызыкчылыктарында жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын укуктары бузулган учурда, белгиленген тартипте сотко же арбитраждык сотко доо коюуга укуктуу.

Керектөөчүлөрдүн аныкталбаган чөйрөсүнө карата доо канаттандырылганда сот укук бузуучуну соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен көрсөтүлгөн керектөөчүлөргө кабарлоого милдеттендирет.

 

V бөлүм

Каршы жарнак жана талаптагыдай эмес

жарнак үчүн жоопкерчилик

 

29-статья. Каршы жарнак

 

1. Жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган учурда, мыйзам бузуучу каршы жарнакты толук көлөмдө жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим чыгарган монополияга каршы республикалык орган жана анын аймактык органы белгилеген мөөнөттө каршы жарнакты жүзөгө ашырууга милдетүү.

2. Эгерде каршы жарнак мыйзам бузуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылбаса, каршы жарнакты жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык орган жана анын аймактык органы мыйзам бузуучунун жарнагын, ал каршы жарнакты таратууну бүтүргөн күнгө чейин толук же жарым-жартылай токтото туруу тууралу чечим кабыл алууга укуктуу.

Мында, мыйзам бузуучунун жарнагын толук же жарым-жартылай токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алган орган, мыйзам бузуучу менен анын жарнагын чыгарууга, жайгаштырууга жана таратууга келишим түзгөн баардык тараптарга токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

3. Каршы жарнак төгүндөлүүчү талаптагыдай эмес жарнактын узактыгынын, мейкиндигинин, ордунун жана тартибинин мүнөздөрүн пайдалануу менен, ошол эле таратуу каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылат. Каршы жарнактын мазмуну мыйзам бузуу фактысын аныктаган жана аны оңдоо жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык орган жана анын аймактык органы менен макулдашылат.

Айрым учурларда, каршы жарнак жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алган монополияга каршы республикалык органдын жана анын аймактык органынын чечими боюнча каршы жарнакты таратуу каражаттарын, жүзөгө ашыруунун узактыгынын, мейкиндигинин, ордунун жана тартибинин мүнөздөрүн алмаштырууга жол берилет.

 

30-статья. Жарнак берүүчүнүн, жарнак чыгаруучунун жана жарнак

таратуучунун жоопкерчилиги

 

Эгерде көрсөтүлгөн мыйзам бузуу жарнак чыгаруучунун же жарнак таратуучунун күнөөсү боюнча болгондугу далилденбесе, жарнак түзүү үчүн берилген маалыматтын мазмуну жагында Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жарнак берүүчү жоопкерчилик тартат.

Жарнак чыгаруучу жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жарнакты каттап толтуруу, чыгаруу, даярдоо жагында жоопкерчилик тартат.

Жарнак таратуучу жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жарнакты жайгаштыруунун убактысы, орду жана каражаттары жагында жоопкерчилик тартат.

 

31-статья. Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндөгү мыйзамдарын

бузуу үчүн жоопкерчилик

 

1. Жеке жана юридикалык жактар (жарнак берүүчүлөр, жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар) жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.

Талаптагыдай эмес жарнактын натыйжасында укуктары жана кызыкчылыктары бузулган адамдар белгиленген тартипте сотко доо коюу менен, анын ичинде колго тийбей калган пайданы кошо, тарткан чыгашалардын ордун толтуруу, саламаттыкка жана мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, адептик зыянды компенсациялоо, талаптагыдай эмес жарнакты коом алдында төгүндөө жөнүндө доолор менен кайрылууга укуктуу.

 

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Пленумунун 2004-жылдын 4-ноябрындагы N 11 «Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү мыйзамдарды колдонуунун соттук тажрыйбасынын кээ бир маселелери туурасында» токтому

 

Талаптагыдай эмес жарнак саламаттыкка, ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик абройго келтирген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доолор боюнча доогерлер мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

2. Талаптагыдай эмес жарнак же каршы жарнактан баш тартуу, же монополияга каршы республикалык органдын жана анын аймактык органынын талабы боюнча маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эскертүү берүү же эсептешүү көрсөткүчүнүн 200гө чейинки өлчөмүндө айып салуу түрүндө администрациялык жоопкерчилик тартууга алып келет.

Ошол эле аракеттер үчүн администрациялык жаза берилгенден кийин талаптагыдай эмес жарнак жыл ичинде кайталанганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке тартууга алып келет.

Пайда (киреше) алуу максатында жасалган жана мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга, болбосо жарандардын мыйзам тарабынан корголгон укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирген көз көрүнөө жалган жарнак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке кириптер кылат.

3. Монополияга каршы республикалык орган жана анын аймактык органдары жарнак берүүчүлөргө, жарнак чыгаруучуларга жана жарнак таратуучуларга жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды токтотуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү жана каршы жарнакты жүзөгө ашыруу жөнүндөгү чечимдерди мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, эсептешүү көрсөткүчүнүн 5000ге чейинки өлчөмүндө айып салууга укуктуу.

Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу төлөгөн айыптын суммасы ушул Мыйзамга ылайык тийиштүү бюджеттерге төмөндөгүдөй катышта:

70 проценти — республикалык бюджетке;

30 проценти — жеке же юридикалык жак, башкача айтканда жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу катталган аймактын жергиликтүү бюджетине чегерилет.

Эгерде айып ыктыярдуу түрдө төлөнбөсө, айыпты өндүрүү сот тартибинде жүргүзүлөт.

Айып төлөө жарнак берүүчүнү, жарнак чыгаруучуну же жарнак таратуучуну жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну токтотуу жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү аткаруудан же каршы жарнакты жүзөгө ашыруу жөнүндөгү чечимдерди аткаруудан бошотпойт.

4. Жарнак берүүчү, жарнак чыгаруучу же жарнак таратуучу мамлекеттик монополияга каршы органдын же анын аймактык органынын (алардын кызмат адамдарынын) иш-аракетинин (аракетсиздигинин) үстүнөн ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанууга укуктуу.

Эгерде сот же арбитраждык сот тарабынан дайындалган актыларды аткарууну токтото туруу жөнүндө аныктама чыгарылбаса, көрсөтүлгөн арызды берүү, монополияга каршы мамлекеттик органдын же анын аймактын органынын көрсөтмөсүн же чечимин аткарууну токтото тура албайт.

(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 17, 2009-жылдын 25-апрелиндеги N 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

 

VI бөлүм

Корутунду жоболор

 

32-статья. Кыргыз Республикасынын жарнак жагындагы эл аралык

келишимдери

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен жарнак жөнүндө ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

33-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 1999-жылдын 6-январында N 1 жарыяланды

 

2. Кыргыз Республикасынын Президентине ал тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган