Бишкек шаары
2009-жылдын 20-июлу N 241

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 13-майындагы N 23 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ченемдик укуктук актыларды колдонуу
3-глава. Ченем жаратуу техникасы. Ченемдик укуктук актыларды
жол-жоболоштурууда коюлуучу талаптар
4-глава. Ченем жаратуу иш-аракети
5-глава. Ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруу
6-глава. Корутунду жоболор

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам ченем чыгаруу иш-аракетинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсүнө тийиштүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
мыйзамдар — коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар — бирдей эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (дал келбөөчүлүгү);
ченем жаратуу иш-аракети — ченемдик укуктук актыларды даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) — ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (кызмат адамы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
ченемдик укуктук акт — ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
ченем жаратуу техникасы — ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
мыйзамдардагы боштуктар — зарылдыгы колдонуудагы мамлекеттик укуктук системанын маңызы жана мазмуну, эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен шартталган укуктук ченемдердин жоктугу;
укук ченеми (укуктук ченем) — адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери;
ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү — ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат.

3-берене. Ченем жаратуу иш-аракетинин принциптери

Ченем жаратуу иш-аракети төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максатка ылайыктуулук;
адилеттүүлүк;
айкындуулук.

4-берене. Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү

1. Ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
Конституция — эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт;
конституциялык мыйзам — Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары — Жогорку Кеңеш) тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
кодекс — бир тектүү коомдук мамилелерди системалуу жөнгө салууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук акт;
мыйзам — белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы — Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары — Президент) чыгаруучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Жогорку Кеңештин токтому — Конституцияда, конституциялык мыйзамдарда, мыйзамдарда Жогорку Кеңештин карамагына киргизилген маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому — өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары — Өкмөт) тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому — өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому — өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия) тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору — өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу ченемдик укуктук актылар.
2. Башка аталыштардагы актылар (нускамалар, жоболор, эрежелер жана башкалар) ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.

5-берене. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)

Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу төмөнкүдөй органдар (кызмат адамдары) укуктуу:
Президент;
Жогорку Кеңеш;
Өкмөт;
Улуттук банк;
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.

2-глава
Ченемдик укуктук актыларды колдонуу

6-берене. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы

1. Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:
Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам;
конституциялык мыйзам;
кодекс;
мыйзам;
Президенттин жарлыгы;
Жогорку Кеңештин токтому;
Өкмөттүн токтому;
Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актылары;
ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук алган мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары.
2. Ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги тексти менен окшош болбогон учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска болуп эсептелет.

7-берене. Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу
ыкмалары

Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкмалар болуп төмөнкүлөр саналат:
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу;
ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо;
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте конституциялык эмес деп табуу;
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте жараксыз деп табуу;
ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу;
ченемдик укуктук актыны колдонууну токтото туруу;
ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табуу.

8-берене. Ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу

1. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгарууга укуктуу.
Ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндө ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгарууга жол берилбейт.
2. Башкага ыйгаруу жөнүндө актыда ыйгарым укуктар кайсы органга ыйгарылып жаткандыгы, конкреттүү ыйгарым укук жана анын мөөнөтү, ошондой эле ыйгарылган ыйгарым укук жүзөгө ашырылуучу актынын түрү көрсөтүлөт.
3. Тигил же бул ыйгарым укук ыйгарылган орган аны башка органга берүүгө укуксуз.
4. Өзүнө ыйгарылган ыйгарым укукту жүзөгө ашыруу тартибинде ченемдик укуктук актыны чыгарып жаткан орган ага тийиштүү ыйгарым укукту берген ченемдик укуктук актыга шилтеме кылат.

9-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу

1. Ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары алар күчүнө кирген күндөн тартып тийиштүү аймакта колдонулат жана аткарылууга жатат.
2. Эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, ченемдик укуктук акт мөөнөтсүз колдонулат.
3. Колдонуу мөөнөтү бүтүндөй ченемдик укуктук акт же анын структуралык айрым элементи үчүн белгилениши мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин актыны чыгарган орган актынын колдонулушун жаңы мөөнөткө узартууга же ага мөөнөтсүз мүнөз берүүгө укуктуу.
4. Ченемдик укуктук актынын же анын структуралык айрым элементинин колдонулушу белгилүү бир мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу өзүнчө ченемдик укуктук акт менен жүзөгө ашырылат.
5. Ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Бул эрежеге ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин артка карата колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда белгиленген учурлар, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.
Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт.

10-берене. Ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин)
колдонулушун токтотуу, аны жокко чыгаруу

1. Төмөнкүдөй учурларда ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат:
ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) эсеп кылынган мөөнөт бүткөндө;
мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) жоболоруна каршы келгенде же ченемдик укуктук актыны (структуралык элементти) өзүнө сиңирип алган жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;
мыйзамдарда белгиленген тартипте ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда;
ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) ушул актыны кабыл алган орган же буга ыйгарым укугу бар башка орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда же актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтото турулганда.
2. Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Өкмөт белгилеген тартипте мамлекеттик органдарга жиберилет.
Ченемдик укуктук актыны (анын структуралык элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп табуу анын колдонулушун токтотууга же болбосо ченем жаратуучу орган тарабынан мындай актынын (структуралык элементтин) андан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирилишине алып келет.
3. Бүтүндөй ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун жокко чыгаруу ушул ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи аны жокко чыгарган ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотот дегендикти билдирет.
4. Ченемдик укуктук актыны толугу менен же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу, эгерде күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса, ушул актыны же анын структуралык бөлүгүн күчүн жоготту деп тапкан ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып аталган ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу токтойт дегендикти билдирет.
Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготконго чейин пайда болгон укуктук мамилелер үчүн кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге алып келбейт.
5. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу жокко чыгарылганда же ал күчүн жоготту деп табылганда, эгерде жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, жокко чыгарылуучу же күчүн жоготту деп табылуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылар же алардын структуралык элементтери да өзүнүн колдонулушун токтотот.
6. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу, эгерде анын колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, токтото турулуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылардын же алардын айрым ченемдеринин токтото турулушуна алып келет.

3-глава
Ченем жаратуу техникасы. Ченемдик укуктук актыларды
жол-жоболоштурууда коюлуучу талаптар

11-берене. Ченемдик укуктук актынын формасына жана структурасына
коюлуучу жалпы талаптар

1. Ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, туюнтмаларды, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
2. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
3. Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор негизги ченемдик укуктук актыга киргизилет. Негизги ченемдик укуктук актыга аны өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
6. Ченемдик укуктук актыларда төмөнкүдөй реквизиттер болушу керек:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык актынын түрүнө карата көрсөтмө;
ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин билдирүүчү аталышы;
кабыл алынган жери жана датасы;
каттоого алуу номери;
тийиштүү ченемдик укуктук актыга кол коюуга ыйгарым укук берилген адамдын колтамгасы;
герб түшүрүлгөн мөөр.

12-берене. Ченемдик укуктук актылардын структуралык элементтери

1. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет.
2. Преамбула (киришүү) — ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
3. Көлөмү боюнча чоң ченемдик укуктук актылар (кодекс сыяктуулар) бөлүктөргө ажыратылат.
Ченемдик укуктук актынын бөлүгүндө бөлүмдөр камтылат, бөлүк сөздөр менен белгиленет жана анын аталышы болушу мүмкүн.
4. Бөлүм мазмуну боюнча өз ара жакын главаларды бириктирет.
Бөлүмдөр рим цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат. Көлөмүнө жараша бөлүмдөр бөлүмчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн. Бөлүмчөлөр араб цифралары менен белгиленет жана цифралардан кийин сапта ортолотуп баш тамгалар менен жазылган аталышка ээ болот. Эгерде ченемдик укуктук актыда главалар жок болсо, «бөлүм» деген структуралык элементти киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актылардын көлөмү чоң, мазмуну боюнча өз ара жакын беренелери (пункттары) главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат.
Ченемдик укуктук актылардын чоң көлөмдөгү главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфта𠫧» деген белги менен белгиленип, араб цифралары менен берилген иреттик номерлерге ээ болот.
6. Конституция, конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар беренелерден, башка ченемдик укуктук актылар — пункттардан турат.
Беренелер (пункттар) — ченемдик укуктук актынын ченемдик буйрумду камтыган негизги структуралык элементтери.
Колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдардын беренелерин кошпогондо, беренелер өз аталыштарына ээ болушу керек. Беренелер араб цифралары менен белгиленет жана укук ченемдерин камтуучу бөлүктөрдөн турат.
Берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пункттарга бөлүнөт, алар араб цифралары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Пункттар пунктчаларга бөлүнөт, пунктчалар алфавиттин кичине тамгасы менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Конституциянын беренелериндеги пунктардын, башка ченемдик укуктук актылардагы пункттардын аталышы болбойт жана чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пунктчалардан жана (же) абзацтардан, пунктчалар абзацтардан турушу мүмкүн. Пунктчалар араб цифралары же алфавит тамгалары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Абзац — пункттун же пунктчанын мааниси жагынан бирдиктүү болгон, биринчи саптагы чегинме менен бөлүнүп турган жана кичине тамга менен башталган бөлүгү, ал эми берененин (пункттун) бөлүгүнүн биринчи абзацы баш тамга менен башталат. Абзацтар үтүрлүү чекит менен бүтөт (акыркы абзацтан башкасы).
Эгерде берененин (пункттун) мурдагы абзацы (пункту) чекит менен аяктаса жана мааниси боюнча жаңы абзац менен улантууну талап кылса, кийинки абзац баш тамга менен башталат.
Абзацтын цифралык же тамгалык белгилениши болбойт.
7. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин номерлөө ырааттуу улантылышы керек.
Ченемдик укуктук актыларда ар бир пункттагы пунктчалардын, ар бир главадагы параграфтардын жана ар бир бөлүмдөгү бөлүмчөлөрдүн номерлениши улантылма эмес болушу, ар кимиси өз алдынча коюлушу керек.
8. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө жана ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп табууда анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Эгерде толуктоолор ченемдик укуктук актынын аягына киргизилсе, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, беренелердин, пункттардын буга чейинки номерленишин улантуу зарыл.
Эгерде ченемдик укуктук акт жаңы структуралык элементтер менен буга чейин бар болгон элементтердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, жаңы структуралык элементтер негизги цифралык же тамгалык белгилемелердин үстү жагына коюлуучу кошумча цифралар менен толукталышы керек.
9. Эскертмелер өздөрү тиешелүү болгон структуралык элементтин текстине тикелей киргизилет.
10. Ченемдик укуктук актылардын тиркемелери болушу мүмкүн, аларга ар түрдүү тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, схемалардын үлгүлөрү ж.б. жайгаштырылат.
Эгерде бир нече тиркеме болсо, анда «N» белгиси коюлбастан араб цифралары менен номерленет. Актынын текстинде тиркемеге шилтеме келтирилген учурда да «N» белгиси коюлбайт.
Ченемдик укуктук актынын жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей болот.
Тиркеменин белгилениши ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстинен кийинки беттин жогорку оң бурчунда, актынын катталган номери жана кол коюлган күнү көрсөтүлбөстөн жайгаштырылат.
Тиркеменин аталышы сапка ортолотуп жайгаштырылат жана карайтылган тамгалар менен берилет.

13-берене. Кодекстин структурасынын өзгөчөлүктөрү

1. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) бөлүмдөрү жалпы жана өзгөчө бөлүктөргө бириктирилиши мүмкүн.
2. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) жалпы бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылышы керек:
негизги жоболор (принциптер, түшүнүктөрдүн аныктамалары, негизги институттар);
адистештирилген ченемдик жоболор;
жогорку даражада жалпылаштырылгандыгы, туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү жана өзгөчө бөлүмдүн ченемдерин пайдаланууда (колдонууда) укуктук негиздерди түзүүчү бөлөк башталма ченемдик жоболор.
3. Кодификацияланган ченемдик укуктук актылардын өзгөчө бөлүгү төмөнкүдөй белгиленген ченемдерди камтышы мүмкүн:
мүмкүн болуучу жана талаптагыдай жүрүм-турумдун (юридикалык укуктар жана милдеттер) түрү жана ченеми (эрежеси);
укук ченемдерин мүмкүн болуучу бузуулардын терс натыйжаларынын түрү жана ченеми (юридикалык жоопкерчилик).

14-берене. Атайын белгилемелерди колдонуу

Ченемдик укуктук актылардын тексттеринде сүрөт, аббревиатура, эмблема, географиялык сүрөттөмө, символ жана башка түрдөгү атайын белгилемелер колдонулушу мүмкүн.
Ченемдик укуктук актыда колдонулган атайын белгилемелер өздөрү тиешелүү болгон атайын чөйрөдө колдонулуучу маанисинде түшүнүлөт.

15-берене. Ченемдик укуктук актылардагы кыскартылмалар жана
жалпылаштырылган түшүнүктөр

1. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) кыскартылган аталышын колдонууга мындай кыскартылган аталыш расмий болуп саналган учурда гана уруксат берилет. Ченемдик укуктук актыда объектти биринчи жолу сөз кылганда анын толук аталышы берилет, ал эми кашаанын ичинде кыскартылган аталышы көрсөтүлөт, андан ары ушул объект ченемдик укуктук актынын текстинде кыскартылган түрүндө берилет.
2. Мамлекеттик органдарды (уюмдарды) белгилөөчү жалпылаштырылган түшүнүктөр (сөздөр, сөз айкаштары) ченемдик укуктук актыларда кайсы болбосун мамлекеттик органга (уюмдарга) тийиштүү жалпылаштырылган түшүнүк колдонулган учурда гана пайдаланылат.

16-берене. Ченемдик укуктук актыларда шилтемелерди колдонуу

1. Ченемдик укуктук актыда анын структуралык элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын структуралык элементтерине карата шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же аларды кайталоодон оолак болуу максатында зарыл болгон учурларда гана колдонулат.
2. Конституцияга карата шилтеме колдонулганда Конституциянын кабыл алынган датасы жана башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.
3. Кодекске жана мыйзамга карата шилтеме колдонулганда ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
4. Башка ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата шилтеме колдонулганда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы;
ченемдик укуктук актынын кабыл алынган датасы, каттоо номери.
Ченемдик укуктук актыга шилтемелер бир нече жолу колдонулганда биринчи шилтемеден башка учурларда анын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
5. Ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата ошол эле ченемдик укуктук актыда шилтеме берүү «ушул» деген сөздү колдонуу менен жасалат.

17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп
табуунун тартиби

1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында «жаңы редакция» деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш.
Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет.
2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат.
3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат.
Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш.
5. Күчүн жоготту деп табылууга — ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат.
6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат.
7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат.
8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.

4-глава
Ченем жаратуу иш-аракети

18-берене. Мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштыруунун
өзгөчөлүктөрү

1. Өкмөт мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет.
2. Мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары Өкмөт белгилеген тартипте эске алынат.
3. Ченемдик укуктук актылар мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын планынан тышкары да даярдалышы мүмкүн.

19-берене. Ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасирин
талдоо

1. Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.
2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
3. Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.

20-берене. Ченемдик укуктук актынын долбооруна юридикалык жана
башка илимий экспертиза жүргүзүү

1. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык; антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө жатат (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша).
2. Илимий экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
долбоордун сапатына, негиздүүлүгүнө жана заманбаптыгына, долбоордо ченем жаратуу техникасынын сакталышына баа берүү;
долбоордун Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келишине баа берүү;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун натыйжа берүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
долбоорду ченемдик укуктук акты катары кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу социалдык, экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык жана башка терс кесепеттерин айкындоо жана аларга баа берүү;
илимий экспертизаны өткөрүүдө коюлуучу башка маселелерди кароо.
3. Ченем жаратуучу орган ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун илимий экспертизадан өткөрүү үчүн башка өлкөлөрдөн илимпоздорду жана адистерди чакырышы мүмкүн. Долбоор илимий экспертизадан өткөрүү үчүн эл аралык уюмга жиберилиши мүмкүн.
4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоого тикелей катышпаган адамдар гана эксперттер катары тартылат.

21-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аларды Президентке, Өкмөткө киргизүүдөн мурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары — Юстиция министрлиги) менен, мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен, ишкердик субъекттеринин иш-аракетин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча — ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, эгерде ченемдик укуктук актылардын ченемдери алардын компетенцияларына тийиштүү болсо — башка мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.

22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу

1. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
2. Ченемдик укуктук актынын долбоорун талкуулоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыккан субъект тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылынат:
ченемдик укуктук актынын текстине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, карап чыгуу жана жалпылоо;
келип түшкөн сунуштар тууралу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна карата маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
3. Ченем жаратуу иш-аракетинин субъекти талкуунун предметине тиешелүү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү, анын ичинде:
ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстин;
ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгынын негиздемесин;
долбоорду иштеп чыгууга катышкан, ошондой эле актынын долбоору алдын ала макулдашылган адамдардын жана уюмдардын тизмегин;
финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундуларын;
статистикалык маалыматтарды;
даярдалган ченемдик укуктук актыны колдонуунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук жана башка натыйжаларынын божомолун;
мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорун негиздөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
4. Коомдук талкууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды финансылоо ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган субъекттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.

23-берене. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү

1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
2. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн тартып башталат.
(КР 2011-жылдын 13-майындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук
актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү

1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
коштомо кат;
маалымкат-негиздеме;
салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе);
ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер — зарыл болсо;
жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар — зарыл болсо.
2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат.
5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет.

25-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун
маалымкат-негиздемесине карата негизги талаптар

Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер;
кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу;
коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы;
аны финансылоо булактарынын болушу.

26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу

1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укугу бар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте кабыл алынат.
Жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу орган ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
ченемдик укуктук актыны кабыл алууга;
себептерин көрсөтүү менен долбоорду четке кагууга;
өз сын-пикирлерин жана сунуштарын көрсөтүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга.

27-берене. Ченемдик укуктук актыларды каттоо

1. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар катталууга жатат.
2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзөт:
конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди жана мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын — Президенттин Администрациясы;
Жогорку Кеңештин токтомдорун — Жогорку Кеңештин Аппараты;
Өкмөттүн токтомдорун — Өкмөттүн Аппараты;
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
Улуттук банктын токтомдорун — Улуттук банк;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары.

28-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестри

1. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары — Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет.
2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин алып барууну Юстиция министрлиги мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө ишке ашырат.

Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 117 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому

3. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды таркатуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.
4. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт.

29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун
тартиби

1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат.
2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басмасөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.
3. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат.
4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.
5. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт.
6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланылууга тийиш.

30-берене. Ченемдик укуктук актылардын күчүнө кириши (колдонулушу)

1. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
(КР 2011-жылдын 13-майындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-глава
Ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруу

31-берене. Расмий чечмелөө (түшүндүрмө берүү)

1. Ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет.
2. Конституциянын ченемдерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан жүзөгө ашырылат.
Конституцияны кошпогондо, башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ошол ченемдик укуктук актыны кабыл алган ченем жаратуучу орган тарабынан ишке ашырылат.
3. Расмий чечмелөөдө ченемдердин мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, алардын мыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле бир эле түрдөгү коомдук мамилелердин ар кандай аспектилерин жөнгө салуучу башка ченемдер менен болгон функциялык жана башка байланыштары аныкталат.
4. Ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөө процессинде аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык келгендей түрдө, ал эми башка ченемдик укуктук актыларда камтылган ченемдер — Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга ылайык чечмелениши керек.

32-берене. Коллизияларды чечүүнүн тартиби

1. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алат.
2. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдери менен ажырымданган учурда мыйзамдын ченемдери кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонула алат.
3. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
4. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн компетенциясынын чөйрөсүнө кирген ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу үчүн мындай актыларга карата туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турууга милдеттүү.

33-берене. Боштуктарды жоюу

Ченемдик укуктук актыларда боштуктар табылганда ушул актыларды кабыл алган ченем жаратуучу субъекттер (кызмат адамдары) боштуктарды жоюу үчүн аларга тиешелүү толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.

34-берене. Ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо жана
көзөмөлдөө

1. Ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар субъекттер жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөөнү өздөрүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүргүзөт.

35-берене. Прокурордук чара көрүү актысы

1. Конституцияга, конституциялык мыйзамга, кодекске, мыйзамга каршы келген ченемдик укуктук актыга карата прокурордук чара көрүү актысы прокурор же анын орун басары тарабынан мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет.
2. Прокурордук чара көрүү актысы ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
3. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (ага макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.

6-глава
Корутунду жоболор

36-берене. Өткөөл жоболор

1. Колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун кошпогондо, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук актылар өздөрүнүн күчүн токтотот жана колдонулууга жатпайт.
2. Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.
3. ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө 2009-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7, 101-ст.);
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 1-пункту ((Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., N 12, 573-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., N 10, 376-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 11, 455-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 12, 537-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 171-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 2, 39-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 418-ст.);
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 11, 507-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 11, 496-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 9, 629-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2006-ж., 18-август, N 61);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин Тоо» газетасы, 2006-ж., 22-август, N 62);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 2, 144-ст.);
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 2, 150-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
зарыл учурда мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2009-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Прикрепленные файлы:
нормативно-правовых док кыр.doc