Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

1998-жылдын 20-октябры N 132

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө»

Кыргыз РеспубликасынынН Мыйзамынын

26-статьясындагы «расмий документтер жана

билдирүүлөр» жана «эл алдында чыгып сүйлөөлөр»

деген терминдерди расмий чечмелөө тууралу

 

1-статья.

 

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын («Кыргыз туусу», N 114, 1992-жылдын 8-августу) 26-статьясындагы «расмий документтер жана билдирүүлөр» жана «эл алдында чыгып сүйлөөлөр» деген терминдер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

Расмий документтер жана билдирүүлөр — бул мыйзамдарда белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган жана мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн ар кандай документтер жана билдирүүлөр.

Эл алдында чыгып сүйлөөлөр — демейдеки үй-бүлө чөйрөсүнө жатпаган адамдардын кыйла саны катышкан жана билдирүүнү эл кабыл алгандыгына күбө болуучу эркин катышууга ылайыкталган жайда түздөн-түз же болбосо техникалык каражаттардын жардамы менен жарыяланган жалпы маалымат үчүн билдирүү.

Ушул расмий чечмелөө «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясында камтылган «расмий документтер жана билдирүүлөр» жана «эл алдында чыгып сүйлөөлөр» деген терминдерге гана таандык болот.

 

2-статья.

 

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

 

1998-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган