Бишкек шаары
2008-жылдын 20-марты N 35

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө

Ушул Мыйзам соттук өзалдынча башкаруу органдарын уюштуруунун жана анын ишинин негизги принциптерин аныктайт, алардын укуктук статусун белгилейт.

1-берене. Соттук өзалдынча башкаруу

1. Соттук өзалдынча башкаруу — бул өздөрүнүн органдары аркылуу соттордун ички иштеринин маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү сот коомдоштугун уюштуруу ыкмасы.
2. Соттук өзалдынча башкаруу сот бийлигинин коллегиялдуулук, ачык-айкындуулук, көз каранды эместик принциптерине; соттук өз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдардын шайлануучулук, алмашуучулук жана отчеттуулук принциптерине негизделет.

2-берене. Сот коомдоштугу

1. Сот коомдоштугу Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынан турат.
2. Отставкада жүргөн судья өзүнүн сот коомдоштугуна таандык экендигин сактап калат жана анын макулдугу менен отставка аяктаганга чейин сот коомдоштугунун органдарындагы ишке тартылышы мүмкүн.

3-берене. Соттук өзалдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасындагы соттук өзалдынча башкаруунун уюштурулушу, компетенциясы жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эларалык келишимдер менен макулдашуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат

4-берене. Соттук өзалдынча башкаруу органдары

1. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш милдеттерин жүзөгө ашырышат.
2. Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы;
2) Судьялар кеңеши.
3. Соттук өзалдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана иштешинин жана алардын өзара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы тарабынан аныкталат.
4. Соттук өзалдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта аткарышат. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын ишин камсыз кылуучу адамдардын статусу "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
5. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иши Регламент менен жөнгө салынат.
6. Талкууланган маселелер боюнча соттук өзалдынча башкаруу органдары чечимдерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге жана кызмат адамдарына бир айлык мөөнөттө каралууга тийиш болгон кайрылууларды кабыл алышат.
7. Соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органдарынын ыйгарым укуктары мөөнөттөрү аяктагандан кийин судьялардын кезектеги курултайы өткөрүлгөнгө чейин сакталып калат.

5-берене. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын негизги
милдеттери

Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:
— судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
— сот системасын жана сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
— мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана эларалык уюмдар менен болгон мамилелерде судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү.

6-берене. Судьялардын курултайы

1. Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары судьялардын курултайы) соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал курултайды өткөрүү датасын, убактысын жана жерин белгилейт. Судьялардын кезексиз курултайы Судьялардын кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.
Судьялардын курултайы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан да чакырылышы мүмкүн.
3. Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы, эгерде анын ишине Кыргыз Республикасынын судьяларынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелинет.
4. Судьялардын курултайына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Төрагасы, ал эми ал жокто Төраганын орун басары төрагалык кылат.
5. Эгерде курултай тарабынан чечим кабыл алуунун башкача тартиби белгиленбесе, курултайдын чечими катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

7-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы:
— Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын Регламентин жана Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өзалдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу дагы башка актыларды бекитет;
— бийликтин сот бутагынын саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз каранды эместигин камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коет;
— сот реформасынын концепциясын бекитет;
— судьялардын ар-намысы Кодексин бекитет;
— сот практикасынын проблемаларын жана мыйзамдарды өркүндөтүүнү талкуулайт;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, коомдук бирикмелерине, кызмат адамдарына жана жарандарына сот коомдоштугунун атынан кайрылууларды кабыл алат;
— Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;
— Судьялар кеңешинин отчетун угат;
— сот коомдоштугунун башка маселелерин чечет.
2. Судьялар курултайы сот адилеттигин аткаруу маселелерине кийлигише албайт.
3. Судьялар курултайынын чечимдери сот коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

8-берене. Судьялар кеңешин уюштуруу

1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары — Судьялар кеңеши) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат.
2. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат.
3. Судьялар кеңеши сот коомдоштугунун ичинен үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөсүнөн турган курамда түзүлөт.
4. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Сот департаменти тарабынан ишке ашырылат.
5. Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто — Төраганын орун басары жүзөгө ашырат.
6. Судьялар кеңешине Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, ошондой эле алардын орун басарлары кире албайт.
7. Судьялар кеңешинин төрагасы бардык маселелер боюнча акыркы болуп добуш берет.
8. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү катары менен эки мөөнөткө шайлана алышпайт.
9. Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.

9-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

1. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат.
2. Судьялар кеңеши:
— Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;
— соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;
— судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү маселелерди карайт;
— Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайын чакырат;
— сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;
— соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды коомдук экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат;
— мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;
— башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат;
— мамлекеттик органдардан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан алардын иштеши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;
— судьяларды жана сот аппараттарынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырат;
— сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт.
— сот системасынын бюджетти аткарышы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин отчетун угат;
— Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын окуу борборунун иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын окуу борборунун жетекчилеринин жылдык отчетторун угат.
Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ.
3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

10-берене. Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орунбасары

1. Судьялар кеңеши өз курамынын ичинен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орунбасарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.
2. Судьялар кеңешинин төрагасы:
1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишине жетекчилик кылат;
2) Судьялар кеңешинин орунбасарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коет;
4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыңда, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эларалык кызматташууну жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;
5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүп берет жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.
3. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аякталышына жараша токтотулат.
Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.
4. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орунбасары аткарат, ал эми төраганын орунбасары да жок болгон учурда Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткарып турууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.

11-берене. Каржылоо

1. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иши республикалык бюджеттен каржыланат.
2. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бюджет маселелери боюнча соттук өзалдынча башкаруу органынын атынан чыгат.

12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев

2008-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган