Право и СМИ Центральной Азии

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Бишкек шаары

2013-жылдын 6-июну N 90

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү

корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2012-жылдын 10-январы, N 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 13-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет.».

2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;»;

он үчүнчү абзацтагы «курамынын» деген сөз «мүчөлөрүнүн санынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 19-беренеде:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Башкы директор Кеңеш тарабынан 4 жылга шайланат жана Кеңешке отчет берет. Эгерде Корпорациянын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерлердин бири да шайлануу үчүн добуштардын жетиштүү санын албаса, анда жаңы конкурс өткөрүлөт.»;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын:

«3-1. Корпорациянын башкы директору коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат орундарын ээлей албайт. Корпорациянын башкы директору өз милдеттерин аткаруу убагында партиялык уюмдардагы өзүнүн мүчөлүгүн токтотуп турат.

3-2. Корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчет бекитилбеген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директору ээлеген кызмат ордунан бошотулат.».

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

«Эркин Тоо» газетасынын 2013-жылдын 11-июнунда N 49 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев

2013-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган