Бишкек шаары
2006-жылдын 31-июлу N 135

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө

I глава. Жалпы жоболор
II глава. Терроризмди каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоону (адалдоону) алдын алуу
III глава. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттер боюнча иштерди уюштуруу
IV глава. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттер чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
V глава. Корутунду жоболор

I глава. Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты, милдети жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүүнүн укуктук механизмин түзүү аркылуу жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн кыянат кол салуудан коргоого багытталган.
2. Ушул Мыйзамдын негизги милдети терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу иш аракеттерге бөгөт коюу, аны аныктап табуу, иликтөө, ошондой эле ушул Мыйзам талабына ылайык шектүү бүтүмдөргө жана операцияларга жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу бүтүмдөргө жана операцияларга тиешелүү маалыматтарды алууга, талдоо жүргүзүүгө жана аларды таркатууга ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү боюнча ченемдерди белгилөөчү укуктук негиздерди түптөө болуп саналат. Көрсөтүлгөн орган маалыматтарды берген жактардан ушул Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык терроризмди каржылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерге багытталган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу.
3. Ушул Мыйзам терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу жосундарга жол бербөө, бетин ачуу жана ага бөгөт коюу максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкө жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын, акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөрдү жана операцияларды жүзөгө ашырышкан уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөрдүн жана операциялардын жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын мамилелерин жөнгө салат.
4. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, эларалык келишимдин эрежелери колдонулат.

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана
түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
кылмыш жолу менен алынган кирешелер — Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинде каралган кылмыштарды жасоонун натыйжасында алынган акча каражаттары жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр;
кирешелерди легализациялоо (адалдоо) — атайлап кылмыш жасоо менен алынган акча каражаттарына же башка мүлктөргө ээлик кылууну, пайдаланууну же тескөөнү укук ченемдүү түргө келтирүү;
башка мүлктөр — буюмдар жана заттар, ошондой эле материалдык баалуулук болгон мүлктүк укуктар (баалуу кагаздарды, кымбат асыл таштарды жана кымбат баалуу металлдарды, антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлктөрдү кошуп алгандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр);
шектүү бүтүмдөр жана операциялар — ушул Мыйзамга ылайык шектүү бүтүмдөрдүн жана операциялардын белгилерин камтыган шектүү бүтүм жана операциялар, башкача айтканда мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ошол жеке же юридикалык жактын (жактардын) иши үчүн мүнөздүү болбогон, ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максаты жок акча каражаттары же башка мүлктөр менен жасалган бүтүмдөр жана операциялар;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган — ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды топтоону жана талдоону жана терроризимди каржылоого жана кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган тиешелүү иш чараларды жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү жана аныкталуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы;
терроризмди каржылоо — эгер мындай аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, же иштеп турган мамлекеттик бийликти бүлгүнгө учуратуу же беделин түшүрүү максаттарында калктын үшүн алуу, болбосо мамлекеттик органдарды, эларалык, коммерциялык, коомдук жана башка уюмдарды террористтердин же террористтик уюмдардын кызыкчылыгында мына ушундай же ушундай эле башка аракеттерди жүзөгө ашырууга мажбурлоо же аны жүзөгө ашыруудан баш тартканы үчүн коркутуу, ошондой эле ушундай аракеттерди ушул эле максаттарда колдоном деп коркутуу максаттарында ишке ашырылса, адамдардын өлүмүнө алып келүү коркунучун түзгөн же ага алып келүүчү, олуттуу зыянга дуушар кылуучу, болбосо башка коомдук коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө түзгөн жардырууларга, өрттөөлөргө же башка кооптуу жагдайлардын келип чыгышына багытталган кандай гана болбосун аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды берүү, болбосо чогултуу, же ушул максаттарда пайдалануу үчүн же алар толук же айрым түрүндө пайдаланыларын сезип туруп, каражаттарды берүүгө же чогултууга аракеттенүү;
маалымат берген жактар — төмөндө келтирилген ар кандай юридикалык жактар жана/же жеке адамдар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктар (филиалдарын кошо алганда), финансы-кредиттик жана башка мекемелер, анын ичинде алмашуу бюролору жана күрөөканалар; баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары; товардык биржалар; камсыздандыруу уюмдары; казино жана башка ойноо автоматтары, рулеткалары, оюн өткөрүү үчүн керектүү каражаттары бар оюн-зоок жайлары, букмекердик кеңселер, ошондой эле лотереяларды, тотализаторлорду, тутумдук (электрондук) оюндарды уюштуруучулар жана өткөрүүчүлөр; кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоону жүзөгө ашыруучу уюмдар; мамлекеттик автомобиль инспекциясы органдары; акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почта, телеграф байланыш уюмдары жана эсептешүүлөрдү жана/же төлөмдөрдү өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу башка уюмдар; өз кардарлары үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларга катышкан учурда, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүүчү агенттер (риэлторлор); кардар менен накталай ар кандай операцияларды жүзөгө ашырган учурда баалуу металлдарды сатуучулар жана асыл таштар менен соода кылуучулар;
милдеттүү көзөмөл — ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынган, ага ушул операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде ишке ашырылган акча каражаттары же башка мүлктөр менен операцияларды көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол маалыматтарды текшерүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйындысы;
ички көзөмөл — акча каражаттары же башка мүлктөр менен операцияларды, милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларды жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу акча каражаттары же башка мүлктөр менен кандайдыр бир башка бүтүмдөр жана операциялар жөнүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын берген маалыматы боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдун иши;
банк-кабык — өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн банк.
ФАТФ — акчаларды адалдоо менен күрөшүүчү каржылык чаралар боюнча максаттуу топ.

II глава
Терроризмди каржылоону жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону)
алдын алуу

3-статья. Терроризимди каржылоого жана кылмыштуу жол менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттерге багытталган чаралар

1. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин жашыруун банк эсептерин (аманаттарын), көрсөтүүчүнүн эсептерин (аманаттарын) ачууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык контрагенттерди жана/же кардарларды аныктамайынча эч кандай операцияларды жүзөгө ашырууга укуктары жок.
Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер, эгер тиешелүү адам тарабынан банктык эсепти (аманатты) ачуу боюнча талаптарды аткаруу, ал боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарды аныктоо боюнча зарыл документтер берилбесе, эгер ачыктан ачык такталбаган документтер берилсе, эгер ошол адамга карата террористтик ишке катыштыгы бар экендиги жөнүндө ушул мыйзамга ылайык алынган маалыматтар бар болсо, юридикалык жакка жана жеке адамга банктык эсепти (аманатты) ачуудан же эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартуусу тийиш. Ушул абзацта көрсөтүлгөн учурларда банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимди бузууга укуктуу.
Маалыматтарды берүүчү жактар төмөнкү жолжоболорду аткарууга милдеттүү:
— кардардын ким экенин аныктоого, башкача айтканда жеке адамдын ким экенин аныктоого мүмкүндүк берүүчү бир катар иш чараларды жүргүзүүгө (фамилиясын, атын, атасынын атын, катталган жана жашаган жерин, төрөлгөн жылын, паспорттук маалыматтарын, эсептеги каражаттарды тескөө боюнча ыйгарым укугун жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды);
— кардардын аты-жөнүн же аталышын, кардардын ишинин уюштуруу-укуктук формасы жөнүндөгү маалыматтарды, дарегин, кызмат адамдарын жана кардардын ишин жөнгө салуучу уставдык документтерге кирген башка маалыматтарды кошо алганда, юридикалык жактын-кардардын укуктук статусун ырастоого;
— эсепте турган акча каражаттарын тескөөгө укуктуу адамдардын ыйгарым укуктарын жана ошол адамдын ким экенин ырастоого;
— ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка жолжоболорду аткарууга.
2. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер оффшордук аймакта катталган банктар, алардын өз алдынча юридикалык жок болуп эсептелбеген аффилирленген жактары, туунду банктары жана өзгөчөлөнгөн бөлүкчөлөрү, ошондой эле жеңилдетилген салык режимдери орун алган жана (же) банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуштамаларына жана талаптарына ылайык банктык көзөмөл органдарына маалыматтарды ачык көрсөтүү жана (же) берүү каралбаган мамлекеттерде же аймактарда катталгандар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укуктары жок.
Ушул чектөөлөр башкы мекемеси оффшордук аймактардан тышкары жайгашкан (катталган) оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө таркатылбайт.
Банк-кабыктарды түзүүгө тыюу салынат.
Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер банк-кабыктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банк-кабыктарга өз эсептеринен пайдаланууга мүмкүндүк беришкен четөлкөлүк финансы мекемелери респонденттер менен бүтүмдөрдү жана операцияларды жүзөгө ашырууга каршы сактык чараларын көрүүлөрү тийиш.
3. Өзүн каттаган мамлекеттин мыйзам актыларына ылайык оффшордук аймакта катталган компаниянын (коомдун) статусуна ээ болгон юридикалык жак Кыргыз Республикасынын банк-резидентинин уюштуруучусу же акционери боло албайт.
Банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди лицензиялоону жана иштерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы субъекттердин, мамлекеттердин жана оффшордук аймактардын тизмесин аныктайт жана алар менен бүтүмдөрдү жана операцияларды жүргүзүүнүн шарттарын жана чектөөлөрүн белгилейт.
4. Маалымат берүүчү жактар төмөнкүлөрдү аткаруулары тийиш:
— терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттердин ички көзөмөл эрежелерин иштеп чыгууга;
— кардардын ким экенин аныктоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды, ошондой эле акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жана операциялар тууралу маалыматтарды эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоосу. Мындай жазууларда карап чыгууга жана териштирүү үчүн тиешелүү далилдерди көрсөтүү максатында айрым бүтүмдөрдү жана операцияларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жетиштүү маалыматтар болуусу тийиш;
— ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү жөнүндө кабарларды ачыкка чыгарбоого. Ушундай маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген фактылары жөнүндө үчүнчү жактарга билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөнтүз каралган учурларда гана мүмкүн. Акча каражаттары же башка мүлктөр менен операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматкерлери ал уюмдардын кардарларына жана башка жактарга маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгендиги жөнүндө билдирүүгө укугу жок.
5. Банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер алардын террордук иштерге (терроризмди каржылоого) катышканы тууралу маалыматтар бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын операцияларын, кардардын аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү буйругу аткарылуусу керек болгондон күндөн тартып үч жумушчу күнүнө токтотот жана операциялар токтотулган күндөн кечиктирбестен ал тууралу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.
Ыйгарым укуктуу органдын алардын террордук ишке (терроризмди каржылоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тиешелүү операцияларын кошумча мөөнөткө токтотуу тууралу токтомун көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде албай калган банктык эсептерди ачууга, жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер кардардын буйругу боюнча акча каражаттары жана башка мүлктөр менен операцияларды жүзөгө ашырышат.
Алардын террордук ишке (терроризмди каржылоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын акча каражаттары жана башка мүлктөрү менен операцияларын ыйгарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча мөөнөткө токтотуу же аны камакка алуу соттун аныктамасы, чечими, өкүмү, тергөө органдарынын өндүрүштө турган иштер боюнча токтому менен гана соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде соттун аныктамасын, чечимин, өкүмүн, тиешелүү операцияларды кошумча мөөнөткө токтотуу же камакка алуу жөнүндө прокурордун санкциясы менен тергөө органдарынын токтомун албай калганда банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана финансы-кредиттик мекемелер кардардын буйругу боюнча акча каражаттары же башка мүлктөр менен операцияларды жүзөгө ашырышат.
6. Маалыматтарды берген жактар жана алардын кызматкерлери, шектүү бүтүмдөр жана операциялар жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө тиешелүү ушул Мыйзамда каралган укук ченемдүү милдеттерди аткарууда, эгер ошол аракеттерди көрүүнүн белгиленген тартибин бузууларга жол берилбесе, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген чыгымдар, алынбай калган пайдалар же моралдык зыян келтирүүлөр үчүн жоопкерчиликтерден бошотулат.
Операцияларды токтотуу, банктык эсепти (аманатты) ачуу же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ушул статьяда каралган банк эсебин токтотуу жана эсепти жабуу жөнүндө келишимди бузуу маалыматтарды берген жактардын жарандык-укуктук жана башка жоопкерчиликтеринин келип чыгуусуна негиз боло албайт.
7. Маалыматтарды берүүчү жактар ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттердин жана аймактардын уюмдары жана жактары, ошондой эле негизги компаниясы ошондой мамлекеттерде жана аймактарда катталган туунду уюмдар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр менен ишкер мамилелерге, бүтүмдөргө жана операцияларга өзгөчө көңүл буруулары тийиш. Мындай мамлекеттердин жана аймактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
8. Ушул Мыйзамдын милдеттүү көзөмөлгө алынуучу бүтүмдөр жана операциялар тууралу маалыматтарды каттоо, сактоо жана берүү, ошондой эле ички көзөмөлдү уюштуруу жагын караган бөлүгүнүн жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өздөрүнүн компетенцияларына ылайык тиешелүү көзөмөл органдары тарабынан, ал эми акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөрдү жана операцияларды жүргүзүүчү айрым уюмдардын иш чөйрөсүндө көзөмөл органдары жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

4-статья. Милдеттүү көзөмөлдүн талаптары (шарттары)

1. Маалымат берүүчү жактар бүтүмдөр жана операциялар ушул Мыйзамга же ага ылайык аныкталган милдеттүү көзөмөлгө алынууга тийиш болгон критерийлердин тизмесине кирген шектүү бүтүмдөр жана операциялар, акча каражаттары же башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөр менен бүтүмдөр жана операциялар тууралу маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгилеген форма боюнча, бүтүмдөр жана операциялар ишке ашырылган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
Ал маалымат документ болуп катталат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
— бүтүмдүн жана операциянын түрү жана аны ишке ашыруунун негиздери;
— бүтүм жана операция ишке ашырылган күн жана операция жүргүзүлгөн сумма;
— бүтүмдү же операцияны ишке ашырган жеке адамдын ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар (паспорттогу же анын инсандыгын ырастоочу башка документтеги маалыматтар), анын жашаган жеринин жана жайгашкан ордунун дареги;
— салык төлөөчүнүн аталышы, идентификациялык номуру, катталган орду жана юридикалык жактын жайгашкан жеринин дареги;
— бүтүм же операция анын тапшыруусу, же анын атынан жүргүзүлгөн жеке адамдын же юридикалык жактын ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ал болсо), жеке адамдын же юридикалык жактын турган жеринин же жайгашкан ордунун дареги;
— ишеним каттын, мыйзамдын же аны берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысына негизденген ыйгарым укук аркылуу башка жактын атынан операцияны ишке ашырган жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлүнүн ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, жеке адамдын же юридикалык жактын жашаган ордунун дареги;
— акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөр операциялар боюнча алуучуну аныктоо үчүн зарыл маалыматтар,
анын ичинде алуучунун аталышы, анын эсебинин номуру.
2. Эгер маалыматтарды берүүчү жактардын кызматкерлеринде кайсы бир бүтүмдөр же операциялар терроризмди каржылоо же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында жүзөгө ашырылып жатканынан шектенүү келип чыкса, ал адам андай бүтүмдөр жана операциялар тууралу маалыматтар ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган бүтүмдөргө жана операцияларга жатаар же жатпасына карабастан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү.
3. Банктар, финансы-кредиттик мекемелер, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу уюмдары татаал, адаттагыдан башкача ири бүтүмдөр жана операциялар, ошондой эле экономикалык максаттары жок, адаттагыдан башкача схема боюнча жүргүзүлгөн операциялардын иш жүзүндөгү жагдайларын жазуу жүзүндө каттоого тийиш.

III глава
Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу
менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)
каршы аракеттер боюнча иштерди уюштуруу

5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү же аныкталуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы милдети, функциялары жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мамлекеттик орган болуп саналат. Ушул Мыйзам тарабынан чечүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга тапшырылган маселелерге мамлекеттик бийликтин органдарынын кийлигишүүсүнө, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда жол берилбейт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде:
1) милдеттүү көзөмөлгө алынуучу бүтүмдөргө жана операцияларга байланыштуу маалыматтарды топтоону жана талдоону жүргүзөт;
2) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы чараларды көрүү боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн, атап айтканда шектүү бүтүмдөрдү жана операцияларды аныктап табуу жана алар тууралу баяндама жөнөтүүнү кошо алганда, шектүү бүтүмдөрдү жана операцияларды жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу бүтүмдөрдүн жана операциялардын алдын алуу, аныктап табуу жана бөгөт коюу тутумун өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык козголгон иштер боюнча кат жүзүндөгү расмий суроо-талаптардын негизинде сотко (сотторго), прокурорго, тергөө органдарына жана алгачкы текшерүү органдарына терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу документтерди жана башка материалдарды берет. Көрсөтүлгөн маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз демилгеси боюнча укук коргоо органдарына жана сотторго берилиши мүмкүн;
4) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдаштырууну) алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча өз иштерин жүзөгө ашырат.
5) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларды түзүү жана (же) жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылган маалыматтар базасынан (реестрнен) толук пайдалануу укугуна ээ;
6) бүтүмдөр жана операциялар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу экенин күбөлөгөн жетиштүү негиздер болгон шартта, тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды алардын компетенцияларына жараша укук коргоо органдарына жөнөтөт.
3. Эгер ал бүтүмдөргө жана операцияларга катышкан, террордук иштерге (терроризмди каржылоого) катышканы тууралу маалымат бар тараптардын бирөөсү эле жеке же юридикалык тарап болуп саналган учурда, эгер алар алган маалыматтар ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 6-пунктуна ылайык алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча негизсиз деп таанылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөрдү жана операцияларды жүргүзүүнү беш күнгө чейинки мөөнөткө токтотот;
4. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берген адамдардан маалыматка колу жеткен же колу жетип келген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери да, коммерциялык жана башка сырларды мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы, пайдалангандыгы, кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазык жана башка жоопкерчиликтерди тартышат.

6-статья. Бүтүмдөр жана операциялар милдеттүү көзөмөлгө алынуучу
критерийлердин тизмеси

1. Эгер акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүзөгө ашырылып жаткан бүтүм же операция, же 14 күн аралыгында ишке ашырылган өз ара байланышкан бир нече бүтүмдөр же операциялардын суммасы 1000000 сомго барабар же андан жогору болсо (четөлкө валютасына эквиваленттүү), анын үстүнө ошол бүтүм же операция өзүнүн мүнөзү боюнча ушул статьянын 2-пунктунда каралган бүтүмдөрдүн же операциялардын бирине кирсе милдеттүү көзөмөлгө алынууга жатат.
2. Акча каражаттары жана башка мүлктөр менен милдеттүү көзөмөлгө алынууга жаткан бүтүмдөргө жана операцияларга төмөнкүлөр кирет:
1) банктык эсептерди (аманаттарды) ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылган баардык ички жана тышкы бүтүмдөр жана операциялар;
2) эгер тараптардын бир эле жагы финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды берүү же ачыкка чыгаруу каралбаган мамлекетте катталган, жашап турган же орун алган жеке адам же юридикалык жак болгон, же болбосо тараптардын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банкта ачылган эсептин ээси болуп саналган учурдагы бүтүмдөр жана операциялар.
Мындай мамлекеттердин (аймактардын) тизмеси кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер менен иштеп жатышкан эл аралык уюмдар бекиткен тизменин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана жарыяланууга жатат;
3) ушул Мыйзамда белгиленген чектен ашкан башка бүтүмдөр жана операциялар:
— накталай четөлкө валюталарын сатып алуу же сатуу;
— жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу;
— бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу;
— жеке адам тарабынан уюмдун уставдык капиталына накталай акча каражаттарынын салынуусу;
— кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы;
4) ушул Мыйзамда белгиленген чектен ашкан башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзгөн бүтүмдөр:
— баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды жана башка баалуулуктарды күрөөканаларга коюу;
— жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу, топтоо камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу;
— ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
— кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
— финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү;
— лотерея, тотолизатор (өзара пайда көрүү) же тобокелдикке негизденген башка оюндардан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү;
5) акча каражаттарын которуу (которуулар):
— кардардын тапшыруусу боюнча финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу;
— мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча жүзөгө ашыруу жана аларды алуу.
3. Эгер акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүмгө же операцияларга катышып жаткандардын бир тарабына карата диний экстримисттик көзкарашка ыктаган уюмдарды кошо алганда, террордук ишке катышкандыгы (терроризмди каржылагандыгы) тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эларалык келишимдеринде белгиленген тартипте алынган маалыматтар бар жеке адам же юридикалык жак болуп саналса, акча каражаттары жана башка мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүмдөр жана операциялар милдеттүү көзөмөлгө алынууга жатат.
5. Шектүү бүтүмдөр жана операциялар милдеттүү көзөмөлгө алынат.

IV глава
Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттер чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

7-статья. Маалымат алмашуу жана укуктук жардам

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык, кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө маалыматтарды топтоо, алдынала иликтөө, соттук териштирүүлөр жана соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен кызматташат.
2. Кирешелердин легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттерге байланыштуу ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган тартиптерде жана негиздерде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына алардын суроо-талаптары же өз демилгелери боюнча тиешелүү маалыматтарды беришет.
3. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди иликтеп табууга, алып коюуга жана тартып алууга жана/же терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтарды чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына берүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирбеген учурларда гана ишке ашырылат.
4. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди иликтеп табууга, алып коюуга жана конфискациялоого жана/же терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтар, чет мамлекеттердин компетенттүү органынын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин ошол маалыматтарды берген тиешелүү органдарынын алдынала макулдугусуз суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланылбай турган шартта гана берилет.
5. Чет мамлекеттердин компетенттүү органына суроо-талап жөнөткөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат жана аны суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланат.
Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттерге байланыштуу иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз компетенцияларынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди тартып алуу, иликтеп табууга тиешелүү иштери боюнча айрым процессуалдык иштердин жүргүзүү, мүлктү камакка алуу, мүлктү алып коюу өтүнүчтөрүн аткарат, анын ичинде, экспертиза жүргүзөт, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды, күбөлөрдү, жапа чеккендерди жана башка адамдарды суракка алат, тинтүүлөрдү жүргүзөт, алып коет, мүлктүк далилдерди өткөрүп берет, документтерди тапшырат жана кайра жөнөтөт.
6. Ушул өтүнүч талаптарды аткарууга байланыштуу чыгашалардын орду Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык толтурулат.
7. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында банктык көзөмөлгө алуу жана банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуу органы чет мамлекеттердин банктык көзөмөлгө алуу органдарынан тиешелүү маалыматтарды суроо-талап боюнча да, өз демилгеси менен да суроого, алууга жана берүүгө укуктуу.
8. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү максатындагы маалыматтарды (материалдарды) берүү жөнүндө талаптар жана маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамда каралган шарттарга ылайык көрсөтүлөт жана аткарылат.

V глава
Корутунду жоболор

8-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөрдү же операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын ушул Мыйзамда каралган талаптарды бузуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке кириптер кылат.
2. Акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүргүзүлгөн шектүү бүтүмдөр же операциялар жана милдеттүү көзөмөлдөөгө жаткан операциялар тууралу маалыматтарды ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү кызматтык, коммерциялык же банктык сырларды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын ичинде анын суроо-талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен макулдашылган тартипте анын иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берет.
4. Ушул Мыйзамда каралган максаттарда жана тартипте, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү кызматтык, банктык жана коммерциялык сырларды бузуу болуп саналбайт.

9-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
— Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
— ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган