Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын 3-июнундагы

N 310 токтому менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

боюнча кеңеш жөнүндө

Жобо

 

1. Жалпы жоболор

2. Кеңештин негизги милдеттери

3. Кеңештин функциялары

4. Кеңештин укуктары

5. Кеңештин милдеттери

6. Кеңештин ишин уюштуруу

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш (мындан ары — Кеңеш) маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялаган консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аныктайт.

 

2. Кеңештин негизги милдеттери

 

4. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

— маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды реалдуу убакыт режиминде колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга көмөктөшүү;

— маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен ченемдик укуктук актыларды даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу процесстерине жарандардын кызыгуусун арттырууга жана ага тартууга көмөктөшүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоодо жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашырууда уюштуруучулук өзгөрүүлөргө көмөктөшүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоого жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашырууга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин активдүү катышуусун мотивациялоого көмөктөшүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоодо ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө жана ушул сыяктуу өз ара аракеттенүүнү жүргүзүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоону ишке ашырууда колдонулуучу маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдаланууда мамлекеттик кызматчылардын квалификациясын жана көндүмдөрүн жогорулатууну өнүктүрүүнү системалаштырууга көмөктөшүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоодо жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашырууда мамлекеттик жекече өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

— «Электрондук Өкмөт» инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

 

3. Кеңештин функциялары

 

5. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— мамлекеттик башкарууну реформалоодо жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жүргүзүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү;

— мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашыруунун багыттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;

— мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана «Электрондук Өкмөт» алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл ресурстардын булактарын жана көлөмдөрүн аныктоо;

— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик техникалык саясатты ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;

— мамлекеттик башкарууну реформалоонун ар бир этабында мамлекеттик башкарууну реформалоо өткөрүлүүчү жана «Электрондук Өкмөттүн» элементтерин киргизүүчү жерлерди аныктоо.

 

4. Кеңештин укуктары

 

6. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

— өзүнө жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык өз ишин жүргүзүүгө;

— өз функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан белгиленген тартипте маалыматты сурап алууга;

— өз жыйындарына мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырууга;

— өз компетенциясындагы маселелер боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизүү үчүн даярдоого;

— болгон проблемалар боюнча тиешелүү сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;

— маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышууга;

— маалыматтык системаны аттестациялоо эрежелерин Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган маалыматтык коопсуздуктун жана стандарттардын талаптарына ылайык иштеп чыгууга;

— маалыматташтыруу объекттерин маалыматташтыруунун өтө маанилүү объекттерине таандык кылуу эрежелерин иштеп чыгууга;

— маалыматташтыруунун өтө маанилүү объекттеринин тизмегин иштеп чыгууга;

— маалыматташтыруу коопсуздугунун деңгээли боюнча электрондук маалыматташтыруу ресурстарын жана маалыматтык системаларын градациялоо эрежелерин иштеп чыгууга;

— өз чечимдеринин аткарылышын контролдоого;

— жумушчу топтордун отчетторун угууга жана бекитүүгө.

 

5. Кеңештин милдеттери

 

7. Кеңеш мамлекеттик башкарууну реформалоонун жана «Электрондук Өкмөттү» ишке ашыруунун алкагында долбоорлорду аткаруунун сапатын камсыздоо системасын өнүктүрүү үчүн көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

 

6. Кеңештин ишин уюштуруу

 

8. Кеңеш зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.

9. Кеңештин жыйындарын төрага же анын тапшырмасы боюнча анын орун басары өткөрөт.

Кеңештин жыйыны анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн эки бөлүгү катышкан учурда укуктуу болуп саналат, мында чечим жыйынга катышкан мүчөлөрдүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

10. Кеңештин жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле анын учурдагы ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин катчылыгы — Электрондук башкаруунун мамлекеттик борбору жүзөгө ашырат.