Бишкек шаары

1994-жылдын 11-январы N 1360-XII

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө

 

(КР

1996-жылдын 19-декабрындагы N 61,

1996-жылдын 19-декабрындагы N 65,

1997-жылдын 21-ноябрындагы N 82,

2004-жылдын 19-августундагы N 157,

2005-жылдын 8-июнундагы N 74,

2008-жылдын 14-июлундагы N 143,

2008-жылдын 21-июлундагы N 161,

2008-жылдын 8-октябрындагы N 208,

2008-жылдын 17-октябрындагы N 231,

2008-жылдын 20-ноябрындагы N 245,

2009-жылдын 30-декабрындагы N 319,

2010-жылдын 25-январындагы N 9,

2011-жылдын 18-октябрындагы N 178,

2012-жылдын 23-майындагы N 63,

2012-жылдын 2-июлундагы N 94,

2012-жылдын 11-октябрындагы N 171,

2013-жылдын 11-апрелиндеги N 51

Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

(КР Жогорку Кеңешинин

1994-жылдын 11-январындагы N 1361-XII

токтому менен колдонууга киргизилген)

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Ички иштер органдарынын укуктук статусу

III бөлүм. Ички иштер органдары (кызматкерлери) тарабынан күч

колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды

колдонуу

IV бөлүм. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан

коргоо

V бөлүм. Ички иштер органдарын финансылык жана

материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

VI бөлүм. Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына

көзөмөл

 

Бул Мыйзам аткаруу бийлигинин системасындагы ички иштер органдарынын ордун жана ролун аныктап, алардын негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, укуктук жана социалдык жактан корголушунун гарантияларын, аларды финансылоонун жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартибин белгилейт.

 

I бөлүм

Жалпы жоболор

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары — коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалары, ички иштер органдарынын транспорттук кичи бөлүмдөрү, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, баселкелик кичи бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объектилердеги кичи бөлүмдөрү, окуу жайлары, мекемелери жана уюмдары Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын түзөт.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчилик тартат.

(КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы N 82, 2008-жылдын 8-октябрындагы N

208, 2012-жылдын 23-майындагы N 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Ички иштер органдарынын негизги милдеттери

 

Төмөндөгүлөр:

— коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу;

— кылмыштуулукка каршы күрөшүү;

— компетенциясынын чектеринде кылмыш-жаза жазаларды жана административдик жаза чараларын аткаруу;

— жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө контролдоп-уруксат берүүчү чараларды, эсепке алуу-каттоо жана экзаменден өткөрүү иштерин жүзөгө ашыруу.

Ички иштер органдарын мыйзамдарда аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат. Мыйзам тарабынан түздөн-түз бийлик-укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким ички иштер органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

(КР 2005-жылдын 8-июнундагы N 74, 2012-жылдын 2-июлундагы N 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Ички иштер органдарынын иши жана жарандардын укуктары

 

Ички иштер органдары өз ишинде жарандардын укугун урматтоого негизденишет жана алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, расалык жана улуттук таандуулугуна, жынысына, курагына, билимине жана тилине, динге болгон мамилесине, саясий жана башка ишенимдерине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан ар бирин коргоонун гаранты болуп саналат.

Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине ар кандай чек коюуга мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте гана жол берилет.

Жарандар өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга укуктуу.

Ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.

Ички иштер органдары кармалгандарга, камакка алынгандарга жана соттолгон адамдарга юридикалык жактан коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турган жери жөнүндө туугандарына, иштеген же окуган жериндеги администрацияга билдиришет.

Зарыл болгон учурда ички иштер органдары аларга токтоосуз түрдө медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аталган адамдарды кармоонун, камакка алуунун, соттоонун натыйжасында жарандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүүгө карата чараларды көрүшөт.

 

4-статья. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, эмгек

жамааттарынын жана жарандардын ички иштер органдарынын

милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшү

 

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

Мамлекеттик органдар, эмгек жамааттары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер ички иштер органдарына алардын милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын парзы.

Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу башталыштарда ички иштер органдарында штаттан тышкаркы кызматкерлер катарында иштей алышат. Штаттан тышкаркы кызматкерлердин милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын ички аскерлерине жетекчилик кылуу

жана алардын өз ара аракеттенүүсү

 

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын ички аскерлери менен өз ара аракеттенип ишке ашырат.

Ички аскерлердин статусу «Кыргыз Республикасынын ички аскерлери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аскерлерге жетекчилик кылат, ал эми Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысы аларды түздөн-түз башкарат.

Облустардын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармаларынын башчылары өздөрүнө баш ийген аймакта дислокацияланган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарып жаткан ички аскерлердин кичи бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата өз компетенциясынын чектеринде улук оперативдүү башчылар болуп эсептелишет.

 

II бөлүм

Ички иштер органдарынын укуктук статусу

 

6-статья. Ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизи

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана нормативдик актылары, ошондой эле эл-аралык укуктук макулдашуулар жана келишимдер ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизин түзөт.

 

7-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө

 

Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу кылуучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо тарабынан регламенттештирилет.

Башка мамлекеттин жараны болбогон, соттуулугу алынганына же жоюлгандыгына карабастан кылмыш иши үчүн соттолбогон, 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында билим алган жана башка мамлекеттердин ушуга теңдеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), ички иштер органдарындагы кызматка жарактуу, ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык билимдерге ээ Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарынын кызматкери боло алат.

Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо менен аныкталат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө адамдын жарактуулугу аскер кызматы үчүн белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлүүчү медициналык текшерүүлөрдүн негизинде аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери республиканын башка региондорунда коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн, өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылууга жана өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн тартылышы мүмкүн. Мында кызмат өтөөнүн мөөнөтүнүн бир күнү үч күн катары эсептелип, үч эселенген акчалай каражат төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат. Ички иштер органдарынын системасында саясий максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы N 161, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 208, 2010-жылдын 25-январындагы N 9, 2012-жылдын 23-майындагы N 63, 2013-жылдын 11-апрелиндеги N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-1-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын

наамдары

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:

— катардагы курамга: катардагы милиционер; ички кызматтын катардагы кызматчысы;

— кенже башкаруучу курамга: милициянын кенже сержанты, ички кызматтын кенже сержанты, милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты, милициянын улук сержанты, ички кызматтын улук сержанты, милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы, милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги, милициянын улук прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги;

— орто башкаруучу курамга: милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, милициянын улук лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны;

— улук башкаруучу курамга: милициянын майору, ички кызматтын майору, милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги, милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги;

— жогорку башкаруучу курамга: милициянын генерал-майору, ички кызматтын генерал-майору, милициянын генерал-лейтенанты, ички кызматтын генерал-лейтенанты, милициянын генерал-полковниги, ички кызматтын генерал-полковниги.

(КР 2010-жылдын 25-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-2-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен

чеги

 

1. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында төмөндөгү куракка чейин кызмат өтөй алышат:

1) катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

— 50 жашында отставкага бошотулат;

— 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) орто жана улук башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

— 55 жашында отставкага бошотулат;

— 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

3) жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

— 60 жашында отставкага бошотулат;

— 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта болгондор:

— 65 жашка чейин кызматта болууга укуктуу.

Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу жалпы негизде ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жүргүзүлөт;

5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар:

— 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосунда белгиленген тартипте 5 жылга узартылышы мүмкүн.

Ички иштер органдарынын штаттык саны кыскарганда же түзүмдөрү жоюлганда кыскарып же жоюлуп жаткан кызматты ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында 4 айдан ашпаган мөөнөткө калтырылуу менен кызматтарынан бошотулат.

Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт.

Бош штаттык кызмат орду пайда болгондо дайындоо ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдардын ичинен алардын мурдагы кызмат ордун жана атайын наамын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мындай учурда ротация жолу менен да кызматка дайындаса болот.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткен кызматкерлер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылгандарды кошкондо, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулууга тийиш.

(КР 2010-жылдын 25-январындагы N 9, 2012-жылдын 23-майындагы N 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

8-статья. Ички иштер органдарынын милдеттери

 

Ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чектеринде:

1) коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууга;

2) кылмыштарды табууга, алдын алууга, ага бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды каттоого;

3) алгачкы текшерүүнү жана алдын ала тергөөнү жүзөгө ашырууга;

4) кылмыш жасаган, тергөөдөн, алгачкы текшерүүдөн жана соттон жашырынып жүргөн, кылмыш-жаза жазаны өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жок болуп кеткен, ошондой эле издеп табуу милдети ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;

5) укук бузуулардын жана кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле жардамга муктаж болгон адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө;

6) кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдонууга;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлерде өзгөчө же согуштук абал киргизилген учурда ал жерлерде укуктук режимди камсыз кылууга жана сактоого мыйзамдарга ылайык катышууга;

8) компетенциясынын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, бул чөйрөдөгү эрежелердин, нормативдердин жана стандарттардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга, автомототранспорт каражаттарын каттоого жана эсепке алууга, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна экзамендерди алууга жана айдоочулардын күбөлүктөрүн берүүгө, механикалык транспорт каражаттарын жана чиркегичтерди мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүгө;

9) жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу, наркотиктери бар жана башка заттарды, нерселерди жана материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун, бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча объектилерди ачууга жана аларды иштетүүгө;

10) жарандар жана кызмат адамдары тарабынан паспорт системасынын эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө;

11) жарандык, миграция, келүү жана кетүү жөнүндө, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

12) келишимдик негизде объектилерди, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мүлкүн кайтарууга, ошондой эле Коргоо министрлигинин жана улуттук коопсуздук органдарынын объектилеринен башка объектилердин ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушуна контролдук жүргүзүүгө;

13) эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза чараларына соттолгон адамдар эркинен ажыратуу өкүмүнүн аткаруу мөөнөтү узартылган адамдардын үстүнөн мыйзамдарга ылайык административдик көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле аларга контролдук белгилөөгө жана жүзөгө ашырууга;

14) административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга;

15) компетенциясынын чектеринде кылмыш-жаза жазаны жана административдик жаза чараларын аткарууга;

16) менчиктин бардык түрүндө чарба жүргүзүп жаткан объектилерде өрт коопсуздугунун абалына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга жана өрттөн сактоонун, өрт өчүрүүнүн бардык түрдөгү кичи бөлүмдөрүнө жетекчилик кылууга;

17) атайын жана аскердик жүктөрдү ташууну уюштурууга;

18) карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү;

19) жеке детективдерге жана жеке детективдик ишканаларга жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды камтыбаган ички иштер бөлүмдөрүнүн тиешелүү картотекаларынан пайдаланууга укук берет;

20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого.

Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы N 61, 2005-жылдын 8-июнундагы N 74, 2008-жылдын 14-июлундагы N 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы N 178, 2012-жылдын 23-майындагы N 63, 2012-жылдын 2-июлундагы N 94, 2013-жылдын 11-апрелиндеги N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары

 

Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:

1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, ички иштер органдарынын бийлик-укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган укук бузууларды жана аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мажбурлоонун Мыйзамдарда каралган чараларын колдонууга;

2) кылмыш кылды же административдик укук тартибин бузду деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо жарандардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерин, ошондой эле аткарылышына контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерди текшерүүгө;

3) административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жазууга, компетенциясынын чектеринде административдик жаза чараларын колдонууга, укук бузуучуларды кармоого жана ички иштер органдарына жеткирүүгө, буюмдарды жана транспорт каражаттарын жеке карап чыгууга, буюмдарды жана документтерди алып коюга, административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонууга;

4) кылмыш жасагандыгы боюнча шектүү деп кармалган, же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды, камакка алынгандарды, кыянаттык менен кылмыш жасагандарды, административдик камакка алынгандарды мыйзамдарда каралган учурларда сүрөткө тартууга, үнүн жаздырып алууга, киного жана көрсөтмө тасмага тартып алууга, дактилоскопиядан жана каттоодон өткөрүүгө;

5) административдик көзөмөлгө алынган адамдардын эсебин жүргүзүүгө алардын үстүнөн контролдукту жүзөгө ашырууга, аларга мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү колдонууга;

6) эгерде аларды токтоосуз бөлөк кармоо зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого жана он сегиз жашка толбогон жана укуктук тартипти бузган жашы жете элек адамдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорунда кармоого, ошондой эле атайын окутуу-тарбиялоо мекемелерине жиберүүгө;

7) укук тартибин бузган аскер кызматкерлерин кармоого жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүүгө;

8) кылмыш жасады деп шектүү болгон жана айыпталган адамдарды Мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;

9) укук тартибин бузган адамдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги, наркотикалык, уулуу жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы боюнча текшерүүдөн өткөрүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;

10) өз өндүрүшүндө болгон иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакырууга, жарандардан түшүнүктөрдү, справкаларды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жарандарды мажбурлап алып келүүгө;

11) жазык иштер боюнча экспертизаларды, текшерүүлөрдүн материалдары боюнча ревизияларды, иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө жана оперативдүү иш-чараларга катышуу үчүн адистерди тартууга;

12) мыйзамдарга ылайык оперативдүү-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга, анын ичинде кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында техникалык каражаттарды колдонууга;

13) бажы органдары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнүн колундагы буюмдарын, жүктөрүн жана жүргүнчүлөрдүн өздөрүн кароого;

14) мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жарандарга таандык болгон турак жайларга жана башка жагдайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн башка) аймагына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти сактоо, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактап калуу максатында карап чыгууга укуктуу. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жеке менчикте же башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерге анда жашап жаткан жарандын эркине каршы киришинин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 саатын ичинде сот тарабынан каралууга жатат. Ушул пункт менен белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;

15) мыйзамда каралган негиздер болгон учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка кимге баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына, ошондой эле жарандар тарабынан жеке өз алдынча иш аткаруу үчүн пайдаланылган бөлмөлөргө тоскоолдуксуз кирүүгө, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн же анын бийлик-укугу берилген адамынын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соода, кызматтык бөлмөлөрдү, транспорт каражаттарын, товарларды жана мүлктөрдү сактай турган жана пайдалана турган башка жерлерди карап чыгууга; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешелүү болгон зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, кат жүзүндө түшүнүктөрдү алууга;

16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгон учурда «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга;

17) алардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле оперативдүү-издөө иш-чараларын жана тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында жарандардын айрым участокторго, объектилерге жана аймактарга тоскоолдуксуз барышын чектөөгө же ага убактылуу тыюу салууга;

18) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, карантиндик иш-чараларды өткөрүү учурунда, ошондой эле наркотикалык каражаттарды камтыган жапайы өсүмдүктөр өтө көп өскөн жерлерде, балыктардын баалуу тукумдары урук таштап жаткан жерлерде, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана атайын коруктардын аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдук-өткөрүүчү пункттарды түзүүгө;

19) козголгон жазык иштер, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин түрүнө карабастан банктардан, финансы-кредит мекемелеринен, ошондой эле мамлекеттик статистика агентствосунун мекемелеринен статистикалык, оперативдүү жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга, кассаларды, акча сакталган башка жерлерди, товардык-материалдык баалуулуктарды жана документтерди мөөр басып бекитүүгө, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; контролдук сатып алууларды жүргүзүүгө, сырьелордун, жарым фабрикаттардын жана продукциялардын үлгүлөрүн алып коюуга;

20) кылмыштарды жана башка укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жеке өз алдынча иш аткарган адамдарга жана ээлик кылуунун башка түрүн аткарган адамдарга көрсөтмө киргизүүгө;

21) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү багыттагы коомдук транспорттун бардык түрүнөн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде жолдо бара жаткан транспорттун бардык түрүн акысыз пайдаланууга; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоого же кезексиз сатып алууга;

22) окуя болгон жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөн жерлерге жетүү үчүн, медициналык тез жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш кылган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн ошондой эле кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка) тоскоолдуксуз пайдаланууга;

23) кызматтык максаттар үчүн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз пайдаланууга;

24) кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу, укук тартибин чыңдоо, кылмыш жагдайлардын жана аларды жасаган адамдарды белгилөө, тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жок болгондорду издеп табуу максатында массалык маалымат каражаттарын акысыз пайдаланууга;

25) ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу жана башка заттарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмелер боюнча нерселерди жана материалдарды сатып алуу, сактоо жана ташуу боюнча контролдоп-уруксат берүү жана чектөө чараларын жүзөгө ашырууга; курал сата турган дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачууга;

26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жол кыймылынын коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулуштарын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу иштерине контролдук жүргүзүүгө жана милдеттүү түрдө аткарыла турган эскертүүлөрдү берүүгө; иштин ушул чөйрөсүнө таандык болгон эрежелердин, нормативдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашууга; зарыл болгон учурда көчөлөрдөгү жана жолдордогу жөө адамдардын жана транспорттун кыймылына чек коюуга жана тыюу салууга, жолдордо жүргүзүлүп жаткан иштерге, техникалык жактан бузук болгон транспорт каражаттарын пайдаланууга чек коюуга жана тыюу салууга, транспорт каражаттарын токтотууга жана айдоочулардын аны пайдаланууга жана башкарууга болгон укугунун документтерин, жолдомо барактарын жана ташылып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтер менен ылайык келишин текшерүүгө; мас абалдагы, ошого тете транспорт каражаттарын башкарууга же аларды пайдаланууга укук берген документтери жок болгон адамдарды транспорт каражаттарын башкаруудан четтетүүгө; транспорт каражаттарын кармоого жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотуучу жерлерге жеткирүүгө укук берилет.

27) колдонуудагы мйзамдарга ылайык лицензия берет;

28) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик ошондой эле күзөт ишканалардын ишин контролдойт.

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы N 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы N 65, 2005-жылдын 8-июнундагы N 74, 2008-жылдын 14-июлундагы N 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы N 178, 2012-жылдын 23-майындагы N 63, 2012-жылдын 2-июлундагы N 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы N 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы

жана алардын ишинин гарантиялары

 

Белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн адам ички иштер органынын кызматкери болуп саналат жана ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.

Ички иштер органдарынын кызматкеринин атайын наамы аскердик наамга теңештирилет.

Атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, ал эми аларды ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

Ички иштер органынын кызматкери бийлик өкүлү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосу астында болот жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда эч ким тийгис укугуна ээ. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптары аткарылбоо, аны маскаралоо, ага каршылык көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же анын өмүрүнө, саламаттыгына, ар-намысына жана кадыр-баркына кол салуу, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка аракеттерди жасоо, ошондой эле ички иштер органдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына анын кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу ар кандай кол салуулар Мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Кылмыш же административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча ички иштер органдарынын кызматкеринин көргөзмөсү Мыйзамда белгиленген тартипте алынган башка далилдер менен бирдей бааланат.

(7-бөлүк КР 2010-жылдын 25-январындагы N 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(8-бөлүк КР 2010-жылдын 25-январындагы N 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 8-октябрындагы N 208, 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 245, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319, 2010-жылдын 25-январындагы N 9 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн бийлик-укугунун чектеринде өз алдынча чечимдерди кабыл алышат жана Мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка жат аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат.

Эгерде ички иштер органынын кызматкерине Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө берилсе, ал Мыйзамды жетекчиликке алат.

Эгерде ички иштер органынын кызматкерлеринин формалдуу жагынан алганда укукка жат жосун бааланууга тийиш болгон аракети өзүн актаган кесиптик тобокелге салуу абалында жасалса, ал мыйзамдуу бузуу болуп эсептелбейт. Эгерде жасалган мындай аракет түзүлгөн жагдайга байланыштуу объективдүү түрдө келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракетти жасабай туруп жетишүүгө мүмкүн болбосо, тобокелге барууга жол берген ички иштер органынын кызматкери түзүлгөн жагдайда келтирилген зыянды болтурбай коюу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды колдонсо, тобокелге салуу өзүн актады деп эсептелет.

 

III бөлүм

Ички иштер органдары (кызматкерлери) тарабынан күч

колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу

куралдарды колдонуу

 

12-статья. Ички иштер органдарынын (кызматкерлеринин), күч

колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды

колдонуу укугу

 

Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте күч колдонууга, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укук берилет.

 

13-статья. Күч колдонуу

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштарды жана башка укук бузууларды болтурбай коюу жана аларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу таламдарына каршы жасалган аракеттерди жокко чыгаруу үчүн, эгерде күч колдонбой турган ыкмалар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, күч колдонушат, анын ичинде мушташтын атайын аскердик ыкмаларын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.

 

14-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдырынын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда:

1) жарандар ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салганда;

2) барымтага кармалгандарды бошотуу үчүн;

3) массалык тартипсиздиктерге жана коомдук тартипти тобу менен бузууларга бөгөт коюу үчүн;

4) кимге таандык экендигине карабастан имараттарга, курулуштарга, жайларга, транспорт каражаттарына, жер участокторуна кол салынганда же болбосо аларды бошотуу үчүн;

5) эгерде укук бузуулар ички иштер органдарынын кызматкерлерине, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жүргөн башка адамдарга баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, аларды кармоо, ички иштер органдарына жеткирүү, кармалгандарды, камакка алынгандарды, административдик камакка алынгандарды коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн же болбосо алардын качып кетиши же тегерегиндегилерге же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерине өздөрүнө Мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарга карата колдонулат.

Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан же болбосо куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

15-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда:

1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан жарандарды жана өзүн-өзү коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;

2) ички иштер органдарынын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштылуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук милдетин аткарып жүргөн адамдарга топтошуп же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

3) маанилүү жана кайтаруудагы объектилерге, жарандардын турак үйлөрүнө, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин имараттарына топтошуп же куралдуу кол салуунун, ички иштер органдарынын аскердик же кызматтык тобуна кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же кылмыш кылып жаткандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан башкаларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн колдонулат.

Куралды колдонуунун алдында, эреже катары, аны колдоно тургандыгы тууралу эскертилүүгө тийиш.

Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, деңиз (дарыя) кемелерин пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражатынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда:

1) эгер айдоочу жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирип жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражатын бузуп токтотуу үчүн;

2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;

3) коогалаң белгисин же жардам чакыруу белгисин берүү үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн пайдаланууга укуктуу.

Аялдарга же жашы жете электерге карата курал колдонууга алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, кишилерди, транспорт каражаттарын барымталагандан же өмүргө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда тыюу салынат.

Эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укуктуу. Кармалган адамдардын ички иштер органынын кызматкерлерине кол салуусу же башка капыстан жасалган атайын аракеттери, кызматкерге ал көрсөткөн аралыктан жакын келүүгө, анын буйругусуз өз кийиминен бир нерсе алып чыгууга, куралына тийүүгө аракеттениши жана башка кооптуу аракеттери менен кыймылдары ички иштер органынын кызматкери тарабынан күч колдонуу коркунучу катары бааланышы мүмкүн жана ага ушул Мыйзамга ылайык ок атуучу куралды колдонууга укук берет.

Курал колдонулган жана пайдаланылган ар бир учурда ички иштер органдарынын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык тез жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ички иштер органынын кызматкери ок атуучу куралды колдонгон ар бир учур жөнүндө ал колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзү кызмат өтөгөн жердеги, ок атуучу курал колдонулган жердеги ички иштер органынын башчысына рапорт берүүгө милдеттүү.

 

IV бөлүм

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин

социалдык жактан коргоо

 

16-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык

укуктарынын гарантиясы

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине алардын балдарына мектепке чейинки балдар мекемелеринен, кызматтык командировкада жүргөндө мейманканадан орун берүү, квартиралык телефон менен камсыздоо, жеке менчик үй-куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү ички иштер органдарынын эсебинен квартирасына кайтаруу сигналын койдуруу гарантияланат.

(2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ички иштер органдарынын объектилерди кайтарган кызматкерлери ошол ишкананын же уюмдун кызматкерлери үчүн каралган социалдык гарантиялардын баарынан пайдаланышат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн аныкталган норма боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыздалышат.

Ички иштер органдарынын менчик транспортун кызмат үчүн пайдаланган кызматкерлерине белгиленген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Башка кызмат (окуган) ордуна которулгандыгына байланыштуу көчкөндө, ички иштер органынын кызматкеринин жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иштеген жеринен бошотулгандан баштап 6 ай боюу үзгүлтүккө учурабайт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин турак-жай менен

камсыздоо

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же турак-жай курулуш кооперативдердин турак жай фондуларынын эсебинен (өз тандоосу боюнча) биринчи кезекте турак-жай аянты менен камсыздоо гарантияланат.

Ички иштер органдары колдо болгон каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлери үчүн турак-жай сатып алууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана кызматтан курагына, ден-соолугуна, штаттарды кыскартууга байланыштуу бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак-жай фондусунан ээлеп турган турак-жайлары менчикке акысыз берилет.

Ички иштер органдарынын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү башка турак-жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өзүмдүк, кооперативдик жана дачалык үй-куруу үчүн пайызсыз же жеңилдетилген ссуда берилет жана ал мыйзамда белгиленген тартипте жоюлат.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда, курман болгон (өлгөн) кызматкерлердин үй-бүлөсүнө, эгер зарыл болсо, турак-жай аянтын кезексиз алууга же турак-жай шартын жакшыртууга укук берилет.

Ички иштер органдарынын жарандардын менчигине таандык турак үйлөрдү келишим боюнча жалдап турушкан кызматкерлерине ички иштер органдарынын тийиштүү сметаларынын эсебинен тийиштүү өлчөмдөгү компенсация төлөнүп берилет.

Офицердик курамдагы, полковник же андан жогорку наамдагы кызматта турган же запаска бошотулган адамдарга мыйзамда белгиленген өлчөмдө кошумча турак-жай аянты берилет.

(2004-жылдын 19-августундагы N 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерин мамлекеттик

камсыздандыруу жана ал курман болгон же мертинген

учурда зыяндын ордун толтуруу

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле келишимдердин негизинде министрликтерден жана ведомстволордон, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандырууга алынышат, мындай камсыздандыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык милдетин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгондо же кызмат өтөө учурунда алган жараатка, мертинүүгө, оорусуна байланыштуу кызматтан бошотулгандан кийин өлгөн учурда, курман болгон адамдын үй-бүлөсүнө жана багуусундагы адамдарга курман болгон (өлгөн) адамдын акыркы иштеген кызмат ордундагы жыйырма жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруунун каражатынан төлөнүп берилет. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда мындай кызматкердин үй-бүлөсүнө же багуусундагыларга баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу анын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндөгү пенсия (өмүр боюу) чектелип берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу мертинсе, денесине залал келтирилсе же ден-соолугуна башка бир зыян келтирилсе, майыптык боюнча чектелген пенсиянын суммасынан ашык өлчөмүндөгү акчалай компенсация ички иштер органдарынын каражатынын эсебинен төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу денесине зыян келтирилгендигине байланыштуу андан ары кызмат өтөөгө жараксыз болуп калса, ага милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруунун каражатынын эсебинен он жылдык айлык акысынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызмат өтөө учурунда алган жараттын, денесине залал келүүнүн, оорунун айынан кызматынан төмөндөгөн учурда кызматынан төмөндөй элек учурдагы акчалай каражаты (компенсация) ички иштер органдарынын каражатынын эсебинен төлөнүп берилет.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мүлкүнө

келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын мүлкүнө анын кызматтык ишти аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыяндын орду толугу менен мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.

 

20-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин медициналык жана

санаториялык-курорттук тейлөө

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү акысыз медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.

Гарантиялуу медициналык жардам, ошондой эле санаториялык-курорттук, дарылоочу-алдын алуучу тейлөө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын кайсы гана болбосун медициналык, дарылоочу-алдын алуучу мекемесинде көрсөтүлөт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери ошондой эле жеңилдетилген медициналык-социалдык, дары-дармектик жана протездик-ортопедиялык тейлөөдөн пайдаланышат.

 

21-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы

жана эмгек акысы

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убактысынын жалпы узактыгы жумасына 40 сааттан ашык эмес белгиленет.

Зарыл болгондо кызматтык милдетти аткарууга кызматкерлер белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да тартылышы мүмкүн.

Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2012-жылдын 23-майындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин пенсиялык

камсыздоо

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекет тарабынан гарантияланган пенсиялык камсыздалууга укуктуу.

 

23-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык

коргоонун кошумча гарантиялары

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруучу бийликтин жергиликтүү органдары ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоонун кошумча гарантияларын аныктоого укуктуу.

 

V бөлүм

Ички иштер органдарын финансылык жана

материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

 

24-статья. Ички иштер органдарын финансылоо

 

Ички иштер органдарын финансылоо Өкмөт тарабынан борборлоштурулган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, ишканалардан, башка юридикалык жактардан жана жеке адамдардан келип түшкөн каражаттарынын, башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Ички иштер органдары тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте алынып, мамлекеттик кирешеге айландырылган мүлктү жана башка баалуулуктарды сатуудан түшкөн акчалай каражаттардын, анын ичинде валютанын 30 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте алууга ички иштер органдарына укук берилет.

Ички иштер органдары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мыйзамдуу түрдө алынып коюлган жана конфискацияланган мүлктү иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте сатып алууга артыкчылык укугуна ээ.

 

25-статья. Ички иштер органдарын материалдык-техникалык жактан

камсыз кылуу

 

Ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жергиликтүү бийлик органдары ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызматтык имараттарды, ал эми участоктук инспекторлорго тейленген жерлеринде иш жүргүзүү үчүн жабдылган жайларды, автомототранспорт жана байланыш каражаттарын акысыз беришет.

Келишимдердин негизинде түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлүүчү ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө тиешелүү министрликтер, ишканалар, уюмдар, мекемелер кызматтык имараттарды, транспортту, байланыш каражаттарын жана алардын нормалдуу иштеши үчүн зарыл мүлктөрдү акысыз беришет.

Темир жол, аба, суу транспортторунда, атайын объектилерде ички иштер органдары акысыз жабдылган кызматтык жайлар, байланыш каражаттарды, автомототранспорт менен тиешелүү тармактардын эсебинен акысыз камсыз кылынат жана ал тармактар ал каражаттарды пайдалануу боюнча чыгымдарды да төлөшөт.

Коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат.

Алынып коюлган, ошондой эле соттун чечими боюнча конфискацияланган автомототранспорт, үн жазма жана видеотехника, компьютерлер, оргтехникалык каражаттар жана башка мүлктөр ички иштер органдарына материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлүп берилет.

(КР 2012-жылдын 23-майындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI бөлүм

Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун

сакталышына көзөмөл

 

26-статья. Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына

көзөмөл

 

Ички иштер органдарынын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев