Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-мартындагы
№ 132 токтомуна
1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө
Жобо

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо менен сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоонун тартиби, сертификатты берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун шарттары аныкталат.

2. Компетенттүүлүктү сертификациялоо тийиштүү эксперттик адистик (багыт) боюнча соттук-эксперттик иште иштөөнү чечкен талапкердин (мындан ары — талапкер) кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоодо турат.

3. Компетенттүүлүктү сертификациялоо төмөнкү максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:

а) талапкердин компетенттүүлүгүн аныктоо;

б) талапкердин белгиленген талаптарга ылайыктыгын көз карандысыз жана квалификациялуу баалоону уюштуруу жана өткөрүү.

4. Сот экспертинин компетенттүүлүгүнүн сертификаты (мындан ары — сертификат) тийиштүү эксперттик адистик боюнча талапкердин соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө квалификациясын тастыктоочу документ болуп саналат.

5. Талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:

а) тиешелүү чөйрөдөгү билим;

б) иштеги стаж жана тажрыйба;

в) конкреттүү эксперттик адистик боюнча мамлекеттик соттук-эксперттик мекемелерде такшалуудан өтүү.

6. Компетенттүүлүктү сертификациялоо тийиштүү мамлекеттик органдагы Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия (мындан ары — Комиссия) тарабынан ишке ашырылат.

7. Сертификаттын жарактуулук мөөнөтү 5 жыл болот.

8. Сертификат алган сот эксперттери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

2. Компетенттүүлүктү сертификациялоонун тартиби жана шарттары

9. Компетенттүүлүктү сертификациялоо төмөнкү этаптардан турат:

а) талапкерлердин берген документтерин кароо;

б) квалификациялык экзамен алуу.

10. Компетенттүүлүктү сертификациялоо талапкерлердин берген өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.

11. Өтүнмөгө талапкерлер төмөнкү документтерди тиркешет:

а) паспорттун көчүрмөсү;

б) билими жөнүндө документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

в) арыз берүүчүнүн жашаган жериндеги наркологиялык жана психиатриялык диспансерлер тарабынан Комиссияга тапшырганга чейин бир айдан ашык эмес убакытта берилген медициналык маалымкаттар, укук коргоочу органдардын эксперттеринен башкаларга;

г) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, укук коргоочу органдардын эксперттеринен башкаларга.

12. Сертификатты алууга биринчи жолу талаптанган талапкерлер өтүнмөгө кошумча төмөнкүлөрдү тиркешет:

а) экспертизанын тийиштүү чөйрөсүндөгү адис катары талапкердин ишин баалоо менен такшалманын жетекчиси кол койгон пикир:

б) соттук-эксперттик иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдар бекитүүчү даярдоо программаларына ылайык аткарылган текшерүү тапшырмалары боюнча бештен кем эмес окуу корутундулары.

13. Соттук-эксперттик иш жүргүзүүгө мурда сертификат алган талапкерлер өтүнмөгө кошумча сертификациялануучу адистик боюнча эксперттик ишинин акыркы жылында аткарган экспертизаларынын тизмесин (реестрин) берет.

14. Сертификат алуу үчүн берилген документтерди Комиссия он күндүк мөөнөттө карайт.

Документтер алардын мазмунунун толуктугу жана тууралыгы жагынан каралат. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия талапкерлерди квалификациялык экзаменге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы жөнүндө талапкерлер эки иш күндүн аралыгында кабарланат.

15. Квалификациялык экзамен сот экспертинин ишин жүргүзүүгө талапкердин билимин жана кесиптик даярдыгын белет алуу формасы боюнча аныктайт.

Квалификациялык экзаменге сертификациялоо маселеси каралып жаткан талапкер, ошондой эле такшалманын жетекчиси чакырылат, такшалманын жетекчиси Комиссиянын жыйынында талапкердин даярдык деңгээли жөнүндө баяндайт.

Комиссия жыйын процессинде кароого берилген материалдарды карайт, талапкерге конкреттүү эксперттик адистик, соттук экспертизанын теориялык негиздери, процесстик мыйзамдардын ченемдери жана эксперттик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча суроолорго жооп сурайт.

16. Компетенттүүлүгүн сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия талапкерге сертификатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Сертификациялоо маселеси чечилип жаткан талапкер добуш берүүдө катышпайт.

17. Сертификат ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада берилет. Сертификатка квалификациялык экзамен алган Комиссиянын төрагасы кол коет жана мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Соттук эксперттерди Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизүүдө каттоо номери ыйгарылат. Сертификат Комиссиянын жыйыны өткөн күндөн кийин он иш күндүн аралыгында берилет.

Сертификаттын жарактуулугу башталган күн болуп аны берген күн эсептелет. Сертификаттардын бланктары Комиссия иштеген мамлекеттик органдын каражатынын эсебинен жасалат.

18. Тийиштүү эксперттик адистик боюнча сертификаты бар сот эксперти ушул главада белгиленген тартипте башка дагы эксперттик адистик боюнча сертификат алууга укуктуу.

19. Талапкердин каалоосу боюнча компетенттүүлүктү сертификациялоо ушул главада белгиленген тартипте бир эле убакта эксперттик адистиктин бардык же бир нече түрлөрү боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.

20. Сертификаты жоголсо, бузулса соттук эксперт сертификаттын дубликатын алууга укуктуу.

Жоголгон, бузулган сертификаттар сот эксперти Комиссияга жазуу жүзүндө арыз берген күндөн баштап жараксыз деп эсептелет.

Сертификаттын дубликатын Комиссия берет. Сертификаттын дубликатына жаңы каттоо номери коюлат жана оң жагындагы жогорку бурчуна «Дубликат» деген штамп басылат.

3. Компетенттүүлүк сертификатын берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун негиздери жана шарттары

21. Сертификатты берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде талапкер же сот эксперти:

а) ушул Жобонун 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык талап кылынуучу бардык документтерди тапшырбаса;

б) ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе;

в) жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо;

г) мамлекеттик кызматчы болсо, укук коргоо органдарынын бөлүктөрүнүн эксперттеринен башкалар;

д) акыркы 3 жыл аралыгында сот экспертинин ишин жүргүзүүгө компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылган болсо.

22. Сертификациялоодон баш тартылган учурда, чечимде Комиссиянын сертификатты берүүдөн баш тартуусунун жүйөлөрү көрсөтүлүп жана сунуштамалар берилиши керек. Компетенттүүлүктү сертификациялоо жөнүндө маселе Комиссиянын сунуштамаларын аткаргандан кийин 6 айдан кем эмес убакыт өткөндө кайра каралышы мүмкүн.

23. Сот экспертине карата кызматтык иликтөө же тергөө жүргүзүлгөн убакта анын сертификатынын жарактуулугу токтотулуп турат.

24. Сот экспертин сертификаттан ажыратуу төмөнкү учурларда болот:

а) сот экспертине карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

б) адам сот экспертинин ишин аткарууда мыйзамды бир нече жолу одоно бузса жана ал соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин сунушунун, соттун жеке аныктамасынын же прокурордун сунушунун негизинде жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусу менен ырасталса;

25. Комиссиянын сот экспертин сертификатынан ажыратуу маселеси боюнча жыйынынын протоколунун ырасталган көчүрмөлөрү сунушту киргизген органдын (адамдын) дарегине жиберилет.

26. Сертификаттын жарактуулугу төмөнкү учурларда токтотулат:

а) компетенттүүлүк сертификатын алгандан кийин беш жыл өткөндө;

б) адамды аракетке жараксыз, аракетке жарактуулугу чектелүү, өлгөн же дайынсыз жоголгон деп эсептөө жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

в) жарандыгын жоготкондо;

г) сот эксперти сертификаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө арыз бергенде.

27. Сертификаттын жарактуулугу токтотулгандан кийин сот экспертине сот экспертизасын жүргүзүүгө укук компетенттүүлүктү сертификациялоодон кайта өткөндөн кийин кайрадан берилиши мүмкүн (ушул Жобонун 26-пунктунун «б» жана «в» пунктчаларында каралгандан башка учурларда).

Сот экспертинин сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу маселеси боюнча Комиссиянын жыйынынын протоколунан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө кызыкдар жактын арызы боюнча берилет.

28. Сертификаттын жарактуулугун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маселе Комиссиянын жыйынында каралат.

29. Сот экспертинин сертификатынын жарактуулугун токтото туруу, ажыратуу жана токтотуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

30. Сертификаттан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган соттук эксперттин сертификаты Комиссияга өткөрүп берилүүгө тийиш.

31. Комиссиянын чечиминин үстүнөн соттук тартипте даттанууга болот.

 

    Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобого
тиркеме

Формасы

№ ____ СЕРТИФИКАТ

___________________________________________________________

(мамлекеттик органдын аталышы)

алдындагы эксперттик-квалификациялык комиссиянын чечими менен

___________________________________________________________

(Ф.А.А.)

____________________________________________________ боюнча

(эксперттик адистиктин аталышы)

сот экспертинин ишин жүргүзүүгө квалификациясын тастыктаган ушул
компетенттүүлүк сертификаты берилди.

Берилген күнү:

Эксперттик-квалификациялык
комиссиянын төрагасы