Бишкек шаары
1998-жылдын 4-августу N 114

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КОДЕКС

(Кыргыз Республикасынын
1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131, 2002-жылдын 10-мартындагы N 33,
2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2002-жылдын 22-июнундагы N 109,
2003-жылдын 17-февралындагы N 36, 2003-жылдын 19-февралындагы N 42,
2003-жылдын 11-июнундагы N 98, 2003-жылдын 11-июнундагы N 100,
2003-жылдын 28-июнундагы N 121, 2003-жылдын 5-августундагы N 191,
2003-жылдын 5-августундагы N 192, 2003-жылдын 9-августундагы N 193,
2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221, 2004-жылдын 15-февралындагы N 13,
2004-жылдын 9-мартындагы N 18, 2004-жылдын 11-мартындагы N 20,
2004-жылдын 11-июнундагы N 71, 2004-жылдын 26-июлундагы N 98,
2004-жылдын 27-июлундагы N 100, 2004-жылдын 2-августундагы N 102,
2004-жылдын 23-декабрындагы N 194, 2005-жылдын 25-февралындагы N 39,
2005-жылдын 5-мартындагы N 43, 2005-жылдын 18-июлундагы N 107,
2005-жылдын 18-июлундагы N 109, 2005-жылдын 5-августундагы N 121,
2005-жылдын 5-августундагы N 122, 2006-жылдын 27-январындагы N 16,
2006-жылдын 6-февралындагы N 35, 2006-жылдын 13-февралындагы N 52,
2006-жылдын 13-февралындагы N 53, 2006-жылдын 25-июлундагы N 127
2006-жылдын 26-июлундагы N 130, 2006-жылдын 8-августундагы N 159,
2006-жылдын 21-августундагы N 174, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 198,
2006-жылдын 28-декабрындагы N 212, 2007-жылдын 1-мартындагы N 29,
2007-жылдын 5-мартындагы N 31, 2007-жылдын 5-мартындагы N 32,
2007-жылдын 9-мартындагы N 33, 2007-жылдын 28-апрелиндеги N 65,
2007-жылдын 25-июнундагы N 91, 2007-жылдын 31-июлундагы N 130,
2007-жылдын 9-ноябрындагы N 162, 2008-жылдын 24-апрелиндеги N 64,
2008-жылдын 25-апрелиндеги N 67, 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 68,
2008-жылдын 2-июнундагы N 102, 2008-жылдын 2-июнундагы N 104,
2008-жылдын 11-июнундагы N 115, 2008-жылдын 23-июнундагы N 136,
2008-жылдын 28-июлундагы N 179, 2008-жылдын 4-августундагы N 185,
2008-жылдын 5-августундагы N 191, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 214,
2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы N 115
Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

52-статья. Массалык маалымат каражаттары аркылуу шайлоо алдында
үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу

Массалык маалымат каражатынын башкы редактору, журналист тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу —
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

53-статья. Талапкер жөнүндө жалган маалыматтарды атайылап жайылтуу

Шайлоонун жыйынтыгына таасир кылуу максатында депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер жөнүндө жарыялоо аркылуу же болбосо башка ыкма менен жалган маалыматтарды атайылап жайылтуу —
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

54-статья. Үгүттөөнү ага тыюу салынган мезгилде жүргүзүү

Шайлоо же референдумга байланыштуу үгүт жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында тыюу салынган мезгилде жүргүзүү —
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

55-статья. Дарексиз (анонимдүү) үгүттөөчү материалдарды даярдоо же
жайылтуу

Мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого, же болбосо референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде аларды чыгарууга жооптуу болгон уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматты камтыбаган үгүттөөчү басылма материалдарды даярдоо же жайылтуу —
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

56-статья. Үгүттөөчү басылма материалдарды атайылап жок кылуу же
зыянга учуратуу

Үгүт жүргүзүү өнөктүгүнүн мезгилинде имараттын, курулуштун же башка объектилердин менчиктөөчүсүнүн же ээсинин макулдугу менен аларга илинип коюлган депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин сүрөтүн, анын өмүр баяны жазылган плакатты же болбосо башка үгүттөөчү басылма материалдарды атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу —
эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

314-статья. Кара ниет атаандаштык

Башка чарба жүргүзүүчү субъектинин ишкердик беделине зыян келтирүүгө мүмкүн болгон жалган, так эмес маалыматтарды жайылтуу (так маалыматтарды бурмалап берүү), товарлардын мүнөзү, аларды даярдоонун ыкмасы жана даярдалган жери, касиеттери, колдонууга жарактуулугу же сапаты жагынан керектөөчүлөрдү жолдон чыгаруу, товардык белгини, фирмалык аталышты өзүм билемдик менен пайдалануу же жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгаруу, демпингдик бааларды колдонуу —
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

315-статья. Жалган жарнама

Жарнама берүүчү тарабынан керектөөчүнү жолдон чыгарган, товарларды өндүрүү же кызматтарды көрсөтүү же болбосо сатуу жөнүндө чындыкка ылайык келбеген маалыматтар камтылган жарнаманы, жалган маалыматты билип туруп жайылтуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты болбогон продукцияны жарнамалоо —
эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Массалык маалымат каражаттары тарабынан ушундай ишти аткарууга укук берген лицензиясын көрсөтпөстөн, дартты аныктоонун жаңы жана натыйжалуу ыкмаларын жана дарылоонун жогорку көрсөткүчтөрүн жарнамалоого өтүнүчтөрдү кабыл алуунун эрежелерин бузуу —
эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жети өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Жарнама берүүчү тарабынан массалык маалымат каражаттарында тиешелүү лицензиясы же уруксаты жок иштин түрлөрүн жасоого табыштамалардын берилиши, —
жарандарга он бештен жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга — үч жүздөн жети жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет.
(КР 2003-жылдын 9-августундагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

316-статья. Шаардагы, айылдагы калк конуштарда жарнаманы жайылтуу

Шаардагы, айылдагы калк конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын уруксатысыз жарнаманы жайылтуу —
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

317-статья. Алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки
буюмдарын жарнамалоо

Алкоголдук ичимдиктерди, тамекини жана тамеки буюмдарын жарнамалоонун эрежелерин бузуу —
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

317-1-статья. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу

Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу —
кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отузга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
(КР 2006-жылдын 6-февралындагы N 35, 2006-жылдын 6-декабрындагы N 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

318-статья. Медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды,
медициналык техникаларды жарнамалоо

Аларды өндүрүүгө жана (же) сатып өткөрүүгө аткаруу бийлигинин саламаттык сактоо жагындагы органдары тарабынан берилген уруксат жок болгондо медикаменттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, медициналык техникаларды жарнамалоо —
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

328-статья. Инвесторлордун баалуу кагаздар жөнүндө толук жана
объективдүү маалымат алуу укугун бузуу

Эмиссия проспектинде так эмес маалыматтарды көрсөтүү же баалуу кагаздарды белгиленген тартипте эмиссия проспектинде жарыялабай туруп, ачык сунуш кылуу же сатуу, ага тете эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө ачып берүү каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө -кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,- кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ачык түрдөгү акционердик коом тарабынан массалык маалымат каражаттарында жылдык бухгалтердик баланстын маалыматтарын, финансылык натыйжалар жана аларды пайдалануу жөнүндө отчетту жана өткөн жыл үчүн башка маалыматтарды жарыялабоо -кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

336-статья. Баалуу кагаздарды кара ниеттик менен жарнамалоо

Эгерде чыгаруунун шарттарында мындай төлөп берүүлөр каралбаса, баалуу кагаздар боюнча дивиденддер, пайыздар же башкача таризде кирешелер төлөп берүү түрүндө кирешелерди ачык гарантиялоо, же инвесторлордун потенциалдык жактан чектелбеген чөйрөсүнө баалуу кагаз боюнча болжолдонгон кирешенин өлчөмү жөнүндө анын наркын көбөйтүү жолу менен маалымат берүү, ага тете баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы шарттары жагында потенциалдуу инвесторлордун адашуусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген атайылап жалган же так эмес маалымат берүү -кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу
(Статьянын аталышыш КР 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:
1) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускалары контрафактылык болсо;
2) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында аларды даярдоочулар жөнүндө жана аларды өндүргөн жер тууралу жалган маалымат, ошондой эле керектөөчүлөрдү жолдон чыгарууга мүмкүн болгон башка маалымат көрсөтүлсө;
3) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында автордук же эриш-аркак укуктардын ээси тарабынан коюлган автордук укукту коргоонун белгиси же эриш-аркак укуктарды коргоонун белгиси жок кылынса же өзгөртүлсө, эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса —
чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына — ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган администрациялык ошол эле аракеттер жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, —
чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына — отуздан элүү администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык, конфискацияланган чыгармалардын же фонограммалардын нускалары, аларды автордук же эриш-аркак укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча бергенден башка учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
(КР 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Адмистрациялык Кодекс (