Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-мартындагы
№ 132 токтомуна
3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Сот экспертинин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн
Тартиби

1. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын сот экспертинин мамлекеттик реестринин (мындан ары — Мамлекеттик реестр) максатын, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Мамлекеттик реестрдеги камтылган маалыматтар

3. Мамлекеттик реестрге сот эксперттери жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:

— фамилиясы, аты, атасынын аты;

— иштеген жери жана ээлеген кызматы;

— билими жөнүндө маалыматтар (качан жана кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөн), адистиги, кошумча, кесиптик билими, окумуштуулук наамы жана окумуштуулук даражасы;

— эксперттик адистиги;

сот экспертинин компетенттүүлүк сертификаты жөнүндө маалыматтар (компетенттүүлүк сертификатынын номери жана берилген күнү);

— компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалымат.

3. Мамлекеттик реестрди түзүү тартиби

4. Мамлекеттик реестрди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук-эксперттик мекеме (мындан ары — мекеме) жүргүзөт.

5. Мамлекеттик реестрдин жүргүзүлүшүн маалыматтык камсыздоо соттук-эксперттик уюмдар жана эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары — комиссиялар) тарабынан сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен ишке ашырылат.

6. Комиссия ушул Тартиптин 3-пунктуна ылайык сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды түзөт жана аларды Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн мекеменин дарегине жиберет.

7. Сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо, компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар комиссия чечим кабыл алган күндөн баштап беш иш күндүн ичинде мекемеге кагаз сактагычта жана электрондук түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилет.

8. Сот эксперттери жөнүндө маалыматтар мекемеге келген учурдан баштап беш иш күндүн ичинде Мамлекеттик реестрге киргизилет.

Эгерде сот эксперти жөнүндө маалыматтар өзгөрсө, соттук-эксперттик уюм сот эксперти жөнүндө маалыматтардын өзгөргөнү тууралуу маалыматты алган учурдан баштап он иш күндүн ичинде мекеменин дарегине маалыматтарды кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, жаңыланган маалыматтарды көрсөтүү менен Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберет.

9. Мамлекеттик реестр кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт.

10. Мамлекеттик реестрдин кагаз варианты боо менен көктөлөт, номерленет жана мекеменин мөөрү менен бекитилет. Беттердин номерлениши өтмө болот. Карандаш менен жазууга, чийип оңдоого, кырып өчүрүүгө, оңдоого, барактарды алып коюуга болбойт.

11. Мамлекеттик реестрдин электрондук варианты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.

4. Мамлекеттик реестрди пайдалануу тартиби

12. Соттук экспертизаны дайындоочу орган (кызмат адамы) сот эксперттери жөнүндө Мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтарды пайдаланат.

13. Зарыл болсо соттук экспертизаны дайындоочу орган (кызмат адамы) мекеменин дарегине сот эксперттери жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сурамды тариздейт.

14. Мекеме Мамлекеттик реестрден көчүрмөнү жазуу жүзүндөгү сурам келип түшкөн күндөн баштап беш иш күндүн ичинде жетекчинин же аны алмаштыруучу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүп берет.

15. Ал көчүрмө соттук экспертизаны дайындоочу жана сурамды тариздеген органдын (кызмат адамынын) дарегине жиберилет.

 

    Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобого
тиркеме

Форма

Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестри

Фамилиясы, аты, атасынын аты

Иштеген жери жана ээлеген кызматы

Билими жөнүндө маалымат; (качан жана кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөн), адистиги, кошумча, кесиптик билими, окумуштуулук наамы жана окумуштуулук даражасы

Экспертиза боюнча адистиги

Сот экспертинин компетенттүүлүк сертификаты жөнүндө маалымат (компетенттүүлүк сертификатынын номери жана берилген күнү), компетенттүүлүк сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалымат

Эскертүү