Право и СМИ Центральной Азии

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө

Бишкек шаары

2011-жылдын 14-июлу N 98

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын

2011-жылдын 12-октябрындагы N 170,

2012-жылдын 6-июлундагы N 99,

2012-жылдын 3-августундагы N 149,

2012-жылдын 12-октябрындагы N 172

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери

3-глава. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө

жалпы жоболор

4-глава. Райондук жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо

5-глава. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо

6-глава. Корутунду жоболор

 

 

1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

 

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

үгүт материалдары — шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

жарандардын активдүү шайлоо укугу — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;

жакын туугандары — ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырандылар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер менен эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;

жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери — Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси, шайлануучу кызмат адамы;

шайлоочулардын тобу — тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жалпы кызыкчылыктардын негизинде бириккен эки же андан көп шайлоочу;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ — Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же аны алмаштырган документ. Паспорттун ордун басуучу документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, офицердин (прапорщиктин) инсанынын ырастамасы, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык ырастама, айдоочунун ырастамасы кирет;

мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы — туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, контролдук-көзөмөлдүк иш-милдеттерди аткаруучу адам;

бирдиктүү шайлоо округу — администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы кирген шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону пропорциялык система боюнча жүргүзүүгө жол берилет;

шайлоочу — активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген жергиликтүү жамааттын мүчөсү;

шайлоо документтери — шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, шайлоонун маселелери боюнча алардын чечимдери, талапкерлерди, саясий партияларды, шайлоочулардын топторун каттоо документтери, участкалардын схемалары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;

шайлоо комиссиялары — Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;

шайлоо мыйзамдары — Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

жарандардын шайлоо укуктары — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу, шайлоонун өткөрүлүшүн, шайлоо комиссияларынын ишин, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле башка шайлоо аракеттерин аныктоону кошуп алганда байкоого катышуу укугу;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу — жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштери;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (мэрия, айыл өкмөтү) — тиешелүүлүгүнө жараша шаардык кеңештин же айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну, ошондой эле мыйзамдар жана жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

талапкер — ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин депутатынын кызматын шайлоо аркылуу ээлөөгө талапкер катары көрсөтүлгөн адам;

эл аралык байкоочу — мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл болгон адам;

жергиликтүү кеңеш — тиешелүү шаардын (шаардык кеңеш), айылдык аймактын (айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааты тарабынан түздөн-түз шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

жергиликтүү жамаат — жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин (айылдык аймактын, шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

көп мандаттуу шайлоо округу — бир нече депутат шайланган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш берген шайлоо округу;

байкоочу — талапкер, шайлоочулардын тобу, саясий партия жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан мыйзамдарда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө дайындалган адам;

жарандардын пассивдүү шайлоо укугу — Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;

укук коргоо органдары — тышкы иштер, улуттук коопсуздук, финансы полициясы, прокуратура органдары, бажы кызматынын органдары, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдар;

туруктуу жашаган жери — инсандыкты ырастаган документте каттоо эсебин алуучу органдардын каттоо белгиси менен ырасталган Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандын жашаган жери;

шайлоо алдындагы үгүт — Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши;

талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлү — тизмесине көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун атынан чыгуучу шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам;

шайлоочулардын тизмеси — добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси — тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда түзүлүүчү шайлоочулардын тизмеси, ага негиздүү жазуу түрүндөгү арыздын жана ушул Мыйзам менен белгиленген тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет;

талапкерлердин тизмеси — пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;

жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) уставы — мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын ишин жөнгө салуучу жергиликтүү жамааттын негизги укуктук актысы;

жергиликтүү жамааттын мүчөсү — тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү маселелерди чечүүдө жалпы кызыкчылыктар менен байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары

 

1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт.

3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.

4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

 

4-берене. Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү

 

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзам жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте мезгилдүү өткөрүлөт.

3. Төмөндөгүдөй учурларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же согуш абалы киргизилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын аймагынын өзүнчө бөлүгүндө — ошол аймакка өзгөчө же согуш абалы киргизилгенде.

 

5-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу

 

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөндөгүлөр жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары — Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) аймактык шайлоо комиссиялары: шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек, Ош жана башка шаардык, райондук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча (мындан ары — аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары — участкалык шайлоо комиссиялары).

2. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишинин уюштурулушу жана тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

 

6-берене. Шайлоо процессиндеги айкындык

 

1. Шайлоо комиссияларынын иши айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.

2. Тиешелүү шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн шайлоочулардын топтору же болбосо көрсөтүлгөн тизмедеги талапкерлер, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

3. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын өткөрүп берүү аркылуу добуш берүүнүн жүрүшүнө жана натыйжаларына байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтык шайлоо системасы пайдаланылат. Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө алынган маалыматтар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп саналат. Маалыматтык шайлоо системасын пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

 

7-берене. Байкоочу

 

1. Талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн шайлоочулардын тобу, саясий партия (мындан ары — саясий партия), башка коммерциялык эмес уюм мыйзамдар менен белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого катышуучу байкоочу дайындоого укуктуу.

2. Байкоочу аны дайындаган уюмдан жолдомо тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Мыйзам менен каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ал жөнөтүлгөн шайлоо участкаларынын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгү менен каралган чектөөлөр анда жок экендиги жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо паспортун же анын ордун басуучу документин көрсөткөндө жарактуу болот. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

3. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.

Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, катталган талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдары, ошондой эле шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматындагылар байкоочу болууга укуксуз.

4. Байкоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылуу үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында болгон шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнү сутканын ар кандай убагында добуш берүү үчүн жайда болууга;

7) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш бергенде катышууга;

8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;

9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана шайлоо участкалары жана шайлоо комиссиялары болбосун катышууга;

10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул Мыйзам менен белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөнү байкоого; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү байкоого; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка шайлоо документтердин түзүшүн байкоого;

11) өзү жөнөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, а ал жок учурда — аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;

12) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

13) протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн шайлоо комиссиясынан алууга;

14) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайтадан саноого катышууга;

16) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;

17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жолтоо болбостон фото-, көрмөтартууну, үн жазууну жүзөгө ашырууга.

5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

8-берене. Эл аралык байкоочулар

 

1. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жиберген чакыруу болгондо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.

2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

3. Эл аралык байкоочулар эркин ары-бери жүрүүгө жана бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарында болууга укуктуу.

4. Эл аралык байкоочулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;

2) пресс-конференцияларды өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;

3) шайлоочулардын добуштарынын жашыруундулугун бузбастан фото- жана көрмөтартууларды, үн жазууну жүзөгө ашырууга;

4) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;

5) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоо жүргүзүүгө;

6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;

7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;

8) шайлоону маалыматтык камсыз кылынышына байкоо жүргүзүүгө.

5. Эл аралык байкоочулар өзүнүн статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы алар ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда эл аралык байкоочунун аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

9-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү

 

1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазуу жүзүндөгү билдирме келип түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет.

2. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдорду жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерде добуш берүү күнү фото- жана көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы алар шайлоо мыйзамдарын бузган учурда жалпыга маалымдоо каражатынын аккредиттелишин чакыртып алууга укуктуу.

5. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

10-берене. Шайлоо округдарын түзүү

 

1. Шайлоо системасына жараша тиешелүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:

1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;

2) шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ушул Мыйзам менен белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын чек араларын карайт жана бекитет.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

 

11-берене. Шайлоо участкаларын түзүү

 

1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участкалары түзүлөт.

2. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүгө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен ар бир участкада 2500 шайлоочудан ашпаган эсебинде түзүлөт. Участкалардын чек араларына шайлоо округдарынын чек араларынын кесип өтүшүнө жол берилбейт.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

 

12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого

шайлоочулардын тизмелери

 

1. Шайлоочулардын негизги тизмесин түзүү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмелерине, шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

2. Шайлоочулардын тизмесин түзүү, шайлоолордун ортосундагы мезгилде катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана тактоо Борбордук шайлоо комиссиясынын милдети болуп саналат. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүгө жана шайлоо комиссияларынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча катталган жарандарга тиешелүү болгон ар кандай маалыматты берүүгө милдеттүү.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмесин топтоодо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык топтолгон шайлоочулардын негизги тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды алып салат.

4. Шайлоочулардын тизмеси эки нускада түзүлүп, аларда шайлоочулар жөнүндө маалыматтар алфавиттик тартипте (калктуу пункттар, көчөлөр, үйлөр, квартиралар боюнча) жайгаштырылат. Ар бир шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмелерине кол коюлат жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрү басылуу менен добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирилбестен бирден нускасы тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет.

5. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын тизмелерине номер коюлууга, көктөлүүгө жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

6. Шайлоочулардын тизмелеринин аныктыгы, толуктугу жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өз убагында берилиши үчүн жоопкерчиликти аймактык шайлоо комиссиялары тартат.

7. Жаранды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу жарандарды мамлекеттик каттоону (эсепке алууну) жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдардан алынган маалыматтардын же ошол шайлоо участкасында добуш берүүгө укуксуз экендиги жөнүндө паспортто чагылдырылган маалыматтар ырастаган шайлоочунун өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Мында шайлоочулардын тизмесинде жаранды тизмеден чыгаруунун датасы жана мындай чыгаруунун себеби көрсөтүлөт. Бул жазуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн, алар даттанууну ушул Мыйзам менен бекитилген тартипте кароого милдеттүү.

8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмелерине киргизүү же киргизбөө жөнүндө, шайлоочулардын тизмелериндеги каталар же так эместиктер жөнүндө маселени чечүүдө шайлоо комиссияларына зарыл көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

9. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан областтар боюнча жалпыланат жана добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпы таанышуу, каталардын, так эместиктердин жоктугун шайлоочулардын тактоосу үчүн шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери жана туулган жылы жөнүндө маалыматтарсыз Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

Расмий сайтка жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси аймактык шайлоо комиссиясынан маалыматтардын келип түшүшүнө жараша туруктуу жаңылоого жатат.

 

13-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу

 

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда илип коюуга милдеттүү.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги жөнүндө шайлоочуга кабар жиберүүгө милдеттүү.

3. Ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Шайлоочунун бул арызына жооп шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилген же болбосо так эместиктер оңдолгон күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот жана алынган маалыматтарды арыздарга тиркеп, шайлоочулардын тизмеси менен бирге аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

5. Аймактык шайлоо комиссиясы 7 календардык күндүн ичинде арыздарда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүнү жүзөгө ашырат, шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен номери коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен ырасталган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берет.

6. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.

 

14-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону

жана өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу

 

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фонддорунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Финансылоо тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары жана шайлоо комиссияларынын ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзам менен белгиленет.

2. Чет өлкөлүк мамлекеттер чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, маалыматтык, билим берүүчүлүк, илимий-изилдөөчүлүк программаларды, шайлоону техникалык даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар тарабынан шайлоону финансылоого тыюу салынат.

 

15-берене. Шайлоо фонддору

 

1. Жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди сунуш кылганга чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын тобу өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн каржы маселелери боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмеси каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

2. Талапкер же талапкерлердин тизмеси катталган учурда талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын топтору шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорунун ачылган эсебин жүргүзүүнү уланта берет.

Талапкерлердин тизмесинин курамында пайдаланууга чыккан талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.

3. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонду төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өз каражаттарынан;

2) ушул берененин 4-бөлүгүндө саналып өткөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан.

Шайлоо фондунун чек өлчөмү ушул Мыйзам менен аныкталат.

4. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылышына тыюу салынат:

1) чет өлкөлүк мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;

2) жарандыгы жок адамдардын;

3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын;

5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

7) укук коргоо органдарынын, соттордун;

8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;

9) диний уюмдардын;

10) жашыруун кайрымдуулук кылгандардын.

5. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун шайлоо фондуна мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызы бар, юридикалык жакты түзбөгөн ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык, жеке жактардын акча каражаттарын кошушуна тыюу салынат. Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан шайлоо фондуна акча каражаттары которулган учурда жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

6. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддоруна келип түшүп жаткан акчалай каражаттар шайлоо дайындалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнөн эсептелет. Белгиленген өлчөмдөн ашык келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандар менен уюмдарга кайтарып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

7. Кайталап добуш берүү жүргүзүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун бардык чыгымдарынын жалпы чектелген суммасы бир жарым эсе көбөйтүлүшү мүмкүн.

8. Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.

9. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

10. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

11. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

12. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо боюнча чараларды уюштуруу-техникалык камсыз кылууну каржылоого;

2) шайлоо алдындагы үгүткө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан иштерди (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;

4) шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жайларды, жабдууларды ижаралоого төлөөгө, транспорттук жана иш сапар чыгымдарына, байланыш кызматына, кеңсе товарларын сатып алууга жана башка чыгымдарга.

13. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү ишке шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) жактан колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке жактарга шайлоого тикелей же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызматтарды, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.

14. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна жумуштарга жана тейлөө кызматтарына акы төлөөгө, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо алдындагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.

15. Банк же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун атайын эсебинде турган каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде билдирип турууга милдеттүү. Бул маалыматтар түшүшүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.

16. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия (шайлоочулар тобу) талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды киргизген жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан чыгымдар аларды киргизген жарандар менен уюмдардын эсебинен жабылат.

17. Талапкердин шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү иш аткаруу жөнүндө (кызмат көрсөтүү жөнүндө) жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдери (макулдашуулары) талапкердин жеке өзү же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун атайын эсептеринен акы төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берилүүчү күндүн алдындагы күндөн кечиктирилип түзүлүшү мүмкүн эмес.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.

18. Кайталап добуш берүү өткөрүүдө ага карата кайталап добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкердин атайын эсеби боюнча финансылык операциялар кайталап добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайталап добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18де токтотулат.

19. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берет. Ушул Мыйзам менен белгиленген шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна алар өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына бергенден кийин кайра кайтарылат.

20. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыгы талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна кайтарып берилет.

21. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулукка жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордон чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

 

16-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын,

талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын

топторунун шайлоо фонддорунун каражаттарынын

чыгымдалышына контролдук кылуу

 

1. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем болбогон контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

3. Контролдук-текшерүү тобуна контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери кирет. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып суроо-талап боюнча 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү.

4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги ишинен бошотулат, аларга иши (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөрү сакталат. Көрсөтүлгөн ишке тартылган адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:

1) талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;

2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан, шайлоо комиссияларынан суратат жана алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторун шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө тике байланышкан дагы башка иш-чараларын жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сакталышын контролдойт;

4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле контролдук-текшерүү тобунун карамагына таандык маселелер боюнча жарандарга кайрылат, шайлоону финансы жактан камсыз кылууга байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. Контролдук-текшерүү топтун кайрылуусуна жооптор жана ал тарабынан суралган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүүчү күнгө чейин 5 жана ага жетпеген календардык күндөрдүн ичинде жана добуш берилүүчү күнү дароо берилет;

5) шайлоону финансылоодо финансылык бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;

6) талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын тобуна, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда жол берилген бузуулар үчүн жарандарга жана юридикалык жактарга жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына маселелерди коет;

7) эксперттерди текшерүү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик бааны даярдоого тартат.

 

17-берене. Талапкерлердин статусу

 

1. Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бирдей милдеттерди тартат.

2. Саясий, жогорку администрациялык жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жетекчилеринин кызмат орундарын, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашуун болгон үлүшү бар юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн кызмат орундарын издеген талапкерлер өзүнүн кызматтык ордунун жана кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга укугу жок.

Өзүнүн кызматтык милдеттеринин же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу деп, бул Мыйзамда төмөндөгүлөр түшүнүлүшү керек:

1) көрсөтүүгө жана (же) шайланууга көмөк көрсөтүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн баш ийген же кызмат жагынан башка көз карандылыкта турган адамдарды, мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды тартуу:

2) көрсөтүүгө (сунуштоого) жана (же) шайланууга көмөк көрсөтүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды, эгерде ушул эле жайларды ушундай эле шарттарда башка талапкерлер пайдалана албаса, пайдалануу;

3) шайлоого жана (же) шайланууга көмөк көрсөтүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешин камсыз кылуучу телефондук, факсимильдик, дагы башка байланыш каражаттарын, маалыматтык кызматтарды, оргтехниканы пайдалануу;

4) шайлоого жана (же) шайланууга көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу үчүн муниципалдык жана мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын акысыз же жеңилдик шарттарында пайдалануу;

5) кызматтык иш сапарлардын жүрүшүндө мамлекеттик кызматчылар же муниципалдык кызматчылар тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүлүшү;

6) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарынан артыкчылыктуу (башка талапкерлерге салыштырмалуу) пайдалануу.

Саналып өткөн чектөөлөрдү сактоо шайлануучу кызмат адамдары шайлоочулар алдында өздөрүнүн милдеттерин аткарышына жолтоо болбошу керек.

3. Саясий, жогорку администрациялык жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар жана алардын орун басарлары, саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, алардын орун басарлары, укук коргоо жана фискалдык органдардын, алардын аймактык түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, уставдык капиталында мамлекеттик жана муниципалдык 30 пайыздан ашык үлүшү бар мамлекеттик мекемелердин, ишканалардын жетекчилери, эгерде ал көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо округу жогоруда көрсөтүлгөн органдар менен мекемелердин таасири астында турса, катталган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык милдеттерин же кызматтык ыйгарым укуктарын токтото турат. Бул эреже жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жайылтылбайт.

Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын иши жана кызматтары жайылтылган администрациялык-аймактык бирдик же анын аймагынын бир бөлүгү таасир кылуу зонасы болуп саналат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген катталган талапкерлер же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген талапкерлер катталган учурлардан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык милдеттерин же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат.

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана катталган талапкер иштеген, кызмат өтөгөн органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде талапкердин арызы, рапорту боюнча менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү органдын, мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактап калуу менен аны кызмат ордуна тиешелүү (кызматтык) милдеттерин аткаруудан бошотулууга же болбосо кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышын токтотууга милдеттүү.

Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн шайлоо комиссиясына катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирилбестен берет.

Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашыруучу шайлоо комиссиясы каттоодо талапкерде жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын бар экендиги жөнүндө талапкерге, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө эскертүүгө милдеттүү.

5. Шайлоо өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызматтан) бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке (кызматка), уюмду (юридикалык жакты) жойгон же болбосо иш берүүчүнүн (жеке жак) иши токтогон учурларды кошпогондо, которулушу мүмкүн эмес.

Каттоодон өткөн талапкердин шайлоого катышкан убактысы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына кошулат.

6. Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды албаганда, катталган талапкер шайлоонун жыйынтыктары шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялаган күнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз жазык жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же сот тартибинде салынуучу администрациялык жаза чараларына дуушар болушу мүмкүн эмес. Жазык ишин козгоо талапкердин өзүнүн шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салуу үчүн негиз болуп саналбайт.

7. Шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда — чыгып калган учурдан тартып катталган талапкер талапкердин статусуна байланышкан укуктарын жоготот жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде шайлоо комиссиясы кайталап добуш берүүнү дайындаса, алардын талапкерликтери боюнча кайталап добуш берүү өткөрүлбөгөн катталган талапкерлер шайлоо комиссиясы тарабынан кайталап добуш берүү дайындалган күндөн тартып өз статусун жоготот.

 

18-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын

топторунун ишенимдүү адамдары

 

1. Талапкер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору өзүлөрүнүн өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.

3. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүлдөр боло алышпайт.

4. Ишенимдүү адамдар өздөрүнө талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.

5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка иштин ар кандай мыйзам менен жол берилген түрлөрүндө жана мыйзамдуу усулдары менен жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;

2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөдө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;

3) шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен чогулуштарды өткөрүүдө мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл жардам алууга;

4) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

5) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө, шайлоо участкаларында болууга;

6) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;

7) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.

6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;

2) добуш берилүүчү жайда шайлоо бюллетендерин алгандагы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле кабинада, атайын жабдылган жерде же жашыруун добуш берилүүчү бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.

7. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдарга алардын өтүнүчү боюнча ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин эмгек акысын сактабастан өргүү берүүгө милдеттүү.

8. Ишенимдүү адамдарды дайындаган талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу бул жөнүндө шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарып ишенимдүү адам тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берип, бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна маалымдоо менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.

9. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды дайындаган, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.

 

19-берене. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун

шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу

 

1. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иш орду (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык маалыматтары жөнүндө маалыматтарды берүү менен тиешелүү аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары — шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.

2. Өкүлдүн шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.

3. 21 жаш куракка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссияларындагы өкүл болууга укуктуу.

4. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, соттор, аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.

5. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.

6. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген ырастама тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан берилет.

7. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштыруучу шайлоо комиссияларындагы өкүл өзүнүн кызматтык милдеттеринин же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.

 

20-берене. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары

 

1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;

3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;

4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;

5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана ал документтер менен материалдардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;

6) шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин анын инсандыгына шайкеш келишин жана ага бюллетендин берилишин текшерүүгө;

7) шайлоо комиссиясынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга.

2. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;

2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;

3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;

5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.

3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча ар кандай убакта токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.

4. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жокко чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.

5. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.

6. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.

 

21-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын

топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

 

1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна өкүл болот.

Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, соттор, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.

2. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн — каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.

3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.

4. Ыйгарым укуктуу өкүл:

1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;

2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;

4) талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;

5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;

6) талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, мыйзам укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.

6. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо комиссиясы аларды каттаган күндөн тартып башталат жана депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.

 

22-берене. Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт

жүргүзүү

 

1. Шайлоочуларды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалымат жагынан камсыздоого кирет жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдириши менен шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшөт.

2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарга өз убагында жана анык маалымдоо үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун теңдигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна артыкчылык берилүүгө тийиш эмес.

4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат.

5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу усулун, сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон өксүктөргө статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү табыштаган (табышташкан) жана аны жарыялоого акы төлөгөн (төлөшкөн) жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү.

6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору шайлоого катышуу үчүн ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө талапкерлердин, саясий партиялардын же шайлоочулардын топторунун шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн түрлөрү жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.

Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;

3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;

4) алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин ини жөнүндө маалыматтарды таратуу.

11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясий партиялар, шайлоочулардын топтору каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

12. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.

13. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) жалпы иш-чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;

4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө.

14. Талапкер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

15. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз.

16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазуу түрүндө көрсөтүлөт жана уктурулат. Чет өлкөлүк теле -жана радио программаларга талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматтарды үчүн таратууга тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти жалпыга маалымдоо каражаттарын тараткандар жооп беришет.

17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлери же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Бул эреже ушул Мыйзамдын 24-беренеси менен каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлер тарабынан акысыз обо убактысын пайдалануу учурунда үгүттүк чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.

18. Уюштуруучулары (кошумча уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук караштуулуктагы мекемелер жана ишканалар болуп саналган, алар толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын топторуна телерадио уюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.

Обо убактысы, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш.

20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

 

23-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

 

1. Шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

2. Кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштери кайталап добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып кайрадан башталат жана кайталап добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.

3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

 

24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдында үгүт

жүргүзүү

 

1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радио уктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын пайдаланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы тележана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан мезгилге саат 20дан саат 24кө чейинкиге туура келүүгө тийиш.

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.

3. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна дискуссияларды, «тегерек столдорду» жана буларга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Эфирдик акысыз убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең негиздерде жол берилүүгө тийиш.

Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору — ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша атат. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан катталган талапкер, саясий партия же шайлоочулардын топтору үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.

Эгерде талапкер, саясий партиянын өкүлү, шайлоочулардын топторунун өкүлү жүйөөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда алар биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен катар өзүнүн обо убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.

4. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. Резервге калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбоого, ал эми акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясий партия, шайлоочулардын топтору резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу.

Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

5. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.

6. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

7. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү.

8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

 

25-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо

алдында үгүт жүргүзүү

 

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды албаганда, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонушуна туш келген жалпыга маалымдоонун мезгилдүү басылма каражаттары талапкерлердин катталган тизмесин көрсөткөн талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору тарабынан берилүүчү материалдар үчүн А4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдөгү акысыз басылма аянттарды тең шарттарда бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта кандай гана түрдөгү болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

2. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

 

26-берене. Жапырт иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы

үгүт

 

1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

2. Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун арыздары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

Шайлоочулар менен жолугушуулар үчүн талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна жайларды бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндө чечим берүүгө милдеттүү.

Эгерде көрсөтүлгөн жай жапырт иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун бирине берилсе, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Жапырт иш-чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында болгон жайлар шайлоо комиссияларынын табыштоосу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытта пайдаланууга акысыз берилет. Мында шайлоо комиссиялары жапырт иш-чараларды өткөрүүдө талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

 

27-берене. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын

чыгаруу жана таратуу

 

1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин), бул үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган жактын фамилиясын, аты-жөнүн (уюмдун аталышын), алардын нускасы жана чыгаруу датасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле заказга акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.

4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире берген жерлерге жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл бадалдарды, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде шайлоо округунун аймагын үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

6. Жасалма түрдөгү жалган үгүт материалдарын таркатуу же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратуу жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы андай ишке бөгөт коюу үчүн чара көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуш менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

7. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна чыгымдалуучу сумманын чегинде шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын пайдаланууга укуктуу.

 

28-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен

пайдаланууга жол берилбестик

 

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат.

2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкка пропагандалоого, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырыктарга; согушту пропагандалоого; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.

3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат: акча каражаттарын төлөп берүүгө; белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө.

Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнүүчү эмгек келишимдеринин алкагында аткарылган ишке акы төлөө сатып алуу деп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде талапкер көрсөтүлгөн шайлоо округунан тышкары жерлерде да жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылманын кийинки санындагы атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол эле шрифт менен, ал эми телекөрсөтүү же радио аркылуу берилгендерге төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн тартып кийинки чыгарылышта берилет.

6. Талапкерге, саясий партияга же шайлоочулардын тобуна шайлоо алдындагы үгүттүн мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирүүчү маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмө жарыялоого мүмкүнчүлүк бербөө, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

7. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүн бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

8. Укук коргоо органдары жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш.

9. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга же шайлоочулардын тобуна тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

29-берене. Добуш берүү үчүн жай

 

1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.

2. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү системасы менен камсыз кылынган жана шарик калемдери менен жабдылган атайын жабдылган кабиналар жана добуш берүү үчүн ящиктер жайгаштырылат.

Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берилүүчү жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар, шайлоочулардын топтору жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун аталыштары камтылбоого тийиш.

4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, добуш берүүчү кабиналар жана ящиктер эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын. шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.

5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.

 

30-берене. Шайлоо бюллетени

 

1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат. Формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбоого тийиш.

2. Шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белгилери бар кагаз же түстүү кагаз), же болбосо атайын боек пайдаланылат.

3. Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш.

4. Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

5. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт.

6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

7. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадратка жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен «Баардык талапкерлерге каршы» («Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы») деген сап жайгаштырылат.

8. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу менен нускасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

9. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусунда аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.

11. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусунда участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүгө катышууга укуктуу.

12. Шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат.

13. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда, кайталап добуш берген учурда — добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына — добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес.

14. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

15. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участогундагы жайдын ичинде болууга тийиш.

16. Басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган учурларды албаганда, ошондой эле шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.

(КР 2012-жылдын 12-октябрындагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

31-берене. Добуш берүү тартиби

 

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 19га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайталап добуш берүүдө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү.

2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайда өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссиянын мүчөлөрүн аныктайт, алар:

1) ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) жоктугун текшерүүнү жүзөгө ашырат;

2) шайлоо тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашырат;

3) шайлоочуларды көрүнүп турган атайын курам менен белгилейт (маркировкалайт) жана шайлоо бюллетендерин берет;

4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрүндө добуш берүү ящиктерине салышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.

3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен ичине ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер болгон мөөрлөп бекитилген сейфти ачат: сейфтен шайлоочулардын тизмесин алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санын жарыялайт, катышкан адамдарга аны көрүп таанышууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берген күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын тизмесин толтуруу үчүн жоопкер болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош добуш берүү ящиктерин көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилет (пломбаланат). Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы округдун аталышы, шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын ящикке салынган убактысы көрсөтүлгөн жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн фамилиялары жазылган контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан адамдарга аларды карап көрүүнү сунуш кылат жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат.

6. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 50-100дөн шайлоо бюллетенин таратып берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет.

7. Добуш берүү үчүн жайга кире бериште шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуда маркировканын жок экендигин текшерет. Маркировкасы жок шайлоочу добуш берүүгө киргизилет. Маркировка билинген учурда шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

8. Шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуларды каттоону жүзөгө ашырат: шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын реквизиттерин тизмеге киргизет, ал жерден шайлоочулар шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн кол коет, шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган башка мүчөсү шайлоочунун сол колунун баш бармагын атайын курам менен маркировкалайт жана шайлоо бюллетенин берет.

9. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

10. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга паспортун же анын ордун басуучу документти көрсөткөндүгү боюнча берилет.

11. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча бир убакта добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет.

12. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга же орнотулууга тийиш.

13. Пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу саясий партияга, шайлоочулардын тобуна тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо «Баардыгына каршы» деген орунга тиешелүү белги коет.

Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин алардын пайдасына тандалган талапкерлерге тиешелүү квадраттарына же болбосо «Баардыгына каршы» деген квадратка тиешелүү белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.

14. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетень берген мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылып, ал жөнүндө акт түзүлөт.

15. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.

16. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, тартипке салгандан кийин алар добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайындагы катышуучулардын баары үчүн милдеттүү болот. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген бул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

18. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан токтоосуз четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

 

32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби

 

1. Өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылууга, шайлоочунун эрк-ниетин бузуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого, шайлоо бюллетенинин сакталышына, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөөдө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоодо шайлоочунун добушун эсепке алууга милдеттүү.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүүчү мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесине мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу жөнүндө маалыматтар киргизилет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет, ага кол коет жана шайлоо комиссиясынын кеминде 2 мүчөсүнүн катышуусу менен добуш берүү үчүн бюллетенди жана таза конвертти алат.

3. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда толтурат.

4. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочу толтурган шайлоо бюллетени конвертке салынат жана чапталат. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жана байкоочулардын катышуусунда конверттин чапталган жерине округдук шайлоо комиссиясынын 2 мүчөсүнүн колу коюлат, алар шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочунун койгон колу менен ырасталат.

5. Шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттер жана мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо комиссиясынын шайлоо документтерин сактоо үчүн сейфинде сакталат.

6. Добуш берүү күнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, башка адамдардын катышуусунда добуш берүү башталаар алдында мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө билдирет, өз көзү менен көрүп таанышуу үчүн шайлоо бюллетендери салынып чапталган конверттерди жана тиешелүү жогору турган шайлоо комиссиясынын катчысынын койгон колу жана мөөрү менен ырасталган мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесин көрсөтөт. Андан кийин ал ар бир конвертти кезеги менен ачат жана шайлоочунун эрк-ниетинин билдирилишинин жашыруундуулугун сактоо менен шайлоо бюллетендерин добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящикке салат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны добуш берүү башталаар алдында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет, ал эми мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун фамилиясынын тушуна «Мөөнөтүнөн мурда добуш берди» деген белги коюлат.

 

33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн

тартиби

 

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (антын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген баардык арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттайт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. Оозеки кайрылууну каттоодо ал келип түшкөн убакыт көрсөтүлөт жана билдирүүнү кабыл алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн колу коюлат.

3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп, алар зарыл болгон сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин. саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт.

4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн чүчүкулак менен аныктайт (участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн экиден кем эмеси менен).

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө карап чыгуу үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн беш ящиктерди көрсөтөт, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн бекитилген ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактар ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.

6. Шайлоочуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келгенден кийин оозеки кайрылуу шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызы менен ырасталат. Жазуу жүзүндөгү арызында шайлоочу өз паспортунун же инсандыгын ырастаган документтин сериясы менен номерин жазат жана шайлоо бюллетенин алгандыгын өзүнүн койгон колу менен ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арызга өз колдорун коюу менен шайлоо бюллетени берилгендигинин фактысын ырастайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркировканын жоктугун текшерет, ал жок болгондо сол колунун баш бармагын маркировкалайт жана ага шайлоо бюллетенин берет.

7. Шайлоочу ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда шайлоо бюллетенин толтурат. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эрк-ниетинин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.

8. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастаган документинин номери менен сериясы шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле мезгилде шайлоочулар тизмесинин тиешелүү графасына «Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берди» деген жазуу жазылат.

9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча көчмө ящиктер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып кошумча бекитилет (пломбаланат) жана сейфте (шкафда) сакталат, ал кошумча бекитилет (пломбаланат).

10. Жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн аякташы боюнча ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

 

34-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун

натыйжаларын аныктоо боюнча шайлоо комиссияларынын

ыйгарым укуктары

 

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде тиешелүү аймак боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

 

35-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо

комиссиясынын протоколу

 

1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол так отчеттуулуктагы документ болуп саналат, анын корголуу формасы жана даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан толтуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

 

36-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн

жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби

 

1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан гана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжалары жөнүндө ырааттуу жарыялануу жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.

Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, киного, видеого тартылуулар жүзөгө ашырылуусу мүмкүн.

3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү киргендей болуп жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып отурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттеринин толук көрүнүп турушу камсыздалуусу зарыл.

Ар кандай деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын, анан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөө жүзөгө ашырылат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын албаганда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.

4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн койгон колдору менен бекитилет. Пакетке «Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери» деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.

Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынуу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.

5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү.

Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан кол коюулат, ал андан соң аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды жазат, аларды өзү койгон колдору жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастайт. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке салынат.

6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн эртең менен шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катышкан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.

Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт жана «Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери» деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат.

7. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн туруктуу орнотулган ящиктин мөөрү (пломбасы) бузулбагандыгын көрсөтөт жана аны ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо ящиктерин мөөр басып бекитүү учурунда катышкан башка адамдардын коюлган колдору бар контролдук баракты алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.

8. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин ар бири үчүн, «Баардык талапкерлерге каршы», «Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы» позициялары боюнча берилген добуштар боюнча шайлоо бюллетендерин сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контролдоо үчүн эсептөөдө катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт.

9. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу.

10. Андан соң белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана «Баардыгына каршы» деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар ушул же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөөгө жол берилбейт.

11. Жараксыз шайлоо бюллетендери эсептелет жана өзүнчө суммаланат. Шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталбаган жана башка белгилерди камтыбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздардын санына кирет. Аларда талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашып кеткен, ал эми пропорциялуу система боюнча шайлоодо — талапкерлердин тизмесинин пайдасына белгилердин саны бир саптан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелинет.

Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра эсептөө жүргүзүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар үчүн өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү астында кайрадан эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет.

13. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.

14. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номери жана шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же кутучага салынат. Мүшөктө же кутучада шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдорун коюу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутучага салуу талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутучага өзүнүн колун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же кутуча жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.

15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго тиешелүү участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

16. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында угуза окуйт.

17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн коштоосу менен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.

18. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

20. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 12-октябрындагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-берене. Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн

жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби

 

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 17-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирге аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин акт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берилет, ал тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

2. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жазылат, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары жөнүндө протокол түзүлөт.

Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет.

3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шайлоо комиссиялары тарабынан эки нускада түзүлөт жана аларга шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол коет. Протоколго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.

4. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.

Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге кайтарылуучу жайда алар архивге берилгенге чейин аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан сакталат.

5. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.

6. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбөөлөр табылганда же участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына күмөн саноо пайда болгондо аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайтадан эсептөө жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт, анда «Добуштарды кайталап эсептөө» деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.

7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) токтоосуз берүүгө милдеттүү.

 

38-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби

 

1. Шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун жана ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн протоколдун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат.

2. Шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы протокол түзөт, ага шайлоонун натыйжалары алардын негизинде аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган (участкалык) шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалык маалыматтары боюнча жыйынды таблица киргизилет.

3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны шайлоо бюллетендерин алуу жөнүндө шайлоочулардын койгон колунун саны боюнча аныкталат.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн ящиктерден алынган белгиленген түрдөгү шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкү учурларда жараксыз деп табат:

1) эгерде башка талапкерге караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкер үчүн шайлоочулардын берген добуштарынын саны бардык талапкерлерге каршы берилген шайлоочулардын добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт;

2) эгерде жергиликтүү кеңешке шайлоо боюнча талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон добуштардын санын албаса;

3) эгерде башка талапкерлердин тизмесине караганда добуштардын көпчүлүк санын алган талапкерлердин тизмесине берген шайлоочулардын добуштарынын саны талапкерлердин бардык тизмесине каршы шайлоочулардын берген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда шайлоо кайталап жүргүзүлөт.

5. Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда добуш шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Шайлоо участогунда шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизген добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө ошол шайлоо участогунда кайра добуш берүү жүргүзүлөт.

6. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, до-

буш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

7. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бир бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылса;

2) соттун чечими боюнча.

 

39-берене. Кайталап шайлоо

 

1. Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөтү ушул Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актылары менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

2. Шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болсо, кайталап шайлоолорго катышкан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун арасында жүргүзүлөт.

 

40-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун

натыйжаларын жарыялоо

 

1. Шайлоо комиссиясынын иши жайылтылган ар бир шайлоо участогу, аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжалары тиешелүү шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн алардын талабы боюнча берилет.

2. Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын-ала маалыматтар болуп саналат.

3. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиялары шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжасы аныктагандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.

4. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле ар бир талапкерлер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлерге, талапкердин бардык тизмелерине каршы берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

2-глава

Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери

 

41-берене. Шайлоо эркиндигин камсыз кылуу боюнча шайлоо

комиссияларынын, мамлекеттик органдардын иши

 

1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.

2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнөн мурдагы күн жумушчу күн болуп саналат.

3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) прокуратура органдарына, ички иштер органдарына же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

Мында ички иштер органдары жарандардын коомдук тартипти бузууга тиешелүү болгон арыздарын жана даттанууларын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жоопкерчиликти караган аракеттерди карайт.

Прокуратура органдары шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жоопкерчиликти караган аракеттерге жалпы көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

5. Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

6. Шайлоочуларынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан баштап 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн мурунку күнү түшкөндө токтоосуз каралууга тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн прокуратура органдары, ички иштер органдары тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.

7. Арыздарды (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

 

42-берене. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын

бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же)

аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу

 

1. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары кайрылышы мүмкүн.

3. Шайлоо комиссиясынын атынан арыз (даттануу) шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет, ал комиссиянын жыйналышында кабыл алынат жана шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу коюлуу жана мөөрү басылуу менен арызга (даттанууга) тиркелет.

4. Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.

5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына же биринчи инстанциядагы сотко даттанылат.

6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына же биринчи инстанциядагы сотко даттанылат.

7. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт.

8. Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

9. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү — токтоосуз каралууга жатат.

Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.

10. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алат.

12. Арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу эмес деп табат жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналарын белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.

13. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

 

43-берене. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын

жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө

чечимдерине даттануу

 

1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын топтору, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алат.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдери аймактык шайлоо комиссияларына: аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери — Борбордук шайлоо комиссиясына: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери — биринчи инстанциядагы сотко: биринчи инстанциядагы соттун чечими — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат.

3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөрү менен ырасталган чечими арыздануучуга жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

6. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда сот Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгарышы мүмкүн.

7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот.

Сот тарабынан жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган чечим арыздануучуга, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз берилет.

Ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөл даттануусун берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин же биринчи инстанциядагы соттун чечимдерин аткарууну токтото турат.

8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу ал чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап даттануу берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде каралат. Көзөмөл даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилип, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат.

Соттун чечимине көзөмөл даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу жүргүзүлөт. Даттанууну көзөмөл инстанциясына түздөн-түз берүү аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

Көзөмөл инстанциясынын сотунун токтому ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

 

44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко

чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун

натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко

чыгаруу үчүн негиздер

 

1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат.

2. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат.

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда;

7) талапкер, анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда.

3. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия же шайлоочулардын тобу шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда;

5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда.

4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

45-берене. Жарандардын шайлоо укуктарын бузгандык үчүн

жоопкерчилик

 

Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык же болбосо башка жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан шайлоо жана шайлануу укугун эркин жүзөгө ашырышына күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо же башкача жол менен тоскоолдук кылган, же болбосо добуш берүүнүн жашырындуулугун бузган, же болбосо жарандардын шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу укугун бузган, же болбосо талапкерди колдоп кол коюуга жарандарды мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле жасалма кол коюуга катышкан, же болбосо шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырган;

2) шайлануу максатында өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган; же болбосо катталган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмелери) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөөр алдында сактабаган, же болбосо шайлоону каржылоо эрежелерин бузган, анын ичинде шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну создуктурган, же болбосо жарандарга башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында шайлоо бюллетендерин берген, же болбосо шайлоо документтерин оңдоону жүзөгө ашырган, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана берген, билип туруп добуштарды туура эмес эсептөөнү же добуш берүүнүн жыйынтыгын, шайлоонун натыйжасын билип туруп туура эмес чыгарган, шайлоонун натыйжасынын туура эмес белгилөөнү жүзөгө ашырган, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербеген же жарыялабаган;

3) талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жазган маалыматтарды билип туруп тараткан, же талапкердин, алардын жубайларынын жана (же) жакын туугандарынын талапкерлердин, талапкердин жубайынын жана (же) жакын туугандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка аракеттерди жасаган, же болбосо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз учурунда алуу укугун бузган, байкоочуларды, эл аралык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясий партиялардын, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмелерин каттоодон негизсиз баш тарткан, шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган, же болбосо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузган, анын ичинде добуш берүү күнүнөн мурунку күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөн, же болбосо шайлоо комиссиялары тарабынан өз милдеттерин аткарышына байланышкан алардын ишине тоскоолдук кылган же ага мыйзамга каршы кийлигишкен, добуш берүү үчүн жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккан, же болбосо шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду бербеген же жарыялабаган, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду бербеген же жарыялабаган жактар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен каралган өргүү берүүдөн баш тарткан иш берүүчүлөр.

 

3-глава

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө

жалпы жоболор

 

46-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

коюлуучу негизги талаптар

 

1. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жергиликтүү кеңештин депутаттары анда шайлоо жүргүзүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.

 

47-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо системасы

 

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо — мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

48-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо

 

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Президент тарабынан шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирилбестен дайындалат.

2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда Президент бир эле убакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындайт. Мында шайлоо жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Мындай учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.

 

49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди

көрсөтүү

 

1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине — саясий партияларга;

2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине — саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

3. Саясий партия, шайлоочулардын тобу төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо — ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

2) мажоритардык система боюнча шайлоодо — ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.

4. Саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында), шайлоочулардын тобунун чогулуштарында жүзөгө ашырылат. Мында шайлоочулардын тобу өз чечиминде жана талапкерлердин түзүлгөн тизмесинде өз тобунун аталышын көрсөтүүгө тийиш.

6. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

7. Райондук жана шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, шайлоочулардын топтору бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

9. Саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө берилет.

10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен, ал эми шайлоочулардын тобунун чечими шайлоочулар тобунун жетекчисинин койгон колу менен ырасталат, ал жергиликтүү кеңештин төрагасынын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын коюлган колу жана тиешелүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү менен ырасталат.

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы N 170, 2012-жылдын 6-июлундагы N 99, 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

50-берене. Шайлоо күрөөсү

 

1. Шайлоо күрөөсү пропорциялуу система боюнча шайлоо өткөрүлгөн учурларда белгиленет.

2. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 15 пайыздан кем эмеси партиянын, шайлоочулардын тобунун тизмеси үчүн добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин салынган шайлоо күрөөсү саясий партияга, шайлоочулар тобуна кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо системасын өркүндөтүүгө максаттуу түрдө пайдаланылат.

3. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине — мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз эсе өлчөмүндө;

2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге — мыйзамдар менен белгилен-

ген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз эсе өлчөмүндө;

3) (КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо

 

1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет.

Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.

Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын

ордун ээлөө

 

1. Жергиликтүү кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:

1) тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге;

2) пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге.

2. Ушул берененин маанисинде депутаттын мөөнөтүнөн мурда чыгып калуусу деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) өз ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) ишке өткөндө же анын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабашы;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши;

8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбошу;

9) жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы;

10) жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына катары менен төрт жолу келбеши;

11) шайлоонун жараксыз деп табылышы.

3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.

 

4-глава

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо

(Главанын аталышы КР 2012-жылдын 3-августундагы

N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо

 

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын же тиешелүү шайлоочулардын тобунун аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды);

3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.

3. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын топтору катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна ушул Мыйзамдын 50-беренеси менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизет.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга, шайлоочулардын тобуна маалымдоого милдеттүү. Саясий партия, шайлоочулардын тобу маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт.

6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт.

7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо:

2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын, шайлоочулардын тобунун тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;

4) саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

Эгерде саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт.

12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

 

54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин

чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу

 

1. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерди тиешелүү талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Саясий партия, шайлоочулар тобу ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү:

1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү тизмесинен алып салуу жөнүндө.

3. Ушул берененин 1-бөлүгү жана 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен каралган учурларда талапкерлердин талапкерлердин тизмесине жайгаштыруунун кезеги өзгөрүлөт. Мында талапкерлердин тизмесинен алынып салынган талапкердин ордуна талапкерлердин тизмесине аны менен бир жыныстагы талапкер киргизилет.

4. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлердин тизмеси чыгып калган учурда (саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун шайлоого катышуудан баш тартуусу) участоктук же тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү саясий партия же шайлоочулардын тобу жөнүндө маалыматтарды бюллетендерден сызып салат. Сызып салуу саясий партия, шайлоочулардын тобу жөнүндө бардык жазуулардын сабы боюнча шарик калеми менен гана сызылуучу түз сызык менен жүргүзүлөт. Мында сызык саясий партиялар, шайлоочулардын тобу жөнүндө маалыматтардын сабынын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

 

55-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын

шайлоо фонду

 

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

2. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

56-берене. Кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

 

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде тиешелүү шайлоо округу боюнча ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын санын аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен белгилейт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы тиешелүү жергиликтүү кеңештеги депутаттык орундардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

2. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эң көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

3. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.

Эгерде саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүү бүткөн күндөн тартып депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылган учурда, анда аймактык шайлоо комиссиясынын тийиштүү чечимине ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин бул тизмеде жайгашуусунун өзгөртүлгөн тартибине ылайык жүргүзүлөт.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт.

Төмөнкүлөр кошумча протоколго киргизилет:

— депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун аталыштары;

— шайланган депутаттардын фамилиясы, аты-жөнү жана ал адам болгон талапкерлердин тизмеси.

5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында саясий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 6-июлундагы N 99, 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун

натыйжаларын аныктоо

 

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү — бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт.

Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

— депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары;

— талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 6-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

57-берене. Шайлоону болбой калды деп табуу

 

Эгерде добуш берүү күнүнө карата саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун талапкерлеринин тизмесинин бири да катталбаса же болбосо катталган саясий партиялар же шайлоочулардын топтору шайлоого катышуудан баш тартса ушул Мыйзамдын 54-беренесине ылайык, ошондой эле ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган учурларда шайлоо болбой калды деп табылышы мүмкүн.

 

58-берене. Кайталап шайлоо

 

1. Эгерде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ушул Мыйзамга ылайык болбой калды, анык эмес деп табылса, Президент Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча кайталап шайлоо дайындайт.

2. Кайталап шайлоо ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт. Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү Президент тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

 

5-глава

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо

 

59-берене. Шайлоо округдары

 

1. Айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар бириндеги көп мандаттуу шайлоо округдарынын саны жана мандаттардын саны тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык аныкталат.

2. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт.

 

60-берене. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

 

1. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын же ага тиешелүүлүгүнө жараша шайлоочулардын тобунун (мажоритардык система боюнча саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) аталышын көрсөтүү менен саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;

2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы;

3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы документтерден талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерге маалымдоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.

4. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндалган аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

5. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерди каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо;

2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ошол шайлоодо талапкердин башка шайлоо округунда катталгандыгынын фактысынын бардыгы;

4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

6. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда бүтөт.

8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялайт.

9. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге аны каттоонун датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы N 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

61-берене. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду

 

1. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фондун түзүүгө укуктуу.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин өз каражаттарынын, алар эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

 

62-берене. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын

аныктоо

 

1. Тиешелүү аймактын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Тиешелүү шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын добуштарынын эң көп санын алган талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер тарабынан алынган добуштардын саны тең болгондо мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталган учурда маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.

4. Тиешелүү аймактагы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна коошпогон ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздар алынгандан кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайлангандыгы жөнүндө ырастаманы берет.

 

6-глава

Корутунду жоболор

 

63-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 2011-жылдын 19-июлундагы N 58 жарыяланды

 

2. 3 айлык мөөнөттө Өкмөт:

1) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизсин;

2) өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаева

 

2011-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган