Бишкек шаары

2012-жылдын 24-сентябры ПЖ N 204

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү

кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду

дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор жекшембиге, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

— шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана шаарлардын мэрлери тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин калыпка салууга, тактоого жана түзүүгө жана шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 2012-жылдын 25-сентябрында N 84 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев