Бишкек шаары
  2010-жылдын 21-январы N 8
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө"
  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана
  толуктоо  киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 7, 316-ст.)  төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
  1.  12-статья күчүн жоготту деп табылсын.
  2.  Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-глава менен толукталсын:
  "7-1-глава
  Мамлекеттик  тилди чет мамлекеттер жана эл аралык
  уюмдар  менен болгон мамилелерде пайдалануу
29-1-статья.
Эл  аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн,  консулдук мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми  зарыл учурларда расмий тилде ишке ашырылат.
  Чет  мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз  Республикасы тарабынан мамлекеттик тил, зарыл учурларда расмий тил, ошондой эле  чет мамлекеттин мамлекеттик тили же эл аралык уюмдардын жумушчу тили  колдонулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын  11-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
  Кеңеши  тарабынан кабыл алынган

 Доступ к информации: как применяются нормы закона?
 Доступ к информации: как применяются нормы закона? Интерньюс объявляет тендер по оценке потребностей для наблюдательного совета ОТРК
 Интерньюс объявляет тендер по оценке потребностей для наблюдательного совета ОТРК Комментарий ИМП касательно поправок в статью 329 УК КР
 Комментарий ИМП касательно поправок в статью 329 УК КР Молодые фотожурналисты Таджикистана получили призы
 Молодые фотожурналисты Таджикистана получили призы
