Лицензиялоо жөнүндө

Бишкек шаары
1997-жылдын 3-марты N 12

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Лицензиялоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
1998-жылдын 14-февралындагы N 13,
1998-жылдын 24-апрелиндеги N 53,
1998-жылдын 27-июлундагы N 87,
1998-жылдын 12-сентябрындагы N 121,
1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131,
2001-жылдын 18-январындагы N 13,
2001-жылдын 12-июнундагы N 48,
2003-жылдын 17-февралындагы N 38,
2003-жылдын 18-февралындагы N 41,
2003-жылдын 10-мартындагы N 59,
2003-жылдын 11-июнундагы N 95,
2003-жылдын 1-августундагы N 165,
2003-жылдын 24-декабрындагы N 239,
2004-жылдын 13-августундагы N 129,
2006-жылдын 27-январындагы N 21,
2007-жылдын 28-апрелиндеги N 45,
2008-жылдын 19-апрелиндеги N 62,
2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73,
2008-жылдын 2-июнундагы N 105,
2008-жылдын 12-июнундагы N 118,
2008-жылдын 23-июнундагы N 126,
2008-жылдын 23-октябрындагы N 232,
2008-жылдын 20-ноябрындагы N 241,
2009-жылдын 31-июлундагы N 258,
2009-жылдын 13-октябрындагы N 270
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)
экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо
III бөлүм. Лицензияларды берүүнүн шарттары жана тартиби
IV бөлүм. Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн
жоопкерчилик

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынуучу мамилелер

1. Ушул Мыйзам тарабынан лицензияланууга тийиш болгон ишти же белгилүү бир аракеттерди мамлекеттик лицензиялоого байланыштуу болгон мамилелер жөнгө салынат.
2. Граждандардын жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн лицензиялык келишимдин чектеринде лицензияларды берүү менен байланыштуу мамилелер ушул Мыйзам тарабынан жөнгө салынбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу банктардын, финансы-кредит, дагы башка мекемелердин ишин лицензиялоо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, буларга карама-каршы келбеген жагындагы Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2003-жылдын 17-февралындагы N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Лицензиянын түшүнүгү

Компетенттүү мамлекет орган тарабынан гражданга же юридикалык жакка иштин айрым түрүн же белгилүү аракеттерди жасоого уруксат берүү лицензия деп түшүнүлөт.

3-статья. Лицензиялоонун негизги принциптери

1. Лицензияларды берүү лицензиянын аталган түрү үчүн белгиленген талаптарга жооп берген, бардык жактар үчүн бирдей негиздерде жана шарттарда жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик ишканаларга мыйзам актылары тарабынан мамлекеттик монополияга таандык кылынган иштин түрлөрүнөн (продукция өндүрүү, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) башка лицензияларды берүүнүн артыкчылык укугун ыйгарууга тыюу салынат.
2. Ээлик кылуучу ишкерлердин кандайдыр бир топторуна, алардын менчигинин түрлөрүнө, ведомостволук таламдарына же жайгашкан жерине жараша атаандаштыкты чектөө же артыкчылык берүү максатында лицензия берүүгө тыюу салынат.
Лицензияны берүү монополизмди күчөтүүгө же болбосо ээлик кылуу ишинин эркиндигин чектөөгө көмөк көрсөтпөөгө тийиш.
3. Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынуучу башка нормативдик укуктук актыларда башкача каралбаса, лицензиялар ээликтен ажыратылышы, башкача айтканда лицензиянын ээси тарабынан башка жеке же юридикалык жактарга берилиши мүмкүн.
4. Лицензияларды алуу ушул Мыйзам тарабынан лицензиялоо каралган иштердин жана аракеттерди жасоонун түрлөрүн гана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл.
5. Иштин түрлөрү боюнча лицензиялык тартипти киргизүү же болбосо аны жоюу ушул Мыйзам тарабынан белгиленет жана мамлекеттик коопсуздукка, мамлекеттик монополияны ишке ашырууга, укук тартибин камсыз кылууга, айлана-чөйрөнү, менчикти, граждандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого байланыштуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Лицензиялардын түрлөрү

Лицензиялар төмөндөгү белгилер боюнча:
1. Субъектилер боюнча:
1) Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү;
2) чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, граждандыгы жок адамдарга жана эл аралык уюмдарга берилүүчү.
2. Иштин көлөмү боюнча:
1) башкы - иштин белгилүү түрүн жасоого берилүүчү;
2) бир жолку - уруксат берилген көлөмдө, салмакта же санда (накталай же болбосо акчалай түрдө) уруксат берилген чектерде белгилүү бир чарбалык операцияларды жасоого берилүүчү.
3. Колдонуу убактысы боюнча:
1) туруктуу - мөөнөтү чектелбестен берилген;
2) эгерде колдонуудагы мыйзамдарда башкача каралбаса, убактылуу кеминде эки жылдан кем эмес убакка берилген.
4. Колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:
1) аракети Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген;
2) аракети Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылган;
3) аракети Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайылтылган.
5. Ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгү боюнча:
1) ээликтен ажыратылуучу;
2) ээликтен ажыратылбоочу болуп айырмаланат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилген тизмеге ылайык берилүүчү лицензиялар ээликтен ажыратылуучу лицензияларга таандык кылынат.
Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмеге кирбеген лицензиялар ээликтен ажыратылбоочу лицензиялар болуп эсептелет.
Ушул Мыйзамга ылайык ээликтен ажыратылбоочу лицензияларда бул тууралу белги болууга тийиш.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Лицензиялоону жүзөгө ашыруучу органдар

1. Алуучуга лицензияларды (лицензиялануучуга) берүү мыйзам актылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу лицензиялануучу иштин аталган түрүн тескеген министрликтер, ведомстволор жана башка башкаруу органдары (лицензия берүүчүлөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Иштин мындай түрүн жүзөгө ашыруучу субъектилерге карабастан ээлик кылуу ишинин белгилүү түрү менен иш жүргүзүүгө лицензияларды берүү башкаруунун бир органы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Лицензия берген органдарга өздөрү лицензия берген иштин түрүн жүргүзүүгө тыюу салынат.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Лицензиялардын түрлөрү

Лицензиялардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана катуу отчеттуулуктагы документ болуп эсептелет.

7-статья. Лицензия жана укук белгилей турган башка актылар

1. Иштин кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруу же белгилүү бир аракеттерди жасоо үчүн лицензиядан тышкары башка уруксат алуу (жер участогун бөлүп берүүдө, радио жыштыгын бөлүп көрсөтүүдө жана башкаларда) талап кылынган учурда, мындай уруксаттар лицензия алгандан кийин берилет.
Лицензия жок болгондо уруксат берүү жараксыз деп табылат.
2. Лицензиялоону талап кылган ишти жүзөгө ашырууга лицензия болгондо гана жол берилет.
3. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, эгерде лицензия алуу талабы бүтүм түзүлгөндөн кийин белгиленсе, бүтүм өзүнүн күчүн сактап калат.
Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, лицензиянын күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу же болбосо белгилүү мамлекеттерге кандайдыр-бир продукцияларды чыгарууга эмбарго (тыюу) салуу мурда түзүлгөн бүтүмдөргө жайылтылбайт.

8-статья. Чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактарга берилүүчү
лицензиялар

Эгерде мыйзам актыларында башкача каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жактар же жеке адамдар, ошондой эле граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары сыяктуу эле шарттарда жана ошондой эле тартипте лицензия алышат.
Башка мамлекеттерде алынган лицензиялар Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү мамлекеттер аралык макулдашуулар түзүлгөн шартта же "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда туура деп табылат.
(КР 2008-жылдын 23-октябрындагы N 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Милдеттүү лицензиялануучу иштин түрлөрү

Ишкердик кылуунун төмөнкүдөй түрлөрү үчүн лицензия талап кылынат:
1)(КР 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
2) стационардык жана көчмө жүк көтөргүч механизмдер, экскалаторлор жана фуникулерлор колдонулуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштетүүнү кошпогондо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана иштетүү;
3) дарыяларда жана көлмөлөрдө тосмолорду курууга;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча аңчылык кылууга жана канаттууларды кармоого;
5) дарыларды, вакциналарды жана сывороткаларды, медикаменттерди жана медициналык техниканы мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, даярдоого жана реализациялоого;
6) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;
7) медициналык жана ветеринардык жекече иш жүргүзүүгө;
8) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу авиациялык атайын жумуштардын бардык түрлөрүнө, граждандык авиациянын аба кемелерин кабыл алууга жана учурууга, аба кемелерин жана алардын жабдууларын техникалык жактан тейлөөгө;
10) шаар курулушу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын долбоорлоо-изилдөө жумуштарына;
11) менчик турак уй куруудан тышкары курулуш-монтаждоо жумуштарына;
12) жекече детективдик жана күзөт ишмердигине;
13) банк операцияларын жүргүзүү, накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, электрондук төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү ишинде, кредиттик союздардын иши, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүүлүк, кайра кайтаруу жана акы төлөнүүчү шарттарда калктын акча каражаттарын тартууга;
14) баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишке;
15) камсыздандыруу ишине;
16) мамлекеттик эмес пенсия фондунун иштерине;
17) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
18) почта, электр байланышы, маалымат берүү, телерадиоберүү, анын ичинде бул үчүн зарыл болгон тармактарды, линияларды, курулмаларды, тутумдарды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, өндүрүү, жасоо, орнотуу (технологиялык жана ички өндүрүштүк арналыштагы байланышты уюштуруудан тышкары) жагындагы иш-аракет;
19) алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу;
20) электр жана жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө, сатууга, мунайзатты жана жаратылыш газын кайра иштетүүгө;
21) электр станцияларын, подстанцияларын жана электр берүү линияларын курууга;
22) аудитордук ишке;
23) билим берүүнүн деңгээлине жана менчигинин түрүнө карабастан билим берүү ишине (мектепке чейинки жана жалпы баштапкы, негизги жана орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик билим берүү мекемелеринен тышкары);
24) жарылуучу жана пиротехникалык заттарды жана буюмдарды ташып келүүгө, иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сатууга;
25) курал-жарак жана ок-дарыны жасап чыгарууга, оңдоого жана соода кылууга;
26) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгууга, чыгарууга жана сатууга жана кызмат көрсөтүүгө;
27) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
28) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
29) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө;
30) уулуу заттардын өндүрүш калдыктарын ташууга (анын ичинде чек аралар аркылуу);
31) банкроттук ишти жүзөгө ашырган администраторлордун ишине;
32) юридикалык ишке (жекече нотариустук ишке жана адвокаттык ишке);

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы УӨ N 126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому

33) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, аба, суу жана темир жол транспорту менен (атайын, кызматтык жана технологиялык транспортту кошпогондо) ташууларга, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын ишине;
34) (КР 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
35) бажы айланасындагы кызматтар (убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси, бажы брокери) чөйрөсүндө;
36) риэлтор иши.
Юридикалык жакка берилген лицензия анда көрсөтүлгөн иштин түрүн (түрлөрүн) жүргүзүүгө укук берген, ар бир иш бөлүгүнө ошондой документ алууну талап кылбаган бирден-бир документ болуп саналат.
Эскертүү: куралдар, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык ишкердиктин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик багыттагы продукцияга киргизилген аскердик-техника жагындагы маалыматтар аскердик багыттагы продукциялар деп түшүнүлөт. Оңдоо, модернизациялоо боюнча жумуштар, куралдарды, аскердик-техниканы утилдештирүү, ошондой эле аларды ташуу, жеткирүү жана сактоо аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү деп түшүнүлөт.
(КР 1998-жылдын 14-февралындагы N 13, 1998-жылдын 24-апрелиндеги N 53, 1998-жылдын 27-июлундагы N 87, 1998-жылдын 12-сентябрындагы N 121,
1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131, 2001-жылдын 18-январындагы N 13,
2001-жылдын 12-июнундагы N 48, 2003-жылдын 17-февралындагы N 38,
2003-жылдын 18-февралындагы N 41, 2003-жылдын 10-мартындагы N 59,
2003-жылдын 11-июнундагы N 95, 2003-жылдын 1-августундагы N 165,
2004-жылдын 13-августундагы N 129, 2007-жылдын 28-апрелиндеги N 45,
2008-жылдын 19-апрелиндеги N 62, 2008-жылдын 2-июнундагы N 105,
2008-жылдын 12-июнундагы N 118, 2008-жылдын 23-июнундагы N 126,
2008-жылдын 20-ноябрындагы N 241, 2009-жылдын 31-июлундагы N 258, 2009-жылдын 13-октябрындагы N 270 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм
Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)
экспорттоону жана импорттоону лицензиялоо

10-статья. Жалпы жоболор

1. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) импорттоодо жана экспорттоодо башкы жана бир жолку лицензиялар берилет.
Лицензияланууга тийиш болгон товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмеси, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды жасоого лицензияларды берүүнүн жана жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген, массалык кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын, куралдардын жана согуштук техниканын дагы башка түрлөрүн түзүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон продукцияларды импорттоо/экспорттоо жана реэкспортто боюнча операциялар да лицензияланууга тийиш.
2. Башкы лицензиялар экспорттук жана импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө берилет, бирок ал календарлык бир жылдан ашпоого тийиш.
Башкы лицензия боюнча операциялар бүтүмдөрдүн мүнөзүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бир же бир нече контракттар боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Арыз берүүчүгө бир жолку лицензия ар-бир айрым бүтүм боюнча экспорттук же импорттук операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн календарлык жылдын мезгилине берилет. Лицензиянын ээси бул тууралу лицензия берген органга кабарлоо менен андан баш тартууга укуктуу.
4. Арыз берүүчүнүн жүйөлүү өтүнүчү боюнча башкы да, ошондой эле бир жолку да лицензиялардын колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
5. Башкы жана бир жолку лицензиялар товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) аларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө экспорттоого жана импорттоого берилген уруксат болуп эсептелет жана продукцияларды бажылык жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
6. Контрактка киргизилген аталыштардын санына карабастан лицензиялар товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир түрүнө берилет.
Эгерде алар бир объектини куруу (модернизациялоо) үчүн товарлардын бирдиктүү тобуна кирсе, ошондой эле жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр бирдиктүү технологиялык комплекске (комплектиге) кирсе башкы лицензияны товарлардын бир нече түрүнө берүүгө жол берилет.
(КР 2003-жылдын 24-декабрындагы N 239 Мыйзамынын, 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)
экспорттоону лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү

1. Эгерде:
1) ички рынокто лицензиянын негизинде сатылган (сатып өткөрүлгөн) товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) экспорттун предмети болсо;
2) аталган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана сатып өткөрүү мамлекеттин монополиясы болсо экспорттук операцияларды лицензиялоого жол берилиши мүмкүн. Иштин түрүн мамлекеттик монополияга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) башка негиздер боюнча, анын ичинде керектөөчүлөрдүн таламдарында ички товардык жана азык түлүк рыногун коргоонун жана ушуга байланыштуу тартыш товарларды чет өлкөгө алып кетүүнү чектөөнүн жүйөлөрү боюнча лицензиялык тартипти киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча жүргүзүлөт.
3. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бир мамлекетке алып кетүүгө берилген лицензиялар ушул товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) башка мамлекетке алып кетүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
4. Лицензияларды товар өндүрүүчүлөргө (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүдөн башка учурларда, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого лицензиялар ачык соодалардын (аукциондордун, конкурстардын) негизинде берилет.
Белгиленген тартипти бузуу менен берилген лицензия жараксыз деп табылат.

11-1-статья. Экспорттук-импорттук операцияларды жасоодо
лицензияланууга тийиш болгон товарлар (жумуштар,
кызмат көрсөтүүлөр)

Экспорттук операцияларды жасоодо лицензияланууга тийиш болгон товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө):
- түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары кирет.
(КР 1998-жылдын 14-февралындагы N 13 Мыйзамынын, 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)
импорттоону лицензиялоо

Кыргыз өндүрүүчүлөрдүн ички рыноктогу таламдарын коргоо максатында товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) импорттоого лицензиялоо тартибин киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан жүзөгө ашырылат.

III бөлүм
Лицензияларды берүүнүн шарттары жана тартиби

13-статья. Лицензия берүүнүн шарттары

Лицензиялык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия деңгээли иштин аталган түрү үчүн коюлуучу нормативдик-укуктук талаптарга ылайык келген субъектиге берилет.
Лицензия берүүдө коомдун, айлана-чөйрөнүн граждандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, ошондой эле ушул иштин продуктусу болуп эсептелген товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын гарантиясын камсыз кылуучу өндүрүштүн шарттары эске алынат.
Оюн-зоок жайларын түзүүгө жана кармоого, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн шарттары, жобосу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер

Лицензия алуу үчүн төмөндөгү документтер:
1) белгиленген үлгүдөгү арыз, анын түрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
2) лицензия алуучунун ушул Мыйзамдын 12-статьясынын талаптарына ылайык келишин ырастай турган документтер;
3) арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастай турган документтер;
4) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү зарыл.
Мыйзам актыларында лицензиялануучу иштин айрым түрлөрү боюнча документтердин тизмесине карата кошумча жана атайын талаптар белгилениши мүмкүн.
Лицензия берүүчүнүн арыз берүүчүдөн иштин тиешелүү түрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралбаган документтерди талап кылышына тыюу салынат.
Лицензия алуу үчүн берилген бардык документтер лицензия берүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталат.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Лицензия берүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөттөрү

Лицензиялар бардык зарыл документтер менен кошо арыз берилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен берилет.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы
төлөө

Лицензия берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Арызды кароо, зарыл болгон экспертиза жүргүзүү жана документтерди жол-жоболоштуруу үчүн акынын өлчөмү лицензиялоо иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укугу бар органдын тийиштүү чыгымдарына ылайык аныкталат, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Ушул Мыйзамдын 17-2-статьясына ылайык лицензия кайрадан жол-жоболоштурулган учурда бир эсептешүү көрсөткүчүнүн көлөмүндө акы төлөнөт. Арыздарды кароо жана лицензия берүү үчүн жыйналган бардык каражаттар республикалык бюджетке чегерилет.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын, 2006-жылдын 27-январындагы N 21 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу

1. Эгерде:
1) субъектилердин аталган категориясы үчүн иштин айрым түрүн жүзөгө ашырууга мыйзам актылары тарабынан тыюу салынса;
2) ушул Мыйзамдын 15-статьясына же болбосо башка мыйзам актыларына ылайык талап кылынган бардык документтер тапшырылбаса, лицензия берилбейт. Арыз берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн тоскоолдуктар четтетилгенде арыз жалпы негиздерде каралат;
3) арыздын каралышы жана лицензиянын берилиши үчүн акы төлөнбөсө;
4) арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык белгиленген талаптарга жооп бербесе;
5) арыз берүүчүгө карата иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими бар болсо лицензия берилбейт.
2. Төмөндөгү жүйөлөр:
1) лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруу укугун арыз берүүчүгө берүүнүн максатка ылайыктуу эместиги боюнча;
2) өндүрүүгө же болбосо сатып өткөрүүгө лицензия талап кылуучу товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рынокто толтура экендиги боюнча;
3) рыноктогу монополдук абалды камсыз кылуу боюнча;
4) арыз берүүчүнүн жеке сапаттары жана ишкердик бедели жөнүндө шектенүүлөр, анын ичинде мурда соттолгондугунун, ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырууга мурда тыюу салуулардын, мурда берилген лицензиялардын кайра алынышынын жүйөлөрү боюнча, эгерде бул тыюу салуулар жана кайра алуулар мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык өзүнүн күчүн жоготкон (тындырылган) деп эсептелсе, лицензия берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
3. Лицензия берүүнү:
1) мамлекеттик муктаждыктардын продукцияларын милдеттүү түрдө сатып алуу жөнүндө;
2) алынган лицензияга ылайык өндүрүлгөн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) белгилүү керектөөчүлөргө сатып өткөрүү же болбосо аларды республиканын белгилүү региондоруна жөнөтүү жөнүндө, анын ичинде аларды аталган административдик аймактык бирдиктин чегинен тышкары жөнөтүүдөн же болбосо экспорттоодон баш тартуу жөнүндө;
3) өндүрүлгөн товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) белгилүү бааларды (тарифтерди, коюлган бааларды) белгилөө жөнүндө, анын ичинде аларды белгилүү керектөөчүлөргө алдын ала чектелген бааларда сатып өткөрүү жөнүндө талаптар менен шарттоого тыюу салынат;
4. Лицензиаттын банк ишине лицензия берүүнү жүзөгө ашырган орган тарабынан белгиленген ченемдик укуктук талаптарга ылайык келбей калуусу, ошол орган тарабынан лицензия берүүдөн баш тартуу же банк ишин жүргүзүүгө берилген лицензияны кайтарып алуу сыяктуу банк мыйзамдарында каралган жоболорго ылайык жыйынтыктоочу чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
Лицензия берүүдөн баш тартылганда арыз берүүчүгө лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кат жүзүндө жүйөлүү жооп берилет.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын, 2003-жылдын 17-февралындагы N 38 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

17-1-статья. Лицензиялардын реестрлерин түзүү жана жүргүзүү

1. Лицензиялоочу органдар өздөрү лицензиялоочу иштердин белгилүү түрлөрүнө лицензиялардын реестрлерин түзөт жана жүргүзөт.
Лицензиялардын реестрлеринде төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- лицензия алуучулар жөнүндө;
- лицензиялоочу орган жөнүндө;
- ишке ашырууга лицензия берилген иштин түрлөрү;
- лицензиялар берилген күн жана алардын каттоо номери;
- лицензияны колдонуу мөөнөтү;
- лицензиялардын реестрлерде катталганы жөнүндө маалымат, лицензияны колдонууну токтото туруунун жана улантуунун негиздери жана күнү;
- лицензияны жокко чыгаруунун негиздери жана күнү;
- иштин белгилүү бир түрүн лицензиялоо жөнүндөгү жоболордо аныкталган башка маалыматтар.
2. Лицензиялардын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

17-2-статья. Лицензияларды кайрадан жол-жоболоштуруу

1. Юридикалык жак кайрадан түзүлгөн, анын аталышы же турган орду өзгөргөн учурда, юридикалык жак - лицензия алуучу же анын мураскору лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө ошол замат аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтер тиркелген арызын берүүгө милдеттүү.
Жеке ишкердин аты-жөнү же жашаган жери өзгөргөн учурда лицензия ээси - жеке ишкер көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган тийиштүү документтерди тиркеп, лицензияны кайрадан жол-жоболоштуруу жөнүндө ошол замат арыз берүүгө милдеттүү.
2. Лицензия кайрадан жол-жоболоштурулган учурда лицензиялоочу орган лицензиялардын реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизет. Лицензия лицензия алуучу тийиштүү арыз берген күндөн кийин беш күндүн ичинде кайрадан жол-жоболоштурулат.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

18-статья. Лицензия берүүдөн баш тартууга даттануу

Эгерде лицензия ушул Мыйзамда же башка мыйзам актыларында белгиленген мөөнөттө берилбесе же арыз берүүчүгө баш тартуу негизсиз болуп көрүнсө, ал бул аракеттерге сот тартибинде даттана алат.

19-статья. Лицензиянын күчүн токтото туруу жана кайра алуу

1. Лицензия алуучу тарабынан лицензияда камтылган талап анча чоң зыян келтирбей, бир жолу бузулганда лицензиялануучуга кат жүзүндө эскертилет.
2. Лицензия берүүчү мурда эскертүү алган субъектинин лицензиясынын күчүн лицензияда камтылган талаптарды аткарбагандыгы үчүн үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп коюуга укуктуу.
Лицензиянын күчүн токтото туруунун себептери четтетилгенден кийин лицензия кайра күчүнө кирет.
3. Лицензия берүүчү тарабынан төмөндөгү учурларда:
1) лицензиянын күчүн токтото туруунун лицензия берүүчү тарабынан белгиленген себептери четтетилбегенде;
2) лицензия алуучу тарабынан лицензияда камтылган талаптар аткарылбаганда;
3) лицензия алуучунун лицензия алган иштин түрүн жүзөгө ашырышына сот тарабынан тыюу салынганда, лицензия кайра алынышы мүмкүн.
4. Иштин айрым түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзам актыларында лицензияны кайра алуунун жана анын күчүн токтото туруунун башка негиздери жана тартиби каралышы мүмкүн.
5. Лицензиялануучу лицензиянын күчүн токтотуу же аны кайра алуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу.

20-статья. Лицензиянын күчүн токтотуу

Лицензия өзүнүн күчүн төмөндөгү учурларда гана:
1) лицензия берилген мөөнөт аяктаганда;
2) лицензия берилген аракеттер толук көлөмдө жүзөгө ашырылганда;
3) лицензия кайра алынганда;
4) лицензия берилген жеке же юридикалык жак ишин токтоткондо өзүнүн күчүн жоготот.
2. Юридикалык жак кайра катталганда лицензиянын күчү анын мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат.
3.Лицензиянын күчүн токтотууга байланыштуу талаштар соттор тарабынан чечилет.

IV бөлүм
Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарды
бузгандык үчүн жоопкерчилик

21-статья. Зыяндардын ордун толтуруу

Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуудан же лицензия алуучунун укуктарын бузуудан улам келип чыккан зыяндардын ордун толтуруу граждандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

22-статья. Лицензияланууга тийиш болгон ишти лицензиялоо жөнүндө
мыйзамдарды бузуу менен жүзөгө ашыргандык үчүн
жоопкерчилик

1. Тиешелүү лицензиясыз же болбосо лицензиялык нормаларды жана эрежелерди бузуу менен иш жүргүзгөндө мыйзамдарда белгиленген административдик жана уголовный жоопкерчиликке тартылат.
2. Аткаруу үчүн лицензиялык тартип белгиленген ишти лицензиясыз жүзөгө ашыруудан алынган киреше ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын доосу боюнча тиешелүү бюджетке алынып коюлууга тийиш.

22-1-статья. Лицензиялоочу органдардын жоопкерчилиги

Лицензиялоочу органдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Эсеп жана контроль

Лицензияларды эсепке алууну, ошондой эле лицензиялык эрежелердин сакталышына контролдукту лицензия берүүчү жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болот.
Мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдар, ошондой эле мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу башка органдары өз компетенциясынын чегинде лицензиялык талаптардын жана шарттардын бузулушу аныкталганда лицензия берген органга аныкталган тартип бузуулар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

1. Ушул Мыйзам жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин колдонууга киргизилсин.
2. 1991-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, N 22, 694-ст.) 21-статьясынын 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын.
4. Ушул Мыйзамдын колдонууга киргизилиши жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иштин лицензиялоочу түрлөрүнүн тизмесинин аныкталышы менен ушул Мыйзамга кирбеген иштин түрлөрүнө уруксат берүү системасы жокко чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1996-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган