Бишкек шаары
1998-жылдын 24-октябры N 135

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Өзгөчө абал жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 20-мартындагы N 31 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары, негиздери жана тартиби
III Глава. Өзгөчө абал мезгилинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик башкаруунун түрлөрү
IV Глава. Өзгөчө абладын шартында колдонулуучу чаралар
V Глава. Өзгөчө абал тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик
VI Глава. Жарандардын жана юридикалык жактардын өзгөчө абал тартибинин шарттарындагы укуктарынын кепилдиктери
VII Глава. Корутунду жоболор

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым чөлкөмүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул мыйзамга ылайык киргизилүүчү өзгөчө абал, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам тарабынан белгиленген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерии, юридикалык жактардын укуктарын чектөөгө, ошондой эле аларга кошумча милдеттерди жүктөөгө жол берүүчү, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинин өзгөчө укуктук тартибин билдирет.

2-статья.

Өзгөчө абал убактылуу чара болуп эсептелет жана кырдаалды тезинен демейки абалга келтирүү, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү, жарандардын коопсуздугуна келтирилген коркунучту жоюу жана аларга зарыл жардам көрсөтүү максатында жарандардын коопсуздугун жана республиканын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыгында гана киргизилиши мүмкүн.

II Глава
Өзгөчө абалды киргизүүнүн шарттары,
негиздери жана тартиби

3-статья.

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал табигый кырсыктар ири кыйроолор же апааттар, эпидемиялар, эпизоотиялар болгон, конституциялык түзүлүшкө түздөн-түз коркунуч келтирилген, зордук-зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркуч туудуруу менен коштолгон масалык тартипсиздиктер болгон учурларда ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөнөөттөрдүн чектесинде киргизилиши мүмкүн.

4-статья.

Жагандардын коопсуздугун камсыздоо же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоо кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми кечикчирилгис чараларды талап кылгын айрым чөлкөмдө аны киргизет.

5-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны гана киргизе алат.

6-статья.

Кечикткрилгис чараларды талап кылган жагдайларда өзгөчө абал Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым чөлкөмүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бул тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына ошол эле күнү дароо билдирүү менен токтоосуз жана эскертүүсүз киргизилиши мүмкүн.

7-статья.

Өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында:
1) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүү негиз болгон жагдайлар;
2) ушул Мыйзамдын 3-статьясынын талаптарына ылайык өзгөчө абалды киргизүүнүн зарылдыгын негиздөө;
3) өзгөчө чаралардын тизмеси жана чектери жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн, кошумча милдеттердин толук тизмеси;
4) өзгөчө абалдын чараларын ишке ашыруу үчүн жооптуу маммлекеттик органдар жана ал органдардын өзгөчө ыйгарым укуктарынын чектери;
5) өзгөчө абал киргизилип жаткан аймактын чек аралары;
6) актынын күчүнө кирүү убактысы, ошондой эле киргизилип жаткан өзгөчө абалдын так мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана анын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы калкка дароо кабарланат.

8-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы ошол эле күнү токтоосуз түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына берилүүгө тийиш.

9-статья.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын айрым чөлкөмүндө өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 3 күндөн кечиктирбей өзүнүн токтому менен ырастоого же аны жокко чыгарууга тийиш.
Аткаруу бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын токтоосуз чогултуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү.

10-статья.

Өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ал үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген учурда кабыл алынат.

11-статья.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ушул Мыйзамдын 9, 10-статьяларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө кубатталбаган Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Жарлыгы жокко чыгарылып, бул тууралу тиешелүү аймактын калкына массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарланат.

12-статья.

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыгы кубатталган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны өзүнүн токтому менен өзгөчө абалды киргизүү жөнүндөгү Жарлыкта каралган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөлөрдүн жана аларга жүктөлгөн кошумча милдеттердин өзгөчө чараларынын тизмесин жана чектерин өзгөртүүгө укуктуу.

13-статья.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү 30 күндөн, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгүндө киргизилген өзгөчө абалдыкы — 60 күндөн тийиш. Бул мөөнөт бүткөндө өзгөчө абал токтотулат же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ушундай эле мөөнөткө узартылат.

14-статья.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын өзгөчө абалды белгиленген мөөнөт аяктай электе токтотуп коюуга укуктуу.

III Глава
Өзгөчө абал мезгилинде жүргүзүлүүчү
мамлекеттик башкаруунун түрлөрү

15-статья.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта, өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бир учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым Жарлыгы менен ушул Мыйэамга ылайык башкаруунун өзгөчө түрлөрү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана башкаруунун жогорку органдары өзгөчө абал киргизилген жерлерде типтеги төмөнкү органдардын жана кызмат адамдарынын ар кандай чечими жокко чыгаруута укуктуу.

16-статья.

Өзгөчө абалды киргизүүгө алып келген кесепеттердин алдын алуу же жоюу боюнча иштерди координациялоо үчүн Кыргыз йкяублииасышш Өкмөтү жергиллктүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атайын убактылуу органдарды (убактылуу администрация) түзө алышат.
Бул органдарга өзгөчө абал киргизилген аймактардагы мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тескөөчү жана аткаруучу милдеттери толук же тийиштүү чекте өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

17-статья.

Ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча өзгөчө абал киргизилген бөтөнчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасыиын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министрине жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрине өзгөчө абал киргизилген тиешелүү жерде биргелешкен оперативдик штабды түзүү жана комендантты дайындоо тапшырылышы мүмкүн.

18-статья.

Ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралган негиздер боюнча өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Респуликасынын Өзгөчө жагдайлар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин ички аскерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жайгаштырылган аскер бөлүктөрү да тартылышы мүмкүн. Бул бөлүктөр аскер уставдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенишет.

19-статья.

Ушул Мыйзамдын 15 жана 16-статьяларында көрсөтүлгөн органдар өзгөчө абалдын тартибин камсыздоо маселелери боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктар менен тескөөлөрдү чыгарууга укуктуу.

20-статья.

Өзгөчө абалдын шартында жасалган кылмыштарды тергөө үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук министри тарабынан биргелешкен оперативдүү-тергөө топтору түзүлүшү мүмкүн.

21-статья.

Өзгөчө абал жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык табигый кырсыктардын, ири кыйроолордун же апааптардын, эпидемиялардын, эпизоотиялардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон аскерге милдеттүү адистерди эки айлык мөөнөткө чакырышы мүмкүн.

IV Глава
Өзгөчө абладын шартында колдонулуучу чаралар

22-статья.

Өзгөчө абалдын шартында белгилүү бир жагдайларга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды:
1) коомдук тарипти жана калктын жашоосун жана эл чарбалыгынын иштешин камсыз кылуучу объектилерди коргоого ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бөлүктөрүн тартууну;
2) туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;
3) жарандардын келип — кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;
4) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузушкан аймактык жашоочусу эмес, анын ичинде чет элдик да жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жердин тышка алардын каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;
5) жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп — үйрөнүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну.
6) чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;
7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү;
8) мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;
9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;
10) иш таштоолорго тыюу салууну;
11) эмгекке жарактуу жарандарды ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы ишке, ошондой эле эмгек коопсуздугун камсыз кылуу менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштериие тартууну;
12) курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну;
13) карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;
14) эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио — жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү;
15) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;
16) дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарынын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;
17) коменданттык саатты киргизүүнү;
18) кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш-аракеттерин токтото туруу.
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу конушдарын түзүүгө жана алардын иш-чаралардын тыюу салууну;
20) көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эмн зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген мааалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат.

23-статья.

Өзгөчө абал мезгилинде референдумдар жана мамлекеттик органдарга шайлоолорду өткөрүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекеттик органдардын түзүлүштөрүнө, кызматтык милдеттерине жана ыйгарым укуктарына кандайдыр — бир өзгөртүүлөр киргизүүгө жол берилбейт.

24-статья.

Өзгөчө абал мезгилинде ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери зарыл учурларда жумушчуларды жана кызматчыларды алардын макулдугусуз эле, эмгек келишиминде каралбаган жумушка бир айлык мөөнөткө чейин которууга укуктуу.
Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери өзгөчө абал негизинде өзүнүн бардык өндүрүштүк — кызматтык орун которууларын (барын-келүүлөрүн), ошондой эле отпускага чыгуусун табигый кырсыктын, эпидемиянын, эпизоотиянын, апааттардын жоюу боюнча штабдын жетекчилери же ошол жердин менен макулдашууга милдеттүү.
Мамлекеттик, акционердик уюмдардын жетекчилеринин шайлоочулук принциби көрсөтүлгөн мезгилде колдонулбайт.

25-статья.

Өзгөчө абалдын убагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин заседаниелерин токтотуута жол берилбейт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын заседаниеси өткөрүлбөгөн, ал эми өзгөчө абал Кыргыз Республикасынын Президеити тарабынан киргизилген уурда мыйзам чыгаруу жыйыны өзгөчө абал киргизилгендеи кийинки күндөн кечиктирбестен чакыруусуз эле чогулат.

26-статья.

Коменданттык саат учурунда жарандарга, анын ичинде чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларына инсандыгын эрастоочу атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана документтерсиз көчөдө же башка коомдук жерлерде болууга, ошондой эле өз турак-жайынан тышкары жерде мындай документтерсиз жүрүүгө тыюу салынат.

27-статья.

Өзгөчө абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жарандык жана жазык иштеринин аймактык сотко караштуулугун өзгөртүүгө укук берилет.

V Глава
Өзгөчө абал тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик

28-статья.

Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө каралат, кармалгандар жекече типтүүгө, буюм — тайымдары жана транспорт каражаттары типтилиши мүмкүн.

29-статья.

Ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 3-6, 11-16, 19-пункттарында каралган талаптарды бузуу, эгерде мындай бузуулардын бардыгы азык жоопкерчилигине алып келбесе, эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн үч өлчөмүнөн беш өлчөмүнө чейинки айып төлөм түрүндөгү администрациялык жаза тартууга, же болбосо он беш суткага чейин камакка алынууга кириптер кылат.
Ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 14 жана 15-пункттарында каралган талаптарды жеке жактар, кооперативдик, коммерциялык жана жекече фирмалардын, анын ичинде чет элдиктердин экинчи жолу аткарбоосу техникалык каражаттарды жана алар ээлеген имараттарды мамлекеттик менчикке конфискациялоого кириптер кылат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья.

Өзгөчө абалдын шарттарында иш таштоону уюштуруу, ошого тете ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иштөөсүнө тоскоолдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

31-статья.

Өзгөчө абал жарыяланган аймакта кычаштык-чагымчыл кабарларды таркатуу, укук тартибин бузуучулукка түрткөн же улуттар аралык араздаштыкты чыгаруучу аракеттер, жарандардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин аткарышына активдүү көрсөтүү, ага тете ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аскер кызматчысынын же коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйруктарына же талаптарына баш ийбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

32-статья.

Ички иштер органдарынын кызматчыларынын жана аскер кызматчыларынын укуктан тышкары күч колдонуусу, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынан аша чабуулары, анын ичинде жарандардын ушул Мыйзамда белгиленген укуктук кепилдиктерин бузуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

VI Глава
Жарандардын жана юридикалык жактардын
өзгөчө абал тартибинин шарттарындагы
укуктарынын кепилдиктери

33-статья.

Ушул Мыйзамдын 28-31-статьяларында каралган укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча протоколдор ага ыйгарым укук берилген ички иштер органдарынын же өзгөчө абал киргизилген жердин комендатурасынын кызматчылары тарабынан түзүлөт.

34-статья.

Ушул Мыйзамдын 28-30-статьяларында каралган тартип бузуулар жөнүндөгү иштер үч сутканын ичинде эл сотунун өзү же ички иштерёорганынын башчысы же анын орун басары же болбосо айрым жердеги коменданты тарабынан каралат.

35-статья.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда же анын алдын алуу же кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу жапа чеккен жарандарга тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканаларды, мекемелер, уюмдар тарабынан турак-жай берилет же келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулат, ишке орношууларына көмөк көрсөтүлөт жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлөт. Турак-жай берүүнүн же зияндын ордун толтуруунун жана башка зарыл жардам көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасыпын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

VII Глава
Корутунду жоболор

36-статья.

Кыргыз Республикасынын эл аралык укуктук милдеттерине ылайык өзгөчө абал жарыяланган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үч күндүк мөөнөттүн ичинде БУУнун Башкы катчысына Жарандык жана саясый укуктар тууралу эл аралык пакт боюнча алынган милдеттерден четтөө катары саналган адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөр жөнүндө, бул чектөөлөрдүн көлөмү жана кабыл алынган чечимдин себептери жөнүндө кабар берет.

27-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

1998-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган<