Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1997-жылдын 5-декабры N 88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө

1-статья. Мыйзамдын максаты

Ушул Мыйзам журналисттин кесиптик ишине байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, анын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, укуктук жана социалдык кепилдиктерди берет, журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын белгилейт.

2-статья. Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзамдар

Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан жана башка мыйзам актыларынан турат.

3-статья. Журналист

Журналист — материалдарды чогултуунун, талдоонун, редакторлоонун, даярдоонун жана маалыматты жайылтуунун үстүндө иштеген чыгармачыл кызматкер.

4-статья. Цензурага жол берилбестик

Кыргыз Республикасындагы массалык маалымат чөйрөсүндө цензурага жол берилбейт.
Журналисттен билдирүүлөрдү жана материалдарды алдын ала макулдашууну талап кылууга, ошондой эле материалдын же билдирүүнүн текстин өзгөртүүнү же басма сөздөн (ободон) толугу менен алып салууну талап кылууга эч ким укуксуз.
Журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, граждандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу таламдарына, тиешелүү маалыматка жетүүсүнө чек коюуга жол берилбейт.

5-статья. Журналисттин укуктары

Кесиптик ишин аткарууда журналист:
— маалымат чогултууга, талдоого жана жайылтууга;
— мамлекеттик органдардан, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга;
— мамлекеттик же болбосо башка корголуучу сырды, ошондой эле жетүүгө чек коюлган маалыматты камтыгандарды албаганда, документтерге, материалдарга жана маалыматка жетүүгө;
— журналисттик иликтөө жүргүзүүгө;
— даярдалган билдирүүлөрдү жана материалдарды массалык маалымат каражаттары аркылуу өзү кол коюп же болбосо жашыруун ат менен жайылтууга, аларда өз пикирин билдирүүгө;
— белгиленген тартипте жаздыруу, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен жаздыруу жүргүзүүгө;
— журналисттин ырастамасын көрсөтүү боюнча соттун ачык заседаниелерине, аскердик аракеттердин, табигый кырсыктардын зоналарына, массалык иш-чараларга, анын ичинде митингдерге жана демонстрацияларга катышууга;
— жарыялоого даярдалган маалыматтарды текшерүү үчүн адистерге кайрылууга;
— эгерде ал мыйзамды бузууга байланыштуу болсо, өзүнө массалык маалымат каражаты тарабынан берилген тапшырмадан баш тартууга;
— эгерде ал өзүнүн ынанымына карама-каршы келсе, материалды жаратуудан баш тартууга;
— автордук сырды сактоого;
— редакторлоо ишинин жүрүшүндө өз пикири боюнча анын мазмуну бузулуп калган өзү даярдаган билдирүүгө же материалга кол койбоого же аны басма сөздөн (ободон) алып салууну талап кылууга;
— журналист берген маалыматты жарыялоодо бурмалоого жол берген массалык маалымат каражаты тарабынан келтирилген моралдык зыянды компенсациялоону сот тартибинде талап кылууга;
— коомдук бирикмелерге, анын ичинде журналисттердин эл аралык уюмдарына кирүүгө укуктуу.
Журналист мыйзамдар тарабынан ага берилген башка укуктардан да пайдаланат.

6-статья. Журналисттин укуктарын кыянатчылык менен пайдалануунун
жол берилгистиги

Коомдук маанилүү маалыматтарды жашырып-жабуу же бурмалоо, маалыматтын ынанымдуулугуна жамынып ушак-айыңдарды жайылтуу максатында ушул Мыйзам тарабынан белгиленген журналисттин укуктарын пайдаланууга жол берилбейт.

7-статья. Журналисттин милдеттери

Кесиптик ишин жүзөгө ашырууда журналист:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдеринин талаптарын сактоого;
— даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн ынанымдуулугун текшерүүгө, ошондой эле калыс маалымат берүүгө;
— маалымат берген адамдардын алардын авторлугун көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөрүн канааттандырууга;
— соттун чечимисиз күнөөсүздүк принцибин сактоого;
— инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү.
Журналист кесиптик маалыматты өз максатында колдоно, адамдын жеке турмушу жөнүндө фактыларды жарыялай, ошондой эле аудио- жана көрмө жазуучу жабдууларды маалыматтын булагынын же автордун макулдугусуз пайдалана албайт.
Журналист мыйзамдар тарабынан каралган башка милдеттерди да тартат.

8-статья. Журналисттин кесиптик ишинин кепилдиктери

Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.
Кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат.
Сын материалдарды жарыялагандык үчүн журналистти куугунтуктоого жол берилбейт.
Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, ал кесиптик ишин жүзөгө ашырууда аны коргоону камсыз кылат.
Журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

9-статья. Журналисттик иликтөө

Журналист журналисттик иликтөө жүргүзүүгө укуктуу.
Журналист өзүнүн кесиптик иликтөөсүнүн натыйжаларын массалык маалымат каражаттарында жайылтууга, аларды мамлекеттик органдарга, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына өз ыктыяры менен берүүгө укуктуу. Журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө алынган материалдар жана документтер сот тартибинен тышкары алынып коюлбайт же текшерүү иретинде каралбайт.

10-статья. Журналистти аккредитациялоо

Журналист басма сөз басылмасынын, телерадиокомпаниянын (радиостанциянын), маалымат агентстволорунун, ошондой эле башка массалык маалымат каражаттарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органда же коомдук бирикмеде аккредиттелүүгө укуктуу.
Журналисттер аккредиттелген мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер аларга өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө алдын ала кабарлоого жана аларга зарыл болгон документтер менен материалдарды берүүгө милдеттүү.
Ал тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда же ал органдын же бирикменин чечиминин негизинде мамлекеттик орган же коомдук бирикме журналистти аккредиттөөнү токтотууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын журналисти чет өлкөлүк мамлекетте аккредиттелиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк журналист Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелиши мүмкүн.

11-статья. Чет өлкөлүк журналисттин Кыргыз Республикасындагы иши

Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк журналисттин Кыргыз Республикасынын журналисти менен тең укуктары жана милдеттери болот.
Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырууда чет өлкөлүк журналист Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

12-статья. Чет өлкөлүк журналистти аккредиттөөнү токтотуу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ал Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамын, башка мыйзам актыларын, ошондой эле эл аралык келишимдеринин эрежелерин бузган учурда чет өлкөлүк журналистти аккредиттөөнү токтотушу мүмкүн.
Чет өлкөлүк журналист Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аны Кыргыз Республикасында аккредиттөөнү токтотуу жөнүндө чечимине сотко даттанууга укуктуу.

13-статья. Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзамдарды
бузгандык үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик органдардын, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары:
— цензураны жүзөгө ашыргандык;
— журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылгандык;
— аккредиттөөдөн негизсиз баш тарткандык же аккредиттөөнү туура эмес токтоткондук;
— журналистке кысым көрсөткөндүк, анын кесиптик ишине кийлигишкендик;
— журналисттин материалдарын жана зарыл болгон техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып койгондук;
— журналистке ынанымсыз жана калыс эмес маалыматты бергендик үчүн жоопкерчилик тартат.
Журналисттин ушул Мыйзам тарабынан белгиленген укуктарын бузуу, анын ар-намысын жана кадыр-баркын мазактоо, ал тарабынан кесиптик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирүү, күч колдонуу же кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

14-статья. Журналисттин жоопкерчилиги

Журналист өзү даярдаган жана жайылткан билдирүүлөрдүн жана материалдардын ынанымдуулугу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Журналист расмий билдирүүлөрдө камтылган маалыматты жайылтуу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

15-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тарабынан ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

16-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1997-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл
алынган