Бишкек шаары

2011-жылдын 29-ноябры N 746

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө

түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

«Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелери бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте болбогон убакытта күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 29-ноябрындагы

N 746 токтому менен

бекитилген

 

Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө

түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун

ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

1. Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүү жана берүү

2. Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү

3. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

Тиркеме. Кыргыз Республикасында фирмалык аталышты каттоого өтүнмө

 

Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун ушул Эрежелери (мындан ары — Эрежелер) «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары — Мыйзам) ылайык иштелип чыкты.

 

1. Фирмалык аталышты каттоого

өтүнмө түзүү жана берүү

 

1. Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө берүү укугуна юридикалык жак, анын ичинде фирмалык аталышы Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз корголгон, аны милдеттүү пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүүлүк шартындагы юридикалык жак (мындан ары — өтүнмө ээси) ээ болот.

Фирмалык аталыштарды мамлекеттик каттоо ыктыярдуу болуп эсептелет.

2. Өтүнмө Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматында же башка өкүлдө катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилиши мүмкүн.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, эл аралык келишимдерге байланыштуу күчүнө кирген мыйзам менен белгиленген тартипте башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматында катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу фирмалык аталышты каттоого байланышкан иштерди жүргүзүшөт.

3. Өтүнмө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары — Кыргызпатент) түздөн-түз берилет же почта аркылуу жөнөтүлөт.

4. Юридикалык жактын фирмалык аталышы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 89-беренесинин талаптарына ылайык юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук формасын көрсөтүүнү жана жеке атын же айырмалоочу маанидеги атын камтууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында лицензиялануучу банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин фирмалык аталыштары, коюлган талаптар менен катар Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына да жооп берүүгө тийиш.

Банктарга өзүлөрүнүн аталыштарында же символикаларында кайсы тилде жана кайсы айкалышта болбосун, толук же кыскартылган түрдө, «Улуттук», «Борбордук», «Кыргызстандын Банкы», «Кыргыз банкы» деген сөздөрдү колдонууга тыюу салынат.

Мамлекеттиктен тышкары бардык банктарга өзүлөрүнүн аталыштарында кайсы тилде жана кайсы айкалышта болбосун, толук же кыскартылган түрдө, «мамлекеттик» деген сөздү колдонууга тыюу салынат.

Белгилердин аталышы катарында мурда түзүлгөн же түзүлүүчү банктардын анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банктардын аталыштарына окшош же аралашып кеткен даражага чейин окшош колдонууга жол берилбейт.

Бул тыюу салуу туунду банктардын негизги банктардын аталыштарын колдонуусуна жайылтылбайт.

Өзүнүн аталышын өзгөртүүнү каалаган банк, банктын аталышына ылайыктуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдын ала макулдугун алууга милдеттүү.

Фирмалык аталыштарда кандай айкалышта болбосун, «Кыргыз», «Мамлекеттик» жана «Улуттук» деген сөздөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышына көрсөтүүлөрдү колдонууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.

Жеке жак, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 58-беренесинин талаптарына ылайык, фамилиясын, аты-жөнүн камтуучу өзүнүн гана атынан ишкердик ишине укук алат жана аны жүзөгө ашырат. Жеке жак, ишкердик ишин жекелештирүүнү товардык белги катарында өз атын каттоо аркылуу жүзөгө ашыра алат.

5. Фирмалык аталыш катарында каттоого төмөндөгү белгилер кирбейт:

— Кыргыз Республикасынын аймагында белгилүү болгон юридикалык жактардын фирмалык аталыштарына дал келүүчүлөр;

— автордук укук ээсинин же анын укук мураскеринин макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын аталыштарына же алардын фрагменттерине дал келүүчүлөр;

— Кыргыз Республикасында белгилүү болгон адамдын макулдугусуз анын фамилиясына дал келүүчүлөр;

— белгилүү коммерциялык эмес уюмдардын аталыштарына дал келүүчүлөр же алар менен аралашып кеткен даражага чейин окшоштор;

— Кыргызпатентте катталган же каттоого көрсөтүлгөн фирмалык аталыштарга дал келгендер же бирдей же окшош ишкердүүлүк түрлөрү үчүн алар менен аралашып кеткен даражага чейин окшоштор. Бул учурда эгерде өтүнмө ээси айырмалоочу белгиге ээ болгон оозеки элемент түрүндө фирмалык аталышка толуктоо киргизсе («Эридан-медикал», «Эридан-декор» ж.у.с.), ишкердиктин ар кандай түрлөрү үчүн каттоого жол берилет;

— окшош же бирдей ишкердүүлүк түрлөрүнө карата, Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товарлар чыгарылган жердин аталыштарынын жалпы белгилүү товардык белгилеринин, башка ээлеринин оозеки же айкалыштырылган товардык белгилери (тейлөө белгилери) менен дал келүүчүлөр же аралашып кеткен деңгээлге чейин окшоштор;

— мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын аталыштары (кыскартылган же толук аталыштар) менен дал келүүчүлөр же алар менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшоштор;

— корголуучу өнөр жай менчиги объектисинин ээсин, анын турган жерин (дарегин), ишинин мүнөзүн же түрүн, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылган жана белгилүү болгон чет өлкөлүк юридикалык жактардын фирмалык аталыштары, товардык белгилери жана тейлөө белгилери менен окшоштугу жана бирдейлиги жагында керектөөчүнү адаштырууга алып келүүчүлөр;

— сапатын, касиетин, санын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалуулугу, алар өндүрүү ыкмасына, жерин жана убакытын көрсөтүүчүлөр. Мындай аталыштарга төмөндөгүлөр кирет: товарлардын сапатынын категориялык белгилери, товарлардын касиеттеринин көрсөткүчтөрү (анын ичинде мактоо мүнөзүндөгүлөр), чийки заттын (сырьенун) материалын жана курамын көрсөтүүлөр, товарлардын баалуулугун көрсөтүүлөр, товарлардын өндүрүлгөн датасы, товарларды даярдоочулардын жана ортомчу фирмалардын даректери;

— оозеки мүнөзгө ээ болбогон, өзүнчө тилдин (сандардын, тамгалардын) үчтөн аз бирдигинин айкалышынан туруучу өзүнчө тамгалар, сандар, тамгалардын жана (же) сандардын айкалыштары болуп эсептелүүчүлөр, жалпыга таанылган аталыштар (компания, ассоциация ж.б.), ошондой эле тилдеги типтүү сөздөр (эл аралык, жалпы ж.б.);

— жалпы колдонууга кирген, кадимки практикада тектүүлүк белгилерин алган — өзүнүн айырмалуу белгилерин жоготкондор. Мындай аталыштарга узак мезгилде пайдалануунун натыйжасында түрдүк түшүнүктөргө айланган белгилер кирет (сигареттер, геркулес, атыр ж.б.);

— өнөр жай тармагын же иш түрүн түз көрсөтүүчүлөр (самолет, автомобиль, соода жабдуулары, токулган кездеме ж.б.);

— товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келип чыгышын же түрүн көрсөтүүчү аталыштар (аары балы, сироп ж.б.);

— моралдын ченемдерине, гумандуулук принциптерине жана коомдук кызыкчылыктарга каршы келүүчүлөр. Мындай аталыштарга адамдык кадыр-баркты, диний сезимдерди шылдыңдоочу гумандуулукка каршы мүнөздөгү чакырыктар, адепсиз мазмундагы сөздөр кирет.

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган башка учурлар.

Ишкердиктин окшош түрлөрүнө карата, Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн фирмалык аталыш менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош белгилерди каттоого, бул белгини каттоого мындай фирмалык аталыштын ээсинин макулдугу берилген шартта жол берилет.

6. Өтүнмө бир фирмалык аталышка тиешелүү болууга тийиш.

7. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

— өтүнмө ээсин, ошондой эле анын жүргөн жерин көрсөтүү менен, фирмалык аталышты каттоого арыз;

— өтүнмө берилген фирмалык аталыш жана анын сыпаттамасы;

— каттоо суралган иштин түрлөрүнүн тизмеси.

Тастыктоо болуп статистикалык карточканын көчүрмөсү эсептелет.

8. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

— фирмалык аталышты бергендиги жана эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;

— юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

— тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн, статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү;

— патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилүүчү өтүнмөгө ага өтүнмө ээси тарабынан берилген жана анын ыйгарым укугун ырастоочу ишеним кат же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелет.

Кыргызпатенттин алдындагы өкүлчүлүккө ишеним кат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында караштырылган тартипте таризделет.

9. Өтүнмө жана өтүнмөгө тиркелүүчү документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Эгерде документтер башка тилде берилген болсо, аларга мамлекеттик же расмий тилге которулган варианты тиркелет, ал өтүнмө ээси тарабынан Кыргызпатентке өтүнмө берилгенде чогуу берилүүгө тийиш.

10. Өтүнмө эки нускада берилет.

Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер бир нускада берилет.

11. Өтүнмө ушул Эрежелерге карата тиркемеде келтирилген форма боюнча берилет.

«Өтүнмө» деген сөздүн үстүндө жайгашкан графалар өтүнмө ээси тарабынан толтурулбайт.

Эгерде кандайдыр бир маалыматтарды толугу менен тиешелүү графаларга жайгаштыруу мүмкүн эмес болсо, аларды ошол эле форма боюнча арыздын тиешелүү графасында «тиркемени кошумча барактан караңыз» деп көрсөтүү менен өзүнчө баракта келтиришет.

1-графада өтүнмө ээси жөнүндө төмөндөгү маалыматтар келтирилет:

— юридикалык жактын толук расмий аталышы (уюштуруу документине ылайык);

— ишканалар жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна (ИУЖК) ылайык юридикалык жактын коду — Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары үчүн;

— чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (мындан ары — ИМБДУ) SТ.3. стандарты боюнча өлкөнүн коду (эгерде ал белгиленген болсо).

2-графада юридикалык жактын өтүнмө берилген фирмалык аталышы жана анын сыпаттамасы көрсөтүлөт.

Сыпаттама өтүнмө берилген фирмалык аталыштын маңызын түшүнүү, аны идентификациялоо үчүн кызмат кылат.

Сыпаттамада билдирилген фирмалык аталыштын мүнөздөмөсү: бүтүндөй фирмалык аталыштын маани-маңызы келтирилет.

Эгерде фирмалык аталыштын маани-маңызга ээ болбосо, анда аны түзүү ыкмасы көрсөтүлөт, мисалы, бир нече сөздөрдүн баштапкы муундары, аббревиатура, ойлоп табылган сөз ж.б.

Эгерде фирмалык аталыш мамлекеттик жана расмий тилде эмес берилген болсо, эгерде фирмалык аталыштын негизги мааниси бар болсо, анда кыргыз же орус алфавитинин тамгаларынын транслитерациясы жана мамлекеттик же расмий тилге котормосу келтирилет.

3-графада өлкөнүн расмий атын камтуу менен, юридикалык жактын турган ордунун дареги көрсөтүлөт.

4-графада юридикалык жактын ишинин түрлөрүнүн тизмеси келтирилет. Экономикалык иштин түрлөрүнүн жалпы республикалык классификаторуна (мындан ары — ЭИЖК) ылайык коддор жана иш түрлөрү көрсөтүлөт.

5-графада өтүнмө ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтар келтирилет (толук дареги, фамилиясы, аты-жөнү, патенттик ишенимдүү өкүлдүн каттоо номери, телефону, факсы, е-mail).

6-графада кат алышуу үчүн дарек келтирилет (почталык дареги, адресаттын аты-жөнү же аталышы, телефону, факсы, е-mail).

«Тиркелүүчү документтердин тизмеси» графасы тиешелүү клеткаларда «X» белгисин коюу жана тиркелген документтердин ар биринде нускалардын жана барактардын санын көрсөтүү жолу менен толтурулат.

Түрлөрү өтүнмөнүн формасы менен караштырылбаган тиркелүүчү документтер үчүн, алардын ачык-айкын багыты көрсөтүлөт («башка документ»).

Өтүнмөнүн «Колу» деген акыркы графасын кол коюу датасын көрсөтүү менен толтуруу милдеттүү түрдө болуп эсептелет.

Өтүнмөгө өтүнмө ээси — уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлуп, анын кызмат оруну көрсөтүлөт, колу мөөр менен бекемделет.

Өтүнмөнү патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берген учурда өтүнмөгө патенттик ишенимдүү өкүл кол коет.

Коюлган кол аны койгон адамдын фамилиясын жана аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленет. Кошумча баракта кандайдыр бир маалыматтар келтирилген учурда ага ошол эле тартипте кол коюлат.

 

2. Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү

 

12. Кат алышуу ар бир өтүнмө боюнча өзүнчө, өтүнмө ээси же ага ыйгарым укук берилген өкүл тарабынан жүргүзүлөт.

Өтүнмө берилгенден кийин жиберилүүчү документтер анын номерин жана өтүнмө ээсинин же анын өкүлүнүн кол тамгасын камтууга тийиш.

Өтүнмөнүн номерин камтыбаган материалдар эгерде номерин кыйыр түрдө белгилөөгө мүмкүн болбосо, карап чыгуусуз кайтарылат.

Өтүнмө боюнча иш жүргүзүү процессинде жиберилүүчү материалдар Мыйзам тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө берилет. Эгерде мөөнөтү «… мезгилдин ичинде» деген сөздөр менен көрсөтүлсө жана мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келсе, мөөнөттүн бүткөн күнү андан кийинки жумуш күнү болуп эсептелет. Эгерде мөөнөттүн бүтүшү тиешелүү күнү жок айга туш келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

Эгерде өтүнмө боюнча кат алышууну өтүнмө ээсинин өкүлү ишке ашырса, Кыргызпатенттин кат-кабарларына байланышкан материалдарды берүү мөөнөтү алардын ушул кат-кабарларды алган күнүнөн тартып эсептелет.

13. Кыргызпатентте иш мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт. Башка тилде көрсөтүлгөн материалдарга алардын мамлекеттик же расмий тилге котормолору тиркелүүгө тийиш.

14. Өтүнмө боюнча чечим кабыл алынганга чейин өтүнмө ээси фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.

Өтүнмө ээсинин — юридикалык жактын аталышы өзгөртүлгөндө, бул өзгөртүүлөрдү тастыктоочу документ көрсөтүлөт.

Эгерде фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына киргизилген толуктоолор, оңдоолор жана тактоолор анын маңызын өзгөртсө (фирмалык аталыш өзгөрсө), анда Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүндө караштырылган артыкчылык ушундай өтүнүч кат келип түшкөн дата боюнча белгиленет жана Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө караштырылган мөөнөттүн эсептелиши ушундай өтүнүч кат келип түшкөн дата боюнча аныкталат.

Өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүдө белгиленген алым төлөнүүгө тийиш, ал эми ушул пункттун 3-пунктчасында караштырылган учурда, фирмалык аталышка жаңы эксперттөө жүргүзүү үчүн кошумча алым төлөнөт.

15. Өтүнмө ээси (анын өкүлү) таанышуунун убактысын жана датасын алдын ала макулдашуу аркылуу Кыргызпатентте түздөн-түз жана ошондой эле өтүнмөгө тиешелүү документтердин жана алардын бөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн суроо аркылуу, берген өтүнмөсү жана ага тиешелүү документтер менен тааныша алат.

16. Өтүнмө ээси эксперттөөнүн чечиминде көрсөтүлгөн материалдар менен таанышууга укуктуу.

Өтүнмө боюнча чечимди алгандан кийин 10 күндүн ичинде өтүнмө ээси Кыргызпатенттен бул материалдардын көчүрмөсүн сурай алат.

17. Өтүнмө ээсинин (анын өкүлүнүн) катышуусу менен өтүнмөгө байланыштуу маселелерди карап чыгуу өтүнмө берилген фирмалык аталышка карата эксперттөө тарабынан кошумча түшүндүрмөлөрдү, экономикалык иш түрлөрүнүн тизмесин алуу зарылчылыгы пайда болгондо жана каттоо шарттарына фирмалык аталыштын туура келүү маселелери боюнча эксперттөөнүн жана өтүнмө ээсинин көз караштарын билүү максаттарында жүргүзүлөт.

Мындай карап чыгуу Кыргызпатенттин сунушу боюнча же өтүнмө ээси тарабынан тараптар бул маселелер менен таанышкандан кийин жүргүзүлөт. Эксперттөөнүн маселелери жолугушуунун максаттуулугу, өтүнмө ээсинин аны жүргүзүү жөнүндө кошумча кабарланган сурамда суроолору баяндалышы мүмкүн.

Сурам жиберилген учурунда ага жооп өтүнмө ээси тарабынан Мыйзамда белгиленген мөөнөттө, өтүнмөнү карап чыгууга өтүнмө ээсинин катышууга ниеттенүүсүнө карабастан берилет.

Өтүнмөнү карап чыгуунун күнү жана убактысы алдын ала макулдашылат. Кырдаалдар өзгөргөн учурда, дайындалган убакытта өтүнмөнү карап чыгууга катышууга мүмкүнчүлүгү жок тарап бул жөнүндө экинчи тарапка дароо кабарлайт.

Эгерде Кыргызпатент же өтүнмө ээси өтүнмөнү биргелешип карап чыгуу эрте же максатка ылайыксыз деп эсептешсе, Кыргызпатенттин же өтүнмө ээсинин өтүнүчү кабыл алынбашы мүмкүн.

Алдын ала макулдашпастан өтүнмө ээси же анын өкүлү Кыргызпатентке келсе, анын катышуусу менен өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.

Өтүнмөнү карап чыгууга өтүнмө ээсинин өкүлүнүн катышуусу, ушул Эрежелердин шарттары сакталган учурда мүмкүн болот.

18. Мыйзамдын 9-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээсинин көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин берилген өтүнүч каты боюнча, жүйөлүү себептер бар болгондо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, сурамга жооп берүү мөөнөтү эки айга узартылышы мүмкүн.

Мындай учурда Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө караштырылган мөөнөттү эсептөө оңдолгон документтер келип түшкөн күндөн башталат.

Эгерде өтүнүч кат белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилсе, ошондой эле алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ көрсөтүлбөсө же төлөнгөн алымдын суммасы белгиленген өлчөмгө ылайык келбесе, суралган материалдарды берүү мөөнөтүн узартуу жүргүзүлбөйт.

Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетпесе же эксперттөөнүн сурамын жоопсуз калтырса, анда өтүнмө кайра чакыртылып алынган деп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

19. Мыйзамдын 16-беренесине ылайык өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлүп жиберилген төмөндөгү мөөнөттөр калыбына келтирилиши мүмкүн:

— эксперттөөнүн сурамы боюнча кошумча, оңдолгон жана такталган материалдарды берүүнүн мөөнөтү;

— фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу жөнүндө эксперттөөнүн чечимине карата Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешине (мындан ары — Апелляциялык кеңеш) каршылыгын билдирүү мөөнөтү;

— реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартууга Апелляциялык кеңешке каршылыгын билдирүү мөөнөтү.

Өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат өтүнмө ээси тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып үч айдан кеч эмес убакыт ичинде, ал боюнча мөөнөт өткөрүлгөн жүйөлүү себептер тастыкталган шартта берилет.

Өтүнүч кат менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ берилет.

Эгерде мындай документ берилбесе, өтүнүч кат берилбеген болуп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

Эгерде ушул пункттун 5-абзацында көрсөтүлгөн талаптардын бири эле сакталбагандыгы белгиленген болсо, өтүнүч кат канааттандырылбайт, бул жөнүндө өтүнмө ээсине билдирилет.

20. Мыйзамдын 7-беренесинин жетинчи бөлүгүнө ылайык өтүнмө ээси өтүнмөнү кайра чакыртып алууга укуктуу. Өтүнмөнү кайра чакыртып алуу жөнүндөгү өтүнүч кат аны карап чыгуунун кайсы этабында болбосун берилиши мүмкүн. Бул өтүнүч кат көңүлгө алынгандыгы жөнүндө кабарлоону өтүнмө ээсине жөнөткөн күндөн тартып өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелет.

Чакыртылып алынган өтүнмө боюнча андан ары юридикалык мааниси бар аракеттер жүргүзүлбөйт (мындай өтүнмөгө эксперттөө жүргүзүлбөйт, ал боюнча фирмалык аталышты каттоо жүргүзүлбөйт). Башка өтүнмөлөрдү эксперттөөдө чакыртылып алынган өтүнмө көңүлгө алынбайт.

Ушул пункттун 2-абзацынын жоболору ошондой эле чакыртылып алынган деп эсептелген өтүнмөлөргө карата колдонулат. Муну менен өтүнмө чакыртылып алынды деп эсептелген дата, өтүнмө чакыртылып алынгандыгы жөнүндө өтүнмө ээсине кабар жиберилген дата саналат. Кабарлоодо ылайыктуу негиздер көрсөтүлөт.

 

3. Кыргызпатентте өтүнмөнү карап чыгуу

 

21. Кыргызпатентке келип түшкөн өтүнмөнүн материалдарына кириш номери ыйгарылат жана алардын келип түшкөн күнү белгиленет.

Өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө кабыл алынган документтердин барактарынын санын жана алардын келип түшкөн күнүн көрсөтүү менен, өтүнмөнүн материалдарынын кабыл алынгандыгы жөнүндө тилкат берилет.

Фирмалык аталышты каттоого арыздын документтеринде өтүнмө ээси, өтүнмө берилген фирмалык аталыш жана анын сыпаттамасы, каттоо суралган иш түрлөрүнүн тизмеси, белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ, юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү бар болгондо, Кыргызпатентке өтүнмө берилген күнү белгиленет жана каттоо номери ыйгарылат (биринчи төрт сан өтүнмө берилген жылды билдирет, калган төрт сан — берилген жылдын сериясындагы өтүнмөнүн катар номери, чекиттен кийинки 9 саны — фирмалык аталыштын шарттуу белгиси).

22. Фирмалык аталышты эксперттөө, Кыргызпатентке өтүнмө келип түшкөн күндөн тартып, он беш жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

23. Эксперттөө эки этапта жүргүзүлөт:

— биринчи этапта зарыл болгон документтердин курамы жана алардын белгиленген талаптарга туура келүүсү текшерилет;

— экинчи этапта өтүнмө берилген фирмалык аталыштын Мыйзамдын 4 жана 5-беренелеринде белгиленген талаптарга туура келүүсү текшерилет.

24. Эксперттөөнүн биринчи этабын жүргүзүүдө берилген материалдардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келиши жана төмөндөгүлөрдүн бар экендиги текшерилет:

а) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган ордун көрсөтүү менен фирмалык аталышты каттоого арыз;

б) юридикалык жактын толук аталышын көрсөтүү;

в) өтүнмө берилген фирмалык аталыштын жана анын сыпаттамасынын;

г) ал үчүн каттоо суралган юридикалык жактын иш түрлөрүнүн тизмеси;

д) патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү жана дареги;

е) фирмалык аталышты бергендиги жана эксперттөө жүргүзүү үчүн белгиленген өлчөмдө төлөнгөн алымдын өлчөмү;

ж) юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

з) мамлекеттик же расмий тилде эмес берилген өтүнмөнүн же ага тиркелген документтердин котормосу;

и) патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат.

Фирмалык аталыштын артыкчылыгы фирмалык аталышты каттоого Кыргызпатентке арыз келип түшкөн дата боюнча белгиленет, б.а. милдеттүү түрдө, өтүнмө ээсин, өтүнмө берилген фирмалык аталышты жана аларга каттоо суралган иш түрлөрүнүн тизмеси түрүндө анын сыпаттамасын көрсөтүү менен фирмалык аталышты каттоого арыз, белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ, юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү бар болгон учурда белгиленет.

Кыргыз Республикасынын аймагында да кыйла мурда жана узак убакыт бою пайдаланылгандыгынан улам фирмалык аталыш белгилүү болгон учурда Апелляциялык кеңештин чечими боюнча артыкчылык, эгерде ал сотко даттанылбаган болсо, же соттун чечими боюнча пайдаланылып башталган дата боюнча белгилениши мүмкүн.

25. Эгерде эксперттөө жүргүзүү процессинде өтүнмө документтерди тариздөөгө карата талаптарды бузуу менен таризделгендиги белгиленсе, өтүнмө ээсине табылган мыйзам бузууларды көрсөтүү менен жана өтүнмө ээсине аны алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде жетишпеген же оңдолгон маалыматтарды же документтерди берүү сунушу менен сурам жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, жүйөлүү себептер бар болгондо жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, сурамга жооп берүү мөөнөтү эки айга чейин узартылышы мүмкүн.

Сурам үчүн негиз болуп, төмөнкүлөр эсептелет:

— өтүнмөнүн материалдарында ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн маалыматтардын жана документтердин жоктугу;

— эгерде документтер башка тилде берилсе, документтердин мамлекеттик же расмий тилге котормосунун жоктугу;

— төлөнгөн алымдын белгиленген өлчөмгө туура келбегендиги;

— юридикалык жактын толук фирмалык аталышын тактоо зарылдыгы;

— өтүнмө берилген фирмалык аталышты тактоонун зарылдыгы;

— ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесин тактоонун зарылдыгы;

— юридикалык жактын фирмалык аталышынын сыпаттамасын тактоонун зарылдыгы;

— берилген өтүнмө боюнча иш жүргүзүүнү улантуу үчүн тоскоол болуп жаткан ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди берүү зарылдыгы.

26. Кыргызпатенттин сурамы боюнча өтүнмө ээси тарабынан берилген кошумча материалдар келип түшкөндө өтүнмө ээси тарабынан алардын он жумушчу күндүн ичинде берүү талабынын аткарылгандыгы текшерилет.

Өтүнмө ээсинин белгиленген мөөнөттөрдү сактагандыгын текшерүүдө ушул Эрежелерди жетекчиликке алуу керек.

Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттү бузса жана ушул Эрежелерге ылайык аны узартуу жөнүндө өтүнүч катты бербесе, өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет.

Өтүнмө ээсинин өз демилгеси же Кыргызпатенттин сурамы боюнча берилген кошумча материалдар келип түшкөндө жана карап чыгууга кабыл алынганда, өтүнмө берилген фирмалык аталыштын маани-маңызынын өзгөрүшү текшерилет.

27. Юридикалык жактын ишинин түрлөрүн текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталат:

— өтүнмөдө көрсөтүлгөн ишкердик түрлөрүнүн мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүккө ылайык келе тургандыгы;

— өтүнмөдө көрсөтүлгөн ишкердик түрлөрүнүн ага ылайык коду, юридикалык жактын ишкердигини түрү(лөрү) көрсөтүлө турган Экономикалык ишкердүүлүктүн жалпы классификациясынын (ЭИЖК) классификаторуна ылайык келе тургандыгы.

28. Фирмалык аталышты эксперттөөнүн экинчи этабын жүргүзүүдө Кыргызпатент төмөндөгүлөрдүн маалыматтарын пайдаланат:

— юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактарынын мамлекеттик реестринин;

— статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринин;

— Кыргыз Республикасынын Фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестринин;

— Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринин;

— башка булактардын.

Өтүнмө берилген фирмалык аталыш Мыйзамдын 4 жана 5-беренелерине жана ушул Эрежелерге ылайык фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин жоктугуна текшерилет.

Өтүнмө берилген фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу үчүн негиздер боюнча текшерүүдө ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн фирмалык аталыш болуп эсептеле тургандыгы же мындай фирмалык аталышты камтый тургандыгы аныкталат.

29. Фирмалык аталыштардын дал келүүсүн жана окшоштуктарын аныктоо.

1) Эгерде ал бардык элементтеринде аны менен дал келсе, фирмалык аталыш башка фирмалык аталышка дал келген болуп эсептелет.

Эгерде ал алардын кээ бир айырмалуулуктарына карабастан, негизинен ошондой түшүнүк берсе, фирмалык аталыш башка фирмалык аталышка аралашкан деңгээлге чейин окшош болуп эсептелет.

Дал келүүчүлүгүн жана окшоштугун текшерүүдө төмөндөгү аракеттер ишке ашырылат:

— дал келүүчү жана окшош фирмалык аталыштарды издөө жүргүзүлөт;

— фирмалык аталыштарга издөө жүргүзүүдө өтүнмө берилген жана табылган фирмалык аталыштардын окшоштук деңгээли аныкталат.

2) Дал келүүчү же окшош фирмалык аталыштарды издөө.

Дал келүүчүлүгүн жана аралашкан деңгээлге чейин окшоштугун издөө төмөнкүлөрдүн арасында жүргүзүлөт:

— башка жактын атына кыйла мурдагы артыкчылыгы менен Кыргызпатентке каттоого өтүнмө берилген фирмалык аталыштардын. Мында каттоого берилген өтүнмөсү кайра сурап алынган фирмалык аталыштар, ошондой эле талашуу мүмкүндүгү жоюлган, каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган өтүнмөлөр же фирмалык аталышты каттагандыгы жана ага күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөнбөгөндүгүнө же өз убагында төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу фирмалык аталышты каттоо мүмкүн эместиги жөнүндө өтүнмө ээсинин дарегине кабарлоо жөнөтүлгөн өтүнмөлөр эсепке алынбайт;

— Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу жалпыга белгилүү товардык белгилердин башка ээлеринин фирмалык аталыштарын (же алардын бир бөлүгүн) камтуучу товардык белгилердин;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын мамлекеттик реестринин маалыматтарынын;

— Эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекцияларынын маалыматтарынын.

Оозеки фирмалык аталыштар төмөнкүлөр менен салыштырылат:

— фирмалык аталыштар катарында оозеки фирмалык аталыштар жана товардык белгилердин оозеки белгилери менен;

— оозеки элементтер кирген композициядагы товардык белгилердин айкалыштырылган белгилери менен.

Фирмалык аталыштардын окшоштугу үндүк (фонетикалык) жана маанилүүлүк (семантикалык) окшоштук болушу мүмкүн.

Үндүк (фонетикалык) окшоштук төмөнкүлөрдүн негизинде белгиленет:

— дал келүүчү муундардын болушу жана алардын жайгашуусу;

— салыштырылуучу фирмалык аталыштардын жакын же дал келүүчү үндөрүнүн болуусу;

— бири-бирине карата жакын үндөрдүн жана үндүк айкалыштардын жайгашуусу;

— фирмалык аталыштын курамындагы дал келүүчү үндүк айкалыштардын орундары;

— фирмалык аталышты түзүүчү үндөрдүн жакындыгы;

— үндүүлөрдүн курамынын жакындыгы, үнсүздөрдүн курамынын жакындыгы;

— басымдары;

— фирмалык аталыштардын дал келген бөлүктөрүнүн мүнөзү;

— бир фирмалык аталыштын башкасына кирүүсү.

Маанилүүлүк (семантикалык) окшоштук төмөнкүлөрдүн негизинде белгиленет:

— фирмалык аталыштарга киргизилген түшүнүктөрдүн, идеялардын окшоштугу;

— өз алдынча мааниси бар логикалык басым коюлган фирмалык аталыштын элементтеринин ичинен бирөөнүн дал келүүсү;

— фирмалык аталышка киргизилген түшүнүктөрдүн, идеялардын карама-каршылыктары.

Саналып өткөн факторлор ар бири өз алдынча, ошондой эле ар кандай айкалыштарда эсепке алынышы мүмкүн.

30. Фирмалык аталыштын Мыйзамдын 4, 5-беренелеринде, ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келгендиги аныкталганда, фирмалык аталышты каттоо жөнүндө 3 нускадан турган чечим чыгарылат, чечимдин 1 нускасы өтүнмө ээсине жиберилет.

Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечимде төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет:

— катталуучу фирмалык аталыш;

— фирмалык аталыштын ээсинин аталышы жана турган орду;

— өтүнмө берилген дата; фирмалык аталыш артыкчылык алган дата;

— юридикалык жактын ишкердигинин түрү(лөрү);

— юридикалык жактын ИУЖК боюнча коду.

Чечимде фирмалык аталыштын ээсинин аталышы арызда көрсөтүлгөн юридикалык жактын толук расмий аталышына так ылайык келгендей көрсөтүлөт.

31. Эгерде Мыйзамдын 9-беренесине ылайык жүргүзүлгөн фирмалык аталышты эксперттөөнүн натыйжасында фирмалык аталыш Мыйзамдын 4-беренесинин, 5-беренесинин 5-14-пункттарынын, 26-беренесинин жана ушул Эрежелердин талаптарына туура келбегендиги белгиленген болсо, фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат, андан кийин өтүнмө ээсине жиберилет.

Фирмалык аталышты каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимде Мыйзамга жана ушул Эрежелерге негизденген фирмалык аталышты каттоодон баш тартуунун себептери келтирилет.

Өтүнмө берилген фирмалык аталыштын Мыйзамдын 5-беренесинин 1-4 жана 15-пункттарынын жана ушул Эрежелердин талаптарына туура келбегендигин карап чыгуу Алелляциялык кеңештин компетенциясына тиешелүү, анын чечими ага макул болбогон учурда, сотко даттанууга берилет.

32. Өтүнмө ээси эксперттөөнүн чечими менен макул болбогон учурда, чечимди алган күндөн тартып, бир айдын ичинде Апелляциялык кеңешке өзүнүн каршылыгын билдире алат.

Каршылыгын билдирүүдө тиешелүү алым төлөнүүгө тийиш.

Каршылык Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, эки айдын ичинде каралып чыгууга тийиш.

Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбогондо, тараптардын кайсынысы болбосун, чечим кабыл алынган күндөн тартып, алты айдын ичинде ага сот тартибинде даттана алат.