Бишкек шаары

2011-жылдын 29-ноябры N 742

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

«Ынтымак» коомдук региондук

телерадиокомпаниясы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын калкынын улуттар аралык жана этностор аралык ынтымагын, маданияттар аралык өз ара байланышын, биримдигин чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматтарга, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ош облустук телерадиокомпаниясынын базасында «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы түзүлсүн.

2. «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги жана Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы телекөрсөтүү жана радиоуктуруу үчүн жыштыктарды бөлсүн.

4. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясын телерадиоберүү уюмдары үчүн ылайык келген жай менен камсыздасын.

5. Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын филиалдарын алардын ачылышына жараша зарыл болгон жайлар менен камсыздашсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:

— «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын телерадиоберүүлөрдү уюштуруусу үчүн гранттык каражаттарды тартуу боюнча чараларды көрсүн;

— «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын башкаруу органдарын түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.

7. Бул токтом 2011-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 29-ноябрындагы

N 742 токтому менен

бекитилген

 

«Ынтымак» коомдук региондук

телерадиокомпаниясы жөнүндө

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

2. Ишинин максаттары, милдеттери, принциптери жана предмети

3. Компанияны башкаруу тартиби

4. Финансылык жана чарбалык иштери

5. Программалык жана редакциялык саясат

6. Эсепке алуу жана отчеттуулук

7. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

Компаниянын ишин токтотуу тартиби

 

1. Жалпы жоболор

 

1. «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы (мындан ары Компания) — «Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн башкаруунун коомдук формасындагы мамлекеттик телерадиоберүү уюму.

Компания улуттар аралык жана этностор аралык ынтымакты, маданияттар аралык өз ара байланышты, Кыргыз Республикасынын элинин биримдүүлүгүн чыңдоо, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка, билим берүүчү, балдар, маданий жана оюн-зоок программаларына керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле коомдук берүүлөрдүн ролун жогорулатуу максатында түзүлдү. Бул максатка жетишүү үчүн берүү улуттук азчылыктардын тилдерин кошкондо түрдүү тилдерде жүргүзүлөт.

2. Компания өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Компаниянын ушул Жобосуна жана Уставына ылайык жүргүзөт.

3. Мамлекеттик тилдеги толук аталышы: «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы.

Расмий тилдеги толук аталышы: Общественное региональная телерадиокомпания «Ынтымак».

4. Компания юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, алыш-бериш жана башка эсептерге, өзүнө бекитип берилген мүлккө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка мөөрлөрү жана штамптары бар.

Компания Ош облустук телерадиокомпаниясынын укук улантуучусу болуп эсептелет.

Компания улуттук жана чет өлкөлүк мыйзамдардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө өз филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана кабарчылык пункттарын ачууга укуктуу.

5. Компаниянын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221.

 

2. Ишинин максаттары, милдеттери,

принциптери жана предмети

 

6. Компаниянын негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар жөнүндө толук жана туура маалымат алууга жарандардын укуктарын камсыздоо;

— мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөдөгү социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө калкка ыкчам маалымат берүү;

— өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;

— Кыргыз Республикасында жашаган элдин жана этностордун билим алууга болгон жана рухий керектөөлөрүн канааттандыруу, маданияттарды, тилдерди, салт-санааларды өнүктүрүү жана өз ара байланыштыруу;

— журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын, адам укугун урматтоону камсыздоо;

— мамлекеттик тилге окутуу программаларын, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн телерадио программаларды кошкондо экономикалык, публицистикалык, көркөм, окуу, оюн-зоок, спорттук маданий-билим берүү телерадио программаларын бийик кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде түзүү жана жайылтуу;

— программаларды, кино-, аудио-, видео- жана башка продукцияларды түзүү, сатып алуу, алмашуу, ушул продукцияларга жана интеллектуалдык менчиктин башка объекттерине автордук жана аралаш укуктарды алуу жолу менен аларды түзүүнүн чыгармачыл-өндүрүштүк процессин ишке ашыруу жана камсыздоо; Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө теле-, кино-, аудио-, видеопродукцияларды чыгарууга заказдарды алуу жана аткаруу;

— телекөрсөтүү жана радиосигналдарды спутник, эфир (жер бетиндеги берүү), цифралык, кабелдик, зымдуу байланыш (берүү) каналдары жана релейлик линиялар боюнча берүү жана жайылтуу жолу менен аны трансляциялоону жана ретрансляциялоону ишке ашыруу;

— байланыштын (берүүнүн) эфирдик (жер бетиндеги берүү), спутниктик, цифралык, кабелдик жана башка системаларынын иштеп жаткандарын эксплуатациялоо жана жаңыларын түзүү;

— Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө маалыматтын ар кандай түрүн чогултууну, алмашууну жана жайылтууну уюштуруу, өздүк маалымат фондун түзүү;

— маалыматтык мүнөздөгү басма, аудиовизуалдык, кино-, теле-, видео- жана башка продукциялардын бардык түрлөрүн чыгаруу жана жайылтуу;

— басма жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштуруу жана түзүү, маалыматтык агенттик түзүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көргөзмөлөрдү, аукциондорду, жарманкелерди, лотереяларды, тооруктарды, конкурстарды, фестивалдарды уюштуруу;

— инновациялык, ишке киргизүүчүлүк, уюштуруучулук, ортомчулук жана башка кызматтарды көрсөтүү;

— телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган бардык зарыл иш-чараларды жүргүзүү;

— рынок экомикасынын шарттарында иштөө үчүн телекөрсөтүү, радиоуктуруу, информатика жана коммуникациялар адистерин даярдоону уюштуруу;

— чет мамлекеттердин телерадиоуюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү;

— иштин башка түрлөрү.

7. Компания өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырат:

— редакциялык көз карандысыздыктын;

— маалыматтын калыстыгынын жана балансташкандыгынын;

— маалыматтын ыкчамыгынын жана тактыгынын;

— фактыларды жана баалоо ой-пикирлерин так чектөөнүн;

— пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн;

— ачык-айкындыктын жана ачыктыктын.

8. Принциптерди ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, ошондой эле Компаниянын ички актылары менен аныкталат.

9. Компания өз ишин мамлекеттик органдарга жана мекемелерге көз карандысыз өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенет.

 

3. Компанияны башкаруу тартиби

 

10. Компанияны Байкоочу кеңеш (мындан ары — Кеңеш) жана башкы директор башкарат.

11. Кеңеш Компаниянын жогорку башкаруучу органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон окумуштуулардан, педагогикалык жана чыгармачыл кызматкерлерден, коомдук уюмдардын кызматкерлеринен дайындалуучу жети мүчөдөн турат.

12. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкү адамдар боло алышпайт:

— мамлекеттик же муниципалдык кызматта тургандар;

— расмий кызмат ордун ээлегендер же саясий партиянын штатында тургандар;

— Компаниянын же башка берүүчүлөрдүн жетекчилери;

— каалаган деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органында шайланма кызмат ордун ээлегендер;

— берүү же телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү кызмат ордун ээлегендер.

Кеңештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда өзүнүн саясий ишин жана саясий уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотот.

13. Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укук берилген органы тарабынан ушул орган бекиткен тартипте окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар көрсөткөн жана сунуштаган талапкерлердин ичинен 3 жылга шайланат.

14. Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктаганга чейин үч ай мурун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Кеңештин мүчөсү ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда көрсөтүү бош орун пайда болгон күндөн тартып башталат.

15. Кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук негизде жүргүзүшөт, алар Компания менен ишкердик жана коммерциялык мамиледе болбоого жана бул үчүн сый акы албоого тийиш.

16. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары өздөрү шайланган мөөнөт бүткөндө токтотулат, ошондой эле төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

— жарандыгын жоготкондо;

— өзүнүн каалоосу боюнча;

— мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганда;

— каза болгондо же Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткарууга мүмкүндүгү болбой ооруп калганда;

— Кеңештин жыйындарына катары менен эки жолу жүйөөлүү себепсиз катышпай калганда;

— Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган учурда жана соттун өкүмү күчүнө киргенде.

17. Кеңеш жылына эки жолудан кем эмес чакырылат, бул учурда ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен жылдык жыйын өткөрүлөт, анда өткөн жыл үчүн иштин жыйынтыгы чыгарылат. Кеңештин кезексиз жыйыны Кеңештин төрагасынын, башкы директордун же болбосо анын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн биринен кем эмесинин өтүнүчү боюнча чакырылат.

18. Кеңештин жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

19. Белгиленген милдеттердин алкагында Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

— Компаниянын Уставын, Кеңештин Регламентин, Программалык концепциясын бекитүүгө, Компаниянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Компаниянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга;

— Компаниянын чыгымдар сметасын (бюджетин), пландуу документтерин жана финансылык отчетторун кароого жана макулдашууга;

— Компаниянын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин пайдалануу жөнүндө Компаниянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга;

— Компаниянын тиешелүү кызмат адамдарынан финансылык-чарбалык иштерди жүргүзүү менен байланышкан документтерди белгиленген тартипте сурап алууга;

— зарылдыгына жараша Жободо жана Уставда аныкталган милдеттерди чечүү үчүн Кеңештин мүчөлөрүнөн комиссияларды, жумушчу топторду түзүүгө;

— Компаниянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды жүргүзүүгө;

— документтерге көз карандысыз текшерүү, аудит жүргүзүү, Компаниянын иши боюнча консультацияларды алуу үчүн консультанттарды тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;

— Компаниянын ишине тиешелүү зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;

— Компаниянын ишинин маселелери боюнча Кеңештин дарегине келип түшкөн жана багытталган арыздарды жана жарандар менен уюмдардын кайрылууларын кароого;

— Компаниянын башкы директорун конкурстук негизде жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайлоого;

— Кеңештин жалпы курамынын үчтөн эки бөлүгү менен Компаниянын башкы директорун чакырып алууга;

— Кеңештин жалпы курамынын үчтөн эки бөлүгү менен башкы директор тарабынан анын орун басарын дайындоого жана бошотууга макулдук берүүгө;

— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктар.

20. Кеңеш өз курамынын ичинен Байкоочу кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлайт. Төрага Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле төмөнкү функцияларды аткарат:

— Кеңештин жыйналышынын убактысын, ордун жана күн тартибин аныктайт;

— Кеңештин жыйынын уюштурат жана өткөрөт, анын жыйындарында каралуучу маселелерди түзөт, жыйындарга жетекчиликти ишке ашырат;

— Кеңештин чечимдерин башкы директордун аткаруусун камсыз кылат.

21. Кеңештин жыйынына Байкоочу кеңештин катчысы протокол жазат. Катчынын статусу жана функционалдык милдеттери Кеңеш тарабынан аныкталат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

— жылдык, кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыруу, жыйындар үчүн зарыл материалдарды жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүнү;

— жылдык жана кезектеги жыйын өткөрүлгөнгө чейин 30 күн мурда, кезексиз жыйын өткөргөнгө чейин 10 күн мурда жыйын, анын күн тартиби, убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө билдирүүнү;

— Байкоочу кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү.

Башкы директор Кеңештин жыйындарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

22. Байкоочу кеңеш коомдук негизде иштейт. Кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык, финансылык жана башка камсыздоону Компаниянын аткаруучу органы ишке ашырат.

23. Башкы директор Компаниянын аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишинде Байкоочу кеңешке отчет берет. Башкы директордун эки орун басары болот.

24. Компаниянын башкы директору Компаниянын Байкоочу кеңеши тарабынан конкурстук негизде шайланат.

25. Башкы директордун жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттенмелери Компаниянын Уставында так регламенттелүүгө тийиш. Башкы директордун функционалдык милдеттери төмөнкү ыйгарым укуктарды камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

— Компаниянын учурдагы жана оперативдүү ишин жүргүзүү, Компаниянын өкүлчүлүктөрүн жана кабарчылык пункттарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин белгиленген тартипте чечүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү;

— Компаниянын иши менен байланышкан келишимдерди түзүү, буйруктарды чыгаруу жана кызматкерлер үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүү;

— Компаниянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жүргүзүү, бардык ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, мамлекеттик бийлик органдарда анын кызыкчылыгын коргоо;

— мекеменин кызматкерлеринин аткаруучулук тартибине контролдоо жүргүзүү, Байкоочу кеңештин бардык чечимдерин аткарууга жоопкерчилик тартуу.

26. Башкы директордун орун басарлары Байкоочу кеңештин макулдугу менен Компаниянын башкы директору тарабынан дайындалат.

 

4. Финансылык жана чарбалык иштери

 

27. Компаниянын финансылык иши республикалык бюджеттин, Өкмөттүк субсидиялардын, жарнамалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

Каржылоо ошондой эле кайрымдуулук, гранттык жана башка демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен да ишке ашырылышы мүмкүн.

28. Телерадиоберүү жаатындагы демөөрчүлүк иш төмөнкү шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш:

— демөөрчү демөөрчүлүк кылуучу телерадиоберүүнүн мазмунуна таасир этүүгө же анын эфирге чыгуу убактысын жана мөөнөтүн белгилөөгө укуксуз;

— демөөрчүлүк кылынуучу телерадиоберүү телерадиоберүүнүн башталышында жана/же аягында гана, ошондой эле жарнамага чейин жана/же үзүп берүүдө демөөрчү жөнүндө (аталышы же аты, эмблемасы, соода же болбосо фирмалык маркасы) так жана түшүнүктүү маалыматты камтышы керек.

29. Компания чарбалык иш жүргүзүүгө укуктуу, андан түшкөн кирешелер ушул Жободо аныкталган максаттарды ишке ашырууга жумшалат.

30. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.

 

5. Программалык жана редакциялык саясат

 

31. Компаниянын программалары коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш.

Коомдук берүүлөрдүн программалары жалпысынан саясатта, философияда, динде, илимде жана искусстводо колдонулуп жүргөн пикирлердин жана тенденциялардын кеңири диапазонун чагылдырышы керек. Алар бир тараптуу тартипте кайсыл бир партиянын же топтун, ассоциациянын, компаниянын, диндин же идеологиянын кызыкчылыгына кызмат кылбашы керек.

32. Компаниянын программалык артыкчылыктары коомдук пикирди иликтөөнүн натыйжаларын эске алуу менен аныкталат. Программалар демократиялык баалуулуктарды, өз ара түшүнүшүүнү, элдер ортосундагы тынчтыкты жана достукту коргоого тийиш.

33. Компания маалыматтык, социалдык, публицистикалык, маданий, билим берүүчү, балдар, өспүрүмдөр жана башка программаларын жайылтууга милдеттүү.

34. Чыгармачыл кызматкерлер журналисттик этиканын принциптерин камтыган этикалык стандарттарды жетекчиликке алышат. Маалымат берүүнүн башкы стандарттары тактык, тууралык, баланстуулук, толуктук жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактылар менен автордук түшүндүрмөлөрдүн так чектөөсү болууга тийиш.

35. Жашы жетпегендер, кылмыштардын курмандыктары, табигый кырсыктардан жана катастрофалардан жапа чеккендер жөнүндөгү материалдарда өзгөчө кылдаттык сакталат; жекече турмуш, шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана соттолуучуларга калыстык принциби урматталат, маалымат булактарына жана жашырын аттарга купуялуулук корголот.

36. Компания ушул Жобого жана ички актыларга ылайык кайсыл тема коомдук маанилүү болуп эсептелээрин өз алдынча аныктайт.

37. Компания белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарынын карамагындагы архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүүгө уруксат сурашы мүмкүн.

38. Компания жалпы эл үчүн жеткиликтүү болгон жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты жараткан социалдык-маданий жана башка иш-чараларга эркин жетүүгө укуктуу.

39. Программалык саясаттык кошумча эрежелери Байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат.

40. Компания Байкоочу кеңеш белгилеген жол-жобо боюнча башка уюмдарга программаларды чыгарууга заказ берет.

 

6. Эсепке алуу жана отчеттуулук

 

41. Компания бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (салык, социалдык, статистикалык ж.б.) отчетторду берет.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбей Байкоочу кеңеш тарабынан каралат жана бекитилет.

42. Компания жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбей өзүнүн иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

Компаниянын ар жылдык маалыматы (отчету) жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

 

7. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тартиби. Компаниянын ишин токтотуу тартиби

 

43. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Компаниянын Байкоочу кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилет.

44. Компаниянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотулат.