Бишкек шаары

2012-жылдын 23-майы N 64

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Тынч чогулуштар жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу

3-глава. Тынч чогулуштарга тыюу салуу, чектөө жана токтотуу

4-глава. Корутунду жоболор

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

 

Ушул Мыйзам ар бир адамдын тынч чогулуштарга укугун ишке ашырууга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.

 

2-берене. Чогулуштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар

 

1. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алышат. Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөгө тийиш.

2. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдалануунун чектелиши мүмкүн эмес. Тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдаланууга киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга теңдеш болушу керек.

3. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

 

3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер

 

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:

1) каршы чогулуш — ошол эле жүйөө, бирок бул чогулуштарды өткөрүүнүн ордуна жана убактысына карабастан карама-каршы көз караш жөнүндө билдирүү максаты менен өткөрүлүүчү чогулуш;

2) тынч чогулуш — өзүнүн мүнөзү боюнча зомбулуксуз жана куралсыз болуп саналган чогулуш;

3) тынч чогулуштун уюштуруучусу — тынч чогулуштун демилгечиси болуп саналган, саясий партиялардын, башка уюмдардын, жарандардын атынан чыгуучу, көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоого багытталган иш аракеттерди аткаруучу, ошондой эле анын катышуучуларынын аракеттерине жетекчиликти жүзөгө ашыруучу адам;

4) жарыш чогулуш — ушул аймакта башка чогулуш менен бир убакта өткөрүлүп жаткан жана башка чогулуштун катышуучуларынын ой-пикирлеринен айырмалуу ой-пикирлерди билдирүү максатын көздөбөгөн чогулуш;

5) пландалган чогулуш — алдын ала кабарландыруу менен өткөрүлүүчү чогулуш;

6) чогулуш — кайсы-бир маселелер боюнча пикирлерди билдирүүнү кошуп алганда, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн, коомдук көңүлдү бурдуруу максатында коомдук жеткиликтүүлүк үчүн ачык жерлерде бир катар адамдардын атайылап жана убактылуу болушу;

7) ойлонулбаган чогулуш — алдын ала кабарландыруусуз өткөрүлгөн чогулуш;

8) чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландыруу — мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пландалган чогулуш жөнүндө алдын ала кабарлоо;

9) чогулуштун катышуучусу — тынч чогулушка катышкан Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.

 

2-глава

Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу

 

4-берене. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу боюнча

милдеттенмелер

 

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жынысынын, расасынын, тилинин, этностук таандыктыгынын, диний ишенимдеринин, жаш курагынын, саясий жана башка ынанымдарынын, тегинин, мүлктүк же башка абалынын, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча айырмалабастан урматтоого жана тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Чогулушка катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Чогулушка катышууга мажбурлаган же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганда алар жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

4. Чогулуштардын катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын талаптары багытталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайрылууларды кабыл алууну жана маңызы боюнча кароону камсыз кылууга, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билдирүүлөрү тийиш.

5. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуксуз:

1) тынч чогулуштарды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө;

2) каршы чогулуштар өткөрүлгөн учурда кайсы-бир тарапты колдоого;

3) тынч чогулушту өткөрүүнүн убактысын, ордун жана кыймылдын маршрутун аныктоого;

4) мындай чараларды көрбөө, чогулушка катышпаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келүүчү, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди сактоо менен улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо максаттарындагы учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын орду, убактысы жана кыймылдын каттамдары боюнча тыюу салууга жана чектөө киргизүүгө;

5) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын максаттарына жетүүсүнө тоскоолдук кылууга;

6) каршы чогулуш уюштурууга жана өткөрүүгө.

 

5-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) чогулуш өткөрүү аймагында ички иштер органдарын, башка кызыкдар мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганы тууралуу токтоосуз кабардар кылат;

2) ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

3) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чогулуштун уюштуруучулары жана катышуучулары менен өз ара аракеттенет;

4) чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарландырууларды кабыл алууну камсыз кылат;

5) зарыл болгондо коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам, өрткө каршы кызмат, сактоо кызматы жана башка кызматтар) ишин уюштурат;

6) чогулуштар өтүп жаткан жерлерде алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же башка дендароо кылуучу заттарды колдонуунун алдын алуу жана болтурбоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт;

7) чогулушту өткөрүүгө себеп болгон маселелер жөнүндө маалыматтар бар болгондо ошол маселелер даректелген мамлекеттик органдарга маалымдайт;

8) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарат.

 

6-берене. Ички иштер органдарынын милдеттери

 

1. Ички иштер органдары:

1) пландаштырылган же өтүп жаткан чогулуштар жөнүндө маалыматтарды алгандыгы тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарды токтоосуз кабардар кылат;

2) зарыл болгондо чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга байланыштуу маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;

3) тынч чогулуштарды камсыз кылуунун көрүлүп жаткан иш-чаралары жөнүндө аларга маалымдоону кошкондо, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу маселелери боюнча чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар менен өз ара аракеттенет;

4) тынч чогулуштардын катышуучуларына карата урматтоо мамилесин көрсөтөт;

5) жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылат;

6) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, тынч чогулуштун максаттарына жетүүлөрүнө жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына тоскоолдук кылуучу укук бузууларды жана иш аракеттерди токтотууну талап кылат, ал эми мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мажбурлоо чараларын колдонот;

7) тынч чогулуштардын катышуучуларын жана тынч чогулуштар өткөн жерде турган башка адамдарды, ошондой эле алардын мүлкүн укукка каршы кол салуулардан коргоону камсыз кылат;

8) тынч чогулуш өткөн жерде медициналык жардам көрсөтүүгө жана коопсуз эвакуациялоого көмөк көрсөтөт;

9) коммуналдык жана башка кызматтардын тынч чогулуш өткөрүлгөн аймакка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;

10) зарыл болгондо тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорт кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол-жоболорун жүзөгө ашырат;

11) бир чогулуштун катышуучулары менен каршы жана жарыш чогулуштун катышуучуларынын кагылышууларын болтурбоо, ошондой эле чогулушту өткөрүүнүн жүрүшүндө пайда болгон үзгүлтүккө учуратуу кутумчулдугун жана башка жаңжалдык кырдаалдарды болтурбоо боюнча чараларды көрөт.

2. Каршы чогулуш өткөрүлгөн учурда, ички иштер органдары негизги чогулуштун жана каршы чогулуштун катышуучуларынын бирин бири көрүп, угуп турган чектердеги коопсуз аралыгын камсыз кылат жана аныктайт.

3. Чогулуштар жарыша өткөн учурларда ички иштер органдары бул чогулуштардын катышуучуларынын коопсуз аралыктарын камсыз кылат жана аныктайт.

 

7-берене. Ички иштер органдарынын аракеттерин чектөө

 

Тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда, ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдардын аракеттерин чектөөлөрдү эске алуу менен ички иштер органдарына кошумча төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) тынч чогулуштарга анын катышуучусу катары катышууга;

2) тынч чогулуштардын уюштуруучуларына, алардын өкүлдөрүнө жана катышуучуларына укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырууларына тоскоолдук кылууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айырмалуу белгилерин алып коюуга же жашырууга жана чогулуштардын катышуучуларына ички иштер органынын кызматкеринин ырастамасын көрсөтүүдөн жана анын мазмуну менен тааныштыруудан баш тартууга;

4) чогулуштун катышуучуларына же башка адамдарга чогулушту фотоже видео тартып алууга тоскоолдук кылууга.

 

8-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча

иш-чаралар

 

1. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жана жолдордо коопсуздукту камсыз кылуунун башка чараларынын зарыл жол-жоболору, ошондой эле коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам, өрткө каршы кызматтар, сактоо кызматы, аймакты санитардык тазалоо жана башка кызматтар) иштеши мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.

2. Уюштуруучулар тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө кабарландырганда тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар төмөнкулөрдү карайт:

1) тынч чогулуштун максаты, тынч чогулуштардын таризи же ар кандай тариздеринин айкалыштырылышы, өткөрүлүүчү жери жана датасы, катышуучуларынын кыймылынын каттамдары, тынч чогулуштун башталуу жана бүтүү убактысы, катышуучуларынын болжолдуу саны, көпчүлүк катышкан иш-чараны өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураларды жана башка нерселердин колдонулушу жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну;

2) тынч чогулуштун катышуучуларын жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерде турган башка адамдарды коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, тынч чогулуштарды камсыз кылууда коммуналдык жана башка камсыздоо кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну;

3) тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол-жоболорунун зарылдыгын аныктоо максаттарындагы уюштуруу чараларын;

4) коркунучтуу факторлорго баа берүүнү, тынч чогулуштун катышуучуларынын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн металл издөөчү жабдууларды, тосмолорду орнотууну кошуп алганда, өткөрүү убактысын, ордун жана (же) тынч чогулуштун катышуучуларынын кыймылынын каттамын өзгөртүүнүн зарылдыгы менен чектелбестен, кошумча чараларды көрүүнү;

5) тынч чогулушту камсыз кылуу боюнча зарыл күчтөрдү жана каражаттарды аныктоону;

6) ошол эле убакта жана ошол эле аймакта өткөрүлүп жаткан башка чогулуштар жөнүндө маалыматтарды талдоону, алынган маалыматтарды салыштырууну, тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана анын максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылуучу, жаңжалдуу жагдайларды болтурбоочу зарыл чараларды (өткөрүү убактысы, орду жана\же катышуучулардын кыймылдарынын каттамы боюнча чектөөлөрдү киргизүү жана башка) иштеп чыгууну.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда айкындалган көйгөйлөрдү кийин талдоону документтештирүүнү, алардын кызматкерлеринин аракеттерин териштирүүнү жүзөгө ашырат.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарын кабарландырууну кошуп алганда, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабууга жана өзгөртүүгө байланышкан иш-чаралар жана башка зарыл маалыматтар жөнүндө чогулушка катышпаган адамдарды күн мурунтан эскертишет.

 

9-берене. Тынч чогулуштун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын

укуктары

 

Тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары аларды өткөрүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууга катышып жаткан кызмат адамдарынын фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, иштеген жери жөнүндө маалыматтарды алууга;

3) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга;

4) тынч чогулушту өткөрүүдө үн басымынын жана добуш чыгаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген деңгээлинен ашырбастан үн күчөтүүчү аппаратураларды колдонууга;

5) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун мүнөзү боюнча тынч болуп саналган жана укукка каршы максаттарды көздөбөгөн, кайсы бир маселе боюнча пикир билдирүүнү, кол топтоо боюнча акцияны кошуп алганда, үгүттөөнүн ар кыл каражаттарын жана тариздерин пайдаланууга;

6) сунуштарды, арыздарды, даттанууларды жана кайрылуунун башка тариздерин кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберүүгө;

7) кандай гана болбосун тариздерде чогулуштарды өткөрүүгө;

8) чогулуштарды фото- же видео тартууларды жүргүзүүгө;

9) башка адамдар тарабынан укукка каршы катылуулар болгон учурда, ички иштер органдарынан коргоону талап кылууга жана тынч чогулуш өткөрүүдө башка көмчк көрсөтүүлөрүн өтүнүү менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылууга;

10) медициналык жардам көрсөтүүнү жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерден коопсуз эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү талап кылууга;

11) ички иштер органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогулуштун максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдардын укук бузууларын жана аракеттерин токтотуу боюнча чараларды көрүүлөрүн талап кылууга;

12) мыйзамдарда тыюу салынбаган же чектелбеген башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.

 

10-берене. Тынч чогулуштун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын

милдеттери

 

1. Тынч чогулушту өткөрүүдө анын катышуучулары жана уюштуруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын талаптарын жана чогулуштун тынч мүнөзүн сактоого;

2) тынч чогулушту жөнгө салууга тартылган ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) коомдук тартипти жана тынч чогулушту өткөрүүнүн уюштуруучусу тарабынан белгиленген тартипти сактоого;

4) санитардык-гигиеналык мүнөздөгү маселелерди жөндөөчү ченемдик укуктук актыларды сактоого;

5) жайлардын, курулмалардын, жабдуулардын, эмеректердин, инвентарлардын жана башка мүлктүн, ошондой эле тынч чогулуш өткөрүлгөн жердеги өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга;

6) тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого.

2. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) эгерде өткөрүлгөн чогулуш алдын ала кабарландыруу мүнөзүндө болсо, тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан кабарландырууда көрсөтүлгөн аларды өткөрүүнүн шарттарын сактоолорун уюштурууга;

2) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан коомдук тартиптин жана аны өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

3) чогулушка тыюу салынганы же чектелгени жөнүндө маалыматтарды тынч чогулуштун катышуучуларына жеткирүүгө.

3. Чогулуштун катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) курал-жарак, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы пайдаланылышы мүмкүн болгон, ошондой эле мүлккө зыян келтирүү үчүн атайын даярдалган же ылайыкташтырылган нерселерди алып жүрүүгө;

2) алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же деңдароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө.

 

11-берене. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландыруу

 

1. Пландаштырылган тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарландыруусу аны өткөрүү күнүнө чейин 30 күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана 2 жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарландыруу кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо башка ыкма же таризде берилиши мүмкүн.

2. Кабарландыруу уюштуруучу (уюмдун аталышы жана (же) жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана (же) адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын каттамы, датасы жана башталуу жана аяктоо убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу тууралуу маалыматтарды камтыйт. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарландыруунун мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу.

3. Башка тынч чогулуштарды өткөрүү же жарандардын коопсуздугуна таасир этүүчү башка жагдайга тиешелүү так маалымат болгондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тынч чогулуштарды өткөрүү датасын, анын өтүүчү ордун, ошондой эле кыймылынын каттамын өзгөртүүнү сунуштоого укуктуу.

4. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландырган адамдар кабарландыруу алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарландыруу алууда ошол эле күнү жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү.

5. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу кабарландырууну кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарландыруу түшкөн датаны жана убакытты өзүндө камтуусу тийиш.

 

12-берене. Тынч чогулушту өткөрүүнүн орду

 

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн эмес.

 

3-глава

Тынч чогулуштарга тыюу салуу, чектөө жана токтотуу

 

13-берене. Укук бузуучуларга карата ички иштер органдары тарабынан

көрүлүүчү чаралар

 

Коомдук тартипти бузган, укукка каршы аракеттерди жасаган же жасоого шыкактаган, тынч чогулуштун максатына жетүүгө тоскоолдук кылган адамдар ашкереленген учурда, ички иштер органдары тынч чогулушту токтотпостон, андай адамдарга карата мыйзамдарга ылайык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

 

14-берене. Тынч чогулушка тыюу салуу же чектөө

 

1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө же аны токтотуу тууралуу чечим ушул Мыйзамда каралган негиздер болгондо, сот тарабынан кабыл алынат.

2. Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук караштуулуктагы аймактарында чогулуш өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда каралган негиздер болгондо жана чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө же өткөрүлүп жаткан чогулушка тыюу салуу жөнүндө ошондой эле чечим кабыл алууга укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ички иштер органынын чогулушту чектөө же тыюу салуу жөнүндө чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат, мындай чечим чыгарган орган аны чыгарган күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко кайрылууга милдеттүү.

3. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө арыз ал берилген күндөн тартып 24 сааттын ичинде сот тарабынан каралууга тийиш.

4. Чогулушка тыюу салууга же аны чектөөгө негиздер болгондугун сотто далилдөө жүгү сотко кайрылган арыз берүүчүгө жүктөлөт.

5. Чогулушка тыюу салууга же чектөөгө негиздердин болушуна карата кандай гана шектенүүлөр болбосун тынч чогулуш өткөрүү укугун жүзөгө ашыруунун пайдасына чечмеленет.

6. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө биринчи инстанциядагы соттун чечими ал чыгарылган күндөн тартып 24 сааттын ичинде жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн. Чогулушка тыюу салуу же аны чектөө жөнүндө соттун чечимине даттануу ал берилген күндөн тартып 24 сааттын ичинде жогору турган соттор тарабынан каралат. Соттордун чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Чогулушка тыюу салуу же чектөө жөнүндө соттордун чечимдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары тарабынан, чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ал чыккан күндөн тартып 24 сааттын ичинде оозеки жана жазуу жүзүндө жеткирилет.

8. Тыюу салуу же чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ички иштер органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ал чыгарылган учурдан тартып бул тууралуу оозеки жана жазуу жүзүндө токтоосуз маалымдайт.

 

15-берене. Тынч чогулушка тыюу салуу жана чектөө үчүн негиздер

 

1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү.

2. Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим чогулуш укукка каршы максаттарды, төмөнкүлөрдү көздөгөн учурларда кабыл алынышы мүмкүн:

1) согушту пропагандалаганда;

2) басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда;

3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда;

4) тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөрүүдө.

 

16-берене. Чогулушту чектөө жана токтотуу тартиби

 

1. Ага карата тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарылган чогулуш токтотулууга тийиш.

2. Чогулушту чектөө жана токтотуу боюнча иш-чаралар чогулушка тыюу салууда чогулуш өткөрүүнүн ордунан кетирүүгө, ал эми чектөөдө — чогулуштун ордун, убактысын же кыймылынын каттамын өзгөртүүгө зарыл болгон мөөнөттү берүү менен чогулуш өткөргөн жерде уюштуруучуларына жана катышуучуларына алдын ала кабарландыруу менен, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери менен жүзөгө ашырылат.

3. Чогулуштарды чектөө жана аларды токтотуу боюнча иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катышуусуна тыюу салынат.

 

17-берене. Чогулушту токтотууда күч колдонуу

 

1. Чогулушту күч колдонуу менен токтотуу акыркы чара болуп саналат.

2. Эгерде чогулуш укукка каршы максаттар менен күч колдонууга жана курал пайдаланууга барбаса, күч колдонууга, анын ичинде атайын күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын, колдо болгон каражаттарды, атайын каражаттарды жана курал колдонууга тыюу салынат.

3. Чогулушту токтотуу үчүн күч колдонуу, анын ичинде шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылган массалык башаламандык келип чыккан учурда, күч колдонуу, ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Чогулуш күч колдонуу менен токтотулган учурда, ички иштер органдары мындай аракеттерди колдонуунун себептерин көрсөтүү менен протокол түзөт, ал күч колдонуунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко токтоосуз берилет. Ушул талапты аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу чогулушту күч колдонуу менен токтотууну мыйзамсыз деп таанууга алып келет.

 

18-берене. Жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузууга жол берүүгө күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.

 

4-глава

Корутунду жоболор

 

19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

— «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы N 120 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 408-ст.);

— «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы N 192 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 7, 656-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө төмөнкү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:

1) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган;

2) ушул Мыйзамдын ченемдеринен келип чыккан.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев

 

2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган