Бишкек шаары

1997-жылдын 22-ноябры N 83

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө

(КР

1999-жылдын 14-июлундагы N 72,

2003-жылдын 6-мартындагы N 54,

2013-жылдын 22-февралындагы N 29

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Документтерди чыгаруучулардын милдеттери жана укуктары

III бөлүм. Милдеттүү нусканы алуучулардын милдеттери

IV бөлүм. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук китепканалык-маалыматтык фондун толук жыйноонун жана мамлекеттик библиография тутумунун өнүгүшүнүн ресурстук базасы катары мамлекеттик документтердин милдеттүү нускасын түзүү жагындагы саясатын аныктайт, документтердин милдеттүү нускасынын сакталышын камсыздоону, анын коомдук пайдаланылышын караштырат.

Ушул Мыйзам документтердин милдеттүү нускасынын түрлөрүн, аларды чыгаруучулардын жана алуучулардын категорияларын, документтердин милдеттүү нускасын жеткирүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин, аларды бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилейт.

Ушул Мыйзам жекече жана жашыруун мүнөздөгү документтерге, бир нускада түзүлгөн документтерге, архивдик материалдарга (документтерге) жана башкаруучулук документтерине таралбайт.

 

I бөлүм

Жалпы жоболор

 

1-статья. Жалпы түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

документтердин милдеттүү нускасы — (мындан ары — милдеттүү нуска) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана санда чыгаруучулар тарабынан тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга берилүүгө тийиш болгон көп нускада чыгарылган ар кандай түрдөгү документтердин нускалары;

документ — текст, үн жазуу же сүрөт түрүндө маалымат түшүрүлгөн, сактоо жана коомдук пайдалануу максаттарында убакыт жана мейкиндик боюнча берилүүгө арналган материалдык объект;

милдеттүү нуска тутуму — милдеттүү нускалардын түрлөрүнүн жыйындысы, ошондой эле аларды чогултуунун, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун белгиленген тартиби;

акы төлөнүүчү милдеттүү нуска — чыгаруучу тарабынан акысы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана санда тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга берилүүгө тийиш болгон ар кандай түрдөгү документтердин нускалары;

акысыз милдеттүү нуска -Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук таратуу үчүн ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана айрым адамдардын буйрутмасы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерде даярдалган республикалык жана жергиликтүү мүнөздөгү ар кандай түрдөгү документтердин, аларды чыгаручулар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана санда тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга акысыз берилүүгө тийиш болгон нускалары;

акысыз милдеттүү жергиликтүү нуска — областтын, райондун, шаардын аймагында даярдалган ар кандай түрдөгү документтердин, аларды чыгаруучулар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана санда тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга акысыз берилүүгө тийиш болгон нускалары;

документтерди чыгаруучу — уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабай милдеттүү нускалардын ар кандай түрлөрүн чыгаруучу, басып чыгаруучу жана таратуучу юридикалык жак;

документтерди алуучу — акысыз жана акылуу негизде милдеттүү нусканы алууга, сактоого жана коомдук пайдаланууга укук алган юридикалык жак;

Кыргыз Республикасынын улуттук китепканалык-маалымат фонду — Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы, китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары ортосунда бөлүштүрүлүүчү такай сактоого жана коомдук пайдаланууга арналган, акысыз милдеттүү нусканын негизинде жыйналуучу милдеттүү нускалардын бардык түрлөрүнүн жыйындысы.

 

2-статья. Милдеттүү нуска жөнүндө Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары

 

Милдеттүү нуска жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

 

3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү

 

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу уюштуруучулук-укуктук түрлөрүнө жана менчигинин түрлөрүнө карабай, документтердин ар кандай түрлөрүнүн милдетүү нускасын түзүүгө жана жеткирүүгө катышкан, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына, ошондой эле милдеттүү нусканы алуучулар, сактоочулар жана таратуучулар болуп эсептелишкен Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, китепканаларга жана илимий-техникалык маалымат органдарына таралат.

2. Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фондуна таандык архивдик документтерди түзүү, эсебин алуу, сактоо жана коомдук пайдалануу боюнча архивдик мекемелердин иши «Кыргыз республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

 

4-статья. Милдеттүү нуска тутумун түзүүнүн максаттары

 

1. Акысыз милдеттүү нуска тутумун түзүүнүн максаттары:

— дүйнөлүк маданий мурастын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын документтеринин улуттук китепканалык-маалыматтык толук фондун жыйноо;

— мамлекеттик библиографиялык эсептөөнү жүзөгө ашыруу;

— аны Кыргыз Республикасынын документтеринин улуттук фондун сактоо жайларында дайыма сактоону уюштуруу;

— аны керектөөчүлөрдү маалыматтык-библиографиялык жана китепканалык жактан тейлөөдө пайдалануу;

— ата мекендик документтерди мамлекеттик каттоого алуу (библиографиялык жана санактык), мамлекеттик библиографиялык (күндөлүк жана ретроспективдик) жана санактык маалыматты даярдоо;

— улуттук жана регионалдык жыйнак каталогдорду, алгачкы жана реферативдик маалыматты даярдоо жана чыгаруу;

— бардык түрдөгү документтер жөнүндө коомго маалымат берүү;

— жергиликтүү документтердин тобун жана жерге таануу фонддорун түзүү;

— башка өлкөлөрдүн документтеринин улуттук фондун сактоочулары менен өз ара алмашууну жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.

2. Акы төлөнүүчү милдеттүү нусканы түзүүнүн максаттары:

— китепканалардын жана илимий-техникалык маалымат органдарынын фонддорун ата мекендик документтер менен топтоо;

— Кыргыз Республикасынын аймагында ата мекендик документтерди алуучулар ортосунда милдеттүү нусканы теңдеп таратуу;

— ата мекендик документтерди алуучуларга толук жана тез жеткирүү болуп эсептелет.

 

5-статья. Акысыз милдеттүү жана акы төлөнүүчү милдеттүү нуска ку-

рамына кирүүчү документтердин түрлөрү

 

1. Акысыз милдеттүү нуска жана акы төлөнүүчү милдеттүү нуска курамына документтердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:

— полиграфиялык жактан өз алдынча жасалган, чыгаруу маалыматтары бар, редакциялык-басма иштеринен өткөрүлгөн басылмалар (тексттик, ноталык, картографиялык, сүрөт басылмалары) — басма продукциялары;

— сокурлар үчүн басылмалар — Брайлдын системасы боюнча быдырлуу-чекиттүү арип менен даярдалган басылмалар жана «сүйлөөчү китептер»;

— расмий документтер — мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги органдарынын атынан басылып чыгарылган, мыйзамдык, ченемдик, директивалык же маалыматтык мүнөздөгү басма сөз чыгармалары;

— угуу-көрүү продукциясы-кино-, видео-, фото- жана фонодокументтер;

— электрондук басылмалар, анын ичинде электрондук эсептөөчү машиналар (мындан ары-ЭЭМ) үчүн программаларды жана маалыматтар базасын камтыгандар же ЭЭМдер үчүн программалар жана маалыматтар базасы болгондор;

— жарыяланбаган документтер — илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструкторлук иштердин натыйжалары (диссертациялар, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер жөнүндө отчеттор, сактоого берилген илимий иштер, алгоритмдер жана программалар).

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен милдеттүү жергиликтүү нусканын курамына кирүүчү документтердин түрлөрүн аныктай алышат.

 

II бөлүм

Документтерди чыгаруучулардын милдеттери жана укуктары

 

6-статья. Акысыз милдеттүү нусканы жеткирүү боюнча документтерди

чыгаруучулардын милдеттери жана укуктары

 

1. Документтерди чыгаруучулардын төмөнкүдөй категориялары бар: басмалар; полиграфиялык ишканалар, башка басып чыгаруучу мекемелер жана уюмдар; массалык маалымат каражаттарынын редакциялары; теле жана радиокомпаниялар; киностудиялар; көрсөтүү ишканалары жана кинематографиялык ишканалар; илимий-изилдөө мекемелери; жогорку окуу жайлар, долбоордук жана конструкторлук мекемелер, ар кандай түрдөгү документтерди даярдоочу башка уюмдар. Документ чыгаруучулар акысыз милдеттүү нусканы документтерди алуучуларга акысыз жеткирип берүүгө милдеттүү.

Документтерди чыгаруучулар акысыз милдеттүү нусканы даярдоого, чыгарууга жана жөнөтүүлөргө кеткен чыгымды басма продукциясынын, сокурлар үчүн басылмалардын, расмий документтердин, угуу-көрүү продукциясынын жана электрондук басылмалардын өздүк наркына чегеришет.

Кемчиликтүү милдеттүү нускалар документтерди алуучулардын талабы боюнча документтер чыгаруучу тарабынан бир айлык мөөнөттө алмаштырылып берилет.

2. Документтерди алуучулар документ чыгаруучулар жеткирбеген милдеттүү экземплярларды, алардын эсебинен кошумча сатып алууга укуктуу болушат.

 

7-статья. Басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын жеткирүү

 

1. Документтерди чыгаруучулар полиграфия ишканалары жана көбөйтүүчү техникалык участоктору аркылуу Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына бардык түрлөрдөгү басылмалардын акысыз милдеттүү нускаларын жалпы нусканын биринчи тобу жарыкка чыккан күнү жеткирип беришет.

2. Документтерди чыгаруучулар ушул Мыйзамдын 17-статьясына ылайык басылмаларды кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын, Мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык китепкананын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасынын жана башка ири китепканалык-маалыматтык мекемелер ортосунда бөлүштүрүп берүү максатында Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына:

— мамлекеттик жана орус тилдериндеги китептердин жана китепчелердин, альбомдордун, уланып чыгуучу басылмалардын, журналдардын, географиялык карталардын жана атласттардын акысыз милдеттүү 20 нускасын;

— Кыргыз Республикасынын элдеринин башка тилдериндеги жана чет тилдердеги китептердин жана китепчелердин, альбомдордун, уланып чыгуучу басылмалардын, журналдардын, географиялык карталардын жана атласттардын акысыз милдеттүү 10 нускасын;

— сүрөт басылмаларынын жана ноталык басылмалардын акысыз милдеттүү 14 нускасын;

— газеталардын акысыз милдеттүү 10 нускасын;

— тексттик баракча басылмалардын акысыз милдеттүү 5 нускасын;

— диссертациялардын авторефераттарынын акысыз милдеттүү 20 нускасын;

— техникалык документтердин стандарттарынын акысыз милдеттүү 5 нускасын жеткирип беришет.

Катуу эсептик документтер жана ага теңештирилген документтер, аскердик продукциялардын техникалык документтери, бланкалык продукция, эсептик бланкаларын толтуруу боюнча көрсөтмөлөр, эсеп-кысаптык жана эсептик документтеринин формаларынын альбомдору акысыз милдеттүү нуска катары таратылып жөнөтүлбөйт.

3. Патенттик документтерди чыгаруучулар полиграфия ишканалары жана көбөйтүүчү техникалык участоктору аркылуу экиден акысыз милдеттүү нусканы Мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык китепканага жеткирип беришет.

4. Документтерди чыгаруучулар полиграфия ишканалары жана көбөйтүүчү техникалык участоктору аркылуу бардык түрдөгү басылмалардын акысыз милдеттүү үчтөн нускасын жалпы нусканын биринчи тобу чыккан күнү Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына же Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мамлекеттик библиография секторуна жеткирип беришет.

5. Документтерди чыгаруучулар полиграфия ишканалары жана көбөйтүүчү техника участоктору аркылуу областта, шаарда же райондо чыгарылган бардык түрдөгү басылмалардын акысыз жергиликтүү милдеттүү экиден нускасын жалпы нусканын биринчи тобу жарыкка чыккан күнү тийиштүү областтык, райондук, шаардык китепканаларга жеткирип беришет.

6. Басманы же башка басып чыгаруучу уюмдарды уюштуруучуларга, ошондой эле аларды каттаган органдарга ошол басма же башка басып чыгаруучу уюм чыгарган басылманын акысыз милдеттүү нускасын алууга уруксат берилет.

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-июнундагы N 404 «Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасына басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын жеткирип берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому

 

8-статья. Ата мекендик басылмалардын милдеттүү нускасын өз ара

алмашуу тартибинде жөнөтүү

 

Өз ара алмашуу тартибинде ата мекендик басылмалардын милдеттүү нускасын жөнөтүү мамлекеттер, өкмөттөр жана ведомстволор аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.

 

9-статья. Сокурлар үчүн басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын

жеткирип берүү

 

Документтерди чыгаруучулар сокурлар үчүн басылмалардын экиден акысыз милдеттүү нускасын, анын ичинде «сүйлөөчү китептерди» жалпы нусканын биринчи тобу жарыкка чыккандан кийинки үч күндүн ичинде атайын иштернаттын китепканасына жөнөтүшөт.

 

10-статья. Жарыяланбаган документтердин акысыз милдеттүү нускасын

жеткирүү

 

1. Документтерди чыгаруучулар жарыяланбаган документтердин акысыз милдеттүү бир нускасын алардын түрүнө жараша тийиштүү илимий-техникалык маалымат органдарына жана китепканаларга жеткирип беришет.

2. Документтерди чыгаруучулар диссертациялардын акысыз милдеттүү нускасын билимдин бардык тармактары боюнча талапкерге окумуштуулук даражасы ыйгарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына отуз күндүк мөөнөттө жеткирип беришет.

3. Документтерди чыгаруучулар жакталгандан жана илимий даража ыйгарылгандан кийин:

Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасына илимдин бардык тармактары боюнча (медицина жана фармацевтикадан бөлөк) диссертациялардын акысыз милдеттүү нускасын;

Республикалык илимий-медициналык китепканага-медицина жана фармацевтика боюнча диссертациялардын акысыз милдеттүү нускасын;

Республикалык илимий-айыл чарба китепканасына-айыл чарбасы боюнча диссертациялардын акысыз милдеттүү нускасын отуз күндүк мөөнөттө жеткиришет.

4. Документтерди чыгаруучулар коомдук, гуманитардык, табигый, так жана техникалык илимдер боюнча сактоого берилген илимий иштердин акысыз милдеттүү нускасын тийиштүү окумуштуулар кеңеши же редакциялык-басма кеңеши сактоого берүү жөнүндө чечим чыгаргандан кийин отуз күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына жеткиришет.

 

11-статья. Расмий документтердин акысыз милдеттүү нускасын

жеткирүү

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жашыруун эмес мүнөздөгү документтерди жөнөтүү тизмесине киргизилген расмий документтердин экиден акысыз милдеттүү нускасын бекитилгенден жана катталгандан (катталуу номери жана гербдүү мөөр коюлгандан) кийин Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине жана Кыргыз Республикасынын Саясий документтеринин борбордук мамлекеттик архивине жеткирип беришет.

 

12-статья. Угуу-көрүү продукциясынын акысыз милдеттүү нускасын

жеткирүү

 

1. Угуу-көрүү продукцияларын чыгаруучулар китепканалык-маалыматтык тейлөөнүн муктаждыгы үчүн:

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына — жарыкка чыккан күнү угуу продукциясынын (грампластинканын, лазердик дисканын, магнит тасмасындагы фонограмманы) жана видеофильмдердин позитив түрүндөгү көчүрмөлөрүн, аларды көчүрүп бүткөн күнү акысыз милдеттүү бирден нускасын;

Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине — жарыкка чыккан күнү угуу продукциясынын жана позитив көчүрмөлөр түрүндө көчүрүлүп бүткөн күнү кино-көрүү документтеринин акысыз милдеттүү бирден нускасын;

«Кыргызкино» мамлекеттик концернине көркөм, мультипликациялык, документалдык жана илимий-популярдык фильмдердин акысыз милдеттүү бирден нускасын, алар монтаждалып же которулуп бүткөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбей жеткирип беришет.

2. Позитив көчүрмөлөр монтаждык же диалогдук барактар менен бирге берилет. Кино жана видеофильмдерге бирдей үлгүдөгү прокаттык күбөлүктөр позитив көчүрмөлөр мамлекеттик сактоого өткөрүлгөндөн кийин берилет.

3. Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине теле өндүрүүчү уюмдардын чыгарылып бүткөн жана эфирде көрсөтүлгөн материалдары берилет.

 

13-статья. Электрондук басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын

жеткирүү

 

Документтерди чыгаруучулар электрондук басылмалардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп эсептелген, ЭЭМ үчүн программалардын акысыз милдеттүү бир нускасын каттоо үчүн Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткиришет.

Документтерди чыгаруучулар электрондук басылмалардын милдеттүү бир нускасын, алардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп эсептелген маалыматтар базасы менен кошо Кыргыз Республикасынын Китеп палатасына жеткиришет.

 

14-статья. Басылмалардын акы төлөнүүчү милдеттүү нускасын жеткирүү

 

1. Документтерди чыгаруучулар нусканын биринчи тобунан басылмалардын акы төлөнүүчү милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген санда жана тартипте Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткирип берүүгө милдеттүү.

Кызмат документтери, катуу эсептеги документтер, аскер продукциясынын техникалык документтери, бланкалык продукция; отчеттуулук бланктарын толтуруу боюнча көрсөтмөлөр, сокурлар үчүн басылмалар Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткирилип берилбейт.

2. Документтерди чыгаруучулар басылмалардын акы төлөнүүчү милдеттүү нускасын Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткирүүгө кеткен чыгымдарды басма продукциясынын өздүк наркына чегерет.

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-декабрындагы N 804 «Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө» токтому

 

15-статья. Милдеттүү нусканы почта аркылуу жөнөтүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышка акысыз милдеттүү нусканы жана акы төлөнүүчү милдеттүү нусканы почта аркылуу жөнөтүү бюджеттик уюмдар үчүн белгиленген тарифтер боюнча 50 проценттик жеңилдик менен жүргүзүлөт.

 

16-статья. Документтерди чыгаруучулардын укуктары

 

Акысыз милдеттүү нусканы толук жана тез жеткирүү документтерди чыгаруучуларга төмөнкүдөй:

— мамлекеттик библиографиялык басылмаларда жана борборлошкон катологдоштурууларда, алгачкы жана реферативдик маалыматтардын басылмаларында, рекламалык басылмаларда библиографиялык маалыматтарды акысыз жарыялоого;

— алар чыгарган бардык түрдөгү документтерди Кыргыз Республикасынын документтерин улуттук сактоо фондуларында ушул Мыйзамдын негизинде дайыма сактоого;

— библиографиялык маалыматтарды ата мекендик жана эл аралык автоматташтырылган маалыматтар банкына киргизүүгө;

— алардын суроо-талабы боюнча өздөрүнүн продукцияларына тийиштүү фактографиялык жана санактык маалыматтарды акысыз берүүгө;

— телерадиоөндүрүш ишканалары, мекемелери жана уюмдары тарабынан, мамлекеттик сактоого өздөрү берген документтерди өз эфиринде пайдаланууга укуктарды камсыздайт.

 

III бөлүм

Милдеттүү нусканы алуучулардын милдеттери

 

17-статья. Басылмалардын милдеттүү нускасын борборлоштуруп

бөлүштүрүүчү уюмдардын милдеттери

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына:

— басылмаларды мамлекеттик каттоону (библиографиялык жана санактык) жүзөгө ашыруу, мамлекеттик каттоо барактарын даярдоо, мамлекеттик библиографияны түзүү, ата мекендик басылмалардын улуттук сактоо фондусун топтоо, басылмалардын акысыз милдеттүү республикалык бир нускасын алуунун негизинде аларды дайыма сактоону жана пайдаланууну камсыздоо;

— басылмалардын акысыз жана акы төлөнүүчү милдеттүү нускаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын китепканаларына, илимий жана маалымат мекемелери менен уюмдарына бөлүштүрүп берүү;

— басылмалардын акысыз милдеттүү республикалык нускасын жеткирүүнүн толуктугуна жана тездигине көзөмөл жүргүзүү жүктөлөт.

 

18-статья. Акысыз милдеттүү нусканы борборлоштуруп алуучу уюмдар-

дын милдеттери

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына:

— китептердин, журналдардын, мезгилдүү басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын топтоо, аны каттоо жана эсебин алуу, ал жөнүндө библиографиялык жана санактык маалыматтарды даярдоо, анын ичинде маалыматтык басылмаларды чыгаруу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо;

— угуу-көрүү продукциясынын (грампластинкалар, лазердик дискалар, магниттик тасмадагы фонограммалар) акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын эсебин алуу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо жүктөлөт.

2. Мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык китепканага:

— патенттик документтердин акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо;

— мамлекеттик стандарттардын акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын эсебин алуу, ал жөнүндө маалыматтык басылмаларды чыгаруу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо жүктөлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасына китептердин, журналдардын, мезгилдүү басылмалардын акысыз милдеттүү нускасын топтоо, аны каттоо жана эсебин алуу, ал жөнүндө библиографиялык жана санактык маалыматтарды даярдоо, анын ичинде маалыматтык басылмаларды чыгаруу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо жүктөлөт.

4. Архив ишин башкаруунун республикалык органына:

— угуу-көрүү продукциясынын (кино,-фото,-видео,-фотодокументтер) акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын эсебин алуу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо;

— расмий документтердин акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын эсебин алуу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо жүктөлөт.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке, Мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык китепканага патенттик документтердин, автордук укуктар жана жармакташ укуктар боюнча документтердин акысыз милдеттүү нускасын топтоо, аны каттоо жана эсебин алуу, ал жөнүндө библиографиялык жана санактык маалыматтарды даярдоо, анын ичинде маалыматтык басылмаларды чыгаруу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо жүктөлөт.

6. Ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык жарыяланбаган документтердин акысыз милдеттүү нускасын топтоо, аны каттоо жана эсебин алуу, ал жөнүндө маалыматтык басылмаларды чыгаруу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасына жүктөлөт.

7. Ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык түрүнө жараша угуу-көрүү продукциясынын акысыз милдеттүү нускасын топтоо, анын эсебин алуу, анын сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине, «Кыргызкино» мамлекеттик концернине жүктөлөт.

 

19-статья. Акысыз милдеттүү республикалык нусканы дайыма сактоо

 

1. Акысыз милдеттүү республикалык нусканы дайыма сактоо:

— басылмалар боюнча — Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасына;

— патенттик документтер, ошондой эле автордук укуктар жана жармакташ укуктар боюнча — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке, Мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык китепканага;

— расмий документтер боюнча — Архив ишин башкаруунун республикалык органына;

— сокурлар үчүн басылмалар боюнча — Атайын интернаттын китепканасына;

— басылмалардын бардык түрлөрү жана электрондук басылмалардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп эсептелген, ЭЭМ үчүн программалар боюнча, ошондой эле электрондук басылмалар, анын ичинде алардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп саналган маалыматтар базасы боюнча — Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жүктөлөт.

2. Тийиштүү документтер түрлөрүнүн акысыз республикалык милдеттүү нускасын дайыма сактоону жана аны коомдук пайдаланууну камсыздоочу мекемелер менен уюмдардын фонддору Кыргыз Республикасынын улуттук китепканалык-маалыматтык фондун түзүшөт. Бул мекемелер менен уюмдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык көрсөтүлгөн фонддордун сакталышын камсыздоо үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

 

20-статья. Милдеттүү нусканы көчүрмөлөө

 

1. Кыргыз Республикасынын граждандарын, ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын китепканалык-маалыматтык жактан тейлөө максатында милдеттүү нусканы көчүрмөлөө жана репродукциялоо мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Жарыяланбаган документтердин жана угуу-көрүү продукцияларынын акысыз милдеттүү нускасынын дайыма сакталышын жана пайдаланылышын камсыздоо үчүн жооптуу мекемелер жана уюмдар китепканалардын, илимий-техникалык маалымат органдарынын, башка ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча аны акыга көчүрмөлөөнү камсыз кылат.

3. Электрондук басылмалардын, анын ичинде ЭЭМ үчүн программалардын жана алардын курамына кирген же өзүнчө басылма болуп саналган маалыматтар базаларынын акысыз милдеттүү нускасын көчүрмөлөө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

21-статья. Милдеттүү нусканы жеткирүүгө көзөмөлдүк

 

Документтердин милдеттүү нускасынын алуучуга жеткирилишине көзөмөлдүк жүргүзүү милдеттүү нусканын тийиштүү түрлөрүн каттоону жана эсебин алууну жүзөгө ашыруучу мекемелерге жана уюмдарга жүктөлөт. Толук жеткирилбеген милдеттүү нуска жөнүндөгү маалыматтар документтер чыгарууга уруксат берүүчү күбөлүк берген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына берилет.

(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Документтердин акысыз милдеттүү республикалык нускасы

жөнүндө маалымдоо

 

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы келип түшүүчү басылмалар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик библиографиялык көрсөткүчтөрдү басып чыгарат.

2. Жарыяланбаган документтердин акысыз милдеттүү нускасы жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо:

— сактоого берилген илимий иштер жөнүндө кабарларды ичине алган библиографиялык көрсөткүчтөрдү чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына;

— сактоого берилген илимий иштер жөнүндө кабарларды ичине алган, коомдук, табигый жана техникалык илимдер боюнча библиографиялык көрсөткүчтөрдү чыгаруучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китеканасына;

— мамлекеттик стандарттар жана техникалык документтер жөнүндө көрсөткүчтөрдү чыгаруучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлөт.

3. Патенттик документтердин, автордук жана жармакташ укуктар боюнча документтердин акысыз милдеттүү республикалык нускасы жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигине; расмий документтердин, кино-, фото-, видео- жана фонодокументтердин акысыз милдеттүү республикалык нускасы жөнүндө керектөчүлөргө маалымдоо Архив ишин башкаруунун республикалык органына жүктөлөт.

4. Электрондук басылмалардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп эсептелген ЭЭМ үчүн программалардын акысыз милдеттүү республикалык нускасы жөнүндө, ошондой эле электрондук басылмалардын, анын ичинде алардын курамына кирген же өз алдынча басылма болуп саналган маалыматтар базасынын акысыз милдеттүү республикалык нускасы жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо Кыргыз Республикасынын Китеп палатасына жүктөлөт.

(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV бөлүм

Корутунду жоболор

 

23-статья. Милдеттүү нусканы жеткирүү тартибин бузуу үчүн жоопкер-

чилик

 

Милдеттүү нусканы өз убагында жана толук жеткирбегендиги үчүн документтерди чыгаруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

24-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин:

— ушул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

 

1997-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган