Бишкек шаары
2005-жылдын 18-августу N 151

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутатынын статусу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2002-жылдын 29-декабрындагы N 229, 2006-жылдын 29-декабрындагы N 231,
2007-жылдын 12-февралындагы N 14, 2008-жылдын 5-апрелиндеги N 45
Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

I глава. Жалпы жоболор
II глава. Депутаттын Жогорку Кеңештеги иши
III глава. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоо округундагы иши
IV глава. Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык ишинин негизги
кепилдиктери
V глава. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ишинин негизги принциптерин, ошондой эле анын негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

I глава
Жалпы жоболор

1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын
статусу жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

2-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын
ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (мындан ары депутат) беш жылга шайланат.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында ант берген күндөн тартып башталат.
3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын токтошу менен бирге токтотулат.

3-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси

Депутаттын күбөлүгү анын инсандыгын жана ыйгарым укуктарын ырастаган, мамлекеттик бийликтин баардык органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга жана аскер бөлүктөрүнө тоскоолсуз кирүүгө укук берген негизги документ болуп саналат. Депутаттын статусу «Жогорку Кеңеш» төш белгиси менен да ырасталат.
Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболор, алардын үлгүлөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

4-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын жүзөгө
ашыруу менен сыйышпаган иш

1. Жогорку Кеңештин депутаты бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлүк кызматын ээлей албайт же жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаты судьянын, прокурордун кызматын ээлеши, ошондой эле башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта турушу мүмкүн эмес; ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын курамына же байкоочу кеңешине кире албайт.
3. Жогорку Кеңештин депутаты, эгерде мындай иш депутаттык милдеттерин аткарууга салакасын тийгизбесе, илимий-педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү кызматта иштей албайт.

5-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын ишинин кызматтык, кесиптик
жана башка милдеттерди аткаруу менен айкалышуусу

1. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо округунда иштөө үчүн жана башка учурларда бошотуунун тартиби «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталат.
2. Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө аскер кызматын өтөө жана аскердик жыйындарга баруу милдеттеринен бошотулат.

6-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар менен өз ара
мамилеси

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасында Мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү органдагы элдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары өзүнүн статусун жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо үчүн пайдаланат.
2. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочуларынын алдында жооптуу болот жана аларга отчет берип турат.
3. Жогорку Кеңештин депутаты шайлоочулар, саясий партиялар жана аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн коомдук бирикмелер, ошондой эле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта болуп турат.

7-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын
мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана алардан ажыратылышы

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
— ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши таратылганда;
— сот депутатты аракетке жөндөмсүз деп тапканда;
— соттун аны дайынсыз жок же өлдү деп жарыялагандыгы жөнүндөгү чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда;
— ошондой эле депутат өлгөндө.
2. Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктарынан ажыратылат:
— ага карата соттун күнөө койгон өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
— депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен сыйышпаган ишке өткөндө же андай ишти калтырбаганда;
— шайлоо жараксыз деп табылганда;
— Кыргыз Республикасынын чегинен тышка туруктуу жашоого кеткенде;
— Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо.
3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу, ошондой эле аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтому менен жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарында бир сессия ичинде жүйөөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечими боюнча депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылат.

II глава
Депутаттын Жогорку Кеңештеги иши

8-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын негизги милдеттери

1. Жогорку Кеңештин депутаты жыйналыштарда саясий көп түрдүүлүк принциптеринде жана эркин, жамааттык талкуулоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык анын карамагына кирген маселелерди карайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга милдеттүү. Жогорку Кеңештин жыйналышына жүйөөлүү себеп боюнча катышууга мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө депутат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына күн мурдатан кабарлайт.
3. Жогорку Кеңештин депутаты өзү мүчөсү болгон комитеттин, комиссиянын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

9-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бардык талкууланып жаткан маселелер боюнча тийиштүү түрдө Жогорку Кеңештин, өзү мүчөсү болгон комитеттин жана комиссиянын жыйналыштарында добуш берүүгө;
2) Жогорку Кеңештин ар кандай кызмат ордуна жана органдарына шайлоого жана шайланууга;
3) Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлүүчү органдардын жекече курамы жана Жогорку Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкердиктери боюнча ой-пикирин айтууга;
4) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар боюнча сунуштар киргизүүгө;
5) талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди сунуш кылууга, аларды негиздөөгө, күн тартиби боюнча, жыйналышты алып баруу тартиби боюнча, жол-жобо жана башка маселелер боюнча сунуштар киргизүүгө жана сын-пикирлерин айтууга;
6) талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча жарыш сөздөргө катышууга, билдирүү жасоого, реплика жасоого, добуш берүүнүн себеп-жүйөөсү боюнча чыгып сүйлөөгө, оозеки жана жазуу жүзүндө сунуштар, сын-пикирлер, түзөтүүлөр киргизүүгө;
7) Жогорку Кеңештин жыйналышында ар кандай мамлекеттик органдын же болбосо Жогорку Кеңеш шайлаган же өзүнүн контролдугу астындагы кызмат адамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткаруусу жөнүндө отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
8) Жогорку Кеңешке жана анын органдарына мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруусун текшерүүнү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына кирген маселелер боюнча депутаттык иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
9) баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга, ошондой эле жыйналышта төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;
10) Жогорку Кеңештин жыйналышында жарандардын коомдук мааниге ээ болгон кайрылууларын жарыялоого;
11) өзүнүн айтылбай калган сөзүнүн текстин жыйналыштын стенограммасына киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга өткөрүп берүүгө;
12) Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын стенограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн тексттери менен жарыяланганга чейин таанышууга;
13) Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, ошондой эле анын комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарына, ал эми зарыл болгон учурда-мамлекеттик бийлик органдарынын өзү койгон маселелер каралып жаткан жыйналыштарына катышууга;
14) өздөрү мүчө болбогон комитеттер менен комиссиялардын жыйналыштарына катышууга, сунуштарды киргизүүгө, кеңешчи добуш берүү укугу менен маселелерди жана чечимдерди кабыл алууга акылуу;
15) катталган мыйзамдардын долбоорлорунун, Өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын токтомдорунун долбоорлорунун көчүрмөлөрүн, ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдердин жана башка документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
16) суроо-талаптар менен аткаруу бийлигинин органдарына кайрылууга;
17) өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча айына кеминде бир жолу мамлекеттик радиону жана телекөрсөтүүнү акысыз пайдаланууга.
2. Депутат тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында киргизилген сунуштар менен сын-пикирлер ченемдик укуктук актыларды бышыктап иштеп чыгууда жана кабыл алууда каралат жана эске алынат.
3. Депутаттардын аталган жана башка укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби ушул Мыйзамдын башка статьялары, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.

10-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге
көтөрүү укугу

Депутаттын мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу төмөнкүдөй формада ишке ашырылышы мүмкүн:
— жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө маселе коюу;
— Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун киргизүү»;
— Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү сунуштар.

11-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын фракцияларга жана
депутаттык топторго биригүү укугу

Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлү болгон депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде фракцияларды түзүү укугуна ээ.
Фракцияларга кирбеген депутаттар депутаттык топторду түзүүгө акылуу.
Депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, депутаттык топтордун) бирине да кирбеген же болбосо депутаттык бирикмеден (фракциядан, депутаттык топтон) чыгып кеткен Жогорку Кеңештин депутаттары кийин депутаттык бирикменин (фракциянын, депутаттык топтун) макулдугу менен алардын кайсынысына болсун кире алышат.

12-статья. Депутаттык суроо-талап

1. Жогорку Кеңештин депутаты аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына суроо-талап коюу укугуна ээ болушат, алар суроо-талапка бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.
2. Депутаттык суроо-талап жазуу жүзүндө болот. Эгер ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында киргизилсе, депутат же анын өтүнүчү боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу суроо-талапты жарыялайт.
3. Депутаттардын жазуу жүзүндөгү же Жогорку Кеңештин жыйналышы убагында оозеки айткан аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата суроо-талаптары депутаттын жеке өзү тарабынан түзүлөт жана ага депутат өзү кол коет.
4. Депутаттык суроо-талапка ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп алынбаган учурда жооптун кечигүүсүнө күнөөлүү органдын өкүлү же кызмат адамы түшүндүрмө берүү үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына чакырылышы мүмкүн.
5. Кызмат адамы, эгерде бериле турган маалымат мамлекеттик же аскердик сырды камтыса, суроо-талап жазуу жүзүндө жооп кайтаруудан баш тартууга акылуу.
6. Министрликтердин, ведомстволордун жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын текшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Текшерүүчүлөр объекттерге тоскоолсуз кирүү, мыйзамдар менен чечимдерди турмушка ашыруу боюнча жетекчилер көргөн иш-чаралар менен таанышуу укугуна ээ болушат.
7. Жогорку Кеңештин депутаты суроо-талапка мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын берген жоопторуна баа берүүгө акылуу. Жогорку Кеңештин депутаттарынын 1/5 бөлүгүнүн кем эмеси колдогон талабы боюнча депутаттык суроо-талапка байланыштуу маселе күн тартибине киргизилет. Талкуулоонун натыйжасы боюнча токтом кабыл алынат. Суроо-талап, ага берилген жооп, суроо-талапты кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

13-статья. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттын сунуштарын
жана сын-пикирлерин кароо

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутат тарабынан айтылган же төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берилген сунуштар менен сын-пикирлер Жогорку Кеңештин жыйналышында же анын органдары тарабынан каралат же болбосо алар тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын жана коомдук бирикмелердин кароосуна жөнөтүлөт.
2. Депутаттардын сунуштары менен сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамлекеттик органдар, ошондой эле кызмат адамдары аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана натыйжалары жөнүндө депутатка жана Жогорку Кеңешке кабарлоого милдеттүү.
3. Депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин каралышына жана ишке ашырылышына контролдукту комитеттер, комиссиялар жана Жогорку Кеңештин Аппараты жүзөгө ашырышат.

14-статья. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын тапшырмаларын
аткарууга депутаттын катышуусу

Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин же анын органдарынын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аткаруусун текшерүүгө катышат. Текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке же анын органдарына маалымдайт. Зарыл болгон учурда табылган кемчиликтерди жоюу, мыйзамсыз чечимдерди бузуу, мыйзамды же башка ченемдик актыларды бузууга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткарбоого жол берген адамдарды жоопко тартуу жөнүндө сунуштар киргизет.

15-статья. Депутаттык иликтөө

Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттеринин же депутаттык бирикмелердин (фракциялардын, депутаттык топтордун) демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тиешелүү ар кандай маселе боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүлсө болот.
Баардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары депутаттык иликтөө жүргүзүлүшүнө зарыл түрдө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын же иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссиянын талабы боюнча маселени объективдүү түрдө иликтеп чыгууга зарыл маалыматтарды жана документтерди тоскоолдуксуз берүүгө милдеттүү. Депутаттык иликтөө жүргүзгөн депутаттарга түшүндүрмө берүүдөн эч кимдин качууга укугу жок.

III глава
Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоо
округундагы иши

16-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоо округундагы иши
менен байланышкан ыйгарым укуктары

Жогорку Кеңештин депутаты өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоочулар менен жолугушуп турууга;
2) шайлоочулар менен жолугушууларга катышууга мамлекеттик мекемелердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын чакырууга;
3) шайлоочулардын кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай маселелерди мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында кароодо катышууга;
4) Жогорку Кеңештин мыйзамдарынын жана токтомдорунун аткарылышын контролдоого;
5) мамлекеттик органдарга жана коомдук бирикмелерге, ишканаларга, мекемелер менен уюмдарга өздөрү жиберген жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын контролдоого, аларды кароого өзү катышат. Мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары депутатка анын контролдоп жаткан ишине жардам берүүгө милдеттүү;
6) округдун шайлоочуларынын чогулуштарын же конференцияларын, эмгек жамааттарынын, саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүүгө;
7) бардык ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолсуз кирүүгө. Иши мамлекеттик сырды сактоо менен байланышкан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда болуу тартиби мыйзамдар менен белгиленет;
8) депутаттардын, шайлоочулардын ар кандай бирикмелеринин, коомдук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, эмгек жамааттарынын, турган жери боюнча жарандардын жана аскердик бөлүктөр боюнча аскер кызматчыларынын чогулуштарына катышууга.

17-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзамдуулук бузулушун
четтетүүгө талап коюу укугу

1. Жарандардын укуктары жана мыйзам аркылуу корголгон кызыкчылыктары же башка мыйзамдуулук бузулган учурда депутат мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары жеринде андай мыйзам бузуу фактыларын токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл учурларда тиешелүү органдарга жана кызмат адамдарына мындай фактыларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга укуктуу. Бузуу фактысы депутат тарабынан же анын талабы боюнча тиешелүү укук коргоо жана контролдоо органдарынын өкүлү тарабынан түзүлгөн протоколдо белгилениши мүмкүн.
2. Депутат талап коюп кайрылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрациялары, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулук бузулган фактыларды жоюу үчүн, зарыл учурда күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн токтоосуз чара көрүүгө, кийин ал жөнүндө депутатка кабарлоого милдеттүү. Мыйзамдуулук бузулушун жоюу боюнча чара көрүлбөгөн учурда кызмат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

18-статья. Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан жарандардын
сунуштарын, арыздарын, даттанууларын кароо

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу белгиленген тартипте жана мөөнөттө сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын алып кароого, аларга жооп берүүгө жана зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

19-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоо округундагы ишине
көмөк көрсөтүүдө жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын милдеттери

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутатына шайлоочулар менен жолугушуу үчүн шарт түзүп берүүгө, мындай жолугушуулардын убактысын жана өтүүчү жерин кабарлоого, башка зарыл жардамдарды берүүгө жана депутат талап кылган маалыматты берүүгө милдеттүү.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку Кеңешке шайланган депутаттарга имарат-жай бөлүп берүүгө жана аларды шайлоочуларды кабыл алуу жана жыйындарды өткөрүү үчүн күтүүгө милдеттүү.

20-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын шайлоочулар алдында отчет
берүүсү

1. Жогорку Кеңештин депутаты округдун шайлоочуларынын алдында өзүнүн иши жана шайлоо алдындагы программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жылына бир жолдон кем эмес отчет берүүгө милдеттүү.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутатынын отчетторун жарыялоону камсыз кылат.

IV глава
Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык
ишинин негизги кепилдиктери

21-статья. Мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укуктарынын ишке
ашырылышынын кепилдиктери

Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу:
— мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү тартибинде киргизилген сунуштарды Жогорку Кеңештин жыйналышында милдеттүү түрдө кароо жана төмөнкү чечимдердин бирин: мыйзамды кабыл алуу, жаңы мыйзамдын долбоорун иштеп чыга баштоо, сунуш кылынган мыйзам долбоорун тийиштүү комитеттерге жана комиссияларга кайра иштеп чыгууга жөнөтүү, мыйзам чыгарууга демилге көтөрүүнү негиздүү түрдө четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен;
— сунуштарды, ошондой эле мыйзам долбооруна депутат киргизген бардык оңдоолорду жана толуктоолорду милдеттүү түрдө добушка коюу менен кепилдик берилет.

22-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат адамдары тарабынан
токтоосуз кабыл алынууга укуктуулугу

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишин жүзөгө ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин жетекчи жана кызмат адамдары тарабынан токтоосуз кабыл алынуу укугунан пайдаланат.

23-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттик бийликтин
башка өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын ишине катышуу укугу

Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийликтин башка өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

24-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн мүчөсүнө суроо менен кайрылуусу

Депутат, депутаттар тобу Премьер-министрге жана Өкмөт мүчөлөрүнө суроолор менен кайрылууга укуктуу.
Жогорку Кеңештин жыйналышында зарылдыгына жараша же Жогорку Кеңештин депутатынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, административдик ведомстволорунун жетекчилеринин, областардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин Жогорку Кеңештин депутаттарынын берген суроолоруна жооп берүүсү үчүн айына бир жолу «өкмөттүк күн» өткөрүлөт.
Суроо жазуу жүзүндө депутат же депутаттар тобу тарабынан Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине мурдатан берилет, мунун өзү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөсүн чакырууга негиз болуп саналат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын чакырылган Өкмөт мүчөсүнүн Жогорку Кеңештин жыйналышына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда ал берилген суроого милдеттүү түрдө алдын ала жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн жообу Жогорку Кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан депутаттарга кабарланат.

25-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылууларын кароо боюнча
кызмат адамдарынын милдеттери

1. Кызмат адамы депутаттын кайрылуусуна бир айдын ичинде жооп берүүгө милдеттүү.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун карамагындагы маселелер боюнча депутаттардын кайрылуулары ушул органдар тарабынан каралат. Карала турган күн депутатка алдын ала билдирилет.

26-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын маалымат алуу жана таратуу
укугу

1. Жогорку Кеңештин Төрагасы депутаттарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин документтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер тарабынан расмий түрдө таратылган маалыматтык жана маалымкат материалдар менен камсыз кылат.
2. Мамлекеттик бийлик органдары, өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ошондой эле кызмат адамдары Жогорку Кеңештин депутаты кайрылган учурда аларды депутаттык ишке байланышкан маселелер боюнча адистердин консультациялары менен камсыз кылууга, керектүү маалыматтарды токтоосуз берүүгө милдеттүү.
3. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин камсыз кылуу үчүн шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын көчүрмө-көбөйтүүчү жана эсептөө-электрондук техникасын пайдаланууга укуктуу.
4. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча телекөрсөтүүдө, радиодо жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында акысыз чыгып сүйлөөгө артыкчылыктуу укукка ээ болот. Депутаттар берген материалдарга анын макулдугусуз өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө жол берилбейт.

27-статья. Депутаттын эмгектик укуктарынын кепилдиктери

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын туруктуу негизде иштеген Жогорку Кеңеште жүзөгө ашырат.
2. Жогорку Кеңештин депутатына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Өкмөттүн мүчөсү кызматынан жана башкаруу органдарындагы шайлануучу кызматтан тышкары мамлекеттик мекемелердеги, ишканалардагы жана уюмдардагы мурда аткарып келген иши (кызмат орду) берилет, ал эми мурдагы кызматынын жоюлушу же ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоюлушуна байланыштуу мындай мүмкүнчүлүк болбосо, ошол эле ишканада, мекемеде жана уюмда же болбосо депутаттын макулдугу менен бөлөк ишканада, мекемеде, уюмда мурдагысына тете башка иш же кызмат орду берилет.
3. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен болгон Жогорку Кеңештин депутатына ээлеген кызматына ылайык кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу кечиктирилиши мүмкүн эмес.
4. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекке орноштуруу мезгилинде туруктуу негизде иштеген Жогорку Кеңештин депутатынын орточо эмгек акысы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айдан ашпаган мезгилге сакталат.
5. Жогорку Кеңештин депутатынын депутаттык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу алар шайланган тиешелүү областтын, болбосо Бишкек шаарынын аймагынан тышкары жашаган убактысы, эгерде ал шайланганга чейин ошол жерде жашаса, көрсөтүлгөн административдик аймактарда туруктуу жашаган убакыт болуп эсептелинет.

28-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын иммунитети

Жогорку Кеңештин депутаты кол тийбестик укугуна ээ. Ал депутаттык ишине байланыштуу айткан пикири же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынууга тийиш эмес. Депутат кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн чыккандан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жеке текшерилиши мүмкүн эмес. Депутатты жазык, ошондой эле сот тартибинде берилчү административдик жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
2. Депутаттын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык башпаанасына, багажына, жеке жана кызматтык транспорт каражаттарына, жазышкан кат-кабарына, пайдаланган байланыш каражатына, ошондой эле ага таандык документке жайылтылбайт.
3. Жогорку Кеңештин депутаты кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн чыккандан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши, суракка алынышы же жеке текшерилиши мүмкүн эмес. Мындай учурларда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору үч сутканын ичинде Жогорку Кеңештин депутатын жазык жообуна тартууга макулдук алыш үчүн сунуштама берет. Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч сутка ичинде кезексиз тартипте карайт. Эгерде Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч сутка ичинде карай элек болсо, депутат Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир тобунун кепилдиги менен бошотулууга тийиш.

29-статья. Жогорку Кеңештин депутатын жазык же административдик
жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берүүнүн тартиби

Жогорку Кеңештин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.
Жазык иштери боюнча депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча, административдик укук бузуулар, жеке айыптоо иштери боюнча ишти карап жаткан судьянын сунуштамасынын негизинде чечилет.
Жогорку Кеңештин депутатын жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ишти кароочу судья Жогорку Кеңешке сунуштама киргизет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, депутатты кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу жеке айыптоо ишин караган судьянын сунуштамасын караш үчүн «Регламент жөнүндө» Мыйзамда каралган тартипте иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия (мындан ары — комиссия) түзүлөт.
Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей карайт. Зарылчылык болсо, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан жана соттон (судьядан) кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.
Депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө маселени караган учурда комиссия маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын өкүлүн же арыз берүүчүнү (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү.
Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө чечимдин долбоору түзүлгөндөн жана жарыя айтылгандан кийин ал Жогорку Кеңештин жакын арадагы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.
Бул маселени караган учурда, ошондой эле чечимдин берилген долбоорунда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, аларга баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө комиссиянын баяндамачысы, Жогорку Кеңештин маселеси чечилип жаткан депутаты катышат.
Эгерде ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмеси берилсе, Башкы прокурордун же соттун сунуштаманы канааттандыруу чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Чечим Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулуат.
Башкы прокуратура, сот Жогорку Кеңештин жүйөсү келтирилген токтому тууралу үч күндүк мөөнөттө кабардар кылынат.
Эгерде негиздери табылса, Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карай алат.
Эгерде Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын үч ай ичинде канагаттандырбаса, анда сунуштама четке кагылды деп эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же соту (судьясы) иш боюнча өндүрүш бүткөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иликтөөнүн же ишти кароонун жыйынтыктары тууралу Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.
Жогорку Кеңештин депутатын кол тийбестиктен ажыратууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы жазык иши боюнча өндүрүштү же сот тартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликти кароочу административдик укук бузуулар боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдай болуп эсептелет.
Депутаттын кол тийбестигин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

30-статья. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн депутатты
материалдык-финансылык шарттар менен камсыз кылуу

1. Жогорку Кеңештин депутатынын жумушу, ошондой эле анын парламенттик ишине байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.
2. Депутаттын эмгек акысынын өлчөмү жана шарттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин тарабынан аныкталат.
3. Жогорку Кеңештин депутаты чыгармачылык иш үчүн акыдан тышкары кандайдыр бир башка акы ала албайт. Чыгармачылык иши үчүн акы деп искусство чыгармалары жана аларды аткаруу үчүн, жарыкка чыккан макалалары жана китеби үчүн, радио жана телеберүүлөрдөгү чыгып сүйлөгөн сөздөрү үчүн төлөнүүчү автордук гонорар, ошондой эле Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарынан тышкары убактагы илимий-педагогикалык жана консультациялык иши үчүн төлөнүүчү акы эсептелинет.

31-статья. Жогорку Кеңештин депутатын медициналык тейлөө менен
камсыз кылуу

Жогорку Кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү үчүн белгиленген шартта медициналык тейлөө камсыз кылынат.

32-статья. Депутаттык милдеттер менен байланышкан кошумча
каражаттар

Жогорку Кеңештин депутатына парламенттик ишке байланышкан кеңселик, почта, телефон-телеграфтык, транспорттук жана башка чыгымдар үчүн кошумча каражаттар бөлүнөт, аларды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленет.

33-статья. Депутаттын өргүүгө чыгышы

Жогорку Кеңештин депутатына жыл сайын узактыгы 30 жумушчу күнүнө созулган акы төлөнүүчү өргүү белгиленет. Өргүүгө акы төлөөнүн тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленет. Жогорку Кеңештин депутатына өргүүгө чыгуу сессия өзүнүн жумушун аяктагандан кийин берилет.

34-статья. Депутаттын акысыз жол жүрүү укугу

1. Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын аймагында таксиден башка бардык мамлекеттик жүргүнчү унааларынан акысыз пайдаланууга, ошондой эле жол жүрүү документтерин кезексиз алууга укуктуу.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар Жогорку Кеңештин депутатын депутаттык милдеттерин аткарууда жол жүрүшү үчүн унаа менен камсыз кылууга милдеттүү.

35-статья. Депутатты турак жай менен камсыз кылуу

Бишкек шаарында турак жайы жок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ыйгарым укуктары башталган күндөн тартып кызматтык турак жай менен камсыз кылынат же ага турак жай жалдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акчалай каражат берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Жогорку Кеңештин депутатынын жумушун уюштуруу

1. Жогорку Кеңештин депутатынын жумушун уюштурууну Жогорку Кеңештин Аппараты жүзөгө ашырат, ал депутаттарды кызматтык жайлар, зарыл техникалык каражаттар, байланыш каражаттары, ошондой эле унаа менен тейлөөнү камсыз кылат.
2. Депутат мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча атайын адабият менен, керектүү маалыматтык материалдар жана мезгилдүү басылмалар менен камсыз кылынат.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырыш үчүн башпаана беришет. Депутат мейманканадан кезексиз номер алганга укуктуу.
4. Жогорку Кеңештин депутаты чет өлкөгө барганда дипломатиялык паспорттон пайдаланышат, ал эми Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аларга зарыл жардам жана колдоо көрсөтүүгө тийиш.

37-статья. Депутаттын депутаттык ишке байланыштуу тышкы сапарлары
учурундагы чыгымдарынын ордун толтуруу

Депутаттык ишке байланыштуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарына чыккан Жогорку Кеңештин депутатынын чыгымынын ордун толтуруу ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө жүргүзүлөт.

38-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын
ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендик үчүн
жоопкерчилик

Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык ишин аткарып жаткан учурда мазактоо, ошого тете депутат тууралу ушак айтуу же болбосо анын депутаттык иши жөнүндө бурмаланган маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

38-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын
социалдык жактан коргоо

1. Депутаттык ыйгарым укуктарын аткарышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты курман болгон учурда же депутаттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жарадар болгондон, жаракат алгандан, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин көз жумганда каза болгондун (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагыларга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражатынан каза болгондун (өлгөн адамдын) багуусундагыларга жыйырма жолку бир жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Эмгек акы дегенге жылдын толук календарлык мезгилинин ичинде депутат тарабынан алынган орточо эмгек акысы, бардык кошумчалар, компенсациялар, сыйакылар жана башка төлөмдөр кирет. Депутаттык милдеттерин бир календарлык жылдан азыраак аткарган учурда шарттуу эсептешүү толук календарлык жылдын ичинде депутат алууга тийиш болгон болжолдуу төлөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
2. Ушул статьянын Жобосу 2005-жылдын январынан тартып келип чыккан мамилелерге жайылтылат.

39-статья. Жогорку Кеңештин депутатына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө
жана башка туугандарына укукка жат таасир көрсөткөндүк
үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башка туугандарына, депутаттык ишин токтотуу же анын мүнөзүн өзгөртүү максатында зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу түрүндө укукка жат таасир көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

39-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарын коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу
боюнча чаралар

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын расмий өтүнмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына өмүр бою пайдаланганга энчилүү курал берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ал куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте берет.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-февралындагы N 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V глава
Корутунду жоболор

40-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандык үчүн
жоопкерчилик

Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзамдуу талаптарын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин кызмат адамдары жана башка кызматчылары аткарбаса, же болбосо аларга депутаттык ишти жүзөгө ашырууда тоскоолдуктар түзүлсө, ошого тете аларга көз көрүнөө жалган маалымат берилсе, же Жогорку Кеңештин депутатынын талаптарына жана кайрылуусуна маалымат жана жооп берүүнүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрү жана тартиби сакталбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

41-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
— «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 4, 157-ст.);
— «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 8, 256-ст.);
— «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 5, 255-ст.);
— «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 12, 541-ст.).
(КР 2006-жылдын 29-декабрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган