Бишкек шаары
2013-жылдын 3-июну N 310
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
боюнча кеңеш жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, жарандардын жана бизнес түзүмдөрүнүн мамлекеттик башкаруу системасына болгон ишенимин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин катчылыгы — Электрондук башкаруунун мамлекеттик борбору жөнүндө жобо;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин башкаруу схемасы.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор бул токтомдон келип чыккан сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы N 468 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жана региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 7-июнунда N 47-48 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев

Доступ к информации: как применяются нормы закона?
Интерньюс объявляет тендер по оценке потребностей для наблюдательного совета ОТРК
Комментарий ИМП касательно поправок в статью 329 УК КР
Молодые фотожурналисты Таджикистана получили призы