Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (үзүндүлөр)

Бишкек шаары
1996-жылдын 8-майы N 15

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (үзүндүлөр)

(Кыргыз Республикасынын
1997-жылдын 29-апрелиндеги N 29,
1997-жылдын 15-октябрындагы N 76,
1998-жылдын 2-декабрындагы N 148,
1999-жылдын 2-июнундагы N 43,
1999-жылдын 21-июлундагы N 83,
1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131,
2000-жылдын 18-январындагы N 24,
2000-жылдын 29-сентябрындагы N 79,
2001-жылдын 28-июнундагы N 61,
2002-жылдын 21-январындагы N 9,
2002-жылдын 22-июнундагы N 109,
2003-жылдын 17-февралындагы N 38,
2003-жылдын 17-февралындагы N 39,
2003-жылдын 27-мартындагы N 65,
2003-жылдын 15-ноябрындагы N 222,
2004-жылдын 11-мартындагы N 20,
2005-жылдын 4-июнундагы N 70,
2007-жылдын 28-февралындагы N 28,
2007-жылдын 1-мартындагы N 30,
2007-жылдын 31-июлундагы N 121,
2008-жылдын 19-мартындагы N 24,
2008-жылдын 23-майындагы N 95,
2008-жылдын 2-июнундагы N 107,
2008-жылдын 17-октябрындагы N 215
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы
N 16 мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

16-статья. Моралдык зыянды компенсациялоо

Гражданга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга шек келтирген же анын мүлктүк эмес укуктарын бузган аракеттер тарабынан гражданга моралдык зыян (жеке же нравалык азапка салуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда сот укук бузуучуга келтирилген зыяндын ордун акчалай же башка материалдык түрдө компенсациялоо милдетин жүктөй алат.
Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат.
Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жакка моралдык зыян компенсацияланышы мүмкүн.

17-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык
эмес байлыктарды коргоо

Жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес байлыктар ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле бузулган укуктук маңызынан жана бул укук бузуунун кесепеттеринин мүнөзүнөн келип чыга турган граждандык укуктарды коргоонун кайсы ыкмаларын (11-статья) пайдалануу учурларында жана ошол чектерде корголот.

18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик
беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо

1. Граждан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.
Ишке тиешеси бар адамдардын талабы боюнча граждандын ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин ал өлгөндөн кийин да коргоого жол берилет.
2. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш.
Эгерде аталган маалыматтар уюмдан чыккан документте камтылса, мындай документ алмаштырылууга же кайра алынууга тийиш.
Башка учурларда жокко чыгаруунун тартиби сот тарабынан белгиленет.
3. Массалык маалымат каражаттарында анын укуктарын же мыйзам тарабынан корголгон таламдарын кысымга алган маалыматтар жарыяланган учурда, граждан же юридикалык жак ошол массалык маалымат каражаттарында өзүнүн жообун жарыялоого укуктуу.
4. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, сот бузуучуга процессуалдык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү айып акы салууга укуктуу. Айып акыны төлөө укук бузуучуну соттун чечиминде каралган аракеттерди аткаруу милдетинен бошотпойт.
5. Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган граждан, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
6. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жайылткан адамды аныктоого мүмкүн болбосо, өзүнө карата мындай маалыматтар жайылтылган адам жайылтылган маалыматтарды чындыкка ылайык келбейт деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы N 43 мыйзамынын
редакциясына ылайык)

19-статья. Өз сүрөтүнө болгон укук

Кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт.
Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.

20-статья. Жеке турмуштун сырын коргоо укугу

1. Граждан өзүнүн жеке турмушунун сырын: кат жазышуунун, күндөлүк жазуунун, жазмалардын, эскерме жазуулардын, интимдик турмуштун, туулгандыгынын, асырап алуунун сырларын, врачтык же адвокаттык сырларды жана салымдардын сырларын жана д.у.с. сактоону коргоо укугуна ээ.
Жеке турмуштун сырын ачуу мыйзамда белгиленген учурларда гана мүмкүн.
2. Күндөлүктөрдү, жазмаларды, эскерме каттарды жана башкаларды жарыялоого алардын авторунун макулдугу менен, ал эми каттарды анын авторунун жана катты алган адамдын макулдугу менен гана жарыялоого жол берилет. Алардын кимдир-бирөө өлгөн учурда аталган документтер тирүү калган жубайынын жана өлгөн адамдын балдарынын жана башка мурастоочуларынын макулдугу менен, андан кийин анын кийинки тукумдарынын макулдугу менен жарыяланышы мүмкүн.

4-§. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

1027-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары моралдык зыяндын орду аны келтирген кишинин күнөөсү бар болсо, аны келтирген жак тарабынан толтурулат.
2. Моралдык зыяндын орду төмөнкүдөй учурларда аны келтирген жактын күнөөсү бар же жок экендигине карабастан толтурулат:
өтө коркунучтуулук булак менен гражданиндин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде;
гражданинди мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, токтотуу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетип калбоо жөнүндө кол койдуруп алуу мыйзамсыз колдонгондо, камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз административдик жаза колдонуунун натыйжасында зыян келтирилгенде;
адамдын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде;
ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда.
3. Гражданиндин мүлктүк укуктарын бузууга алып келген аракет (аракетсиздик) менен келтирилген моралдык зыяндын орду мыйзамда каралган учурлардан тышкары толтурулбайт.

1028-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү

1. Моралдык зыяндын орду акчалай толтурулат.
2. Моралдык зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жабыр тартуучуга келтирилген дене жана адептик запкынын мүнөзүнө, ошондой эле күнөө зыяндын ордун толтуруунун негизи болуп саналган учурларда анын даражасына жараша сот тарабынан аныкталат. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо аң-сезимдүүлүк жана адилеттүүлүк талаптары эске алынт.
Дене жана адептик запкынын мүнөзү сот тарабынан андай моралдык зыян келтирилген жагдайды жана жабыр тартуучунун жекече өзгөчөлүктөрү эске алуу менен аныкталат.
3. Моралдык зыяндын орду мүлктүк зыяндын ордун толтурууга тийиш экендигине карабастан толтурулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1997-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган