Право и СМИ Центральной Азии

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу

Бишкек шаары

2012-жылдын 25-январы N 4

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

 

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын

айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу

 

1-берене.

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялар корпусун түзүү аяктаганга чейин «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкү ченемдеринин колдонулушу токтотулсун:

7-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы;

18-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы;

24-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү;

27-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы — ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүнүн аяктаганына байланыштуу ыйгарым укуктарды токтотуу бөлүгүндө.

 

2-берене.

 

Жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жаңы судьялар дайындалганга чейин алар ээлеп турган кызматтарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дайындалган жергиликтүү соттун жаңы судьясы, төрагасы жана төраганын орун басары ээлегенге чейин алардын ыйгарым укуктары узартылган болуп эсептелсин.

Жергиликтүү соттун судьясынын, төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын узартуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгө ашырылат.

 

3-берене.

 

Ушул конституциялык Мыйзамдын колдонулушу 2011-жылдын 7-апрелинде пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев

 

2012-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган