Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1999-жылдын 29-октябры N 590

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди

жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 29-сентябрындагы N 598 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди ачык көрсөтүүнү жана таркатууну тартипке салуу максатында, ошондой эле киновидеокаракчылыкка каршы күрөшүү, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын интеллектуалдык жана адептик тазалыгын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн тиркелген эрежеси (мындан ары — Эреже) бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-сентябрындагы N 598 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчылары жергиликтүү укук коргоо органдарына, салык инспекцияларына, киноуюмдарга ушул Эреженин сакталышына контролдук кылууну, бул Эрежени бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык санкцияларды колдонууну тапшырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-октябрындагы N 518 «Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди ачык көрсөтүүнүн тартиби жөнүндөгү» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү башкармасына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр А.Муралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 29-октябрындагы

N 590 токтому менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын аймагында

киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн

ЭРЕЖЕСИ

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 29-сентябрындагы N 598 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

1-бөлүм

Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеотүйүндөрдү каттоо

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди элге көрсөткөн бардык кинопроекциялык, видеопроекциялык, видеотелевизиондук жабдуулар кимге таандык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясында (мындан ары Компания) каттоодон өтүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-сентябрындагы N 598 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Киновидеотүйүндүн жетекчиси, ээси «Компания» Республикалык бирикмесине ошол киновидеожабдууда иштеген киномеханиктердин, операторлордун квалификациялык күбөлүктөрүн, техникалык эксплуатациялоо эрежелерин, коопсуздук техникасынын эрежелерин билгендигин текшерүү жөнүндөгү документтерди, өрт коопсуздугу жөнүндөгү документтерди сунуш кылат. «Компания» Республикалык бирикмесинин техникалык инспекциясы киновидеоаппаратура турган жайдын абалын, анын техникалык абалын киновидеокөрсөтүүлөрдө санитардык нормалардын сакталышын текшерет жана «Компания» Республикалык бирикмесинин жетекчилигине текшерүү актысын сунуш кылат.

3. Зарыл документтери болгон жана техникалык жана санитардык нормалар сакталган учурда «Компания» Республикалык бирикме-

си киновидеотүйүндү ачууга жана пайдаланууга белгиленген үлгүдөгү мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүү эрежесинин бир нускасын берет, ага «Кыргызкиновидеожүгүртүү» Республикалык бирикмесинин жетекчиси кол коет (N 1 тиркеме).

Документтерди даярдоонун наркын жана катталуучу киновидеотүйүндөрдү текшерүү боюнча техникалык инспекциянын ишинин наркын каттоо учурундагы баа боюнча ошол киновидеотүйүндүн ээси төлөйт.

4. Киновидеотүйүндөрдү кайра каттоо үч жылда бир жолу, ошондой эле алар орнотулган имарат жайлардын планировкасы өзгөргөн, реконструкцияланган, киновидеожабдуулар алмашылган учурларда жүргүзүлөт. Кайра каттоо ошол иштер аяктагандан кийин милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.

5. Киновидеотүйүндөрдүн жетекчилери, ээлери техникалык эксплуатациялоо эрежесин, техникалык жана өрт коопсуздугунун эрежесин жана санитария эрежесин катуу сактоого милдеттүү. Аталган нормативдер бузулган учурда «Компания» Республикалык бирикмеси киновидеотүйүндөрдүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрүн кайра чакыртууга укуктуу.

 

II Бөлүм

Киновидеофильмдерди жүгүртүү маселеси боюнча

киновидеожүгүртүү уюмдарынын кнновидеотүйүндөр

менен өз ара мамилелери

 

6. «Компания» Республикалык бирикмеси жана анын областтык уюмдары башка жүгүртүү уюмдары, райондук кинодирекциялар, кинотеатрлар, ведомстволук жана аскер бөлүктөрүндөгү киновидеотүйүндөр менен өз мамилесин келишимдик негизде түзөт. Белгилүү бир мөөнөт ичинде (ай, квартал, жыл) фильмдердин көчүрмөсүн эксплуатациялоого белгиленген үлгүдөгү (N 2 тиркеме) келишим түзүлөт. Кинотеатрлар, чет өлкөлүк кинотүйүндөр менен келишим фильмдин ар бир көчүрмөсү боюнча өзүнчө түзүлөт. Фильмдердин көчүрмөсү жолдомо кат менен берилет, анда ал көчүрмөнү пайдалануудагы түшкөн кирешеден алынуучу процент же белгиленген так сумма көрсөтүлөт. Видеофильмдерди жүгүртүү үчүн бир суткалык жүгүртүү акысы белгиленет.

Киновидеофильмдерди киновидеотүйүндөргө жиберүүнү жана аларды киновидеожүгүртүү уюмуна кайра кайтаруу киновидеотүйүндөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.

7. Киножүгүртүү уюмунан фильмди арендага алган киновидеотүйүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө кайра тапшырууга милдеттүү. Жүйөөсүз себеп боюнча фильмди кечиктирген учурда киновидеожүгүртүү уюму айып санкцияларын колдонууга укуктуу.

8. Киновидеотүйүн фильмдерди башына кайра түрүп, өзү алган идишке салып, тасмалар салынган кутуну ал тасманын номерлерине ылайык тартипте кайра кайтарат.

9. Киновидеожүгүртүү уюмунан алынган фильмдин техникалык абалы киновидеотүйүндүн өкүлү тарабынан, ал эми ал кайра кайтарылган учурда киновидеожүгүртүү уюмунун фильмди текшерүүчүсү тарабынан текшерилет. Фильмдерди текшерүү жана зарыл болгон учурда деффект актысын түзүү фильмдерди техникалык эксплуатациялоонун эрежесине жана фильмдердин техникалык абалы аныктоо боюнча нускоолорго ылайык түзүлөт.

10. Менчигинин түрүнө карабастан бардык киновидеотүйүндөр кинофильмдерди же анын бир бөлүгүн бузуп алгандыгы, нормативден ашык пайдалангандыгы, жоготкондугу жана башка эреже бузуулар үчүн жүгүртүү уюмдарынын алдында толук материалдык жоопкерчилик тартат. Киновидеотүйүндөр киновидеожүгүртүү уюмдарына төмөнкүлөр үчүн акы төлөйт.

а) кинофильмди, видеофильмди же алардын бир бөлүгүн жоготкондугу үчүн ошол учурда кинорыноктогу баа боюнча алардын толук наркын;

б) кинофильмдерди, видеофильмдерди нормадан ашык жүгүрткөндүгү үчүн алардын наркынын 20%тен 50%ке чейинки өлчөмүн;

в) фильмди же анын бир бөлүгүн кечиктиргендиги үчүн ар бир сутка ичинде келишимде көрсөтүлгөн суткалык жүгүртүү акысынын өлчөмүндөгү айып акыны;

г) төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн ар бир ашыкча күн үчүн мөөнөт өткөн сумманын 2%тик өлчөмүн;

д) фильм салынган идишти кайра кайтарбагандыгы үчүн ошол учурдагы баа боюнча идиштин эки эселенген наркын.

11. Киновидеожүгүртүү уюму киновидеотүйүндөргө төмөнкү учурларда фильмдерди берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн:

а) эгерде киножабдуунун техникалык абалы фильмдин сакталышына кепил болбосо;

б) эгерде киножабдууда техникалык жана өрт коопсуздугунун шарты сакталбаса;

в) эгерде киномеханиктерде тийиштүү квалификациялык күбөлүктөр, техникалык эксплуатациялоо эрежесин жана техникалык коопсуздук эрежесин билгендигин текшерүү жөнүндө күбөлүгү жана өрт коопсуздугунун техникасы боюнча талону болбосо;

г) эгерде киновидеотүйүнү жүгүртүү уюмуна дайыма дебитордук карыз болуп келсе.

 

III Бөлүк

Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди

ачык көрсөтүү жана мамлекеттик каттоого алуу

 

12. Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди ачык көрсөтүүгө киновидеотүйүндөрдү эксплуатациялоо эрежелерине уруксат берүү күбөлүгү бар киновидеотүйүндөргө алардын кимге таандык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан уруксат берилет. Киновидеофильмдерди уруксат берүү күбөлүгүсүз ачык көрсөтүүгө жол берилбейт.

13. Кыргыз Республикасында жана андан сырткары жерлерде түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында ачык көрсөтүү же жайылтуу үчүн арналган бардык киновидеофильмдер милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Мамлекеттик каттоодон өтпөгөн киновидеофильмдерди Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.

Мамлекеттик телерадиокомпаниясы тарабынан түзүлгөн же ага таандык киновидеофильмдерге, министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын заказы боюнча тартылган кыска метраждуу киновидеофильмдерге, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн жана ачык көрсөтүүгө жана жайылтууга арналбаган мыйзамдуу тартипте сатып алынган киновидеофильмдерге өзгөчөлүк тартиби берилет.

Телекөрсөтүүнүн коммерциялык каналдары боюнча, ошондой эле кабелдик телекөрсөтүү боюнча көрсөтүлгөн киновидеофильмдер мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

Он минутадан ашык көрсөтүлгөн киновидеофильмдер толук метраждуу кинофильмдерге теңештирилет.

14. Киновидеофильмдерди мамлекеттик каттоого алууну «Компания» Республикалык бирикмеси жүргүзөт. Ар бир киновидеофильмге белгиленген үлгүдөгү (N 3 тиркеме), жеке каттоо номерин берүү менен киножүгүртүү уюмунун жетекчисинин колу коюлуп жана мөөрү басылган мамлекеттик каттоо күбөлүгү (МКК) берилет. Катталган киновидеофильмдердин ээлери «Кыргызкиновидеожүгүртүү» Республикалык бирикмесине катталган киновидеофильмдерди көрсөтүүгө даярдоо жана документтерин тууралоо жана ага кеткен чыгымдардын ордун толтурууга теңдеш каттоо пошлинасын төлөйт.

Мамлекеттик каттоо күбөлүгү укук ээлери жана «Автордук укук жана тектеш укуктар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-статьясына ылайык Кыргызпатентте катталган жүгүртүү келишими жок болгон учурда берилбейт.

15. Мамлекеттик каттоо күбөлүгү Кыргыз Республикасында, ошондой эле андан тышкары жерлерде түзүлгөн киновидеофильмдерди пайдаланууга укукту ырастаган документ болуп саналат.

Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алуу үчүн киновидеофильмди жүгүртүү укугунун менчик ээси же ээси төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

— «Кыргызкиновидеожүгүртүү» республикалык бирикмесинин жетекчисинин атына арызды;

— киновидеофильмге арыз ээсинин менчик же ээлик укугун ырастаган документти;

— киновидеофильмдерди жүгүртүү укугун ырастаган келишим;

— киновидеофильмдин көчүрмөсүнө тиешелүү техникалык талаптарды;

— кинофильмдин метражы, видеофильмди көрсөтүүнүн узактыгы жөнүндө маалыматтарды.

«Компания» республикалык бирикмеси арыз ээси сунуш кылган фильмди милдеттүү түрдө көргөндөн кийин Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

16. «Компания» республикалык бирикмесинин функциясына катталган киночыгармаларын ачык көрсөтүүнүн индексинин колдонулуп жаткан системасына ылайык классификациялоо кирет: индекс «Л» — ар кандай аудитория үчүн фильм; индекс «Д» — балдар аудиториясы үчүн; индекс «Д+» — 16 жашка чейинкилер киргизилбейт; индекс «С» — 18 жашка чейинкилер киргизилбейт.

«С» индекстүү киновидеофильмдер орундуктары ченелүү киновидеозалдарда кечки сеанстарда көрсөтүлөт, бирок борбордук жана көп залдуу кинотеатрларда көрсөтүлбөйт. Бул продукция телекөрсөтүү каналдары аркылу 23 сааттан кийин көрсөтүлүшү мүмкүн.

17. «Компания» республикалык бирикмесинин киновидеочыгармаларды классификациялоо жөнүндө чечими алардын менчик ээлери, жүгүртүүнүн ээлери жана кинозоок ишканаларынын администрациясы үчүн милдеттүү мүнөздө болот. Көрүүчүлөр аудиториясынын курагы жагынан чектөө боюнча сунуштар Мамлекеттик каттоо күбөлүгүндө катталат.

18. Кыргыз Республикасынын аймагында порнографиялык фильмдерди ачык көрсөтүүгө тыюу салынат. Бул тыюуну бузган киновидеотүйүндөрдүн жетекчилери жана ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

19. Арыз ээсине төмөнкүдөй учурларда Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:

— киновидеофильмдерди сатып алуунун мыйзамдуулугу ырасталбаса;

— каттоо пошлинасы толугу менен же жарым-жартылай төлөнбөсө;

— киновидеофильм бул эрежелерде көрсөтүлгөн индекстердин бирине да ылайык келбесе.

20. Мамлекеттик каттоо күбөлүгүн мамлекеттик каттоо, толтуруу жана берүү арыз, зарыл документтер, видеофильмдердин көчүрмөлөрү берилген күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик каттоо күбөлүгү кол койдуруу менен берилет.

21. Эгерде Мамлекеттик каттоо күбөлүгүндө камтылган киновидеофильмдерди ачык көрсөтүү тартиби бузулса, же Мамлекеттик каттоо күбөлүгү жок киновидеофильмдер ачык көрсөтүлсө же таркатылса, анда «Кыргызкиновидеожүгүртүү» республикалык бирикмеси укук коргоо органдары, салык ииспекциясы менен бирдикте киновидеотүйүндүн, киновидеофильмдерди жайылтуу пункттарынын ишин токтотууга, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка санкцияларды колдонууга укуктуу.

22. Бул Эреженин жер жерлерде сакталышын өзүнүн кино уюмдары аркылуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, укук коргоо органдары, салык инспекциялары жана башка кызматтар контролдук кылат.

 

 

N 1 Тиркеме

 

Киновидеотүйүндөрдү ачууга жана пайдаланууга

мамлекеттик каттоо жөнүндө

КҮБӨЛҮК

 

Киновидеотүйүндүн дареги _________________________________________

Киновидеотүйүндүн ээси, арендатору _______________________________

Көрүү залынын аянты ______________________________________________

Киновидеоаппаратуранын тиби ______________________________________

Отуруучу орундардын саны _________________________________________

Индекс ___________________________________________________________

Күбөлүктүн колдонулушунун мөөнөтү ________________________________ __________________________________________________________________ дарегинде жайгашкан кинотүйүндө, видеотүйүндө пайдалануунун техникалык жана санитардык нормалары, техникалык жана өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган. Кинофильмдерди, видеофильмдерди ачык көрсөтүүгө уруксат берилт.

Эскертүү:

1. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын _______ N ___ токтомунун негизинде берилген.

2. Кинотүйүндүн, видеотүйүндүн ээси, арендатору киножабдууну, видеожабдууну реконструкциялагандыгы, өркүндөткөндүгү алмаштыргандыгы жөнүндө «Кыргызкиновидеожүгүртүү» республикалык бирикмесине билдирсин.

 

«Компания» республикалык

бирикмесинин башкы директору

 

М.О.

 

Берилген дата: _____________

 

 

N 2 Тиркеме

 

«Компания» республикалык бирикмеси

КЕЛИШИМ

 

Бишкек шаары

 

Мындан ары «Бирикме» деп аталуучу «Компания» республикалык бирикмеси Уставдын негизинде аракеттенген Башкы директор _____________________ атынан бир тарабынан жана мындан ары «Киновидеотүйүн» деп аталуучу _________________ атынан экинчи тарабынан төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:

 

I. Келишимдин маңызы:

 

1.1. «Бирикме» калкка кызмат көрсөтүү үчүн «Киновидеотүйүнгө» киновидеофильмдердин көчүрмөсүн берет.

 

II. Тараптардын милдеттери

 

2 1. «Киновидеотүйүн» фильмдин көчүрмөлөрүнүн сакталышына кепил болот. Фильмдин көчүрмөлөрүн бузгандыгы же жоготкондугу үчүн анын толук наркынын өлчөмүндө материалдык зыяндын ордун толтурат, ошондой эле көчүрмөсүн андан ары жүгүртүлбөй калгандыгына байланыштуу «Бирикменин» тарткан зыянынын ордун толтурат.

2.2. «Киновидеотүйүн» кинофильмдерди үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет. Андай ар бир учур үчүн «Киновидеотүйүн» «Бирикмеге» _______ _________ өлчөмүндө айып акы төлөйт.

 

III. Тараптардын финансылык өз ара мамилелери:

 

3.1. «Киновидеотүйүн» киновидеофильмдерди жүгүрткөндүгү үчүн «Бирикмеге» которуу же «Бирикменин» кассасына накталай түрдө ___________________ өлчөмүндө жүгүртүү акысын төлөйт.

3.2. Киновидеофильмди кечиктирген ар бир күнү үчүн «Киновидеотүйүн» «Бирикмеге» ________________ ________ өлчөмүндө айып акы төлөйт.

3.3. «Киновидеотүйүн» финансы уюмдары менен эсептешүүнү өз алдынча жүргүзөт.

 

IV. Келишимди колдонуунун мөөнөтү

 

4.1. Келишимдин колдонуу мөөнөтү __________________________ чейин.

4.2. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча макулдашуу менен жүргүзүлөт.

 

V. Тараптардын дареги

 

______________________________ __________________________________

______________________________ __________________________________

 

«Кыргызкиновидеожүгүртүү»

Республикалык бирикмесинин

Башкы директору

 

М.О.

 

 

N 3 Тиркеме

 

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КҮБӨЛҮГҮ N _______

 

Фильмдин аталышы _________________________________________________

Кинону чыгарган мамлекет _________________________________________

Фильмдин түрү ____________________________________________________

Фильмдин режиссеру _______________________________________________

Тасманын түрү ____________________________________________________

Сериялардын, бөлүктөрдүн саны ____________________________________

Көрсөтүүнүн узактыгы _____________________________________________

Көчүрмөлөрдүн саны _______________________________________________

Фильмдин ээси ____________________________________________________

Индекс ___________________________________________________________

Күбөлүктүн колдонулушунун мөөнөтү ________________________________

 

Күбөлүктү берүү үчүн жооптуу ____________________

 

Эскертүү:

1. мамлекеттик каттоо күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын _________ N ____ токтомунун негизинде берилди жана киновидеофильмдерди Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кимге тиешелүү экендигине карабастан бардык кинотеатрларда, кинотүйүндөрдө, видеозалдарда жана видеосалондордо жайылтуу жана көрсөтүү үчүн милдеттүү.

2. Күбөлүк бажы жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө документ болгон учурда да гана берилет.

 

«Компания» республикалык

бирикмесинин башкы директору

 

М.О.