Бишкек шаары
2011-жылдын 2-июлу N 68

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Президентин жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын шайлоо жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары
2-глава. Шайлоо комиссиялары жана шайлоо округу
3-глава. Шайлоочулардын тизмелери
4-глава. Талапкердин, саясий партиялардын өкүлдөрү.
Талапкерлердин статусу
5-глава. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу
6-глава. Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
7-глава. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун
натыйжаларын аныктоо
8-глава. Шайлоону каржылоо
9-глава. Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери
10-глава. Президентти шайлоо
11-глава. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
12-глава. Корутунду жоболор

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары — Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары — Жогорку Кеңештин депутаттары) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

1-глава
Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары

1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги
терминдер

Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:
үгүт материалдары — шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
жарандардын жигердүү шайлоо укугу — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;
жакын туугандары — жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;
жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери — Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ — Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же аны алмаштыруучу документ. Алмаштыруучу документтерге: Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, офицердин (прапорщиктин) инсандыгын ырастоочу күбөлүк, анык аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык күбөлүк; айдоочунун күбөлүгү кирет;
мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы — туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;
шайлоочулар — жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоо документтери — шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (жоюлган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;
шайлоо комиссиялары — Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;
шайлоо мыйзамдары — Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
жарандардын шайлоо укуктары — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;
шайлоону маалыматтык камсыз кылуу — шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;
шайлоо дареги — шайлоочунун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте билдирилген, анын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;
талапкер — ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам;
эл аралык байкоочу — мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам;
байкоочу — талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;
жарандардын пассивдүү шайлоо укугу — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;
туруктуу жашаган жер — жарандын тиешелүү документинде каттоо органдарынын белгиси менен бышыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;
укук коргоо органдары — ички иштер, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, прокуратура органдары, бажы кызматы, ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча органдар;
шайлоо алдындагы үгүт — Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;
талапкердин, саясий партиянын өкүлү — шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу байкоочу;
шайлоочулардын тизмеси — тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси — тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан, добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн калганда түзүлүүчү шайлоочулардын тизмеси, ага негизделген жазуу жүзүндөгү арыздын жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет;
талапкерлердин тизмеси — саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси.

2-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери

1. Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо укуктарына ээ болот.
Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш берет.
3. Аялдарга эркектер менен бирдей Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугун ишке ашыруунун тең мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынат.

3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу

1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары — Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде — мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.
3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
4. Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

4-берене. Тең шайлоо укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында шайлоого тең негиздерде катышат.

5-берене. Тикелей шайлоо укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.

6-берене. Жашыруун добуш берүү

Кыргыз Республикасында шайлоодо добуш берүү, жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт, жашыруун болуп саналат.

7-берене. Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү

1. Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү Конституцияда белгиленет.
2. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана мезгил-мезгили менен Конституцияда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда шайлоо өткөрүлбөйт.

8-берене. Шайлоо жүрүмүндөгү айкындуулук

1. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
3. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына байкоо жүргүзүү үчүн төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын берүү жолу менен шайлоо маалыматтык тутуму пайдаланылат. Шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары — Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан аныкталат.

9-берене. Байкоочу

1. Талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, коммерциялык эмес уюм, мыйзамдарда белгиленген тартипте, шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу байкоочу дайындоого укуктуу.
2. Байкоочу ушул конституциялык Мыйзамда каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине, тиешелүү шайлоо комиссиясына, аны жиберген уюмдан жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, жашаган жери, ал жиберилген шайлоо участкаларынын номурлары, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле анда ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жок экени тууралуу жазуу жазылат. Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.
Төмөнкүлөр байкоочу болууга укуксуз: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү; талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү; судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматчылары, аскер кызматчылары.
4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто — аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;
12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
17) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн сырын бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан фото-көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат.

10-берене. Эл аралык байкоочулар

1. Эл аралык байкоочулар шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда жана шайлоо комиссияларында болууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;
2) басма сөз-жыйындарын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;
4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, ал атынан чыккан уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
5) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
8) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга.
5. Эл аралык байкоочулар өз статусун, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
6. Эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

11-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазуу жүзүндө билдирме келип түшкөндөн кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
2. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;
5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.
4. Жалпыга маалымдоо каражаты шайлоо мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
5. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иштери шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат.

2-глава
Шайлоо комиссиялары жана шайлоо округу

12-берене. Шайлоо комиссиялары

1. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) аймактык шайлоо округдары: Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча райондук шайлоо комиссиялары, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча — шаардык шайлоо комиссиялары;
3) участкалык шайлоо комиссиялары.
3. Шайлоо комиссиялары өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1) мыйзамдуулук;
2) айкындык;
3) ачыктык;
4) көз карандысыздык;
5) коллегиалдуулук;
6) адилеттүүлүк.
4. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын иш тартибин жөнгө салуучу мыйзамда, ушул конституциялык Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

13-берене. Шайлоо округу

1. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

3-глава
Шайлоочулардын тизмелери

14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү

1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
2. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
3. Шайлоолордун аралыгындагы мезгилде шайлоочулардын тизмесин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо Борбордук шайлоо комиссиясынын милдети болуп саналат. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жана жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча аларга катталган жарандарга тиешелүү кандай гана болбосун маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Шайлоочулардын тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен, шайлоочулар тууралуу маалыматтардын негизинде, шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумун пайдалануу менен түзүлөт.
5. Стационардык алдын ала-дарылануу жайларында, шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакка кармоо жайларында убактылуу кармалып турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтар, көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө 12 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясына берилет.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жана консулдук эсепке турган шайлоочулар тууралуу маалыматтар, тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, тышкы иштер маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жана консулдук эсепке турган шайлоочулар тууралуу маалыматтарды берүүнүн таризи, түрү жана тартиби тышкы иштер маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
7. Шайлоочулардын тизмеси эки нускада түзүлөт. Шайлоочулар тууралуу маалыматтар алфавиттик, же башка тартипте (калктуу конуштар, көчөлөр, үйлөр, батирлер боюнча) жайгаштырылат. Ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмелерине кол коюлат жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрү менен бышыкталат жана добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, бирден нускасы тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет.
8. Участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелерине номур коюлушу, көктөлүшү жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелеринин тактыгы, толуктугу жана өз убагында берилгени үчүн жоопкерчиликти аймактык шайлоо комиссиялары тартат.
9. Жаранды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу, жарандарды каттоону (эсепке алууну) жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдан алынган жазуу жүзүндөгү маалыматтардын же шайлоочунун өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызында ушул шайлоо участкасында добуш берүүнүн укук ченемсиздигин ырастаган, Кыргыз Республикасынын жаранын паспортунда (ID-карта) чагылдырылган маалыматтар көрсөтүлөт. Мында шайлоочулардын тизмесинде жаранды тизмеден чыгаруунун күнү жана мындай чыгаруунун себеби көрсөтүлөт. Ушул жазуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга мүмкүн, алар даттанууну ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте кароого милдеттүү.
10. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларынын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү же киргизбөө, шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө маселени чечүүдө шайлоо комиссияларына зарыл жардамдарды көрсөтүүгө милдеттүү.
11. Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан тиешелүү шайлоо участкаларына берилген шайлоочулардын тизмеси, бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан облустар боюнча жалпыланат жана добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, шайлоочулардын жана башка кызыкдар тараптардын таанышуулары үчүн, көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоолор, тизмелердеги катачылыктарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн, шайлоочунун туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери жана туулган жылы жөнүндө маалыматтары жок, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
Расмий сайтта жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан маалыматтардын түшкөнүнө жараша үзгүлтүксүз жаңыланууга жатат.

15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу. Шайлоо дареги

1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калганда, тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илип коюуга милдеттүү.
2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен, шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесине киргизилгени жөнүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.
3. Ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экени тууралуу, андагы кандай гана болбосун каталыктар жана так эместиктер жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Шайлоочунун ушул билдирүүсүнө жооп так эместиктерди оңдоолор шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирилбестен жиберилиши керек.
4. Ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, участкалык шайлоо комиссиясына арыз берүү жолу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү арызга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картанын), ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участкасынын тизмесине киргизүүгө жана бул тууралуу шайлоочуга добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
5. Добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калганда, участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин кабыл алууну токтотот жана алынган маалыматтарды шайлоочуларды тизмеси менен бирге аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
Аймактык шайлоо комиссиясы 7 календардык күндүн ичинде арыздарда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүнү жүзөгө ашырат, шайлоочулардын биротоло бүткөн тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, номур коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык комиссияга өткөрүп берет жана шайлоочуну кабарландырат.
6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

16-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу

1. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумун түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү жободо жөнгө салынат.

4-глава
Талапкердин, саясий партиялардын өкүлдөрү.
Талапкерлердин статусу

17-берене. Талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий
партиянын шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу

1. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоодон өткөндөн кийин, анын инсандыгын ырастоочу документтерди, анын негизги жумуш орду жөнүндө маалыматтарды (ишинин түрүн), туруктуу жашаган жеринин толук дарегин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен, тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары — шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
2. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган учурдан тартып башталат.
3. Кыргыз Республикасынын 21 жашка чыккан, жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жараны шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуктуу.
4. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, аскер кызматчылары жана укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбаган же жоюлбаган адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.
5. Шайлоо комиссиясындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясында өкүл боло албайт.
6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган шайлоо комиссиясындагы өкүл өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.
7. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.

18-берене. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары

1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөзгө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссияларынын түздөн-түз шайлоого байланыштуу материалдары жана документтери менен таанышууга жана бул документтердин жана материалдардын (мыйзамда белгиленген тартипте ошондойлорго киргизилген купуя маалыматты камтыган документтерди жана материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоо комиссияларынын аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте даттанууга;
7) көрсөтүлгөн документке ылайык шайлоочунун инсандыгын жана бюллетендин алынышынын тууралыгын текшерүүгө.
2. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын атынан түшүндүрмө жана көрсөтмө берүүгө, билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча кандай гана убакта болбосун токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.
4. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттердин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулушу мүмкүн.
5. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
6. Катталган талапкер, саясий партия добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанган учурда, шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот акыркы чечим чыгаргандан кийин токтотулат.

19-берене. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн
саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

1. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышууларына байланыштуу маселелер, анын ичинде каржы маселелери боюнча тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан чыгуучу ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого укуктуу.
2. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.
3. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси, ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, паспортунун сериясын жана номурун же аны алмаштыруучу документин, анын берилген күнүн, жашаган жеринин дарегин, негизги жумушунун же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги жумушу же кызматы болбогон учурда — ишинин түрүн), телефон номурун көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө карата кошумча, ошондой эле каржы документтерине кол коюу укугу көрсөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясына берилген тизмеге, ошондой эле саналган ар бир адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоо күбөлүктөрү берилгенден кийин, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалган болуп эсептелет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
6. Талапкердин, саясий партиянын мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеп турган ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.
7. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) Президенттикке талапкерди колдогон шайлоочулардын колун чогултууда кол коюу барактарын күбөлөндүрөт, коюлган колдордун санын эсептейт, кол чогултуунун жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт;
2) тиешелүү шайлоо комиссиясына Президенттикке талапкерди колдогон кол коюу барактарын, ошондой эле талапкерди каттоо үчүн башка документтерди берет;
3) тиешелүү шайлоо комиссиясынан кол коюу барактары жана башка документтер кабыл алынганы жөнүндө кат жүзүндө ырастама (маалымдама) алат;
4) шайлоо алдында үгүт жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
5) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо, шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
6) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча, шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
7) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Талапкер, саясий партия бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган убакта токтотууга укуктуу.
9. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аларды каттаган күндөн тартып башталат жана саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин Президенттин кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

20-берене. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн
саясий партиялардын ишенимдүү адамдары

1. Талапкерлер, саясий партиялар ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же саясий партиянын сунуштамасынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.
3. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ишенимдүү адам боло албайт.
4. Ишенимдүү адамдар аларга талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) талапкердин (талапкерлердин тизмесинин) шайланышына өбөлгө болуучу үгүт жана башка иштерди жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттарга жана дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
4) добуш берүү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүү жыйынтыктарын чыгарууда шайлоо участокторунда болууга;
5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга, даттанууларды жана арыздарды кароого катышууга.
6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын жумушуна кийлигишүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо бюллетендерин алганына ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетендерин толтурууга;
3) эгерде алар ошол жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же кызмат адамдары болуп саналган учурда, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.
7. Талапкерлер, саясий партиялар бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кабарландырып, аларга берилген ырастамаларды жокко чыгаруу менен ишенимдүү адамдарды каалаган убакта чакырып алууга укуктуу. Ишенимдүү адам каалаган убагында Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берүү жана бул тууралуу аны дайындаган талапкерди, саясий партияны кабарландыруу менен, өзүнүн демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын таштоого укуктуу.
8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары аларды дайындаган, каттоодон өткөн талапкер статусүн жоготкондо же саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлер статусун жоготкондо токтотулат.

21-берене. Талапкерлердин статусу

1. Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ болушат жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тең милдеттерди тартышат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызматын ээлеген талапкерлер, өздөрүнүн кызмат орундук жана кызматтык абалдарынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
3. Кызмат орундук же кызматтык абалдардын артыкчылыктарын пайдалануу дегенде, ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкүлөрдү түшүнүү керек:
1) баш ийүүсүндө же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды көрсөтүүгө жана (же) шайланууга өбөлгө түзүүчү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн тартууну;
2) эгерде башка талапкерлер ушул жайларды ушундай эле шарттарда пайдалана албаган учурда, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеп турган жайларды көрсөтүүгө жана (же) шайланууга өбөлгө түзүүчү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууну;
3) мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылуучу телефондук, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн, маалыматтык кызматтарды, уюштуруу техникаларын көрсөтүүгө жана (же) шайланууга өбөлгө түзүүчү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууну;
4) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүгө жана (же) шайланууга өбөлгө түзүүчү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууну;
5) мамлекеттик кызматкерлердин же муниципалдык кызматчылардын кызматтык иш сапарларынын жүрүшүндө кол чогултууларын, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөрүн;
6) кол чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына артыкчылыктуу (башка талапкерлерге салыштырмалуу) жетүүлөрүн.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган чектөөлөрдү сактоо шайланылуучу кызмат адамдарына шайлоочулар алдындагы өз милдеттерин аткарууларына тоскоолдук кылбашы керек.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий, администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеп турган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, каттоого алынган талапкерлер каттоодон өткөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат орундук же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турушат.
6. Катталган талапкер кызмат кылган, иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана башка тиешелүү кызмат адамдары, талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен, кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтото турууга милдеттүү.
7. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
8. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашыруучу Борбордук шайлоо комиссиясы каттап жатканда, талапкерди, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, талапкерде жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар бар экени жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.
9. Шайлоо өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (жумуш берүүчүнүн) демилгеси боюнча жумуштан (кызматтан) бошотулушу же анын макулдугусуз башка жумушка (кызматка) которулушу мүмкүн эмес.
Катталган талапкердин шайлоого катышкан мезгили, ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына кошулат.
10. Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары расмий жарыялаган күнгө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз сот тартибинде салынуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же администрациялык жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес. Кылмыш-жаза ишин козгоо талапкердин шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салуу үчүн негиз болуп саналбайт.
11. Катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда — чыгып калган учурдан тартып, талапкердин статусу менен байланышкан укуктарынан айрылат жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган учурда, талапкерликтери боюнча кайра добуш берүү өткөрүлбөгөн катталган талапкерлер өз статусун, шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып жоготот.
12. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.

5-глава
Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу

22-берене. Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт
жүргүзүү

1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт.
2. Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, ушул конституциялык Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек.
4. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат.
5. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, анын жүргүзүлгөн убагын, сурамжылангандардын санын (иргелген), маалыматты чогултуу усулун, сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү, сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
7. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн тариздери жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.
13. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) көпчүлүк катышкан иш чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;
3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
4) ушул конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
15. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
17. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлер же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында талапкерлер акысыз обо убактысын пайдаланганда, ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде каралган тартипте үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
18. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга келишимдик негизде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын талапкерлерге, саясий-партияларга берүүнүн тартиби жөнүндө нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын берүүгө укуктуу.
Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

23-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

1. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.
2. Кайра добуш берүүнү өткөрүү учурунда, шайлоо алдындагы үгүт иштери кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып башталат жана кайра добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.
3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурунку орундарында сакталат.

24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдындагы үгүт
жүргүзүү

1. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар ушул конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу — саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.
2. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
3. Акысыз бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн үчтөн биринен кем эмеси талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дискуссияларды, «тегерек үстөлдөрдү» жана ушуга окшогон үгүт иш чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлер, саясий партиялар акысыз оболук убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга тең негиздерде кое берилиши керек.
Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша алышат. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу, биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан, катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.
Эгерде талапкерлер, саясий партиянын өкүлдөрү жүйөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калышса, анда биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар менен катарда өздөрүнүн обо убактысын пайдаланууну суранууга укуктуу.
4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары, шайлоонун деңгээлине жараша, талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүсү тийиш. Сактамга калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир талапкер, саясий партия сактамда калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
Мында талапкерлерге, саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
5. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.
6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнү жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
7. Талапкерлерге, саясий партияларга, менчигинин түрүнө карабастан, обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча, шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

25-берене. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо
алдында үгүт жүргүзүү

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана таризде болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.
2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

26-берене. Көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо
алдында үгүттөө

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.
Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын теңдеминде турган орун жай шайлоо комиссияларынын билдирмеси боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакта акысыз пайдаланууга берилет. Мында шайлоо комиссиялары көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүдө талапкерлерге, саясий партияларга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

27-берене. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын
чыгаруу жана таратуу

1. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек.
4. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
6. Жалган жасалма үгүт материалдары же ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
7. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын, ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга чыгымдалуучу сумманын чектеринде пайдаланууга укуктуу.

28-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат
пайдалануулардын жол берилбестиги

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.
2. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.
3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Талапкердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.
4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө — төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
6. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.
7. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
8. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына жалган жасалма укма-көрмө жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүлөрү тийиш.
9. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-27-беренелеринде, ошондой эле ушул беренеде белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

6-глава
Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби

29-берене. Добуш берүү үчүн жай

1. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.
2. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана калемдерди кошпогондо, жазуу буюмдары (шариктүү сыя калемдер) менен жабдылган атайын жасалган кабиналар жана добуш берүү үчүн үкөктөр жайгаштырылат.
Жарык кылуу тутуму аны алмаштыруучу жарык берүү булагына, кол чырактарга жана шамдарга ээ болуусу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү жарык кайра берилгенге чейин (негизги же аны алмаштыруучу булактын эсебинен) токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын жумушуна натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын ишмилдеттерин аткарууларын толук көрүп турууну камсыз кылгыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын, саясий партиялардын аталыштарын камтыбашы керек.
4. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендери берилүүчү орун, добуш берүүчү кабиналар жана үкөктөр бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылышы керек.
5. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жетимдүү болушу керек. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жетимдүүлүгүн камсыз кылуучу ыкмалардын бири болуп саналат.

30-берене. Шайлоо бюллетени

1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал катуу эсептеги документ болуп саналат. Анын таризин жана коргоо даражасын Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбошу керек.
Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда гана көрүнүүчү суу белгилүү же түстүү кагаз), же болбосо атайын боек пайдаланылат. Шайлоо бюллетендери 100 даанадан ашпаган санда көктөлүүгө тийиш, мында ар бир шайлоо бюллетенине шайлоо комиссиясында калуучу номуру коюлган дүмүрчөгү жана шайлоочуга берилүүчү айырма бөлүгү болушу керек.
2. Шайлоо бюллетенинин таризи жана тексти добуш берүү күнүнө 20 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылышы керек.
3. Президенттик шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын чүчү кулакта аныкталгандай кезекте камтылат.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчү кулакта аныкталгандай кезекте көрсөтүлөт.
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош чарчы жайгаштырылат. Талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесинин аягында, анын оң жагына бош чарчыны жайгаштыруу менен «Баарына каршы» деген сап жайгаштырылат.
6. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана расмий тилдерде, добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен басып чыгарылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу жана нускасы тууралуу маалыматты камтышы керек.
7. Басмакана жараксыздарын иргеп салгандан кийин шайлоо бюллетендерин акт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери өткөрүлүп берилгенден кийин, Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3төн кем эмес мүчөлөрүнүн катышуусунда, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, иргелген жараксыздары жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышып тургандардын баары кол коюшат.
8. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин акт боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин катышуусунда өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.
Аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин акты боюнча, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин катышуусунда өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.
9. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калганда, ал эми кайра добуш берүү болгон учурда, добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашышы мүмкүн эмес.
10. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендериндеги тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шариктүү сыя калем менен гана, түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын оң жагына жайгаштырылган бош чарчыны да камтышы керек.
11. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталган атайын сейфи (шкаф) турган жай мөөр басылып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында сейф (шкаф) добуш берүү күнү добуш берүү жүзөгө ашырылуучу шайлоо участогунун орун жайынын ичинде болушу керек.
12. Басмакананын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.

31-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 19га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө — добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
— ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) жоктугун текшерүүнү жүзөгө ашыруучу;
— шайлоочулардын тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;
— шайлоочуларды көрүнүп туруучу атайын курам менен белгилөөчү (маркировкалоочу) жана шайлоо бюллетендерин берүүчү;
— шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрдө добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын тизмесин алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, катышып турган адамдарга аны көрүп таанышууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат.
Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.
2. Добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде чүчү кулакта аныкталган шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировка жогун текшерет. Маркировка жөнүндө белгиси жок шайлоочу добуш берүүгө кое берилет, ал эми белгилөө болгон шайлоочу добуш берүүгө кое берилбейт.
3. Шайлоо бюллетендерин берүүдө чүчү кулакта аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуларды каттоону жүзөгө ашырат: шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын маалымдаректерин тизмеге киргизет, анда шайлоочулар шайлоо бюллетенин алганы үчүн кол коет, чүчү кулакта аныкталган шайлоо комиссиясынын башка мүчөсү шайлоочунун сол колунун бармагын атайын курам менен маркировкалайт жана шайлоо бюллетенин берет.
4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
5. Шайлоо бюллетендери паспортун же шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.
6. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда, шайлоочулардын тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру жазылып коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет.
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.
8. Шайлоочу шайлоо бюллетенине белгини өзү тандаган талапкердин, саясий партиянын пайдасына тиешелүү чарчыга же «Баарына каршы» позициясына коет.
9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.
10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
11. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбалаланган) үкөктөргө салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.
12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.
13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, шайлоо участкасына шайлоо күнү келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болбой турганы аныкталган жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, тиешелүү документтерди (иш сапарынын күбөлүгүнүн, авиа билеттин, темир жол билетин, паспорттогу визанын көчүрмөсүн) көрсөткөндө, добуш берүү күнүнө 9-1 күн калганда, тиешелүү шайлоо комиссиясынын орун жайында шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Мында шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылууга, шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн бузулуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого, шайлоо бюллетенинин сакталышын, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөдө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоодо шайлоочунун добушунун эсепке алынышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коет жана шайлоо комиссиясынын 2ден кем эмес мүчөсүнүн катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетень жана таза конверт алат.
3. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жайда толтурулат.
4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюллетени конвертке салынат жана чапталат. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда конверттин чапталган жерине шайлоо комиссиясынын 2 мүчөсүнүн колу коюлат, ал шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун колу менен күбөлөндүрүлөт.
5. Шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси, тиешелүү шайлоо комиссиясынын шайлоо документтерин сакталуучу сейфке (шкафка) алынып коюлат.
6. Добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусунда, добуш берүү башталаардын алдында, мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, көрүп таанышуу үчүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын катчысынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттерди жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан кийин ал ар бир конвертти кезеги менен ачат жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун сактоо менен, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөккө салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны, добуш берүү башталаардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет, ал эми шайлоочулардын тизмесиндеги мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун фамилиясынын тушуна «Мөөнөтүнөн мурда добуш берди» деген белги коюлат.

33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоого алууда, ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн колу коюлат.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.
5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6. Шайлоо участкасынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенде оозеки кайрылуу жазуу жүзүндөгү арыз менен бышыкталат. Жазуу жүзүндөгү арызда шайлоочу өзүнүн паспортунун же инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун көрсөтөт, жана шайлоо бюллетенин алганын өзүнүн койгон колу менен ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировкалоонун жоктугун текшерет жана ал жок болгондо сол колунун бармагын маркировкалайт жана ага шайлоо бюллетенин берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арыз койгон өз колдору менен шайлоо бюллетенин берүү фактысын ырасташат.
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.
8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде «Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди» деген белги коюлат.
9. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен кошумча мөөрлөнөт (пломбаланат) жана кошумча мөөрлөнүүчү (пломбалануучу) шайлоо документтери сакталуучу сейфке (шкафка) алып коюлат.
10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

7-глава
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана
шайлоонун натыйжаларын аныктоо

34-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол

1. Участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участкаларындагы, аймактарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол таризи жана корголуу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу, катуу эсептеги документ болуп саналат.
3. Участкалык, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду толтурууларынын таризи жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

35-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү
жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби

1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүчү жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин ала алышарын жана добуш бере ала турганы жөнүндө жарыялайт.
2. Шайлоочулардын добуштарын саноо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана, анын жыйналышында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган таризинде (шайлоо комиссиясы белгилеген орунга илинген) шайлоо бюллетендерин, шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүн жана шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча аткарылуучу иш аракеттердин бардык натыйжалары тууралуу ырааттуу жарыялоо жана тиешелүү түрдө жол-жоболоо менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.
Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жүрүмүндө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, кино-, көрмө тартылуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктаары менен, шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлгөн жер ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жана шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында саноого катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек.
Ар түрдүү деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда, биринчи кезекте Президентти, андан кийин — Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча добуштарды саноо жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, добуштарды саноо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жазуучу буюмдарды пайдаланууга тыюу салынат.
4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу мүчөлөрү пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чарчыларды бузууга жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Ушундай эле жол менен участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде пайдаланылбай калган шайлоо бюллетендери керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, анан участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке «Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери» деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номуру көрсөтүлөт.
Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар кайтарып берген шайлоо бюллетендеринин саны, бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоого жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт.
Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат.
Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат.
6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталганын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан адамдардын колдору менен көзөмөлдөө барагын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны, алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экени белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана «Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери» деген жазуу жазылат.
7. Добуштарды саноо учурунда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) таризи Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери деп таанылат.
8. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо башталганы жөнүндө жарыялайт, добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктүн мөөрү (пломбасы) бузулбаганын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган үкөктү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан башка адамдардын колдору бар көзөмөлдөө барагын алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барагын көрсөтөт.
9. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин ар бири үчүн, «Баарына каршы» берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.
10. Иргелген шайлоо бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү астында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар таанышууга укуктуу.
11. Андан кийин белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси жана «Баарына каршы» берилген добуштар боюнча өз-өзүнчө саноо жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар уккандай же шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көргөндөй жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Ар бир талапкер, ар бир талапкердин тизмеси жана «Баарына каршы» берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгиси (добушу) боюнча аныкталуучу, алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
12. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белги бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкан факты орун алган болсо) жараксыз болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет.
Шайлоо бюллетенин жараксыз деп таанууда шектенүүлөр болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу белги участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
13. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат, ал шайлоочулардын эркин аныктоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра саноо талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тарабынан көрүп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү берилүү менен шайлоо бюллетендери кайра саналат. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.
15. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.
16. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурундагы тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери менен участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда, протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номуру, шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номуру жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулат, күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) коюлуу менен, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, протокол жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары катышып олтурган бардык участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирге шайлоо документтери участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.
20. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартуучу участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.
21. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн, участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
22. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

36-берене. Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн
жыйынтыктарын чыгаруунун тартиби

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары, ушул мыйзамдын 35-беренесинин 19-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирге, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин, токтоосуз акт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
2. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну жүзөгө ашырат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт.
Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда аймактык протоколдун мазмуну менен макул эмес шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет.
3. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюулат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин аймактык комиссиясынын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.
6. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбестиктер табылган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра саноону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышып турууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага «Добуштарды кайра саноо» деген белги коюлат. Протокол токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
8. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

37-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:
1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;
2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;
3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген тариздеги шайлоо бюллетенин алганы жөнүндө шайлоочулардын койгон колдорунун саны жана добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынып чыккан белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
5. Шайлоо участкасында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бир бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) соттун чечими боюнча.

38-берене. Кайра шайлоо

1. Эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо, ушул конституциялык Мыйзамда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоонун жыйынтыктарын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо шайлоого катышкан жана кайра шайлоого катышууну каалоолорун билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында өткөрүлөт.

39-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун
натыйжаларын жарыялоо

1. Аймагында шайлоо комиссиясынын иш аракети жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоо округу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө, алардын талабы боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн берилет.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп эсептелет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжасы чыгарылгандан кийин бир күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкерлердин, талапкерлердин тизмелеринин ар бири алган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтарды; алардын негизинде аныкталган түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуп алганда, бардык талапкерлерге, талапкердин бардык тизмелерине каршы берилген добуштардын натыйжаларын расмий жарыялоо, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

8-глава
Шайлоону каржылоо

40-берене. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык камсыз кылуу

1. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
2. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, шайлоону техникалык даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууну кошпогондо, чет мамлекеттердин, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар болуп саналган юридикалык жактардын шайлоону каржылоосуна тыюу салынат.

41-берене. Шайлоо фонддору

1. Жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 54, 62-беренелеринде каралган тартипте, саясий партиянын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар аларды кайрымдуулук иретинде берүүнү жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.
Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар катталгандан кийин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн ачылган өздөрүнүн шайлоо фонддорунун эсептерин жүргүзүүнү улантат.
Талапкерлердин тизмесинин курамында талапкерлигин койгондор өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.
2. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
— талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;
— ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:
— чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;
— жарандыгы жок адамдардын;
— мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
— мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
— уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
— аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
— укук коргоо органдарынын, соттордун;
— кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
— диний уюмдардын;
— атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын.
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбейт. Көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер, саясий партия жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
4. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн саналат. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
Талапкердин бардык чыгымдарынын жалпы чектик суммасы кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.
5. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт.
6. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
9. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
1) уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды каржылоого;
2) шайлоо алдындагы үгүткө;
3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу иштерди (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;
4) шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу жайларды, жабдууларды ижарага алууга, транспорттук чыгымдарга, иш сапарынын чыгымдарына, байланыш кызматына, кеңсе товарларын сатып алууга жана башка чыгымдарга.
10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын бөлүмдөрүнө, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат.
11. Талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
12. Банк же башка мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча — күн сайын 24 сааттын ичинде талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылуусу тийиш.
13. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия талапкерлердин тизмесин чакырып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган (алынып салынган) учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүсү тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланыштуу чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
14. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен төлөөлөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнүнөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес.
Бардык каржылык аткарымдар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүүлөр шайлоо күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат. Талапкерлердин, саясий партиялардын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткарганы үчүн эсептешүүлөр которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
15. Кайра добуш берүү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкерлердин атайын эсептери боюнча каржылык аткарымдар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат.
16. Шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга шайлоодон кийин, Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту бергенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен кайтарылып берилет.
17. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.
18. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулук менен берилген жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордун чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

42-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын,
талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун
каражаттарынын чыгымдалышын көзөмөлдөө

1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин көзөмөлдөө шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын көзөмөлдөө, талапкерлердин, саясий партиялардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 кишиден кем эмес көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруунун жана иштөө тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, көзөмөлдөө-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, каржылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына жиберүүгө милдеттүү.
4. Тартылган адистер көзөмөлдөө-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги жумуштарынан бошотулат, аларга жумуш орду (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөр сакталат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн.
5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштурууну, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) талапкерлердин, саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын каржылык отчетторун текшерет;
2) талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды суратат жана алат;
3) талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү каржылоого, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө түздөн-түз байланышкан башка иш чараларды жүзөгө ашырууларынын белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт;
4) көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына кирген бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга кайрылат, шайлоону каржылык камсыз кылууга байланыштуу зарыл маалыматтарды жана материалдарды суратып алат. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураткан материалдар — 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө 5 жана андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү — токтоосуз берилет;
5) шайлоону каржылоодогу каржылык эреже бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;
6) талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоодо алар тарабынан кетирилген эреже бузуулар үчүн талапкерлерге, саясий партияларга, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга карата жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө маселени тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына коет;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баалоолорду даярдоого эксперттерди тартат.

9-глава
Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери

43-берене. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын
шайлоонун эркиндигин камсыз кылуу боюнча иштери

1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.
2. Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнүн алдындагы күн жумушчу күн болуп саналат.
3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Мында ички иштер органдары жарандардын коомдук тартиптин бузулганына байланыштуу арыздарын (даттанууларын), ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралуучу иш аракеттерди кароо боюнча иштерди жүргүзөт.
Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган иш аракеттерди жалпы көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болушу жана алар негизделген далилдер менен бирге берилиши керек.
5. Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Прокуратура органдары, ички иштер органдары арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.
6. Арыздары (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.

44-берене. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган
шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же)
аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу

1. Шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Шайлоо комиссияларынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары арыз (даттануу) менен кайрылышы мүмкүн.
Шайлоо комиссиясынын атынан арыз (даттануу) комиссиянын жыйналышында кабыл алынган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет жана арызга (даттанууга) тиркелет, комиссиясынын төрагасы тарабынан кол коюлат жана шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөнөт.
3. Арыздарды (даттанууларды) ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маселе каралган башка учурларда, кызыкдар жактар же алардын өкүлдөрү кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына же биринчи инстанциядагы сотко даттанылат.
5. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына же биринчи инстанциядагы сотко даттанылат.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) биринчи баскычтагы сотко, биринчи баскычтагы соттун чечими — Жогорку сотко даттанылат. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.
7. Арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү — токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын колу коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.
9. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
10. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же аны жокко чыгарат жана арыздын (даттануунун) маңызы боюнча чечим кабыл алат.
11. Сот арыздардын (даттануулардын) негиздүүлүгүн белгилейт жана талашылган чечимдерди, аракеттерди (аракетсиздиктерди) мыйзамсыз деп тааныйт жана тиешелүү шайлоо комиссиянын чечимин жокко чыгарат, же болбосо эгерде талашылган чечимдер, аракеттер (аракетсиздиктер) мыйзамдуу болуп саналары аныкталса, арыздарды (даттанууларды) канааттандыруудан баш тартылат.
12. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

45-берене. Шайлоо комиссиялардын добуш берүү жыйынтыктарын
белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу
чечимдерине даттануу

1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине аймактык шайлоо комиссияларына даттанылат; аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат; Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине биринчи инстанциядагы сотко даттанылат; биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине Жогорку сотко даттанылат.
3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилет.
4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган орган тарабынан кол коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.
5. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
6. Сот ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы мүмкүн.
7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучулары үчүн аткарылууга милдеттүү.
Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлүү чечим токтоосуз арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөлгө алуу даттануусунун берилиши, Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи инстанциядагы соттун чечимин аткаруусун токтото турат.
8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу көзөмөлгө алуу тартибинде Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып, 5 календардык күндүн ичинде каралат.
Көзөмөлгө алуу даттануусу Жогорку сотко алып келинет, ал милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакырат.
Соттун чечимине көзөмөлгө алуу даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу алып келинет. Даттанууну түздөн-түз көзөмөлгө алуу инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Көзөмөлгө алуу инстанциясынын сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
10. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко
чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө
чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.
2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;
2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;
3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;
4) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;
5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;
6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;
7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.
3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;
2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;
4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;
5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;
6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.
4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.
Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

47-берене. Шайлоо укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү адамдар жазык, администрациялык же башка жоопкерчиликтерди тартат:
1) күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо же башка ыкма менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо жана шайлануу укугун жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылган, же болбосо добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузган; же жарандардын шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун бузган; же жарандарды талапкерди колдоп кол коюуга мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле кол коюу маалыматтарын оңдоого катышкан, же шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашыргандар;
2) шайлануу максатында өзүнүн кызмат орундук же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалангандар же каттоого алынган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөндөр жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөр алдында тактабагандар; же шайлоону каржылоо эрежелерин бузгандар, анын ичинде, шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну кармагандар; же жарандарга башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн шайлоо бюллетендерин бергендер; же шайлоо документтерин жасалма жасоону жүзөгө ашыргандар, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана бергендер; же билип туруп добуштарды туура эмес саноону же билип туруп добуш берүүнүн жыйынтыктарын туура эмес белгилөөнү, шайлоонун натыйжаларын туура эмес аныктоону жүзөгө ашыргандар; өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан, добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары тууралуу маалыматтарды бербегендер же жарыялабагандар;
3) талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таркаткандар, же талапкерлердин, алардын жакын туугандарынын жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка аракеттерди жасагандар, же болбосо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз убагында алуу укуктарын бузгандар; же байкоочуларды, эл аралык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесин, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каттоодон негизсиз баш тарткандар; шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандар; же шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандар, анын ичинде добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөндөр; алардын өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын жумушуна тоскоолдук кылгандар же мыйзамсыз кийлигишкендер; добуш берүүчү жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккандар; же шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө каржылык отчетторун бербегендер же жарыялабагандар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган өргүүнү берүүдөн баш тарткан жумуш берүүчүлөр.

10-глава
Президентти шайлоо

48-берене. Президентти шайлоону дайындоо

1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
2. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган учурларда, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
3. Эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

49-берене. Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартиби

1. Президенттин кызматына талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
2. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.
3. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга, ошондой эле шайлоо дайындалганы жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата юстиция органдарында белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.
Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө иш милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактарында тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу, талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын (арыздарды) тиркөө менен, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына басылган түрдө берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга аларды алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин токтоосуз берилет.
5. Президенттин кызматына талапкерликти өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызматына талапкер болууга ниеттенгени жөнүндө арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

50-берене. Президенттин кызматына талапкерге карата коюлуучу
талаптар

1. Кыргыз Республикасынын Президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.
3. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
4. Президенттин кызматына талапкердин Конституция тарабынан ага карата коюлуучу талаптарга ылайыктуулугу, жаран өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызын берген же талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими берилген учурдан тартып, 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет. Мында Президенттин кызматына талапкердин Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаганынын фактысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет, ал эми талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөөнүн тартибин ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.

51-берене. Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди
билүүсүн белгилөө

1. Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамы 12 адамдан турган тил боюнча комиссияны сунуш кылат, ал 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
2. Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып талапкерлерди каттоо аяктаган күнгө чейин белгиленет.
3. Мамлекеттик тилди билүүсү мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн баяндай билүүсү менен аныкталат.
Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү үчүн талапкер:
1) өзүнүн шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазуу жүзүндө баяндай билүүсү;
2) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндоо менен 15 мүнөттөн ашык эмес оозеки сүйлөй берүүсү;
3) көлөмү 3 беттен ашпаган басма текстти окуй берүүсү керек.
4. Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө төмөнкүдөй шкала боюнча ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чыгарып корутунду берет:
1) билет;
2) билбейт.
5. Тил боюнча комиссиянын чечими анын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын жыйналышында катышып отурган мүчөлөрүнүн эч кимиси добуш берүүдө калыс калууга укугу жок. Тил боюнча комиссиянын чечимдерин кабыл алууда «макул» же «каршы» добуштар бирдей болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
6. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүүгө катышпаганы;
2) мамлекеттик тилде окуй, жаза жана өз оюн баяндай билбегени.
7. Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү бардык талапкерлер үчүн бирдей шартты сактоо менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүлөрүн аныктоо жолжобосун түз ободон көрсөтүүгө милдеттүү.

52-берене. Президенттин кызматына талапкерди колдогон колдорду
чогултуу

1. Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек.
2. Кол чогултуу Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат.
3. Кол жигердүү шайлоо укугуна ээ шайлоочулардын арасында гана чогултулат. Шайлоочулардын колун чогултуу жумуш, кызмат орду, окуган, жашаган жерлери, шайлоо алдындагы иш чараларда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда үгүттөөгө жана кол чогултууга тыюу салынбаган жерлерде жүргүзүлөт.
4. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен ишке жөндөмдүү жаранына таандык.
5. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
6. Колдорду чогултуунун тартиби жана кол коюу барагынын таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан, шайлоо күнүнө 50 күн калгандан кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал 10 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматчыларын тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Колдор коюлган барактарды кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөйт жана кол коюу барактарын кабыл алганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.
8. Бардык берилген колдор же текшерүү үчүн кокус тандап алынган (чүчү кулак) колдордун бир бөлүгү текшерүүгө жатышы мүмкүн.
Текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду берген бардык талапкерлер кабарландырылышы керек. Текшерүү үчүн тандап алууну кошуп алганда, колдорду текшерүүнү жүргүзүүдө колдордун белгиленген санын берген бардык талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.
9. Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп таанылат.

53-берене. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
3) паспорттун көчүрмөсүн;
4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.
Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайыксыздыктарды тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайыксыздыктар жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде анын тиешелүү саясий партия тарабынан көрсөтүлгөнүн фактысы белгиленет.
4. Президенттин кызматына талапкер каттоого чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин, жеке каражаттарынан же өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.
5. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.
6. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
7. Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
2) берилген талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;
5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.
Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.
8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

54-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фонду

1. Президенттин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;
3) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 50 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;
4) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
3. Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.

55-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана Президентти
шайлоонун натыйжаларын аныктоо

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өз жыйналыштарында өз аймактарындагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана документтерди токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктарына ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылган учурда, шайлоонун натыйжаларын аныктоо алар сот тарабынан биротоло каралганга чейин токтотулуп турат.
3. Добуш берүүнүн биринчи турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Президенттин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

56-берене. Кайра добуш берүү

1. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.
2. Кайра добуш берүү ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо менен, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттөн эрте эмес өткөрүлөт. Кайра добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
3. Эгерде кайра добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин кызматына талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайра добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин, шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер кайра добуш берүү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп таанылат. Эгерде башка талапкерлер калбаган учурда, шайлоо бир талапкер боюнча өткөрүлөт.
4. Кайра добуш берүүдө шайлоочулардын добушунун кыйла көбүрөөк санын алган талапкер шайланды деп эсептелет.

57-берене. Кайра шайлоо

Шайлоо жараксыз деп таанылган учурда, ошондой эле эгерде шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилип жана алардын бири да шайланбай калса, же кайра добуш берүүдө бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде Президентти кайра шайлоону дайындайт.
Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

58-берене. Президенттин кызматына киришүүсү

1. Шайланган Президент ушул конституциялык Мыйзамга ылайык 30 календардык күндүн ичинде, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине ант берет.
2. Президентти шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган Президентти каттайт жана Президенттин кызмат ордуна киришип жатканда, ага Президент болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмалоо белгилерин — Президенттин төш белгисин жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырат.

11-глава
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо

59-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 21 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары бирдиктүү шайлоо округу боюнча катыштык тутум боюнча 5 жылга шайланат.
3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат жана мурдагы чакырылышта шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктоочу айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт.
4. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда — ал чечим кабыл алынган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.
Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тарып 45 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялануусу тийиш.
6. Эгерде Президент ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаган учурда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин
көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 120 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.
Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:
— бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
— 35 жаштан ашпаган адамдардын 15 пайыздан кем болбоосун;
— ар кандай улуттарга таандык жарандардын 15 пайыздан кем болбоосун;
— кеминде 2 талапкердин — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.
Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.
5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин
каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;
2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;
3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.
Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.
Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.
5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.
6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.
7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;
2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;
3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;
5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;
6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.
Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.
8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.
9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.
12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

62-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын
шайлоо фонду

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
3. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.

63-берене. Кайра шайлоо

1. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныган учурда, эгерде бардык саясий партиялар ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 2 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылып салынса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону дайындайт.
2. Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт. Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

64-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, шайлоо округу боюнча ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын саноону жүргүзөт.
2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн төмөнкү саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси чыгарып салынат:
1) жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 пайыздан азын алган;
2) ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 пайыздан азын алган.
Талапкерлеринин тизмеси үчүн жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 жана андан көп пайызы; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,7 жана андан көп пайызы добуш берген саясий партиялар, саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган усул боюнча аныкталуучу депутаттык мандаттарды алышат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын санайт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы 120га — бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы (бир мандатты алуу үчүн квота) болуп саналат.
Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи шайлоо натыйжасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк талапкерлердин тиешелүү тизмеси алуучу депутаттык мандаттардын саны болот.
Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тең болгондо артыкчылык шайлоочулардын көп добушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо артыкчылык мурунураак катталган талапкерлердин тизмесине берилет.
4. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясында каттоо учурунда белгиленген, ушул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
5. Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын 65тен көп эмеси берилиши мүмкүн.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул беренеде белгиленген шарттарга ылайык шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:
1) депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партиялардын аталыштары;
2) талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.
7. Эгерде бардык саясий партиялар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарып салынса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныйт. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча кайра шайлоо дайындайт.
8. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош
мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.
Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.
3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.
4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда кетип калышы дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) анын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши же фракциядан чыгышы;
2) аны соттун аракетке жөндөмсүз деп табышы;
3) депутаттын каза болушу;
4) аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;
6) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсү же андай ишти таштабоосу;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетиши;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготушу же башка жарандыкка өтүшү;
9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбошу;
10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы.
5. Эгерде саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбаган учурда, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

12-глава
Корутунду жоболор

66-берене. Өткөөл жоболор

1. Ушул конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору 2011-жылкы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.
Кыргыз Республикасынын жаңы Президентин шайлоо «Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен дайындалат.

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы N 916-V «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылкы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмелерин түзүү жүрүмүнө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын тартууга укуктуу.

67-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2011-жылдын 5-июлундагы N 54 жарыяланды

2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 9, 436-ст.);
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 10, 775-ст.);
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 10, 777-ст.);
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 1, 3-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 1, 20-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 735-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 9, 871-ст.).

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева

2011-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган