Право и СМИ Центральной Азии

Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 6-ноябры N 119

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө

I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Меценаттардын жана соопчулук уюмунун
ишин жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби
III Глава. Меценаттыктын жана соопчулук ишинин
мамлекеттик кепилдиктери
IV Глава. Корутунду жоболор

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Меценаттыктын жана соопчулук ишинин максаттары

Меценаттык — жарандарга же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акчалай каражаттарды берүүдөн көрүлгөн, искусство, илим, маданият, билим берүү, агартуу чөйрөсүндөгү жарандардын же юридикалык жактардын пайда көздөбөгөн, акысыз жардам көрсөтүүсү.
Меценаттык коомдо рухий дөөлөттөрдү сактоо, түзүү жана таратуу максаттарында жүзөгө ашырылат жана анын аркасында инсандын чыгармачылык жана рухий негиздеринин өнүгүшүнө көмөк берет.
Соопчулук иши — жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга же юридикалык жактарга мүлктү, анын ичинде акча каражаттарын пайда көздөбөй (акысыз же жеңилдетилген шарттарда) берүү, пайда көздөбөй иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, башка колдоолорду көрсөтүү боюнча ыктыярдуу ишти жүзөгө ашыруулары.
Соопчулук иши:
— жарандарды социалдык жактан колдоо жана коргоо, анын ичинде жарды-жармачтардын материалдык абалын жакшыртуу, жумушсуздарды, майыптарды жана өздөрүнүн мүчө-боюнун жана (же) интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнөн, башка жагдайлардан улам өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча ишке ашыра албаган башка адамдарды социалдык жактан реаблитациялоо;
— табигый кырсыктардын, экологиялык, өнөр жайлык же башка кыйроолордон, социалдык, улуттук, диний чыр-чатактардан жана айласыздан көчүүдөн жапа тарткандарга жардам берүү;
— элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымактуулукту чыңдоого, социалдык, улуттук, диний чыр-чатактардын алдын алууга көмөк көрсөтүү;
— инсандын билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу чөйрө-
сүндөгү ишине, рухий өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
— энени, баланы коргоого көмөк көрсөтүү;
— жарандардын саламаттыгын профилактикалоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ишке, ошондой эле, саламаттыкты сактоочу турмуш ыңгайын пропагандалоого, жарандардын адептик-психилогиялык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү;
— дене тарбия маданияты жана массалык спорт чөйрөсүндөгү ишке көмөк көрсөтүү;
— курчап турган табигый чөйрөнү сактоо жана жаныбарларды коргоо;
— тарыхый, диний, маданий же табиятты сактоочу мааниге ээ болгон имараттарды, объекттерди жана аймактарды жана көрүстөндөрдү сактоо жана талаптагыдай күтүү максаттарында жүзөгө ашырылат.
Коммерциялык уюмдарга акчалай жана башка материалдык каражаттарды жөнөтүү, башка түрлөрдө жардам көрсөтүү, ошондой эле, саясий партияларга, кыймылдарга, топторго жана өнөктүктөргө колдоо көрсөтүү соопчулук иши болуп эсептелбейт.

2-статья. Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө мыйзамдар

Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин тийиштүү жоболорунан, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган мыйзамдардан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан турат.
Башка мыйзамдарда камтылган соопчулук ишин жөнгө салуучу ченемдер ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөгө тийиш.
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башкача эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин эрежелери колдонулат.

3-статья. Меценаттыкты жана соопчулук ишин жүзөгө ашырууга
укуктуулук

Жарандар жана юридикалык жактар меценаттыкты жана соопчулук ишин түздөн-түз же соопчулук уюмдары аркылуу ыктыярдуулуктун жана жалпы пайдалуу максаттарды эркин тандап алуунун негизинде тоскоолсуз жүзөгө ашырууга укуктуу.
Жарандар жана юридикалык жактар меценаттыкты жана соопчулук ишин жекече же соопчулук уюмдарын уюштуруу менен же уюштурбай эле биригип, эркин жүзөгө ашырууга укуктуу болушат.
Ушул Мыйзамда меценаттын жана соопчулук ишинин белгиленген максаттарын жана аларды жүзөгө ашыруу түрлөрүн тандап алуу эркиндигин чектөөгө эч ким укуксуз.

4-статья. Меценаттар жана соопчулук ишинин катышуучулары

Ушул Мыйзамдын максаттарында алганда меценаттык ишти жүзөгө ашырышкан жарандар меценат катары түшүнүлөт.
Ушул Мыйзамдын максаттарында алганда соопчулук ишин жүзөгө ашырган, анын ичинде аны учурдагы соопчулук уюмуна колдоо көрсөтүү же жаңысын түзүү жолу менен жүзөгө ашырган жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле, соопчулук иши алардын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырылган жарандар жана юридикалык жактар соопчулук ишинин катышуучулары катары түшүнүлөт.

5-статья. Соопчулук уюму

Бүтүндөй коомдун же адамдардын айрым категорияларынын кызыкчылыктарында соопчулук ишин жүзөгө ашыруу жолу менен ушул Мыйзамда каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес (коммерциялык эмес) уюм соопчулук уюму болуп саналат.

6-статья. Соопчулук уюмдарынын түрлөрү

Соопчулук уюмдары коомдук уюмдар (бирикмелер), фонддор, мекемелер түрүндө жана башкача түрлөрдө түзүлөт.
Эгерде соопчулук уюмунун уюштуруучусу соопчулук уюму болсо, ал мекеме түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
Эгерде ал өз ишин өзүнүн филиалдары, өкүлчүлүктөрү же мекемелери аркылуу эки же андан ашык мамлекеттерде жүзөгө ашырса, соопчулук уюму эл аралык уюм болуп саналат.
Соопчулук уюмдарын түзүү жана жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

II Глава
Меценаттардын жана соопчулук уюмунун ишин жүзөгө
ашыруунун шарттары жана тартиби

7-статья. Меценаттардын жана соопчулук уюмунун иши

Меценаттар ушул Мыйзамда каралган максаттарды аткарууга багытталган өздөрүнүн мецанаттык ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
Соопчулук уюму өзү кайсы максаттар үчүн түзүлсө, ошол максаттарга жетишүүгө багытталган соопчулук ишин, ошондой эле, ушул Мыйзамда каралган максаттарга багытталган соопчулук ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
Соопчулук уюму ресурстарды тартуу жана соода-сатыктан тышкары иштерди алып баруу боюнча иш жүргүзүүгө укуктуу.
Соопчулук уюму кайсы максаттар үчүн түзүлсө, ошол максаттарга жетишүү үчүн гана жана бул максаттарга ылайык келүүчү ишкердик ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
Соопчулук максаттарын ишке ашыруунун материалдык шарттарын түзүү үчүн соопчулук уюму чарбалык коом уюштурууга укуктуу.
Соопчулук уюмунун башка жактар менен бирге чарбалык коомдорго катышуусуна жол берилбейт.
Соопчулук уюму саясий партияларга, кыймылдарга, топторго жана өнөктүктөргө көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн каражатын чыгымдоого жана өзүнүн мүлкүн пайдаланууга укуксуз.

8-статья. Соопчулук уюмунун мүлкүн түзүүнүн булактары

Соопчулук уюмдарынын мүлкүн түзүүнүн булактары:
соопчулук уюмдарынын уюштуруучуларынын кошумчалары;
мүчөлүк акылар (мүчөлүккө негизделген соопчулук уюмдар үчүн);
жарандар же юридикалык жактар акчалай же натуралай түрдө берген соопчулук кайрымдуулуктары, анын ичинде максаттуу мүнөздөгү (соопчулук гранттары) кайрымдуулуктары;
сатып — өткөрүү иштеринен тышкары кирешелер, анын ичинде баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
ресурстарды тартуу боюнча иштен түшкөн каражаттар (соопкерлерди жана ыктыярдууларды тартуу боюнча өнөктүктөрдү өткөрүү, анын ичинде оюн -зоок, маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды уюштуруу, соопчулук кайрымдуулуктарын жыйноо боюнча өнөктүктөрдү өткөрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лотереяларды жана тооруктарды өткөрүү, соопкерлерден түшкөн мүлктү жана кайрымдуулуктарды алардын каалоолоруна жараша ишке ашыруу);
мыйзам уруксат берген ишкердик иштен түшкөн кирешелер;
соопчулук уюму уюштурган чарбалык коомдордун ишинен түшкөн кирешелер;
ыктыярдуулардын эмгеги.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы фонддорунан соопчулук уюмдары үчүн каражат бөлүп берүүгө тыюу салынат.

9-статья. Соопчулук уюмунун мүлкү

Соопчулук уюмунун менчигинде же башка мүлктүк укугунда: имараттар, курулуштар, жабдуулар, акчалай каражаттар, баалуу кагаздар, маалыматтык ресурстар, башка мүлк, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, интеллектуалдык иштин натыйжалары болушу мүмкүн.
Соопчулук уюму өзүнүн менчигинде же башка мүлктүк укугунда турган мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, бул уюмдун уставына, соопкердин каалоолоруна каршы келбеген кандай болсун бүтүм жасай алат.
Соопчулук уюму администрациялык-башкаруучу кызматчыларга эмгек акы төлөөгө, бул уюм каржылык жыл ичинде чыгымдаган каржы каражаттарынын 2 пайыздан ашуунун пайдаланууга укуксуз. Мындай чектөө соопчулук программаларын ишке ашырууга катышкан адамдардын эмгек акысын төлөөгө тийиштүү болбойт.
Эгерде соопкер же соопчулук программасы тарабынан башкача каралбаган учурда акчалай түрдөгү соопчулук кайрымдуулугунун 98 пайыздан кем эмеси соопчулук уюму бул кайрымдуулукту алган учурдан тартып соопчулук максаттарына жыл ичинде пайдаланылууга тийиш. Натуралай түрдөгү соопчулук кайрымдуулуктары, эгерде соопкер же соопчулук уюму тарабынан башкача белгиленбесе, алар алынган учурдан тартып бир жылдын ичинде соопчулук максаттарга жумшалат.
Соопчулук уюмунун мүлкү бул уюмдун уюштуруучуларына (мүчөлөрүнө) башка адамдарга караганда кыйла пайдалуу шарттарда берилиши (сатуу, товарларга, жумушка, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө жолу менен жана башка түрлөрдө) мүмкүн эмес.

10-статья. Соопчулук программасы

Соопчулук уюмунун жогорку башкаруу органы бекиткен жана бул уюмдун уставдык максаттарына ылайык келген айкын милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чаралар тобу соопчулук программасы болуп саналат.
Соопчулук программасы болжолдуу кирешелердин жана пландаштырылган чыгашалардын сметасын (соопчулук программасын ишке ашырууга катышуучу адамдардын эмгек акысын төлөөнү кошо) камтыйт, аны ишке ашыруунун этаптарын жана мөөнөттөрүн белгилейт.
Соопчулук программасын каржылоого (аларды материалдык-техникалык, уюштуруучулук жактан жана башка камсыздоого, соопчулук программаларын ишке ашырууга катышкан адамдардын эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгашалар жана соопчулук программаларын ишке ашырууга байланышкан башка чыгашаларды кошо) каржы жылы ичинде соода-сатыктан тышкары иштерден түшкөн кирешелердин, соопчулук уюму уюштурган чарбалык коомдордон түшкөн каражаттардын жана мыйзам тарабынан уруксат берилген ишкердик иштен түшкөн кирешелердин 98 пайыздан кем эмеси пайдаланылууга тийиш. Узак мөөнөттүү соопчулук программаларын ишке ашырууда түшкөн каражаттар бул программаларда белгиленген мөөнөттөрдө пайдаланылат.

III Глава
Меценаттыктын жана соопчулук ишинин
мамлекеттик кепилдиктери

11-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын меценаттыкка жана
соопчулук ишине колдоо көрсөтүүсү

Соопчулук ишинин катышуучуларынын — жарандардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдикке алынат жана камсыздалат.
Жарандардын жана юридикалык жактардын соопчулук ишин жүзөгө ашырууга укуктуулуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары меценаттын социалдык маанисин таануу менен меценаттарга төмөндөгүдөй:
шаардын ардактуу тургуну наамын берүүгө көрсөтүү;
меценаттардын иш-аракетин анын аты менен атоого укук берүү жана аларды ардактуу белгилер жана сыйлыктар менен сыйлоо түрлөрүндө артыкчылыктар бере алышат.
Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары соопчулук ишинин социалдык маанисин таануу менен соопчулук ишинин катышуучуларына төмөнкүдөй:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар, бажылык жана башка жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктер жана башка жеңилдиктер берүү;
соопчулук уюмдарын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана субсидиялоо (анын ичинде мамлекеттик уюмдар көрсөткөн кызматтарга төлөөлөрдөн, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн акы төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу);
соопчулук уюмдары иштеп чыккан соопчулук программаларын конкурстук негиздөө каржылоо;
мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратууда жана менчиктештирүүдө аны акысыз же жеңилдиктүү негизде соопчулук уюмунун менчигине берүү түрлөрүндө колдоо көрсөтө алышат.
Соопчулук ишине колдоо көрсөтүү мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана соопчулук уюмдарынын эриш-аркак аракеттенүүлөрүн жүзөгө ашыруу максатында соопчулукка колдоо көрсөтүү боюнча кеңештер (комитеттер) түзүлүшү мүмкүн, алардын курамына мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин органдарынын, соопчулук уюмдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер киришет. Бул кеңештер (комитеттер) соопчулук ишинин катышуучуларына карата бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болушпайт, алардын чечимдери сунуштук мүнөздө болот.
Айрым соопчулук уюмдарына, алардын уюштуруучуларына (мүчөлөрүнө) жана соопчулук ишинин башка катышуучуларына жекече тартипте салыктык жеңилдиктер берүүгө тыюу салынат.
Мыйзамдарда белгиленген салыктык жана башка жеңилдиктерге укуктуулукту соопчулук уюму мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып алат.

12-статья. Соопчулук ишин жүзөгө ашырууга контролдук

Соопчулук уюму өзүнүн жылдык отчетторунун ачыктыгын, анын ичинде массалык маалымат каражаттарына карата ачыктыгын камсыз кылат.
Соопчулук уюмунун кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүлүштөрү жөнүндөгү маалыматтар, ошондой эле, анын мүлкүнүн өлчөмдөрү, анын чыгашалары, кызматкерлердин саны, аларга эмгек акы төлөө жөнүндө жана ыктыярдууларды тартуу жөнүндөгү маалыматтар коммерциялык сыр болуп эсептелбейт.
Каржылык жана чарбалык ишке контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

IV Глава
Корутунду жоболор

13-статья. Соопчулук уюмунун жоопкерчилиги

Ушул Мыйзамды бузган учурда соопчулук уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Соопчулук уюму өзүнүн максаттарына, ошондой эле, ушул Мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда, соопчулук уюмун каттаган орган ага кат түрүндө эскертүү жөнөтө алат.
Соопчулук уюму өзүнүн максаттарына, ошондой эле, ушул Мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасаган учурда, ыйгарым укук берилген органдар ага кат түрүндө эскертүү жөнөтүшөт.
Кайрымдуулук жардамдарды чогултуу боюнча коомдук өнөктүктөр ишке ашырылган учурда соопчулук уюму алынган кайрымдуулук жардамдардын өлчөмдөрү жана алардын пайдаланылгандыгы тууралу расмий басма сөздөрдө отчетторду жыл сайын жарыялоого милдеттүү.
Соопчулук уюмуна кат түрүндө бир нече жолу эскертүүлөр жасалган учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоюлушу мүмкүн.

14-статья. Эл аралык соопчулук ишин жүзөгө ашыруу

Соопчулук ишине катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте эл аралык соопчулук ишин жүзөгө ашыра алышат.
Эл аралык соопчулук иши эл аралык соопчулук долбоорлоруна катышуу, эл аралык соопчулук уюмдарынын соопчулук ишине катышуу, соопчулук ишинин тийиштүү чөйрөсүндө чет өлкөлүк шериктештер менен эриш-аркак ара-
кеттенүү жолу менен, ошондой эле эл аралык тажрыйбада кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун ченемдерине жана принциптерине каршы келбеген башка ар кандай түрдө жүзөгө ашырылат.
Соопчулук уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттердин банктарынын мекемелеринде эсебин ачууга укуктуу.
Соопчулук уюму чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан, ошондой эле чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардан соопчулук кайрымдуулуктарын алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн кайрымдуулуктарды пайдалануу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

15-статья. Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын,
чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын Кыргыз
Республикасынын аймагындагы соопчулук иши

Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соопчулук ишинин катышуучулары катары чыгууга укуктуу болушат.

16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

1999-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган