Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Бишкек шаары, 2014-жылдын 17-марты № 132

Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

— Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө Жобо, 1-тиркемеге ылайык;

— Сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн Тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

— Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү Тартиби, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти жүргүзүүчү министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2014-жылдын 21-мартында № 20 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Ж.Сатыбалдиев